Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#181 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 18:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

элемин, элемин... :ninja:

Жашоодо канча суйууго кабылдыныз эле?


Чыныгы Сүйүү гө бир жолу. Аны кое берген жокмун. Арман жок!!! А "мышык" сүйүү лөр көп болгон, анын эсебин тактоонун өзү кыйынга турат! %)
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 18:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Урматтуу Барс! Негизи кээбирөө лөр форумда атайын башка образ жаратып, жашоодо башкача болот эмеспи. Негизи дайыма эле виртуалда жүрө бербейбиз. Кездешээр күн да болот эмеспи.
Менин берейин деген суроом: виртуалда жашырынып, "чүмбө т" тагынгандарга сиздин көз карашыңыз кандай?


Мен чүмбөтү бар форумчуну 4-5-билдирү үсүнө н кийин эле билип алам! (Дагы мактандым ээ?)

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 26 Март 2009 - 18:40

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 18:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Атам да, энем да колхозчу болушкан. Азыр жандары бейиште болушсун, өтүп кетишкен.

Барс байке мына бул катардагы созунуз окуп бир аз башкача болуп кеттим кечиресиз жаранызга туз себип бул создорду козгоп жатканым учун.Ата-энениздин жайы жаннатта болсун кечиресиз ушул созго карата суроом сизге байке.

Кыргыз эли ыймандуу ынсаптуу калк келет.Урматуу Барс байке НАМАЗ окуйсузбу?Ата- энениз учун кундо куран окуп турасызбы?Балким суроого деле кирбейттир бирок ушул создорго кайрылгым келди рахмат.


arhidey, сенде адамдык сапаттын жогору экени мени кубандырат жана кыргызымда сендей кыздар көп болсо экен деп тилек кылам... Менин ата-энеме айтылган дубаң үчүн чын көңү лдөн ырахмат айтам, Жараткан ошону кабыл кылсын ылайым!! !

Намаз окуу мусулман үчүн парс. Бирок, намаз окуган гана инсан ыймандуу болот дегенге көп деле кошула бербейм. Өзүм эртең мененкисине гана ыклас кыламын. Али 5 убакка өтө элекмин. Чынында уят экенин, туура эмес экенин билип эле турам. Шарт..кээде ден соолук...кыскасы, дагы шылтоо издемей да!!!

Ата-энеме багыштап күндө куран окуймун десем калп болуп калат. Бирок, жумасына 1-2 жолу сөзсүз. ..

Сага да жакшы сурооң үчүн ырахмат!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 26 Март 2009 - 18:52

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   ЛИМОН   26 Март 2009 - 19:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Салам барс! Менден дагы бир суроо азыр жаздым эле бирок каяка кеткенин таппай калдым.Азыркы учурдагы чондорубуздун абалын коруп турасыз,ушул чондорубузга кандай сын пикир айтат элениз, же канткенде кыргызстанды которуп оркундотуп кете алышат. Сиздин пикриниз? же сиз кандай салым кошо алат элениз?


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 19:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

1.Тамаша айтсам кулосунбу? (тамашалуу суроолорду узаткым келватат )
2.Башын корсот десе чачын корсоткон жаштан отконсузбу? (жашынызды билгим келип атат дааа)
3.Атынызды ким койду эле жана ким деп?
4.Кыз талашып таяк жеп кордунуз беле?
5.Эгер кудай берсе канча балалуу болгонго кудуретиниз жетет?
6.Кыска юбка кийген кызды коргондо оюнузга эмне келет?
7.«Алиги жонундо»го форумга кирген сайын кирип турасызбы?
8. Сакал мурутунузду канча кундо алып турасыз жана канча убакытта?
9.Колунузду сураган кыздар болду беле? (заман ушундай дешет го я)
10 Аялыныз макул болсо жана материалдык жактан камсыз кыла алсаныз токол алат белениз?
Алдын-ала рахмат. Сизге ийгилик каалайм.


