Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#583 25 Март 2014 - 17:13
#584 25 Март 2014 - 17:19
#585 25 Март 2014 - 17:38
#586 25 Март 2014 - 20:59
....Кеч да кирди.Күүгүм талаш эле жөнөп калдым.Жеттим желип жортуп анын үйүно.Анын үйүнүн алдындагы кичиреек көчөдө нары бери басып эле чыйпалактай бердим.Жок,көрүнбөйт.
Телефонуна чалдым.Айтуудан тажабаган үн:"Сиз чалган телефондун аппараты өчүрүлгөн"
деп жатты.Нары бери өткөн адамдар да мага тоскоол боло баштады.Көчөнү айланып жан дүйнөмө тааныш көптөн бери өтө элек дөбөчөгө өтүп барып алыстан акмалап туруп калдым.Жүрөгүм көөдөнүмдү тепкилеп:"
Кана,көрүнөбү?
жакшылап кара" деп тыбырчылап жатты.Апасын көрдүм,атасын көрдүм,кичинекей карындашын көрдүм.Бирок Жазгүлүмдүн карааны көзүмө көрүнбөй жатты.Телефон чалууну да токтотподум.
Уурулар сымал ошол калыпта түнкү бирге чейин акмалап олтурдум.Түнү менен:"Эмне болду экен?" деген суроого жооп таба албай ойлонуп жатып уктап кеттим.Ээрте менен туруп чай-пай ичип алып Керимге өтүп бардым.Керим менен ал-акыбалды сурашып сүйлөшүп олтурдук.Сөздүн арасында:"
Айылда эмне жаңылыктар болуп кетти?" десем жаңылыктардын баарын айтып жатып аягында гана:"Эки күн мурун Каныбек аканин кызын ала качып кетиптир"
деп калды.Жүрөгүм менен ким жөнүндө айтып жатканын сезип турсам:"Кайсы Каныбек аканин кызын?" деп сурап ийдим калтыраган үнүм менен.Сыр бербей жөтөлүп койдум.Керим мени жылмайып карап:"Айбектин карындашы бар эле го сен оо мектепте окуп жүргөндө кызыга берген.Азыр Ошто окуйт экен эле.Сүйлөшүп жүргөн бекен же мурда сүйлөшкөнбү иши кылып кошуна айылдагы бир бала алып качып кетиптир.Анан Каныбек ака сотко берем деп ызы-чуу кылып жаткан экен эле,анан......
......" деп бейгам өзүнүн билгендерин айтып кирди.Дагы бирдемелерди айтып жатты.Бирок анын сөздөрү кулагыма жаңырып,жалдырап эле аны карап тура бердим.Ичимде:
"Ала качып кетти" деген сөз кайра кайра жаңырып Жазгүлдөн түбөлүк айрылганымды сезип журөгүм канап жатты.Жан-дүйнөм жараланып алсырап жатты.Кең аалам таарып мени төрт тарабымдан кысып жаткансыды.
Канча убакыт өттү билбейм бир маалда Керимдин:"
Ээ не турасың жалдырап,телефонуңа бирөө чалып жатпайбы"
деп чокума бир койгондо гана өзүмө келдим.Ойумда:
"Жазгүл бекен" деп жан талашып чөнтөгүмдөн телефонду алып чыгып карай койсом атам чалып жатыптыр.Атамын:
"Асан каякта жүрөсүн? Үйгө келип биртке жумуш кылсаң боло" деп бир нерсени айтып жатканда:"
Азыр" деп телефонду өчүрүп койдум да Керим менен коштошуп үйгө жөнөдүм.Келип башкалардай эле бешиликти,грабилди алып огородду тазалап жаттым.Ындыным өчүп эч ким менен сүйлөшкүм келбей унчукпай иштеп жаттым.Апам келип бир нерселерди айтып жатты."ии макул апа" деп койгонум менен эмнелерди айтып жатканын угуп укпай жаттым.Апа деген апа да көздөрүмдөн окуп койгондой бир маалда:"Сага эмне болду? Ыраңың кантет?" деп сурап калды.Мына ошол маалда кыпындай күнөөсү жок апама:"Эч нерсе болгон жок.Нургаазы акам 26-дан өтүп калды го неге үйлөнбөй жүрөт? Чакырып эле кыстап үйлөп койсоңор болбойбу?"
деп бакырып алдым биринчи жолу.Эч нерсени түшүнбөгөн апам токтоо үнү менен:"Сага эмне жин тийдиби? Ал озү үйлөнгүсү келбей жатса биз кантип кыстап үйлөп коймок элек" деп дагы деле эч нерсени түшүнбөй мени карап туруп калды.Колумдагы грабилди ыргыттым да үйгө кирип кеттим.Кимди күнөөлөштү билбей жаттым."Россияда иштеп,үйлөнбөй жүргөн агамды күнөөлөйүн десем чындап эле анда эмне күнөө?.Ал үйлөнгөн ченде деле мен Жазгүлдүн артынан барып аны алып келе алмак белем.Же Жазгүл күнөөлүбү? Мурда сүйлөшүп жүргөн болсо алып качууга өзү жол бергендир да.Балким ал менен да тымызын байланышып жүргөндүр.Жок,
жок Жазгүл андай ишке барбаса керек эле.Анда ким күнөөлүү? Биздин ушул мурдатан калган:"Ала кучуу" салтыбыз күнөөлүүбү?
Ооба,ооба бир гана ушул жапайычылык "Ала качуу" салтыбыз күнөөлүү.
