Салам! мени ойлондурган нерсе, мен куйомдун экинчи аялымын. Анын биринчи аялы тороттон каза болгон анан баласы бар 'ал тайнесинде.
э-Эми мурунку аялы мн 4 жыл кыз жигит болуп уйлонушот.2 жылдан ашык жашайт.ошондо 6 жыл. Мен жаны келин болуп келгенде уйдо экоонун суроттору толтура экен' анан мен баарын орттоп таштадым'
.-Кийин айттым анын жонундо айтпа да укпаиън да деп'. ошо ошол болду.ошол бойдон ал суйлогон эмес ал жонундо. бирок, кайненем айтып калат жамандап аны, жана менден чон абысыным'
.ЭМИ эгиз балдардуу болдук. дагы боюмда бар 31 жума болдук'....
?...........А Мен ойлойм да ошонусун эстесе керек мени мн салыштырса керек депчи, не болсо да 4 жыл кыз жигит болуп 2 жылдан ашык жашашты и еще баласъ бар андан ошого ким кандай ойлойт ? эркектер жооп бергилечи? мени ушундай ойлор каптай берет.
"Каза болгон аялын эстеп, мени менен салыштырса керек" деп ойлой берем
#2 30 March 2014 - 00:35
Оа, ошентип ойловойт деп айтып болбойт
бирок сен кайгырбагын
аялдык милдетинди актар
Шарыятта аялы куйоосуно жагынышы керекко.....
бирок сен кайгырбагын
аялдык милдетинди актар
Шарыятта аялы куйоосуно жагынышы керекко.....
#3 30 March 2014 - 00:38
4 жыл суйлошуп, 2 жыл жашаганы менен "ал адам жок нерсе..." (тообо кылдым)
Айтайын дегеним, ал жонундо ойлоп сагынышы мумкун, бирок сени, балдарын таштап анын аркасынан кеталбайтго. ..
Башыны катырбай конулун алып, жакшы жашоого умтулаберда. ..
Баары эле ойлойт каза болуп кеткенде гана эмес, жонгана ажырашып кеткендеда эстейт. Адамдын оюна башка адам тоскоол болалбайтго дейм. Баарын унуттуруш озуно байланыштуу.

Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#4 30 March 2014 - 00:42
Аны ойлойбу, ойлобойбу эми айырмасы жок экен. Андай нерсени ойлобой ичиниздеги кичинекейди ойлосонуз пайдалуураак.
Балким сиз андан артыктырсыз.
Жакшы ойлорду ойлоп журунуз.
#6 30 March 2014 - 00:51
Все думают только о себе! 
Автор, мынча өзүмчүл болбосоңуз!
Эч болбосо арбагын урматтаңыз да.
Сүрөт эмне, күйөөңүздү тартып алмак беле?
Жамандыр жакшыдыр күйөөңүздүн жашоо тарыхында ошол адам бар, аны "удалить" баскычын басып өчүрө албайсыз!
Албетте, эстейт, салыштырат. .! (пендебиз го акыры).
Күйөөңүз сизди башка менен салыштырбагыдай сапатка ээ болууга аракет кылыңыз да...
Туура түшүнөөрсүз. .
Бактылуулук тилейм..!

В каждой шутке есть доля правды...
#7 30 March 2014 - 00:55
Бисмилла деп баштайын . Адам баласына шайтан ачыктан ачык душман деп Куранда АЛЛАХ озу айтып жатат. Ошол шайтандын 6 туру болот ,ошолордун бироосу ардайым уйбулоого иштейт аты Азаазиль. Анын максаты куйо м.н аялды уруштуруп арасына кумондуу ойлорду салып уй булону талкалоо . Сиз эч качан андай кумонду жаман ойлорго азгырылбаныз.
Ал шайтан акырыын келип сиздин кулагынызга шыбырайт "эй сенин куйоон соо эмес, ал сени суйбойт ал мурункусун суйот сенде конулу жок" деп ушуга окшогон кандай гана жаман ойлорду алып келет. Сиз ошондо АЬУУЗУ БИЛЛААХИ МИННАШАЙТООННИР РОЖИИМ деп айтып Аллахты коп коп зикир кылыныз. Ошондо бардык жашоонуз орду ордуна тушуп калат. ИншАллах!
Калган беш шайтандын кызматын да айтып отомго буйруса башка темаларда. Уй булонузду бекем сактаныз !
#8 30 March 2014 - 01:04
А эмне кооптоносуз,
каза болуп калган аялын ойлойт деп. Мейли ойлосун, ойлогону жакшы, арбакты эстеп куран тушуруп турат. Сообу чон , аны жакшы билесиз. Эгер тируу болсо, ойлонсонуз болмок,мурункусун ээрчип кетип калса кантем деп. Маркумду мин ойлоп, азапка батсада аны тирилте албайт, ал деген жок, бул ааламды алты кыдырсада таппайт. Суротторун эмне айрып саласыз? Эмне орттоп саласыз? Сурот байкушта эмне куноо, сизден нан сурабагандан кийин, суу сурабагандан кийин. Суротту ортоп салсам эле,жолдошумдун откон жашоосун, откон тарыхын кошо орттоп салам деп ойлодунузбу?
Эч качан, эч качан анте албайсыз!
Анткени кундошунузду эске салып турчуу ортодо жазыксыз наристе бар экен. Аны кантесиз? Аныда орттоп салса болобу? Откон жашоо отту, кетти, аны эч ким озгорто албайт. Суротту ортоп мурункунун баарын чийип салса боло турган болсо, кырк биринчи жылдагы согуштуда жок кылып салмак тарыхтан, кечээги качып кеткен ажоолорубуздуда тарыхтан чийип салышмак суротторун орттоп)).
Апамдын синдиси бар эле, оорудан каза болду. Алда сиз сыяктуу экинчи аялы болуп турмушка чыккан. Бирок жездемдин мурунку жубайы тируу, жон гана ажырашып кетишкен,ортодо эки баласы жездемде калган. Эжем экоонутен огойсунтпой багып чонойтту.
Бир жолу уйуно бардым, альбомдорун барактап олтуруп, супсулуу татынакай аялга козум тушту. Эжемден :
-бул ким?,-деп сурасам ,
-кундошум !,-деп жылмайды. Ал аялдын суроту дээрлик бир альбомдун жарымысы. Аябай тан калдым,
- муну эмне алып журосуз, жок кылып салбайсызбы ?!,-десем
-Суротто не айып, ортодо балдары бар, жаманбы, жакшыбы энеси,сагынганда барактап коруп турушсун,озу балдарым деп кабар албаганы менен,баарибир кутушот,-дегенде аябай тан калгам. Кундошунун суротторун ыргытпай, жоготпой оздорунун суротторуно катарлаш коюп койгонун. Мындай нерсен чанда гана аял кылат. Мен коргондон,тааныгандан бардык айымдар жок кылганга ашыгат.Ушундай айколдугунон, пейилинин кенендигинен кудайым эрте алып кеттиго
.
А сиз каза болуп, соогу алда качан сопот болгон арбактан жолдошунузду кызганып жатасыз. Эч ойлонбонуз, жолдошунуз аны ойлогон менен жанында сиз барсыз, эгиз уулдары бар, а силер тируусунор, жана азыркы жашоосунун озогун силер тузосунор. Андан коро, атын угузба, ал жонундо айтпа деп суйгонунуздун маанайын тушурбостон, кел маркум жубайына куран окуп кой, бизден ыраазы болсун, десениз утуш сиздики. Сизге болгон сый-урматы жогорулайт. Уйбулоонуздун бекемдиги артат.
Адашпасам , мурда да бир тема ачкансызбы автор, жолдошунузга тийгенге чейинки окуяларды баяндап?!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 30 March 2014 - 01:18
Сиз шылтоо таппай тургансып эле сезилип атасыз Андан коро куйоонуз башка аялга кетпей атканына суйунуз мурунку баласын оз баланыздай корунуз бешенесинен сыланыз озунузго жакшы Сиз менен татыктуу жашап атабы сизда ага татыктуу болунуз айтайын дегеним жаман нерселерге азгырылбаныз
#11 30 March 2014 - 01:20
Салам автор!Ойлосо ойлойтда,ал адам куйоонуздун эсинде кана калдыда... Аздыр коптур никелуу жашашыптыр,
ортолорунда ак никеден торолгон бала бар экен,канчалаган жакшы кундор отту...Экинчи ошонун жонундо укпайын дебей арбагына арнап куран окуп тургула,арбагы ыраазы болсун.
Ооба баары акылдуу...
#12 30 March 2014 - 01:25
Салам автор!Ойлосо ойлойтда,ал адам куйоонуздун эсинде кана калдыда... Аздыр коптур никелуу жашашыптыр,
ортолорунда ак никеден торолгон бала бар экен,канчалаган жакшы кундор отту...Экинчи ошонун жонундо укпайын дебей арбагына арнап куран окуп тургула,арбагы ыраазы болсун.
Арбак ыраазы болсун дегениниз туура эмес ширкке жатат тообо кылыныз
#13 30 March 2014 - 01:40
"Ошонусун"
дейсиз го тим эле.. Ал каза болсо эмнеге ойлоносуз?!
Кызык ээ адамзат. Куйонуз жанынызда,сиз менен го? Биринчи аялы тируу болсо бир жон.
Баласын батырбай койгон белениз? Созунуздон жакшы жагынызды таба албадым..
Баласын батырбай койгон белениз? Созунуздон жакшы жагынызды таба албадым..
#14 30 March 2014 - 01:47
Автор сизге тан калып жатам! Мурунку жубайы ..бул дуйнодо барбы? Жокпу? Кандай айырмасы бар айтсаныз!
!! Баарыбир "биринчи"
нерсе эстен кетпейт эстен чыгарбаныз!
И "тем более"каза болуп калган бул дуйнодо жок адамдан кызганганынызга"
жол болсун"андай экен башында тийип жатканда ойлонуш к.к болчу!!!
Сиздики туура эмес.
#15 30 March 2014 - 01:51
Куру бекер,керексиз ойлордун кереги жок. Андан коро курсактагы баланызды аман эсен дуйного алып келууну ойлонуз...откон кундор артта калган,мумкун убагында абдан оор кечкендир жолдошунуз учун. Андыктан озумчулдук сапатты ары коюп,биринчи аялынын ордуна,жолдошунуздун ордуна озунузду да коюп корунузчу...
кандай болосуз...?!
Эмнеси болсо да аман эсен коз жарып алыныз.
#16 30 March 2014 - 02:40
Акылдуу жакшы аял болом десениз ошол баласына жакшы мамиле кылып караныз сообу аябай чон,апасы каза болуп калган болсо ичинен кыйналса керек.
#17 30 March 2014 - 02:47
Мин чан салып,мин суротторду айрысаныз да жолдошунуздун кимди ойлоп жатканын биле албайсыз.Билген кундо да анын оюн башкарууга сиздин акыныз жок.Ким эмнени ойлойт ал анын оз укугу.Кундошумду кайненем,абысыным жамандады дейсиз,жамандаса эле сиз да акылы кыска адамдын ишин кылбай,тескерисинче кундошунузго куран тушуруп,аны эскерип койсонуз сизге канча сооп жазылат.Жамандагандар жамандай беришсин азабын оздору тартышат,сиз акылдуулук кылыныз.
Бирок сизге откон менен жашабан деп кенеш берет элем.Артты да кылчайып карай берсениз бир кун чалынасыз.Андан коро жарыкка келе элек баланызды ойлоп азыртадан тарбия берууго ашыгыныз.Куйоонуздун биринчи никесинен калган баланы да уй-булонузго кошуп,огойсунтпой мээрим токсонуз акыбетин карыганда коросуз.

#18 30 March 2014 - 02:55
Avtor kaza bolgon murdaky ayalynan kyzganbai ele koyunuz.Sebebi al adam jok bul düinödö.Arbagyn syilap keede üidön jyt 4ygaryp,kuran okutup tursanyz,joldoshunuzdun sizge bolgon süyüüsü ogo beter kü4 alat dep oiloim.Adamger4iliktüü bolunuz.Büt nerse sizdin gana kolunuzda.
#19 30 March 2014 - 03:00
айткандардын баарына кошулам,жетимдин башын сыласан ото чон сооп болот беш кундук омурдо жакшы,сооп иштерди жасаганга аракет кылсак кандай жакшы,ичиндеги жаман ойлордон арылып,жалан жакшы нерселер жонундо ойло,эсен аман тороп ал.
#20 30 March 2014 - 03:01
Чындыгында окуп алып тан калдым сизге,олгон адамдан да кызганган кандай жансыз деги.Менимче,
эгоист окшойсузго,
болбосо ошол олгон аялынын суротторун ортоого кантип дитиниз барды ,атын айтпа ,укпайын дей берсениз ,бул кетишинизде куйоонузду жоготуп аласызбы деп корком.Суротторго ошончолук болупсузго,
анда баласына боор беруунузго бир аз кумонум бар.Канткен кундода болбогон бир кызганычты деп куйоонуздун конулун оорутпаныз,
мурунку турмушун суротторду айруу,атын укпоо менен эстетпоону аракет кылсанызда,
баари бир журогунон жок кыла албайсыз.Ошондуктан ,бугунку кун менен жашаныз,жогоруда момун жигит айткандай шайтанга эрк бербей,кайдагы бир будомук ойлорду ойлобостон пейилинизди кенен кылыныз деер элем.Ал эми олгон аялына куран тушуруп турсаныз сизге эсепсиз сооптор жазылат.

Супер-Инфо
super.kg
видео