Суперстан: Жүрөгүм издейт сендейди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!

#641 Пользователь офлайн   ales   29 Март 2014 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Жүрөк сырында мааниси жок тема көп экен. Алардын ичинен Мырзайым экөөнөрдүкү кызыктуу баян болуп жатыптыр.

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#642 Пользователь офлайн   kuu-1005   30 Март 2014 - 01:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Сааттын жебеси бир калыпта жылып күндөр өтүп жатты.Жүрөгүм: "Жазгүлдү көргүм келип жатат" деп айкырганы менен менин акылым:"Жинди болбо.Жүрөгүңдү укпай койсоң бир күнү тынчтанат" деп жаткансыды. Үсөн дагы чалып "келе бер,келгиң келсе" деп калды.Анын салган акчасына бир экзаменди жаптым да бир экзаменди өзүм тапшырып жаным тынып олтуруп калдым.Акыркы экзаменди алган күнү группалаштар менен "Старый город" кафесинде олтурдук эс алып.Эртеси ушунчалык айылга бутум тартпай жатса да айлам жок бардым.Москвага билет алганга загранпаспорт керек эле.Аларга да айтышкан окшойт айылга келеерим менен эле атам адатынча:" Эй Асан окууң не болот? Окууну бүтүп алсаң анан бара берет элең го барчу жагыңа? Акчаны биз берип жатабыз,Россиядан салып жатышат,деги айтчы сага эмне жетпей жатат?? Иштейм эле дейсиң окууңду бүтүп алсаң иш эч жакка качпайт" деп мени Россияга барбашымдын айласын кылып наалып жатты.Байкуш апам гана менин жүрөгүмдөгү арманымды көзүмдөн окуп койгондой:" Жөн койчу.Барса барып эл көрүп,жер көрүп келсин.Чоңойуп калбадыбы мунун да бир билгени бар да" деп атама айтып жатты.Атам айла жок акыры:"Куздө кайра сөзсүз келгиниң.Жүрө бербе сен дагы тиги чоң агаңа окшоп" деп макулдугун берди.Негизи мен атам менен көп тартышам.Атам дагы "кычас" анан учурунда эл башкарып буйруп сүйлөгөндү жакшы көргөндүктөн экөөбүздүн ойлорубуз кееде төп келишпей калат болчу.Ошентип агамдын салган акчасына Москвага поездге (ал убакта самалёт анча моода боло элек болчу) билет алдым.Төрт күндөн кийин кетишим керек болгондуктан айылда баари бир эки күн жүрүүгө туура келди.Эхх ошондо өзүмдү канчалык алаксытсам дагы жүрөгүм мени Жазгүлдүн үйүнө жетелеп туруп алды.Эртеси жолго чыгам деген түнү Жазгүлдүн үй тарабына жөнөп калдым.Уурданып жетип бардым.Жайдын жылуу түнүндө дөбөчөдө Жазгүлдүн үйүн карап олтура бердим."Эмне максат менен келдим,эмне максат менен олтурам" деген суроолорго жооп тапкым келбеди.Жазгүл жок ал жашаган үйдө караңгылык каптап тургандай болуп жатты.Эшикке сиңдиси менен апасы гана чыгып кирип аткан болбосо башка эч кимди көрө албадым.Менин бир канча айлуу түндөрүмө күбө болгон дөбөчө да мени "кет" дегендей мага ыңгайлуулук жарата албай жатты.Акыры акыл:"Асан сен жинди болдуңбу? Жазгүл азыр бөтөн айылда,бөтөн үйдө,башка адамдын койнунда таттуу уйкуда жатса керек.Эсиңе кел.Эми баары кеч.Үмүтүндү үз!" деп какшап жатып мени үйгө кетишиме аргасыз кылды.Ушул келишим акыркы жолу болуп жаткан сымал оор үшкүрүп:" Кайыр Кош!" деп ичимден күбүрөнүп алдым да үйгө кадам койдум.Эртеси Бишкекке жөнөдүм.Андан нары "Москва-Бишкек" деген поездге олтуруп жаралуу жүрөгүмө шерик болуп узаак сапарга аттандым." Алыстык" жүрөгүмө даба болоор деген максатта кетип бараттым.Төрт күнгө жакын убакта Москвага кирип бардым.Жүктөрүмдү алып чыгып элеңдеп эле эки жагымды карап туруп калсам Үсөн келип калды.Узаактан бери көрүшө элегибизге кучакташып учураштык.Үсөн дагы кудуңдап мага кошулуп сүйүнүп бара жатты.Үсөн-дагы озүнчө бир кызык инсан.Экөөбүздүн ой-толгообуз, жашоого болгон коз карашыбыз,мүнөзүбүз эч качан төп келбейт болчу.Бизди сырттан карган адам ага-ини деп ойлоору анык.Анын бою узун келип,бет түзүлушү кууш болгондуктан биздин көздөрүбүздөн башка эч кандай окшоштук жок эле........