А мүмкүн Жазгүлдүн ата энеси барып алып келе бергендир" деген ойго жетеленип кудайдан тиленип жүргөнүм менен эртеси Жазгүлдүн олтуруп калганы тууралуу кабар уктум.Ошол маалда "Жазгүл озү макул болуп олтуруп калдыбы же ата-энеси барып олтургузуп койдубу?" деген эки аралжы ойдун ортосунда жүрдүм.3-4 күн жүрдүм мас адамга окшоп көздөрүм кызарып.Уйку жок.Түнү менен ар кандай ойлор менен алпурушуп ойгоо жата бермей.Жазгүлсүз баардык нерсе супсак,маңызсыз, кызыксыз болуп жатты.Мен күткөн:"Ата- энеси алып келе бериптир" деген сөздүн ордуна 29-чу мартка той белгиленгенин уктум.Ичимден тагдырга наалат айтып бакырып жатканым менен сыртымдан үн чыгарбадым. Болгону ичимден гана сызып кыйналып көңүлүм эч нерсеге тартпай жатты.Ошол эле күну кечинде жинимден жаман көрсөм да кечиндеси камоктон бир ише арак алып алып Керимге өтүп бардым.Керимдин "Эмне себеп?" деген суроосуна:" Жөн эле сени менен ичким келди.Кел бир аз ичеличи дос" деп гана жооп бердим.Эч нерсени түшүнбөй эле менин олуттуу жузүмө карап макул болду.Жаңыл аяшим нары бир бир нерсе кууруп жиберди закускага.Ар нерселерди тамашалап сыртымдан канчалык күчкө салып күлүп жатканым менен ичимден сыздап жаттым ушул маалда Жазгүл бирөөнүн колун кармап,башка адамга түбөлүк жар болуп жатканын эстеп.Ачууну ачуу басат болуп аракты кайра кайра ичип жаттым.Ичимде болгон сырымды айтууга адам жок жан-дүйнөмдөгү сырларым көбүрүп кайнап жаткансыды. Мас боло баштаганда Керим арак куйбай койду "эс алалы" деп.Мага башка комнатага төшөк салып берип мени ошол жакка алып кирип жаткызып койду.Түн жарымда эшикке чыгып ыйлаганча жарым сааттай кустум.Көзүмдөгү жаштарыма кошулуп жан-дүйнөм дагы ыйлап жатты.Соолуккансып калдым эле көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта ээн жолдо үйгө бара жаттым.Үйгө келип ойлонуп жатып таңга жуук гана уйкуга кеттим.Мына ошентип Жазгүлүм дагы башка адамга жар болду..........
Бактылуу бол менин жароокерим! Бактылуу бол менин туң сүйүүм! Бактылуу бол сүйгөнүм! !!....

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 25 Март 2014 - 21:07
"Бактылуумун"
!
#589 25 Март 2014 - 21:53
Эми "Эпиолог оордуна" дегени болот го. Азыркы мезгилиңден да азыраак жаза кетпейсинби?
Жазгүлүң канча балалуу болгон, сен эмне иш кыласын ж.б.
#590 25 Март 2014 - 22:20
Аягыбы? чето кызыкча кылып бутуруп койду го.же жогоруда ким бироо жазгандай "Журогум издей сендейди 2" деп тема ачасызбы?
#592 25 Март 2014 - 22:37
Эххх Жазгул, жазгул Асандын эле эмес, биздин да журокту орутуп кеттин го. Кыйшаландабай эле, Ноорузда экообуно айылга балээ барбы, бирок тагдыр да. Андан бери 7 жыл отуптур, сиз таптынызбы ошондой чого турган козду?
#593 25 Март 2014 - 22:49
бактлуу бутушуно оло тилендим эле.атин андай болбой калды.тиги алып качкан жигиттин адресин берсениз.барып эч болбосо устун баткак кылып келейин.Жазгул кыйналып жуусун)))
#594 25 Март 2014 - 23:25
Эхх окунучту, чын суйууго жетпейсин деген созго дагы Бир жолу ишенип олтурам. Мумкун болсо учурдагы
жашоонуз тууралу жаза кетинизчи?
жашоонуз тууралу жаза кетинизчи?
#595 26 Март 2014 - 00:09
Бул дагы бактысыз бутуптур да..Жазгулго барсаныз болбойт беле ала качканын угаар менен?Балким,
сизди коргондо отурбай баса берет беле..Эми айласыздан айткан созум да
#596 26 Март 2014 - 00:12
Эхх мен дагы жетпей калгам! Ошону эстеп бир сыйра жолдошума көрүнбөй ыйлап алдым.Бул жапайы салт көп адамдын тагдырына балта чапты го.Армандуу сүйүүлөрдү көбөйтүп.Ошол маалда аркасынан барсаңыз болбоцт беле
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#599 26 Март 2014 - 04:37
Журок оорутчу окуялардын бири экен. Азыркы жашоонуз жонундо бир аз маалымат бере кетинизчи,сураныч?
.
Билдирүүнү түзөткөн: Womalina: 26 Март 2014 - 04:39
#600 26 Март 2014 - 05:07
Автор жазганыңызды окуп көзгө жаш келди. Жазгүлдүн ала качканын угаар замат барбайт белеңиз. Турмуш ушундай экен моюн сунуп жашай берет экенбиз да. Менде да сиздикине окшош окуя болгон. Менин да сүйлөшкөн кызымды ала качып кеткен. Мага тел чалып ала качып кеткенин айтып, аябай ыйлаган. Менда ыйлаганмын,
эң кызык жери өзүмдүн группалаш досум бөлөсүнө ала качып берген экен. Ал билбейт болчу биздин сүйлөшкөнүбүздү,
азыр ошол досум менин бетиме карай албайт. Автор азыркы жашооңуз кандай мүмкүн болсо айта кетсеңиз?
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!