1. Жакшы тамаша болсо, орундуу тамаша болсо аябай күлөмү н!!! Күлмөк тургай көзүмдө н жаш чыгып кетет.
2. Азыр деле, мурун деле башты сураса башты, чачты сураса чачты,... эмнени сураса, ошону гана көрсөтү п жүргөнмү н. Азыр "эркектин жашын сурабай, капчыгын сурайт" дейт го?!!
3. Атымды ата-энем койгон. Орозо айттын алдыңкы күнү төрөлгө н экенмин, анан "жалгыз уулубуз мырза болуп жүрсүн дээшип койгонбуз, ошого татыктуу бол!дешчү ыракматылыктар. .. Аны актадымбы... билбейм Эл-тараза! !! Демек, атым... оңой эле таап алса болот бекен?
4. Кыз талашкан эмесмин. Мага көңү л берген кызга эч ким тийшип, менден алып коюуга батына алышчу эмес! Чын эй, омей, ишенбей жатасыңбы? Сура элден!!!
5.Баланы бере турган Кудай болгон соң, кудуретти да кошо берет да!!! Муну сынап көрө элекмин!! ! Ал эми Кудайым нак бергендери, өмүрлө рү узун болсун, өсүп-ө нүп жатышат иншаалла!
6.Кыска юбка кийип бараткан кызды көрсөм: "Шамалдап, суук тийип калбаса экен!" деп камтама боло берем!!!
7.Жаңы форумга катталганда бир канча жолу кирип, ал тургай билдирүү да жазып жиберген жайым бар... Кийин көрсөм мага белгисиз эч нерсе жок экен, кирбей калдым.
8.Күн сайын!
9.Азыр деле сурашат. Бирок, терс жооп алышат.
10. Баш оорунубу? Аялым алып берем деген күндө да, мен макул боло албайм! Соопчулукка ала турган дин исламды таратуу учуру эмес го азыр!!!
Сага да чоң ырахмат. Мени минтип алдабай эле :crazy-girl: суроолорду түз берсең деле жооп бермекмин!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 26 Март 2009 - 19:20

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

ОЙДУН ТУБУ ЖОК, СОЗДУН ЧЕГИ ЖОК- СИЗ КАНДАЙ ТУШУНОСУЗ... чечмелеп беринизчи


"Ойдун түбү жок, сөздүн чеги жок" деген сөздү үстүнө н карасаң туура эмес! Анткени, бардык нерсенин түбү да, чеги да бар! Бир гана Жараткандын чеги жок!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 27 Март 2009 - 07:39

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Салам барс! Менден дагы бир суроо азыр жаздым эле бирок каяка кеткенин таппай калдым.Азыркы учурдагы чондорубуздун абалын коруп турасыз,ушул чондорубузга кандай сын пикир айтат элениз, же канткенде кыргызстанды которуп оркундотуп кете алышат. Сиздин пикриниз? же сиз кандай салым кошо алат элениз?


Салам Лимон! Таппай калган сурооңду, кудай акы көргөн жокмун!

Ал эми азыркы учурдагы чоңдорубуз туурасында сын пикир айтуудан мурун, алардын мүмкүнчү лүктөрү нө да көңү л буруу зарыл. Сын айта коюш оңой, аны аткаруу, ишке ашыруу кыйын. Кыргызда "сынчынын сыңар өтүгү майрык" деген бир ажайып сөз бар. Азыркы бийликти, мурунку бийликти сындагандардын жеке жасаган иштерине да жалпы баарыбыз күбөбү з. Кыргызстанды көтөрү п, өркүндө түп кетүү үчүн, кыргыздар жапа тармак, кары дебей жашы дебей, бийликтегиси да, бийликке жетпегени да, ар бир атуул өзүнү н мүмкүнчү лүгүнө жараша өзүнө тапшырылган ишти жан дили менен аткарса гана оңолот. Ансыз Президентти жылына алмаштырган менен, парламентти 500 депутатка жеткирген менен, аларды кайра-кайра шайлаган менен, министрлерди ай сайын жаңылаган менен абал өзгөрбө йт. Кайра элдин турмушу уламдан-улам төмөндө п, ырк кетип, бириндеп, мамлекетү үлүктө н кол жууйбуз. Бул-айныгыс чындык! Системаны өзгөртү ү керек дешет. Кантип, кайсы системага өзгөртө сүң. Кайрадан социализмгеби? Ошол "өзгө рткүчтө р" бийликке келгени ал нерсе унутулат! Кайра эле баягы ыр кайталанат. Ошондуктан, КЫРГЫЗ ЫНТЫМАГЫ сөз менен эмес, иш жүзүндө турмушка ашуусу керек! Андан башка жол жок. Мен ошол КЫРГЫЗ ЫНТЫМАГЫН бекемдөө гө өз салымымды кошууга жан үрөп келе жатамын! Сен да, ал да ошентсин! Баарыбыз ошентели, КЫРГЫЗДАР!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   USSR   26 Март 2009 - 21:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассаламу алейкум Барс.....мен техникалык себептерге байланыштуу форумга кируу мумкунчулугуно эми жетип отурам...анан 24-марттан азыркы убакка чейинки маалыматтар жок экен...менде сакталбаптыр. ...суро
олорум башка форумчулардыкына окшош болуп кайталанып калса алдын-ала кечирип коесуз....
Мемин суроом мындай......24- март олкобуздо элдик революция куну деп майрам катары белгиленип келуудо.... Бул кунго сиздин коз карашыныз кандай?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 21:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Ассаламу алейкум Барс.....мен техникалык себептерге байланыштуу форумга кируу мумкунчулугуно эми жетип отурам...анан 24-марттан азыркы убакка чейинки маалыматтар жок экен...менде сакталбаптыр. ...суро
олорум башка форумчулардыкына окшош болуп кайталанып калса алдын-ала кечирип коесуз....
Мемин суроом мындай......24- март олкобуздо элдик революция куну деп майрам катары белгиленип келуудо.... Бул кунго сиздин коз карашыныз кандай?


