Адамдын акылы толук эмес
Адамда мээрим, сезим, ишеним, күч
жана акыл болгондо толуктук болот
Баары ирээттүү, ыргактуу болгондо
адам кубаттуу болот
Шайкештик жоголгондо кубат
төмөндөйт.
Адамдын кубаты жакшыда да,
жаманда да
Кубаттуу адам жакшыда болсо,
Кудайдын мээримине толот
Кубаттуу адам жаманда болсо,
Кудайдын мээриминен таят
Кубаты жакшыда да, жаманда да
болсо, чалынуусу көп болот
Акыл казынасынан
#21 29 March 2014 - 19:19
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#22 29 March 2014 - 19:21
Сапатка сапат улачу күч ар дайым
адамда боло бербейт Сапатка сапат кайсы убакта уланат - Кайгырганда, адашканда, кыйынчылык
башына келгенде.
Адамдын санаасы болбосо, көңүлү жай болсо, көп мүмкүнчүлүктөрдү
байкабайт, назар салбайт, изилдебейт, түшүнө билейин деген аракет аз болот.
Баскан жолдун багытын тууралабайт.
Эгер адам көп кыйналса, адашуулар көп болсо, ал баскан жолун, багытын улам иликтеп турат, мүмкүнчүлүктөрдү тез байкайт.
адамда боло бербейт Сапатка сапат кайсы убакта уланат - Кайгырганда, адашканда, кыйынчылык
башына келгенде.
Адамдын санаасы болбосо, көңүлү жай болсо, көп мүмкүнчүлүктөрдү
байкабайт, назар салбайт, изилдебейт, түшүнө билейин деген аракет аз болот.
Баскан жолдун багытын тууралабайт.
Эгер адам көп кыйналса, адашуулар көп болсо, ал баскан жолун, багытын улам иликтеп турат, мүмкүнчүлүктөрдү тез байкайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#23 29 March 2014 - 19:32
Адамдын ѳсүү жолу
1. Эң биринчиден, адам өсүш үчүн ал
өзүн баалоо керек. Башка адамдардын чектөөсүнөн чыгып, өзүнүн кубатына, акылына, жөндөмүнө, ишкердүүлүгүнө
ишенип иш баштоосу зарыл.
Чектөөлөрдөн чыгыш үчүн “Мен күчтүүмүн, кубаттуумун, ойлогон оюма жете алам, Кудай мага жардам берет! деп көп айтыш керек. Сөз менен көп айта баштаганда ал адамга кубат берип, көкүрөгүндө ишеним толук
отурганга чейин кайталай бериш керек. Чектөө көп болсо бул сөздү көп айтыш
керек.
2. Тилекти туура коюп, туура тиленип,
адам максат коюп, элестетип жазып
коюш керек. Аракет кылмайынча
мээнетсиз эч нерсе болбойт.
Энергетикалык мээнет менен
физикалык мээнет бирдей болгондо – өсүү абдан күчтүү болот.
3. Кыргыздын өндүрүшүнүн
бүгүнкүсүнө жана келечегине эмне
керек? Ар бир ишкердин “мен эмнени өндүрөм”
деген максаты так болушу абзел.
Кыргызга таандык эмне бар: ашар,
уруунун ынтымагын, чөйрөнүн
ынтымагын колдонсоңор өсүү күчтүү
болот. Бул, кыргыздын канына сиңген ыкма, жол. Көрө билүү, маданият,
тандоо ыкмалары жакшы нукта болуш
керек. Эң негизгиси жетекчинин иштин
көзүн тааныган сапаты чечүүчү
мааниге ээ.

