Үйдө эч ким жок эле. Короодо тирилик кылып жүргөм. Дарбазадан бирөө кыйкырып калды. Кулак салсам мага бир нерсе деп атыптыр. Ия десем:
-Үндүүк, үндүүк - деп кыйкыргандай болду. А үндүк издеп жүргөн киши го деп,
-Бизде үндүк жоок - деп кыйкырдым. Ал кайра эле
-Элүү үндүүк - деп кыйкырды...
-Биздин 2 эле үндүгубүз бар - деп коём. Айласы кеткен киши кол булгап чакырды.Басып баратсам:
- Баланча дегендикине элүү күндүккө, эртең саат баланчага деп айтып кетти.
Баягы киишинин атын унутуп калбайын деп, кайра кайра жаттайм тим эле...Кайната, кайненемдер келгенде,
-Сиздерди баланчаныкына, саат балданчага элүү жылдыкка чакырып кетти - дедим мен. Алар аябай ойлонуп,
-Аа тиги кошуна айылдагы мектеп директору го биздин айылда андай киши жок - дегенсип, эмне алып барабыз деп кийит кечелерин даярдай баштады. Мен кайненеме карап,
-Апа мен таккыр түшүнбөй атып араң тушундүм -дедим
-Эмнеге деди
Болгонун болгондой айтып берсем,
-Иий жинди кыз турбайсыңбы? Бизди өлгөнгө чакырып келсе сен бизди тойго узатып..., - десе боло!
Көрсө. элүү күндүк деген кыркылыгы болот экен да...

Билдирүүнү түзөткөн: ales: 24 Март 2014 - 00:38