Ассалоому алейкум достор . Менда сиздер менен мени кыйнаган журогумдогу сырлар м.н болушсом.
Биз 2 бир тууганбыз .Атам жаш кезибизде эле каза болуп, апам бизди жалгыз багып остурду.Коптогон кыйынчылыктарды кордук, апам кафеде иштечу .Офисантка, посудомойка,
анан повар, шеф повар болду
.Убакыт отуп чакан ашкана ачтык.Арендага алып. Кардарлар кобойуп чакан ашкананы кредит алып чонойттук .Жакшы эле иштедик уй салдык, машине алдык .Апам кафени акеме откоруп берди.Ошондой кундордун биринде эле эч эскертуусуз эле Навои кочосун жабып салышты.Ишибиз так токтоду кредитибиз бар, кыйынчылык башталды .Алган суммабызды толош оорлоп баштады .Мурун кафебиз иштеп турганда эч ойлонбой толочу элек.Мен башка кафеде повар болсом .акем такси кылып иштеп журдук .Кыйналып кеттик Машинебизди сатып кредиттин жарымын токтук. иштеп алган айлыгыбыз кредитке эле жетет.Кыйналып кеттик Апамда ооруп калды, Жумуштан кеч келип тамактанып,
башы козумду жууп бутуп отурсам акем келди. Маанайы жок .Эмне болду деп сурасам кыйналдым, жашыбыздан кыйынчылыкты тузук эле кордук эле, эми жакшы жашап калдык дегенде дагы кыйынчылыкпы?
! деп оор ушкуруп алып бооруна бекем кысып,сен акылдуу кызсын мен сага ишенем деп табышмактуу карап койду да светти очуруп озунун комнатасына чыгып кетти.Уйкум келип зорго жаткан жаным .Жакшы жатыныз деп аран артынан кыйкырып ,Уйкуга кеттим. Уйкумдан чочуп ойгонуп кеттим.Эмнегедир журогум катуу сого баштап эле сыртка атып чыктым .Чыксам акем гаражга асынып алыптыр.Оозума соз келбей эле козум карангылаша тушту .Козумду ачсам эле ый, ызы чуу, апакем жер чапчып ыйлап жатат.Тушум болуп калса экен деп тиленип жатып, аран басып апамын жанына бардым.Акенден айрылып калдыкгоо ,эми кантебиз деп апам байкуш чырылдайт.Ошентип жерге бердик .жерге бергенде кеткен акчаларды тааныш эже которуптур,
аанан элдер кеткенден кийин .Кагазды колума карматты .Шашып эле ачтым,оюмда акем бир нерсе жазып кеткенго десем жок расход молдого паланча, паланча буга, паланча гуруч, паланча сомго кунажын... Анан албетте кайтарам эже дедим. Качан акчан болгондо бересин синдим деп койду .Ошентип арманым аттын башындай болуп, кыйналып арыктап, жудопда кеттим.Апамда ооруп калды .Больницада карашпайт себеби акчам жокта.Эптеп ыйлак сыктап чонуна кирип атып апамы 10кун даарылатып чыктым.Кудайга шугур бир аз жакшы болуп калды .Озум учурда кафеде повар болуп иштейм.Апам уйдо.Алган айлыгым кредитти тологонго да жетпейт.Кечкисин кафенин полун жууп ,эртеменен бир бай кемпирге завтрак жасап берип анан жумушка жонойм.Бай кемпир капризная кээде жасаган тамагымды жактырбай ооз тийип эле козумчо мусорго таштап коет.Навои кочосунон отуп баратканда козумдун жашы кол болот. Же эртерак жолду ачпады же стройкасын улантышпады.
Жол ачылганда да озубуздун кафени ишке салып, мынчалык кыйналбайт белем деп ойлоп кетем.Бир куну мэрияга бардым какпаган эшигим калбады, арыз жаза берип мэриянын ичин толтуруп салдым бейм.Бир белгилуу эле шаардык депутатга кирип арманымды айттым .Акча сурабайм, кредитими да толош дебейм болгону жолду ачып бергиле десем .Кенебей туруп не кыласын анчалык кыйналып андан коро мага экинчи аял бол жыргайсын, кредитинди да жаап кеом дейт .Тамагым буулуп, оозума соз келбей сыртты коздой атып чыктым.Барып Ленин атанын эстелигинин артына отуп оксуп, оксуп ыйлап, тажадым болду жашоонун кереги жок, жаш эле туруп мынча кыйналам деп ыйлап алып коздорум шишип уйго жонодум.Мына курула элек эстокаданын пайдасы.Макул кыйналып акем карыздын айынан олуп кетти же ошого жараша курулбады.Мага окшоп ошол курула элек эстокаданын айынан канча жан кыйналып жатты экен .менда кетким келди атам менен акем тарапка . Бирок апамды кимге таштайм, ким карайт деп ыйлап, кайра жок мен албетте женем ,бир аз чыдап койсом отуп кетет деп озумду озум алдап, жардамды бир гана Алладан сурап намазга жыгылуу алдында турам.Кыздар мен муну жазып буугумду чыгарып женилдеп алдым, бир жагынан силерге сабак болор. Ата-эненер тируу ,бир тууганынар жанынарда кудайга шугур карызынар жок, айтайын дегеним ата эненер бар туруп жашагым келбей калды,жашоодон умутум жок дебегиле.Ыйлай берип козумдон жашым токтобой калды.Кочодобу,
маршруткадабы,
жумуштабы каерде болсо ыйлай берем.Кудайым шпаасын берип бутка туруп кетээрмин буйруса деген тилек менен жашап журом.
Токтобогон коз жаш
#2 26 March 2014 - 20:07
"Сабырдын тубу сары алтын" дейт сабырдуу болунуз жардамды кудайдан сураныз. Сиз Оштосузбу кайеринде менда оштомун ном берсениз байланышып турабыз финасы жактан жардам бере албасамда моралный жактан жардам берермин.
#3 26 March 2014 - 20:22
Тагдырыныз аябай окунучту экен жараткан сизге куч кубат иштеринизге ийгилик берсин, бул кундор да отот ишениниз баары жакшы болушуна, апаныздын мандайына бар болунуз ар дайым сиз албетте бактылуу болосуз, эч качан сынбаныз, тескерисинче чыналыныз буйруса бактылулука жетесиз сизге да кун тийет
#4 26 March 2014 - 20:23
Тагдырдын катаалдыгын карачы. Мынчалык кыйынчылык коргон адам болбостур. Кудайым озу жардамын аябасын. Жанагы,мерияда иштеген акмака жиним келди. Мага экинчи аял бол деген. Андайларга чара колдонуш керек. Сизге конул айтуу менен бирге,кайгынызды тен болушобуз. Апаныз жакшы айыгып кетсин. Белинизди бек бууп,кайратыныздан жазбай алдыга умтула бериниз. Сиз соссуз женесиз. Мумкун,ушул жердеги ар бир окурман-форумчулар,
кайдыгер карабай,камкордук кылып,жардам берип койсок кантет?
#5 26 March 2014 - 20:40
Жашообузда канчалык кыйынчылык болсо да биз аны которо алабыз, себеби Алла Таала адам баласына которо албаган кыйынчылык бербейт. Сабыр кылыныз. Азыр ыйласаныз сиз кулуп журо турган кундор да алыс эмес деп умут кылып туралы. Аганыздын барган жери бейиш болсун! Оомин!
#6 26 March 2014 - 21:01
Менда окуп алып жаман болдум . Ансыз деле бугун конул жок болчу. Эмне дейбиз сабыр кылыныз башка соз айталбай турам . Эгер бир кыйынчылыка сабыр кылсаныз 3 жакшылык ээрчип келет. Негизи КРЕДИТ ФИНКА, ПРАЦЕНТ, Булар дан алыс эле болуш керек да береке болбойт зыяны коп болот. Кудай Таала тыйу салган буга. Эми коп кайгырбаныз БУЛ КУНДОР ДА ОТУП КЕТЕТ! Менин байкашымча сиз кучтуу адам экенсиз! Бактылуу болунуз намазга жыгылам депсиз, эч качан таштабаныз намазды. Анан жанагы мэриядагыныз кок мээ экен .
#7 26 March 2014 - 21:11
Тагдырдын катаалдыгын карачы. Мынчалык кыйынчылык коргон адам болбостур. Кудайым озу жардамын аябасын. Жанагы,мерияда иштеген акмака жиним келди. Мага экинчи аял бол деген. Андайларга чара колдонуш керек. Сизге конул айтуу менен бирге,кайгынызды тен болушобуз. Апаныз жакшы айыгып кетсин. Белинизди бек бууп,кайратыныздан жазбай алдыга умтула бериниз. Сиз соссуз женесиз. Мумкун,ушул жердеги ар бир окурман-форумчулар,
кайдыгер карабай,камкордук кылып,жардам берип койсок кантет?
Туура айтасыз кандай кылып жардам беребиз . Коп тукурсо кол болот дегендей . Ар кимдин колунан келгенин берсе аздыр коптур жакшы болмок.биро жарым уюштурса менда даярмын!
