Цитата
Мамлекетибиздеги азыркы саясий абалга сиздин оюнуз кандай?
Оор суроо экен... Муну депутаттарыбызга, же тобосу корунгон саясатчыларга даректесениз болмок. А мен болсом карапайым адам катары...акыркы жылдардагы окуялардан улам саясатка апатия болуп калгам. Байкап журсонор керек, депутаттыкка деле, окмотко деле жалан капчыктары калындар келип атат. Мумкун, эл тууралуу кам коро билиш учун адегенде озунду толук камсыз кыла билишин да керектир...а мумкун жыйнаган байлыкты андан да кобойтуп, чачпай-токпой сактап калуунун эн ишенимдуу жолу-бийликке жетуудур.
Бирок, копчулук элдин саясат менен иши болбогондугу бийлик кумарпоздору учун ондой берди болуп жаткандыгы окундурот...