Апамдар орус класска беребиз десе, орус болуп калам деп, ыйлап болбой койгон экенмин.
Эң биринчи мугалимим Тотуй деген эже болчу. Жаш, кара торусунан келген, аябай назик сүйлөп, эч кимди урушчу эмес. Баарыбыз жакшы көрчүбүз. Эсимде бир жолу ооруп бир жума келбей калып, кийин келгенде баарыбыз чуркап барып кучактаганбыз.
Ал эжейибиз мектептен кетем деп, ордуна Карамат деген эже келген. Өлө стерва болчу. Указка менен гана иштечү да. Бирөө жарым жинине тийсе, шак эле дей түшчү.
Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 06 Апрель 2014 - 11:44