#24 29 March 2014 - 19:36
Ѳсүү жолун окуп-үйрөнүү
багытын дүйнөлүк ийгиликтүү тажрыйбадан алса болот.
Алдыга койгон
максаттарды жазбай койсоң, кичине
болсо да калпыстык кетип калат. Ал
эми жазып койсоң – оюң туура, шурудай тизилип так болот. Туура
нуктан чыкпаш үчүн, “Азгырыктан алыс кыла көр, адаштыра көрбө” деген тилек, сурануу көп болуш керек.
Ишкердүүлүктү ийине жеткире кылуу ар бир адамдын колунан келеби?
Сапатка толсо, ар бир адамдын
колунан келет. Ишкерлик маданияты,
сапаты бийик, жогору болуш керек.
Мисалы: бир ишкер базарга материал алып кел деп жиберсе, чала жасаган ишкер ал адамды убара кылат.
Маданияты жогору ишкер жиберген адамга:
кандай материал алуу керек,
өңү, сапаты, баасы, салмагы деп
баарын так айтып жиберет. Бул мыкты сапаттарга ээ, билими толгон, иштин көзүн таба билген жетекчи болот.
Алдыга койгон
максаттарды жазбай койсоң, кичине
болсо да калпыстык кетип калат. Ал
эми жазып койсоң – оюң туура, шурудай тизилип так болот. Туура
нуктан чыкпаш үчүн, “Азгырыктан алыс кыла көр, адаштыра көрбө” деген тилек, сурануу көп болуш керек.
Ишкердүүлүктү ийине жеткире кылуу ар бир адамдын колунан келеби?
Сапатка толсо, ар бир адамдын
колунан келет. Ишкерлик маданияты,
сапаты бийик, жогору болуш керек.
Мисалы: бир ишкер базарга материал алып кел деп жиберсе, чала жасаган ишкер ал адамды убара кылат.
Маданияты жогору ишкер жиберген адамга:
кандай материал алуу керек,
өңү, сапаты, баасы, салмагы деп
баарын так айтып жиберет. Бул мыкты сапаттарга ээ, билими толгон, иштин көзүн таба билген жетекчи болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#25 29 March 2014 - 19:39
Изденүү
Изденүүнүн 4 түрү бар:
1. Жан дүйнө изденүүсү
2. Акыл толгоп изденүү
3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү
4. Жол издөө
Изденүүнүн 4 түрү бар:
1. Жан дүйнө изденүүсү
2. Акыл толгоп изденүү
3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү
4. Жол издөө
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#26 29 March 2014 - 19:41
1. Жан дүйнөнүн изденүүсү
– бул өзүнүн ордун табуу, бир нукта
мээнеттенүү, чыгармачылык изденүү. 2. Акыл толгоп изденүү – бул Кудай
берген, адам жараткан акылдарды
иликтеп, анын тереңине жетип, баасын
билип, ошол акылды татып, ошол
акылда болуу же туруу.
3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү –
бул, адам толгон, жеткен акыл
кубатын, сезим кубатын, күч кубатын
туура пайдалангандын жолун издөө.
4. Жол издөө – бул адамдын акылы менен жеткен, жан дүйнөсү эңсеген бийиктикке жетиш үчүн жол издөө.
Адамдын жашоосундагы
изденүүлөрдүн татаалы – жан дүйнө
изденүүсү.
мээнеттенүү, чыгармачылык изденүү. 2. Акыл толгоп изденүү – бул Кудай
берген, адам жараткан акылдарды
иликтеп, анын тереңине жетип, баасын
билип, ошол акылды татып, ошол
акылда болуу же туруу.
3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү –
бул, адам толгон, жеткен акыл
кубатын, сезим кубатын, күч кубатын
туура пайдалангандын жолун издөө.
4. Жол издөө – бул адамдын акылы менен жеткен, жан дүйнөсү эңсеген бийиктикке жетиш үчүн жол издөө.
Адамдын жашоосундагы
изденүүлөрдүн татаалы – жан дүйнө
изденүүсү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#27 29 March 2014 - 19:44
Кубат менен мээнеттин изденүүсү
жана жол издѳѳнүн айырмасы эмнеде?
Кубат менен мээнеттин изденүүсүндѳ
адам багытын билбейт, жолун таппай
издейт, ал эми жол издѳѳдѳ адам
багытын билет, жолун издейт. Мисалы:
жол издөөнү издеген адам тоонун
чокусуна чыгышты билет, чокуга жетиш үчүн жардан, көлдөн кантип өтүүнүн
жолун издейт. Ал эми кубат менен
мээнеттин изденүүсүндѳгү адам
тоонун чокусуна бараарын, же
ортосуна бараарын так билбейт.
Бир багыттуу же ар тараптуу өсүүчү кубат берилгенин адам өзү кантип билсе болот?
Жөндөмүнөн билинет.
Адамда изденүү токтойбу же өмүр бою издейби?
Пендеде изденүү аз, адамда көп,
инсанда андан көп болот, асыл адамда изденүү андан да көп болот.