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 30 Март 2014 - 01:42

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#643 Пользователь офлайн   aziko88   30 Март 2014 - 02:29

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Билинбей кундор узап,сагынычым умут мн Жол карап,жалындап куйуп жанат конулдогу жандырмаксыз табышмак,кезигуунун издеп келем айласын ойлор курчап таппачудай айласын,супсак сымал кунурт алып айлана,жалгысырап булугамын КАЙДАСЫН! !!Уйуно барганыны окуп журогум эзилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#644 Пользователь офлайн   kuu-1005   30 Март 2014 - 04:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Вокзалдан алысыраак жерде машина күтүп турган экен ошого олтуруп кетип бараттык.Машина айдаган шоопур деле кыргыз экен.Кавартирага келдик.Нургаазы агам квартирада бизди кутүп олтуруптур. Мен мурда көргөн Нургазы акам жок,чандайып эптүү семиз.Кирип наркы беркини сүйлөшүп олтурдук.Айылдан апам салып берген күрүч,курут, аселдерди столго койуп чай койушту.Байкасам үч бөлмөлүу квартирада он бештей адам жүрөт."Көп адам жашайт экенсиңер ээ? деп айтып калсам Нургаазы байкем каткырып күлүп:"Кое тур шашылбай,кеч кирсин" деп койду."Кеч не болот?" деген суроону бербей эле өз ичимден "кечинде эмне болот экен" деп ойлонуп койдум да создү башка жакка буруп жибердим.Жайдын аптаптуу күндөрүнүн бири да бүтүп кеч да кирди.Ана башталды концерт.Макалда айтылгандай "Бут эле кирет,куттан дайын жок" болуп жатты.Эч кимге байкатпай санап олтуруп 32 адамды санадым.Бирок эч кандай бака-шака түшүшпөйт экен.Ар кимиси кезек кезек менен тамактанып, жуунуп анан наушникти кулактарына тыгып алып телефон чукулап жатып калышат экен.Анан чооң комнатага буттарыбызды тийиштирип жатып калдык.Ичимден: "Ой тооба ушинтип кантип жашасын?" деп ойлонуп жатып уктап кеттим.Кыздар бир тарапта,балдар бир тарапта жаткан болчук эртеси ойгонсом эле аралашып кетишиптир кее бирлери.Үсөн жумушуна кетиптир.Нургаазы байкем чай койуп анан шаарды көргөзүп келүүгө мени ээрчитип жөнөдү.Фантанга бардык,нары бастык,бери бастык.Орустардын арасында айылда жүргөндөй сүйлөшүп жүрдүк.Үйгө келе жатып магазинге кирдик.Ошто ал убакта супермаркет жок болгондуктан менин биринчи жолу киришим болчу.Кирип эле түртүп алган тележкага тапкан нерселерди салып атат,салып атат.Оюмда:" не балаа бекерби" деп коем.Унчукпай жүрө бердим эле анан чыга бериште гана акчасын төлөп пакеттерге салып чыгып кеттик.Курчап турган адамдардын баары эле жат болгондуктан эч эле көнүшө албай жаттым.Эки күндүн ичинде кайра Кыргызстанга кетким келип кетти.Үч күндөн кийин классташ балдар топтолуп учурашканы келип калышты.Айылда ыссык достордон болуп жүргөндөй учураштык.Алардын арасындагы Айбекти көрүп Жазгүлдү сагынуум дагы күчөп кеткенсиди. Бир көлөкөгө олтуруп алар алып келген "грил"ди жегенче пиво ичип жаттык.Үсөн ичпей койду негедир.Алар дагы кетишти.Үйгө кирип алып адатымча телефон чукулап жатып калдым.Убагында Жазгүлдү ойлоп жатып канчалаган ыр саптарын жазган элем.Ошолордун баарын чекеден черновектен өчүрүп жаттым.Кандай гана сонун ыр саптары эле.Азыр ойлосом бекер кылыпмын деп өкүнүп кетем.Деги эле мага жараткан ушуга окшогон:" сүрөт тартуу,ыр жазуу,ичим алоолонуп күйүп жатса да сырттан жылмайып туруу" сыяктуу өзгөчөлүктөрдү тартуу кылганы менен бирок бир ууч эт жүрөгүмдү өтө сезимтал кылып жаратып койгон болчу.Ойлонуп жатып бир окуя эсиме түшүп кетти:
Жазгүл менен сүйлөшүп,ал башканын жары боло электе үзгүлтүксүз сүрөт тартып жүрдүм.Жазгүл менин зеериккенде тарткан сүрөттөрдү көрүп калып телефонго да:"Моогу сүрөттү тартып бериңизчи,сактап жүрөйүн" деп өткөзүп берген болчу.Анда мен учурдан пайдаланып калайын деп:"Кел дагы эки үч сүрөт өткөзүп алайын,арасынан тандап эң жакшысын көчүрүп тартып берем" деп жүрүп сүрөттөрүнүн баарын өткөзүп алган элем.Сабакта олтуруп лекция жазыштын ордуна аппак кагазга анын сүрөтүн тартып жүрдүм.Канчалаган сүрөттөрдү тартып кайра бир нерсеси жакпай калып бүктөп ыргытып салаар элем.Ошентип көңүлүмө жаккан сүрөт тарта албай бир жумадай өткөзүп жибердим.Бир жолу Жазгүл экөөбүздүн кезектеги жолугуушубузда сүрөт эсине түшүп кетип:"Ырас эле сүрөтүм канакей? Же тарткыңыз келбей жатабы?" деп сулуу көздөрү менен эркелеп карап сурап калды.Анда мен:"Сенин жүзүңдөгү жагымдуулукту бузуп албайын деп тартууга кирише албай жүрөм.Анан сүрөттө сулуу болбой калсаң мага таарынып калабы деп дагы чочулап жатам да" деп жооп берип калдым тамаша аралаштырып. Анда Жазгүл жанда жок жылмайуусу менен:"Иий тартыңызчы тезиреек.Райондогу олимпиадага катышып жүргөн өзүмдүн байкемдин колунан кандай сүрөт тартылса да мен үчүн жакшы белек болот!" деп жалооруп карап калды.Эхх.... .. анын ушинтип бир нерсени суранып жалооруп караганы да өзгөчө эле."Макул, макул" деп кийинки жолугуушуга алып келип берүүмдү айттым.Ошентип ал күнкү жолугуушубузду да аягына чыгарып аны үйүнө жеткизип койуп үйгө келип сүрөт тартууга кириштим.Мен өзү бир нерсени карап гана тарта алгандыгымдан парада олтуруп дагы тетраддардын сыртындагы сүрөттөрдү тартып жүрүп бир дептерим толо сүрөт болчу.Ал тетрадды барактап олтуруп "Жоок,жок Жазгүл үчүн кагазы аппак тетрадь ачышым керек.Тиги тетраддагы зеериккенде тартылган сүрөттөрдүн катарына Жазгүлдүн сулуу жузүнүн кошулушуна жол бербейм.Жазгүл- деген менин жүрөгүмдөгү эң биринчи аруу сезимдердин ойгонуусуна себеп болгон инсан.Ошо сыңары анын жүзү жаңы тетрадга түшүш керек" деп өзүмчө күбүрөнүп алдым эртеге жаңы тетрадь сатып алып анан тартууну эп көрдүм.Кухняда олтурган элем туалетке уйкусурап кирип бараткан Бакыт угуп калган белем мен жакка баш багып:"Ээ жатпайсыңбы өзүң менен өзүң сүйлөшүп олтура бербей" деп кирип кетти "Азыр дос" деген сөзүмдү угуп.Эртеси жолдон кагазы аппак тетрадь сатып алып парада арт жакка олтуруп алып преподавательдерге билгизбей сүрөт тартып кирдим.Анан жүзүндөгү ар бир сызыкты,кашынын чийилүүсүн, көздөрүнүн формасын,эриндерин кылдаттык менен тартып кирдим.Ошентип ошол күнкү үч парада 100 пайыз окшошпосо да 70 пайыз окшоштугу бар сүрөт пайда кылдым.Жанымда олтурган Мирбек гана көрбөсө башка эч ким көргөн жок,көргөзүүнү каалабадым дагы.Жаны тынбаган Айка гана:"Не эле кылтасың эй? Келе көрөйүнчү" деп келе калганда ага көргөзбөй жаап койдум.Ошол күнү Айка тултуңдап жүрдү таарынып.Ошентип үч күндүн ичинде ал аппак тетрадка Жазгүлдүн төрт сүрөтүн түшүрдүм.Кезектеги жолугушуубузда Жазгүлгө:" Ме сенин сүрөттөрүң. Колуман келишинче тарттым.Окшошпой калган болсо ичиңден каткырып күлгүн э?" деп сунуп калдым.Тартышымды күтпөгөн кыязда Жазгүл тездик менен колумдан алды да ачып карап эле:"Оого сонун го.Асан байке унчукпай жүрүп тамшандырган өнөрлөрүңүз көп ээ?" деп барактап ар бир сүрөтүн карап жатты.Ага жакканын билип турсам да билмексен болуп:"Кандай экен? Окшошуптурбу? " деп сурап калдым.Анда козүн сүрөттөн албай карап жаткан Жазгүл менин көзүмө тигилди да:"Сонун, керемет!" деп жооп берди.Сыртымдан билгизбесем да Жазгүлгө жакканына маашырланып жыргап алдым.......
"Ошол сүрөттөрдү Жазгүл канча убак сактады экен?" деген ой кееде мееме "кылт" этип түшө калаар эле."Жаз келсе Жазгүл менен сонун күндөрдү өткөрөм" деген тилектерим да таш капты.Баарына күнөөлү "Ала качуу" салты... Сени Сүйөм жана сүйүп келем!!! ....


Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 30 Март 2014 - 04:49

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#645 Пользователь офлайн   aziko88   30 Март 2014 - 05:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

охиимй суйуу дагы деле суйсон неге курошподун экен аттин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#646 Пользователь офлайн   oooald   30 Март 2014 - 12:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 18 Февраль 12
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

просто супер! жаза беринчи бутурбой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#647 Пользователь офлайн   Jyrgal-87   30 Март 2014 - 13:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 146
  • Катталган: 24 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Мар 2015 14:27

азамат.откон кунду эстемей башталат экен да эми ээ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#648 Пользователь офлайн   kuu-1005   30 Март 2014 - 17:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Байкем регистрациямды бүтүрүп берди.Өзү евро ремонт менен иш кылат болчу.Үсөн дагы байкемден көп нерсени үйрөнүп алыптыр.Мен алар менен бир айдай жүрдүм аралашып.Бирок мага андай иштер буюрган эмес окшойт теги эле үйрөнө албай койдум.Күз дагы жакындап калды.Документке тапшырып койгон элем.Алысыраак тууган байкем "Мобильная бригада" деген бригадада бригадир экен.Ошентип магазинге товар тизип иштемей ишке кирип калдым.Ал убакта көчөдөн кыргыз көрүп калсаң сүйүнүп алаар элек (азыр эле быкпырдай кайнап кетпедиби).Чогуу иштегендердин көбү да приезжий орустар болчу.Мен универде орус группада окуп жүрүп анчалык деле кыйналган жокмун.Ошентип ал жумушка эми көнө баштаганда айылдан атамдар:" Асан эй келип окубайсыңбы. Сен бюджетте окуйсуң го окууңа барбай койсоң тез эле четтеттирип койсо керек" деп звонок кыла баштады.Байкеме баргым келбей жатканын айтсам:"Атамы жөнөт окуган жериңе.Барып сүйлөшүп келсин акча менен эле бүтүрүүгө.Менин деле окуум ошентип бүттү го" деп калды.Ошентип атамды эптеп көндүрүп анан атам барып сүйлөшүп келди.Араңдан көнүптүр атамын айтуусу боюнча.Ошентип кунүнө эрте менен туруп жумушка чыкмай.Ар жуманын этегинде акча тиет.Биринчи жолу бир жуманыкын алдым жети миң рублей.Башыма жүн чыккандан бери биринчи жолу өзүм ушунча акча иштеп тапканыма өлө сүйүндүм.Байкеме берсем ал кайра мага сунуп:"Ме мунуңду кайра алып түзүгүрөөк телефон алып алчы тиги китайскийиңди ыргытып" деп калды.Эртеси эле телефон сатып алдым да эски телефонумду катып койдум сумкама.Себеби ал телефондо Жазгүлдүн сүрөттөрү,ага арналган ырлар бар болчу.(Ошондо эле жаңы телефонума өткөзүп албай деп дагы деле өкүнүп калам.Себеби кийинчереек ал телефонумду жоготуп алдым.Күнүмдүк жумуштар менен алпурушуп жүрүп Жазгүлдү дагы унуткара баштагансыдым. Колума тийген акчамды апама жөнөтөм аларга анчалык деле зарыл эмес болсо дагы.Убакыт өтүп тиги жумуш дагы бүтүп калды кандайдыр бир себептер болуп.Анан эле кыш бүтөөрү менен бир тааныштар аркылуу торт жасалуучу фирмага кирип калдым документимдин баары жайында болгондуктан. Ал жерде кыргыздар көп иштегендиктен тез эле үйрөнүп кеттим.Ошентип иштеп жүрүп Жазгүлгө такыр окшоштугу жок Меерим деген кыз менен жакын боло баштадым.Жумушта да ал мага жардамдашып, жумуштан чогуу чыгып өзүнчө эле кыз-жигитке айлана баштадык." Башка кыздар менен сүйлөшүп көрөйүнчү" деп Жазгүлдү унутууга аракет кыла баштаган болчум.Анан ошол жердегилердин анан классташ балдардын шылдыңынан кутулуш үчүн да ушул ишке бардым.Бирок Меерим 3 айга жетпей тажата баштады.Андан кадимкидей кача баштадым.Ал дагы болбой эле мага умтулат.Анын эң жакпаган жери:"Мени аласыңбы?" деген суроо бере бергени эле.Анын ою эптеп эле мага тийип алыш экен кийин байкап көрсөм.Башында анын көңүлүн оорутпаш үчүн:"Ии ооба алам" деп жүргөнүм менен бир күнү ачык эле:"Алам бирок 3-4 жылдан кийин гана.Кечке эле ушул теманы козгой бербечи" деп айтып салдым.Ага:" Жок,эч качан сени албайм дагы,сүйө албайм дагы" деп чындыкты айтуунун ордуна "3-4 жылдан кийин гана" деп айттым.Себеби ушундай жол менен гана аны озүмдөн алыстата алат болчум.Табиятымдан кыз кишини капа кылыш колумдан келбегендиктен ушундай кадамга бардым.Меерим менин жообумду угуп өзү эле акырын менден алыстай баштады.Күндөр өтүп ал дагы башка шаарга кетип жаны тынды.Мен дагы:"Кой андан көрө жүрөгүмө жаккан кыз жолуктурмайынча өзүмдү кыстап эч ким менен сүйлөшпөй эле койойун" деп чечтим.Ошентип жай да келди.Окшош күндөр уланып жай бүтүп күз да келди.Бешинчи курс болгондуктан атам сентябрь кириши менен эле тынымсыз чалып менин окуумду улантуумду кайталап айтып жатты.Бир жылы Жазгүл тууралуу эч кимден сураштырган да жокмун ал жөнүндө ойлобоого да аракет кылып жүрдүм эле.Бирок Кыргызстанга кетүүм керек болгондуктан биринчи кезекте эле Жазгүл эсиме түштү.Аны көргүм келип жатканымды мойунга албай жаткансыдым. Жүрөгүм Кыргызстанга жетелеп туруп алганынан айла жок кетүүнү туура көрдүм.Анын үстүнө дкументимдин мөөнөтү да аяктап калган болчу.Ошентип кызыксыз бир жылым өтүп кайра эле Кыргызстанга сапар салдым.Туулуп өскөн жерим көзүмө ушунчалык жылуу көрүнду.Москванын тыгын элдеринен,жагымсыз жытынан тажап калган мен Бишкекке келип эле таза абадан кере-кере жутуп алганым эч эсимден кетпейт.Бишкекте бир күн туруп эле Ошко жөнөдүм.Ошко жакындаган сайын Жазгүлдүн капкара тунук көздөрү көзүмө көрүнө баштады.Оюмда: "Эмне болуп баратам.Жазгүл бактылуу бекен иши кылып" деген түпөйүл ойлор.Айылга түн ортосу кирип бардым.Айлана жымжыр,айылдын эли татту уйкуда.Келип эле:"Ойготпой эле койойун эч кимди.Эртеге учурашам" деп дабышымды чыгарбай кирип баратсам жүрөгу сезсе керек апам ойгонуп калды.Артынан атам ойгонду.Мени көрүп чооң жигит болуп калсам да бетимден чоп эткизе өбүп,башыма суу тегеретип кубанычы койнуна батпай сүйүнүп тосуп алышты."Эс ала гой чарчасаң керек эртеге сүйлөшөбуз" деп мага төшөк салып берип өзүлөрү да кирип кетишти.Түнкү саат төрт.Денем жер тартып ушунчалык уйкум келип турса да Жазгүл тууралуу ойлор жашырынып турган жеринен чубалжып чыгышып эс алуума тоскоол боло баштады.Таңга жуук гана көзүм илинип кетти.....
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#649 Пользователь офлайн   lo_ove_allaha   30 Март 2014 - 18:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 199
  • Катталган: 08 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 00:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан г. Бишкек