Валейкуму вассалому СССР! Ошондой көрүнбө йсүң! Татаал суроолор болгондо, жардам кыла турган киши издеп калат экенсиң киши!
24-Мартты Элдик революция күнү деп парламент бекиткен соң, демек, майрам! Бирок, мен революционер эмесмин, мен-мугалиммин!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   USSR   26 Март 2009 - 21:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ушул супердин форуму жаштардын ан-сезимин озгорто алат деп ойлойм.... Форумдун окурмандарга болгон таасири жонундо сиздин оюнуз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   USSR   26 Март 2009 - 22:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сиз таланттуу прозаик,акын катары....кыргыз учун куйгон азамат катары сыйлам...." Бытыгый" ангемелеринизди окуп тамшанып....суктанып
....ошентип мен да жаза албаганыма. ..чынын айтыш керек...ичим ачышып...козум куйот..... Роман же повесть жаратайын деген максатыныз барбы?(менимче сиз азыр чон чыгарма жаратуунун устундо иштеп журосуз).... Жаратайын деген же жаратып жаткан чыгарманыз кайсы жанрда болмокчу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   лунка   26 Март 2009 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 653
  • Катталган: 15 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 12:08
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Рф

салам Барс!
озунуздун кесипиниз озунузго жагабы?
озумдо кемчилик бар деп ойлойсузбу?
Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

салам Барс!
озунуздун кесипиниз озунузго жагабы?
озумдо кемчилик бар деп ойлойсузбу?
Рахмат!

Салам Лунка!
Эгер бул кесипти жактырбасам, болор болбос мугалимдин айлыгы менен мектепте жүрмөк эмесмин!
Өзүмдө гү кемчилдиктин бар экенин ойломок тургай билемин дагы. Аны жоюуга аракет кылам. Кээлерин жое алдым. кээлерин жойгонго эрким жетпей жаткансыйт. Балким, жоюп да калармын. Анткен менен кээ бирлери кан менен кошо жаралгандыктан жоюуга мүмкүн эмес сыяктанат! !! Көп бекен???
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   лунка   26 Март 2009 - 21:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 653
  • Катталган: 15 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 12:08
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Рф

дагы суроо:
кимди кумир тутасыз?
Келечекке койгон максатыныз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 22:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Ушул супердин форуму жаштардын ан-сезимин озгорто алат деп ойлойм.... Форумдун окурмандарга болгон таасири жонундо сиздин оюнуз?