#28 29 March 2014 - 19:48
Сезим
Ар бир адамдын өзүнүн баскан изи бар.
Кээ бир адамдын баскан изинен көп
адам үлгү алат. Кай бир адамдын
изинен топ адам кубат алат. Көп
адамдын баскан изинен көп адам сабак алат. Кээ бир адамдын баскан изи көп адамды иренжитет, топ адамды ыйлатат, жакындарын сыздатат.
Алардын изинен адам багыт таппайт.
Издин ээсинин бакыты жок, убарасы
көп, натыйжасы аз. Мындай адамдын жашоосу жакындарына жүк,
алыстарына иренжүү. Адам өзүнүн жашоосун иликтемейинче,
адашуусун аныктамайынча убара
андан кетпейт. Сезимин ойготмоюнча
тереңдик келбейт, акылды
иликтемейинче өзгөрүү болбойт. Жашоонун салмагы адамдын
кыялынан, каалоосунан, максатынан,
анан барып ишинен, кыял-мүнөзүнөн
топтолот. Адамга тирек болгон,
адамды өстүргөн, адамга канат
байлаткан – бул анын сезими. Сезим менен адам кыялданат, каалоо
каалайт, көңүлү менен иштейт. Эгер
сезим алкагы төмөндөсө, кубаты кетсе – адамдын каалоосу төмөндөйт.
Кыялы пастайт, көңүлү көп нерсеге келбейт.
Ошондуктан адамдын көңүлүн оорутуп, сезимин тебелесе, адамдын иш жөндөмдүүлүгү начарлайт. Иш аракет пастайт, көңүлү толбойт. Бул ыкман билген адам топ адамдын көңүлүн көтөргөндү билет. Топ адам менен чоң ишкердүүлүк кыла алат.

#29 29 March 2014 - 19:50
Сүйлөө адеби
Адамдын ой толгоосу, иш кызматы,
жүргөн-турганы, адеби, деңгээли
боюнча элдин алдында ар тараптуу
сүйлөө ыкмалары бар:
1. Адамды кубатка толтурчу ыкма
2. Адамды ынандырчу ыкма
3. Адамга багыт берчү ыкма
4. Адамды жоошутуучу ыкма
5. Акыл айтчу ыкма
6. Ой бөлүшчү ыкма (маалымат
билдирүү, жеке пикир)
Ушул ыкмалардын баарын эске алып, жагдайга жараша адам багыттуу сөзүн баштайт.
Багыттуу сөздү баштаган
учурда жагдайга жараша адам өзүнүн
кебин, баяндамасын баштайт. Эң
биринчиден, сүйлөгөн адам өзүнүн турпатына, үнүнө, кыймыл-аракетине
көңүл бурганы оң.

#30 29 March 2014 - 19:53
Ар бир элдин өзүнө тийиштүү
ыкмалары, кыймылы, жаңсоолору бар.
Биздин элге тийиштүү ыкмалары,
кыймылы – бул сабырдуулук,
токтоолук.
Ал эми кыймыл-аракет,
жаңсоолор башка элдерге салыштырмалуу өтө аз.
Эгер адамды кубаттап, көңүлүн
көтөрүп баяндама курса,
ага тийиштүү
жаңсоолор өйдө жакка карайт. Кубатка толтурчу ыкмада баяндама айткан адамдын үнү кыймылга караганда күчтүү, кубаттуу болуш керек. Кыймыл- аракет өтө көп эмес, такыр жок эмес негизги басым үнгө коюлат.
Адамды жоошутуп, сабырдуулукка
чакырып жаткан кезде жаңсоолор
уланып кетпейт, токтоп калат. Токтоп
калган жаңсоолор ылдый түшкөнү оң
(өйдө көтөрүлбөш керек).
Эгерде жеке
адамга тийиштүү болсо, ал адамды акырын кармап, анан ылдый көздөй
сылап коюу керек.
Адамды эргүүгө, бийиктөөгө,
толкундоого чакырып турган учурда
ары-бери басып кыймылдуу,
жаңсоолор көбүрөөк болгону оң. Акыл айткан, багыт берчү,ынандырчу
учурда адамдын кыймылы өтө аз, үнү
терең болуп, жаңсоолору жок болуп,
элге, адамга карап, көңүлдү токтотуп
сүйлөө оң.
Ой бөлүшчү учурда адамдын эркине
жараша каалагандай болот. Тике
карап, көздүн тушунан өйдө караган
болбойт; жүзүнөн ылдый да караган
болбойт.