Анан Жазгул эже тынч эле жашап жаткан бекен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#650 Пользователь офлайн   dinaro4ka   30 Март 2014 - 20:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 81
  • Катталган: 03 Февраль 12
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2023 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

уландысын чыдамсыздык мн кутобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#651 Пользователь офлайн   lazygirl   30 Март 2014 - 22:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Суйуунуз аябай кучтуу экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#652 Пользователь офлайн   Gulnazi   30 Март 2014 - 22:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 861
  • Катталган: 06 Апрель 11
  • Соңку аракети: 07 Сен 2020 11:07
  • Жынысы:Белгисиз

Сиздин суйуунуз кучтуу экен, канча жыл отсо да ар бир деталга чейин билет экенсиз, ылайым пешененизге Жазгулдой кыз жазылсын, бирок Жазгулго эчким окшошпойт, андан кичине жакшысын табыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#653 Пользователь офлайн   SaIixa   30 Март 2014 - 22:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 10 Март 14
  • Соңку аракети: 30 Июл 2019 13:35
  • Жынысы:Аялзаты

Азамат Асан! Аябай жеткиликтуу жазат экенсин, ошол мезгилдерде сенин жанында жургондой эле болуп жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#654 Пользователь офлайн   kuu-1005   30 Март 2014 - 23:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Эртеси апамдар үйгө кошуналарды чайга чакырып калды.Анын эртеси досторду Өзгөнгө ашка алпарып келдим (Бул бизде как салтка айланып калган).Эптеп эле Жазгүлдү эстебөөнүн жолун кылып жаттым.Бирок араң үч күн чыдадым окшойт үчүнчү күнү дагы Жазгүлдүн үйу тарабына жөнөдүм.Акыл: "Укпай эле койчу тиги ээн баш жүрөгүңдү.Жазгүлдү кое бер!!! Андан көрө башка адамды издегенге аракет кылсаң боло" деп жатты ал эми жүрөгүм:" Сураныч Жазгүлдүн элесин бир көргөзчү.Анын сулуу коздөрүнө бир тойгозчу.Кыйнабачы мени" деп акыл менен жүрөк тирешип жаткансыды. Баари бир сүйүү жатында жүрөк күчтүүрөк кылат окшойт мен жүрөгүмдү угуп анын үйүнүн жанындагы дөбөгө келип олтуруп калдым.Жазгүлдү көрө албасымды сезсем да 3-4 сааттай олтурдум." Эхх жүрөгүм жүрөгүм качан унутасың Жазгүлдү.Түшүнсөң боло теги.Ал деген эми мага мурдагыдай жылмайа албайт,себеби анын күйөөсү бар.Андан көрө аны унутканга жардам берчи" деп күбүрөнүп олтура бердим.Үйгө башымды шылкыйтып басып келип жатып алдым.Тагдырыма нааразымын. Тагдырыма Жазгүлдү кошуп койгон жаратканыма -нааразымын. Мейли бул күндөр да өтүп мен дагы жүрөгүмдүн жарымын жолуктураармын. ....
---Эртеси эрте менен Ошко жөнөдүм.Байкемдин үйүнө жүктөрүмдү таштап койуп эле универге жөнөдүм.Пара болуп жаткан убакта келдим.Аудиториялардын эшиги айнектен болгондуктан ичиндегилер сырттагыларга, ичиндегилерге сырттагылар көрүнүп турар.Группамды таап ичкери кирбей эле карап турдум кимдер бар экен деп.Ар нерсени көз жаздымдан кетирбеген Айка байкап калып шарт эле сыртка атып чыкты.Мени карап:
-Асан сенсиңби? Кандайсың? Бутун кантип калды?-десе болобу.
-Менмин.Жакшы рахмат.Өзүңөр кантип жатасыңар.Бутум мурдагыдай эле,эмнеге сурап калдың бутум тууралуу?-деп мен турам түшүнбөгөн кыязда.
-Сени бутунан операция болуп Бишкекте даарыланып жатат экен деп айтышты го.Жата берип шишип кеткен окшойсуң ээ? (Бир аз семирип алдым эле)- деп кайдагы имиштерди айтып оозумду ачырып жатты.Ошентип сүйлөшүп турганда сабак да бүтүп башкалары дагы чыгып баары эле кучакташып учурашып "бутум" тууралуу сурап жатышты." Булар бул сөздү кайдан угуп жүрүшөт.Кудай сактасын бут оорудан" деп мен ойлонуп коем.Аларды жылмайып карап:
-Кудай сактасын операциядан. Мен Россияда жүрүп келдим бир жыл - десем гана тынчтанып калгансыды. Көрсө эскичил атам "бюджетте окуп жатып иштегени кетип калыптыр" деп группалаштары атаандашат деп мени окуумду бүтүрүп жаткан агайга ошентип айтып койуптур.Окуумду бүтурүп жаткан завкафедрага жолугуп колуна бир аз акча карматып рахматымды айтып зачеткамды алдым да группалаштар менен жакыныраак жердеги кафеге барып олтуруп калдык.Гүлпери көрүнбөгөнүнөн сурасам анын да турмушка чыгып кеткенин айтып калышты.Бакыт ал күнү келбей калгандыктан Мирбек экөөбүз жалгыз калдык тигилер менен коштошуп.Ошондо Мирбек:"Качан үйлөнөсүң досум?" деп сурап калганынан ага:"Убакты сааты чыкпай жатпайбы.Үйлөнүш керек эле" деп жооп бердим.Жообумду угуп турган Мирбек сынаган көзү менен мага карап:"Өткөн жылы Жазгүлдү анда-санда көрүп жүрдүм.Бир жолу күйөөсү менен жүргөн окшойт жанында бирөө жүрүптүр.Колдон бекер чыгардың да ошол аяшти.Жоолук жарашып сонун келин болуптур." деп жүрөгүмдүн жарасын дагы козгоп жиберсе болобу жубарымбек. "Болду дос аны эстетпечи сураныч.Тагдыр мага буюрбаптыр" деп терең үшкүрүп олтуруп калдым.Ичинен "бекер эле эстеттим" деди окшойт башка темага создү буруп кетти.Ошол окуядан кийин Мирбек Жазгул тууралуу эч сүйлөбөдү.Ажи кыз кыялы бар Бакыт гана кээде алжактап Жазгүлдү эстеттире берет болчу.Ал жылы да жеңемдин:" Кой квартирага чыгып не кыласың,биздикинде эле жашай бер" деп айтса болбой бир жыл мурун окууга тапшырган классташ бала анан Мирбек болуп бир квартирада жашап калдык.Ошентип акыркы окуу жылым уланып жатты.Мен,Бакыт, Мирбек,анан дагы бир Замир деген төрт бала болуп башкалардан айырмаланып бешинчи курста жалаң классический кийимге басым жасап калдык.Айка дагы башка группанын кыздарына:" Көрдүңбү менин группалаштарымды" деп мактанып калаар эле.Төртөөбүз ар дайым окшошуп чогуу жүрөр элек.Бизди кее бирлери "Бригада" деп айтып калышаар эле.Менин боюм эң кичине болгондуктан мен Саша Белыймын)).Ар дайым Жазгул окуган жерден өтүп бара жатканда карабайын десем башым бурулуп кетчү эле.Жаман көргөн кыш дагы бүтүп жаз кирип келди.Жазгүлдү канчалык аракет кылсам да унута албай койдум.Достор шылдыңдаса да кыз жандабай жалгыз жүрө бердим.Ордолуу Оштун көркүн ачкан Сулайман тоо да Жазгул экөөбүздүн жолугуушубузга күбө болгондуктан ал тоого ар дайым чыкканда мени Жазгүл тууралуу ойлор курчап алаар эле.