Кыргыз сайттарынын ичинен "Супер-инфо" сайты- талашсыз лидер сайт. Анын ичинде супер-форум- негизгиси. Демек, жаштардын, айталы окурмандардын табитине, дүйнөтаануусуна өтө чоң таасир этери чын. Демек, супер-форумга кирип, бир нерсе жазып жаткан форумчу мына ушуну эч качан унутпашы керек! Анын тили да, жазмасы да, айта турган ою да так, даана көркөм болушу шарт. Албетте, колдон келишинче, акылдын жетишинче. Кээде биз кайдигерликтенби, же шашмалыктанбы, атайыбы, байкоосузданбы жазууда көп каталарга жол беребиз. Аны жашыбы, карсыбы, ал тургай жаш балдарга чейин окуйт. Анан кандай таасир алат. Демек, биз өзүбү здүн катабыз менен билип, билбей, сезип сезбей, башкалардын табитин, тарбиясын бузуп жатабыз. Менин күйгөнү м ошол. Эгер сенин жан дептериң деги миллион катаң болсо, мен ага маани да бербейм. Бирок, бул жерде дүйнө боюнча кыргыз тилдүү калкка таасир этип жатканда, кайдигер карап тура албайм! Мени мейли "буквоед" десин, "формалист" десин, баары бир.Ал тургай модурлар мени сындады деп, үстү-ү стүнө "чырым" берсин, "банына" айдасын! Баса, кеп келгенде айтып коеюн, сөзүм узарып кетсе да, модурлар бул боюнча бизге сөз жок үлгү болушу керек!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Сиз таланттуу прозаик,акын катары....кыргыз учун куйгон азамат катары сыйлам...." Бытыгый" ангемелеринизди окуп тамшанып....суктанып
....ошентип мен да жаза албаганыма. ..чынын айтыш керек...ичим ачышып...козум куйот..... Роман же повесть жаратайын деген максатыныз барбы?(менимче сиз азыр чон чыгарма жаратуунун устундо иштеп журосуз).... Жаратайын деген же жаратып жаткан чыгарманыз кайсы жанрда болмокчу?


Мактоо кандай жакшы! Ырахмат СССР, мени эки эли болбосо да, бир эли семиртип койдуң!

Роман, повесть жазуу азырынча планымда жок. Ага такатым да жетишпейт го! (тамаша!) Булардын баары келечектин иши. Бирок, азырынча" Бытыгый аңгемелер" сериясынын үстүндө иштеп жатам. Силерге бир аз ооз тийгизгеним, окурмандар кандай кабыл ала турганын билейин дедим эле. Азырынча, жүздү көрүппү жакшы деп жатканың арга кубанып да калганым чын! Ал тургай бир форумчу досубуз Россиядан "Китебиң изди чыгара турган болсоңуз, акчалай жардам да уюштуруп беребиз", деп салды, өмүрү ң узун болгур! Анан сүйүнө т экенсиң да, менин чыгармаларым деле керек турбайбы деп.
Ырахмат сурооңо жана жакшы дилиңе!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 22:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

дагы суроо:
кимди кумир тутасыз?
Келечекке койгон максатыныз?


Адамдык жана педагогикалык ишмердүү лүктөгү кумирим- менин агайым маркум Ж. Мавлянов!

Эң адамгерчиликтү ү жана кыргыз элин, кыргыз тилин сүйгөн окуучуларды тарбиялап чыгаруу. Эч болбосо мурунку эки китебиме кошуп, дагы бир эки китеп чыгаруу. Экөө тең "чыгаруу" бекен?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   vais   26 Март 2009 - 22:38

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Салам Барс! Жылдыз болуп, корес-тердин баарына йинтербю брип жатканыныз кут болсун!
Менин суроом, сиздин чыгармаларыныз мурда жарык корду беле?
2. Интернетке коз карашыныз: он жактары ... терс жактары?
3. Форумдагы сизге кобуроок жаккан тема?
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   Барс   26 Март 2009 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Цитата

Салам Барс! Жылдыз болуп, корес-тердин баарына йинтербю брип жатканыныз кут болсун!
Менин суроом, сиздин чыгармаларыныз мурда жарык корду беле?
2. Интернетке коз карашыныз: он жактары ... терс жактары?
3. Форумдагы сизге кобуроок жаккан тема?


Салам Вайс! Ырахмат! Сенин да жылдыз болуп, форумдун асманында жаркырашың а бир эле күн калды окшойт го!
1. Мурун эки ырлар жыйнагым чыккан.
2. Интернетти жаман десем калп айткан болом. Муну өз учурунда, жолу менен пайдаланса өтө жакшы нерсе го. Бирок, зыяны туурасында оо мындан 30-40 жыл мурун япондор айтып, жазышып жүргөн. Бизге эми келди го!
3.Жүрөктө н чыккан ырлар, Бытыгый аңгемелер, Кыргыздар...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   vais   26 Март 2009 - 23:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Барс, чыгармачылык иштерине ийгилик каалайм!
"Чыгармачылык" демекчи...эн жакшы чыгармалардын бири бул наристе эмеспи...
Бул жаатта канча "чыгарма" жараттыныз?
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 01:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: