Бактылуу болсун Жазгул.
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#622 27 Март 2014 - 23:25
Эгер бул баянга мыкты сценарий жазып кино тартса мыкты кино жаралмак экен.........
#628 28 Март 2014 - 09:20
Эми эле окуй калайын деп кирсем жокко. Асан байке батыраак жазынызчы эми
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#630 28 Март 2014 - 10:53
Асан байке эмнеге ошондо, досторунузду топтоп барып Жазгулду алып келе берген эмессиз?
#631 28 Март 2014 - 11:05
ASAN BAIKEEEEEEEEEEEEEEEEE JAZBAIIIIIIIIIIIIIIIIIIIIIIISYZBYYYYYYYYYYYYYYYYYYYYY
#632 28 Март 2014 - 22:16
Саламатсыздарбы.
Кечее убакыт тар болуп кире албай калдым.Азыр бир сааттан ашык убакытым бар,колдон келишинче жазам...
....Курбусу экөө жетелешип чыгып келишти.Курбусунун аты Айсулуу экен.Мирбек экөөбүз эки четте,алар ортодо кетип бара жатышты.Айтурган менин жанымда.Айтурганды күлгүзүштүн амалын издеп мен ар кандай тамашаны айтып жаттым.Анын ууртундагы ар бир жылмайуу Жазгүлдү элестетип жатты.Мен аны карап Жазгүлдү элестетип жатканымды Айтурган сезген жок байкуш.Новои паркын аралап сүйлөшүп жүрдүк.Мирбек менен Айсулуу тил табышкан өңдүү эзилишип жакшы сүйлөшүп кетишти.Сүйлөй турган сөз да түгөндү.Кетким келе баштады жалгыздыкка. Айтургандын жүзүн жылмайып жатканда гана карап жаттым.Мостойуп жылмайуусуз турган Айтургандын жүзүн болушунча карабаганга аракет кылып жаттым.Себеби Айтургандын жүзүндө жылмайуудан башка Жазгүлгө кыпындай да окшоштук жок эле.Жүрөгүм: "Эхх Айтурган Айтурган... эмнеге мындай жылмаясың? Эмне башкача жылмайганды өздөштүрсөң болбойт беле?" деп жатты.Эки сааттай сүйлөшүп жүрүп анан тигилер менен коштошуп үйгө кетип бараттык.Мирбек: "Мен Айсулууну чаап алсам окшойт,сонун кыз экен байкадыңбы? " деп жатты.Мен:" Ии ооба жакшынакай экен" деп анын демилгесин кубаттап жаттым.Айсулууну таанышканда бир эки жолу эле карап анан аны такыр карабагандыгымды айткым келбеди.Үйгө келип да эртеңки зачетко таярдануунун ордуна телефондогу сүрөттөрдү карап олтурдум.Оюмда: "Азыр го Ошто жүрөм,айылга барсам кантем?" деп ойлонуп жаттым.Анан Жазгүлдүн акыркы смсин ачып окуп кирдим.Ал жазган ар бир сөздүн артында жашыруун сыр жаткандай үңүлүп кара жаттым.:Мектепте сүйлөшүп жүрүп анан жакын достордон болуп анча-мынча телефондон сүйлөшүп жүргөн бала" деген анын билдирүүсүн чечмелей албай жаткандай кайра кайра окуп жаттым кайталап.Оюмда: "Эгер Жазгүл мектепте аз да болсо сүйлөшүп,анан жакын достордон болуп калып,анан ушул убакка чейин телефондой байланышып жүргөн болсо..... анда анда андаааа анын алып качуусуна Жазгүл өзү себепкер болуп жатабы? Макал бар го:"Достук сүйүүгө айланышы мүмкүн,а сүйүү эч качан достукка айлана албайт" деген.Жазгүл аны четке кагып койгону менен анын үмүтүн өчүрбөй дале кабарлашып жүргөн турбайбы.Эмнеге мен билбей жүрдүм экен.Туура Жазгүлдүн да артынан ээрчигендер көп болчу.Бирок ал мага сүйүүсүнүн четин билгизбеди беле.Анын жузүндөгү мени карап жылмайуусу да чын жүрөктөн чыкпады беле? Башкаларга да анда мага жылмайгандай жылмайып жүрдү бекен?"-деген ойлордун чеңгелинде бошонууга умтулуп жаттым.Ойлонуп жатып күздө көргөн түшүм мага алдын ала аян бергенине ынай баштадым.Ал түшүмдү унуттум дегеним менен оюмдун тее түпкүрүнөн таап чыкканыма өзүм да таң калдым."Туура ал түшүмдө жапжашыл кооз жаратылышта ойноп жүрүп эле анан мен тааныбаган элдердин арасында Жазгүл мен жузүн көрө албаган,мен тааныбаган адам менен жакын таанышындай кучакташып учурашпады беле?.Мен "ким бул?" дегендей кыязда аны тарткыласам менин колумду силкип салбады беле?" деп жакындагы өңүмдө эле болгон окуяны оо качанкы көргөн түшүмө дал келтирип жаттым.Ушунча жылдык таанышууда Жазгулдүн ыссык (ыссык болсо керек) эриндеринен бир да жолу өөп калбаганыма бушайман жедим.А мүмкүн туура кылгандырмын. Эгер анын эриндеринен өпкөнүмдө оюм бузулуп андан нарысына да аракет кылып жибермекмин (эркекпиз да).Биринчи вариант:Жазгүл каршылык көргөзбөй макулдугун берсе мен арам оюмду ишке ашырып эртеси эле Жазгүлдөн көңүлүм сууй баштамак.Экинчи вариант:Жазгүл менин арам оюмду илгиртпей түшүнүп мени жаакка бир чапмак дагы кирип кетмек.А мен кылган ишиме өкүнүп эртеси эле Жазгулдөн айрылмакмын. Анда менин анын намысына кол тийгизбегеним, кол тийгизүүнү ойлонбогонум менин таза башталган сүйүүмдү аягына чейин таза сактап калуусуна себеп болуп жатабы???...... . деген ойлор менен алпурушуп жатып уктап кеттим.
---Эртеси зачетту өзүм тапашыра албай койуп айла жок акча менен алдым.Күндөр өтүп жатты.Ар күндөрдүн аралыгында Айтурган менен да жолугуп жүрдүм.Бирок дос катары эле.Анын жылмайуусу үчүн күчкө салып ага калп эле жылмайып жүргөнүмдү Айтурган байкады белем ал дагы менден алыстай баштагансыды. Акыркы экзаменге аз күндөр калганда Россиядагы Үсөнгө чалып акча сурап калдым.Ал бир эки күндө салып жибереерин айтып анан наркы беркини сүйлөшүп калдык.Ойума Россияга барып келүү "кылт" эте түштү да Үсөнгө "3 айга барып иштеп келсемби" деген ойумду айтып калдым.Себеби мен айылда жүргүм келбеди.Жазгүл баскан жолдорду көрүп кыйналгым келбеди.Үсөн чоң братаным менен сүйлөшүп көрүүсү айтып бир эки күндө жообун берем деп коштоштук.Оюмда кокустан Росиияга кетүү ойду таба койгонума өзүмө өзүм кыйынсынып маашырланып алдым.Туура, айылга барып азаптарды жамынып каникул өткөзгөндөн көрө Жазгүлдөн алыыыыс жакка кетип калайын.Балким ошол тараптарда Жазгүлдү эстебей калаттырмын. Бирок Жазгүл менин тубөлүктүү АРДАГЫМ дагы АРМАНЫМ дагы экенин сезе албадым....

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 28 Март 2014 - 22:21
"Бактылуумун"
!
#634 29 Март 2014 - 10:38
Уландысын кутуп калабыз )
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#635 29 Март 2014 - 13:31
Турмуш курганда жакшы жарга жолуксаң, бала- чака, турмуш-тиричилик менен унутасың. Бирок ал адам жүрөгүңдүн тереңинде жашай берет тура. Анан, унуттум деп ойлобой, балким чын эле унутуп калганыңда жашооңдо ысымы кайра пайда болуп калса, жүрөктү тырмалайт экен да ал ысым.
#637 29 Март 2014 - 13:49
Эхх ар бир коз ирмемдерди адамга жеткиликтуу кылып суроттоп жазып берип жатканына ыраазымын.. Уланта бер шашпай
#639 29 Март 2014 - 17:25
Баракелде 2 кун дегенде окуп чыктым, азаматсыз калеминиз курчуй берсин!!
!
#640 29 Март 2014 - 21:06