Бир жолу Жазгүлдүн суукка карабай менин сунушума макул болуп тоого чыгып бергенине мен ошондо жетине албай сүйүнүп алган элем.Бирин серин бизге окшогон элдердей болуп тепкич менен биз дагы улам улам эс алып чыгып барганбыз.Суукка Жазгүлдүн бети кызарып,колдору үшүп калган болчу.Утур-утур эле үйлөйт эле үйлөйт."Кой антип үйлөбө.Үйлөгөн сайын манжаларың кайра үшүбөйбү" деп айтсам болбой:"Үшүп жатпайбы амей" деп үйлөй берди.Акыры анын колун колума алдым да ушалап жылытып бергеним дале көз алдымда.Ошондо тамашакөй Жазгүлүм:" Ой колдоруңуз мынча ыссык.Эмне ичиңизде печкаңыз барбы" деп тийишип алган болчу.Билбейм мен негедир Жазгүлдүн жанында үшүй бербейт элем.Бир аз жогоруда шаарды карап турганбыз анан биротоло ушүп калбайлы деп ылдый түшүп келгенбиз .
Сулайман тоого ар бир чыкканымда Жазгул экөөбүз баскан жерлер,сүйлөшкөн сөздөр эсиме түшө берет болчу.Акыркы күндөрдө Жазгүл менин жөн эле ойлорума айлана баштады.Мурдагыдай аны көргүм келбей жөн гана ал менен өткөн күндөрдү кээде эстей турган болуп калдым.Эгер ошондо жолумдан чыкпай койгондо биротоло унутаар белем аттиң....
---Ал күнү апрельдин салкын күндөрүнүн бир болчу.Адаттагыдай Мирбек экөөбүз үй тарапка кетип бараткан болчук.Мирбек базардан бир нерсе алып алайын дегенинен жөө жөнөдүк эле.Экөөбүз тең кычырап кастюм шым,галстукчанбыз. Бир нерселерди айтып каткырып бара жаттык.Эхх жүрөгүмө эми эле шаң аралап баштаганда неге жолуктуң экен.Алдымды карап Мирбек менен сүйлөшүп бара жатып эле көзүмө тее алыстан бир тааныш адам көрүндү.Жазгүлдү заочно окуп жатат деп уккандыгымдан аны көрөм деп үч уктасам түшүмө кирбеген эле.Ал мага тааныш жүз да мени карап келе жатты.Жакыныраак келгенде гана Жазгүл экенин тааныдым.Жүрөгүм анын бактылуу жүзүн көрүп туйлап кетти.Бир аз толуп алыптыр.Жалгыз экен жакын келип эле эч нерсе болбогондой:
-Оо Асан байке кандайсыз? (жылмайып)
-Ой рахмат жакшыдай элемин го.Өзүң кандайсың? Ден соолугуң жакшыбы? Жүрү тигиндей кирип кеңири сүйлөшөлү-деп жакынкы кафени көргөздүм (Мен дагы жылмайганга аракет кылып).Мирбек баарын түшүндү да көз ымдашып коштошуп кетип калды.
-Мммейли. .. Жакшымын рахмат.Өзүңүз? Сизди Ошто деп Айбек байкем айтты эле-деп айтып калды кафеге кирип баратып (Ичимден:" Ии анда мени дагы деле унута элек экен да" деп сүйүнүп алдым).Толуп алыпсыз го Москва жаккан окшойт ээ?-
-Мм жакты окшойт.Сүйлө анан.Окууларың кантип атат?Келин болуу кандай экен? (столдордон орун алганча).
-Заочныйга өтүп алгам.Кечее келдим эле агайлар чакырттырганынан. Келин болуу башында кыйын экен.Кийинчереек гана көнүп кеттим (Создөрүнөн эле билинип турду кыйынчылык менен көнгөнү).
-Мм жакшы.Күйөө бала неге сени менен келген жок Ошко? (күйөө бала деген сөздү жиним менен айттым).
-Аа күйөө балаңыз төрт ай болду Казакстанга кеткенине.Өзүңүз качан мени жеңелүү кыласыз? (Эмне максат менен берди экен ушул суроону дале түшүнбөйм).