#31 29 March 2014 - 19:55
Ой толгоону өзгөрткүлө
Ар бир адамдын ой толгоосу кенен,
таза болуш керек. Ал эми тазалык
акылда, билимде болсун. Акыл менен
ой толгоо айкалганын, айырмаланып
турганын көп адамдар көңүл токтото
билбейт. Акыл – ой толгоодон айырмаланып турат. Акылды калчап,
ошону тереңдеткенде, силердин
акылыңар жетик болот. Бирок, ой
толгоо дайыма аксап турат. Эгерде
жетик акыл-ой толгоосу бузук болсо,
жашоодо көп нерсеге жетише албайсыңар. Ошондуктан, көбүнесе биз ой толгоону оңдоого, ой толгоону
өзгөртүүгө, ой толгоонун күчүнө жана
ой толгоонун талаасына көңүл
бурабыз.

#32 29 March 2014 - 19:57
Биринчи талап
Сүйлөгөн сөзүңөр таза нукта болсун:
1.Өзүңөрдү кемсинтип сүйлөбөгүлө.
Келечекке ой толгооңор таза, нурлуу,
жарык болсун.
2.Өз жакындарыңарга караштуу
сөздөр, ойлор таза, кемтиги жок болсун. Мисалы: «менин балам
зээндүү» деп айтканда, жеке эле сөз
эмес, ой толгоо да таза болсун.
3.Өзүңө өзүң бааны жогору бер. Анын
ичинде: элге, жерге, үрп-адатка,
салтына (өзгө баа берүүгө көп нерсе кирет).
4.Жамандан да жакшыны көргөндү
үйрөнгүлө.

#33 29 March 2014 - 19:58
Өзөктүү ойду багуу
Өзөктүү ойду багыш үчүн адам таза,
кубаттуу болуш керек. Таза: дене
тазалыгы (даарат), ой тазалыгы (бир
ойду ойлоп жатып башкага өтүп
кетпейт).
Мисалы: «Мен өзүмдү күчтүү
инсан катары эсептейм» деп ойлоп жатып ортодон коркуп кетсе болбой
калат. Ойдогу коркунучту алып салыш керек.
Кайсы багытка ой толгоо бурулса,
ошол түшкөн нукта чоң жетишкендик
болот. Ар дайым ой толгоодо бир
өзөктүүсү болуш керек. Ой толгоо беш тарамдуу болушу мүмкүн. Баардык манжалар бар болуп туруп, бирок бармак жок болсо – кыймылдын өзөгү
жок болот эмеспи. Ошондуктан, ой
толгоонун эң өзөктүүсүн тапкыла.
Өзөктүүсүн тапсаңар, ал калганына
өбөлгө (мисалы, бармак калган
төртөөнө өбөлгө) болот. Өзөгү жок ойлор чоң нерсеге жеткире албайт, ал ойдо күч да болбойт. Ар нерсени
өзөктүү кармагыла.

#34 29 March 2014 - 20:00
Дил, дит, көңүл, ниет, пейил
Дил – жан дүйнөнүн өзөгү.
Көңүл – жан
дүйнөнү толтуруп турган нерсе.
Дилден чыккан нерсе ¬(сезим, ой ж.б)
– баарынан күчтүүсү.
Жан дүйнөнү толтуруп турган нерсе
(суюктук) – Көңүл. Дил, дит, ниет, пейил – катуу өзөк. Көңүлдүн төмөндөшү, түшкөнү
сулуулукту кемитип, жүктү көбөйтүп,
жашоону күңүрттөтөт, өмүрдү
кыскартат…
Дил – жан дүйнөнүн өзөгү.
Көңүл – жан
дүйнөнү толтуруп турган нерсе.
Дилден чыккан нерсе ¬(сезим, ой ж.б)
– баарынан күчтүүсү.
Жан дүйнөнү толтуруп турган нерсе
(суюктук) – Көңүл. Дил, дит, ниет, пейил – катуу өзөк. Көңүлдүн төмөндөшү, түшкөнү
сулуулукту кемитип, жүктү көбөйтүп,
жашоону күңүрттөтөт, өмүрдү
кыскартат…
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#35 29 March 2014 - 20:03
ДИЛ.
Ойдун өзөгү дилде. Дил – ар бир адамга таандык ички дүйнөсүнүн
деңгээли. Дил ак, таза жаркындан
баштап, жокко чейин барат. Кээ бир
ойлор ак, жарык, жаркын дилден
башталса, кээ бир ойлор дилден эмес,ниеттен башталат. Дилден чыккан ой өзөктүү болот. Ниеттен башталган ойлор өзөктүү боло албайт. Ниеттен
чыккан ойлор жардам берет, ишти
баштайт, бирок өзөк болбойт, алар
убактылуу ойлор болуп калат. Дилден
чыккан ойлор, мисалы: кыргыз элине пайдалуу иш кылуу, элге кызмат
кылуу, окуунун тереңине жетүү,
кызматты так аткаруу. Дилдин күчү ар
бир адамда бар. Дилдеги ой жашоонун
багытын, жашоонун негизин таптырат.
Дилдеги оюңарды кеңейтип, өзөк кылгыла. ОЮҢАР, ДИЛИҢЕР,
СӨЗҮҢӨР БИР БОЛСО – ЖАШОО
СӨЗСҮЗ ӨЗГӨРӨТ.

#36 29 March 2014 - 20:09
КӨҢҮЛ.
Эгерде адамдын жашоосу армандуу болсо, көңүлдө кара көңүл
толуп кетет. Мисалы, сарсанаа, кайгы- муң, арман. Эгер кайгыда басылып турган адамга
тыштан кубаныч келсе, ал адам бир аз
эле кубана алат. Себеби, муңдуу
адамдын сезиминин баарын толкутуп
жибергенге кубанычтын күчү жетпейт.
Ал эми кайгысы, сарсанаасы аз адамга тыштан кубаныч келгенде, ал кубаныч
көпкө чейин сакталат, толкутуп
жиберет. Көңүлдөгү сарсанааны дилге салып
азайтса болот. Өтө көп кайгыда турган
киши ою (акыл-эси) менен чечимге
келип, сарсанаадан арылуу үчүн ойду
дилге салуусу керек. Себеби, дилден
чыккан ой дитти, ниетти, пейилди, көңүлдү басып өтөт. Демек, дилден
чыккан ой күчтүү болот. Дилден чыккан
ойду багыш өтө оор, бирок адам
дайыма талыкпай иштесе, ошондо
иштин үзүрү болот. Адамдын жашоо табиятында көңүл өтө
зор мааниге ээ. Адамдын көңүлү анын
жашоо ыргагына өзүнүн чоң таасирин
тийгизет. Жашоо ыргагы көңүлдүн
көтөрүлгөнү жана түшкөнү менен
саймаланат. Көңүлдүн бийиктөөсү саймага кооздук берет, сулуулук,
өркүндөө, өсүү берет. Көңүлдүн
түшүүсү сайманын кооздугун азайтат,
кайрыктарын кыскартат, же такыр
токтотот. Көңүлдүн бийиктөөсү саймага
ажайып кооздукту, шаттыкты, актыкты берет. Көңүлдүн пастоосу, төмөндөшү,
түшкөнү сулуулукту кемитип, жүктү
көбөйтүп, кооздукту жокко чыгарып же
бузуп, кайрыктарын музга бөлөп,
жашоону күңүрттөтөт, өмүрдү
кыскартат, сулуулукту өлтүрөт, өмүрдү кыят. Башка адамдын көңүл
ыргагын тапкан адам – олуя адам. Көңүлдү тармактап чечип, талдап,
талуу жерин тапкан адам дүйнөнү
башкара алат.

#37 29 March 2014 - 20:11
ДИТ – бул адамдын көңүлүнө тийиштүү сапат. Дит койгон адам окуянын,сөздүн,
күчтүн тереңине жете алат.
Тереңине жетип, түшүнүп, бирок
турмушта колдоно билбесе, ал адамга
пайдасын алып келбейт. Көңүлү, дити менен берилген адам – алдында турган нерсени жашоодо пайдалана билет,
андан негиз табат. Дитин бербеген
адамга канчалык үйрөтсөң да өзүнө
сиңирбейт. Дитин бербеген адам чоң
жардам бере албайт, анын жардамы
убакытка ченелүү. Дити менен берилген адамдын жардамы убакытка чектелбей, өмүргө чектелет. Мисалы,
дити менен сабак окуу, дити менен
иштөө, дити менен китеп окуу. Өзөктүү ойду тапкан адамдар дит коюп кадам баштасын.
Тереңине жетип, түшүнүп, бирок
турмушта колдоно билбесе, ал адамга
пайдасын алып келбейт. Көңүлү, дити менен берилген адам – алдында турган нерсени жашоодо пайдалана билет,
андан негиз табат. Дитин бербеген
адамга канчалык үйрөтсөң да өзүнө
сиңирбейт. Дитин бербеген адам чоң
жардам бере албайт, анын жардамы
убакытка ченелүү. Дити менен берилген адамдын жардамы убакытка чектелбей, өмүргө чектелет. Мисалы,
дити менен сабак окуу, дити менен
иштөө, дити менен китеп окуу. Өзөктүү ойду тапкан адамдар дит коюп кадам баштасын.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#38 29 March 2014 - 20:15
НИЕТ
– бул адам баласынын туруктуу ой жүгүртүүсүнө таасир берчү сезим
жана адам баласынын кыял, жүрүм-
турумуна багыт берчү күчтүү сезим
алкагы.
Ниет – адамдын көңүлүнүн бир
нерсеге тереңдөөсүн, үңүлүшүн,
туюмун, тууралыгын жана анын карама-каршысын толуктап, тереңдеп,дил, дитке азык берчү алкак.
Ар бир адамдын ниетине жараша, көңүлүнө тийиштүү тууралыктар бар. Ал тууралыктар адамдын кабыл алуу
сезими менен аныкталат.
жана адам баласынын кыял, жүрүм-
турумуна багыт берчү күчтүү сезим
алкагы.
Ниет – адамдын көңүлүнүн бир
нерсеге тереңдөөсүн, үңүлүшүн,
туюмун, тууралыгын жана анын карама-каршысын толуктап, тереңдеп,дил, дитке азык берчү алкак.
Ар бир адамдын ниетине жараша, көңүлүнө тийиштүү тууралыктар бар. Ал тууралыктар адамдын кабыл алуу
сезими менен аныкталат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#39 29 March 2014 - 20:17
ПЕЙИЛ
– адамдын тууралыгында турган алкак. Адамдын тууралыгы –
анын багытына, сезим туюмуна, жашоо
кабылдоосуна негиз түзчү алкак.
Пейилдин тереңинде адамдын жашоого
болгон мамлеси жатат. Келбеттин бийиктиги Ички дүйнөнүн бийиктиги келбетинен
чагылып турса, адам сырт келбети
менен да бийик болот. Келбет –
акылмандуулуктун келбети,
баатырдыктын келбети, билгичтиктин
келбети жана башка болуп бөлүнөт.
анын багытына, сезим туюмуна, жашоо
кабылдоосуна негиз түзчү алкак.
Пейилдин тереңинде адамдын жашоого
болгон мамлеси жатат. Келбеттин бийиктиги Ички дүйнөнүн бийиктиги келбетинен
чагылып турса, адам сырт келбети
менен да бийик болот. Келбет –
акылмандуулуктун келбети,
баатырдыктын келбети, билгичтиктин
келбети жана башка болуп бөлүнөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#40 30 March 2014 - 17:44
Кайдан көчүруп жазып жатсаныз да бали! Уланта бериниз. Кыргызча психологиялык китеп болуш керек менимче. Маанилери жакшы келиштириптир,
илимий тилде да, адабий тилде да. Мен өткөндө ушул сыяктуу кыргызча китеп окуп чыккам. Авторун жаза кетсениз жакшы болмок экен. Калганын да күтөм.

Супер-Инфо
super.kg
видео