#8 26 March 2014 - 21:20
Эх карындаш сен эч кысылба баары жайында болот сен болгону баары жакшы болушуна ишен Кудай ар бир жанга сыноо берет акендин арты кайырлуу болсунЭнекен тезирээк айыгып бутуна туруп кетсин жакшы кундор алдыда жаш туруп мынчалык кайгы капа тушушуно эмне себеб болду экен деп ичтен сыздым сенинда жашоон менин жашоомдун эгизи тура менда новаи кочосундо турам билбейм бул кочого эмне болду сен карындаш ото коп ойлонуп сыгылба баары сен ойлогондой болушуна ишенип ойлонуп журуп ооруга чалдыгып каласын жаша Алхамду лиллах Алла Таала кабыл алуучу кечируучу зат коп коп дуа кыл ал дубаларынызды кабыл кылат канткенде кабыл кылат мына мен бугун бир китеп окудум туздон туз кабыл алуучу дубан сен саат 1 ден кийин Таха журт намазы деп аталат бул намазды кимде ким окуса Алла Таала ал инсанды унутбайт жана ушунчалык каттуу суйот сен ушул Намазды окуп Алла Тааладан сура эч кандай мериясы жок бул Намазды 2 рекеттен 12 рекетке чейин окуса болот Сага айткан акмактында жазасы аз эмес ал эртен же болбосо кийинки куну окунуп калат бул кайтаар дуйно деп аталат эмесби Сен ар дайым алдыга ымтылып жашагын карындаш энекене бутуна бут колуна кол болуп жаша
#9 26 March 2014 - 21:22
Адамдар ар кандай ойлуу болушат озу менен кенешип королу ооба чындыгында адам болгон сон адам адамга жардам беруусу зарыл мен да даярмын момун жигитке кошулам
#10 26 March 2014 - 21:25
Ким кредит алса Аллах ага жакырчылыктын эшигин ачып койот экен,ушул нерседен алыс болуш керек,сизге айтаарым намаз окуп тообо кылып,Аллахтан жардам сураныз,бул да б.со Алланын сыноосу,АЛЛАХ пенделерин сынайт,бирок сындырбайт,
кыйынчылыктарды берет жана кимден биринчи жардам сурайт экен деп сынайт,эн биринчи Аллахка кайрылганды уйронушубуз керек,себеби ошол ахыбалды берген Аллах
#11 26 March 2014 - 21:47
Адам эч качан озунун алсыз пенде экенин унутпаш керек баардык нерсе Алладан болот пендеден умут кылбай Алладан умут кылыш керек .Аллах берген нерсени эч ким тосо албайт Аллах тоскон нерсени эч ким бере албайт.
#12 26 March 2014 - 21:55
Мен да даярмын коп акча бере албасамда мин кошо алам, туура тушунгуло достор акчам азырак болчу.
#13 26 March 2014 - 21:57
Рахмат достор кайгымды тен болушконунуздорго.
Финансы жактан жардамдын кереги жок .Кредитти бизнести онуктуруу учун алганбыз .Оз колубуз менен алганбыз, эми оз мойнубуз менен тартабыз.Кун жылып жумушум жакшы болуп баратат секин секинден.Жашмын буйруса Аллахым озу колдоп кутулуп алам.Менин бир талабым эч бир депутатка да, мэрияга да жакпады.Ал -жолду башта или баштай албасан ордундай кылып кой деген эле.Тосулган темирлерди корсом эле журогум тилинет.Мумкун болсо ошол навои кочосуно барбаганга аракет жасайм.Себеби ушунча азап кайгы ошол кочо жабылгандан башталды.
#14 26 March 2014 - 22:31
Кайратыныздан жазбаныз. Денсоолугунуз темирден бекем болсун. Бактыныз ачылсын, ылайым. Бул кундорду да акылыныз, тырышчаактыгыныз,
чыдамкайлыгыныз менен женесиз, буюрса.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 26 March 2014 - 22:55
Туура кыласыз намаз окуп.Кредиттин мына зыяны пайдасын ким коруп жатты экен.Аллах сизге сабыр берсин.Эми кредиттиниз бутсо башка албаңыз.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#16 26 March 2014 - 23:06
Аллах таалам бешенебизге эмнени жазса ошону корот экенбиз бул утурумдук нерсе отуп кетет.Биз да 2жыл мурда апам кредит алып 400минден ашык толодук биз да 2кызбыз куйообузго,
кайын журткка жаман корунуп жатып.Кудага шугур азыр жок сабыр кылыныз отуп кетет.
#17 26 March 2014 - 23:07
Аллах таалам бешенебизге эмнени жазса ошону корот экенбиз бул утурумдук нерсе отуп кетет.Биз да 2жыл мурда апам кредит алып 400минден ашык толодук биз да 2кызбыз куйообузго,
кайын журткка жаман корунуп жатып.Кудага шугур азыр жок сабыр кылыныз отуп кетет.
#18 26 March 2014 - 23:12
эх жашоо татаал окуп алып ыйладым эч качан сынба Бул сыноо жашоо,Ден соолук барбы ошол байлыгын Сенин,айдын он беши карангы он беши Жарык дейт
#19 26 March 2014 - 23:27
Урматтуу автор апанызга Алла шыпаа берсин. Атаныз менен аганыздын жаткан жери жайлуу болсун!!
! А сизге сабыр тилейм. Эч качан жашоонузга окунуп ыйлабаныз. Бул да болсо Алланын сыноолору. Сиз бактылуу экенсиз алтындай болгон апаныз бар. Сиздин келечектеги жашоонуз жалан гана жылмайуу менен отсун.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
#20 26 March 2014 - 23:34
Бул кундор дагы отот.... Эн башкысы жакшылыктан умутунузду узбонуз,жакшы кундор алыс эмес АЛЛАХЫМ сизге жана апакенизге ден соолук сабыр бере корсун!!
!!

Супер-Инфо
super.kg
видео