-Сендей кыз таба албай жатпаймбы.Тапсам эле үйлөнмөкмүн (муңдуу)....... .... Өзүң бактылуусуңбу? (бере албай жаткан суроону акыры бердим)
-Кандай дейс? (Укпай калган кыязда жооп бериштен качып жаткансыды). Тамагымды кыра жөтөлүп алдым да:
-Бактылуусуңбу дейм? (таарынган түрдө муңайып коздөрүнө тике карап туруп алдым).
-Ммм эми кандай десем.Күйөөм кээде ичет,чегет, мага кол көтөрө элек.Түнт,көп сүйлөбөгөн адам.Кээде зееригип да кетем ал жанымда жүрсө да.Бактылуудай элемин.Пешенеме ушундай жазылган экен айла жок моюн сундум (көзүмө карай албай ылдый карап айтып жатты).Ушундай кыздан айрылганыма жүрөгүм тилинип жан дүйнөм ыйлап жатты.Бирок болгон күчүм менен жылмайууга аракет кылып:
-Мм сен бактылуу болсоң мен дагы бактылуумун (ортобузду бир аз жымжырттык ээледи).Бир аз толуп алыпсың боюңда барбы не?
-Жоок кайдаан.Боюмда болбой жатат негедир... (уялыңкы).
-Мм болуп калаар...
-Мм рахмат... (күнөөсү бар адамдай көзүмө тике карай албай жаткансыды)
Мен анын чырайына тойбой карап тура бердим.Заказ кылган тамагыбыз келип ичип олтурдук.Ал уялып ооз тийип эле койгону болбосо жакшы деле ичпеди.Өткөн күндөрдү эстегибиз келбегендей экөөбүз тең ал күндөр тууралуу сөз баштай албай олтурдук.Утур утур "барайын" дегендей кылып телефонун карап жатты.Акыры:
-Койуңуз мен барайын (көздөрүмө карап менин уруксатымсыз кете албагандай).
-Макул.Жеткизип койойун десем баари бир каршы болсоң керек ээ? (мыйыгымдан күлүп)
-Койуң бирөө жарым көрүп калса уят.Сураныч мени унутканга аракет кылыңыз,баары өттү кетти.Үйлөнүңүз тезиреек (Мени менен акыркы жолу көрүшүп жаткандай)
Унчукпай эшикке чыктык.Күүгүм кирип калыптыр.Аялдамага келип анын үйүнө кетчү маршрутту күтүп туруп калдык.Мен мындан ары мындай болуп жолуга албашымды сездим да болгон күчүмдү жыйнап:
-Жазгүл ачыгын айтчы мен сенин жашооңдо кандай роль ойнодум? Мен сенин көңүлүңдүн чордонунан орун ала алдымбы же жокпу?
-Асан байке эми аны билиштин маңызы деле жок го деп ойлойм.(көздөрүмө карап)
-Бар мен үчүн.Мен болгону билгим келет.
Жазгүл "Кандай кылып айтсам экен" дегендей бир аз ойлонуп турду да анан мени карап:
-Сизди жактырып жүрдүм бирок сүйүп калгандыгымды мени ала качып кеткен күнү гана сездим.Унута албай ичимден сыгылып кыйналып жүрдүм.Эми азыр күйөм бар,сиз да...... деп жатканында колунан кармап өзүмө тарттым да ыссык эриндеринен өөп баштадым.Бир аз каршылык көргөзүмүш болуп жатып ал дагы өбүшүп кетти.Ал жерде тургандардан уялып койбой өбушүп жаттык эзилишип.Эхх анын жумшак,назик. ыссык эриндери делебемди козгоп жатты.Бир аздан кийин гана эми өзүнө келгендей Жазгүл кучагымдан булкунуп чыкты да мага сүйлөп да койбой нары басып кетти.Артынан даап барып "Кечирим" сураганга кудуретим жетпеди.Анан эле келип калган маршруткага олтурду да кетип калды.....

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#655 Пользователь офлайн   street   31 Март 2014 - 00:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 16 Авг 2020 02:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ыйлаттынызго Асан байкеси,сиздей суйууго бек адамдарга "таазим" ,азыр бактылуусузбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#656 Пользователь офлайн   Janyla   31 Март 2014 - 00:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Айтынызчы,аягында Жазгул менен каласпы?Ошентип бутурунузчу, суйушкондор ажырабасынчы, эч бир суйуу армандуу болбосунчу. ..жалан ушундай окуйм деп журогум ооруп жатат :79: :79: :79:

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 31 Март 2014 - 00:23

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#657 Пользователь офлайн   oooald   31 Март 2014 - 00:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 18 Февраль 12
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

жазынчы коптон сонун жерине келди окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#658 Пользователь офлайн   Aikoo2014   31 Март 2014 - 01:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Ушунчалык суйууго бекем, аны таза тунук журогуно сактап жургонуно аябай суктандым. Автор бактылуу кунго жетчи сенда,сага кошулуп менда кыйналып кеттим ай.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#659 Пользователь офлайн   aziko88   31 Март 2014 - 01:10

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

автор эх журогум ооруп суйунуп кеттим жок легенде ооп алыпсын ал да сени суйгон экенда байкуш
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#660 Пользователь офлайн   lazygirl   31 Март 2014 - 01:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Жакшы ооп алыптырсыз:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Сен 2025 23:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: