"Дубаланган келин" Бердикожо Бийназаров
#1 04 April 2014 - 17:35
Дубаланган келин
"Дубаланган келин" - Бердикожо Бийназаровду келечектүү калемгер катары кыргыз журтчулугуна адеп тааныткан чыгармасы. Элибиздин окурман журтчулугу повесттин гезит-журналдык варианты менен жакшы тааныш. Мында азыркы жаштардын алдындагы сүйүү, үй-бүлө куруу маселелери жана буга байланыштуу бир келиндин аянычтуу тагдыры, акыры келип өз теңине кошулганы тууралуу сөз болот. Көпчүлүктүн суроо-талаптарынан улам повесть өзүнчө китеп болуп басылып чыгып отурат.
Китепке ошондой эле жакынкы эле мезгилдин мисалынан алынган аңгеме, болмуш, өткөндөгү тарыхыбызга байланыштуу даректүү баян киргизилди.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#2 04 April 2014 - 17:36
* * *
Аида таң атпай туруп, күндөгү адатынча эшиктин алдын шыпырып жатып, өзүнчө ойго батты: "Эмне үчүн биздин айылда келиндер таң атпай туруп алып эшиктин алдын шыпырбайт, бул жактын ушунусу жаман экен. Мейли, көнүп да калдым, мынча болгондон кийин баарына чыдаш керек. Буйрукка баш ийбеске чара барбы?.." Ою менен алек болуп жатып, короону шыпырып бүткөнүн да билбей калды.
Күндө ушу: таң эртеңден күн батканга чейин жаны тынбайт. Илгеркилер айткандай, "оту менен кирип, күлү менен чыкмай". Таң үрүл-бүрүлдө туруп, кайнатасына дааратка суу даярдайт. Кайнатасы: "О, Алла! Ушунуңа шүгүр! Дагы бир таңды көргөнгө насип кылыпсың" , - деп ыраазы боло өзү менен өзү сүйлөшүп отуруп даарат алат да, намаз окуганы кирип кетет. Аида короого суу чачып кирет. Буга аны кайненеси Айымкан үйрөткөн. Суу тобурсуй түшкөндөн кийин зымылдатып таптаза кылып шыпыруу керек. Андан соң уй саап, сааркы чайдын камын көрмөй.
Чай кайнаган маалда күйөөсү Равшан керилип араң төшөктөн турат. Көбүнчө Айымкан: "О, жарыбагыр, күн шашке болду. Алла Таала ырыскыны саарлап чачат. Тур, таң атканча жылкы кайтарсаң да!" - деп жаш аялмет уулун ойготот. Бардык эле кайненелердей ушу күндөрдө Айымкан келин жумшоонун кызыгында. Андан да уулунун аялына жардам беришине тыюу салып койгону өзүнчө. Бир жолу Равшан Аидага жардам берип, жуулган кирдин суусун төгүп келгенин көрүп, уулун катуу урушкан эле:
- Эмне сен аялдын жумушун жасап жатасың? Эмитеден аялыңдын ишин жасасаң, кийин ички кийимин жууп берип каласың го. Мунун деле күйүмчүлүн кара, экинчи күндүз аялыңдын жанына жакын басып барганыңды көрбөйүн! - деп бир топ опурулгандан кийин Равшан күндүз келинчеги Аиданын жанына жакын жолобойт. Кечинде элдин баары жаткандан кийин Аида акырын басып келип көшөгөгө киргенде гана экөө бири-бирине жакын жолобосо, башка убакта экөө бейтааныштай. Карыганда кишиден уйку качат деген чын белем, кээде кайненеси түндүн бир оокумуна чейин отура берет. Качан бутундагы эски маасыны чечип, бурчка ыргытканда гана Аида: "И-йи, эми жатмай болду го", - деп жеңилдене үшкүрөт да, өзү да жатууга кам урат.
Канчалык кеч жатса да, эрте туруп эшиктин алдын шыпыруу - мойнундагы милдети. Аида келин болуп келген он беш күнгө жетпеген убакыттын ичинде аябай чарчады, жумуш жасагандан тажады. "Армиядагы жаңы барган "духтай" болуп тынбай кызмат кылып атат, азамат!" - деп Равшан күлдүрөт.
Аида үчүн он беш күнгө жетпеген убакыт бир кылымга тете болду го, чиркин. Канчалык жумуш жасабайын десе да, кандайдыр бир күч, кайненесинин сүрү ойлогон оюн четке кагып, жумуш жасоого мажбур кылат.
Бул эмне күч экенин Аида өзү да билбейт.
* * *
Аида Көлдүн Түп районунун бир айылынан. Бир үйдүн эң кенжеси. Ата-энеси, бир туугандары көзүнүн агы менен тең айланып, оюндагысын жасап, айтканын аткарган эрке кыз эле. Мектепти бүткөн жылы ВУЗга өтсөм дегенде ак эткенден так этип, Фрунзеге келди. Кайсы окуу жай болсо да мейли эле. Кыргыз айыл чарба институтуна өткөндө, Аиданын кубанычына чек болбоду. Макул, эмне болсо да, кайсы адистик болсо да окусам болду деп ойлоп, агрономдун окуусуна окуп калды. Балким, башка окуу жайдан окуганда, минтип салты катуу Ноокаттын бир айылына келин болуп, өзү сүйбөгөн жигитке аял болбой калат беле, ким билсин?..
Ошентип жүрөк толкуп алып учкан, ырга бай, шаңга бай студенттик күндөр башталды. Аида институтта алдына ат салдырбай окуп кетти. Чечкиндүү, шар мүнөзү менен тез эле көзгө көрүнүп, Жанна деген казак кыздын ордуна группанын старостасы кылып шайлады куратор. Орус тилинде да эркин сүйлөп, студенттер менен да тил табышкан илбериңки кыз үчүн старосталык милдет кыйынга деле турбады.
Көп убакта студенттер жетишпеген сабактарын, түшүнбөгөн нерселерин Аидадан сурап, кеңеш алышчу, анткени ал бир да кишинин көңүлүн калтырбай, сурагандарын алынын жетишинче түшүндүрүп берүүгө аракет кылар эле. Бир күнү параллель группада окуган Равшан да келип эсеп чыгартып кетти. Эмнегедир ошол күндөн тартып Равшан Аиданы шынаарлап, болбогон эле шылтоо менен Аиданын комнатасына келип олтурганды адатка айлантты. Равшан таанышкан эле күнү Аидага жаккан эмес. өзбекче кошуп сүйлөгөнү, баскан-турганы, кругозорунун тардыгы, анан да жаш адамдарга мүнөздүү эмес кекселиги жаккан эмес. Бирок Аида такыр сыр бербей, Равшандын орунсуз тамашаларын да кулак сыртынан кетирип, көңүлүн калтырбады.
Ал эми Болот Аида үчүн таптакыр башка адам эле. Болот демекчи… Дене-бою келишкен бул жигит окуу жайдын кыздарынын далайынын жүрөгүн уялап, түшүнө кирди го… Кызык жери, Аида Болот менен кандайча жакындашып, достошуп, анан кыйбас адамындай көрүп калганын өзү да билбейт. Болоттун ысмын укканда, Аиданын жүрөгү туйлап кетер эле. Ошентип көңүл куштары туура келген эки жаш бири-бирине болгон арзуу сезимдерин билгизип, келечек жөнүндө таттуу кыялдарга батып, жаштык-мастыктын жыргалдуу күндөрүн баштан кечирип жатышты. Ошондо Аида өзүн кандай бактылуу сезген эле. Болот азыр үйлөнөлү десе да, жок деп айта алмак эмес.
Эх, жаштык! өмүрдүн гүлү экен го ал күндөр! Ошол күнү да эки жаш кечки шаардын көчөлөрүндө узакка сейилдеп жүрүштү. Экөө таң атканча жүрүшсө да, сөз бүтчүдөй эмес. "Болду эми кетейинчи" , - дейт Аида. Коштошмокчу болуп колун сунган Болоттун колун коё бербей, шыңкылдап күлөт. Каткырышып күлүп, экөө дагы айланып кетишет. Ошентип түн бир оокум болуп кетти. Узатып келген Болот эшиктин алдынан Аиданы бетинен өптү. Бети ыпысык болуп, дагы өбүшүн эңсеп, эми бул бетимди дагы өппөйсүңбү дегендей Аида экинчи бетин тосту. Болот Аиданын экинчи бетинен өөп: "Жакшы кал, эртең келем, дискотекага барабыз" - деп жолуна түштү. Баятан Аидага келип күтүп турган Равшан Аида менен Болоттун өбүшкөнүн көрүп, өзүн коёрге жер таппай калды. Болот кеткенде, Аиданын алдынан тосуп чыгып:
- Аида, кайда жүрөсүң? Сени күтүп жатып тажадым, - деп ачуусун араң жашыра сүйлөдү.
- Анча эмне болду? Менин кайда жүргөнүм менен сенин эмне ишиң бар? Күтпөй эле кете бербейсиңби? Же эмне, ушунчалык зарыл ишиң бар беле?
- Ооба, зарыл ишим бар. Сага айтайын деген сөзүм да бар.
- Эмне сөз? Менин сенде анчалык зарыл, күйүп аткан эч кандай деле жумушум жок, - деп Аида Равшанды тике караганда, Равшандын көздөрү жалтактап кетти. Себеби мындай чечкиндүү, ачык сөз угам деп ойлогон эмес.
Аиданын өткүр көз карашынан Равшан айта турган сөзүнөн адашып:
- Аида, мен сени сүйөм. Сен менин аялым болосуң, экинчи башка бирөөлөр менен жүргөнүңдү көзүм көрбөсүн, кулагым чалбасын! Аз мурда эле Болот экөөңдүн коштошконуңарды көрүп, азыр мага дүйнө тар болуп турат! - деп чорт кесе айтты да, Аиданын жообун күтпөстөн артын карабай кетип калды.
Аида ичинен: "Мени менен канча иши бар. Деле мунун кыйынын кара, "менин аялым болосуң!" деп коёт уялбай. Ушуга тийгенче, өлүп калганым артык", - деп ойлоп, бөлмөсүнө кабагы бүркөө кирди.
Бөлмөсүнө киргенде эле чогуу жашаган дос кызы:
- Аида, кайда бардың? Сени параллелль группада окуган оштук Равшан күтүп олтуруп, аз эле убакыт болду кеткенине. Кечиккениңе бушайман болду? Сен жөнүндө сурады: "жигити жокпу?", "кимди жакшы көрөт?.." Иши кылып эки сөзүнүн бири эле сен болуп калыпсың. Сенин сүрөтүңдү сурады, бирок мен берген жокмун! - деди. Аида кийимин чечип жатып:
- Койчу ошону! Бир жери жаксачы?! Сүйлөгөнү же өзбекче эмес же кыргызча эмес. Эки кишинин жанында баш көтөрүп сүйлөй да албайт. Анан да "менин аялым болосуң!" деп коёт уялбай. Эртең жолугамын. Болотко айтып комнатага киргис кылбасам! Канча ишин бүтүрүп бердим. Бир шоколад алып бергенге жарабайт. Сараң. Турмушка чыккан күндө да, Ош жакка чыкпайм. "Салты катуу, аялдарды да катуу кармайт" деп угабыз. Кой, "Ошко барбайм!" деп кесир сүйлөбөйүнчү, андан көрө чай ичели, - деп сөздү башкага буруп кетти. Чай даярдап жатып Болот менен киного барганын, анан коштошорунда Болот бетинен өпкөнүнөн бери жакын досу Айгүлгө жан дилинен берилип айтып берди.
- Болот - жакшы бала, өткүр мүнөз, ичинде кири жок, болгонун болгондой айтып салат го, - деди Айгүл да. - Сабакты да жакшы окуйт дешет.
Болот жөнүндө айтылган жакшы сөздөрдү уккан Аида мактанган түр менен табитим кандай экен дегенсип дагы Болот жөнүндө айтышын күтүп сөзгө конок берди. Айгүл Аиданын абалын байкап, Болот жөнүндө сөзүн алыстан баштады:
- Биз биринчи курста окуп жүргөн кезибиз болуучу. Институттун алдынан үч бала бир орус баланы сабап жатканда, ошончо көп балдардын арасынан жалгыз Болот суурулуп чыгып: "Эркек болсоңор, бирден чыгып мушташкыла, бул акыйкаттыкка жатпайт!" - деди. Балдар эгер Болот болбогондо, сабап жатып ал орус баланы өлтүрүп салышмак. Ошондо ошол жерде турган бардык кыздар Болотко ыраазы болгон элек. Андан кийин да Болоттун адилет иштерин көп эле көрдүк. Негизи, Болотто чыныгы эркектик сапаттар көп. Сен айткандай, Равшанда андай бир дагы сапат жок.
- Ооба десең. Такыр эле чечкинсиз. Окуусу да начар: опоңой эсептерди да чыгара албай мага келе берет. Карап тур, бир дагы эсебин чыгарып бербей койбосом. Комнатага да киргизбейм.
- Эсеп көтөрүп келгени жөн эле бир шылтоосу го. өлүмүш боло берет.
Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп чай ичишти. Сааттын жебеси он экини көргөзгөндө, столдон туруп чыныларын жууп, сабакка даярданымыш болушту да, маңдай-тескей жайгашкан кроваттарына жатышты. Ошондо да сөздөрү бүтпөй, бир топко сүйлөшүп жатып, таттуу уйкуга кетишти.
* * *
Аида түшүнөн чочуп ойгонгондо, түнкү саат төрт эле. Жүрөгү катуу согуп, бүткөн боюнан тер кетип, ич көйнөгүн сыгып алса болчудай. Түшүндө Равшан ой-боюна койбой кандайдыр бир башка белгисиз, кооптуу жакка дыргаяктатып сүйрөп бара жатыптыр. Аида күчүнүн бардыгынча "барбайм! " деп тыбырчылап жатса да, болбойт. "Баары бир сен менин аялым болосуң! Сен эми эч качан Болот менен өбүшпөйсүң! Менин айтканымдан чыкпайсың! Сенин ордуң кайда экенин барганда көргөзөм! " - деп жекирип, жүзүнөн кандайдыр бир муздак нур чачыраган Равшан бир колунан сүйрөп барат. Аида бошонууга канчалык аракет кылса да, такыр алы жетпейт. Артын караса, Болот чуркап келе жатып жыгылып кетет да, тура албай калат.
Ошол убакта чоң энеси пайда боло калат Ал: "Кызым, алдыдагы тоону ашпаганга аракет кыл. Эгер тоону ашырып сүйрөп кетсе эле, иш чатагына айланат" - дейт да, жок болуп кетет. Чоң энесинин сөзүн уккан Аида болгон күчүн жыйып Равшандын колунан бошонгонго аракет кылат. Равшан дагы бошотпой, сүйрөгөнүн токтотпой, тоону ашып кетүүгө аракет жасайт. Бир убакта Аида Равшандын бетин тытып алат. Равшан бетин басып отуруп калганда, бир аял пайда болот да, Аиданын оозуна бир нерсени салып жиберет. Аида оозундагы белгисиз аял салып жиберген нерсени түкүрүп салайын дегенче болбой, аял Аиданын оозун оң колу менен басып тумчуктуруп жиберет. Аида айла жок ал кичинекей тоголок нерсени жутуп жиберет да, чалкасынан жатып калат. Ошол убакта кайдадыр алыстан чоң энесинин сөзү кулагына жаңырат: "Кызым, тоону ашпаганга аракет кыл!.." Бул убакта баары кеч болуп калган эле. Себеби Аида такыр эле кыймылдай албай калган. Равшан Аиданы жеңил эле көтөрүп тоонун кырына чыгып, ашып кетет. Тоонун башына чыкканда чоң энеси: "Кызым, бекер кылдың, эми баарына чыда!" - деп нааразы боло, көздөн кайым болот.
Заматта Аида такыр эле башка чөйрөгө түшүп калат. Ал жактагы элдердин жүргөн-турганы, бири-бирине жасаган мамилелери такыр эле Аидага жакпайт. Бир убакта ал оор бир нерсени көтөрүп, тоого чыгып баратат. Бери жактан Равшан мыйыгынан күлүп жардам бербей, маашырканып карап турат. Ал оор жүктү көтөрүп баратып аябай кыйналат. Ошол убакта чоң энеси пайда болот да: "Кызым, тоону ашпа дебедим эле, эми кыйналганың кыйналган" - дейт да, кайра жок болуп кетет. Аида: "Чоң эне!" - деп кыйкырат... өзүнүн кыйкырган үнүнөн чочуп ойгонуп кетет...
Түшүндө кандай кыйналса, өңүндө да кыйналып, шейшеби терге чыланып калган экен. Денеси оор тартып калыптыр. Аида ошол боюнча кирпик какпады. Кечээги Равшандын: "Сен баары бир менин аялым болосуң!" деген сөзү кулагына кадимкидей жаңырып туруп алды. Оюн канчалык башкага бөлөйүн десе да, аягы барып эле Равшандын сөзүнө такалат. Аиданын оюна "чын эле Равшанга тиемби?" деген ой да келбей койгон жок.
Ой деген кандай күлүк: Аида ошол аз убакыттын ичинде эмне деген гана ойлорду ойлоп, ою менен кайда гана барган жок. Жүрөк эзген санаанын торунан чыга албай атып таң агарды. "Сабакка барганда, биринчи пардан кийин эле Равшанга жолугуп, көңүлүн калтыра урушуп, мени көргүс кылбасам элеби? Ал аз келсе, Болотко айтып сабатып, менин жаныма жакын жологус кылбасам, Аида атым өчсүн!" деп өзүнчө бекем чечим чыгарды. Канчалык Равшан жөнүндө жаман ойлорду ойлогон сайын анын: "Сен баары бир менин аялым болосуң!" деген сөзү кулагына жаңыра берди. Аида ар кайсыны ойлой берип, башы дагы ооруп чыкты.
Бир убакта 6.30 га койгон саат чырылдап калды. Сааттын чырылдаганы Аиданын оюн бөлүп жиберди. Айгүл баш жагындагы сааттын чырылдагын токтотуп коюп, оодарылып нары карап жатты да, кайрадан кызуу уйкунун кучагына жетеленип кетти. Аида ордунан туруп, терезе тушунда турган күзгүгө каранып, өзүнүн өңүн көрүп, чочуп кетти. Себеби чачтары сапсайып, кейпи кете түшкөн эле. Чачын тарап, өзүн иретке келтирип, эшикке чыгып жуунуп келгенден кийин Айгүлдү ойготту.
- Турбайсыңбы? - деп Айгүлдү түртүп ойготуп, чайнекке суу куюп, чай койду. Бирок ошол убакта ою дале Равшан жөнүндө болду. Көргөн түшү улам-улам эсине келе берди.
Эртең мененки чайга олтурганда, Аида түндө көргөн түшүн Айгүлгө айтып берди да:
- Жоруп берчи. Мен чындап эле Равшанга тиемби? Чоң апам менин кырды ашып кеткениме аябай капа болду. Түшүмдү жоручу. Эми эмне кылам? Бүгүн сөзсүз Равшан менен урушам. Экинчи мени көргүс кылбасам элеби! Элестет, мен Равшанга тийип жатканымды? .. - деп, Равшанга кекенгенин андан жашырган жок. Айгүл:
- Түш жорумай касиетти кудай мага берген эмес экен. Түшүңө ишенбей эле кой, баарына ишене берсең, эмне болосуң? - деп жооткоткон болду.
* * *
Аида күндөгүсүндөй эле таң атпай туруп, колуна шыпыргыны алып, эшиктин алдын шыпырып кирди. Эшиктин алдын шыпырып жатканда, дайыма өз үйү эсине келет. Боорукер энеси Зууранын эртең менен эркелетип ойготконун эстейт... Жыргал күндөр экен кыз кезек: ата-энең маңдайыңда, мойнуңа тирликтин таш-пиши илине элек. Ушундай ойлор жаш келинге кусалык алып келет, колундагы шыпыргыны ыргытып жиберип, каалаган жагына басып кеткиси келет. Бирок, кандайдыр бир күч үстүнөн басып тургансып, ал оюнан ошол замат кайтат. Чындыгында ал эмне күч экендигин өзү да билбейт. Бардыгын бир сыйкырдуу күч башкарып тургандай сезилет.
Аида кайын атасынын дааратына суу даярдап коюуну эч унутпайт. Анткени, үйдөн экинчи болуп эле кайын атасы Элмурат турат да, кумганды көтөрүп даараткананы көздөй бет алат. Намазын окуп бүткөндөн кийин, эшиктин алдындагы тапчанга олтуруп алып, бир топко чейин теспесин тартып отурат. Бул - күндө кайталанган көнүмүш иши.
Түш ченде кайын энеси Айымкан Аидага иш тапшырып коюп, абышкасы экөө коңшу айылга конокко кетишти. үйдө Аида менен күйөөсү Равшан калды. Аида кайын энеси тапшырган жумуштарды бат эле жасап коюп, оозгу үйдө олтурган жеринен көзү илинип кетти. Түшүнө чоң энеси кирип: "Балам, молдого көрүнбөсөң болбойт. Көлгө барганда, апаң Нурбүбүгө мен айтканды айт, болбосо тагдырың кыйын болот го. Окууңду да уланта албай каласың. Деги эле өзүң бил", - деп дагы бир нерселерди айтты. Бирок, акыркы сөздөрү угулбай калат. Ошол убакта эле дос кызы Айгүл бөлмөдө жалгыз отурган болот. өңү капалуу. Аида эшиктен кирип барып салам айтса, саламына жооп бербейт. "Сага күйөө эле керек турбайбы?" деп, дагы бирдемелерди айтып жатканда, ойгонуп кетти.
Аида ордунан атып туруп, эшикке чыкса, эшиктин алдына кошунанын кызы келип калыптыр:
- Үйгө конок келген эле, чыны берип туруңузчу.
- Кайын энем билбесин бергенимди, кайра ылдам алып кел, - деп Аида сураган сандагы чыныны берип, эшикти ичинен илип келип, оозгу үйгө кыйшая жатып, азыр эле көргөн түшүн эстеди:
"Чын эле дайыма чоң энем түшүмө кирет. Бул эмнеси?" деп чоң энесинин капа болгон түрүн эстеп, "кечинде Равшанга айтып, куран окутуп койбосок" деп ойлоп атып, кайра көшүлүп уктап кетти.
Жогоруда айтылгандай, Аиданын күндүз бош убактысы такыр болбойт. Бүгүн кайын энеси жок болгондуктан эле тыныга калбаса, күндүз бош отуруу деген жок го, чиркин. Кайын энеси Айымкан кайдан жумуш табат, өзү да билбейт. Келин жумшайт деген ушу деп эле Аиданы болбогон нерсеге жумшаганы жумшаган. Чай же тамак ичип олтуруп да жөн отурмай жок. Кайнене келинге акыл-насаатын айтат: "Күйөөңдү сыйла, эркектерге тике караба. Кайын атаңдын алдынан кыя басып өтпө…" Ушул сыяктуу сөздөрдү айткандан тажабайт. Дайыма айтылган бул сөздөр Аиданын кулагына да жат болуп калган эле. Кайын энесинин айткан сөздөрүн колдон келишинче аткарганга аракет кылат.
Күйөөсүнүн айтканын оозунан чыгары менен аткарганга шашылат. Кээде олтуруп күйөөсү Равшан жөнүндө ойлойт: "Чын эле мурда эмнесин жаман көрүп чанып жүрдүм экен? Жакшы эле жигит го?.."
Эки саат Равшанды көрбөй калса бир орунга тура албай, улам эле үмүт менен дарбазаны карай бермейи адат болуп калды. Сүйүп-күйүп тийген күйөөсүндөй Равшанга ушунчалык жан тарта бергени эмнеси? Мунун бардыгы дубанын күчү экенин шордуу келин кайдан билсин?..
* * *
Кечке жуук Равшан сыртка чыгып кеткен. Аида оозгу үйдөгү көлдөлөңдө күйөөсүн күтүп олтуруп, башынан өткөргөн окуяларын бир баштан эстеп, кино тасмадай көз алдынан өткөрүп жатты.
Ошол сырдуу да, коркунучтуу да түштөн чочуп ойгонуп, кирпик какпай таң атырган күнү биринчи сабактан кийин Аида паралель группа сабак өтүп жаткан аудиторияга келип, Элмира деген кыздан Равшанды чакырып коюусун өтүндү. Бирок, тилекке каршы, ал күнү Равшан сабакка келген эмес эле. Себеби, кечинде жатаканасына баратканда, жолдон мас балдарга кабылып, токмок жеп ооруканага жатып калыптыр. Бул кабар Аиданын көңүлүн чөктүрдү. Равшандын ооруканага түшүп калуусуна өзүнүн да күнөөсү бардай өзүн ыңгайсыз сезди. Аяп да кетти Равшанды.
Кечинде Болот келди. Санаага жанчылып, буулугуп турган Аида таянары, көңүл жубатары Болот болуп калганын ушул кечте сезди:
- Болот, оштук Равшан артыман акмалаганын койбой жатат. Кечээ да сен экөөбүз сейилдеп жүргөндө меникинде мени күтүп отуруптур. Дымагын кантейин, "мен баары бир сага үйлөнөм, сен меники болосуң!" дейт.
- Чын эле ошондой ою бар бекен? - Болоттун бүркүт кабагы бүркөлө түштү.
- Өзүм да андан андай сөздү күткөн эмесмин. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүздү деле укса керек эле.
- Камтама болбо, өзүбүз эркекче сүйлөшүп алабыз.
- Баса, кечээ мага жолугуп, жатаканасына бараткан жерден балдар сабап, ооруканага жатып калыптыр. Эмнегедир өзүмдү күнөөлүүдөй сезип жатам.
- "Аида сулууга тийишпей жүр!" деп Кудай өзү жазалаган го. Деги олуттуу эч нерсе болбоптурбу?
- Жок, "жарааты жеңил эле экен" дешти группалаштары.
- Мейли эми, "жигит бирде жөө жүрөт, бирде төө минет" деген ошо.
Болоттун сулуу дегени Аиданын көңүлүн көкөлөтүп салды. Кечээтеден берки санаасы чаң күбүгөндөй жок болуп, жигитинин кең көкүрөгүнө башын койду...
Көңүлү куунак жатаканасына келгенде, досу Айгүл:
- Равшан больницага жатып калыптыр. Кечинде сага келип, кетип баратканда балдар сабап кетип, скорый менен больницага жеткиришиптир, - деди.
- Аны уктум. Сооп болуптур. "Мени алам!" деп коёт, андан көрө мушташканды үйрөнүп албайбы? Ордунда башка бирөө болсо, токмок жемек эмес. Кимдер сабаптыр? Тааныган балдар бекен? - деп Аида кызыга Айгүлгө карады.
- Жок, тааныбаган эле балдар акча сураптыр. "Акча жок!" деп жооп бергенде, сабап туруп тоноп кетишиптир.
- Сага ким айтты мунун баарын.
- Ий, баса, сага группалаш баласынан кат берип жибериптир, ошол бала айтты. Катты окуган жокмун. Ме, өзүң окучу эмне деп жазганын.
- Анын жазган катын окумак түгүл, колума алгым да келбей турат. өзүң эле окучу, үнүңдү чыгарып. Менин окуганым менен сенин окуганыңдын канчалык айырмасы бар?
Айгүл бүктөлгөн катты ачып, үнүн чыгара окуп кирди: "Аида, бардыгына сен себепкерсиң! Эгер сен эрте келгениңде, мен бул кырсыкка кабылмак эмесмин. Сени күтүп жатып кеч калдым. Бирок, эсиңден чыгарба. Сени Болотко эч бербеймин. Менин гана аялым болосуң!" деп жазып, алдына кол коюп койгон эле.
Аида катта жазылганды угуп, дагы ачуусу келди.
- Акылына ченеп иш кылбайбы? Токмок жегенден көрө, акча берип кутулса болмок экен. Эмне үчүн мен күнөөлүү болмок элем, мен күт дебесем, өзү күттү да. Мейли кыялында мени аял кыла берсин. Ушул жылы Болот экөөбүз үйлөнөбүз, анан мени аял кылганын көрүп ал! - деп айтты да, бир аздан соң сөзүн ары улады. - Алдагы катты тытып салчы, көзүм көрбөсүн. Атын да уккум келбей калды. Эгер бүгүн жолукканда, аябай урушмак элем. Мейли, урушканга да убакыт келет. Элдин көзүнчө катуу урушуп, менден көңүлүн калтырбасам! - деп айтып, кроватка жата кетти. Ошентип айтаарын айтып алып, ичинде келтек жеп калган Равшанды аёо сезими да көкүрөгүн эзгилеп турду.
- Аида, сени Равшан аябай сүйүп калган го?
- Сүйсө, сүйгөндөй мамиле жасабайбы?.. Ороңдоп, эч нерсенин дайны жок эле "менин аялым болосуң!" деп кекетет да!.. Мындай сөздү мен эч кимден уккан эмесмин жана уккум да келбейт. Көңүлүм менен берилип сүйгөн Болот да антип айта элек. Равшан жадесе кыз сүйгөндү да билбейт. Эмитеден эле ороңдоп жатат, кокус тагдыр буюруп баш кошуп калсам, кийин эмне кылмакчы?.. Тү, тү!.. Мен эмне деп эле былжырап атам? Анын бетин ары кылсын! Равшанга тийгенче, бир алкашка тийгеним жакшы эмеспи! - деп Аида ачуусун чыгарып алды.

#3 04 April 2014 - 17:37
* * *
Аида ошол кезде айткан сөздөрүн эстеп, өзүнөн-өзү уялып кетти. Чынында ал убакта оюнун баары башка эле. Эми такыр башка. Тагдырга айла жок экен да. Минтип бир кезде жаман көргөн жигиттин аялы болуп, ал турсун сүйүп калышы үч уктаса түшүнө кирген эмес. Бирок, кайра Равшанга тийгенине ыраазы болуп кетет. Себеби, Равшанга карата сүйүүсү күч эле. Сүйүү үйлөнгөндөн кийин келет деген сөз чын окшойт…
Болотту сүйүп жүргөндө, мындай абалда болгон эмес. Эмнеге мындай? Равшанды ойлоп, жанынан чыгаргысы келбей эле оюнун бардыгы Равшанга бурулуп калганын өзү такыр түшүнбөйт. Кээде эч кимди көзүнө илбей, бек кучактап Равшанды өөп-өөп алгысы да келип кетет. Равшан да Аиданы алгандан бери көңүлүн калтыргандай сөз айтып уруша элек.
Кыйналганы эле кечке жумуш кылганы жаны тынбай. Бирок кыйналганын Равшандын бир ооз гана жылуу сөзү жууп кетет. Түнүндө Равшан менен бир төшөктө айкалышып жатканында, Аида өзүн укмуштай бактылуу, бейиштин төрүндө жүргөндөй сезет. Ансыз жашоосун түк да элестете албачудай. Ал турсун бат-бат көрүп турбаса бир орунга тура албай, үйгө улам кирип-чыгып, жанын коёрго жер таппай калат.
Мунун баарын кайын энеси Айымкан кантип билбей койсун дагы, байкабай калсын?.. Бардыгын билет. Равшан Аиданы ала качып келгенде, көргөндө эле жактырды. Анан олтурбай чыр салганда, "эмне болсо да бүлө кылып алыш керек" деген ой жүрөгүн өйүдү. Аида үч күн отурбай чыр салды: "Балаңар жакпайт, баары бир тийбейм! Милицияга билдире электе мени жеткизип койгула!" деп маселени кабыргасынан коюп, чечкиндүү сүйлөп, эч тартынбай чатак салган болучу. Сүйлөшүп жүргөн жигити бар экенин да айтты. Аиданын айтканынан кайтпасын билген Айымкан ал жердеги келиндерге: "Аидага мен келгенче эч тамак бербегиле. Курсагын ачыргыла. Мен бат эле келип калам", - деп уулу Равшандын берген кеңеши менен бир байлам ак жоолук, анан тойго деп бышырылган таттуу кошулган нандан баштыкка салып, коңшу айылдагы бакшы кемпирди көздөй жашыруун жөнөдү. Бул атагы чыккан бакшы кемпир Батманын дайынын билбеген киши чанда эле болбосо, айыл ичи текши билет. Төлгө ачат, балдардын жүрөгүн көтөрөт, тумар чиет, анан дагы дуба окуп, ысытма, суутма кылып дубалап, каалаган кишиңдин башын айлантып берет. Дубалап баш айланткан "кызматынын" баасы да кымбат. Айымкан бакшы кемпирге нан менен жоолукту дубалатканы бара жатып, чөнтөгүнө 50 сомдуктан экини салды. Дубалатуу ою Аида олтурбасына көзү жеткенден кийин уулу Равшандан чыккан эле.
Уулунун бул оюн энеси Айымкан да колдоп, келиндерге катуу дайындаган шектенип. "Эгер курсагын тойгузуп коюшса, дубаланган тамакты жебей коюшу ыктымал. Канчалык ачка болсо, ошончолук тамакты көп жейт да, дубанын күчү ошончолук күчтүү болот" деп ойлоп, "келиндин курсагын ачыргыла! " деп кайра-кайра какшаганы ошондон.
Айткандай, эки жыл мурда аталаш туугандарынын уулу өзбек кызды ала качып келгенде, ал дагы Аидадай болуп так секирип, чыр салып отурбай койгондо, бакшы кемпирге барып, жаңы бышырылган нанды дубалатып келип беришкен. Баягы азоо аттай так секирген өзбек кыз эки саатка жетпей эле жоолук салынып, үлбүрөп көшөгөдө олтуруп калган. Азыр ал келин экини төрөп, өзү чанган күйөөсүнүн көзүнүн кареги менен тең айланат. Келинди дубалап, башын айлантуу жең ичинен, өтө тымызын бүткөрүлсө да, Айымкан менен Равшан ал иштин жөн-жайын билишчү. Эми минтип бул дүйнөдө да, акыретте да чоң күнөөлүү бул ишке эне-бала да барып жатышат.
Айымкан Батма бакшыга келип, болгон окуяны түшүндүрүп айтып, бели сына элек кычыраган 50 сомдуктан экини алдына таштады. Акчаны көргөн бакшы кемпир кудуңдап жым дей түштү, маңдайдагы жалгыз тишин көргөзө сырдуу жылмайды. "Йе Алла!" деп ордунан турду да, кулжуңдай басып төркү үйүнө кирип кетти. Кемпирдин "сүф-сүф" деп түшүнүксүз сөздөрдү айтып, албууттана бирөөлөр менен урушуп жаткансып дем салганы оозгу бөлмөдө күтүп олтурган Айымканга угулуп турду. Бир оокумда кемпир эшикти шарт ача бөлмөсүнөн чыкты да, Айымканга: "Бар, базардан алма, өрүк, мейиз, курма сатып кел. Эки жакты карабай тез кел!" - деди. Анан кайра караңгы бөлмөсүнө кирип кетти да, Айымкан алып келген жоолуктун үстүнө нанды коюп, өзүнүн кара күчтөрүн чакырып, дубасын улантты.
Айымкан базарга келип, бакшы айткан жемиштерди алып, кайра шашыла бакшынын үйүнө бара жатып, бир чети баласына да нааразы болуп кетти: "Минтип мени да убара кылбай, сүйлөшүп эле алса эмне болмок?.. Дубаланган келин кийин оорулуу болуп калбаса экен? Кудай алдында да күнөө кылып жатабыз. Эгер келиндин энеси дубалатып алганыбызды билсе, эмне кылат болду экен? Эгер менин кызым Назмини бирөө ала качып кетип, биздей кылып башын айлантып алса, анда мен өлбөгөн гана жерде калмакмын. Ошондой болбош үчүн, өзүбүз көргөн, билген эле адамга беребиз, өз колубуз менен узатып" деп Оштогу медицина окуу жайында окуган кызы жөнүндө да ойлоп жиберди.
Айымкан өзүнүн ою менен алек болуп келе жатып, башка көчөгө түшүп алганын жүз кадамдай баскандан кийин гана билди. Кайра артка басып, эч нерсе ойлобоюн дегени менен күлүк ойлор биринин артынан бири келе берди. Санаасы санга бөлүнүп, денесин муздак тер басты.
Бакшы кемпирдин үйүнө келгенге чейин уулунун жоругуна нааразы болду, бирок мындан башка жасай турган айласы жок эле. "Баягынын баласын алып келген кызы чанып кетиптир" деген сөзгө калгандан көрө, дубалатып алганга эмне жетсин?" деген ой баарын жеңип кетти.
Бакшынын үйүнө келгенде, кара жоолук салынган жаш кыз: "Күтүп туруңуз ушул жерде", - деп Айымкан базардан алып келген жемиштерди баштыгы менен көтөрүп, ички үйгө алып кирип кетти.
Базардан келгенден кийин Айымкан бакшы кемпирди дагы эки сааттай күттү. Ошол эки саат Айымкан үчүн эки жылга тете болду го. Баласы үчүн ушундай күнөөлүү ишке барып жатканына өкүнбөй койгон жок. Күн төбөдөн ылдыйлап, кеч кирип баратканда, бакшы кемпир ички үйдөн чыгып келди. Артынан дубаланган жоолук менен нан жана жемиштерди кара жоолук салынган кыз көтөрүп чыгып, тапчанда маңдай-тескей отурган Айымкан менен бакшы кемпирдин ортосуна койду. Бакшы кемпир кара жоолук салынган кызды "кете бер" дегенсип белги берди да, элеңдеп эки жагын карап, анан Айымканга мындай деди:
- Эки жылдан кийин кайра келип, дубаны жандырып кет. Антпесең, келиниң оорулуу болуп калышы мүмкүн. Төрөгөндөн кийин балага алаксып эч кайда кете албай калат. Бул тамакты жатаарда бер. Жеп туруп уктап калгандай болсун. Бүгүн секирип отурбай жаткан келиниң эртең эле созулуп отуруп калат. Уулуңдун сүрөтүн ала келсең болмок. Мейли эми, бул дубаланган жоолук менен тамактар эле жетиштүү болот. Эсиңден чыгарба, эки жылдан кийин унутпай келип дубаны жандырып кет. Коркпо, уулуңду көрмөйүн тура албагандай дендароо кылчу дубалар менен дубаладым. Келиниң уулуңду көрбөсө сарсанаа болуп, уулуңду эле күтүп калат. Мейли анда, баары жакшы болот. Айтмакчы, дубаланган оокат салынган чыныны бекем катып, этият сакта. Муну оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук!"
Айымкан дубаланган нан жана жемиштерди эч кимге билгизбей алып келип, катып коюп, кечкиге келиштире күрүч басып, саат тогуздарда Аида олтурган бөлмөгө өзү күрүч менен нан, жемиштерди көтөрүп кирип: "Баламды жактырбасаң, эми айла канча? Эртең саарлап сени жеткизип коюшат. Эч кимге билдирбе, милицияга айтпа. Салт деген ушул экен, баламдан да чекилик кетиптир. Кечирип кой. Алдыңа түшкөнүм болсун. Бул жоолукту салынып кет. Анан өз колум менен бастым бул ашты. Бизден кеткен каталарды кечирип кой. Кой соё алган жокпуз. Силерде конокко кой союлат эмеспи. Бизде аш баскан кой сойгонго тете", - деп, бир чайнек чайды булоолонто демдеп, көркөмдөп сүйлөп, Айымкан өз колу менен Аидага чай сунганда, ал "эртең жеткизип коёт" деген сөзгө ишенип, алдыдагы тамактан тартынбай алып жеп, Айымкандын сыйына ыраазы болуп олтурду. Эх, ошондо дубаланган тамак менен сыйлап жатканын билгенинде, бир күн чыдап тамак ичпей койбойт беле!.. Андан да жоолукту салынбаса да, моюнуна илип алганычы! .. Айымкан менен Аида бир саат кенен тамактанып отурушпады беле аркы-беркини сүйлөшүп. Митаам Айымкан билмексен болуп, Аиданын ата-энеси жөнүндө да сурап, убакытты чоюп, убакыт өткөргөнүчү. Аида: "ичтим, болду" десе да болбой сыйчыл болуп, калп күлүп, тамакка аябай кыйнап, өзү чуркап барып улам жаңылап чай демдеп, Аиданы аябай сыйлады.
"Бүгүн менин сыйымды көрүп жатасыңбы, эртеңден баштап менин отум менен кирип, күлүм менен чыгасың" деген Айымкандын жаман оюн кайдан билди дейсиң Аида. Бир күн сый көрөм деп башына балээ үйүп алганын кайран кыз билген жок. Аида нандан алып жеп, чайдан ичкенде эле Айымкандын жүрөгү ылдыйлады. Себеби, билип калып жебей койсо эмне кылам деп сарсанаа болуп олтурган. Аида тамак жей баштаганда, бир жеңишке жетишкендей төбөсү көккө жете сүйүндү.
Дубанын күчүбү, Аида тамак жеп жатканда эле өзүнүн кылган ишине өкүнүп: "Кыйнабай отуруп эле алсам болмок окшойт. Энеси жакшы адам экен. Жакшы эле жер көрүнөт" деп ою бузула баштады. Кыз баякы кайратынан жанып, уйкусу келе баштаганын кыраакы Айымкан байкап отурду.
- Эшикке чыгып келели. Ага чейин төшөк салып коюшат. Эки-үч күндөн бери сен эле эмес, биз да чарчадык. Эрте эс алалы, - деп эшикти көздөй Айымкан жол баштады. Аида тышка чыгып баратканда, моюнга илген дубаланган жоолукту моюнунан алган эмес эле.
Короодо Айымканды ээрчий басып бара жатып, алдынан чыккан Равшан менен тиктеше түштү да, ошол замат Аида көзүн тартып алды. Себеби, баягы өзү чанып жаткан Равшан көзүнө бир башкача көрүнүп кеткен болучу. Аида болочок кайын энеси Айымкандын коштоосунда ажатканага барып келгенче, шыпылдаган келиндер эчак жай салып даярдап коюшуптур. Бирок эки кишилик эмес, бир эле кишилик кылып. Сырттан келе жатып "Равшан экөөбүз бир жатабыз го" деген ой келип, денеси бир дүүлүгүп алганынан уялып кетти. Мээсин ээлеген уйгу-туйгу ойлордун туткунунан бошой албай, "деги мен эмне болуп бара жатам?" деген суроого жооп таба албай отурду түш сыяктуу түшүнүксүз абалда калды Аида.
Түштүктө салтты катуу кармашат эмеспи. Нике кыймайын, эки жашты бир төшөккө жаткырышпайт. Ошондуктан Аидага өзүнчө төшөк салынган. Кирпигинен тартса жыгылчудай болуп чарчаган Аида төшөккө кулаганда эле көшүлүп уктап кетти.
Түшүндө кандайдыр бир кара кийинген аялдар Аиданы айланып, өздөрүнчө эле бирдемкелерди жасап, өздөрүнүн кара кийимин кийгизип жатканда, чоң энеси келип: "Кызыма кийгизбегиле, мунуңар жарабайт. Кызымдын убалынан корккула! " - деп жулунуп келе жатканда, жолун бир нерсе тосуп, чоң энеси ошол бойдон көрүнбөй калат да, ордуна Равшан бир башкача кычырап кийинип келип, эч кимди көзгө илбей Аиданы кучактап бетинен өөп: "Аида, мындан ары экөөбүз дайыма бирге болобуз. Менин гана айтканымды аткар, башка эч кимдин сөзүн укпа!" - дейт. Аңгыча эле бир кемпир менен Равшандын энеси Айымкан пайда болуп, "Баргыла эми, экөөңөр жолго чыккыла!" - деп узун жолду көргөзүп жатканда, ойгонуп кетти Аида. Ошол боюнча көпкө чейин уктай албай жатып, таңга жуук көзү илинип кетет. Дагы түш көрөт. Түшүндө кайын энеси Айымкан ак жоолукту башына салып: "Равшанды сыйла, көп эле баламды чана бербегин! " - дейт. Равшан: "Эми кайда бармак эле, чанбайт. Болду эми, чыр да салбайт. Аида, мени уят кылбайсың ээ?" - дегенде, Аида кантип "ооба!" деп айтканын өзү да билбей калат.
Аида ойгонгондо, саат тогуз жарым болгон эле. Ордунан туруп, кийинип эшикке чыкканда, оозгу үйдө күтүп турган Айымкан:
- Жүрү, сыртка чыгасыңбы? - деп сурап, адатынча алдыга өзү басып, сыртка чыгарып келди.
Эртең мененки чайды Айымкан өз колу менен куюп берди да:
- Эми, Аида, бизди деле көрүп-билип калдың. Аттаган босогоң, ачкан эшигиң. Биз деле ушинтип келип келин болгонбуз. Бизди таштап кетпе! - деп айтканда, мурунку күнү так секирип отурбай жаткан Аида эч каршылык сөз айта албай калды, себеби дубаланган нан, жемиштердин калгандарын эртең мененки чайга олтурганда да жеген эле.
Качан Аида: "Болду, ичип бүттүм" - деп айтканда Айымкан аны акырын көшөгөгө жетелеп кирип, дубаланган жоолукту салып отургузганда, эч каршылыксыз отуруп калды. Ал турсун ошол маалда мурда түк көргүсү келбеген Равшанды көргүсү келип кеткен эле.
Айымкан качан Аида эч чыры жок жоолукту салынып олтуруп калганда, дубанын күчүнө ушунчалык ишенип, Батма бакшынын касиетине ыраазы болуп кетти. Баягы так секирген, орусча-кыргызча сүйлөп кишини жанына жакын жолотпой жаткан Аиданын үлбүрөп жоолук салынып тынч олтурганын көргөн Айымкан эми ага бир чети боору ооруп, аяп да кетти.
Аида эмне болуп кеткенин өзү да түшүнбөй, жоолук салынып көшөгөдө олтурду. Күткөнү эле Равшан. "Равшан келсе кантип жолугам? Келгенде эле олтуруп калсам болмок экен, чыр салбай эле?.." деп өзүнүн жоругуна өзү нааразы. Равшанды көрөр көзү жок Аида эми жакшы гана ойлорду ойлоп, ал турсун жакшы тилектерди тилеп, таттуу кыялдарды кыялданга да үлгүрдү.
Ал күнү Равшан бир да жолу көшөгөгө кирген жок. Ансайын Аида санаа чегип, "менден көңүлү калып калган го" деп ойлоп, өзүн жемелеп алды. Аида өзүнүн дубаланганын бир гана Равшанды ойлоп калганынан эле билсе болмок. Ал турсун бир суткага жетпеген убакыттын ичинде өзү чанып, жанына жакын жолотпой жаткан Равшанды эмне мынча жакшы көрүп, көргүсү келип жатканы эмне себептен экенине кызыгып ой жүгүртүп да койбоду. Кайра "мен кантип Равшан менен жолугушат болдум экен?" деп өзүнчө санаа чеге баштады. "Равшанга эмне деп жооп берем? Эгер Равшан менин кетирген чекилик иштеримди кечирсе, эмне айтса бардыгын аткарууга даярмын. Чын эле, мен эмне үчүн Равшанды чанып, отурбай үч күн кыйнадым экен? Мурда чын эле көңүл буруп караган эмес окшоймун. А чынында келишимдүү эле жигит экен". Кечинде Равшан анын көзүнө ушунчалык сүйкүмдүү, сулуу, ыймандуу, маданияттуу, сыпаа, токтоо болуп көрүнгөн болучу.
Аиданын түшүнө чоң энеси да, Равшан да кирген. Бирок түшүнө кирген чоң энесин эстеп да койбой, Равшанды гана эстеп, аны көрүүгө куштар болуп: "Эртерээк эле келсе экен. Эл жок убакта бир келип, жок дегенде бетимден өппөсө да, учурашып койсо боло. Мен эми ушул күндөн баштап анын аялымын да. Же булардын салты ушундайбы? И-йи, баса, бир кезде укпадым беле?.. Түштүктө эки жаш үйлөнгөндө үч күн бирин-бири көрбөй, үчүнчү күнү молдо нике кыйгандан кийин, түнү гана көрүшөт" деп. Эгер ал салттагыдай үч күн Равшанды мага көрсөтүшпөсө, мен кантип чыдайт болдум экен? Кечээтен бери көрбөгөнгө аябай куса болуп 10-15 жыл көрүшпөгөн жакын адамдай сагынып, көргүм келип, ичиме бугум толуп, куса болуп чыктым. үч күн көрбөсөм, анда сагыныч-кусалыктан жүрөгүм чыдабай жарылып кетет го".
Жарым саат мурда эле суранып бир келиндин коштоосунда сыртка чыгып келген. Сыртка чыккысы келген эмес, эптеп Равшанды көргүсү келген. Равшанды көрөм деген ой менен сыртка чыгып, бирок, тилекке каршы, көрө алган жок. Эртеден бери үч жолу чыкты. Албетте, биринчи жолу чыкканда, Равшанды көрүш үчүн чыккан эмес. Бирок ошондо да көзү менен акырын билгизбей эшиктин алдынан Равшанды издеди. Мунун баарын кыраакы Айымкан далдоо жерде туруп, байкап турган эле. Экинчи жолу сыртка чыкканда, атайын жай басып, эки жакка көз жүгүртүп, Равшанды көрүп каламбы деген ойдо айлананы караган. Мында да Айымкан кыраакылык менен байкап турган.
Үчүнчү жолу жарым саат мурда чыкканда, эч тартынбай эле баштагыдай жер карабай башын көтөрүп басып, Равшанды эшиктин алдында олтурган эркектердин арасынан карап дагы көзүнө илинте алган жок. Ою ишке ашпай калганга маанайы пас үйгө кирген.
Канчалык өзүн алаксытайын деп оюн башкага бурганы менен оюнун аягы барып эле Равшанга такалып, өзүнчө эле кыйналып жатты. Бир убакта көшөгөгө бир келин келип:
- Эриккен жоксуңбу? - деп суроо узатып жанына отура кеткенде, Аида:
- Эриккен деле жокмун, бирок өзүмдү бир башкача сезип жатам, эмнегедир бир орунга отура албай.
Келин Аиданын сөзүн коштоп:
- Албетте, ошондой болосуң. Башка үйгө бүлө болуш оңой бекен? Бүгүн чыдасаң, эртеңден баштап үй оокатына аралашып, алаксып кетесиң.
Аида ал келиндин: "бүгүн эптеп чыдасаң, эртең үй оокатына аралашып, алаксып кетесиң" деген сөзүн угуп сүйүнүп кетти. Эмнеге сүйүнгөнүн өзү да билген жок.
"Равшанга бүгүн жолугат турбайынбы? " деп ойлоду кабагы ачылып. Билмексен болуп:
- Равшан кайда жүрөт? - деп сурап жиберди.
- Бизде салт ушундай, нике кыйылмайынча күйөө болуучу бала көшөгөгө кирбейт. Качан нике кыйылгандан кийин гана Равшанга жолугасың. Ага чейин Равшан көшөгөгө кирбейт.
Аида өзүнүн шар мүнөзүнө салып ачык эле сурап жиберди:
- Качан нике кыйылат? Нике үч күндөн кийин кыйылат деп уккам.
Келин Аиданы таң калгандай карап:
- Никеңер бүгүн эле кыйылат. Эгер Равшанды көргүң келип жатса, чакырып келе алам, - деди. Аида өзүнүн ашыкча сүйлөп алганын билди да:
- Жок, мен жөн эле. Силердин салтыңарды билбейм да. Үч күн көшөгөдөн чыкпай олтурам го деген ой менен айттым, - деп сөзүн оңдоп кетти.
Келин да Аиданын абалын түшүнүп:
- Үч күн көшөгөгө олтурбайсың. Эртең эле кайын энеңден идиш-аякты өткөрүп аласың да, жаның тынбай үй оокаты менен кечке алек болосуң. Биздин салтыбыз кыйын эле. Көнгүчөктү кыйналасың го. Эртең менен эрте туруп, эшиктин алдын шыпырасың. Башыңдан жоолук түшпөйт. Эрте турасың, кеч жатасың. Силерде түндүктүн келиндерине эле жыргал. Каалаган убагында турат. Жоолук деле салынбай жүрө беришет экен го.
- Жок. Бизде деле келиндер жоолук салынат. Шаардыктар, орусташып кеткендер салынбайт жоолукту.
Аида сөзүнүн ушул жерине келгенде, сырттан келин көргөнү келген аялдар келип калышты. Эки аял өзүлөрү ала келишкен жоолукту Аидага салып, бетинен өөп сыртка чыгышты.
Аңгыча кайын энеси Айымкан сырттан кирип:
- Молдо келди. Азыр нике кыйылат. Молдо эмне десе, сен айтканын аткар. Бизде салт ушундай. Азыр Равшан кирет. Экөөңөр жакшылап сүйлөшүп алгыла. Негизи нике кыйылмайын Равшан кирбеши керек эле. Мен салтты бузуп, экөөңөрдү сүйлөшүп алсын деп жатам. Мейли анда, мен ал жакка барайын, күтүп калышты го. Жүрү, биз сыртка чыгалы, - деп Аиданын жанындагы келинди ээрчитип чыгып кетти.
Аиданын жүрөгү катуулап согуп, өзүнчө эле сүрдөп жатты.
Ошол аз убакыттын ичинде эмнелерди гана ойлободу дейсиң. Равшандын келе жатканын туйган Аида бурчка бүрүшүп олтуруп калды. Равшан деле сүрдөп, араң эле басып келе жаткан. Көшөгөнү ачып, бүрүшүп олтурган Аиданы көрүп, өзүн башкача сезип кетти. Себеби, баягы так секирип, "Равшанды чакырып койгулачы. Өзүмчө сүйлөшөм! " деп жаткан Аиданын бүрүшүп олтурганын көргөндө, өзүн чыныгы эркек сезип, акырын келип Аиданын эки ийнинен кармап өйдө тургузуп, бетинен акырын өөп:
- Аида, мени менен өмүр бою бирге болосуң. Азыр нике кыйылат. Молдонун айтканын аткар, мени уят кылба, макулбу?" - деп аны караганда, Аида макул дегенсип, башын ийкеп жиберди.
Равшан бул жолу тартынбай эле Аиданын бетинен өөп, алкымынан жыттап, жалынычтуу сөз сүйлөп: "Сен меникисиң, Аида!" деп айтып сыртка чыгып кетти. Аида Равшан менен кантип жолугушам деп сарсанаа болуп жаткан эле. Качан Равшан сыртка чыгып кеткенде гана өзүн жеңил сезип, көңүлү көтөрүлүп, ичинен: "Равшан, мен сендикмин! " деп айтып, өзүн Равшанга арнап, таттуу кыялга жетеленди.
* * *
Аида үйдө жалгыз Равшанды күтүп, өткөндү эстеп отурганча бир топ убакыт өтүптүр. Бир кезде сырткы эшик ачылганда гана эсине келип, олтурган ордунан туруп ирегени көздөй кадам таштаганда, Равшан кирип келди. Равшан келгенде, сааттын жебеси 11ди көргөзгөн эле.
Аида Равшанга карап:
- Кайда жүрдүң, сени кечке күттүм. Жалгыз олтуруп эригип да кеттим. Чай ичесиңби? - деп сурады.
Равшан Аиданын берген суроосуна унчукпай гана башын чайкап жооп берип, ички үйгө кирип кетти. Эки-үч сааттан бери Равшанды күтүп, келсе чогуу чай ичебиз деген ою ишке ашпай калганына өкүнгөндөй Аиданын көңүлү чөгө түштү. Бир топ ойлонуп туруп, акырын Равшандын артынан ички үйгө кирип, диванда чалкасынан түшүп шыпты ойлуу тиктеп жаткан Равшанга: "Сен үчүн атайын жаңы чай демдеп койдум эле…" деп, андан ары айта албай туруп калды. Равшан Аиданын күнөөлүү болуп турган абалын көрүп аяп, бир чети үйдө экөө эле экенин эстеп, ордунан туруп келип Аиданы алкымынан жыттап-жыттап алды да:
- Мен үчүн чай демдесең, анда ичейин. Сен үчүн бардыгына даярмын. Аида, сен мени кечирип койчу. Биздин салтка көнө албай жатканыңа түшүнөмүн. Эмнегедир мен сени менен ээн-эркин жашай албагандай болуп жүрөм. Экөөбүз күндүз да сүйлөшпөсөк, кечинде сен башың жаздыкка тиер менен уйкуга кетесиң. Эртең менен эрте туруп, кайра үй тиричилигине киришесиң. Эртерээк эле Фрунзеге кетсек болот эле. Атамдар кечиктирип жатпайбы. Үч күндөн кийин кетишибиз керек эле. Сабактар башталып калды. үйдө дагы он күндөй болгула деп жатат. Атамдардын сөзүнөн чыга албай, макулмун деп койдум. Мен дагы айылдан тажап кеттим. Бир чети атамдарды да аяп кетем, - деп Равшан чечилип сүйлөп кирди.
Үйлөнгөнү Равшандын азыркыдай чечилип сүйлөгөнүн Аида уккан эмес. Чынында эле экөө баш кошушканы жаңы үйлөнгөн жаштардай эзилишип сүйлөшө элек болучу. Себеби, Равшандын ичинде кир калган эле. Аида олтурбай чыр салып жатканында, анын намысына тийген сөздөрдү айткан. Равшан теңтуштарынын жана кошуналарынын алдында уялганынан өлбөгөн төрт шыйрагы калып, аргасы жогунан гана чыдаган.
Андан анча-мынча убакыт өтүп, айтылган сөздөр эскирип, эми минтип "сиз" деп сүйлөп, "сиз үчүн жаңы чай демдеп койдум" деп күнөөлүү кишидей бир чети сыйлап айтып жаткан сөздөрүн уккан Равшандын жүрөгү элжиреп, кусалыгы артып, чечилип сүйлөп жаткан эле. Буга Аида таң калды. "Ата-энеси барда эмнеге мынчалык ачылып сүйлөбөйт" деп ичинен ойлоп койду.
Равшан өзүнүн сөзүнүн аягына чыкпай:
- Кой, жүрү, чайың муздап кала электе чай ичелик да, эртерээк жаталы. Эртең атамдар кеч эле келет. Экөөбүз да шашпай эле турабыз го. Эски кишилер деги кызык эле, - деп оозгу үйгө чыгып, тасмалдын четинен орун алды.
* * *
Равшан өзүнүн достору менен жакшылап план түзүп, Кара-Сууга пахта тергени келген курсташ кыздарын кошуп Аиданы да кафеге чакырды. Кечке пахта терип чарчаган кыздар кечинде Равшандын сунушуна шак эле макул болушту. Себеби, түштүккө пахтага келишкенине он чакты күн болгон эле. Бири-бирине коёндой окшош күндөр: кечке пахта термей да, анан кечинде жатып алмай.
- Алты километр алыс райондун борборуна кафеге барып келели, - деп чакырган мырзаларга кыздар:
- Агайдан руксат алсаңар, биз даярбыз, - деп шаңкылдап күлүп жооп беришти.
Агайын колго алып койгон балдар:
- Ошол элеби? Эгер агайыңар эле болсо, анда анын жарасы жеңил экен, - деп агайынан сурап келгени кетимиш болуп, барып эки жеңил машина айдатып келишип, беш кызды салып жөнөштү.
Райондун борборундагы "Жакшы" деген кафеге келишип, тамакка заказ беришти. Эч жамандык ойлорунда жок кыздар эч тартынбай тамактан жеп, аз-аздан винодон ичип олтурушту. Бир кезде Равшан столго оозу ачылган шампанский алып келди. Себеби Аида вино ичпей жаткан болучу. Равшан Аиданы карап:
- Аида, мен сен үчүн атайын шампанский алып келдим. Арак-вино ичпесең да, шампанский ичип олтурсаң. Биз эмне күндө эле ушинтип олтуруп жаттык беле? Силерди сыйлап коёлу деген эле ой.
Аида да Равшандын "сен үчүн" деген сөзүнө эрдемсий:
- Эгер мен үчүн шампанский ачкан болсоң, алып олтурайын. Бирок, алымдын жетишинче. Шампанды столго эле алып келип ачсаң, жакшы болмок, - дегенде, Равшан эмне деп жооп берээрин билбей күлүп кутулду.
Башында вино, арак ичпей койгонундо, Равшан Аиданы жакшы эле кыйнаган. Бирок анысынан эч майнап чыкпагандан кийин кагуу жеп каламбы деген ойдо ал Аиданы ичкиликке кыйнаганды токтоткон болучу. Жолдошторуна дагы: "Башкасы ичпесе койсун, Аиданы ичиргиле. Колдон келсе, аракка дагы кыйнагыла" , - деп башта эле тапшырма берген. Бирок Аида биринчи тост сүйлөнгөндө алдындагы куюлган винодон бир аз ооз тийип, башка ичпей койгон. Равшанга кошулуп ал жерде олтурган балдар да кыйнай баштаганда, Аида өзүнүн шартын түшүндүрүп: "Ичимдик ич деп кыйнабагыла, баары бир ичпейм!" - дейт. Балдар айлалары кеткендей бири-бирин карап калышат. Ал жердеги берки кыздар дагы: "Аидага ичкенге болбойт!" деп айтышканда, "пландын баары ишке ашпай калабы?" деп бир нече көз ирмем ичинде эле Равшандын санаасы сабалап учту. "Чын эле Аиданы азыр ала кача албай калабызбы? Эгер вино ичпесе - анда иштин бүткөнү. Кыздар эки саатка жетпеген убакыттын ичинде уйкуга кетишет. Ал эми Аидачы? Эгер Аиданы уктатпай ала качсаң, алыс жолдо аябай эле кыйнап коёт. Жолдон ГАИ тоссо, анда эле иштин бүткөнү..."
Тыбырчылап Равшандын айласы кете баштады. Оюнун баары - эптеп Аидага вино ичирүү. Бир убакта ордунан туруп шампанский сатып алып, өзү оозун ачып, эч кимге билгизбей көбүрөөк дозада уйкунун дарысынан кошуп, столго алып келди.
Убакыт деген токтоп турбайт эмеспи, секунддар мүнөт болуп, мүнөттөр саатка алмашкан сайын кыздардын тынчы кетип: "Кеч болуп кете электе бизди жеткирип койгула. Эртең эрте туруп пахта териш керек. Планды аткарбасак, кыз башыбыз менен бизге тил угуш уят эле иш. Бош болсок, шашмак эмес элек. Бөтөн эл, бөтөн жерде түн катып жүрүш бизге уят" деген сөздөрдү айтып, балдарды шаштырып киришти. Баятан бери дозасы көбүрөөк кошулган үч стакан шампанский ичкен Аиданын уйкусу келип аткан. Аида эле эмес берки кыздардын да уйкулары келип ооздорун ачып эстеп: "Уйкубуз келип жатат, кечке чарчагандыкыбы же виного мас боло баштадыкпы? .." деп алды уктай баштаганда, дасторконго бата кылып, машинага келип олтурушту. Арадан он-он беш минута убакыт өтпөй эле кыздар шылкыйып уктап киришти. Балдар аракка уйкунун дарысын кошкон эмес. Аиданын "вино ичпейм!" дегенине көңүлү чөгө түшкөн Равшан качан ал шампанскийден иче баштаганда көңүлү көтөрүлүп, удаа-удаа тост айтып, кыздарды ичкиликке кыйнаганга басым жасаган. Мунун баары Аиданы ала качып кетүү үчүн түзүлгөн план эле. Виного белгилүү дозада уйку дары кошулган эле. План ойдогудай аткарылып, машина менен төрт кызды келген жерлерине жеткирип коюшту да, шылкылдап уйкудан көзү ачылбаган Аиданы кайдасың Ноокат деп, Равшандын айылына алып жөнөштү.
* * *
Равшандын айтуусу боюнча Аида эртең менен эрте турган жок. Равшан экөө тең саат тогузга чейин уктап, уйкуларын кандырышты. Бул үйгө келин болуп келгени Аида биринчи жолу уйкусу кана уктады. Эртең мененки уйку кандай таттуу?..
Аида Равшан экөө дагы бул түндө ачыла сүйлөшүп, бири-бирине болгон арзуу сезимдерин ачык айта алышты. Равшан эмнегедир бул түнү Аиданы башкача эркелетип, Аида укпаган сүйкүмдүү сөздөрдү аяган жок. Башта эле Равшан Аидага бул сөздөрдү айтайын деген. Бирок энеси Айымкан: "Катынды башынан, баланы жашынан" деген кеп бар. Аялыңды көп эле эзилип эркелетип, жардам бере бербе. Азыр аны башыңа чыгарып алсаң, анда ишиң бүттү. Эркектин мойнуна минген аял оңой менен түшпөйт" деген кайненелик накыл кепти айткан. Анан дагы жуулган кирдин суусун төгүп бере калам деп энесинен тил уккандан кийин Равшан күндүзү такыр эле аялына жакындабай калган.
Жылуу төшөктөн тургусу келбей Аида жарым сааттай ойгоо жатты. Эгер ойгоноору менен эле төшөктөн турганда, балким баары башкача болмок беле, ким билет? Мына турайын деп жатканда, дарбаза такылдап калды. Аида көз ачып жумганча ордунан атып туруп кийинип, дарбазаны ачканы шашыла жөнөдү.
* * *
Айымкан күйөөсү Элмурат экөө коңшу айылга конокко барганда, бүгүн эле кетебиз деп айтпаган. Бирок үй ээси ал күнү кетирбей, "бүгүн конуп кеткиле" деп ой-бойлоруна койбой алып калышкан. Айымкан жакшы эле "кетем, келин уулум эмне болду?" деп жатканда, абышкасы Элмурат дагы үй ээсинин тилине кирип, Айымканды: "Бир күндө эмне болмок элең, атайын суранып жатышса?" деп урушуп койгон. Айымкан айласы жок эле түнөп калган. Эртең менен эрте туруп эле биринчи автобус менен келишти. Кемпир-чал дарбазанын али ачыла электигин көрүшүп, келини менен уулу тура элек экенин билишти. Айымкандын ачуусу келип:
- Төркүнүндө жүргөнсүп түшкө чейин уктайт деген эмнеси! Биздин көзүбүз мындай болсо эле ушу тура. Жанагы уулуң аял башкарганды да билбейт. Эшиктин алды дагы шыпырылбай калган тура. Бул деген уят иш эмей эмне?!! Эл укса эмне болот?!! Атадай болуп балаңа бир катуурак айтып койсоң боло. Эми шаарга барышса, балаңдын башын айлантып, мойнуна шап эле минип алаарын бөркүңдөй көр!.. - деп жаңыдан гана алкынып баштады эле, аңгыча Аида күнөөлүү кишидей болуп үлбүрөгөн калыбында дарбазанын эшигин ачты.
Айымкан Аиданы көзүнүн заары менен жутуп жиберчүдөй карап, дарбазанын эшигин аттады. Элмурат келинине карабай эле алдыга басып кеткен. Аида мышыктан корккон чычкандай бүжүрөп, Айымкандын колундагы сумкаларды алып көтөрүшөйүн дегенде, Айымкан:
- Жөн кой! өзүм эле көтөрөм. Деле сыйчыл боло калат мага! - деп жулунуп басып үйгө кирди.
Бул убакта Равшан дагы кийинип, ички үйдөн чыга келди. Равшанды көргөн Айымкан ооздугун коё берген азоо аттай жулкунуп сүйлөнүп кирди:
- Эмне түшкө чейин уктадыңар?! ! Эл укса эмне болот?!! Мен сага эмне деп айттым эле. Бир күн жок болсо, түшкө чейин уктатасың. Бир ай жок болсо, анда эмне болосуңар ыя?!! Силерге ишениш да бекер. Шаарыңа барганда, сени башкарып алат го катының. Сенде бир эркектик касиет барбы? Аялыңды башкара албагандан кийин эмне эркек болуп басып жүрөсүң?!! Эмне эшиктин алдын дагы шыпырган эмес?!
Равшан энеси Айымкан жулунуп сүйлөп жатканда, Аиданы караган. Аида болсо "баарына сен күнөөлүүсүң" дегенсип кайра анын өзүн карап турган эле. Равшан ошондо келинчегин аяп кетип энесине:
- Аидада эч күнөө жок. Туруп эшиктин алдын шыпырайын дегенде, эртең менен өзүм тургузбай койгом. Аны эмне мынча күнөөлөйсүз?
- Анавыны кара, "баарына мен күнөөлүүмүн" деп коёт!
Аңгыча эшиктен кечинде берген он чыныны көтөрүп кошунанын кызы кирип келди да, "рахмат сиздерге! " дегенде:
- Качан алдыңар эле? - деп Айымкан сурап калды.
- Кечинде коноктор келип калганынан Аида жеңемден сурап алдым эле, - деп жооп берди кошуна кыз.
Айымкан кошунанын кызын кетирип жибергенден кийин Аиданы карап айкырганын улантты:
- Кечээ келип, бүгүн эми төр меники дегени турасыңбы?! ! Эми сен үйдү бийлей баштадыңбы? !! Мен билбейм деп койсоң эмне болмок элең?!!
Аиданы эзели укпаган сөздөр менен тилдеп кирди. өмүрүндө эч кимден мындайды уккан эмес эле. Келгенине он беш күн боло элек жатып кайын энесинин заар тилин укканга жүрөгү тилинип кетти. Эки көзү кайын энесин караганы менен кулагы чуулдап, көздөрү караңгылашып, башы айланып кетти. Ошол убакта чоң энеси көз алдына тартылып, биринчи көргөн түшү эсине келип: "Кызым, бекер гана тоонун кырын аштың, кырды ашпай койсоң болмок, эми өз убалың өзүңө, кыйналганың кыйналган" , - деген сөзүн эстеп, көзүнө жаш тегерене түштү.
Аңгыча Айымкандын: "Эмне туруп калдың селейип?!" - деп кыйкырган үнүнөн Аида түшүнөн чочуп ойгонгон кишидей селт этип чочуп кетип, эмне кылаарын билбей, эки жакты карап туруп калды.
Айымкан:
- Эмне туруп калдың селейип? Деле мунун кыйынын кара, "кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп", билмексен болуп туруп калганын! Кечээ келип бүгүн үйдү сен билип калдыңбы? Сенин кандай акың бар, бирөөгө идиш берип, өзүңдү өзүң билгендей?! ..
Аида өмүрүндө эч кимден мындай чучукка жеткен ачуу сөз угуп көрбөгөн, ошондой эле эч кимден мынчалык корккон да эмес. Ал эми азыр коркконунан оозуна сөз дагы келбей калды. Аиданын абалын көргөн Равшан боору ооруп, энесине бир нерсе айтайын деп оозун таптап баратып туруп калды эле, Айымкан: "Эмитеден ушундай, кийин балабыз Равшанды такыр эле баш ийдирип, алдына салып айдап алат го?!.." дей салып, мунусу өчүп бараткан отко бензин чачып жибергендей эле болду. Ал жакшы эле өзүн-өзү кармап, унчукпай эле коёюн деген, бирок энесинин акыркы "балабызды алдына салып айдап алат го…" деген сөзү кыжырын келтирип, намысына тийди.
- Апа, болду го эми! Каяктагы болбогон кепти айтып, эмне деп эле жатасыз? Аидада күнөө жок деп мен айттым го!
Айымкан:
- Эй, кудай! Муну кара! Аялынын таламын талашып койгонун кантесиң, уялсаң боло! Сага ата-эне керекпи же катының керекпи? Балабыздын башын айлантып алган го?..
Айымкан оозуна алы келбей, акыркы "балабыздын башын айлантып алган го" деген сөздү айтып алды да, кайра өзүнүн күнөөсүн эстеп, сөздү башкага бурганча шашты:
- Эмки жаштарда уят деген жок! Ээ, атасы, угуп жатасыңбы балаңдын айтканын? Балаңа биз эмес эле катыны керек болуп калган турбайбы! Түшкө чейин уктатып, анысы аз келгенсип аялына болушуп, анын таламын талашып… Биздин балаңа керегибиз жок тура! - Ошентип Айымкан долулугун карматып жатканда, күйөөсү Элмурат ички үйдөн чыгып келип:
- Байбиче, болду го эми, болбогон нерсеге долуланбачы. Коңшулар укса эмне дейт?
- Абышка, сен бир немени түшүнүп жатасыңбы? Келгенине эки апта боло элек жатып кылган ишин карасаң. Салтты, бизди сыйласа боло!
Айымкандын калган сөздөрү Аиданы кызыктырган да жок. өзүнчө эле бирдеме жасамыш болуп өзүн алаксытты. Оюнун баары бузулду. Атасын, апасын, бир туугандарын, ал турсун сүйгөнү Болотту дагы эми гана эстеди. Анан ошол өзүнүн эң жакын адамдарын Равшан менен жашагандан бери бир да жолу эстебегенине өзү да таң калды. Анткени дубанын күчү, бул үйдөн башка жакты эстегенге мүмкүнчүлүк берген эмес. Оюнун баары Равшанга жана анын ата-энесине кызмат кылуу, алардын айтканын аткаруу эле. Эми гана, кайын энеси Айымкандын заар тилин укканда гана, бул үй Аидага такыр эле жат сезилип кетти. Бир убакта Аида кайын энесине баягы кыз кезиндеги шар мүнөзүнө салып, эч тартынбай маңдайына басып келип:
- Эгер мен силерге жакпаймынбы, анда кетиргиле! Балаңарга башка аял алып бергиле?!" деп акырая карады.
Мына ушунда барып гана Айымкан сөзүн токтотуп, жалтаңдап туруп калды. Анткени бакшы кемпир: "Боюна бүткөнчөктү, бир-эки айга чейин келиндин көңүлүн калтыра урушпагыла" , - деген болучу. Бул сөз Айымкандын эсинен чыгып кеткен экен. Ачууга дагы алдырып жиберди. Анан ал Аиданын баягыда отурбай аткандагы орусча, кыргызча аралаштырып эч тартынбай маанилүү, ишеним менен көзүнө тике карап сүйлөп жатканын эстеди. Аида азыр так ошол абалына келе түшкөнүн билип Айымкан: "кокуй, дуба жанып кетпесе экен?.. Бекер эле урушуп алдым?.." деп ичинен чыйпылыктап жиберди. Анан: "Жолуңар болсун силердин! " - деп кобуранып, ички үйгө киргенче шашты.

#4 04 April 2014 - 17:39
* * *
Түнү менен жол жүргөн "06" маркасындагы ак "Жигули" түн бир оокумда Ноокатка кирип келди. Шофердон башка салондун ичиндеги төртөө шалактап уктап калышып, Ноокатка кантип жетишкендерин билбей калышты. Равшандардын айылына чейин дагы бир сааттык жол бар эле. Артта олтурган балдардын бири шоферго кайрылып:
- Машинаны токтотчу, тамеки чегип бошонуп алалы, - деди. Шофер машинанын жүрүшүн акырындатып барып, жолдун жээгине токтоду.
Машинадан төрт бала түшүп, тамеки чеккенче, өздөрүнчө план түзүп алышты. "Аиданы үйгө жеткенде гана ойготолу. Антпесе, кокус чыр салса, эмне кылабыз?" деп шофердун айтканын Равшан туура көргөн жок.
- Азыр ойготобуз да, машина жүрүп баратканда айтабыз. Себеби биз айылга барганча каршылык көрсөтөт, анан жоошуп калганда, айылга алып барганыбыз оң.
Төртөө ары талашып, бери талашып, акыры Равшандын сунушуна макул болушту. Машина ордунан жылганда, "Аиданы сен ойгот, мен ойгот" болуп жатып, акыры эки четте олтурган эки бала Аиданы ойгото башташты. Дарынын күчү али тарай элекпи, жулкулдатып жатып араң ойготушту. Аида уйкудан ойгонгону менен эч нерсе түшүнгөн жок. Эсине келе албай, кимдер менен экенин, кайда бара жатканын, эмне жумуштап машинада олтурганын бир топко дейре туюнбай турду. Бир жагынан уйкусу канбагандыктанбы, жанындагы балдардын сүйлөгөн сөздөрү да түшүнүксүз болуп, кайрадан көзүн жуумп, уйкуга жетеленип баратканында, эки жагында олтурган эки бала дагы жулкулдатты:
- Аида, ойгонсоң. Биз сени ала качып баратабыз. Үйгө да жакындап калдык. Сүйлөшүп алалычы, - дегенде гана Аида көзүн ачып, оңдонуп отурду да:
- Эмне деп эле жатасыңар? Деги биз кайда баратабыз?.. Силер кимсиңер?! - деп өктөм унчукту. Алдыңкы отургучта ары карап отурган Равшанды тааныган жок. - Силерге эмне болду? Эмне жооп бербейсиңер? Мени сыйыңар менен кайдан алып келсеңер, ошол жакка кайра жеткизип койгула!..
Берки балдардын сүйлөбөсүнө көзү жеткен шофер бала өзү сөз баштады:
- Аида, сен ушунчалык да уйкучу болосуңбу? Түк ойгото албай коюп, акыры биз менен конокко барып келсин деп сени кошо алып алдык, - деп тамашага чалып сүйлөдү.
Аида:
- Байкелер, тамашаңарды токтоткула. Мени кайра жеткирип койгула. Деги силердин оюңар эмне? Ачык айткылачы. Мени агай издеп калат. Берки кыздар кайда? - деп, ошондо гана кечинде кафеде олтурганын эстеди.
Берки үч бала дале талкан сугунуп алышкансып унчукпай олтуруп баратканына шофердун кыжыры келип жатты. Бир чети эртерээк айтпаса, айылга да жакындап барып калышты. Дале өзүнүн шар мүнөзүнө салып, ал Аидага балп эткизе айтып салды:
- Аида, биз сени ала качып баратабыз. Бизди уят кыла көрбө. Сенин деле убактың келди да, турмушка чыгышың керек.
Аида шофердун сөзүн бөлүп:
- Кимге ала качып баратасыңар? ! Токтот! Токтот дейм машинаңды! Мен силерден күйөөгө тийишти сураган жокмун!
Шофер үнүн акырын чыгарып:
- Аида, эстүү эле кыз көрүндүң эле, анча катуу кетпесең, Биз айтып аягына чыга электе сөздү бөлбөй турсаң эми.
- Маалкатпай айтпайсыңарбы? Мени эмне максат менен алып баратасыңар? Ала качабыз деген оюңарга да келбесин! Мен айтканымды аткарып көнгөм, бекер убара болосуңар. Деги айткылачы, оюңар эмне?!
Аидадан мындай сөз угабыз деп ойлошкон эмес. Орус мүнөзүнө салып ачык айткан сөздөрү балдардын чындап үшүн алып койду.
Равшан такыр эле унчукпай, шофердун жанында алдыны карап баратты. Аиданы эми минтип алпарган күндө да отурарына көзү жетпей, ичинен өзүнчө өкүнүп алды: "Кап, бекер кылган экенмин. Эми отурбай атам-апамдарды дагы убара кылат. Мындай шар, курч мүнөзү менен олтуруп калган күндө да, апам экөө тил табышып кете алабы?.. Кап, берки эле өзүбүздүн оштук Бактыгүлдү алсам болмок экен. Эми бул биздин салтка да көнбөй ит кылат го?.. Эми эмне кылсам? Машинаны кайра артка айдатып, эч ким туюп биле электе жеткиздирип салсамбы? Анда эле Аида менен чогуу окугандар эмне дейт? Ушунча акча коротуп, үйдү күттүрүп коюп, машинаны кайра артка айдатканым дагы болбойт. Ээ, эмне болсо, ошо болсун. Эр жигит жолдон кайра артка кылчактачу эмес. Бара көрөбүз да…" деп ойлоп, артына бурула карап деди:
- Аида, мен сени ала качып баратам. Баягы өзүңө айтчудай менин аялым болосуң!
- Эмне, сен эмне деп эле тантырап жатасың?! Токтот машинаңды! - деп Аида шоферго асылып, чаңырып жиберди. Аиданы эки жагындагы эки бала кармап калбаганында, шофер рулга ээ боло албай, натыйжада машина жолдун жээгине чыгып кетмеги бышык болучу.
Келмелери оозунан ыргып, шофёр эле эмес, берки үч баланын да өңдөрү боппоз болуп кубарып кетти. Жан деген кандай таттуу! Шофёр өзүн өзү кармана албай, сөгүнүп жиберди... Бул учурда машина жыгылмактан ала-салып кетсе да, Аидага баары бир эле, оюнун баары төрт баланын колунан бошонуп кетүүдө болду. Жөө болсо да кайра ошончо жолду басып өтүүгө даяр эле. Бирок албан-субандай болгон төрт бала оңой менен коё берерине ишене албай, болгон аракети текке кетээрин билип турса да, күчүнүн бардыгынча кутулуп кетүү амалын жасап жатты. Шофёр машинаны жолдун четине чыгарып токтотту да, Аидага карап:
- Жинди кызсыңбы? Эмне жашоодон түңүлдүңбү? Сенин жашагың келбесе, биздин жашагыбыз келет! Аз жерден эле калдык, дагы жакшы акырын баратканыбыз. Эгер машинаны катуураак айдап бараткан болсом, анда эмгиче түптүз тиги дүйнөгө кете бермекпиз. Айтканыма тооба кылдым, ээ кудай!
- Мага баары бир! Дагы айтам, силер бекер эле убара болуп жатасыңар! Андан көрө мени кайра жеткирип койгула. Жеткирбесеңер, өзүңөр эле элге уят болосуңар!
- Кой эми, Аида, кепке келели, - деп Равшан ооз ачып сүйлөп баштаганда эле Аида:
- Сен сүйлөбөчү! Мен сага эмне дедим эле?! Мен баары бир сага аял болбойм! Олтурбайм! Тийбейм дагы! Уктуңбу?! Менин сүйлөшкөн жигитим бар экенин билесиң. Эгер Болот ушул шумдугуңду укса, ишиңдин бүткөнү. Кийиздей гана тепкилеп, териңди тескери сыйрыры бышык! Андан да элге-журтка шерменде болосуң!! Эмне кылсаңар да, баары бир олтурбайм! !..
Равшан айтайын деген сөзүн оозун таптап барып айта албай калды. Жолдошторунун алдында сынып, кызара түштү. Андан кийин маанилүү деле сөз болгон жок. Бир убакта Равшан кайратын жыйдыбы, шофёрго карап:
- Айда машинаны, бара көрөбүз. Ушунча келип алып, кайра артка кетмек белек?!.. - деди.
Шофёр машинаны от алдырганда, Аида да бошонмокко ордунан катуу обдулду эле, эки жагындагы эки бала күч менен ороп кармап калышты. Аида болгон күчү менен:
- Артка айда машинаны! - деп жулкуна, кыйкырып-кыйкырып алды.
Бирок шофёр анын айткан сөзүнө көңүл буруп да койбой, машинасын алдыга ылдам айдап жөнөдү.
* * *
Айымкан ички үйгө кирип кеткенде, Аида үстүнөн оор жүктү алып салгансып жеңилдей түштү да, эмне кылаарын билбей туруп калды. Бирок эмнегедир жүрөгү опкоолжуп, кара көңүл болуп, жатып эс алгысы келди. Бирок кайдан эс алсын? Ким ага эс алганга мүмкүнчүлүк бермек эле?.. Бир жумуш жасап алаксыйын деген ойдо колуна шыпыргыны алып эшиктин алдын шыпырайын деп даярданып алып, кайра ал оюнан айнып, эшиктин астындагы өсүп турган бакка жөлөнүп ойго алаксып кетти: "Чын эле мен бул үйдө эмне кылып жүрөм? Мен бир кезде Равшанды көргүм келбей жүрбөдүм беле? Мен Болотко эмне деп сөз бердим эле? Эгер азыр Болот келсе, менин абалымды көрсө, кандай абалда калат болду экен? Азыр шаарга качып кетсем, Болот мени кечирет болду бекен? Ушинтип эле тил угуп жүрө беремби? Эскини, кайдагы сарттыкына окшогон салтты кармаган буларга мен оюндагыдай келин боло албайм го, Равшанга ачыгын айтып эле шаарга кете берсемби?" деген ойлорду ойлоп, кабагы бүркөлүп туруп калды. Ошол убакта Айымкан терезеден бакка жөлөнүп турган келини Аиданы көрүп: "Кой, барып көңүлүн көтөрүп койбосом болбойт. Бакшы кемпирдин дубасы жанып кетип чыр салса, анда эле иштин бүткөнү. Шаар көрүп калган кыздын колунан баары келет. "Мен жакпасам, балаңарга башка келинчек алып бергиле!" деп айтпадыбы. Улам эле балабызга аял алып бере бергидей бизде кайдагы шарт бар дейсиң?" деп ойлоп, сыртка чыгып Аиданы эркелете, үнүн жасап сүйлөдү:
- Айланайын Аида, сага эмне болду? Эмне эле ойлонуп туруп калдың? Кайын эне деген ушинтип анча-мынча урушуп коёт. Биз деле убагында кайын энебиздин тилин угуп, күйөөлөрүбүздөн токмок жегенбиз. Келин деген ушинтип эле турмуштун бардык шартына көнөт. Ага көп капа болбо, айланайын. Мен да ачууга алдырып жибербедимби… - деп Аиданын бетинен өптү.
Аида кайын энесинин жылуу сөзүнө эреркеп ыйлап жиберди:
- Менде эч кандай күнөө жок. Равшан эртең менен тургузбай койбодубу... Менин дегеле силерге деген жаман оюм жок.
- Болду эми, көп эле ыйлай бербе. Андан көрө чай коюп, бизге чай берчи. Курсак да ачты. Бирөөнүн үйүнөн кененирээк да чай иче албайм. Кечинде эле келе берелик дедик эле, жибербей коюшпадыбы. "Бир күн конуп эле кетебиз" деп Элмурат да бир жагынан мени урушуп койбодубу. Сен чай кайнатканча, мен магазинге барып көк чай алып келейинчи, ашказаным ооруп жатат. Күчтүү тамак ичсем эле сиңире албай, ашказаным ооруй берген адаты бар, - деп кобурап, дарбазадан сыртка чыкты.
Аида кайын энесинин жылуу мамилесинен кийин шаарга кетем деген оюн эстен чыгарып, шымалана самоорду алып чыгып чай коймокко үйгө кирди. Кайра чыкты эле, ушул учурда короодо экөөнөн башка эч ким жоктугунан пайдаланып утурлай басып, Равшан аны колдон тарта бек кыса кучактап, үлбүрөгөн назик, ысык эриндеринен өөп:
- Аида, апамды кечирип койчу, аз күн чыдасаң, биз кетебиз борборго. Окуубуз эмне болду экен? Бүгүн атамдарга айтып, балким ушул жумада жолго чыгабыз, - деп жалбара карады.
Аңгыча Элмурат абышка сырттан кирип келип, келин-уулунун кучакташып өбүшүп турганын көрүп, шарт артка бурулуп, кайра сыртка жөнөдү. Аида менен Равшан Элмурат абышканын сыртка чыгып кеткенин гана көрүп калышты. "Кучакташып, андан да Равшан өөп атканын атабыз көрүп калды. Эми эмне кылабыз?!" деп экөө тең эшикке чыга албай, ички үйдө уялып бир топко турушту.
* * *
Эртең мененки саат 9дан 10 мүнөт өткөндө "06" маркасындагы "Жигули" Элмурат абышканын эшигинин астына келип токтоду. Аларды Элмурат абышка менен кемпири Айымкан чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. "Саат жетилерде эле келип калабыз" деп айткан эле Равшан. Улам эшикке кирип-чыгып жол карап жатып, жаңы эле үйгө киргенде, эшиктен Равшандын бир досу алактап чуркап кирип келди: "Сүйүнчү! Келин келди!" Муну укканда, Элмурат абышка менен Айымкан эмне кылышаарын билбей туруп калышты. Анан кантмекчи эле, биринчи жолу келин алып, көптөн күткөн тилектери аткарылып атса?.. Экөөнүн тең ооздорунан сөзү түшүп, селейип эле туруп калышты. Биринчи Айымкан эсине келип:
- Болсун, болсун, сүйүнчү беребиз. Ай, абышка, эмне турасың? Ачпайсыңбы эшикти, - деп айтканда гана Элмурат калдаңдап барып дарбазаны ачты.
Машине эшиктин алдына киргенде, үч бала Аиданы чаңыртып машинадан сүйрөп түшүп, каршылыгына карабай үйгө алып киришти.
Аида дале үнүнүн барынча чаңырып кыйкырып, каршылык көргөзгөнүн улантып жатты. Элмурат абышка менен Айымкан мындайды күтүшкөн эмес.
Аиданы күч менен көшөгөгө алып киришкени эле болбосо, алып келген балдар ошол бойдон үйгө жолобой коюшту. Кошуна келин менен Айымкан Аиданын жанынан чыкпай, аны жибитүү, көндүрүүнүн убарасында болушту. Айымкан оозу-оозуна тийбей Аидага жалынып жатты. Бирок канчалык аракет кылышканы менен Аида каршылык көргөзгөнүн токтоткон жок. Бир убакта Элмурат абышка менен кемпири Айымкан уулу Равшанды өзүнчө чакырып алышып, суроо салышты:
- Ушинтип да келинчек алып келесиңби? Минтип сүйлөшпөй алаарыңды билгенде, өзүбүз эле айыл-ападан кыз караштырмак экенбиз, - деди Айымкан кейиген түр менен.
- Азыр эл биле электе, автобуска салып жиберип, айылдын башындагы Аманбайдын быйыл мектепти бүткөн кызын эле алып бербейлиби? Жакшы кыз, жакын дагы, - деди атасы.
Равшан жер караган калыбында:
- Жок, болбойт! Башка кыздын мага кереги жок. Үч жылдан бери эле "сени алам!" деп айтып келе жатам. Бирок "жериңер алыс" деп, болбой каршылык көрсөтүп келаткан. Анан болбой эле ала качып алып келе бердим... - деп карандай калпты айтып алып уялып кетти.
Равшандын: "башка кыз албайм!" деген сөзүн уккан абышка-кемпир: "Эми эмне кылмакчыбыз? " деп шалдайып отуруп калышты.
Жаңылык угулбай койчу беле, "Равшан келинчек алып келиптир! " дегенден бир чай кайнам убакыт өтүп-өтпөй кабардар болушкан кемпир-кесек, аялдар салт боюнча колтуктарына бирден жоолук кыстарып алышып келин көргөнү келип жатышты. Бирок үйгө киришип эле "олтурбайм! " деп чыр салып жаткан Аиданы көрүшүп, мындайды күтпөгөн келин-кесек, кемпирлердин шаабайлары сууп, өзүлөрүнчө күбүр-шыбыр болуп Равшанга нааразы: "Апкелген колуктусу улуу-кичүүнү көзгө илбей, тим эле ай-асманга түйүлөт да. Ой-боюна койбой ала качып келгени көрүнүп турат. Атайын шаардан алып келгенден кийин, сүйлөшсө болмок экен кыз менен". Айымкан баштаган эки-үч келин Аидага жалынып-жалбарып, дале олтургузуунун амалында. Бирок Аида так түйүлө каршылык көргөзүп, өз оюнан кайткан жок.
Эшиктин алдында Элмурат абышка башын жерге салып, ойлонуп олтуруп, өзүнүн жаш кезегин эстеди… Ооба, Элмурат абышка да кемпири Айымканды убагында сүйлөшпөй эле ала качып алган. Айымкан да "сүйлөшкөн жигитим бар, тийбейм, олтурбайм" деп кенен эт бышым убакытка чейин чыр салган болучу.
Алыс калган ал күндөрдө Айымкан чоң энесинин үйүнө коңшу айылдан конокко келген болучу. Элмурат Айымканды бир көргөндө эле жактырган. Анда Айымкан келбети келишкен кара торунун сулуусу эле. Бейтааныш кызды көрүп түнү уйкусу бузулган жигит теңтуштары менен кечинде эжесин ээрчип сууга келген Айымканды ат араба менен ала качкан. Апасы Бурманын ошондогу сүйүнгөнүнө чек жок эле. Себеби Элмурат да атадан жалгыз болучу. Элмурат көпкө балалуу болбой жүрүп, кийин жашы ортолоп калганында, кемпири Айымканды кетирип "башка аял алсамбы?" деп оолугуп баштайт. Анан эле оңдой берди болуп Айымкандын боюна бүтүп калып, Равшанды төрөгөн, кийин Ошто медучилиңада окуган кызы төрөлдү.
Элмурат абышка өткөндү эстеп, ошондо мен "Айымкан менен сүйлөшүп үйлөнсөм, балам да бизди кыйнабай сүйлөшүп аял алмак беле?" деген ойго келди аргасыз. Равшан бул убакта уялып короодо олтурган эле. Чынында ал Аиданы мынчалык чыр салат деп ойлогон эмес.
* * *
Аида кайын атасы менен кайын энесине чай куюп берип жатканда, кайын атасынан уялып араң эле олтурду. Ал эми Равшан уялганынан чайга келген да жок. Ички үйдө олтуруп алып өзүн-өзү күнөөлөп: "Кечинде эле өпсөм эмне болот эле?.. Ай ушу менин шашмалыгым ай! Качан болсо шашылганымдын азабын тартып жүрөм го. Эми атамдын бетин кантип карайм?.. Эгер атамдын ордуна апам көрүп калса, анда небак эле тилинен чаң чыгарып урушуп кирмек. Атам болсо эч нерсе билмексен болуп сыр бербей олтурбайбы. Аида деле араң эле олтургандыр, чай куюп берип…" Ошол убакта энеси Айымкан эки жолу Равшанды "чай ич!" деп чакырды. Равшан экөөндө тең унчукпай кутулду. Равшандын абалын түшүнгөн Элмурат абышка:
- Ээ кемпир, эмне кыласың, курсагы ачканда келип ичет да. Ага эмне бушайман болосуң?
- Улам эле ага чай кайнатып олтурабызбы? .. Чогуу олтуруп чай ичкенге эмне жетсин. Аялын урушуп койсом, коркутуп атат го. Эмки жаштарга түшүнүп бекер… - Айымкан сөзүнүн аягына чыкпай калды. Айымкандын сөзүн сырттан кирген почточу бөлүп кетти. "Салам алейкум!" деп салам берип, почточу Элмурат абышка менен эки колдоп учурашты.
- Сиздерге дилгиремме келиптир Ысык-Көлдөн, - деп үзүктөй кагазды Айымканга сунду да, мындай деди:
- Эртең саат 11де почтого келип сүйлөшкүлө. Келиндин төркүндөрүнөн келген го!
Айымкан:
- Ооба, алыскы Көлдө биздин кайсы туугандарыбыз болсун? Кудалар кызынын дайынын билели деп жиберишкен го дилгиреммени? ..
Аида телеграмма жөнүндө укканда денеси калтырап, өзүнчө бир кызыктай болуп кетти. Телеграмма келет деп күткөн эмес эле. Равшан менен никелешкенден үч күндөн кийин кайын энеси Айымкандын айтуусу боюнча үйүнө кат жазып жиберген.
Катка эч кандай ашыкча сөз жазылган эмес. Катка "күйөөгө өз каалоом менен тийдим. Ноябрдын аягында кайындарым алдыңарга барышат..." дагы ушул сыяктуу сөздөрдү жазган. Айымкан өзү да шартты түшүндүрүп кат жазып жиберген: "Жер алыс, ачууңарды барганда чогуу басабыз. Калган сөз көрүшкөндө болор".
Айымкан телеграммага көз жүгүртүмүш болуп Аидага сунду. Аида телеграмманы алып эле үнүн чыгарбай көз жүгүртүп окуп чыгып, аяк жагындагы "апаң Нурбүбү" деген апасынын атын окуганда, көзүнө жаш тегерене түштү. Ошондо эненин эмгегине, түйшүгүнө, ыйыктыгына Аида чын жүрөгүнөн баа берди. Күйөөгө тийгенден бери эртең менен кайын энеси урушканда гана апасын эстебесе, башка бир да жолу эстебегенин ойлоп ичинен уялып кетти. Почточуну сыртка чыгарып узатып келген Айымкан дасторкондун четине олтуруп жатып үнүн катуу чыгарып Равшанды чакырды. Энесинин ачуулуу чыккан үнүнөн чочулап, дагы бирдемени баштабасын деген ойдо Равшан ички үйдөн чыгып келди да, уялган калыбында жер карап дасторкондун четинен орун алды.
- Эмне эле жер карайсың? Уяла тургандай кайын энең келген жок! Дилгиремме келгенде эле ушунча уялып жатасың, өзү келсе такыр эле качып кетесиң го? - деп Равшан эмнеге уялып жатканынын дайынын билбей эле жемелеп киргенде, Элмурат абышка кемпирине карап:
- Кемпир, сенин кээде оозуңа алың келбей калмай адатың бар, ар бир нерсени таразалап сүйлөбөйсүңбү. Баланын шарты болуп калды да уяла турган, - дегенде, Равшан менен Аиданын беттери кызарып чыкты уялганынан. Равшан жердин катуулугунан гана калды, төбөсүнөн мык менен ургандай болду абалы. Энесинин кечке кулак-мээни жеп урушканы атасынын бир ооз сөзүнө миң эсе караандабайт эле. "Атанын сөзү ок" деген сөз бар эмеспи. Ошол убакта Равшанга атасы ушунчалык сүрдүү көрүнүп кетти...
Эртеси эртең менен эрте турган Аида эшигинин алдын шыпырып коюп, ойго батты: "Апам менен сүйлөшкөндө, Равшан жөнүндө эмне деп айтам. Мындай болоорун билгенимде, жайында каникулга барганда Равшанды жамандабай эле койбойт белем. Оштун Ноокатынан бир Равшан деген параллель группада окуган бала тийишип жүрөт. Мен аны аябай жаман көрөм. Эч нерсеге шыгы жок бала деп Равшандын болгон кылык-жоругун бүт баяндап айтпадым беле?.. Анан эми өзүм жамандаган балага тийип жатсам, апам кандай абалда калды болду экен? Катты да жыргатып жаза албадым… Эне да, баары бир сарсанаа болуп, кат жетээри менен телеграмма жиберген турбайбы. Андан да Болотко тийем деп Болот жөнүндө да айтып бербедим беле… Эми эмне кылам? Ка-ап, мындай болоорун билгенде эч нерсе айтпай эле коймок экенмин. Негизи эле аялзаты өзгөчө, ичке эч бир сыр ката албайбыз го. Тилиме тибиртке чыгып калсачы ошондо. Тилиме алым келбей айтып салбадымбы. Эми ошол тилдин азабын тартып жатам. "Ооздон сөз чыкканча, сөз - сенин кулуң, сөз чыгып кеткенден кийин сен - сөздүн кулусуң" деген кеп бекер айтылбаса керек. Айткандай, мен эми ошол ооздон чыккан сөздүн кулу болуп, эки ортодо кыйналып жатам.
Эми апам: "эмне себеп менен Равшанга тийдиң, өзүң жаман бала деп айтпадың беле?" деп сураса, эмне деп жооп берем? Чынында эле убагында Равшанды көрөйүн деген көзүм жок болчу. Эми карачы, Равшанды бир саат көрбөй калсам, кадимкидей сагынып кетем. Никенин бир күчү бар го. Бирок нике кыйыла электе эле Равшанга жолуккум келип, ал турсун сүйлөшкүм келбеди беле. Көшөгөдө олтурганда, эшикке чыккым келбесе деле, Равшанды көрүш үчүн эшикке улам-улам чыкпадым беле?.. Билбейм, такыр түшүнбөйм. Эмнеге мындай болуп калганыма. үч күн бою олтурбай чыр салып, анан эле төртүнчү күнү Равшанды көргүм келип, аны эңсеп калганым түшүнүксүз. Андан да ошол аялдарга, кайын энеме сүйгөнүм бар деп айтканымчы. Бир эле жолу айтпай, кайра-кайра айтып, анан эле ал сүйгөнүмдү түк эстебей калганым эмнеси? И, баса, Болот эмне кылып жүрөт болду экен? Эгер ал укса, мени сөзсүз издеп келет. Анда мен Болотко эмне деп жооп берем? Билбейм, башым айланып калды. Кайын энем кээде мени жаман көзү менен карап калат, бул эмнеси? Эмнеге десем, көрсө ал дагы тилимдин азабы турбайбы. Сүйгөнүм бар деп айтпай эле койсом, эмне болмок эле?.. Уят эле... аябай уят болгон турбаймбы…"
Аида өзүнүн ою менен алек боло эшиктин алдын шыпырып жатып, кайын атасынын сыртка чыкканын байкабай калды. Элмурат абышка даарат алып келип, эшиктин алдындагы тапчанга чыгып намаз окуш үчүн кыбыланы карап, намазга жыгылганда гана Аида кайын атасын көрүп, оюнан алаксый түштү. Кайын атасын Аида жакшы көрөт. Момун киши... Унчукпай эле жүрө берет. Бирок сүрдүү. Айылга да кадыры сиңген киши. Келин келгенине он беш күн болсо да, ал кайын атасынын жаман сапатын көрө алган жок.
Аида эшиктин алдын шыпырып бүтүп эле чай койду. Аңгыча кайын энеси Айымкан үйдөн чыга келди да, адатынча күн чыгышты карап, жаңы чыгып келе жаткан күндүн нуруна сыйынып жаткансып кобуранып сүйлөп, бата кылып ажаткананы көздөй жөнөдү. Алла Таала ырыскыны эртең менен күн чыкканга чейин чачат дешет. Негизи эле түштүк эли, өзгөчө Ноокат аймагы динге жакын эмеспи. Келин болуп келгени аз күн болсо дагы Аида көп нерсени көрдү, билди. Көлдө мынчалык салт-санаа жок. Орусташып калган эл. Динди деле көп карманышпайт.
* * *
Саат ондон он беш минута өткөндө Равшан менен Аида ээрчишип почтаны көздөй жөнөштү. Мында келгени - Аиданын биринчи жолу көчөгө чыгышы. Дарбазадан узатып жатып, Айымкан келинине улам кайталап эскертти: "Апаңа ашыкча кеп айтпа. Бизди сурашса, конокко кетишкен, үйдө жок эле деп кой. Анан дагы унутпа, ноябрь айында бир жолу барабыз алдыңа, биротоло. Түшүндүрүп айт баарын. Ылдам келгиле, көчөдө ээрчишип жүрө бербей. Жумуш көп: төшөк каптайбыз, кир жуушуң керек, үйдүн башка да кем-карчы толтура. Анан бүгүн нан да жасашыбыз керек", - деп оозу-оозуна тийбей сүйлөп, келин-уулун алыс жакка жөнөтүп жаткансып Айымкан бир топко узата карап калды.
Жолдо бара жатканда Аида:
- Равшан, апаң бизди алыска жөнөткөнсүп аябай узатты го. Биз Фрунзеге кетсек, эмне кылат болду экен? Биз менен кошо барат го, апабыз!..
Равшан:
- Айтпасаң деле өзүм жеткизип барам деп жаткан өткөндө. Билбейм, айнып эле калбаса…
- Эски кишилер кызык эле болушат.
* * *
Аида менен Равшан почтага белгиленген убактан жарым саат эрте келишкен эле. Себеби почточу эртерээк келгиле - деп айткан болучу. Почтого келген элдер Равшан экөөнө көз кырларын салып, "Элмураттын келини турбайбы" дегенсип Аидага карап өтүп жатышты. Аида ошол жарым саат убакыттын ичинде эмнелерди гана ойлогон жок. Баягы эле суроо жүрөгүн өйүйт: "Апама эмне деп жооп берем?" Алдыда оор экзамен тургандай жүрөгү дүкүлдөйт. Бир убакта телефонист: "Ысык-Көл менен сүйлөшчүлөр келгиле, сүйлөшкүлө! " деп калды. Телефонист чакырганда, Аида өңү кызарып, жүрөгү баштагыдан да катуу согуп, өзүнчө эле сүрдөп кетти. Жакшы эле кадамын алдыга таштагансыйт, бирок буту бир жерден жылбагансып туюлду өзүнө. Телефонду кулагына такап Аида апасы Нурбүбүнүн "алло!" дегенин укканда эреркеп ыйлап жиберди. Албетте ыйлайм деп ойлогон эмес эле. Эмнеге ыйлаганын өзү дагы билбей калды. "Ало-ало! " деген энесинин удаа-удаа айтылган сөзү Аидага "сага эмне болду, сени кыйнап жатышабы?" деген маанини берди. Аида өзүн колго алып:
- Апа, бул мен эле. Угуп жатам. Кандай жатасыздар? " - деп өзү биринчи апасына суроо узатты.
Апасы Нурбүбү:
- Кызым, кандайсың, эмне ыйлап жатасың? Сага эмне болду?" - деп суроосуна жооп бербей, кайра өзү Аидага суроо узатты.
Аида энесинин берген суроосуна эмне деп жооп беришин билбей калды. өзү ойлонгондой эле энеси телефон аркылуу эле кызынын абалын билип койду. Аида мукактанып жатып:
- Эч нерсе болгон жок. Мен жөн эле сиздин үнүңүздү укканда, эреркеп ыйлап жибердим. Сизди сагындым.
- Кантип сагындың? Үйдөн кеткениңе бир айдан жаңы эле ашпадыбы?..
- Билбейм!.. Сизди көргүм келип, сизди көп эстейм.
- Аида, сен эмне болуп калгансың? Мындай жашык эмес элең го? Чечкиндүү эле, шар жүргөн кыз эмес белең?.. Эмне, сени кыйнап жатышабы?
Аида өзүн колго алып:
- Жок!.. Баары жакшы, менден кам санабай эле койгула.
- Куда-кудагыйлар кандай немелер экен?
- Жакшы. Алар бүгүн үйдө жок эле. Коңшу айылга конокко кетишкен. Ноябрда алдыңарга түшкөнү барабыз деп жатышат.
- Окууңарга качан барасыңар?
- Билбейм. Бир жуманын ичинде барып калабыз го.
- Сен эмне болуп Равшанга тийип калдың? Сени ала качып алдыбы?
Аида ушул суроону бербей эле койсо деп тилеген эле. Бирок баары бир сурайт деп ойлоп жооп камдап койгон. Камдап койгон жообун да айта албай койду. Берилген суроону жоопсуз калтырды... Энеси Нурбүбү үнүн өктөм чыгарып:
- Сага эмне болгон? Эмне жооп бербейсиң?
Аида энесинин өктөм үнүн угуп:
- Жөн эле, сизге эмне деп жооп береримди да билбейм калдым. Барганда баарын айтып берем.
- Эмне, кыйналып жүрөсүңбү? Байкең менен жеңеңди жиберейинби?
Аида шашып кетти:
- Жок! Кереги жок! Баары жакшы эле, кыйналган деле жокмун. Аз күндө Равшан экөөбүз Фрунзеге барып калабыз...
Ошол убакта свет өчүп, байланыш үзүлүп калды. Аида сөзүнүн аягына чыкпай калганына өкүнүп:
- Ай, эмне болуп кетти? - деп операторду үмүттүү карады. Оператор:
- Свет өчтү. Эки саатка чейин күйбөйт эми. Кете берсеңер болот. Ремонт болот. "Трансформаторду оңдойбуз! " деп айткан кечээ электрик. Ошонун себебинен почточудан силерди эртерээк келишсин деп айттыргам. Жакшы, аз да болсо сүйлөшүп калдыңар.
Равшан оператор сураган акчаны берди да:
- Рахмат сизге, - деп сылык коштошуп, сыртты көздөй кадам шилтеди.
Равшандын артынан чыгып келе жатып Аида: "Эми менден Равшан эмне ыйлайсың? деп сурайт. Дагы бир балээни башыма жүк кылдым. Деги эмне болуп жатам? Кыз кезимде ашыкча сүйлөгөн жан эмес элем?.." деп ойлоду.
Равшан Аиданын оюн бөлүп:
- Эмне ыйлап жибердиң?! Ал жердеги элден уялганымдан араң турдум. Минтип уят кыларыңды билгенде, келмек эмесмин. Апаң дагы эми санаасы тынбай калды го сенден?..
Аида өзүн күнөөлүү адамдай сезип:
- Кечирип койчу, мен ыйлайм деп эч ойлогон эмесмин. Апамдын үнүн укканда эреркеп кетпедимби.
- Билбейм, сага ишениш бекер экен. Уят кылат турбайсыңбы.
Аида жер карап басып бараткан калыбында:
- Равшан, мен азыр өзүмдү такыр башкача сезип жүрөм. Кандайдыр бир күч мени башкарып жүргөндөй. Билесиңби, кыз кезимде кандай элем? Азыр сени бир минута көрбөй калсам, сени көргүм келип, сагынып кетем. Сага тие электе кантип жашап жүргөнүмдү билбейм. Сенсиз жашоону элестете албайм. Эмнегедир акыркы күндөрү сага аябай берилип баратам. Бул эмне күч, же чыныгы сүйүүбү?
Равшан Аиданын сөздөрүнөн дубанын күчү бара-бара катуулап таасир берип жатканын айттырбай түшүндү. Бир сөз айтайын деп Равшан оозун таптап барып, айтпай койду. Себеби "ал сөз Аидага катуу тийип калат го, кой, андан көрө ал сөздү айтпай эле коёюн" деп ойлоду. Анын үстүнө Аиданын акыркы айткан сөздөрү Равшандын көңүлүн көтөргөн эле. Равшан бир да кыздан мындай сөз уккан эмес. Аялзатынан жылуу сөз угуу эркекке кандай күч-кубат берээрин Равшан эми чындап билди. Аиданы бир кучактап өөп-өөп алгысы келип кетти. Бир жагынан бул сөздү дубанын күчү айттырып жатканын эстегенде, өзүн коёрго жер таппай калды. Үйгө чейин унчукпай ар кимиси өз ойлору менен алек болуп келишти.
* * *
Равшан менен Аида дарбазаны аттаары менен энеси:
- И, келип калдыңарбы. Сүйлөштүңөрбү деги? - деп үстөккө-босток суроо берип жиберди.
- Ооба, сүйлөштүк. Бирок свет өчүп калып, аз эле сүйлөшүп калдык.
Айымкан кабагын бүркөп:
- Эмне, сен дагы сүйлөштүңбү?
- Жок. Аида жаңы эле сүйлөшүп жатканда, свет өчүп калды, - деп Равшан күнөөлүү кишидей жер карап туруп калды.
Айымкан кабагын бүркөгөн калыбында Аидага карап:
- Үйгө кирип чечинип чык. Жумуш кылабыз! - деп буюра сүйлөдү.
Аида унчукпай үйгө кирип кетти да, бат эле кийимин которуп келип, Айымканга жардам берүүгө киришти.
Бир убакта Айымкан Аидага карап:
- Энең эмне деди? Келгениңе бир ай боло электе телеграмма берип… Эмне, сени сагынып кетиптирби? Же эмне, бизди "качан калың алып келет?" деп күтүп жатышабы?
Аида мындай сөздү күткөн эмес. Эмне деп жооп берерин билбей эле селейип туруп калды. Айымкан Аиданын абалын көрүп:
- Эмне селейип туруп калдың? Мен сенден сурап жатам?!
Аида түшүнөн чочуган адамдай селт этип чочуп кетти да:
- Эмне дейсиз? - деп Айымканга суроо узатты да, дарбаза жакты карады. Ал убакта дарбазанын жанында Аиданын группалаш үч кызы турган эле. Аида эмне кылаарын билбей дароо эле ордунан атып тура, чуркап барып эле группалаш кыздарына бой таштады. Группалаштары Айымкандын сөздөрүнүн баарын угушкан болучу. Айымкан да үч бейтааныш кызды көрүп, өзүн башкача сезип кетти. "Булар кимдер болду экен?" деген суроо пайда болду да, ордунан обдулуп туруп, мүнөзүн өзгөртүп:
- Келгиле, силер ким болосуңар? - деп шыпылдап сурап жиберди:
Аиданын бир курбусу Айымканды жаман көрүп турса да, анысын билгизбей салам берип, ал-акыбалын сурамыш этти:
- Жакшы жатасыздарбы? Биз Аиданын группалаштары болобуз. Эки күндөн кийин Фрунзеге кетмек элек. Агай да "дайынын билип койгула" дегенинен эле учурашып келели деп келдик.
- Келгиле, үйгө киргиле. Мен дагы кимдер келди деп чочуп кеткенимчи. ..
Аида Айымканга кошулуп:
- Келгиле, үйгө киргиле, - деп ооз учунан күбүрөдү.
Аиданын группалаштары дарбазадан киргенде эле өздөрүн ыңгайсыз сезишип, "ка-ап, беймаал учурда келген экенбиз..." деген арасат ойдо калышты. Аиданы кекетип-мокотуп жаткан Айымкандын ачуу үнүн угушканда эле курбусуна боорлору ооруп, эмне кылаарын билишпей туруп калышкан. Ал түгүл ичкери кирип, салам айтканды да унутушуп, нес болуп тура беришкен. Качан Аида көрө калып чуркап келип кучактап калганда гана ага үймөлөктөшүп калышты. Аида өзүн кармана албай ыйлап жиберди. Анткени ойдо жок сөздү болгондо да курбу кыздарынын көзүнчө угуп жатса, намысы ойгонуп кеткен эле. Кыздар акырын басып үйгө киришкенде, Айымкан өзүнчө эле кобуранып, күнөөсүн сезгенсип актанып жатты:
- Силердин келгениңерди билбей эле келиним экөөбүз өзүнчө сөзгө кирип кеткен турбайбызбы. .. Ээ, Аида, чайыңды кой, тасмалды мен эле салам. Равшан кайда жүрөт болду экен?
Кыздар конок каадасы кылып эч унчукпай, сыпаа сүйлөшүп жатышты. Бир убакта сырттан Равшан кирип келип, кыздарга салам айтты:
- Оо, кыздар, кандайсыңар? !! - деп колун сунуп учурашты.
- Жакшы! Эмне, кызыбызды уурдап алып, дайыныңды билгизбей жатып алдың? Биз сени күтүп атып тажап кеттик. Анан өзүбүз келдик. Келем деп айткан турбайсыңбы. Агай да күтүп тажаганда, "дайынын билип келгиле" деп бизди жиберди, - деди кыздарлын бири.
Равшан калп күлүп:
- Өзүм деле эки-үч күндө барайын деп жаткам. Шарт болбой жатты, - деп жооп берди.
Равшан калпты айтып алып, энеси Айымканды карап калды. Уулунун кыздар менен кол алышып учурашканын көргөндө эле "эркек дагы кызга кол сунуп учурашабы?" деп көкүрөгү кирдей түшкөн. Эми минтип каратып туруп калпты айтканы ого бетер кыжырын келтирди. Ал аз келгенсип Айымкан кыздардын алдында: "кайдан дагы Аиданы уруштум экен?" деп өзүнө өзү күнөөлүү болуп жаткан. "Кечээ эле урушпайм деп өзүмө-өзүм сөз бербедим беле? Эми бул кыздар эмне деп ойлоп калышты болду экен? Аиданы бузбаса болду. Булар менен кетем деп калса, эмне кылам? Ай ушу менин жеңилдигим ай! Качан болсо тилимдин азабын тартып жүргөнүм жүргөн..."
Аңгыча сырттан Аида кайнаган чөөгүндү көтөрүп кирип келди. Чай ичип олтурушканда сөз деле сүйлөнгөн жок. Группалаш кыздары Аиданы көрүп алышып, аябай таң калып жатышты: "Аз убакыт ичинде ушунчалык да өзгөрүлөбү адам?.." үчөө тең Айымканды эки жүздүү экен деп жаман көрүп калышты. Бирок эч сыр бербей олтурушту. Аида улам-улам эле Равшандын атын айтып, "Равшан, чай ич" деп оозунан түшүрбөй калганын үч кыз келгенден бери байкап олтурушту. Бир убакта Айымкан сыртка чыгып кеткенинен пайдаланып үч кыздын бири, Аиданын жакын дос кызы Айдай:
- Сен эмне болуп калгансың? Тим эле сүйүп тийгенсип, Равшанды оозуңан түшүрбөй эле калыпсың?! Жанатан бери байкап олтурсам, "Равшан, Равшан" деп эле жатасың.
Аида берилген суроого эмне деп жооп берерин билбей калды:
- Күйөөм болсо эмне кылам анан?
Равшан сөзгө аралашты:
- Мени сүйөт да, абышкасынын атын айтпаганда, кимдин атын айтат?
Айдай Равшанды көп жактыра бербей:
- Билбейм, Аиданын башын айлантып алгансың го, такыр эле өзгөрүлүп кетиптир. И баса, Болот да келем дегендей кылып жаткан. Ал кечээ жакында эле укту. "Мен анын башын жулам!" - деди дароо эле. - Баары бир алып келем, Аидасыз мен жашай албайм. Мени анын кыз же жубан экени кызыктырбайт. "Жакында үйлөнөм!" деп үйдөгүлөргө да айткам, мага Аидадан башканын кереги жок!" - деп айтты. Балким, бүгүн-эртеңден келип калышы ыктымал, - деп оюндагысын түз эле бетине айтып салды.
Бул сөздү сырттан кирип келаткан Айымкан дагы укту. Равшан Болоттун атын укканда өңү өзгөрүлүп: "Эмне?!. ." деп жибергенин билбей калды. Айымкан кирип келгенде, Айдай сөзүн токтотуп, туруп калды. Ортодо тынчтык өкүм сүрүп, ар ким өз ойлору менен алек болушту.
Айымкан Болот жөнүндө укканда: "Эми эмне кылабыз? Жок дегенде Аиданын ата-энесинин алдынан өтүп койсок эмне? Эми тиги Болот дегени теңтуштары менен келип, Аиданы алып кетсе, эмне кылабыз? Элдин бетин кантип карайбыз? "Баягынын келинин жигити жулуп кетиптир! " деген сөз тараса, ит эле болдук!" деп санаа тарта баштады.
Аида деле Болот жөнүндө ойлоп жаткан: "Чын эле Болот келип мени "алып кетем!" десе, эмне кылам? Эмне деп жооп берем? Айдай айткандай, чын эле Равшан менин башымды айлантып алганбы? Бир туруп ушу үйдөн алыс кетким келип кетет..."
Равшан дагы: "Эмне кылам? Болоттун келээри бышык. Ал бир беттегенин бербейт. Чын эле келип, Аиданы алып кетсе, эмне кылам?" деп ичинен кыжаалат болду.
Үч кыз дагы Аиданын келин болуп келген жерин ичтеринен жактырбай олтурушту. Тынчтыкты сырттан кирген Равшандын атасы бузду. Элмурат абышка үйгө кирип келгенде, үч кыз орундарынан тура калышты да, салам беришти:
- Саламатсызбы?
Элмурат абышка берилген саламды кабыл алып:
- Жакшы. Өзүңөр кандайсыңар? Отургула, отура бергиле. Мен чай ичпейм. Айымкан, сыртка чыкчы, жумуш бар сенде.
Айымкан сыртка чыкканда, Элмурат абышка:
- Булар кимдер экен? - деп сурады.
Айымкан:
- Аиданын чогуу окуган курбу кыздары, учурашалы деп келишиптир.
- Тамак жасап жатасыңбы ошол конокторго?
- Азыр жасатам.
- Коңшу айылдагы баягы Бекиш досум өтүп кетиптир, барып келели.
- Мен барбайм. Барсаң өзүң бар. Келин эмне болот?
- Кечинде эле келип калабыз. Экөөбүз барбасак болбойт. Келинге айт, тамак жасап, конокторду жакшылап коноктосун.
Айымкан абышканын сөзүнө ынанып үйгө кирди да, Аидага: "Биз кетип жатабыз, кечинде келебиз, конокторду өзүң сыйла", - деп сыртка чыкты да, чалы экөө жөнөп кетишти.
* * *
Кайната-кайнененин кетиши Аиданын досторун кубандырды. Өздөрүн жеңил сезип, жайлана олтурушту. Аидага үстү-үстүнө суроо берип, жаңылыктарды айтып, өздөрүнчө каткырып, бир черден чыгышты. Аида дагы бүгүн бир чечилип, көңүлү ачылды. Равшан кыздар менен олтура албай сыртка чыгып кеткен.
Айдай Аидага карап:
- Сен такыр башкача болуп кетипсиң. Баягы чечкиндүүлүгүң такыр жок. Эмне болуп калгансың? Болот келип калса, кетесиңби анан? - деп сурады.
- Билбейм... Равшансыз жашоомду элестете албай калдым. Билбейм... Үч күн олтурбай чыр салдым. Анан эле үчүнчү күнү кечинде кайын энем сыйлап тамак бергенден кийин Равшанды көргүм келип, Равшан менен сүйлөшкүм келип, бир башкача кумарлана баштадым. Чынын айтсам, ошондогу тамакты ичкенден кийин эле такыр өзүмдү башкача сезе баштадым.
- Сени дубалап салган го. Равшанды жаман көрчү эмес белең. Эми эмне оозуңдан түшүрбөй калган деп жатса, көрсө дубалап салган турбайбы! - деп Айдай өзүнчө чыйпылыктап жиберди.
Аида өзүнүн жакын курбусу Айдайдын сөзүнө анча деле маани берген жок. Ал турсун, ал сөзгө көңүлкош мамиле жасап койду. Чындыгында Равшан жөнүндө жаман сөз уккусу келген жок.
- Ээ Айдай, эмне кылабыз. Буйруктан качып кайда бармак элек. Убагында жөн эле кыр көрсөткөнүбүз менен чабал экенбиз да аялзаты. Эгер сен менин ордумда болсоң, билбейм, эмне кылмак элең? Мени дубалап салган күндө дагы менин никемди Равшанга буйруп койгон да. Дагы айтам, азыр Равшансыз жашоомду элестете албайм жана ал жөнүндө жаман сөз дагы уккум келбей турат.
Айдай чыйпылыктаган калыбында:
- Болотчу? Болотту сен ойлойсуңбу? Сен аны кандай сүйүп жүрдүң эле убагында. Эмне Болотту унутуп калдыңбы? - Айдай демин токтотпой үстөккө-босток суроо берип жиберди. - Эмне сен он-он беш күндө эле Болотту унутуп калдыңбы? Эгер эртең Болот келип калса, сен ага эмне деп жооп бересиң?! Же эмне, анда дагы Равшансыз жашоомду элестете албайм дейсиңби?
Берки эки курбусу дагы Айдайдын сөзүн коштоп:
- Сен эмне, сүйүүгө туруксузсуңбу? Сен бир кезде, билесиңби?.. "Болотсуз жашоомду элестете албайм!" деп айтчу эмес белең?
Аида курбу кыздарынын суроолоруна жооп бере албай, жарга такалган кийиктей эч айла таба албай калды. Айдай акырын сүйлөп, Аиданын абалын түшүнүп, жай сөзгө өттү:
- Аида, албетте өзүңдүн жашооң өзүңдө. Бирок сен келечегиңди ойло да. Сен бул кейпиң менен окубай да калышың ыктымал. Сенин жашооңо кийлигише албайбыз. Өзүңдүн башың өзүңдө. Бирок чынын айтсам, сени бул үйгө, Равшанга ыраа көрбөйм. Сен өсчү кызсың. Сабактагы жетишкендиктериң, эл менен тил табышып, ар бир адамга кылган мамилең, деги койчу, сендеги жакшы сапат бардык эле кыздарда кезиге бербейт. Сени бузгандай болбойлу, баарын өзүң чеч. Эгер бул жерде калам десең, кайнеңдин заар тилин угуп жүрө бер.
Аида үшкүрүп, башындагы жоолугун оңдоп салынып:
- Сеники туура. Айтканыңда калет жок. Бирок мен өзүмдү өзүм башкара албай жатпаймынбы? Мен дагы ойлонуп көрөм го. Чымкентке баралычы, анан калганын ошол жактан көрө жатарбыз.
Унчукпай турган Гүлнур:
- И баса, Чимкентте менин бир таанышым бар молдо чалыш. Дубаны жандырам деп айтканы бар.
Айдай:
- Чын элеби? Андай болсо мен өзүм киришип, дубаны жандырганга аракет кылам. Балким, башка дагы бир кара күч сени ээлеп алгандыр?..
Төрт кыз бир топко чейин сүйлөшүп, кеңешип олтурушту. Бир маалда Аида тамак жасаганы сыртка жөнөгөндө, үч курбу кыз Аида сыртка чыгып кеткенден пайдаланып, үй ичиндеги аял затына таандык буюмдарды сынап киришти:
- Тиги туш кийизди качан сайган деги? 30-жылдарга таандык го. Өңү дагы өчүп алыптыр. Жаңы деле мебель жок го үйлөрүндө. Үйүнүн ичи аябай эле жупуну экен, - деп унчукпай олтурган Элмира дем албай бир топ сөздөрдү айтып жиберди. Элмиранын сөзүн Айдай коштоп:
- Кары кишилердин аң-сезими менен биздин аң-сезимди салыштырба да. Бирок ошентсе да аябай жупуну тургандарында калет жок. Кайын атасы намаз окуйт го?.. - деди.
Эшиктин ачылган үнүн уккан үч кыз сөздөрүн кыскартып, унчукпай отуруп калышты.

#5 04 April 2014 - 17:42
Күн кечтеп бараткан сайын Айымкан бир орунга отура албай, улам абышкасын шаштырып жатты:
- Болбойсуңбу эми! Күн кечтеп баратат. Эрте үйгө баралы. Келин эмне кылып жатат болду экен? - Айымкан шаштырган сайын Элмурат абышка улам бир кишиге жолугуп, сөзү түгөнбөөчүдөй. Ансайын Айымкандын шаштысы кетип, бир жагынан келинин ойлогондо жөө болсо да жөнөп кеткиси келип, санаа чеккени күч алды.
"Эмдигиче тиги үч кыз Аиданы бузуп атышкандыр? .. Ээрчитип кетип калышпаса эле болду? Ай ушу менин тилимдин азабы ай! Кайдан дагы ошол курбу кыздары келип калды эле? Менин айткан сөздөрүмдү угушса, кантип эле Аиданы бузбай коюшсун?.. "Шаар көргөн эчкиден түңүл" деген.. Уулубузга Аманбайдын эле быйыл мектепти бүткөн кызын алып берели деп айтсам, Равшан такыр болбой койбодубу. Эми жанагы Болот дегени келип: "Аиданы алып кетем!" десе, эмне кылабыз?" Болотту эстегенде, Айымкан өзүн кармана албай, басып барып абышкасын колдон тартты:
- Болбойсуңбу? Күн кечтеп баратат. Сени канча күтөм эми? Үйдө дагы конок бар эмеспи.
Элмурат абышка сөзүн токтотуп:
- Болуптур анда. Дагы жолугабыз. Биз жылалы, - деп кол алышып, өзү теңдүү эки абышка менен коштошуп, Айымкан экөө жолго чыкты.
Айымкан:
- Тим эле сөзүң бүтпөй калат. Аял болсоң, кандай болот элең, билбейм?
- Ээ, кемпир, арабыз суюлуп, биз теңдүүлөр азайып баратса, анан кантебиз? Баары эле көзгө жылуу учурайт, карылык деген ушул турбайбы, көбүн тааныбай да калыптырмын. "Эски дос эстен кетпейт" деген. Анын сыңары, эски достор көзгө жакшы көрүнөт эмеспи.
- Билбейм, улам бир кишиге жолугасың, мындай сөзүң көп болсо мени ээрчитпей эле койбойсуңбу. Же мурда-кийин катышыбыз болбогондон кийин.
- Ээ, кемпир, мен сен жок кантип келем. Же эмне, мен бойдок жаш жигит белем? Сүйлөйт десе эле, сөз деп сүйлөй бермейиң бар.
Кемпир-чал аялдамага келгенде, күн уясына кирип, бүгүнкү күн да аяктады. Бир күндүк жашооңор да өттү дегенсип жымыңдап батканын көргөн Элмурат абышка сөздү башкага буруп:
- Эртең дагы күн ачык болот экен, - деп кобуранды.
Айымкан абышканын сөзүн коштоп:
- Ооба, күн эртең дагы ачык болот. Күндүн ачык болгону эле жакшы, - деди.
Ошол маалда көчөнүн аркы бетинде жашаган Токторбектин уулу ат араба менен ылдыйкы көчөдөн чыга келди. Элмурат абышка үнүн бийик чыгарып:
- Эй бала! Токтот арабаңды. Бизди ала кет. Эми кантип кетебиз деп жаттык эле, ырас болбодубу.
Араба айдаган бала аттын оозун тартып:
- Олтуруңуздар, сиздерди кантип эле ала кетпейин. Биз дагы силердей болуп карыйбыз, - деди.
Абышка-кемпир арабага олтуруп айылын көздөй келе жатышты.
* * *
Сырттан Равшан бир жолдош баласы менен кирип, кыздарга кайрылды:
- Таанышып алгыла, классташым болот, чогуу окуганбыз.
Досу кыздарга колун сунуп атын айтты:
- Рахимжан.
Кыздар дагы ооз учунан өз аттарын айтышты. Равшан тапандана сүйлөп:
- Бойдок. Үйлөнө элек. үйлөнөйүн эле дейт, кыз жок ылайыктуу.
Айдай Равшандын сөзүн бөлүп:
- Бир кызыбызды алдыңар, болот ошол эле. Биз бул жерге күйөө издеп келген жокпуз!
Равшан өзүн ыңгайсыз сезип:
- Мен жөн эле силерге эрмек болсун деп ээрчитип келдим. Тааныш болуп жүргөнгө эмне жетсин, Айдай.
- Мунуң башка кеп, тааныш болуп жүрөлү десең, мунуңа биз каршы эмеспиз.
Равшанга Айдайдын айткан сөздөрү таасир берди. Айдай сүйлөп жатканда, Аиданын кыз кезиндеги өктөмдүгүн эстеп кетти. Ошондо дагы бир жолу дубанын күчүнө тан берди: "Азоо аттай так секирип отурбайм деген кызды олтургузуп, ал турсун мага өйдө карап сүйлөбөгөндөй абалга жеткизип салды, бул эмне деген күч, эмне деген касиети күчтүү дуба! Эгер дубалатпасам, Аида минтип биздин үйдө олтурбай калсын! Убагында мени канча жолу кагып, урушпады дейсиң, эми антип урушмак турсун, мага карата жаман дагы ойлобойт" .
Равшан өз ою менен алек болуп жатканда, Элмира:
- Равшан, эмнени ойлонуп атасың? Же эмне, биздин да башыбызды айлантып, досуңа алып берүүнүн жолун ойлонуштуруп жатасыңбы? - дей салды.
Бул сөз Равшанга аябай эле катуу тийди. Элмиранын сөзүн эшиктен кирип келе жаткан Айымкан дагы укту да, балта менен башка чапкандай бир ордунда катып туруп калды. Эмне деп жооп берет экен деп Равшанды карады. Равшан токтоолук менен:
- Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлөсөң боло, оозуңа келгенди сүйлөй бербей. Кантип далилдеп бересиң менин Аиданын башын айлантып алганымды? Баятан бери унчукпай койсом, ашыкча сүйлөп баратасыңар. Силер эмне, Аидага учурашканы келбей эле, сынаганы, чатак салганы келгенсиңерби? .. - деди нааразылана.
Айымкан уулунун айткан сөздөрүнө ыраазы болуп, "ашыкча сөз болбосун" дегендей үнүн чыгарып жөтөлүп койду да, ички үйгө кирип кетти. Апасынын үнүн уккан Равшан сөзүнүн аягына чыкпай калды. Кыздар дагы ыңгайсыз абалда калышты. Айымкан өзүнчө сүйлөнүп:
- Карылыгың да курусун. Кичине басып койсом, күйүгүп чыкпадымбы? - деп үйдө отургандарга эч сөз укпагандай түр көргөздү. Бирок ичинен кыздарды жаман көрүп жатты. Аида кайненесинин чепкенин илгичке илди да:
- Эне, эмне тамак жасайын? Жана сизден сурайм деп унутуп калыптырмын.
Айымкан алаканын тарс чаап:
- Апей, ботом, эмдигиче тамак жасай элексиңби?.. Мен тамак бышты го деп ойлоп атсам. Сен алигиче баштай элегиң эмнең? Тамакты өзүң билип эле жасай бербейсиң да…
* * *
Эртеси эртең менен кыздарды Равшан менен Аида аялдамага чейин узатып келишип, автобуска салып жиберишти. Кыздар кетээри менен эле Равшан үнүн чыгарып сөгүнүп алды да, сүйлөнүп кирди.
- Жанагы Айдай курбуң такыр жакпайт. Тили буудай куруйт го, чиркин! Кандай күйөөгө туш келет болду экен?.. Сын такканды эмне кылат? Деги эле группалаштарың мени аябай капа кылды. Дагы жакшы, апам укпай калды айткан сөздөрүн.
Аида үнүн чыгарбай акырын басып келе жатты. Негизи эле Равшандын сөзүнөн чыга албайт болчу. Эгер ашыкча сөз сүйлөсө эле, Равшандан катуу жеме угарын билет. Аида дос кыздары айткандай акыркы убакта өзгөрүлүп кеткенин өзү дагы сезип, ал турсун башы дагы ооруп, өзүнчө эле туталанып жүргөн эле. Эмне себептен экенин билбей жүргөн. Унчукпай келе жаткан Аидага Равшан:
- Эмне сүйлөбөйсүң? Же эмне досторуңдун айтканын туура көрүп жатасыңбы?.. Сени көрө албай жатышат алар. Экөөбүз шаарга баралы, анан баары башкача болот.
- Эми кайсы бирин айтайын?.. Кечээ биз почтодон жаңы эле келип, энем мени урушуп жатканда, келип калышып, айтканын бүт угушту. Анан алардыкы дагы жөндүү болуп жатпайбы?
- Сени эмне деп урушту эле?
- "Апаң эмне, сени сагынып кетиптирби? Же "калыңды качан алып келет?" деп жатышабы?" деп мени катуу зекиген. Чынында мен андай сөз айтат деп күткөн эмесмин. Бир убакта эле дарбаза жакты карасам, группалаш үч кыз бизди карап турушуптур. Энем артты карап жүн тытып жаткан калыбында сүйлөнө берди. Ал сөздүн баарын тиги үч кыз укту. Анан алар деле жаман ойдо калышты да...
Равшан кабагын бүркөгөн калыбында:
- Ай ушу апамдын тили ай! Качан болсо чырдын башында жүрөт. Бекер эле кыздарды күнөөлөп жатыпмын… Эми алар тиякка эмне деп айтып барышат болду экен? Кап, эми эмне кылабыз?
- Равшан, энеме айтчы, жөн эле уруша бербесинчи. Ар нерсе орду менен болгону жакшы да.
- Мен айтсам, эмне аялыңа болушасың деп айтаары - турган иш. Андан көрө унчукпай эле кутулганыбыз оң.
- Эртерээк эле кетсек экен Чимкентке. Аябай чарчап жүрөм.
Аларды дарбазанын оозунан Айымкан тосуп алды. Ал санаасы тынбай жол карап турган болчу. Аида үнүн жай чыгарып:
- Санаасы тынбай жол карап турганын. Биз кеткенде эмне болушар экен? - деди.
- Ээ, Аида, кары киши ушундай болот турбайбы? Биз кеткенде эмне, аларды карышкыр жемек беле? Сен келин болуп келе электе эле жашоосу өтүп келген, эми деле бир тиричилиги тургандыр, - деп унчукту Равшан үнүн басыңкы чыгарып.
* * *
Эртеси таң азандан эшиктен почточу кирип келди. Кооптоно караган Айымкан:
- Тынччылыкпы? Карга бок чокуй электе келип калыпсың?..
- Жөн эле. өйдө жактан келе жатып Элмурат акама учураша кетейин деп эле…
- Аның жакшы. И эмне кеп бар? Жаңылыктын ээси сенсиң да. Болгон гезиттин бир тамгасын койбой окуйсуң?.. - деп Элмурат аксакал сакалын сылай суроолуу карап калды.
Алдындагы пиаладагы чайдан ууртап почточу:
- Гезит окуганга деле убакыт болбойт. Эч деле жаңылык жок. Быйыл кургакчылык болду го, - деп сөздү башкага буруп кетти.
Аида сыртка чыгып кеткенинен пайдаланып почточу:
- Көлдөн телеграмма келиптир. Келиниңер Көлдөн беле?
- Ооба, эки эле күн мурда барып сүйлөшүп келбеди беле. Дагы келиптирби? Калың үмүт кылып жатышкан го?.. Ээ, чал, алдына барып кутулбасаң, жай коюшпайт го.
Почточу үнүн акырын чыгарып:
- Э жеңе, сөз төркүнүн аңдабай эле сүйлөй бергениң бар. Деги бул жоругуңуз качан калат? Тиги келиниңердин атасы өтүп кетиптир. Телеграммада "Атаң Өмүрбек каза болду" деп жазылуу экен.
Айымкан ордунан чочуп тура калды да, сырттан кирип келе жаткан Аиданы көрүп өзүн колго алып, билмексен болуп кайра отуруп калды.
Почточу Айымкандын жоругун көрүп, "артист эле болчу катын да" деп ойлоп койду. Аида дасторкон четине келип отуруп чай куя баштады. Ошол убакта Айымкан Аидага кантип угузуу жолун ойлонуп жатты. Бирок абышкасына дагы кеңешип алууну ойлоду. Айымкан бир убакта үнүн жасап чыгарып:
- Аида, биздин өзүбүзчө сөзүбүз болуп калды, үйгө кире турчу, - деди. Аида ордунан туруп, ички үйгө кирип кетти.
Айымкан:
- Эмне болуп өлүптүр? - деп почточуну карады.
Почточу күлүп:
- Э жеңе, кызык эле адамсыз да. Аны дилгиремге жазбайт да. Бүрсүгүнү коюлат экен жерге.
Айымкан чочуган калыбында:
- Апей ботом! 3-4 күнгө чейин койбойт бекен сөөгүн. Же эмне бизди кошумча алып келет бекен деп күтүп жатышыптырбы? ..
Почточу дагы күлүп:
- Э, жеңе, оюңуз башкада. Деги сиздин оюңуз качан оңолот? Түндүктө сөөктү 3-4 күн кармашат. Биздей болуп саар өлсө кечинде, кечинде өлсө саарлап сөөктү жашыра койбойт. Алардын салты башкача да. Антип жаман ойлогондон көрө, келинге кантип угузабыз, ошону ойлонбойлубу? ..
Айымкан күнөөлүү кишидей бозоруп отуруп калды. Чынында эле өзүнүн осол, олдоксон сүйлөп алганын сезип калды. Элмурат абышка:
- Эй, катын, оозуңа карап сүйлөсөң боло! Деги сенин бул адатың качан калат? Качан болсо тилиңдин азабын тартып жүрөсүң. Элебайдын айтканы туура. Тур, барып кошуналарды чакыр, келинге угузгула. Мен үкам Калмуратка барып келейин.
Айымкан:
- Аял киши деген сүйлөп коёт. Менин сүйлөгөнүмө эле эмне болуп кеттиңер?
Элмурат абышка кемпирин уруша кетти:
- Болду эми, токтот сөзүңдү! Биз дагы эртелеп жол камын көрөлү. Эми эмне, баары бүтүп Элебай менен урушкуң келип калдыбы? Бас жаагыңды! Бир-эки катын таап келип угузгула!
Айымкан абышкасынын каарына калбайын деген ойдо ордунан туруп сыртты көздөй жөнөдү. Элмурат абышка почточуну узатып коюп, уулу Равшанды чакырды. Равшан ички үйдөн чыгып келди:
- Эмне болду, ата?
- Равшан, сен барып Эсенбай агаңды чакырып кел. Мен Калмуратка барып келейин. Кайын атаң кайтыш болуптур. Биз келгенче, апаң келинге угузуп коёр.
Равшан эмне деп айтаарын билбей эле туруп калды. Качан Элмурат абышка кыйкырганда гана селт этип алды да, агасыныкына карай чуркады.
- Ооба, жеңеңди дагы чакыр . Дилгиремме келди де. Калган сөздү бул жактан угушат да.
* * *
Аида дасторконду жыйнап жатканда, дарбазадан үч аял кирип келишти. Аида ичинен: "Эх, жаңы эле жыйналып бүтсө… Эми булар эмнеге келишти?.." деп ойлоду. Арадан бир аз убакыт өтпөй эле Элмурат абышка иниси Калмуратты ээрчитип келди. Артынан аялы кошо келди. Ага удаа эле Эсенбай, анын аялы, Равшан болуп келишти. Аида аларга карап: "Эмне эле чогулуп жатышат?" деп ойлоп койду. Бир чыныдан чай ичкенден кийин Айымкан сөз баштады:
- Аида, Өмүрбек сенин чоң атаңбы же өз атаңбы?..
- Менин чоң атам, мен ал кишинин колунда өскөм, эмне болду?
- А жөн эле. Чоң атаң канчада эле?
- Эмне болду? Жетимиш бирде, - деп Аида бир нерсени сезгенсип, көзүн ирмеп-ирмеп алды.
- Аида, өзүң эстүү кызсың… - деп баратканда эле Аида бир жамандыктын жышаанын сезди. Ошондо Айымкан оң жагындагы кемпирди колу менен билгизбей нукуп койду эле, ал кемпир камдап алган сөзүн айтай эле, шашып кетип:
- Өмүрбек куда өтүп кетиптир, кайрат кыл, - деп айтканда эле Аида чалкасынан кетти. Жанында турган эки келин кармап калбаганда, Аида жыгылып кетмек. "Ой, кокуй, эстен танды" деп аялдар өң-алеттен кетип, бетине суу чачып киришти. Аида көзүн ачканда гана барып, аялдар үшкүрүнүп алышты.
Айымкан небак эле өзүн жоготуп койгон. Мындай болот деп ойлогон эмес эле. Кудасын эми жакшы эле жашаптыр деп койгон. Бирок угузганда Аиданын минтип эстен танып калаарын ойлобогон. Ал ортодо Айымканга эмне деген гана ойлор келип кетпеди дейсиң. Анын ортосунда уулу Равшанды жемелеп өткөнгө да үлгүрдү:
- Кайдагы кызды мага келин кылып бергенсиң?.. Ноокатта кыз калбай калгансып, тээ жердин түбүнөн алып… Мунусу да ден соолугу начар неме го?..
Ошол убакта Аиданы эсине келтире албай жатышкан аялдар Айымканды чындап эле жаман көрүштү. Равшан эч сөз айта албай эле күнөөлүү кишидей жер карап турду. Качан Аида көзүн ачып эсине келгенде, Айымкан мүнөзүн өзгөртүп, келинине жалынып, боор ачыган болуп калды:
- Аида, сага эмне болду? Эсиңе келчи, бизди коркутпачы? !
Сүйлөп жатып, бери жакта турган аялдардын биринин: "Артист эле болуп алчу түрү бар Айымкандын" деген сөзүн да укту, бирок ага жооп бере алган жок. Эгер башка убак болгондо тили-тилине тийбей, тигинин өлүгүнүн үстүнө далай олтуруп, турмак. Аидага жалынып аткан калыбынан жазбай, "шашпа, сениби!" деп ал аялга ичинен кекенип да алды.
Аида көзүн ачкан абалында эсине келип-келбей, бир топко жатып калды. Айымкандын берген суроолоруна жооп бермек турсун, сүйлөгөнгө да алы жок болучу.
* * *
Өмүрбек абышка кемпири Зуура экөө Аиданы бир жашынан баштап эле багып алышкан. Аида чоң атасын аябай жакшы көрчү. Эки жыл мурда чоң энеси Зуура каза болгондон бери чоң атасы: "Сенин тоюңа катышып калсам экен. Апаң Зуура дагы эрте кетип калбадыбы? Сенин күйөөңдү көрүп өлсөм, арманым жок эле" деп көп айтчу. Окууга акыркы жолу кетип баратканда дагы бетинен өөп, аялдамага чейин узатып келип:
- Кызым, кат жазып дайыныңды билгизип тур. Сени эле ойлой берчү болдум. Балаңдан дагы небере ысык көрүнөт деген чын экен. Атаң Эсентурду дагы сени жакшы көргөнчөлүк жакшы көрбөсөм керек.
Ошондо Эсентур күлүп:
- Убагында мага деле жалынчу эмес белеңиз, унутуп калдыңызбы? - дегенде, Өмүрбек абышка моюн бербей:
- Сен жөн турчу. Көрөм сени убагында, сен дагы неберелүү болосуң, ошондо мени түшүнөсүң, - деген.
Эсентур жалгыз бала болгондуктан, ата-энеси менен үйлөрү бир короодо жайланышып, эшиктеш эле. Аиданы кийинки сиңдиси төрөлгөндө багып алышкан. Башка неберелерине караганда колунда өскөн Аиданы жакшы көрүшчү абышка-кемпир. Аида окууга өткөндө аябай сүйүнүшүп, ай сайын пенсиясынан акча жөнөтүп турушчу. Өзгөчө чоң энеси Зуура Аида дегенде ичкен ашын жерге коёр эле. Бирок, аттиң, чоң энесинин көзү өтүп кетти. Өмүрбек абышка Аида келгенде жан-алы калбай, берерге ашын таппай, кубанычын жашыра алчу эмес. Аида дагы чоң атасына шаардан атайын белек ала келчү. Бир жолу көйнөк алып келип берсе, жонунан түшүрбөй кийип, кайра-кайра кеп кылып:
- Кызым бул көйнөктү Казакстандан алып келиптир! - деп келген кишилерге айтып, жаш баладай сүйүнгөн эле.
Эми минтип ошол асыл кишинин көз жумганын угузганда, Аиданын башы айланып, өзүн жоготконунун да себеби ушул эле. Андан да өткөндө телефон менен сүйлөшкөндө, ою бир жерде болбой, чоң атасын сурабай калган болчу. Эми ошол сүйүктүү чоң атасы жөнүндө суук кабарды уккан Аида эсине бир келип, бир келе албай жатты...
* * *
Аида эсине келбей жатканда, аялдардын кеңеши менен доктур чакыртышты. Доктур келип ийне сайганда, Аида көшүлүп уктап кетти. Доктур:
- Өзү ойгонмоюн түк ойготпогула. Нервине доо кеткен, - деген диагноз коюп, керектүү дарыны сайып, жолуна түштү.
Доктур кеткенден кийин:
- Жетимиштен ашкан чалга ушунча эсин жоготсо, өз атасы өлсө кошо өлүп калмак го. Биринчи жолу көрүп жатам. Ушундай дагы болот экен ээ? - деп шыпшынды Айымкан. Бери жактан бир аял:
- Ай, Айымкан, багып чоңойткон атасы турбайбы. Мындай болот деп күткөн эмес чыгар…
- Ошондой болгон күндө дагы арыдан бери эле болгону жакшы да. Жанагы Равшанга Аманбайдын эле кызын ал десем, болбой койбодубу. Эми жердин түбүнө кантип барып келебиз? Алдына дагы түшүп бара элекпиз.
Эсенбайдын аялы:
- Э, жеңе, ага эмне сарсанаа болосуң? Андан көрө келиниңиздин эсине келишин тилеңиз. Колдон келсе, бүгүн кеч жолго чыгуу керек.
Эсенбай сырттан кирип келип:
- Жеңе, камына бергиле? Кеч болсо дагы бүгүн жолго чыгабыз. Туратбектин машинасы менен Ошко чейин бармай болдук.
- Ким бармай болду?
- Акам, сиз, мен, аялым Гүлүмкан, Равшан, Аида.
- Алтообуз барабызбы?
- Ооба, биротоло калыңын берип келебиз да. Алыскы жер болсо…
- Шопурдун өзү менен жети. Бир машинага жети киши кантип батабыз?
- Тураттын машинасы он кишилик эмеспи.
- Төрт эле киши барса эмне болот?..
- Апей, ботом! - Абысыны Гүлүмкан чочуп кетти. - Башка баш кошулуп жатса, анан төртөөңөрдү эле жиберсек… Кудалар эмне деп ойлошот? Андан көрө ал-жайды түшүнүп, биротоло кутулуп келели.
Айымкан абысыны Гүлүмкандын жөндүү айтканына ынанып, аргасыз макул болду. Бирок ошондо да ичинен жаман ойго алдырып жатты: "Бакандай алтообуз барсак, эмне деген каражат, канча акча кетет? Алыскы жол бул болсо... Алардын салты кандай болду экен? Эмне кылса ошо кылышсын, мен барып-келгенди билсем болду да?.." деп ойлоп жатканда, Гүлүмкан:
- Э, жеңе, сандыгыңызды ачыңыз, кийит, аны-муну даярдайлы. Бат эле кеч кирет. Эки сааттай эле убакыт калды.
Айымкан кийит дегенди укканда, эмне кыларын билбей кетти. Кийит жөнүндө ойлоно элек болчу.
- Эмне алып барабыз, эмне кийит керек?
Гүлүмкан үнүн жасап чыгарып:
- Э, жеңе, сиз кантип эле билбей каласыз? Кудага чепкен алып алабыз го. Анан көйнөк-мата албасак, болбойт. Дагы бир келинге дайындаңыз, дасмалдын камын көрсүн.
Ошентип чамынып жатышканда, Аида эсине келди. Эмне болуп кеткенин эстей албай жатып, көргөн түшүн эстеди. Түшүндө чоң атасы Өмүрбек аксакал: "Кызым, бекер кылган экенсиң. Чоң апаңдын айтканын сөзсүз уксаң болмок экен, ка-ап!.. - деп кейий кемпири Зуураны ээрчип баратып, кайра башын буруп унчукту: - Кызым, чечкиндүү бол, өзүңө кара!" - Анан бат эле көрүнбөй калды. Ошондо кандайдыр бир кара кийинген сөлөкөттөр пайда болуп, Аиданы курчап калды да, тегеректеп бир топко тургандан кийин тарап кетти.
Ойгонгондо кайда жатканын, эмнеге жатканын эстей албай койду. Бир убакта сырттан кирген Равшан Аиданын ойгоо жатканын көрүп:
- Аида, сага эмне болду? Эсиңе келчи, коркутпачы! - деп эки ийнинен кармап, жулкулдатып жиберди.
Аида ошондо гана Равшанга күйөөгө тийгенин эстеди. Анан бир топто барып чоң атасы Өмүрбектин каза болгонун эстеп ыйлап жиберди. Равшан эмне кылаарын билбей сыртка чыгып, апасы Айымканга:
- Апа, Аида ойгонуп ыйлап жатат, - деди. Айымкан жанындагы абысыны Гүлүмканга:
- Ай, жүр, киреличи. Убакыт дагы болуп калды. Келинди эс алдырып, жолго чыгалы.
Гүлүмкан макул деген түр көрсөтүп Айымкандын артынан ээрчип үйгө кирди. Айымкан Аиданын ыйлап жатканын көрүп, жалынып-жалбарып жиберди:
- Аида, айланайын, эсиңе келчи, ыйлабачы эми, бизди коркутуп атасың. Эмне болду деги сага?..
Аида жооп бербей эле бышактап ыйлай берди. Гүлүмкан үнүн өктөм чыгарып:
- Аида, биз сени күтүп атабыз. Жолго чыгабызбы же сени эле күтүп отура беребизби? Машина күтүп калды. Жолдон калбайлы.
Гүлүмкандын өктөм үнү, жүйөөлүү сөзү Аидага бир топ таасир берди. Ыйлаганын токтотуп, ордунан турганда, Гүлүмкан аны колтуктан сүйөй жетеледи:
- Бети-башыңды жууп, тез кийинип чык! Биз сени эле күтүп калдык. Топурак салганга жетишип калалы.
Аида эч үн чыгарбай, Гүлүмкандын айтканын аткарууга киришти.
* * *
Оштон Фрунзеге самолет менен келишкенде, Айымкан менен Элмураттын ооздору ачылып эле калды. Себеби Фрунзеге жаш кездеринде бир келишкен, ошол бойдон эми көрүп отурушат. Карындашынын шаардагы баласы, жээнинин үйүнө келип токтошту. Бул жерге конуп алышып, эртең менен эрте жолго чыгышмакчы.
Тогуз кабат үйдүн сегизинчи кабатына лифт менен чыгып баратканда, Элмурат абышка келме келтирип, Айымкандын көзү алайып, коркконун билгизип койду. Капалуу Аида да мыйыгынан жылмайып койду. Лифт шарт токтоп, эшиги ачылганда, Айымкан лифттен биринчи чыгып, өзүнчө эле кобуранып жиберди:
- Техниканын өскөнүн карачы! Мындайга түшпөгөн жаным, жүрөгүм дагы түшүп калбадыбы? Эми кайсы жагына барабыз?
Равшан колундагы кагазынан үйдүн дарегин окуп, "38-квартира экен" деп оң жактагы эшиктин кнопкасын басты. Кнопканы баскандагы "чырылдаган" үндү угуп Айымкан:
- Эмне, үйлөрүнө чымчык багып алышканбы? Сайрап жатат го… - дегенде, Равшандар күлкүсүн араң тыйышты. Аңгыча кыска этек көйнөк кийген, жылаңбаш келин эшикти ачты:
- Силерге ким керек эле? - деп суроолуу карады да, нес болуп селейип туруп калган беркилерден жооп болбогон соң, дароо эшикти жаба салды. Себеби эч кимисин тааныган жок.
Равшан дагы кнопканы басканда, дагы чымчыктын үнү чыкты. Аңгыча жээни Темирбек эшикти ачып:
- Ой, силер белеңер? Келгиле, киргиле. Кайдан адашып? - деп суроо узатып, кол сунуп учурашты.
Элмурат абышка эшиктен кирип, Темирбектин бетинен өөп:
- Асмандын башында жашайт турбайсыңбы? - деди.
Темирбек баары менен учурашып:
- Өткүлө, кириңиздер. Эй, Айнура, бери чыгып учураш. Тагамдар келген турбайбы. - Ички үйдөн жанагы эшикти биринчи ачкан кыска көйнөк кийген келин чыгып келип, ооз учунан салам айтты:
- Саламатсыздарбы, өтүңүздөр.
Айымкан Айнураны жаман көзү менен карап:
- Жакшы, - деп бурк этти жактырбаганын билгизип. Шаарда өскөн Айнура жоолук салынууну оюна да алган жок. үйүнө кирип олтурушканда, Айымкан Темирбекти чакырып:
- Аялыңды тастаңдатпай узун кийин, жоолук салын деп койсоң боло. Ал уялбай эле, бери жакта туруп мен уялып жатам, - деп тасмал даярдап жүргөн Айнураны карап кабагын чытып койду. Темирбек ошол эле сөздү күтүп тургансып, ашканага барып Айнурага:
- Башыңа жоолук салынып, узун көйнөк кийип алчы, - деди.
Айнура чукчуңдай кетти:
- Айылский замашкаларды токтотчу!
- Тастаңдабай кийинсин деп таажеңем өзү айтып жатат...
- Келе элек жатып приказ беришет?!. . - деп сүйлөп келатканда, ички үйдөн Элмурат абышка:
- Э, Темирбек, даарат алайын дедим эле. Намаз убагы өтүп кетти. Бүгүнкү намаздарым дагы каза болду. Кандай чыгып даарат алам?
Темирбек кухнядан чыгып келип:
- Тага, бул жакка кириңиз, - деп ваннаны көргөздү.
Үй бир эле бөлмө, андан да ванна менен дааратканасы бир болчу. Элмурат абышка ваннага кирип өзүнчө кобуранды:
- Аман эле болушсун шаардыктарың. Эптеп эле жашашат тура. Ушу кантип болсун? үйдүн ичине даарат ушатканы. Эми кантип даарат алам?.. - деп өзүнчө бушайман болуп жатып, даарат алып чыкты.
Айымкан үйгө киргенде эле: "Эми биз кайда жатабыз? Бир бөлмө үйгө келин-уулум, кайним болуп кантип жатабыз?" деп санаасы ошо болду. Алдына чай алып келгенде, Айымкан чай ичип жатып, кайда бара жаткандарын айтып, келинин тааныштырды. Темирбек дагы:
- Биз деле жакында эле үйлөнгөнбүз. Бул үйгө квартирага киргенбиз. Айына 50 сом төлөйбүз. - дегенде, Айымкан:
- Апей, ботом! Ушул үйдүн эмнесине 50 сом төлөйсүңөр? Кенедей. Чоң катындын көчүгү айланчудай эмес!
- Таажеңе, биз дагы арзан төлөйбүз. Тааныштардын үйү. И-йи, баса, үйдү кантип таап келдиңер?
- Ошко келгенде, сенин апаңан алдым. Сенден башка шаардан эч кимди тааныбасак, анан эмне кылабыз?
- Эртең эртелеп кетет турбайсыңарбы анда?
- Ооба, эртелеп барбасак... Жер алыс, топурак салганга үлгүрүп калалы да.
Баятан бери унчукпай отурган Гүлүмкан:
- Ээ, Темирбек, деги сен өзүң кайда иштейсиң? Апаң сени эле оозунан түшүрбөйт. Окууңду бүттүң беле? - деп суроо узатты.
- Ооба, таажеңе, окуумду бүткөм, быйыл эле жыйынтыктабадымбы. Азыр заводдо иштеп жатам.
- И-йе, анда жакшы экен. Келин кайда иштейт?
- Айнура окуйт, быйыл төртүнчү курста.
Аида келгенде эле "Айнураны кайдан көрдүм?" деп өзүнчө ойлонуп жаткан. Эми эстеди. Абитуриент болуп документ тапшырып жүрүшкөндө таанышышкан. Бирок экөөнүн факультеттери башка болчу. Айнура тарых факультетине тапшырган. Экөө эки-үч жолу жолугуп, ошондо таанышышкан болчу. Аида баарын эстеп, "Айнура мени тааныды болду бекен?" деп ойлоду. Айнурага деле Аида көргөнүндө эле көзүнө жылуу учурап, кайдан көргөнүн эстей албай койгон. Экөө качан элдин баары жатышкандан кийин, ашканадан кенен-кесири сүйлөшүштү. Айнура Аидага карап:
- Сени бир жерден көргөндөй болуп жатам. Көзүмө жылуу учурап жатасың? - дегенде, Аида:
- Абитуриент кезде жолукпадык беле… Эмне, унутуп калдыңбы? Билесиңби баягыны, экөөбүз институттун жанынан бир балага: "Байке, дипломатыңыздан сүт агып жатат…" дегенде, ал бала дипломатын ачып ээриген балмуздак алып чыкканын. Ошондо биз аябай күлбөдүк беле? - деп бир болгон окуяны эстеткенде, Айнура күлүп:
- Ооба, эстедим, айылдан жаңы келген бала эмес беле? Ооба. И-йи, сен ошол кызсыңбы? Мен такыр унутуп калган турбаймынбы? Келчи, эми жакшылап учурашып коёлу - деп жайдарылана Аидага жакындады. Эки курбу бири-бирин өөп, эми өткөндү эстегенге киришишти.
- Анан сен эмне болдуң? Баса, "эртең акыркы сабактан экзамен" деп жаткансың. Кайсы сабактан бердиң акыркысын?
- Химиядан болчу. Анан Москвадан же Харьковдон окуйсуң дегенде, үйдөгүлөр болбой коюшкан. Сүйлөшүп, жакыныраак деп Чимкенттен окуп калдым.
- Анан кантип бул күйөөңдү таап алдың?
- Параллель группада болчу. Ошко пахтага барганбыз. Жылда эле пахтага алып барчу. Анан пахтада жүргөн жерибизден ала качып алды.
- Анан макул болуп эле тийип алдыңбы?
- Эмне кылам, мындан башка айла жок болуп калды.
- Деги жакшы көрчү белең?
- Жок, сүйлөшкөн жигитим бар болучу. Тагдырыма баш ийип жашап жатам.
- Жигитиң анан эмне болду? Издеп келдиби?
- Жакында эле тийдим, укса келет болуш керек. Жанымда чогуу окуган кыздарым учурашып келишти. Алар "келем! " деп жатканын айтышты.
- Келсе, эмне кыласың?
- Билбейм, азыр Равшанга көнүп калдым. Жигитимди деле эмнегедир көп ойлонбойм.
- Сен анда ал жигитиңди чындап сүйгөн эмессиң го?..
- Өзүм дагы билбейм. Аны коюп өзүң жөнүндө айтчы. Өзүң качан турмушка чыктың?
- Мен деле жакында эле чыктым. Эки жыл артымдан чуркаттым. Үйдөгүлөр дагы Ош алыс жер деп көңүлсүнбөй жатып макул болушту.
- Өзүң кайсы жерден элең: унутуп калыптырмын.
- Биз негизи Токмоктон болобуз. Бирок мен шаарда төрөлүп, шаарда окуп, шаарда чоңойдум да. Атам Жогорку Кеңеште иштейт. Бир жылдан кийин үй алып берем дегендей кылган. Анан билбейм…
- Окуп эле жатасыңбы?
- Ооба, окууну бүткөндөн кийин эле үйлөнөлү десем, "окууңду өзүм бүтүртүп алам" деп болбой койду.
Эки курбу идишти жууп бүтүп коюп, тээ бир оокумга чейин кухняда чай ичип кобурашып олтурушту. Айымкан келип: "Жаткыла, эртең таң эрте жолго чыгабыз" деп айтпаганда, сүйлөшүп олтура беришмек. Аида Айнура менен сүйлөшкөнгө бир топ жеңилденип алды. Себеби ичиндеги бугун чыгарып эч кимге айта элек болчу. Келген үч курбусуна деле көп чечилип айта алган эмес. Неге дегенде, ал үчөөнө ички сырын айтыш оңойго турбайт эле. Үчөө тең: "Боюңа бүтө электе ажырашып ал. Динди кармаган, эскини тутунган айыл жеринде кантип жашайсың? Андан көрө Болотко эле турмушка чык. Ал сени "бир эмес, он күйөөгө чыкса дагы алам!" деп жатат. Сенин кыз, кыз эмес экениң аны кызыктырбайт. Эгер Болот келсе, ээрчип эле кете бер" деген тетири сөздөрдү айтып кетишкен. Антип айтканга кайненесинин заар тили түрткү бергенин Аида сонун эле түшүнүп турду. Эми Айнура дагы алардын сөзүн сүйлөп, "али кеч боло электе ажырашып ал" деген кеңешин берип жаткан. Сагызгандан сак Айымкан эки келиндин сөздөрүн тыңшап жаткан эле. Анан чыдамы кетип: "келинимди дагы буза электе сөздөрүн токтотоюн" деп туруп келген болчу. Эки курбу сөздөрүнүн аягына чыкпай калышты.
* * *
Аидалар Ысык-Көлгө кеткен күндүн эртеси Болот эки курбусу менен "Нива" машинасын айдатып алышып, Равшандардын үйүнө келишти. Кечинде эле келишмек, жолдон машина бузулуп, кармалып калышты. Эгер машина бузулбаганда, Аидага жолугуп калышмак эле.
Болот Аиданы эмне болсо да алып кетем деген ой менен келген. Жанында милицияда иштеген дос баласын, анан спорт менен машыккан боксер досун ээрчитип алган. Аларга баарын түшүндүрүп айтып, эмне болгон күндө дагы Аиданы алып кетишти максат кылып, өзүнүн Аидага болгон сүйүүсүн туу тутуп, Аида эми кыз эмес, жубан болгон күндө дагы аны менен жашоого бел байлап, кыз эмес деген куру намыстан сүйүүнү жогору коюп, өзүнүн бир кезде Аидага берген сөзүнө туруп, жердин алыстыгына карабай, өзү студент, алыс жерде жүрсө дагы каражат таап келген эле.
Болот Аиданы ала качып кеткенин кеч укту. Укканда эки күн жатты ордунан турбай. Болот үчүн жашоо кызыксыз болду. Баары көңүлсүз болуп, жашоодон кечкиси келди. Агайынын, жолдошторунун айткан сөздөрү эч жардам бере алган жок.
Аиданын жакын дос кызы Болоттун эки күндөн бери ордунан турбай жатканын угуп келип, айтчу сөзүн айтып, намысына тийди. Эгер Аиданын дос кызы келбегенде, дагы канча жатмак, ким билет. Болот өзүн жоготуп койгон эле. Эми гана өзүнө келип, ички туюму, баш кошуу тууралуу Аидага айткан сөздөрүн, берген убадасын эстеп, ордунан секирип турду да, ал кыздын бетинен өптү:
- Мен баары бир Аиданы алып келем! - деп чечкиндүү айтып, план түзгөнгө киришти.
Эгер эки күн мурун эле ушундай ойго келгенде, Болот Аиданы алып кеткенге үлгүрмөк беле, ким билет? Андан да башы тегеренип калган Аида Болот менен кайра кетет беле же жокпу?..
Аиданын дос кызы Болотко:
- Сен эмне жатасың? Эмне? Алдап уйкунун дарысын берип ала качып кетсе, Аида күнөөлүү болмок беле?.. Аиданын ордуна өзүңдү коюп көрчү. Эгер эркек болсоң, сүйүүгө туруктуу болсоң, сени Аиданын кыз, кыз эместиги эч кызыктырбайт. Азыр деле кеч эмес. Алып кел, сени эч ким кармабайт!
Кыздын бетке айткан чечкиндүү сөздөрү Болотко кайрат бүтүрдү. Эми ал мүңкүрөп ушунча күн жатып алганы үчүн өзүн жемелеп жатты.
* * *
Таң жаңыдан аткан кезде Элмурат абышка ордунан туруп, даарат алыш үчүн дааратканага кирди. Кечинде Темирбек көргөзгөн жерден чырактын күйгүзгүчүн араң таап күйгүздү да, өзүнчө кобуранып алды: "Буларың эптеп эле жашайт турбайбы. Даарат ушаткандан да киши уялат. Баары эле угулуп жатты сырттагыларга. Деги аман эле болушсун шаардыктарың, шаары өздөрүнө эле буйрусун! - деп эптеп даарат алып чыгып, намаз окуганга орун издеди. Орун тапканы менен кыбыла каякта экенин таппай башы катты. Бир убакта Айымкан төшөктө жаткан калыбында абышкасына:
- Эмне турасың? Окуй бербейсиңби намазыңды. Азыр биз турсак, окуй албай каласың!
- Ээ кемпир, шаарың курусун! Кыбыла каякта эле? Мен кыбыланы таппай жатам каякта экенин.
Айымкан:
- Терезе жакты карап оку, кечинде каякты карап окудуң эле:
- Билбей калыптырмын.
Айымкан күбүрөнүп жатып кийинип, Темирбекти ойготту:
- Темирбек, тур, таң атты. Бизди жөнөтүп коюп уктагыла. Тагаң бир кыйладан бери турат намаз окуй албай. Кыбыла каякта, көргөзүп берчи. Намазын окуганча, биз даярданалы.
Темирбек уйку-соо арасында күлкүсү келип:
- Э, тага, мени баяле ойготсоңуз болмок экен. Сиз түндүктү карап алган турбайсызбы? Кыбыла сол жагыңызда. Сол жакка бурулуңуз. И-йи, эми окуй берсеңиз болот, - деп ордунан туруп кийинип жатып, аялын ойготту.
Аида кеч жаткандыктан, эч нерсени туйбай уктап жаткан эле. Айымкан келип ойготпогондо, уктап жата бермек. Жол жүргөнгөбү, Равшан, Гүлүмкан, Эсенбайлар дагы эч нерсени туйбай уктап жатышкан. Аиданы ойготкондон кийин Айымкан абысыны Гүлүмканды ойготту.
- Ай, турбайсыңбы? Эрте жолго чыгалы, уктай турган жай убакыт жок.
Гүлүмкан ордунан тура калып:
- Катуу уктаган турбайбызбы эч нерсе сезбей, - деп уялып кетти.
Карбаластап жатышып, эртелеп Караколго жөнөп кетишти.
* * *
Күндүн нуру жаңы гана тоонун башынан кылтыйып чыгып келе жатканда, автобус автобекеттен узады. Күн чыгышты карай баратып эле "Жаш Гвардия" бульвары менен ылдый бурулганда, Айымкан:
- Э ботом, биз кайда баратабыз? Ысык-Көл ушул жактабы? Казакстанга бараткан жокпузбу деги? - деп сүйлөнүп жиберди. Анда Элмурат абышка:
- Э, кемпир! Сүйлөнбөй отур. Бул шаар сага Ноокат эмес. Автобус кандай барса өз иши. Барса болду да! - деп тыйды.
Аида кайненесинин сөзүн угуп, өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Себеби кайын агасы аны тиктеп турган эле. Аида үнүн акырын чыгарып:
- Эне, биз шаардын четиндеги жол менен баратабыз. Шаарды аралап бул автобус менен жүргөнгө болбойт, - деп унчукту.
Айымкан:
- Кайдан билиптирмин, күн чыгышка барабыз деп ойлоп баратсам эле автобус бурулуп кетти.
Сөзгө абысыны Гүлүмкан кошулду:
- Акырын сүйлөбөйт белеңиз, эл укса туура эмес ойлойт да.
- Ойлосо ойлой беришсин. Мен эмне жаман сөз сүйлөп жатыптырмынбы?
- Жеңе, аста сүйлөңүз, үнүңүз катуу чыгып жатат.
Айымкан терезени караган калыбында:
- Шаарың аябай эле бак-шактуу экен. Тээ жаш кезимде келдим эле, андан бери аябай өзгөргөн турбайбы?.. - деп Гүлүмкандын айткан сөзүнө көңүл бурбастан сөздү буруп кетти. Аңгыча алдыңкы орунда отурган кыз менен жигиттин өбүшүп атканын көргөн Айымкан дагы тилин агытты:
- Тигилерди карасаң, уят дегенди такыр эле унутушкан турбайбы, бул шаардыктарың элди көзгө илбей калышканы эмнеси?
Элмурат абышка:
- Жөн отурчу. Карачы жан-жагыңды, сенден башка эч кимдин үнү чыкпай эле келатат. Сүйлөп эле келатасың, деги качан жаагың тынат?! - деп тыйды эле, Айымкан күнөөлүү кишидей терезени карап унчукпай калды.

#6 04 April 2014 - 17:50
* * *
Болоттор Равшандардын үйүн сураштырып таап келишти. Машинадан биринчи болуп Болот ыргып түштү да, дарбазаны каккылады. Бирок ичтен эч жооп болгон жок. Биртике күтүп туруп эч жооп болбогон соң, күч менен катуу-катуу ургулап жиберди. Катуу урулган дарбазанын үнүн уккан Эсенбайдын улуу баласы уктап жаткан жеринен ыргып туруп, көзүн ушалап тышка чыкты. Эсенбайдын уулу Рамисти биз келгенче көз бол деп үйгө калтырышкан. Рамис бат-бат басып келип эшикти ачып, сомодой болгон үч боз уланды көрүп, апкаарып туруп калды. Болот үнүн өктөм чыгарып:
- Равшан ушул үйдө жашайбы? - деп сураганда, Рамис башын ийкеп:
- Ооба? - деди.
- Каякта?.. Чакырчы. Равшан керек бизге!
- Равшан акем жок, Көлгө кетишкен.
Болот "Көлгө кетишкен" деген сөздү укканда, ошол замат "отко киргизгени кетишкен турбайбы?" деп ойлогонго үлгүрдү.
- Качан кетишти? Эмнеге кетишти? Отко киргени кетиштиби?
- Жок, жеңемдин атасы каза болуптур, кечээ эртең менен кабар келген эле. Анан шашылыш жөнөп кетишти.
Болот "жеңемдин атасы каза болуптур" деген сөздү укканда, шалдырап эле туруп калды. Жанындагы досу:
- Кап, машина бузулбаганда, үлгүрүп калмак экенбиз ээ?.. - деди кейиштүү.
- Ошону айтсаң, башка күнү бузулбаган машинени карабайсыңбы, толтура күндөн кечээ бузулуп калганын, - деди шофёр досу да.
"Эми эмне кылабыз?" деп экөө бирдей Болотту суроолуу карашты. Болот башын мыкчый кармап, эмне кылсак дегенчелик кылып бош унчукту:
- Кап, эми ушунча жолду басып келип, кайра кетебизби?.. "Качан келебиз" деп кетишти?
- Билбейм, бүрсүгүнү коюлат экен деп айтышкан. Анан "топурак салганга үлгүрүп калалы, жол алыс" деп шашылып жөнөп кетишти,.
Болот "бүрсүгүнү коюлат" деген сөздү укканда, ордунан атып туруп:
- Кеттик! Ошко бүгүн жетиш керек! Ысык-Көлгө мен дагы барам. Ошол жактан разборка кылам!
Эки досу Болоттун эле сөзүн күтүп турушкансып машинени көздөй басышты. Рамис шашыла сүйлөдү:
- Аке, үйгө кирип даам ооз тийгиле, атайын келип үйгө кирбей кетип каласыңарбы?
Болотто "үйүнүн ичин көрө кетейин, кандай турушат болду экен?" деген ой пайда болду.
- Мейли, суусундук барбы?
- Ооба, үйгө киргиле, - деп Рамис кара күчкө жылмайып койду.
Болот эки досунан:
- Үйгө киресиңерби? - деп сурады... Экөө машинанын ичинен баштарын чайкап "кирбейбиз" деген белги беришкенде, ошону эле күтүп тургансып Болот дарбазанын кичинекей эшигинен ичкери көздөй кадамын таштады.
Ичкери киргенде эле эски типтеги салынган тамды көрүп, бир башкача ой келди. Үйдүн эшигинен эңкейип кирип, оң жактагы бөлмөгө кирди. Ал үй тамак иче турган бөлмө болчу. Бирок үйдүн ичи тыкан жыйналып, оокаттары орду-ордунда турганын көрүп, Аиданы эстеп кетти. Ушул үйдүн баарын Аида жыйнады деген ой да пайда болбой койгон жок. Тамак иче турган столдун четине отуруп, тасмалдагы нандан ооз тийгенден кийин Рамиске кайрылды:
- Иче турган бирдеме берчи, аябай суусадым. Жолуңар аябай алыс экен.
Рамис сүзмө эзип, шкафтын үстүндө көмөрүлүп турган идишке чалап куюп Болотко сунуп жатып:
- Равшан акеме эмне деп коёюн, сиз ким болосуз? - деп сурады.
- Болот деген курсташың издеп келди деп кой. Жеңең Аидага дагы салам айт менден. Балким өзүм деле жолугуп калышым ыктымал.
Болот сууга эзилген сүзмөнү ичип жатып үйдүн ичин дагы бир сыйра кыдырата карап өткөнгө үлгүрдү. Ошо убакта аны кандайдыр бир күч "үйдөн чыгып кет!" дегендей белги берди. Эмнегедир өзүн башкача сезип, бирөө карап тургансып туюлду. Көөдөнү куушурулуп, жүрөгү кысылып кетти. Колундагы идишке куюлган эзилген сүзмөнү да жарытып иче алган жок. Эмнегедир үйдөн эшикке чыкса эле, бул балакеттен кутулчудай сезип, ордунан туруп, сыртка чыкканча шашты. Бирок, ошол бир аз убакыт Болот үчүн ушунчалык узакка созулгансып кетти. Бул үйдө бир сыйкырлуу күч барбы? Болот идиштеги эзилген сүзмөнү теңине чейин эптеп ичип, тасмалдын четине койду да, эч үн чыгарбай туруп эле сыртка чыгып жөнөдү. Анын бул жоругуна Рамис таң калып:
- "Аябай суусадым" деп коюп эмне түгөтө ичкен жоксуз? - деп кайрылды. Бирок Болот Рамистин берген суроосун жоопсуз калтырды да, үйдөн сыртка атып чыкты.
Үйдөн чыкканда эле өзүн жеңил сезип, башка бир ажайып чөйрөгө кабылгандай жеңил дем алып, көңүлү сергий түштү. Артын караган да жок, түз эле дарбазаны көздөй жөнөдү. Артынан чыккан Рамис эмне болуп кеткенине түшүнө албай, эшиктин оозунда жалдырап эле туруп калды. Болот машинага отураары менен эле досуна: "Айда, эртерээк кетеличи ушул жерден…" - деп чалкалай олтурду да, эмне болуп кеткени жөнүндө ойлоно баштады. "Деги бул эмне болгон күч? Мага эмне болду? Ушул үйдө Аида кантип чыдап жашап жатат болду экен?" деген суроолор мээсин эзгилеп келатканда, артта олтурган Элдияр досу:
- Болот, сага эмне болду? Өңүң купкуу эле болуп чыктың, деги жайчылыкпы? .. Үйгө киргенден да чыкканың бат болду, эмне бирөө кубалап чыктыбы?
Болот оңдонуп олтуруп жатып унчукту:
- Ошондой болду окшойт. Кандайдыр кара күчтөр түнөк кылып алган сымал, бир шумдук үй экен. Суусундук ичейин деп ойлогом. Тасмалдын четине олтуруп, нан ооз тийип, суусундукту жаңы эле иче баштаганда көзүм караңгылап, бирөөлөр мага карап тургансып, дагы бирөөлөр "чыгып кет!" дегенсип белги берди. Эмне кылаарымды билбей эле эшикке атып чыктым. Сыртка чыкканда, кичине өзүмө келе түшкөнсүдүм. Бирок азыр дагы толук өзүмө өзүм ээ эместеймин.
Рамис Болотко чалапты көмкөрүлүп турган дубаланган идишке куюп берген. Ал идишке "кырк күн эч ким тийбесин! " деп бакшы кемпир Батма катуу эскерткен болчу. Болотко дубаланган идиштин күчү белги берип жаткан…
* * *
Тыш жолго чыкканда, автобус чыгышты көздөй жүрүшүн ылдамдатты. Терезеден сыртты карап бараткан Аида өзүнчө ойго батты: "Эми эмне деп жооп берем үйдөгүлөргө? Бизди кандай кабыл алышат болушту экен? Туугандарымдын баары бизди күтүп жатышат. Өзгөчө апамдын чыдамы кетип, жол карап жаткан чыгаар? Ка-ап... Телефондон сүйлөшкөндө ыйлабай эле койсом, баары башкача болмок эмес беле?.. Санаасы тынбай жаткандыр? Болот жөнүндө сураса, эмне деп жооп берем? Баарынан дагы кайын энем ашыкча сөз сүйлөбөсө экен уят кылып. Түштүк менен түндүк элинин каада-салты ар кандай эмеспи, салтыбызды билбей туура эмес иш жасап албаса болду" деген сыяктуу ар кандай ойлорду ойлоп бараткан Аиданын көзү илинип кетти. Автобус бир калыпта дуулдаган дабышынан жазбай кетип баратты. Кечинде кеч жаткангабы, Айымкан дагы уктап кеткен эле. Айымкан бир убакта түшүнөн катуу чочуп ойгонуп, бир башкача үн менен кыйкырып жиберди. Жанында үргүлөп бараткан Элмурат абышка эле эмес, автобустагылар дагы чочуп кетишти.
Элмурат абышка:
- Ээ, Айымкан, эмне болду сага? - деп кемпирин түрткүлөп жибергенинде эсине келе калып:
- Келин кана, келин?! - деп сурап жиберди.
Элмурат абышка:
- Ай, кемпир, жинди болдуңбу? - деди.
- Ох, түшүм турбайбы. Жаман түш көрдүм, деги аягы жакшы болсо экен? - деп өзүнчө кобуранып алды да, көзүн жумуп чалкалаган калыбында уктамыш болуп калды.
Айымкандын түшүнө бакшы кемпир берген идиш кирди. Ал идишти бакшы кемпир: "кырк күнгө чейин бекем сакта, эч ким тийбесин! " деп кайра-кайра эскерткен. Ошол идишти түшүндө кимдир бирөө алып тең бөлө сындырып салыптыр. Анан бакшы кемпир Айымканды карап: "Сага эмне дедим эле. Сен убадаңды аткарган жоксуң. Эми келиниң үчүн жооп бербейм!" деп атыптыр. Аңгыча эле Аида алдыны көздөй Айымкан чакырса карабай кетип бара жатыптыр. Баягы бакшы берген идиштин калган сыныгын бир узун бойлуу бала сындырганы жатканда, катуу кыйкырып, өзүнүн үнүнөн өзү ойгонгон ал биринчи эле келини Аиданы сураганынын себеби ошол болучу.
Айымканды эми чындап санаа басты. Баягы бакшы берген идишти ички үйгө киргизип коём деп жатып унутуп калганын эстеп, өзүн-өзү күнөөлөдү. Ал идишти Рамис алып колдонгонун жүрөгү менен сезди. "Эми эмне кылсам болот? Кайра айылга барганда, бакшы кемпирге барамбы? Ага чейин дубанын күчү жанып кетсе эмне болот? Эгер дуба күчүн жоготсо, Аида бизди таштап кетип калаары бышык. Эптеп айылга жетейин…" деп ойлоп келатканда, автобус Балыкчы шаарына келди. Шофёр жүргүнчүлөргө карап: "Жыйырма минута убакыт берем, тамактанып алгыла! - деди.
* * *
Жолдо келе жатканда, Болоттун шалдырап эле уйкусу келип, кара көңүл болуп, шайы ооп, өзүн жаман сезип жатты. Машина Равшандын үйүнөн он чакырым узаганда эле, ал уктап кетти. Эки досу жолдо келе жатып Ноокаттын айылдары, эли жөнүндө сүйлөшүп келе жатышты. Себеби Ноокат районунун эли башка райондун элдерине караганда динди кармаган, өтө эле карапайым эл эмеспи, биринчи келгендиктенби, жигиттерге өөн учурады. Келе жатышып мечиттерди жана дагы элинин жүрүм-турумун көргөндө эле Болот: "Ноокаттын эли динди бекем карманган эл окшойт" деп айткан. Уктап кеткенинде Элдияр:
- Болотко эмне болду? Үйдөн чыкканда эле өңү бузулуп чыкты. Жанагы бала дары же болбосо башка ден соолукка зыян бирдеме берген жокпу?.. Кээ бирөөлөр кайтарма жасап коюшчу эле. Иши кылып бир балакет болду, - деп машина айдап бараткан Эрланга кайрылды. Эрлан жолду караган калыбында:
- Кайтарма дегениң эмне?
Элдияр башын алдыга созуп ордунан копшолуп алып, берилүү менен:
- Эмне алигиче билбейсиңби? Кайтарма деген… кандай түшүндүрсөм… баш айлантма деп коёт. Аны бакшылар, же болбосо молдо чалыш немелер жасайт. Эгер ал кайтарманы сага берип койсо, сен ал үйдү эле кечке акмалап, алыс кете албай каласың.
- Анда эмне, Аиданы кайтарма менен башын айлантып алышканбы? Өзү чечкиндүү, курч мүнөз кыз көрүндү эле?..
Элдияр шашкалактап:
- Толук ыктымал. Чындаса кайтарма адамдын чечкиндүү, курч экенине карабайт. Мен бир уккан элем. Бир жакын эле таанышымдын күйөөсүн бир келин бакшыларга барып, башын айлантып алыптыр. Ал жигит үч баласын, кыз алган жарын таштап, тиги келиндин үйүнө кирип жашап калат. Анан аялы эмне кылаарын билбей, айласы кетет. Күйөөсүнүн ата-энесине, бир туугандарына айтып чакырып келет. Баары чогулуп келип:
- Эгер сен тиги аялдын үстүнө кирип жашайм десең, анда бизден кеч. Ата-энем, бир туугандарым жок деп эсептеп кой. Эгер биз десең, анда үйүңө келип жаша, тиги аялды унут! - дешет.
Ошондо тиги курган жигит:
- Мен ал келинсиз жашай албайм. Себеби, мен ал келинди көрмөйүн тура албай калдым. Үйгө жакшы эле келейин дейм, бирок кандайдыр бир күч үйгө келтирбей, тиги келиндин үйүнө тартып турат. Мага туура түшүнгүлөчү. Мени кыйнабагылачы. Чынын айтсам, аялым Гүлнараны көргүм да келбейт. Эмнеге үйлөндүм экен Гүлнарага деп кээде ойлоп кетем? - дептир.
Анда энеси:
- Ай балам, ушул Гүлнара экөөңөр үч жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнбөдүңөр беле? Эмне унутуп калдыңбы? Үйгө шашкалактап келип: "Гүлнараны башка балдар ала качкан жатыптыр, эртээрек алып бергиле!" деп шаштырбадың беле?! Анан эми эмне деп былжырап жатасың?! Болду-болбоду жанагы шермендең кайтарма жасатып, сенин башыңды айлантып алса керек?..
- Билбейм, жумуштан чыкканда эле анын үйүнө барып, аны көргүм келе берет, - деп айтат жигит.
Ошондо байкуш эне уулунун абалына түшүнүп, келини экөө эң кыйын деген бакшыга барышат. Бакшы болгон окуяны укканда эле:
- Балаңардын сүрөтүн алып келгиле. Болгонун ошондо айтам, - дейт.
Эртеси уулунун сүрөтүн алып келгенде, бакшы мындай деп айтыптыр.
- Уулуңардын бардык кийимдеринин жакасын карагыла. Кара жип сапталган ийне болушу мүмкүн. Эгер тапсаңар, ал ийне менен кара жипти шар аккан сууга салып жибергиле. Таппасаңар, мага кайра келгиле! - деп жиберет.
Келин менен кайын энеси үйүнө келишип, тиги уулунун кийген кийимдеринин жакасын бүт карап чыгышат. Бирок, эс нерсе табышпайт. Анан жигиттин кийип жүргөн көйнөгүнүн жакасын карашса, чын эле кара жип ийнеге сапталып, жакасында сайылуу экен, болгондо дагы көйнөктүн арт жагында.
Сөздүн ушул жерине келгенде, кеп үзүлүп калды. Себеби ГАИ ала таягын көтөрүп, машинени тосту. Эрлан машинаны токтотуп, "калганын анан улантасың" деп документтерин алып, ГАИге жөнөдү. Машине токтогондо, Болот ойгонуп кетти да, Элдиярга карап:
- Эмне болду? Эмнеге токтодук? - деп сурады.
Элдияр:
- ГАИ тосту. Баары жайында эле, - деди.
- Элдияр, мен артына өтүп, ошол жагына жатып алайынчы, уктаганга ыңгайсыз болуп жатат.
- Эчак эле ошентпейсиңби. Кел анда, орун алмашып олтуралы.
Аңгыча Эрлан келип калды.
* * *
Балыкчыдан жүргүнчүлөр тамактанып кайра автобуска олтурганда, шофёр баарыңар олтурдуңарбы дегенсип салондун ичин бир сыйра карап койду да, анан автобусту от алдырып, айдап жөнөдү. Автобус Балыкчы шаарынан чыгып күн чыгышты көздөй баратканда, Айымкан Ысык-Көлдү биринчи көргөнүн жашыра албай, үнүн чыгарып сүйлөп калды:
- Ээ, абышка, карачы Көлдү, аяк-башы көрүнбөйт турбайбы? - деди таң кала автобустун терезесинен көпкөк болуп мелтиреп жаткан Көлдү көргөзүп.
- Көрдүм, байбиче, мен бала кезимде келип, Көлгө түшүп кеткем. Андан бери канчалаган суулар агып өттү дейсиң. Көлдү көрүп, ошол бала кезимди эстеп келе жатам. Анда мен он беш жашта болчумун. Чолпон-Атага таекемдин кызы турмушка чыкканда, төөгө себин жүктөп келип, бир жума жатканбыз. Ал кезде азыркыдай техника кайда? Ошондо кудалар аябай сыйлаган. Көлгө түшкөнбүз күнгө күйүп. Мен биринчи эле күнү күнгө катуу күйүп алып, сууга түшө албай кыйналган элем. Көлдүн дагы өзүнчө касиети бар. Бекеринен Ысык-Көлдү касиеттүү көл деп айтпаса керек.
Сөзгө Элмураттын иниси Эсенбай кошулду:
- Ээ, ака, баягы жылы кабар келбеди беле, таежең каза болду деп. Мамат таганын кызы Айша эженин себин алып келдиңиздер беле?
- Ооба, Айша ошондо он алтыда эле. Менден бир гана жашка улуу болучу. Бейиши болгурдун көзү өтүп кетпедиби. Эгер тирүү болгондо, келе жатканда токтоп, учураша кетмек элек…
Ушунда Эсенбай:
- Келе жатканда токтоп, куран окутуп кетсек эмне болот? Каза болгондо дагы келе албай калдык… - дей салды.
- Ээ, Эсенбай, үйүнүн дарегин билбейм. Анда Чолпон-Ата кичинекей эле айыл болучу. Азыр чоң шаар. Абышкасы дагы өтүп кеткен. Издеп таап барган күндө дагы балдары бизди кандай кабыл алат дейсиң? Даярдык дагы жок. Жөн эле кете берели.
Айымкан Балыкчыдан кыйратып деле тамак ичкен эмес, алаксып, аз да болсо көңүлү көтөрүлүп, абышкасынын сөзүнө көңүлүн бурду. Аида сөзгө көңүл бурбай эле үйүнө жакындаган сайын өзүн ыңгайсыз сезип, ичинен өзүнө-өзү суроо берип жатты: "Мен эмнеге олтурбайм деп так секирип жатып, анан олтуруп калдым? Чын эле менин башымды айлантып алышканбы? Равшандан чын эле жеңилдимби? Чынында Равшан мени жеңди. "Баары бир сен менен аялым болосуң!" деп кекетип айтты эле, сөзүнө турду. Аны мен эмнеге апама айттым. Ай, менин макоолугум ай. Эл го мейли. Баарынан дагы апамдын алдында эмне деп жооп берем?...
Апама ичтеги болгон сырларымды айтчу эмес белем. Мен апама Равшанды жамандаганда, апам көрбөй туруп эле Равшанды жаман көрүп калбады беле. Андан дагы Равшанга тийгенден көрө, көчөдөгү бир алкашка тийгеним артык дегенимчи?..
Кесир сүйлөгөн дагы жаман турбайбы. Ошондо бекер кылган экенмин…" Аиданын оюн кайнатасы Элмураттын берген суроосу бөлүп кетти:
- Ээ, келин, силердин айыл Чолпон-Атадан ары канча чакырым?
Аида үнүн акырын чыгарып деди:
- Жетимиш-сексендей болуш керек. Так билбейм.
Эсенбай агасына дагы суроо узатты:
- Силер Ноокаттан Чолпон-Атага канча күндө келдиңер эле, эсиңиздеби?
- Эсимде жок, келатканда аябай жай келгенбиз. Кетип баратканда жүгүбүз жок, ылдамыраак бардык. Бул жактан чыгып, кайра үйгө туура бир ай дегенде кайтканбыз. Андан эрте эле келмек элек, жолдон бир атыбыз өлүп калды. Аны союп, этин биринчи жолуккан айылдагы элге бердик. Себеби жылкынын этин сактаганга болбойт эмеспи.
Элмурат абышка берилүү менен башынан өткөн окуяны айтып берип жатып, Чолпон-Атага кантип келишкенин дагы билбей калышты.

#7 04 April 2014 - 17:51
* * *
Рамис Равшандар кеткенден кийин үйгө кирип, Равшан теңине чейин ичкен идиштеги эзилген сүзмөнү өзү ичип алды. Идиштеги сүзмөнү ичкенде, Рамис дагы кандайдыр бир сыйкырдуу күчтүн таасирине туш болду. Аны кандайдыр бир кара сөлөкөттөр карап тургансып, көзү караңгылашып, үйдөн эшикке чыккысы келип, аба жетишпегендей деми кыстыгып, эшикке чуркап чыкты.
Рамис эшикке чыкканда өзүн жакшы сезип, кере-кере аба жутуп, эмне болуп өткөнүнө түшүнбөй, өзү таң калды. Эшиктин алдындагы тапчанга олтура калып, үй жакты карады да, анан чалкасынан жатып, ойлоно баштады. "Бул эмне сыр? Жанагы келген жигит дагы мендей болуп, үйдөн чыкканча шашты го. Ал дагы таң калып жатса керек" деп ойлогон менен оюна бул келди: "Болду-болбоду Аида жеңемди дубалаган идишти колдондум. Шкафтын үстүндө көмкөрүлүп турбады беле. Мен аны билбей эле алып, сүзмө эзип кирдим көрүнөт.
Демек, бул идиште бир сыр бар. Эгер сындырып салсам, эмне болот? Анда дубасы жанып кетип, жеңем кетип калса, элге кеп-сөз болобуз. Кой андан көрө жууп туруп, ордуна коюп коёюн. Кийин Айымкан апамдан сурап көрбөсөм?.." деп ойлоду. Ордунан турайын деп, кайра: "кичине жата турайынчы, эмнегедир жаным жер тартып турат, анан деле жууйм, чыны кайда качмак эле?" деп Рамис жаткан жеринде кандай уктап кеткенин билбей калды.
Түшүнөн чочуп ойгонгон Рамис ордунан атып турду. Канча убакыт уктаганын өзү дагы билбейт, каны катып суусап, денеси дагы оорлошуп салмактанып калыптыр. Аңгыча дарбаза кагылып калды. Рамис бул ким дегендей дарбаза жакты карап, көңүлү суз кадамын сыртка карай таштады. Дарбазанын эшигин ачып маңдайында турган кошунанын өзүнөн эки жаш кичүү кызын көрүп, өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Себеби, ал кызга жакшы көрөм деген кат жазып, эки күн илгери кичинекей баладан берип жиберген эле. Ал кыз деле Рамиске жолугам деп ойлогон эмес. Рамис:
- Кир, үйдө мен элемин.
Кыз уялып:
- Айымкан эжелер кайда?
- Алар кечээ кечинде Көлгө кетишкен.
- А ооба, унутуп калган турбайымбы! - деп Рамисти караганда, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Ошол көз караш экөөнү тең уялтып, жер каратты. Себеби, Сагипа Рамистин жазган катын алып, "эмне деп жооп берем?" деген ойдо калган. Рамистен кат алам деп эч ойлогон эмес эле. Бирок, Рамистин катын окуп, ою уйгу-туйгу болуп, кандай сезимди баштан кечиргенин өзү да түшүнгөн эмес. Мындай жолугушуу болот деп да эч күтпөдү эле…
* * *
Эрлан машинаны от алдырды:
- И, анан жанагы сөзүңдү улантчы.
- Кайсы жерге келдим эле?
- "Ийнеге кара жип сапталып, жаканын арт жагында сайылуу экен" деп токтогонсуң.
- И анан Гүлнара менен кайын энеси аябай таң калышат. Бакшынын айтканы туура чыкканына бир ишенип, бир ишенбей туруп, анан экөө кеңешип, ийне менен жипти бакшыга алып барышат.
Бакшы ийне менен жипти көрүп:
- Мына балаңардын башын ушуну менен айлантып алган. Эми бул ийне менен жипти шар аккан сууга салып жибергиле да, балага жаңы көйнөк сатып берип, ийне-жип табылган көйнөктү өрттөп жибергиле! - дейт.
Келин менен кайын эне бакшыга ыраазы сөзүн айтып, берчүсүн берип, анан айтканын жасашат. Ошондон кийин жигит үч күн ооруп жатып калат. Үчүнчү күнү аялы Гүлнарадан кечирим сурап, ыйлаганга чейин барат. Тиги кайтарма жасаган келинди көргүсү келбей, кантип ага барып жүргөнүн эстегенде, өзүн өзү жек көрөт. Себеби үч баласын, аялын эмне үчүн ага алмашканына өзү таң. Ал турсун ал келинге "Айды алып берем" дегенге чейин убада бергенин эстегенде, эмне кылышты билбей, өзүн өзү башка ургулайт. Андан аялы Гүлнара билмексен болуп сурайт:
- Тиги келинге эми качан кетесиң? Мени көрөйүн деген көзүм жок дебедиң беле? Кара чечекей балдарыңды, мени кечип койбодуң беле?..
Күйөөсү аялынан мына ушундай кеп-сөздү угуп, уялганынан өлбөгөн төрт шыйрагы эле калат. Жердин катуулугунан эле калыптыр. Анан болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып бериптир.
* * *
Күздүн күнү күн кыска эмеспи, айткандай ылдам эле күн кечтеп, бүгүнкү күн дагы өттү дегенсип күн тоого жашынып баратканда, автобус Аидалардын айлына келип токтоду. Аидалардын үйү жолдун жээгинде болгондуктан, кайын журту үч боз үй тигилип, эл топтошуп турганын автобустан эле көрүп, куданын үйү ушул экенин билишти. Автобус токтоп, жүктөрүн түшүрүп жатышканда эле, үйдөгүлөр сырттан киши келгенин баамдашты. Эки бала чуркап келип, жүктөрүн көтөргөнгө жардам беришти. үйдө кызмат кылып жүргөн келин Аиданын апасы Нурбүбүгө:
- Аидалар келди, боз үйгө барыңыз? - деп айтканда, Нурбүбү шашып эле чуркап боз үйгө кирип, кайын атасын жоктоп, кошок кошуп калды.
Элмурат абышкалар өлүк каадасы кылып өкүрүп келишти. Айымкан менен абысыны Гүлүмкан Аиданын эки колунан кармап, алар дагы ыйлап келип, боз үйгө киришти. Аида автобустан түшкөндө эле токтоно албай ыйлап баштаган. Боз үйгө киргенде, боз үйдөгү аялдарды бүт ыйлатты. Кошок кошконду билбесе дагы "атакелеп! " бир топко ыйлады. Равшан көзүнөн жаш чыкпаса деле атасы менен агасын туурап өкүрүп келип, ал дагы атакелеп ыйламыш этип турду.
Ыйлап бүткөндөн кийин боз үйдүн тегерегиндеги кишилер менен жалпы саламдашып чыгышты. "Үйгө, чайга киргиле, кудалар!" деп кудасы Элмурат абышканы чыканактан кармап, үй жакка жетелешти. Үйгө чайга киришкенде, кудалар менен таанышканга үлгүрүштү. Аңгыча Айымкандар дагы келишти. Аида боз үйдө калды, себеби көз көрсөтүп улам аялдар келип жатышкан.
Айымкан үйгө кирип келе жатып эле үйдүн ичин сынай карап, жашоо-турмуштары жакшы экен деп ойлоп койгон. Аиданын атасы:
- Кудагый, кандай келдиңиздер? Алыс жолдо кыйналган жоксуңарбы? - дегенде, Айымкан:
- Жок, кыйналган деле жокпуз, Бирок, жол аябай эле алыс экен. И баса, чоң куда эмне, ооруп жүрдү беле? - деп кайра суроо узатты.
- Жок, ооруган деле эмес. Бир эле күн төшөккө жатты. Анан кете берди, Аиданы жакшы көрүчү. Акыркы сөзү: "Аиданын бетинен өөп койгула!" деп айтып эле үзүлүп кете берди.
- Ыйманы саламат болсун, баккан бала аябай таттуу болот эмеспи.
Аңгыча сырттан Нурбүбү менен Аида кирди чайга. Аида атасын көрүп, учурашканында, дагы ыйлап жиберди. Нурбүбү кудаларына салам айтып учурашып, Равшандын бетинен өптү. Куда-кудагыйлардан башка кишилер үйгө киришкен жок. Аиданын жүрөгүн өйүгөнү "ойду-тоону сүйлөбөсө экен?" деп кайын энеси Айымкан болду. Равшан дагы ушуну ойлоп жаткан. Ортодогу тынчтыкты бузуп, сөздү Эсенбай баштады,.
- Куда, кудагый, эми кайрат кылгыла. Чоң куданын арты кайырлуу болсун. Мына эми минтип буйрук менен куда-сөөк болуп калдык. Биз ушул айдын аягында келели деп ойлоп жаттык эле, буйрук экен, чоң куда менен дагы жүз көрүшө албай калдык.
Аиданын апасы:
- Эмне кылалы, ажал улук деген ушул экен. "Аиданын жакшылыгына катышсам жакшы болот эле?.." деп атам да жакшы эле айтып жаткан. Негизи, өлөрүн алдын ала билди көрүнөт. Өткөндө: "Кызымдын дайынын билеличи, телефон менен сүйлөшөлү" дегенинен телеграмма жибергенбиз. Аида атам менен апамдын колунда өскөндүктөн, Аида дегенде ичкен ашын жерге коё салуучу. Апам да аз эле жыл мурун каза болгон. Экөө пенсиясын чогултуп Аидага салып жиберишчү. Анан колдогу өскөн кызын жакшы көрүп калышат тура жарыктыктар.
Айымкан сөзгө аралашты:
- Ананчы, баладан дагы небере ысык көрүнөт да көзгө. Аидага угузганда жарым күн жатты эси ооп. Жүрөгүм түшүп калбадыбы, бир балаа болуп кетпесе экен деп.
Айымкан ашыкча сүйлөп баратканын уккан Гүлүмкан сөздү оңдоп кетти:
- Анан кантет? Алыс жерде жүрүп, жаман кабар эшиткенде, жаман эле болот да. Катта куда нечеге кирди эле?
- Жетимиш бирге толуп, жетимиш экиге караган.
Нурбүбүгө кудаларынын өзбек тилин кошуп сүйлөгөнү такыр жаккан жок. Ал турсун, кээ бир сөздөрүнө түшүнбөй да калып жатты. Сырттан "киши келди" деген сөздү уккан Нурбүбү:
- Аида, жүрү, бүгүн жалаң сырттан кишилер келет. Боз үйдө бол, - деп кызын кошо ээрчитип сыртка жөнөдү. Күз мезгилинин суугу өзгөчө кеч киргенде билинет эмеспи, боз үйдө отуруп үшүп кетишти. Ошондо Аида эки жолу сөзүнөн жаңылды. Аиданын келгенден берки абалын байкаган Нурбүбү ичинен беймаза болду.
Аиданын алгач эле:
- Равшан үшүп калган жок болду бекен, ысык чай ичип алса болмок? - дегенде, Нурбүбү: "Эмне эле Равшан деп калган. Баягы Аида жок, болду, болбоду башын айлантып алышкан" деп ою бузулуп, дагы байкайынчы деген.
Экинчи жолкусунда Аида Равшан жөнүндө сүйлөгөнү ашыкча экенин өзү да билип калды. Себеби энеси Нурбүбү аны бир башкача көз караш менен карап турган.
Аида ичинен катуу өкүнүп калды: "Кап, бекер Равшанды кеп кылдым. Эмне эле болуп жатам, чын эле Равшанды сүйөмбү?" деген суроону өзүнө берди. Аиданын өзгөрүлүп калганын жеке эле Нурбүбү эмес, боз үйдөгү аялдар бүт байкашты. Бир убакта жөн турган эле Аида:
- Апа, Равшанга кийим бердиңиздерби? Ооруп калбасын? - деп жиберди.
Нурбүбү эч сыр бербей:
- Ооба, бердик. үйгө киришти чайга, - деп дагы сырдуу карады. Аңгыча Аиданын абалын сезген жеңеси:
- Ээ, Аида, эмне эле күйөө баланы оозуңдан түшүрбөй калгансың?.. Сен чоң атаңдын өтүп кеткенине капа болбой эле, "Равшанга суук тийген жокпу?" деп такыр башкага капа болуп жатканыңа жол болсун?
Аида жеңесинен мындай сөз угам деп күткөн эмес. Уялып өлбөгөн гана төрт шыйрагы калды. Эмне деп жооп беришти да билбей калды. Энеси Нурбүбү угаар сөзүңдү уктуңбу дегенсип, эми эмне деп жооп берет деген ойдо Аиданы карап турган. Аида жооп кайтармак турсун, үн чыгарганга дарманы жетпей, жерден башын көтөргөн жок.
Акырында жеңеси:
- Сүйүү да, азыркы жаштар уят, ыйман дегенден сүйүүнү жогору баалап калган. Күйөө баланы ооруп калбасын деп аяп жатпайбы, - деди.
Аида эшикке чыгып кете албай, же бир ылайыктуу жооп айта албай, туюкка камалган эликтей үмүттүү эки жагын карады эле, аталаш эжеси:
- Болду эми Аиданы уялтпай, өзү кысынып араң олтурат, - деп аяп кетти.
- Уялып олтурса, уялгандай олтурбайбы. Улуу-кичүүнү көзгө илбей, улам-улам эле күйөө баланын атын айтып. Тигинтип койбой, минтип койбой деп. Илгери биздин убакта күйөөгө тийген кыз төрөгөнгө чейин үйүнө келгенинде күйөөсүнүн атын айтчу эмес. Кайын ата, кайын энесинин көзүнчө "Равшан! ", "Равшан! " эле дей берсе, уккан эл эмне деп ойлойт. Дароо эле тарбия көргөн эмес экен экен дебейби. Ыйманы жок келиндин төркүнүнө сөз тиет: "Бул кандай жердин кызы" деп... Муну биз айтпаганда, анан ким айтат? Ай, кыз, сен улам-улам "Равшан! " деген сөзүңдү токтот! - деп аңкылдап катуу айтты атасынын эжеси Алмаш.
Аңгыча сырттан "киши келатат!" деп калышты. Эркектердин өкүргөн үнү чыкты. Анан эле уңулдап "атакелеп" ыйлап, атасынын Ат-Башыга турмушка чыккан кичүү карындашы кайын энеси, дагы эки аял болуп келди. Аидага оңдой берди болду. Болбосо эжеси аны дагы канчага чейин урушмак эле?..
* * *
Рамис Элмурат абасынын үйүнө анда-санда эле бир келчү. өзүлөрүнүн үйү айылдын аркы башында. Сагипаны жакшы көрүп калганынын себеби, акыркы жылдары ал көзгө көрүнүп, созулган кыз болуп чыга келди. Кичинекей кездеринде чогуу эле ойноп жүрүшчү. Анда сүйүү эмне экенин билишчү эмес.
Рамис оюнчук талашып бир жолу Сагипаны уруп салган. Ошондо Сагипа ыйлап барып атасына айтканда, Рамис коркуп үйүнө качып кеткен эле. Эртеси Сагипага өзү оюнчук берип, чыпалактарын тийгизип жарашып ойноп калган. Аны көргөн Сагипанын атасы мыйыгынан күлүп: "Бала деген ушу да" деп тим койгон.
Мына эми ошол чыт курсак бала менен кичинекей сары кыз чоңоюп, бири-бирине сүйүү жөнүндө кат жазып, бирин-бири тике карай алышпай, көздөрүн ала качып, көздөрү менен сүйүшүп атышат. Рамис Сагипанын көз карашынан анын көңүлү бар экенин туйду. Сагипа дагы Рамисти баштагыдан башкача көрүп, кыздарга тиешелүү уялуу, наздануу, кылыктануу менен караган эле.
Ошол көз караш эки жаштын жүрөктөрүн козгоп, мурда мындай абалда болбогондой абалда калтырды. Эх сүйүү!.. Сүйүү эмнени гана кылбайт. Сүйүү эч кимден, эч нерседен тартынбаган эр жүрөк баатырды дагы жалтантып, багынтып, ойлонтуп, кыйнап, азапка салып, санаага батырып, сүрдөтүп, ырга шыгы жок болсо дагы ырдатып, ыр жаздырып, уйкудан калтырып, ойлогон оюнан алаксытып салат го чиркин!
Ошол сыңары Рамис дагы болгон окуяны, көргөн түшүн унутуп, Сагипанын алдында эч сөз сүйлөй албай сүрдөп турду. Сөз таба албай жатып, Сагипа кетип калбаса экен деп ойлоп: "үйгө кир" деген сөздү айтканын өзү дагы билбей калды. Анын ою да бир орунда эмес эле. Маңдайында турган Рамис көзүнө бир башкача көрүнүп, анын жанынан кеткиси келбей, жакшы, жагымдуу сөз айтса экен деп тилеп кетти. Рамис Сагипаны карап:
- Сагипа, жок дегенде даам ооз тийип чыкчы, сенден суранам. Жок дебечи... - Сагипа Рамистин өтүнүчү менен суранганын жана анын аянычтуу кейпин көрүп, аяп кетти.
- Мейли, Рамис, нан эле ооз тием, шашып жаттым эле... - деди. Рамиске Сагипанын "мейли, Рамис" деген сөзү абдан жакты.
* * *
Эрлан кызыгуусу артып:
- Эмне деп айтып бериптир? - деп Элдиярды карады.
Элдияр өз сөзүнө өзү да арбалып, кебин улады:
- Кыскасы, тиги келин менен таанышкандан кийин эле,.. - деп башын тырмап, "Гүлмиранын күйөөсүнүн аты ким эле?" деп ойлонуп калды...
Эрлан:
- Айта берчи эми.
- Коё турчу, тилимдин учунда эле турат... И-йи, баса, Сагындык. Сагындык болчу, эми эстебедимби. Анан тиги келин Сагындыкты жактырып калат. Бирок Сагындык ал келинге көп деле көңүл бурбайт. Бир жолу тиги келин Сагындыкты конокко чакырып, сүйүп калганын айтат:
- Сагындык! Мен сени сүйүп калдым. Кыз тийген күйөөмдү дагы сенчелик сүйбөсөм керек. Сүйүүнүн көзү сокур деген ушул турбайбы. Мен сенин үй-бүлөңдү бузгум келбейт. Бирок, анда-санда келип турчу, сенден эч нерсе деле сурабайм. Керек болсо, мен сага жардам берип турам. Жок дебечи?..- деп өтүнөт жалооруй карап.
Эркектер аялдын сөзүнө бат эле кирип кетебиз да. Оюндун кызыгы менен алгач ат тезегин кургатпай барып, мүдөөсүн бүтүргөн соң, акырын кетип калып жүрөт. "Ойнош оттон ысык" деген сөз бар эмеспи, акыры тиги шүмшүк келин Сагындыктан ажырабас үчүн бир бакшыга барат да, кайтарма жасатып келип, анан жигитке уйкунун дарысын берип уктатып коюп, кара жип сапталган ийнени көйнөктүн жакасына билинбегендей кылып сайып койгон экен.
Сагындык аялына болгонун болгондой айтып берет: "Бир күнү адаттагыдай эле тиги келиндин үйүнө бардым. Мен барсам, тамак жасап коюптур. Бир бөтөлкө арагы дагы бар экен. Мен эки стакан арак ичкенден кийин эле шалдырап уктап кетиптирмин. Ошондон кийин эле балакет басты. Жумушта жүргөндө кеч кирбейт десең. Эптеп жумуш аяктаганда эле тиги келиндин үйүн көздөй тим эле чоң ырыскыдан куру калчудай шашып барам. Аны көргөндө эле жаным жай алып отуруп калам. Бир күнү ал мага: "Аялың менен ажырашып, мени менен жаша…" деп айтты. Мен ага эч каршы сөз айта алганым жок. Себеби менин оюмдун баары тиги келин болуп калган. Ал эми сен мага такыр эле башкача - өңүң суук болуп көрүнүп калгансың. Анан апамдар, бир туугандарымдын айткан сөздөрү да кулагымдын сыртынан кетти. Себеби мага баары бир болуп калды. Оюмдун баарын эле тиги келин ээлеп алган болучу. Керек болсо, мен айды алып берем дегенге чейин убада бергем. Эми эмне болуп жатам, билбейм. Үч күн аябай оорудум. Азыр ал келинди көрөйүн деген көзүм жок. Эмнеге ага барып жүрдүм экен? Азыр мен эмне кылаарымды билбей турам. Бирок, үстүмдөн оор жүктү алып салгансып, өзүмдү жеңил сезип жатам", - дейт.
Башын мыкчып олтурган күйөөсүнүн кейпин көргөн Гүлнара аяп кетип:
- Сагындык, ал келин башыңды айлантып алыптыр. Биз, апам экөөбүз бакшыга барып, сениң башыңды айлантып алганын, кайтарма кылып сениң жакаңа кара жип сапталган ийне сайып койгонун билдик. Эгер биз кара ийне-жипти алып, шар аккан сууга салып жибербесек, сен тиги келиндин айтканын жасап жүрө бермексиң. 5-6 жылдан кийин башың оорулуу болуп калмак. Анан тиги келинден, же бул үйдөн жок көчөдө калып, тентип кетмексиң.
- Кантип! Чын эле менин башымды айлантып алыптырбы?.. Сенин айтканыңда калет жок. Мен сага ишенем. Мурда эч качан мындай абалда болгон эмесмин. Мен азыр барып ал келинге эмнени гана көргөзөөр экенмин! - деп Сагындык эшикке атып чыгып, келиндин үйүн көздөй жөнөйт. Аялы Гүлнара: "токто! " десе болбой, шашып жөнөйт. Бир балээни сезген Гүлнара артынан ээрчий чыгат…
* * *
Эртеси эртең менен "үн чыгаралы! " деп Аиданы эрте ойготушту. Аида түш көрүп, катуу уктап жаткан. Түшүндө чоң апасы бирдеме деп эле айтып атыптыр. Ал түк эч бир сөзүн түшүнгөн жок. Бир убакта эле чоң апасы Аиданын башынан кара чүмбөттү алып салды. Кара чүмбөттү сыйрып алганда, Аида өзүн жеңил сезип, чоң апасынан: "Апа, эмне кылдыңыз?.. Мен өзүмдү жеңил сезип калдым", - деп сурайт. Анан чоң апасы жооп бергенче эле ойготуп жиберишпедиби. Түшүнүн аягына чыкпай калган Аида уктасам эле чоң апам менин суроомо жооп берет деген үмүт менен кайрадан уйкуга баш койду. Бирок чоң апасы түшүнө кирген жок.
Апасы:
- Ай, Аида, турбайсыңбы? ! - дегенде гана Аида ордунан ыргып турду да, эшикке чыкты. Эртең мененки аба кандай таза. Сыдырым соккон эртең мененки жел Аиданы ичиркентип жиберди. Аида бети-колду жууп, боз үйгө кирди. Аиданы күтүп отурушкан аялдар маркумду жоктоп үн чыгарышты.
Убакыт токтоп турбайт эмеспи, бат эле саат 11 болду. Бир убакта айылдын имамы келип, ырым-жырымдарды жасап, сөөктү сыртка алып чыгышты. Аида чоң атасынын сөөгүн табытка салып алып чыкканда, өзүн бир башкача сезип кетти. Ошондо кечээги айткан жеңесинин сөзүн эстеп, жеңесинен уялып жер карады. "Сен чоң атаңдын өтүп кеткенине капа болбой эле, Равшанга суук тийбесин деп такыр башкага капа болгонуңа жол болсун?" деген сөзүн эстегенде, чоң атасы ал сөздү угуп тургансып, бир жагынан уялып, бир жагынан ичи ачышып кетти. Ошондо Аида аябай чекилик кетиргенин билди. Сүйүктүү чоң атасы менен түбөлүккө коштошуп, аны жерге беришерин, боорукер адамдардын камкордугуна бөлөнгөн алтын балалыгы эми эч качан артка кайрылгыстай болуп кеткендигин ушу азыр бөтөнчө сезди. Ааламды жаңыртып эчкирип ыйлагысы келди Аиданын.
Киши ушунчалык көп келген эле. Аида эркектердин арасынан биринчи Равшанды көрдү. Ал такыр эле башкача көрүндү, көзүн ирмеп-ирмеп алды да, көргөн көзүнө ишенбей кетти. "Өңүмбү же түшүмбү, эмне эле болуп жатат?" деп жакшылап карады.
"Өңүмбү же түшүмбү, эмне эле болуп жатам?" деп, көп эркектердин арасында турган Равшанды дагы жакшылап карады. Бир эле күндө Равшан жүдөп, такыр эле башкача болуп өзгөрүлүп кеткендей сезилди Аидага. Ошондо түндө көргөн түшүн эстеп кетти. Аңгыча эле каза болгон чоң энесинин элеси бир белги бергендей болуп көз алдында тартыла түштү. Бирок Аида эч нерсеге түшүнө берген жок. "Мен эмне эле болуп жатам, чын эле чоң энемдин арбагы да мени көрүп, мага белги берип жатабы? Мен эч кандай күнөө иш деле кылган жокмун го. Эмне үчүн түшүмдө чоң апам менин үстүмдөн кара чүмбөттү алып салды. Демек кара чүмбөт бул жасаган күнөөлөрүм го. Мени күнөөлөрүмдөн арылттыбы?.. . Же чоң апамдын арбагы эмне алыс жакка турмушка чыгасың деп, капа болуп атабы? Ушул Равшанга тийгени, чоң апам түшүмдөн кетпей койду?.." деп ойлоп Аида дагы Равшанды карады. Равшанды караган калыбында өзүн ойго алдырып жиберген Аидага:
- Аида, эмне болду сага?.. Жооп берип койсоң боло, сага сүйлөп жатам! - деп оң жагында турган жеңеси анын оюн бөлүп жиберди. Аиданы апасы Нурбүбү чакырып жаткан болучу.
Ой деген кандай күлүк. Аида өзү ушунча көп кишинин арасында туруп, аз убакыттын ичинде ою менен кайда гана барган жок. Ал энеси Нурбүбүнүн көз карашынан "Эмне болуп калгансың?" деген сөздү айттырбай билди. Нурбүбү: "Жүз аарчың түшүп калды" - деп, жерде жаткан жүз аарчысын көргөздү. Аида жүз аарчысын эңкейип алып жатып, дагы туура эмес иш кылганын билип, "ка-ап, жок дегенде Равшанды карабай эле койсом эмне?" деп ичинен өкүнүп алды. Бирок, эмнегедир эле Равшанды карагысы келип, азыркы өкүнгөнүн унутуп, дагы Равшанды карады. Равшан дагы Аиданы карап турган болучу. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Бул көз караштардын тереңинде бир сырдуу окуя бар экенин кыраакы эне байкады. Нурбүбү экөөнүн ар бир кыймылына баятан бери эч кимге байкатпай көз кырын салып турган эле.
Байкуш эне бала үчүн баарына кайыл го. Жеке эле адам баласы эмес, айбанаттар, канаттуулар деле баласы, балапаны үчүн эмне деген гана камкордуктарды көрүп, курсагын тойгузуп, ооруса кошо ооруп, азабын тартат эмеспи. өзүнүн курсагы ачка болсо дагы балам ичсин деп болгон ырыскыны тээ алмустактан бери эне гана балага ыраа көрүп, эне гана баарына түтүп келет. Эне төрөйт, бирок, баланын кыял жоругун кошо төрөбөйт да. Эне кантип өзүнүн канынан жаралган балага жаман ой ойлосун. Нурбүбү дагы Аиданын жоругуна аябай эле нааразы болуп: "Бул эмне,.. маңкурт болуп калганбы? Же эмне буга күйөө эле керек беле?.." деген жаман ойлорду да ойлобой койгон жок. Себеби Аида келгенден бери элди көзгө илбей эле улам-улам күйөөсүнүн атын айтып, "тигинтип койгула", "минтип койгула" деп күйөөсүнө көз көрүнөө кам көргөнү Нурбүбүгө катуу тийди. Нурбүбү: "Шашпа! Сениби! Эртең сөөк коюлгандан кийин, эмне гана кылаар экенмин сени, шерменде! " деп кекенип, ачуусун кимден чыгараарын билбей турганда, жашы жетимиштерге барып калган кошуна кемпир:
- Нурбүбү? Сага бир нерсе айтайын, бирок оюңа алба, - деп акырын унчукту.
Нурбүбү шашкалактаган калыбында:
- Айтыңыз, кулагым сизде, эмнеге оюма алмак элем, - деди. Ошондо кемпир:
- Аиданын башын айлантып алышканбы деп ойлоп калдым. Сөөк коюлгандан кийин кызыңды алып кал, жол-жобосун айтып берем, - дегенде, Нурбүбү:
- Чын эле,.. эмне эле мынча аз убакытта өзгөрүп калган деп атпаймынбы? - деп, бир аз мурда урушуп, "сөөк коюлгандан кийин, эмне гана кылаар экенмин сени, шерменде! " деп кекенип жаткан кызын эми аяп кетти. - Эмне кылат анан, байкушум…
Тиги кошунасы:
- Кызыңдын жоруктарын дагы байкачы, анан мага айт. Эгер, мен ойлогондой болсо, анда эле башын айлантып алышканы анык. Мен бир көрүп эле байкадым, - деп айтты.
Нурбүбү кошунасы айткандан бери Аиданын ар бир кыймылына, сүйлөгөн сөзүнө көңүл буруп, аңдый баштаган. Азыр дагы байкатпай карап турса, Аида Равшанды караган калыбында жүз аарчысы түшүп калганын да сезбей ойлонуп кеткенин, андан дагы Равшан экөө бирин-бири тиктешип турганын кыраакы эне көз кыйыгынан кетирген жок. Бир күндө эле Нурбүбү санаага алдырып жиберди. Алмончоктой кызы аз убакыттын ичинде эле ата-энесине, бир туугандарына мерез болуп, салкын мамиле жасап, күйөөсүн эле ойлоп калганы энени кантип ойлонтпой койсун? Атасы Сапар ал убакта эч нерсе байкаган эмес. Байкамак турсун, Аиданы бир эле жолу көрүп учурашканы болбосо, эч нерседен бейкапар кудасы менен сүйлөшүп, жанында жүргөн. Элмурат аксакал салабаттуу сүйлөп, өткөн-кеткенден кеп салып, кудасы Сапардын көңүлүнө жакты.
* * *
Сагипанын: "мейли, Рамис" деген сөзү анын төбөсүн көккө жеткизди. Сагипа дарбазадан киргенде, Рамис эмне кылаарын билбей, өзүнчө эле калдастап, алдыга басып, эшикти ачып:
- Кир, Сагипа, тартынбасаң, уяла турган эч ким жок! - деп унчукту.
Сагипа ичинен күлкүсү келип, өзүн-өзү араң тыйды. Анткени өзүнөн эки жаш улуу бала өзүнчө эле сүрдөп, эмне кылаарын билбей калдастап, сүйлөгөн сөздөрү дагы күлкүнү келтирээрлик болуп жатса эмне кылат? Сагипа үйгө кирип нан ооз тийип чыгайын деп атканда, калдастаган Рамис: "Суусундук ич, шашпа!" деп столдо турган баягы чоң чыныны алып чалап куюп, Сагипага сунам деп жатып, колунан түшүрүп жиберди. Чыныдагы суусундук төгүлүп, чыны эки бөлүнүп сынып калды. Баятан берки Рамистин жоругуна күлкүсү келип араң карманып турган Сагипа эми өзүн кармана албай, күлүп жиберди. Сагипанын күлгөн күлкүсү Рамиске жага бербей калды. Чынынын сынганына өкүнгөн жок, кайра ырас болду деп ойлоду. Себеби Сагипа күлүп сүйлөгөнгө аз да болсо мүмкүнчүлүк болду:
- Сагипа, кечирип кой. Сени көргөндөн бери өзүмчө эле сүрдөп жатам. Суранам сенден, шашпачы? - деп айтып, сынган чыныны алып столдун үстүнө койду да, төгүлгөн суусундукту сүртүп кирди.
Эгер чыны сынбаганда, Рамис Сагипага эч сөз айта алмак эмес эле. Сагипа дагы Рамисти аяп кетип, бир аз аярлап туруп калды. Рамис Сагипага:
- Сагипа, олтурсаң, чыны сынса эч нерсе эмес, суусундукту башка чыныга куюп берейин.
Сагипа олтуруп жатып: "Аттиң! Эркектердин жоруктары ай... Кыздарды аял кылып алганга чейинки мамилеси кандай болсо, үйлөнгөндөн кийинки мамилеси дагы ошондой боюнча калса кана!.. Эгер мен Рамиске турмушка чыксам, азыркыдай мамиле жасабайт, баары тетирисинче кетет. Эркектер кыздарды: "алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным" деп, нукура кыял-жоругун качан гана аял кылып алгандан кийин көргөзүшөт эмеспи" деп ойлонуп кетти. Бир жагынан Сагипага Рамистин жасаган мамилеси жагып турду. Аял затынын жүрөгү назик, боорукер келет эмеспи, Сагипа: "эгер Рамис азыр жазган катымдын жообун бер десе, эмне дейм, эртең берейин деп коёмбу?" деп өзүнчө ойлонуп калды. Шкафтан башка чыны алган Рамис:
- Сагипа, окууларың кандай, эмне жаңылыктар бар? - деп сурап койду.
- Эч деле жаңылык жок, окуулар жакшы эле.
- Эгер убактың болсо, кечинде жолугушпайлыбы? - деп айтып алып, Рамис уялып кетти.
Сагипа эмне деп жооп берерин билбей, уялыңкы жер карады. Рамис Сагипага суусундукту сунуп жатып, анын көзүнөн кандайдыр бир сырды байкады.
* * *
Бир балээ болоорун билген Гүлнара Сагындыктын артынан жөнөйт. Ал эми Сагындык түз эле чоң жолго түшүп алып чуркайт. Артынан аялы ашыгып, жетпей барат... Сөз ушул жерге жеткенде, Болот ойгонуп кетти да: "Биз кайсы жерге келдик? - деп сөздү үзүп салды.
Эрлан сөз кызуу жерине келгенде үзүлүп калганына өкүнгөндөй Элдиярга карап:
- Уланта бер сөзүңдү, - деп сөзгө дилгирлигин билгизди.
Элдияр айтып жаткан сөзүн улады:
- Сагындык чуркап, баягы өзүнүн башын айланткан келиндин үйүнө келип, эшигин тээп ачат.
Болот арткы орундуктан башын созуп деди:
- Элдияр, эмнени айтып жатасың?...
Эрлан:
- Болот, сөздү бөлбөчү, аягына чыксын, анан сага айтып берет, - деп өтүндү.
- Макул, жол алыс. Элдияр, анан мага башынан айтып бер, макулбу.
- Ооба, азыр аз калды.
Анан эшикти тээп ачып, баягы келиндин үйүнө кирип барса, тиги келин Сагындыктын өңүн көрүп эле, иштин чатак жагына айланганын сезип, эмне кылаар айласын таппай туруп калат. Ушунчалык ачууга алдырган Сагындык өзүн кармана албай, жакын келип ал келинди көмөлөтө урат. Келин үнүнүн баарынча кыйкырып эле жатып калат. Сагындык келинди кайра тургузуп:
- Сен мени эмне кылгансың, ыя?!.. Башымды гана айлантып, өзүңдүн кулуң кылып алгың келдиби?! Сен эмне деп сөз бердиң эле ыя?!.. - деп дагы чабат. Келин бул жолкусунда өзүн колго алып:
- Сагындык, жинди болбочу, эмне болуп атасың?..
Ошол убакта сырттан тиги келиндин атасы кирип келет да, кызы менен эле чоочун жигит жакалашып турганын көрүп:
- Ой, силерге эмне болду, сен кимсиң? - деп Сагындыкты карап, кызынын таламын талашкан түр көргөзүп туруп калат.
Сагындык:
- Сиз ким болосуз? - деп өңүн бузган калыбында сурайт.
Дагы жакшы, келиндин атасы кирип келбегенде, Сагындык тиги келинди эмне кылмак эле, ким билет?..
- Мен Гүлкайырдын атасы болом, тарт колуңду!
Сагындык Гүлкайырдын жакасынан муунта кармаган калыбында турган эле. Аңгыча сырттан Сагындыктын аялы кирип келип, ирегеде Гүлкайырдын атасынын жанында туруп калат.
Сагындык үнүн өктөм чыгарып:
- Кызыңызга кандай тарбия бергенсиз? Бирөөнүн жакшынакай бүлөсүн бузуп, уят иштин айынан мени жинди кылып коё жаздады.
Тиги киши:
- Эмне дейт, сен, жигит, эмне деп эле былжырап атасың?! - дегенде, Сагындык Гүлкайырдын жакасынан колун бошотуп, болгон ишти бүт айтып берет.
Гүлкайыр үнүнүн бардыгынча кыйкырат:
- Ата, калп айтып атат!
Кызынын абалын биле кетейин деп келген тиги кишинин жагдайын өзүңөр эле түшүнүп койгула. Гүлкайырдын калп деп айтып, актангысы келген аракети шоона эшпей калат.
Сагындык:
- Токтот сөзүңдү! Мен сөздүн аягына чыгайын, анан сен сүйлөйсүң!
Тиги келиндин атасы дагы кызын тыйып:
- Сөздү бурбай турчу, анан сөз кезеги сага да келет.
Сагындык бир чети арманын айтып, ичиндеги бугун чыгарып, болгон ишти эч уялбай, тартынбай айтып атты:
- Анан мындан төрт-беш күн мурда Гүлкайыр мага мындай деди: "Аялың менен ажыраш. Анан сени үйүмө киргизип алам!" Мен эмне кылаарымды билбей калдым. Себеби, дубанын күчү жумуштан чыкканда бул жакка жетелеп келчү. Үй-бүлөмө карабай калгам. Ата-энемди, үй-бүлөмдү кечип, бир гана Гүлкайыр деп калгам. Мен муну сүйүүнүн күчү го деп ойлогом башта. Анан эле үйгө барып, үч күн катуу оорудум. үчүнчү күнү эсиме келдим да, өзүмдөн-өзүм уялдым. Ошол убакта апам менен келинчегим Гүлнара дубалаткан көйнөгүмдүн жакасына кара ийне-жип сайып койгонун бир бакшыга барып билип, аны алдырып, шар аккан сууга салып жиберишиптир. Ошентип мен азыр өз абалыма келип, Гүлкайырды күнөөлөп аткан кезим.
Гүлкайырдын атасы кызына карап:
- Гүлкайыр, ушул чынбы ыя? - деп сураганда, Гүлкайыр суудан жээкке чыгып калган балыктай чабалактап актанып, болгон ишти танып кирди:
- Ата, баары калп. Өзү мага жабышып, үйүмө кирип олтуруп алчу. Мен араң кетирчүмүн.
Сагындык мыскылдап күлүп:
- Башымды айлантып алсаң, үйүңдө олтурам да. Эгер мен сени сүйүп, артыңдан чуркасам, ушинтип сага кол көтөрүп, сабамак белем?..
- Бул сенин аялыңдын алдында актанып аткандагы кейпиң!..
Бул сөздү укканда, Сагындык эмне кылаар айласын таппай калды да, мындай деди:
- Аксакал, эгер сиз мага ишенбесеңиз, апамды чакыртам. Апамдан эле угуңуз. Мына келинчегим дагы айтсын.
Сагындыктын аялы болгон ишти болгондой айтып, ал турсун: "Бакшыга жүргүлө!" - дегенде, Гүлкайыр уурусун карматкан адамдай эмне кылаарын билбей туруп калат. Тиги киши кызы Гүлкайыр өзүн канчалык актаганы менен чындык Сагындык жакта экенин билип:
- Эриң менен эмне ажырашасың анан. Бирөөнүн бүлөсүн бузуш үчүнбү? Эгер бул бала өзү келсе, сен үйүңө киргизип албай, эшикке түртүп чыгарып салбайт белең?.. Биз сени бирөөнүн бүлөсүн бузсун деп чоңойттук беле?.. - деп кейип, заманасы куурула кызы Гүлкайырды урушат.
"Ак ийилет, бирок сынбайт" деген сөз бар эмеспи, канчалык актанып карганы менен Гүлкайырдын күнөөсү акыры ушинтип билинип калат. "Эгер Гүлкайырдын атасы келбегенде, - деп айтыптыр Сагындык кийин, - мен аны өлтүрүп салмакмын. Себеби өзүмдү ошого даярдап койгом. Мен үчүн баары бир эле. Мындай кылып башымды айлантып алат деп ойлогон эмесмин. Андайын билгенде, үйүнө эмес, өзүнө жакын баргандан качмакмын" .
Мына дуба, кайтарма деген, бул - адамдын башын айлантып алуу, - деп Элдияр айтып келатканда, машинанын дөңгөлөгү жарылып, сөз дагы үзүлүп калды.

#8 04 April 2014 - 17:53
* * *
Сөөк жайына коюлуп келгенден кийин, келген элдер тарай башташты. Айымкан абысынына:
- Ай-ий, ушунча дагы көп киши келет экен ээ.
Абысыны:
- Куданын кадыры бар да элге. Буйруса келиндин төркүндөрү жакшы кишилер экен. Бирок, бул жактын салты такыр эле башкача турбайбы. Карачы этти кандай тартты!..
Айымкан шыпшынып:
- Ошону айтсаң. Этти ысырап кылышат экен. Канча мал союлуптур, билдиңби?
- Кайдан жеңе, сиз менен эле чогуу жүрбөймүнбү. - Ошентип эки абысын бош боло калганда өздөрүнчө баш тийиштирип, сүйлөшө калып жатышты.
Күздүн күнү күн кыска эмеспи, бат эле кеч кирип, көз байланып, караңгы кирди. Төркү үйдө куда-кудагыйлар бир самоор чайды кайнаттырып алышып, дасторкондо өздөрүнчө сүйлөшүп олтурушту. Нурбүбүгө кудагыйы Айымкан такыр жаккан жок.
Себеби, Айымкан кудагыйы Нурбүбүнүн көзүнө тике карай албай эле, өзүнчө күнөөлүү кишидей болуп, бир нерседен шекшитип алды. Аны Нурбүбү байкаган жок дейсиңби? Байкамак турсун, Аиданы дубалатып алганына эми толук ишенди. Кечке жуук баягы кошуна кемпир Нурбүбүгө келип:
- Нурбүбү, мен Аидага бүгүн кечке көз кырымды салып байкап турдум. Башын айлантып алышканы чын экен. Ак-Суудан келген таекемди "эртең кетпе!" деп эптеп сүйлөшүп алып калдым. Ал - чоң молдо, дубаны жандырат. "Эртең күйөө балаңа билгизбей, Аиданы алып кел. Калганын дагы сүйлөшөбүз. Дубаны жандыртпасак болбойт! - деди.
Эми минтип кошунасынын айтканы, анан дагы кечээки байкаганы да төп келип, буга кошумча себеп, кудагыйы Айымкан дагы жалтактап, тике карай албай атканы Нурбүбүнүн шекшигенинин күчөшүнө ачык эле түрткү берди.
Кечки чайды ичип олтурушканда, Элмурат абышка:
- Кудалар, эми бизге уруксаат берсеңер, эртең жолго чыгалы. Куданын арты кайырлуу болсун. Көзүн көрбөсөк дагы, анын кадыр-баркын, кандай адам экенин билдик. Бири кем дүнүйө деген ошол: бир арманым чоң кудама жолугуп, кеп уруша албай калганым болду... Уулум менен келиндин окуулары да башталып калгансыды. .. - деп сөздү алыстан козгоп айтты. Себеби ал келин тарабы өз ара кеңешип, Аида менен Равшанды дагы эки күнгө алып калалы деп жатышканынын чет жакасын угуп калган эле.
Сапардын өзүнөн үч жашка улуу агасы Сатар башкы экономист болуп иштейт. Эмки сөздү Сатар улады:
- Куда-кудагыйлар! Мына эми минтип куда болуп калдык. Алыстан атайын келгениңерге чоң ырахмат. Эртең жолго чыгалы деп атасыңар. Аида биздин кызыбыз болсо, Равшан балабыз. Эки жаш баш кошуп жашап калыптыр. Экөө ынтымактуу жашаса, биз кайда бармак элек. Аида менен Равшандын тоюна атабыз катышпай калды. Эми экөө жетилигине чейин калып, биз менен болушсун. Өзүбүз машинеге салып жиберебиз. Ал эми, куда, тигинтип "уул-келинибизди эртең өзүбүз менен чогуу ала кетели" дегениңиз адамгерчиликке да, салтка да туура келбейт. Кандай дейсиздер?
Бул сөздү уккан Айымкан чочуп кетти:
- Ой, ошол кантип болсун? Чогуу келгенден кийин чогуу эле кетебиз!..
Айымкандын бөтөнчө чочуп кеткени Нурбүбүнү дагы шексинтти. Сатардын айткан сунушуна баары макул болгону менен Айымкан көнбөдү. Бир убакта Элмурат дагы унчукту:
- Эй, кемпир, жөн олтурчу. Келин-уулубуз эки-үч күн бизден кийин барса, эмне болмок эле?.. Буларды да түшүнөлү. Равшан босогону жаңы гана аттап кирип атса... Жол-жобосу менен кетирели деп атпайбы. Салтка дагы караш керек!
Айымкан абышкасынын сүрдүү көзүнө тик багып карай албай, айла жок баш ийип, макул болду. Бирок жүрөгүн өйүгөн нерсе, дубаны жандырышпаса эле болду деген санаа бир саамга да тынчтык бербей туруп алды. Аргасыз "бул жактын эли орус сымал эл экен, аны деле көп этибарга алышпайт го" деген илгери үмүткө жетеленди. Чайдан кийин дагы табак-табак эт тартылды эле, Айымкан чочуп:
- Болбодубу эми, кечке эле эт бере бересиңерби? .. Мунуңар жарабайт го?.. - деп жиберди.
Абысыны:
- Жеңе, жөн отуруңузчу. Эмне эле болуп атасыз? - деди аргасы түгөнүп.
Сапар кудасы күлүп:
- Бизде силер жактагыдай күрүч өспөйт. Болбосо күрүч эле берип коёт элек, - деп чымчып өттү сөз менен.
Бул сөздү баары тамаша иретинде кабыл алышып, күлүп калышты. Эсенбай:
- Ооба, бизде этке караганда күрүчтү көп бышырат. Бирок ар бир жердин салтына баш ийгенибиз оң. Силер бизге барганда, мынчалык эт бере албайбыз деген ойдо жеңем сыр алдырып коюп атпайбы, - деп айтканда, дагы күлүштү.
Сапар:
- Көрсө кудагый кийинкисин ойлоп аткан турбайбы?.. - деп сөз таштаганында, отургандар дагы кыраан-каткы күлүп калышты.
* * *
Машинанын дөңгөлөгүн алмаштырып бүткөндөн кийин Эрлан кейиген түр менен:
- Эми Ошко жетип алсак экен... Дагы дөңгөлөк жарылса, анда талаада калдык. Жакын жерде вулканизация болсо, дөңгөлөктү чаптатып алалы, - деп машинаны ордунан жылдырды.
Болот үшкүрүнүп:
- Ысык-Көлгө барбай эле койсок кандай болот? Эмнегедир эле уктап тургандан кийин башкача ойго келдим. Равшан деле Аиданы сүйгөнү үчүн жолдун алыстыгына карабай ала качып алды да. Эгер Аиданы сүйбөсө, ала качмак беле?..
Элдияр башын чайкап:
- Мына, Эрлан, байкадыңбы? Жана Болот үйгө кирбеген болсо минтип сүйлөмөк эмес. Бир балакет болду. Жана мен кеп кылгандай кайтарманын таасири да. Болот, сен азыр өзүңдү кандай сезип жатасың?
- Билбейм, жакшы эле. Эмне болду?
- Жана Равшандын үйүнө кирип чыкканда "өзүмдү башкача сезип жатам" дебедиң беле. Эми өзүңдү кандай сезип калдың?
Болот көңүлсүз:
- А, жакшы эле. Бирок, эмнегедир баштагы оюмдан айнып жатам. Бирөөнүн бүлөсүн бузган болбойт го... - деди көзүн ала качып.
Элдияр:
- Мына сен дагы дубаланган идиш менен чалап ичип алып, Равшанды аяп атасың. Эркек болуп сен ушинтип аткан соң, Аидага эмне болуптур. Аида азыр сени унутуп да калды болуш керек. Бир гана "Равшан" деп, Равшанды гана ойлоп, үйүндөгүлөргө дагы кош көңүл мамиле жасап калды болуш керек. Дубанын күчү жаман да. Кийин төрөгөндөн кийин дубаны жандыртып коюшат го. Анан баланы таштап кете албайт да. Мына бир эле мисал. Сен кечээ эле "тоону томкором, ойду омкором" деп аттың эле. Эми минтип "ак чөп башта" деп жатасың. Эгер сен жана үйгө кирбегенде, Эрланды кыйнап "катуу айда!" деп шаштырат элең. Байкасам, шашмак турсун, кайра Равшанга жан тартып атасың, өзүң бил, бизге баары бир. Ысык-Көлгө барасыңбы, барбайсыңбы - ал сениң ишиң.
Болот чын эле ойлонуп, ал турсун Аиданы аяп, кайра Аидага боору ооруп кетти. Элдиярдын айткандарына эмне деп жооп беришти да билбей калды. Бир жагынан сагынычы күч алып, Аиданы көргүсү келди. Аиданын баскан-турганын, күлгөн күлкүсүн, эркелегенин, анын жагымдуу үнүн эстегенде, ал жанын коёрго жер таппай калды. Бирок бул оюн сыртка чыгарган жок.
Машинанын салонун жымжырттык ээледи. Үчөө өз ойлору менен алек болуп баратышты. Болоттун жүрөгүн арсар, эки анжы ойлор өйүдү. "Аидага барсамбы же барбай эле койсомбу" деп бирде Равшанды, бирде Аиданы аяп, эки ортодо чайналып келатты.
Бир убакта Аиданын дос кыздарына берген убадасын эстеди. Бардыгы суктанып көз артышкан сүйүү ушинтип ойрон болобу? Көккө серпилген кыялдар күм-жам болуп, түбөлүк кол кармашып өтөбүз деген эки жаш умсунуп эки жакта кала беришеби? Болот бактысын дагы бир жолу сынап көрүүнү, ушунча болгондон кийин тээ Көлгө чейин барып Аидага көзмө-көз жолугууга биротоло баш байлады. Бакыт кушу өзү келип башыңа конуп бермекпи?
"Эгер Аида мени менен кетем десе, анда Аиданы өмүр бою сыйлап өтөм. А, эгер Равшанды кыя албайм десе, анда ал - өзүнүн иши" деп ойлоп, ортодогу тынчтыкты бузду:
- Балдар, мен Ысык-Көлгө барышым керек. Антпесем болбойт.
Жолду караган калыбында Эрмек:
- Эмне, Болот, дубаң жанып кеттиби? - деп тамашалады.
Болот бул айтылган сөзгө чычалабай:
- Ооба, дубам жанды окшойт. Мен эмне болгон күндө дагы Аидага жолугуп, анын оюн билишим керек, - деди үнүн бекем чыгарып.
Эрлан маңдайы жарыла чын дилден күлдү:
- Мына, эми бул кебиң - чыныгы жигиттин кеби. Бир чыны чалап ичип эле ойлогон оюңдан айныганың мага жаккан эмес.
- Ошону айтсаң,.. - деп Элдияр сөзгө аралашты. Аңгыча катуу дабыш чыгарып, дөңгөлөк дагы жарылды. Ортодогу сөз үзүлүп, машина жолдун жээгине токтоду.
* * *
Рамис Сагипага суусундукту сунуп жатып, анын көзүнөн кандайдыр бир сырды байкады. Эки жүрөк үнсүз сүйлөшүп, бири-бирин түшүнүп аткандай болду.
Сагипа Рамис сунган суусундукту акырын колуна алып, жука, назик эриндерине жакындатты да, сыпаа ооз тийип, столдун четине койду. Рамис шашкалактап деди:
- Сагипа, эмне болду? Ичсең тартынбай. Атайын шашып атып куйсам, ичпей койгонуң болбойт го...
Сагипа Рамистин калдастап атып чыныны сындырып алганын эстеп, бырс күлүп жиберди. Күлкү адамдын көркүнө көрк кошуп, көңүлдү көтөрөт эмеспи. Сагипа күлгөндө, Рамиске баштагыдан да сулуу көрүнүп, жүрөгүн дагы бир жолу козгоп алды.
Рамис өзүн бактылуу сезип кетти. Себеби, өзү сүйгөн кызга өз колу менен суусундук сунуу - түшүнгөн кишиге кандай бакыт. Сагипа сурмалуу көздөрүн сүзүп өйдө караганда, бул көз караш Рамиске кандай таасир берди. Эх, чиркин сүйүү!
Рамис ошондо убакыттын токтоп турушун тилеп жиберди, ушунчалык аз убакыттын ичинде жүрөгү баштагыдан да катуулап согуп, такыр эле сүрдөп калды. Сагипа назик үнү менен:
- Жок, ырахмат Рамис, ичтим.
Рамис шашкалактап:
- Жок дегенде жарымдатып койчу, - деп араң эле айтты. Үнү өзүнө эле угулгандай болду.
Рамистин өтүнүчүн аткарып Сагипа кесени колуна алып, кылт-кылт жутту да, кесени кайра столго коюп:
- Болду эми, башка иче албайм, - деп Рамисти карады.
Рамис Сагипаны суктануу менен карап турган эле. Сагипа дагы Рамистин көз карашынан сүрдөп, көзүн тартып алды да, ордунан туруп, сыртка чыкмакчы болду. Рамис ошол убакта эмне болуп кеткенин өзү дагы билбей калды. Эки аттап Сагипанын жанына барып, эки колунан кармап:
- Сагипа, кетпечи. Дагы бир аз олтура турчу.
- Жок, үйдөгүлөр күтүп калды го... Мен барайын.
- Сагипа, кечинде жолугалычы. Сагипа, жок дебечи, - деп Рамис шашкалактап эмне айтканын дагы байкабады.
Сагипа Рамистен мындай мамилени күткөн эмес эле. Рамис кармаган колдору ысып, денеси тердеп кетти. Эмне деп жооп беришти да билбей калды.
Рамис Сагипанын абалын байкап, жооп күтүп туруп калды. Бирок, колун коё берген жок.
Сагипага Рамистин бул мамилеси жагып турду, бирок, кыз кишиге таандык уялуу сезими жеңип, колун тартып алды да, шашыла басып босогону аттады. Рамис эмне кылаарын билбей туруп калды. Качан Сагипа дарбазадан чыгып кеткенден кийин гана өзүнө келип, үшкүрүнүп алды. Ошондо дагы Сагипанын күлгөнү, көз карашы, назик колдорунун жылуулугу, кетип бараткандагы кылыктуу басканы анын жүрөгүн булкуп алды. Рамис айыкпас сүйүү деген дартка чалдыкканын эми гана сезди.
* * *
Ошентип убакыт келип, Элмурат абышкалардын сапары карып, жолго чыгышты. Күздүн суугу денени ичиркентип, кыш мезгили жакындап келатканын билгизип турду.
Аялдамада Фрунзенин автобусун күтүп турушкан жоон топ адамдардын ичинде Равшан менен Аида дагы бар. Айымкан улам-улам Аиданын бетинен өөп, жакшы киши болуп көрүнүп, жалынып сүйлөп жатканы Нурбүбүнүн кыжырын келтирди. Абысыны Гүлүмкан дагы Айымкандын бул жоругун жактырган жок. Себеби, үйдөн бул жакка чыгарда эле Аиданы кагып-силкип урушуп атканын кантип эсинен чыгарсын?.. "Эх, адамдагы жасалма мүнөз качан калат болду экен?" деп Гүлүмкан ойлоп койду.
Чындыгында Гүлүмканга Аиданын төркүндөрү жакты. Ушунчалык сыйчылдыгы, меймандостугу, тамашакөйлүгү, тартиби - негизи эле бардык жагын жактырды. Анын үстүнө Нурбүбү Айымкан кудагыйына караганда Гүлүмканга ыктап, Гүлүмкан менен көбүрөөк сүйлөштү.
Нурбүбү ыгын келтирип кызы жөнүндө сурай алган жок. Көпчүлүк арасында сырдаша да албай калышты. Бирок, үстүртөдөн Равшандардын үй-бүлөсү, жашоо шарты боюнча сураганга жетишти.
Аялдамада жарым сааттай туруп, куда-кудагыйлар эми гана чечилип сүйлөшө баштаганда, автобус келип калды.
Айымкан автобуска түшүп баратып:
- Куда-кудагый, келин-уулумду эртерээк жибергиле, - деген бойдон жообун күтпөй, автобуска чыгып кетти.
Автобус ордунан жылганда гана Нурбүбү үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгансып жеңилдене, кызы Аидага карап:
- Кудагый ал жакта дагы сага ушинтип жалынып сүйлөйбү? - деп сурады.
Бул сөз Равшанга катуу тийди. Бул Нурбүбүнүн Равшанга карата делген биринчи соккусу эле. Аида энесинин бул сөзүнө жооп берген жок. Себеби, ал жеринен калп айтканды жаман көрчү. Аиданын унчукпаганын көрүп, Нурбүбү ичинен "түшүнүктүү" деп койду.
Равшан өзүн ыңгайсыз сезип, алдыга басып кетти.
Үйгө келишкенден кийин бир саатка жетпеген убакыттын ичинде убада боюнча Нурбүбү Аиданы ээрчитип, кошунасынын үйүнө жөнөдү.
Аида энеси Нурбүбүнүн айтканынан чыга албай, кайда баратканын билбей эле ээрчий басты. Кошунасыныкына келгенде, кошуна кемпир:
- И-йи, келдиңерби, өйдө өткүлө. Силерди күтүп аттык эле, ырас болбодубу, - деп эпилдеп сүйлөп, тасмалын жайып кирди.
Нурбүбү:
- Чай ичтик, убара болбоңуз, - деп каршылык көргөзгөнү менен кошунасы ага көнбөй:
- Кой, жок дегенде бир чыныдан чай ичкиле, - деп оюнан кайткан жок. Аңгыча ички үйдөн молдо чыгып, салам айтты да, Нурбүбүлөрдүн катарынан орун алды.
Бир чыныдан чай ичкенден кийин молдо Аиданын оң колунан кармап көрүп:
- Ка-ап, бекер болгон экен. Чала сабат элдин ушунусу жаман да. Дубалап бул кыздын башын айлантып алышкан турбайбы! .. Дагы жакшы, үч күн кечигип калганыңарда, баары тескерисинче кетмек экен... Кызыңарды отургуза албагандан кийин, тамак дубалап ичирип олтургузуптур. Бир жакшы жери, дубаланган идиш кудагыйыңар биякта жүргөндө сынып калыптыр. Эгер идиш сынбаганда, мен дубаны жандыра алмак эмесмин. Айтмакчы, чоң энеси түшүнө көп кирет экен…
Молдо "Чоң энеси түшүнө көп кирет экен" деп айтканда, Аида башынан өткөн окуяларын бир баштан эстеп кирди.
Молдо бир сааттай дем салып, анан:
- Кечинде келгиле, анан эртең менен келесиңер. Мына ошондон кийин калганын айтып берем, - деп Аиданын чыга туруусун айтты да, Нурбүбүнү алып калды.
Аида чыгып кеткенден кийин молдо Нурбүбүгө бардыгын түшүндүрүп берип, анан өзүнүн масилетин айтты:
- Дуба жангандан кийин кызыңар күйөөсүн жаман көрүп, жанына жолобой калат. Ошон үчүн бардыгын башкача жол менен эч ким билбегендей жасаш керек. Эртең келгиле, дагы сүйлөшөбүз.
Нурбүбү Аиданын абалын молдодон уккандан кийин өзүнчө ыйлагысы келип, кудагыйы Айымканга ызырынып-каарданганы өңүнөн эле билинип турду. Бир жагынан энелик мээрими менен кызын аяп, көз алдына Аиданын Ноокаттагы абалын элестетип атты. Анан эмне кылмак эле, өз жанынан жаралган балага ким жамандыкты ыраа көрсүн?.. Улам молдонун сөзүн эстеген сайын Нурбүбү эмне кылаар айласын таппай, ичинен кекенгени күч алды.
Нурбүбү сыртка чыгып, бүшүркөп турган Аиданы көргөндө, жүрөгү бир башкача согуп, чын ниетинен кызын аяп, кадамын ылдамдатып басып келип эле кучагына кысып, бышактап ыйлап жиберди. Аида энесинин абалына түшүнө бербей:
- Апа, сизге эмне болду? - деп таң калган түр менен сурап жиберип, эмне кылышты билбей туруп калды. Аңгыча үйдөн чыккан кошуна кемпир:
- Ээ, Нурбүбү, сага эмне болду? Жаман жорукту баштабачы, - деп күйпөлөктөп жиберди.
Нурбүбү өзүн колго алып:
- Байкуш кызым, куураган турбайсыңбы… Болуптур, калган сөздү кийин сүйлөшөбүз, - деп кызын ээрчитип үйүн көздөй басты.
Узата карап турган кошуна кемпир эне-баланы аянычтуу көз караш менен узата карап туруп, ал дагы Равшандын апасы Айымканды ичинен жектеп, "адамдын убалынан коркпогон шүмшүк" деп тилдеп, урушуп алды.
Чынында эле молдо айткан сөздү уккан ар бир киши урушпай коймок эмес. "Адамдан амал качып кутулбайт" деген кеп бар эмеспи, анын сыңары Аиданы дубалап башын айлантып алат деп ким ойлоптур?..
Нурбүбү менен Аида ээрчишип бурулуштан көрүнбөй калгандан кийин гана кошуна кемпир үйүнө өзүнчө кобуранып кирди:
- Байкуш Аида анан эмне кылмак эле. Дубаланганын өзү дагы билбейт.
Кемпирдин сөзүн уккан молдо:
- Дубаны жандырбаса, ден соолугуна дагы зыяны тиет. Мен эми бул кыздын дубасын жандырмайын кетпейм. Чынында эле аянычтуу, өзү дагы жылдыздуу кыз экен, - деди.
- Ошону айтпайсыңарбы. Бул кыз чоң ата, чоң энесинин колунда өскөн. Турмушка чыга элегинде такыр башкача кыз эле, аз убакытта эле өзгөрүп кетиптир. Калп айтпасам, күйөөгө чыкканына эки ай боло элек. Эркек мүнөз, шар кыз болучу, эми карачы, үлдүрөп эле калыптыр.
Молдо үшкүрүнүп унчукту:
- Анан эмне кылат куураган кыз. Өзү деле эмне болгонуна түшүнбөй жүрөт болуш керек. Эмне болгон күндө дагы бир чара көрүш керек. Эгер дубаны толук жандыра албай калсам, анда иш чатагына айланат. Ошонун себебинен бир күндө эки жолу дем салам. Айыгышы Алладан, биз - себепчи.
- Ошентиш керек. Кызды бул балекеттен куткарбаса болбойт. Дагы жакшы, кечээ мен байкай коюп Нурбүбүгө айтпадымбы. Эгер мен Нурбүбүгө айтпасам, кызына түшүнбөй эле аны "эмне болуп калгансың?" деп уруша бермек. Мен айткандан кийин Нурбүбү Аиданы түшүндү окшойт, - деди кемпир шыпшынып.
* * *
Машинанын дөңгөлөгү жарылганда, Эрлан сөгүнүп алды да:
- Запас дөңгөлөк жок, эми эмне кылабыз? Талаада калат деген ушу. Кеч дагы кирип баратат, - деп кейиген түр көргөзүп, машинадан түштү. Болот менен Элдияр дагы машинадан түшүп жарылган дөңгөлөктү карашып, өзүлөрүнчө ойлоно башташты. Ошко да бир топ жол бар эле.
Ошентип үч дос үнсүз бир топко турушту да, анан күзгү сууктан ичиркенишип, салонго кирип отурушту. Үчөө тең эмне кылышты билбей отурган жерлеринде уктап калышты. Канча укташкандарын ким билсин, бир убакта терезенин тырсылдаган добушунан үчөө тең ойгонуп, сыртка чыгышты.
Орто жашап калган, баштарына топу кийген эки кишинин улуурагы колун сунуп саламдашкандан кийин:
- Жигиттер, эмне болду? Машинаңар бузулуп калдыбы? - деп сурады,.
- Ооба, дөңгөлөк жарылды. Запаскасы дагы жарылып калган эле.
Анда тиги киши жайдарылана:
- Ошол элеби? Дөңгөлөк болсо жарасы жеңил экен. Биздин запас дөңгөлөктү салып, биздин айылга айдагыла. Эртең күндүз чаптатып аласыңар. Жети түндө талаада калсаңар, үшүйсүңөр го.
Эрлан сүйүнүп:
- Макул, байке. Ырас болбодубу, эмне кылабыз деп айла кетип атты эле… - деп жиберди.
Ошентип, ал күнү кечки саат он бирлерде тиги боорукер адамдын үйүнө келип конуп, эртеси эки дөңгөлөктү ошоердеги вулканизациядан чаптатып алышып, шашке ченде жолго чыгышты. Ал күнү Аиданын чоң атасы жерге коюлган эле.
* * *
Рамис Сагипа кеткенден кийин таттуу кыялга батып дарбазанын оозунда бир топко турду да, анан кадамын жай таштап үйгө кирди. Сагипа келип кеткенден кийин үй ичи көңүлсүз болуп, аңырая түшкөнүн сезди. Бир жагынан көңүлү көтөрүңкү эле. Себеби, өзүнүн ичине каткан сырын, жүрөгүн эзген сүйүүсүн кат аркылуу эмес, өз оозу менен айтып билгизгени Рамис үчүн зор бакыттын өзү болучу.
Рамис үйгө кирип, өзү сындырып алган чыныны колуна алып, бир сыйра кармалап көрдү. Анан сыртка алып чыгып, тамдын артына ыргытып жиберди да, ордуна ага окшош чыны коюп койду.
Төрдөгү эски диванга чалкасынан жатып, Сагипа жөнүндө ойлоно баштады.
"Эми кантип жолугам? Кантип жооп алам? Эгер Сагипа макулдугун берсе, мектепти бүткөндө эле үйлөнүп алам. Чын эле Сагипанын дагы мага көңүлү бар окшойт. Эгер көңүлү жок болсо, мага башкача мамиле жасамак. Кыз киши качан эле ачык жооп берчи эле? Кантсе да кыз каадасын сактайт да. Дагы күтө турайын, ал дагы жакшылап ойлонсун…" Рамис кыялга мас боло күлүмсүрөп олтурду. Эмнегедир эле кубанычы койнуна сыйбай, жүрөгү өрөпкүйт. Ал эмне болгон кубаныч, эмне болгон өрөпкүү экенин өзү да түзүктөп бирөөгө айтып бере албайт эле…
* * *
Нурбүбү үйгө келгенден кийин Аиданы ички үйгө киргизип алып, суроолорду жаадырып кирди:
- Кызым, кайындарың сага жагабы?
- Билбейм... Кайын энем эле чатагыраак болбосо, калганы жакшы эле.
- Салты кандай? Салты жагабы?
- Салты анча жакшы эмес. Бирок ырым-жырымды көп кармашат экен. Баарынан дагы келин таң атпай туруп эшиктин алдын шыпырганы жаман экен.
- Эмне, сен дагы эшиктин алдын шыпырдыңбы?
- Ооба. Таң атпай, күн чыга электе туруп эшиктин алдын шыпырам. Анда кайын атам менен кайын энем тура элек болот.
- Койчу, сени кууратышкан го...
- Ал эч нерсе эмес, көнүп калдым. Башында эки-үч күн аябай кыйналдым.
Сөз ушул жерге келгенде үзүлүп калды, себеби сырттан атасы Сапар кирип келген эле.
Ошентип, ал күнү кечинде Нүрбүбү Аиданы ээрчитип молдого дагы келди. Молдо чыдамсыздык менен күтүп аткан эле. Себеби эски таанышы, жашы тең чамалаш Курманбек конокко чакырып кеткен болучу.
Молдо көзүн чылк жума магдырай отуруп дуба окуп, бир нерселерди кобурап, өз расмисин жасады да, Аиданын колун кармап:
- Эми, эки жолу келсеңер болот. Эртең эртең менен, анан кечинде келгиле. Азыр бара бергиле, - деди.
Аида молдодон чыккандан кийин өзүн бир кыйла жеңил сезип, көңүлү ачыла түштү. Боз туманда адашкан адамдай болуп ою чачкын эле. Эми бара-бара жүрөк эзген санаадан арылып бара жатканын сезди. Бирок, эч кимге сыр берген жок. Нурбүбү үшкүрүнүп, дале кызы Аиданы ичинен аяп жатты. Аида энесинин абалын сезип, оозун таптап барып, сурай албай койду. Эгер сураса эле Нурбүбү өзүнө суроо берерин сезип, өзүн токтотуп калды.
Экөө бири-бирине эч үн катпай өз ойлору менен болуп атышып үйгө келишти. Дарбазага жетип калганда, сыртта турган Аиданын атасы Сапар сурап калды:
- Ээ, Нурбүбү, кызың экөөң ээрчишип алып кайда жүрөсүңөр? Жок дегенде атамдын жетилиги өткөндөн кийин айылчыласаңар боло? - деп ачуулуу үн катты.
Нурбүбү унчуккан жок. Бирок ичинен "ээ биз жыргаганыбыздан айылчылап жүрүптүрбүзбү? .." деп үйгө кирип кетти.
Аида атасына эркелеп:
- Ата, эки-үч күндөн кийин билесиз. Ага чейин чыдай туруңуз, ошондо сиз бизди түшүнөсүз, - деди.
Ошентип ал күн дагы өтүп, эртеси маркумдун үчүлүгү менен жетилигин өткөрүп, анан Аида менен Нурбүбү дагы молдого жөнөштү.
Молдо бул жолкуда көпкө чейин дуба окуду. Дуба окуп жатканда, Аида өзүнчө эле калчылдап, титиреп чыкты да, бир убакта ыйлап жиберди.
Нурбүбү Аиданы кучактап, жалынып жалбарып жиберди:
- Кызым, чыда, аз калды. О Кудай, эмне балакетке жолуктурушкан кызыбызды?! ..
Молдо бир топто барып дубасын токтотуп:
- Болду, буйруса дуба жанды. Бүгүн түнү дубалаган киши аябай кыйналат. Сендеги кара күчтүн баарын дубалап айдап салдым. Эми кечинде бир жолу келгиле. Айтар сөзүм, күйөө балага эч сыр бербегиле. Башта кандай мамиледе болсоңор, ошондой эле мамиле жасагыла. үйүнө Ноокатка эч сыр бербей барып, анан келсең болот, - деп бекем эскертти.
Аида молдодон чыккандан кийин энеси Нурбүбүгө:
- Чын эле, мен азыр өзүмдү такыр башкача сезип жатам. Жана калтырап-титиреп атканымда, кандайдыр бир нерсе менден бөлүнүп чыккандай болду, - деген сөздү айтты.
Нурбүбү кейиген түр көргөзүп:
- Аида, сени дубалап, башыңды айлантып алышкан турбайбы. Мен дагы түшүнбөй, сени урушайын деп аттым эле. Эми сен Равшанга эч сыр бербе. Ноокатка баргыла, анан эртеси эбин таап качып кел. Аны дагы ойлонобуз. Эң негизгиси, Равшанга түк сыр бербейли! - деп кызына катуу эскертти.
Үйлөрүнө келишип, жаңы эле боз үйгө киришкенде, өкүрүк чыгып калды.
Эшиктин алдындагы адамдардын Равшандан башка эч кимиси өкүрүп келген чоочун эки баланы тааныган жок. Равшан Болотту көргөндө, өңү өзгөрүлө түштү. Сыртынан сыр бербеген менен ичинен бушайман болуп атты. "Буга эмне жок, эмнеге келди, жинди болуп калганбы?" деген ойлор мээсин кымгуут кылып, кулагы чуулдап кетти.
Болот өкүрүп бүтүп, кыркалекей тизилген элге салам берип келип, Равшанга келгенде, анын колун кычырата катуу кысып, кекенгенин жашырган жок. Бул кылыгына кийин өкүнүп калды.
Болоттор үйгө чайга киргенде гана Аида энесине акырын шыбырап айтты.
- Апа, Болот келди. Эмне кылабыз?
Нурбүбү сүйүнүп:
- Жакшы болгон экен. Буйруса, чогуу кеңешебиз, - деп айтып, сыртка чыкты.
* * *
Автобуска түшүп, жол жүргөндөн баштап, Айымкан оюн бир жерге топтой албай, өзүнчө эле азап тартты. Бирок жанындагыларга эч сыр бербей терезени карап, суроо берсе жооп бергени болбосо, эч үн катпай келе жатты. Эмнегедир жүрөгү түпөйүл тартып, бир нерсе болгонун алдын ала сезди. Башта мынчалык санаа чеккен эмес эле. Аиданы келин кылып алгандан бери өзүнчө эле бушайман болуп, өз күнөөсүн өзү сезип, ичинен өзүнүн жоругуна өкүнүп, өзүн өзү басмырлап, эл көзүнө кара күчкө гана санаасыз жүргөндөй түр көргөзчү.
Өзү автобуста баратканы менен эс-дарты Ноокатта… "Эртерээк үйгө жетсем, эң оболу шкафтын үстүндө көмкөрүлүп турган кесени карайм" деп ойлонуштуруп койду. Анан бакшы кемпирге барып айтчу масилет суроосун да болжолдоду.
Санаа адамды билдирбей жейт! "Санаасы жок уйкучу" дегендей, санаасы бар адамдын уйкусу кайдан келсин? Көлгө келгени, Айымкан такыр эле уктай албай койду. Себеби биринчи эле күнү түшүнө бир кемпир кирген эле. Ал кемпир Аиданын чоң энеси экенин Айымкан кайдан билип коюптур...
Кенен жайылган дасторкондо дүйүм тамак-аштар жайнап, көп адамдар отурушуптур. Жаңы эле тамактан алып жейин деп кол созот. Аңгыча эле кайдан-жайдан бир кемпир пайда болуп:
- Сенин бул жерде отуруп тамак жегенге акың жок. Чыгып кет! Мен сага баары бир тамак жедирбейм. Сен өзүңдүн күнөөңдү билесиңби? - деп үйдөн түртүп чыгарып салат.
Айымкан күнөөлүү кишидей эч каршылык көргөзө албай:
- Жок дегенде нан ооз тийип чыгайын… - дейт. Анда тиги кемпир:
- Болбойт. Сага бул жердин насиби буйруган эмес. Өз жериңе бар! - деп эшикти жаап алат. Аңгыча эле бир киши пайда болуп:
- Кап, сен ал кемпирди капа кылып койгон турбайсыңбы! Бар эми, өз жериңе бар! - деп айтат.
Анан дагы бир киши пайда болуп, ал да ошол сөздү айтат:
- Кап, сен ал кемпирди капа кылып койгон турбайсыңбы! Бар эми өз жериңе! Бул жерден сага орун жок. Экинчи бул жакка келбе. Уулуң дагы келбесин! - дейт.
Айымкан чочуп, ал ырайымдуу кишини олурая карап:
- Эмнеге? Эмне үчүн уулум бул жакка келбейт. Ал - бул жердин күйөө баласы да! - деп жооп күтүп туруп калат. Тиги киши берилген суроого жооп бергенче, абысыны ойготуп жиберип, түшүнүн аягына чыкпай калат. Ошондо Айымкан:
- Кап, бекер кылдың. Түш көрүп аттым эле…- дейт.
- Сиздин түш көрүп жатканыңызды мен кайдан билиптирмин? Элдин баары турса, биздин уктап жатканыбыз болбойт го дедим.
Ошол түштү көргөнү, Айымкан дагы санаага батты. Чочуркаганына түшү да себеп болду. Көргөн түшүн өзү жоруп, бирок эч кимге айта албады...
Айымкандын терезени карап дале ойлуу келатканын көрүп, абышкасы Элмурат:
- Сага эмне болгон? Эмне мынча ой басып, санаа чеккен түрүң бар? Же эмне, куда-кудагыйлар капа кылдыбы? - деп сурады.
Айымкан башын бери көңүлсүз гана буруп:
- Ээ, абышка, сен эч нерсени билбейсиң. Келин-уулду өзүбүз менен эле кошо ала кетсек болмок. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип жатат. Аиданы жибербей коюшса, эмне кылабыз?
Элмурат абышка кыт-кыт күлүп:
- Э, кемпир, качан болсо жаман нерсени ойлойсуң. Негизи эле сенин оюң жаман. Кантип эле бизди алдасын? Күйөөгө тийген кызын алып калышып эмне кылмак эле? Эгерде сен алардын ордунда болсоң, оюңа келгенди жасамаксың. Алар сен ойлогонду жасашпайт. Сен ага капа болуп нервиңди коротпой эле кой. Эгер алып калышса, өзүм барып алып келем. Кудамдын колунан сен ойлогон жаман иш келбейт. Аны коюп кантип кудаларды чакырып, эшик-төрдү көргөзөбүз, ошону ойло, - деди.
Абышкасынын айткан жүйөөлүү сөзү Айымканды аз да болсо жаман ойдон алыстатты. Бирок ылайыктуу эч кандай жооп айта алган жок. Жөн гана башын ийкеп:
- Ооба, абышка. Сенин айтканың туура, - деди да башын буруп, терезени карады.
Ортодо бир аз өкүм сүргөн тынчтыкты дагы Элмурат абышка бузду:
- Ыя, кемпир, кудалар жүда меймандос экен а? Карачы элди кандай узатышты. Жамандыкта эле ушунча сыйлашты. Жакшылыгына келсек, анда мындан да катуу сыйлашмак окшойт. Биздин аймакка караганда, булардын тириликтери жакшы экен. Байкасам, баары эле орус мүнөз го. Ичтеринде арам ой жок. Биз жакта өзбектер көп болгондуктан, көбүнчө эле пулду кеп кылып, мактанчаак келебиз, а, Эсенбай? - деп үкөсүн кепке тарта, артын карады.
Эсенбай башын ийкегилеп, коштой сүйлөдү:
- Аныңыз ырас, мен дагы сиз айтканды ойлоп келе жатам. Эл кыдырып, эл менен пикир алышканга эмне жетсин? Мени дагы булардын жашоо-тирилиги кызыктырды. Иншалла, Равшан жакшы жерден үйлөнүптүр. Жолдун эле алыс болгону болбосо…
Ошентип ортодо сөз жүрүп, эмне болуп Балыкчыга келип калышканын өзүлөрү да билбей калышты. Автобус автобекетке токтогондо, жүргүнчүлөрдү Балыкчынын шамалы ыркырап тосуп алды.

#9 04 April 2014 - 18:16
* * *
Жол азабы - көр азабы… Жол жүргөнүнө Айымкан катуу чарчады. Жеке эле Айымкан эмес, абышкасы Элмурат дагы шаарга келгенде өзүн таштап койду. Эсенбай такси кармап, жээни Темирбектин үйүнүн дарегин айтты да, жол киренин баасын сүйлөшүштү. Макулдашылгандан кийин машинанын багажына жүктөрүн салып, салондон орун алышты. Таксистке Эсенбай:
- Биз шаарды жакшы билбейбиз. Эгер макул болсоң шаардын кооз жерлерин көргөзө барчы. Үйгө чейин кечки Фрунзени көрө баралы, - деп өтүндү. Таксист башын ийкеп:
- Макул, чоң көчөгө салайын. Ак үйдүн алдынан өтөбүз. Аянтты көрөсүздөр, - деп кобурады.
Машина Жаш Гвардия бульвары менен барып, солго бурулду.
Айымкан эки жакты алаңдап карап бара жатып мындай деди:
- Э, балам, сен бул чоң шаарда кантип адашпай жүрөсүң. Кайдан келип, кайда баратабыз, билбейм, башым айланып калды. Шаар аябай өскөн турбайбы? - деп таң калганын билгизип, өз сөзүнө өзү маани бербей сүйлөдү.
Таксист күлүп:
- Кантип адашмак элем. Он беш жылдан бери иштеген ишим ушул болсо. Шаардын коён жатагына чейин билем. Даректи туура айтып берсеңер, сөзсүз таап жеткирем. - деп мактана сүйлөдү.
Шаардын кечки жарыктары бир укмуштай кооз көрүнөт. Машинадагы суктана карап бара жаткан элеттик төртөө жээнинин үйүнө кантип келип калганын да билбей калышты.
Таксистти кетирип жиберишип, төртөө ээрчише кабат үйгө киришти да, лифттин кнопкасын басышты. Лифт гүүлдөп келип токтоп, эшиги өзү эле ачылганда Айымкан:
- Анавыны кара, өкмөттүн өнүккөнүн. Сыйкырлап койгонсуп эшигинин ачылганына таң калып, башым жетпей жатат, - деп кобурады.
Лифтке кирип Эсенбай 8 деген кнопканы басканда, эшиги жабылып, лифт көтөрүлүп жөнөдү. Элмурат абышка да таң калып, кантип оозуна келме келгенин өзү да билбей калды. Эгер башка киши болгондо, бул төртөөнүн жоругуна боору эзилгенче күлмөк. Себеби төртөөнүн тең корккондугун жүздөрү айтып турган эле. Мурда келгенде, Равшан менен Аида лифтти иштеткен эле. Эми Эсенбай өзү кнопканы баскан менен лифтти кантип ачам деген санааркоо жүрөгүн өйүдү. Лифт көтөрүлүп сегизинчи кабатка жеткенде, өзү эле ачылып кеткенине баары сүйүнүп, сыртка чыкканча шашылышты. Эшиктин кнопкасын басканда, чымчык сайрады. Айымкандын: "Эмне үйлөрүнө чымчык багып алышканбы?" деген сөзүн эстеп, Эсенбай күлүп:
- Э, жеңе, азыр үйгө киргенде, чымчыктын үнү кайдан чыгып атканын караңыз? - деди. Айымкан:
- Уул, ырас айтасың. өткөндө ошону карайм деп атып унутуп калыптырмын, азыр сөзсүз карабасам. Чын эле чымчыктын үнүн кантип жасашты болду экен?
Эшикти Темирбек жээн ачып:
- О, келип калдыңыздарбы, кандай барып келдиңер? - деди.
Сырттан көтөрүнүп үйгө киргендер бир ооздон:
- Жакшы, баары жакшы. Жолдун алыстыгы эле болбосо, - деп сырт кийимдерин чечишип, ички үйгө киришти.
Темирбек:
- Келин-уулуңар келген жокпу? - деп сурады.
Айымкан:
- Ооба, куда-кудагыйлар болбой алып калышты, - деп өкүнгөндөй түр көргөздү.
- Анан качан келишет?
- Ким билет, аны өзүлөрү билишет да.
Айымкандын сөзүн абышкасы жактыра бербей:
- Катын, жөн сүйлөчү. Эки-үч күндө эле келип калышат, иншалла! - деп үйгө кирди.
* * *
Нурбүбү, Болот, Аида үчөө баарын терең ойлонуп, кеңешип иш кылышты. Дубасы жанган Аида баштагыдан дагы Равшанды жек көрүп, көргүсү келбей турса дагы, эч сыр берген жок. Макулдашып сүйлөшүлгөн боюнча эртеси кетип баратып, Болот Равшандын колун дагы катуу кыса кармады:
- Бекер кылгансың, эми өкүнгөндө эмне?.. Менин ордумда болсоң, сен да бир келмексиң. Аида менен сүйлөштүм. Болду эми, силерге экинчи келбейм. Мени жаман көрүп аткандырсың, эмесе, мен да сени жаман көрүп атам. Аида менен сүйлөшмөйүн менин көксөөм суубай койду, туура түшүн!.. - деди да, коштошуп жөнөп кетти.
Болот кеткенден кийин Аида калп эле:
- Убара болуп эмнеге келди, билбейм. Эрге тийген кызды эмне кылмак эле?.. - деп шыпшынымыш болду.
Баары бир жүрөк сезет эмеспи, Равшандын жүрөгү түпөйүл болуп, өзүнчө эле туталанып атты. Ар кандай ойду ойлоп, санаа чеге баштады. Эртерээк эле айылга кетсек дегенде, ак эткенден так этти. Же андайда убакыт өтсөчү. Равшан өзүн артыкбаш сезип, бүдөмүк ойго алаксып, өзүнчө эле жат койдой бөлүнүп калып жатты.
Ашкананын жанында турганда кайниси Бакыт:
- Жезде, дүкөнгө барып атама тамеки алып келгенче жүрүңүз, айылды көргөзүп келейин, - деди. Ушуну эле күтүп тургансып, Равшан кайнисин ээрчий басты.
Равшандын абалын байкаган Нурбүбү уулу Бакытты чакырып:
- Жездеңди алаксытып, дүкөнгө барып келчи, - деп жөнөткөн. А чынында Нурбүбү Равшанды көргүсү келбей, бирок жаман көргөндүгүн билгизбөө үчүн, аз да болсо көздөн далдоо болсунчу деген ою эле.
Аида дубасы жангандан кийин гана чоң атасын чындап жоктоду. Мурда оюнун баарын Равшан ээлеп алган экен. Чоң атасынын өлүмүнө да анчалык кайгырбаганына таң калды. Киндик каны тамып, балалыгы өткөн бул үйдө боорукер чоң атасынын жетишпей турганын эми сезди. Дубасы жанган түнү чоң энеси түшүнө кирип: "Кызым, жакшы эле кыйналдың. Эми өзүңө сак бол!" - деп дагы бир топ сөздөрдү айтты. Бирок акыркы сөздөрүн укпай калды. Аңгыча эле аппак жоолук салынып, Болотту колтуктап узун жолго түшүп баратканында, Равшан ойготуп жиберген эле. Жанында жаткан Равшанга уйку-соонун арасында катуу айтып алып, кайра кечирим сурап жиберди. Себеби "эч сыр бербеш керек" деген ой мээсинде калган эле. Равшан аны кучактап, денесине кысып:
- Сага эмне болду? - деп бетинен өпкөндө, Аиданын кыжыры келе, өзүн араң кармап:
- Анан сеники жакшыбы? Сонун түш көрүп жатсам, ойготуп жибердиң?.. - деп актанды.
Аиданын кескин, орой мамилеси Равшанга абдан катуу тийди, бирок кайра кечирим сураганы көңүлүн жибитип, жаман оюн өзүнөн алыс кууду. Бирок келинчегинин эмнегедир мурдагысынан башкача мүнөз күтүп калганын сезди.
* * *
Айымкан дарбазадан кирип эле алдыга бат-бат кадам шилтеди. Үйдүн эшигин ачып, астананы аттаганда эле бүт дити оюнун баарын ээлеп алган, шкафтын үстүндөгү көмкөрүлүп турган ак, гүлдүү чыныда болду. Чыныны көргөндө өзүнө келип, үшкүрүнүп жиберди да, селейип туруп калды. үшкүрүк менен кошо качантан бери ээлеп алган санаа чыгып кеткендей болду. Селейип туруп калган Айымканды абышкасы Элмурат:
- Ой, кемпир, сага эмне болду, деги тынччылыкпы? - дегенде, эсине келген Айымкан:
- "Үңкүр да болсо үйүм бар" дегендей, өз үйүмдү аз эле күндө сагына түшүптүрмүн. Үйдү таштап алыска барбагандын кесепети да, - деп оюндагыдан башканы айтты. Артынан көтөрүнүп кирип келген кайниси менен абысыны жерге көтөрүнчөктөрүн коюп атышканда, кайниси:
- Ээ, жеңе, сизге эмне болду? Үйүңүз ордунда эле бекен? - деди тамашалап.
Жайланышкандан кийин Айымкан абысынына карап минтти:
- Келин жок, эми өзүң кыймылда. Мен жата турайын. Жол жүргөнгө, андан дагы өз үйүмө келгенге жаным жер тартып турат. Чай кайнаганча эмне кылмак элем. Жумшап атып, тиги келинге көнүп алыптырмын. Эртерээк эле келишсе экен?..
- Ээ, жеңе, келин ала электе баарына жетишип жаттыңыз эле. Келин жумшаганга бат эле көнүп, жалкоолукка бат эле бериле түшкөн турбайсызбы. Келин-уул окуусуна кетсе, анда эмне кыласыз?
- Аиданы жанымдан чыгарбайм. Окуп ким эле билимдүү болуп атыптыр. Равшан окуса болду. Аял кишинин окуганы убаракерчилик эле. Төрөсө, иши да калат.
Айымкандын сөзүн уккан абысыны:
- Анда эмне "окуусун улантат, окутабыз! " деп куда-кудагыйларга сөз бердиңиз? - деп салды.
Айымкан аны жаман көзү менен карап:
- Анын эмнеси бар экен? Аларга "окутпайбыз! " деп кантип айтмак элем? Анда эле кызын жибербей алып калышпайбы?
Абысыны Айымкандын оюна нараазы болуп: "Кап, Аидадай келиндүү болсом, арманым жок. Ата-энеси дагы жакшы кишилер экен. Жеңем өз ырыскысын тээп атат. Бир күнү Аида кетип калса эмне болот? Ай ушу адамдар кызык элебиз да, убагында бири-бирибиздин кадыр-баркыбызды билбей?.." деп, жүрөк түпкүрүндө бир нерсе болоорун алдын ала сезди. Бирок ал оюна өзү да анчалык ишене берген жок. Жүрөгү түпөйүл болуп, өзүн бир башкача сезип, эмнегедир кайра эле абысыны Айымканды аяп кетти. Көз алдына боло турган окуя тартылды. Бирок буга көп анча маани бербеди.
* * *
Убакыт келип, болжошкон күнү кечке маал Болот убада боюнча жеңил машинаны айдатып, Равшандардын көчөсүнө келди да, эки досу менен (бирөө бөлөсү) бирөөнү күтүп аткан болуп, жолдун жээгинде токтоп турду. Күн кылтылдап уясына кирип баратканда, эки жүз метрдей нарыда көтөрүнүп келаткан эки караанды көрө салып, Болот дароо тааныды. Эки досу салондо уктап атышкан. Эки караанды көргөндө эле Болоттун жүрөгү бат-бат согуп, өзүнчө бирөөгө кыжырлангандай кызгануусу күч алып, өзүн араң карманды. Эгер ээн жер болгондо Равшанды өлтүргөндөн да кайра тартпайт эле. Тикирейе бир топко дейре тиктеп турду эки караанды.
Салондо уктап жаткан эки досун ойготуп:
- Тигилер келишти. Аида ылдый болуп "силерди көрдүм" деп белги берип, өйдө болгондо, фараны бир эле жолу күйгүзүп, кайра өчүр, - деди рулда отурган досуна.
Сүйлөшүлгөн боюнча Аида машинадагыларга белги берип, оң бут кийимин ылдый болуп чечип, ичине бир нерсе кирип кеткен сымал күбүп, кайра кийди. Бул Аиданын "силерди көрдүм, баары жайында" деген белгиси эле. Бул убакта машинадагылар дагы фарасын өчүрүп, күйгүзүп белги берди. Аида машина белги бергенин билди, ал эми Равшан аны байкаган да жок. "Эптеп үйгө жетсек, кайра дубасын окутпасак болбойт" деген ойлору менен алек болуп келаткан. Андан дагы өз көчөсүнө келип үйүнө жакындаганда, машина жолдун боюнда эмнеге турганына көңүл бурган да жок. Себеби машина көчөнүн наркы башындагы Кемелдин машинасына окшош эле. Жакындаганда Кемелдин машинасы го деп ойлоп койду.
Аида дарбазадан кирип баратып алдыга Равшанды өткөзүп жиберип, башын ийкеп дагы белги берди машинадагыларга.
Ушуну эле күтүп тургансып, машина ордунан козголду. Сүйлөшүлгөн боюнча Болот убаданы так аткарды. Эми айыл тынчып, эл уктаган убакытты күтүш гана калды. Шекшип калышпасын деген ойдо көздөн далдоо болуу үчүн башка жерге барып турууну небак пландап коюшкан эле. Ошол жакка жөнөштү.
Равшанды көргөндө, кыжыры кайнаган Болот:
- Ээн жерден жолукса, сөзсүз сазайын колуна берем! "Аиданы дубалатып алыптыр" деп айтпадым беле башта. Чынын айтсам, Аида аз убакыттын ичинде ушунчалык өзгөрүптүр. Көрүп алып жакамды кармадым. Баягы ачык мүнөз, шайыр, бой-мүчөсү келишкен, музоонукундай узун, капкара кирпиктери, чийме кашы, ак жуумал жүзү, борсойгон эриндери, жылдыздуу көздөрү, деги койчу өзүнө жарашкан бой келбети жок бир байкуш болуп калыптыр. Качан апасы дубаны жандыртканда гана өзүнө келе түштү. Же болбосо Аида Равшандын кареги менен тең айланып, эки сөзүнүн бир Равшан болуп калганын апасынан уктум. Мен биринчи жолу Көлдөн Аиданы көргөндө, такыр башка кызды көргөндөй болдум. Жүзүнөн муздактыкты, мерездикти, кыскасы, башка бөтөн бир кызды көрдүм. Сөз менен жеткизип айтууга болбойт. Ошондо да мен барганда дуба жарым-жартылай жанып калыптыр. Аиданын мага жасаган мамилесине таң калдым, - деп арманын айтып, жеңилдеп алды.
* * *
Нүрбүбү Равшан менен Аиданы узатып атып, калп да болсо Равшандын бетинен өбүмүш болду да, Аиданын бетинен өөп атып: "Эч сыр алдырба!" - деп акырын шыбырады, анан ооз учунан:
- Куда-кудагыйларга салам айтып койгула! - деди. Автобуска түшкөндөн кийин Равшан өзүн бир кыйла жеңил сезип, үстүнөн оор жүктү алып салгандай үшкүрүнүп алды. Аида канчалык сыр алдырбайын дегени менен өзүнүн Равшанга болгон жек көрүүсү күч алып, өзүн зорго карманып, мойнунан байлаган иттей араң эле баратты. Аиданын абалын байкаган Равшан:
- Аида, эмне эле болуп калгансың? Такыр өзгөрүп кеттиң? - деди. Аида "шек алдырып койдумбу?" деген ойдо эч сыр бербей:
- Киндик кан тамган жерден кетип баратканга го. Эми качан келебиз, ким билет? "Чыккан кыз чийден тышкары" дегендей, күйөөгө тийгенден кийин өз үйүңө коноктой сезилип калат экенсиң… - деди.
Равшан ичинен: "Шашпа, Ноокатка жетеличи, сени кайра дубалатпасам болбой калды. Мага сенин салкын мамиле жасап калганыңа караганда, дубанын күчү тайып келаткан го" деп ойлоп келе жатты. Ал эми Аида болсо: "Сениби шашпа, эптеп үйүңө ата-энеңдин алдына жеткизейинчи. Бир күн дагы турбайм, желкемдин чуңкуру көрсүн үйүңдү деп туруп, кете берем артымды карабай" деп өзүнчө план түзүп, өз ою менен алек болуп келе жатты. Кечинде Фрунзеге келгенде гана экөө бири-бири менен сүйлөшүштү. Буга чейин экөө эки башка санаанын кучагында ойго алаксып, кантип шаарга келгендерин да байкабай калышты.
Балыкчыдан Аида: "тамакка табитим жок" деп кыска гана жооп берген эле. Көңүлсүз келе жаткан Равшан өзү барып тамактанып келген.
Темирбектин үйүнө келишкенде, ичинде эч жаман ою жок Темирбек болгон окуяны, Айымкандын жоруктарын күлкүлүү кылып айтып берди. Анан дагы "чымчыгыңар кана сайраган?" деп үйдүн ичинен чымчык издегенинен бери айтып, көзүнөн жаш чыкканча күлдү. Апасынын күлкүлүү окуясын уккан Равшан да айласыздан күлдү. "Келин-уулум калып калды" деп санаа чегип кеткенин укканда, Аида катуу жинденди. Кечинде Аида менен Айнура экөө дагы бир далайга чейин сырдашып отурушканда, өзү, кайненеси жөнүндө бир топ сөздөрдү угуп, араң карманды.
Равшан менен Темирбек "пиво ичип келели" деп сыртка чыгып кетишип, түн бир оокумда келишти. Ага чейин эки келин бир топ сөз менен ушакты эңшерип коюшкан эле.
Ошентип эртеси эле Ошко билет алып учуп кетишти. Дагы бир күн калалы деп Равшан жакшы эле кылчактады. Бирок Аида көңүлдөнбөй койду. Себеби болжошкон күнү барып калыш керек эле. Аиданын шашканы Равшанга жага бербей калды. Аида жөнүндө ойлогон жаман оюнун баарын эстеп алып, өзүн жемеледи. Өзгөчө Аиданын:
- Атам-апамдар сарсанаа болушат. Эрте баралы, - дегенде, Темирбек:
- Эй, Равшан! Сага караганда тагамдарга Аида күйүмдүү турбайбы! - деген сөзүнө Равшан ыраазы боло, Аиданы жылуу жүз менен карап:
- Мейли, анда кете берели, - деп жолго чыгышкан. Эгер Аиданын оюн билгенде, шаарда бери жагы дагы бир жума калмак.
* * *
Келин-уулу келгенде, Айымкан өзүнчө эле чебелектеп, эмне кыларын билбей калды. Кайын энесинин жүзүн көргөндө, Аида кара чаар жыланды көргөнсүп, денеси жыйрыла түштү. "Шүмшүк, сен гана кылдың, сен менин башымды айлантып, ата-энеме, бир туугандарыма муздак мамиле жасатып, ал турсун, махабатыма, сүйүүмө балта чаап, ууздай аруу денеме өмүрү өчкүс зак келтирген уулуң экөөңсүң. Эптеп бир-эки саат өтсүн, анан силерден кутулам!" деп ойлоп, эч сыр бербей сырт кийимин чечип, үй оокатына аралашып кетти.
Айымкан кыраакылык менен Аидага көз кырын салып, байкоо жүргүздү. Муну Аида байкабай койгон жок. Андыктан Айымкандан да куу болуп, калп эле "ата-апа" деп, жан-алы калбай баштагыдан дагы жылуу мамиле жасап, чай куюп берип атты. Равшанды жек көрүп, канчалык жини келип турса дагы эч сыр бербей, калп эле:
- Равшан, суу жылытайын, жуунуп алчы. Көйнөгүңдү чеч, жууп коёюн. Жол жүрүп да чарчадың, - деп кам көрүмүш болду.
Элмурат менен Айымкан келинине ыраазы болуп, Аида менен кошо үйүнө кут киргендей болду. Жымжырт болуп аткан үй ичи бака-шака түшүп, өздөрүнчө эле базар болуп атышты. Бул жерден дагы Аида элпек кыймылдап, эч шек берген жок. Жата турган убакыт келди. Аида идиш жууп, иш менен алек болгон түр көргөзүп жүрө берди. Равшан Аидага акырын келип:
- Эртерээк жаталычы, идиштериңди эртең деле жууйсуң, - деп айтканда кыжыры келип, катуу айтып жибере жаздады. Өзүн араң кармап:
- Равшан, бул - баары бир менин жумушум. Сен жата бер, мен бардыгын иреттеп коюп жатайын. Сен мага кабатыр болбо, - деп кара күчкө жылмайып койду.
Келинчеги менен канча күндөн бери ээн-эркин жата элек Равшандын дене кумары күч алып, шаштырып атканын Аида деле түшүнүп турду. Ичинен: "Сениби шашпа, далай жолу мени эстеп, мени далай эңсейсиң. Сүйбөгөн мени дуба менен гана өзүңө имергиң келгенин мен кайдан билиптирмин. Сен мага кандай жасасаң, мен сага андан эки эсе артык жасайм!" деп жатты. Андайда убакыт дагы өтпөй калат эмеспи. Равшан үйгө киргени жатканда, оңдой берди болуп кошунанын кызы келип калды. Аиданын жүрөгүн "кантип сыртка чыгып, машинаны карайм" деген ой өйүп аткан. Сагипаны узатып чыгып жүз метрдей ары жагында подфарниги күйүп турган машинаны көрүп ичинен жым дей түштү да, Сагипаны "жакшы бар" деп айтып үйгө кирди. Дарбазадан кирип баратып машинанын жарыгы бир жолу өчүп күйгөнүн байкады. Сагипа болсо, "Рамис бар болду бекен, көрүп каламбы?" деген ой менен башка бир нерсеге шылтоолоп кошунасыныкына кирген эле. Аида үйгө кирип бир нерсе алымыш болуп, Равшандын жатканын байкап, жолго керектүүлөрүн даярдап койду. Бир убакта кайын энеси Айымкан чыгып, Аидага:
- Жат эми, калган ишти эртең деле кыласың? - деди кам көргөн болуп.
Аида аз жерден эсин жоготуп коё жаздады. Себеби ордунан туруп, эшикке чыгып кетейин деп жаткан. Калп жөтөлүп:
- Аз эле калды, биротоло бүтүрүп коёюн, анан жатам, - деди.
Айымкан сыртка чыгып келди да, ички үйгө кобуранып кирип кетти. Аида жарым сааттай күтүп отурду да, даярдап койгон буюмдарын алып, жарыкты өчүрүп, үйдөн чыкты да, дарбазаны көздөй бет алды. Шашыла басып дарбазадан атып чыгып, машинага чуркап келди. Машина Аиданы эле күтүп тургансып эшиги ачылып, ал отурары менен ордунан жылып жөнөдү. Аиданын жүрөгү дүкүлдөп, корккону билинип, өзүнчө эле алаңдап, шоферго: "Ылдам айда, араң качып чыктым", - деди. Болот Аиданы бек кыса кучактап:
- Аида, коркпо. Эми мен сенин жаныңдамын. Өзүңдү токтотуп, карман! - дегенде, Аида шолоктоп ыйлап жиберди.
* * *
Болот досу экөө Аиданын айылынан автобуска отурганда эле бышыктап план түзүп, Сокулукка үйүнө барып, ата-энесине кеңешип, анан ишти баштайын деп ойлоп койгон. Көптөн бери оюнун баарын Аида ээлеп алгандыктан, оюн бир жерге топтой албай өзүнчө эле бушайман болду. Бир жагынан Равшандын жоругуна ачууланып: "Аны ээн жерден жолуктурсам, эркекче сүйлөшпөсөм! " деп кекенгени күч алып, ачуусун кимден чыгараарын билбей келе жатты. Жанындагы досу эки жолу суроо берсе, кыска гана жооп берип, сүйлөгүсү келбей жаткандыгын билдирди. Кечке жуук шаарга келишип, автобекеттен айрылышарында досуна:
- Бүрсүгүнү жолугабыз, мен өзүм телефон чалам, - деди көңүлсүз сүйлөп. Досу Болотко туура түшүнүп, кош айтышып түз үйүн көздөй жөнөдү.
Болот үйүнө көңүлсүз келди да, "чарчап атам" деп эрте эле жатып алды. Оюна Аиданын апасы түштү. Нурбүбүнүн жылуу мамилеси, айткан кеңеши Болотко дем берди. "Эмне болгон күндө дагы Аиданы азыр да сүйөјрүм чын. Ал эми жубан болуп калганы үчүн, Аида күнөөлүү эмес да. Эми калганы жакшы бүтсө болду…" деген ойго бекем бекиди.
Эртеси апасы менен атасына болгон ишти түшүндүрдү. Тартындыбы, эмнегедир Аиданын турмушка чыкканын айткан жок. Жөн гана "Ноокаттан аял алып келем. Машина керекпи, же Оштон машина айдатканым оңбу?" - деди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры бөлөсүнүн "06" маркасындагы жаңы машинасын айдатмай болушту.
Жолго акчаны кенен алып, досуна телефон чалып чакыртып, таң эртелеп жолго чыгышты. Жолдору шыдыр болуп, айтылган убакта Ноокатта, Равшандын айылында болушту.
* * *
Түн бир оокумда ойгонгон Равшан жанын сыйпалап Аиданы таппаган соң, ордунан туруп, оозгу үйгө чыкты да, "Аида!" деп үн салды. Эч жооп болбогон соң, жарыкты күйгүздү. "Балким, оозгу үйгө жарыкты өчүрүп жатып алдыбы?.." деп ойлоду. Бул бөлмөдөн да Аиданы таппаган соң, жүрөгү бир нерсени сезип, сыртка атып чыкты. Дарбазанын эшиги ачык калганын көрүп, дароо "качты! " деген ойго келди. Дарбазанын эшигин жаап, акырын үйгө кирип, атасы менен апасынын тынчын албайын деп ордуна келип жатты. Жаткандан кийин башына ар кандай ойлор келди. Бирок Аиданын качып кеткенине ишенбей, туруп Аиданын кийимдерин карады. Таппаган соң, качып кеткенине эми чындап ишенди. Ошентсе деле "качып кайда барат?" деген ой мээсин ээлеп алды. Оюнда өз кылган ишине өзү нараазы болуп: "Мага чала болот!" деп сүйлөнүп алды. Таң атканга чейин кирпик каккан жок. Ушул жашка келгени эмне иш кылганын эстеп, пайдалуу эч иш жасабаганына арданып кетти. Бир убакта апасы Айымкан эшикти ачып:
- Аида, турбайсыңбы? Сени эчак туруп эшиктин алдын шыпырып жатат го десе, тура элегиң эмне? Төркүнүңө барып келгенде эле ушинтип каласыңбы? Тур ылдам, абышканын дааратына суу даярда! - деп буйра сүйлөдү. Апасына эмне деп жооп беришти билбей, Равшан башын жуурканга катты.
Бир аз убакыт өтпөй, Айымкан кайра кирди ачуулуу:
- Турбайсыңбы ылдам, эмне мынчалык маалкатып калгансың? Сени күтүп отура беребизби? Э, Равшан, катыныңды тур дебейсиңби? Же эмне, мен жардам берейинби тургузганга.
Равшан ордунан атып туруп, кийинип сырткы үйгө чыкты да, күнөөлүү кишидей:
- Апа, Аида жок! Түндө төшөккө жатпаптыр. Жол жүргөнгө катуу уктап калыптырмын, азыр ойгондум, - деп карандай калпты айтты.
Айымкан уккан кулагына ишенбей, Равшандар жаткан бөлмөгө жүгүрүп кирди. Ошондо жүрөгү бир нерсени сезип, аюудай айкырып алды:
- Айткам! Айтсам, ишенбейсиңер! Дубаны жанагы энеси жандырды. А бирок, кантип, каякка качты? Равшан, изде! Изде, изи сууй электе! Элге шерменде болобуз. "Элмураттын келини баласынын башын аттап, качып кетиптир! " деп эл кеп кылат. Жөнө ылдам! Чоң көчөгө чык! Алыс кетип кала электе карма!
Равшан чала-була кийинип эле көчөгө чуркады. Элмурат абышка эмне болгонуна анча түшүнө бербей, дендароо болуп туруп калды. Бул убакта Аида сүйгөнү Болоттун колтугунда уктап жолдо бараткан.
* * *
Рамис аталары келген күнгө чейин Сагипаны бир маал көрүп, ал турсун болбогон шылтоо таап, үйүнө барып Сагипа менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк издеп, аракет кылып атты. Сагипа Рамистен өзүнчө эле уялып, жүрөгүнүн түпкүрүндө Рамиске карата болгон жылуу сезими күндөн күнгө жанын жай таптырбай жатты. Кыз жүрөгү назик, боорукер болот эмеспи. Кантсе дагы Рамис биринчи сөз айтып Сагипанын оюна бүлүк салып, ойлонтуп аткан эле. "Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарыптыр" деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары жылуу сөз, жылуу мамиле кимге жакпасын? Рамистин кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөзү, жасаган мамилеси тынч жаткан жүрөгүн туйлатып, акыл-эсин бийлеп алды.
Ал эми Рамис ата-энесин Көлдөн кечирээк эле келсе экен деп тиледи. Себеби алар келгенден кийин Сагипага жолугуу бир кыйла кыйын болоору - турган иш. Сагипа экөө ачык сүйлөшпөгөнү менен көздөрү бири-бирин түшүнүп атышты. Сүйүүнү ар бир адам өз башына келгенде гана түшүнүп, ошондо гана сүйүүгө маани берип, анын баркына жетет окшобойбу.
Рамис менен Сагипа дагы сүйүүнүн жалынына эми гана кабылышып, эми гана сүйүүнүн азабын тарта башташты.
Сагипа же жумуш кылып, же сабакка даярданып, деги эмне иш кылбасын, кайда жүрбөсүн оюнан Рамис кетпей, улам-улам ал жөнүндө ойго батып кыялданганы күч алды. Уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпеген Рамисти көргүсү келип, шылтоо таап Равшандардын үйүнө келгенди адат кылып алды. Себеби Рамис келип калдыбы деген ойдо. Эмнегедир акыркы күндөрү башкача болуп кетти. Рамисти көргөндө оюндагысын айтайын дейт, бирок бир жагынан кыз намысы жол бербесе, бир жагынан уяң сезими күчтүүлүк кылып, эч сөз айта албайт. Сагипанын абалын Рамис түшүнбөй койгон жок. Анткени өзү дагы Сагипадан ашык санаа чекпесе, кем санаа чеккен жок. Акыркы убакта өңүнөн азып кеткени өзүнө билинбегени менен элге билинип, сурагандар көп болду.
* * *
Равшан Айымкандын айтуусу менен көчөгө чуркап чыгып, эки жакты карады. Таң эртең менен көчөдө бир жан жок ээн эле. Элеңдеп эки жакты карап, бир топко басып жүрдү. Качан гана көчөдөн бирин-серин караан көрүнүп, кыймыл башталганда гана шаарга кетчү машиналарды, автобустарды карап, Аиданы таппаган соң, илкий басып үйүнө келди.
Чыдамы кетип күтүп аткан Айымкан Равшанды үмүттүү карап:
- Барбы деги? - деп ачуулуу кыйкырды. Равшан башын жерге салган калыбында:
- Жок, эч дайын жок. Баарын карадым.
Ошондо Айымкан көчүгү түшкөн аюудай айкырып алды:
- Ушуну кылмак ал бейбак?! Сүйлөшүп ал катынды десе, сүйлөшкөм деп алган катынын кара! Бир катынга ээ боло албагандан кийин сенин эмнең эркек!
Равшан башын жерге салган калыбында шөмтүрөп туруп берди. Энеси Айымкан эмне деген гана сөздөрдү айткан жок. Энесинен мындай уу сөз угам деп ал түк ойлогон эмес…
Айымкан сүйлөнүп атып короонун артын көздөй басты да, күл төккөн жерде сынып жаткан ак чыныны көрүп, сыныгын колуна алды. Бакшы дубалап берген чыны экендигине көзү жеткенде гана үйгө чуркап келип, шкафтын үстүндө көмкөрүлүп турган чыны башка экендигин көрүп, үшкүрүнүп отуруп калды. Анан бир маалда буркурап ыйлап жиберди. Бул эмне болгон көз жаш эле? Кетирген катасы үчүн өкүнүүбү же ызалыкпы? Жалгыз уулунун, бирөөнүн чырактай кызынын жолуна таш ыргыттыбы? Ушунун баарына эне башы менен Айымкан күнөөлүүбү? Көз жашын буурчактата төгүп отуруп, көз алдына Аиданын биринчи келген күнүн элестетти. Адам уккус шумдук менен башы айландырылып, капаска түшкөн эркин куштай аймончок кыздын "мен бирөөнүн баласы" элем деп бир да боору башкалык кылбагандыгын, кайын журттун оту менен кирип, күлү менен чыккандыгын мойнуна алды. Ичи туз куйгандай ачышып: "Чын эле кеттиби келиним?" деп буулуга-буулуга ачуу жашын чыгарып алды.
Элмурат абышка өкүнүчтүү:
- Кемпир, болду эми, өкүнгөндө эмне! Үч күн отурбай койгондо эле кетирип жиберсек болмок экен. Сен дагы обу жок каарып, көңүлүнө зак кетирдиң. Төрөгөнчө жумшабай эле койсоң болмок. Жаш неме үйгө да көнө албай койду го. Убагында айтайын деп оозум барган жок эле.
Айымкан албуут болгону менен абышкасынан коркуп, ыйбаа кылчу. Абышкасынын жүйөөлүү сөзү Айымкандын кулагына кирген жок. Себеби оюнун баары бакшы кемпирге барып, масилет салып келүү эле. Ордунан туруп сынган ак чыныны баштыкка салып, бакшы кемпирди көздөй жөнөдү. Үйдүн ичи аңгырап бош болуп калганын Равшан эми гана туйду. Бардык ырыскы-кут Аида менен кеткендей болду. Аида менен жашаганы ээн-эркин эркелетип, жакшыраак сүйлөшпөгөнүнө өкүндү. Себеби буга энеси Айымкандын айтканы түрткү болгон эле. "Аялды башынан, баланы жашынан" деген кеп бар. Обу жок эркелетип, катынпоз эркектердей жалына бербе. Катыныңды башыңа чыгарып аласың!" деп баскан-турган сайын Айымкан уулунун кулагына куйчу. Равшан апасынын айтканынан чыга албай Аидага мерез мамиле жасаганына, чечилип сүйлөшпөгөнүнө өкүнүп отурду. Эгер энесинин тилин албай, Аиданы өзүнө имергенде башкача болмок беле, ким билет? Аида дубанын күчү менен гана жүргөнүн эми билди.
Равшанга жашоо кызыксыз болуп, үңкүйүп өзүнүн бөлмөсүндө бир топко отурду. Заманасы куурулуп, аалам тар болуп турду ушул тапта жаш жигитке. Бир убакта энеси кирип, Равшанды көрүп:
- Эмне соодасы бүткөн сарттай үңкүйөсүң? Көтөр башты жерден! - деп өктөм сүйлөдү да, үйдү кыдырата карап чыгып кетти.
Айымкан бакшыга барганда, бакшы сынган чыныны көрүп:
- Кап, бекер болгон экен! Эми ал келинден түңүлгүлө. Дуба жанып кеткен турбайбы. Мен силерге чыныны сындырбай сактагыла дебедим беле. Бир чыныны сактай албаган өзүңдөн көр. Мен бар амалымдын баарын кылдым. Алла насип кылган эмес экен ал келинди. Энди менде эч ылаажы жок. Пешенеңен көрсүн уулуң! Жана бир маңдайына жазган бирөө бардыр?..
Бүкчүйгөн ушул кемпирди да Айымкан бүт дили менен жек көрүп кетти. Көзүндө мылтыгы болсо, атып салчудай болуп заардуу тиктеди да, эшикти тарс эттире катуу жаап, чыгып кетти.
Айымкан үйүнө келип, ичтен түтөп отурду. Бир жагынан элден уялса, бир жагынан уулун аяп, бир жагынан Аидага көнө түшкөнүн эми гана билип, баркын сезди.
Адам деген ушу да. Көзү барда барктай албайбыз да, качан гана көзү жокто аттиң деп өкүнүп калабыз.
Айымкан бир жерде, Элмурат абышка бир жерде, Равшан бир жерде үңкүйүп отурушканда, "келин-уулу келиптир" деп угуп, куран окутканы элдер келе башташты. "Эми элге эмне деп жооп беребиз?" Үчөөнүн жүрөгүн өйүгөн ушул суроо болду. "Аялдын амалы кырк эшекке жүк" деген кеп бар эмеспи, Айымкан бул жерден да шылтоо таап, элге каратып туруп калп айтканга мажбур болду:
- Равшан, сен эл көзүнө көрүнбөй, үйдөн кечке чейин чыкпа! - деп айтты. Ал эми келген кишилерге: "Келиним кечинде катуу ооруп, уулум түнү менен ооруканага алып кетти. Жүрөгү кармап калмайы бар экен, эсибизди чыгарды" деди. Келгендер ишенип: "Эми аман-эсен айыгып кетсин" дегенден башка сөз айтышкан жок.

#10 04 April 2014 - 18:18
* * *
Бир күн жол жүргөн машина кечке жуук Сокулукка кирип келди. Узак жол жүрсө да, Болоттон колтугунан чыкпай, Аида жол азабын сезген жок. Болуп жаткан окуялар ага түш сыяктуу сезилип жатты. Жаңы машина жолдо эч бузулбай, шыр келишти. Жашыл дарбазалуу, бак-шактуу үйдүн эшигинин алдына машина келип токтогондо, үйдөгүлөр "келин келди!" деп баары дүрбөп эшикке чыгышты.
Аида Болотту карап:
- Уялып жатам, кантип сенин босогоңду аттайм. Мен сага татыктуу эмесмин, - деп шыбырады. Бул сөздү канча жолу айтам деп айта албай койду эле, эми гана болгон күчүн жыйнап айтты. Болоттун кубанычына чек жок эле, күлүмсүрөгөн калыбында:
- Сен андан кам санаба. Атайын жасаган жоксуң да. Күйүмдүү жар болуп берсең болду. Кыйналып табылган бакыт таттуу, кыйынчылыкты жеңген сүйүү ыйык болот. Кой эми, машинадан түшөлү. Үйдөгүлөр күтүп калды, - деп машинанын эшигин ачты.
Болоттун апасы көшөгөгө киргенде, Аиданын бетинен өөп:
- Бактылуу болгула, тең карыгыла, - деп алкап, чачыласын чачып, башына жоолук салды.
Экинчи жолу көшөгөгө кирген Аида өзүн ыңгайсыз сезип жатты. Жылдыздуу, сүйкүмдүү Аиданы көргөн келин-кесектер Болоттун апасына:
- Көзгө токтомдуу, жылдыздуу кыз экен. "Түсү ийгиден түңүлбө" деген. Келиниңиз кут болсун! Эмне Болот экөө чогуу окуйт бекенби? - деп дегеле суроолору бүтчүдөй эмес.
Аида дагы уялып, тартынганы менен кубанычына эч чек жок эле. Экинчи жолу төрөлгөндөй болду. Шаан-шөкөт, ыр-бий башталды. Болоттун теңтуштары келип таанышышып, Болот менен Аидага каалоо-тилектерин айтышып, түн жарымына чейин шаңдуу отурушту.
Болоттун атасы Болот менен Аиданын колунан кат жаздырып алып, түнү менен кудага жөнөштү.
Аиданын апасы Нурбүбү күйөөсүнө, туугандарына болгон ишти түшүндүрүп айткан эле. Көлдүктөр кудаларды күтүп атышкан.
Ноокатка барган "06" маркасындагы "Жигули" эми Көлдү көздөй сызып баратты. Көкмөк асманда томуктай булут көрүнбөйт. Чыгыштан кылайып күн чыгып келе жатты.
Түгөнбөс жашоо
Эсен армияда эки жыл кызмат өтөп келип, окууга тапшырып өтпөй калгандан кийин азыр өзү иштеп турган мекемеге шофер болуп орношкон. Кичинесинен техникага жөндөмдүү, жакын өскөн ал айдоочунун күбөлүгүн ошо армияга барганга чейин эле алып, эки жыл машина айдап кызмат өтөгөн болучу. Эми минтип шоферлук жумушка орношкону иштеген ишине тың, өтүмдүү, эл менен да бат тил табыша билгендиктен, кесиптештеринин арасында бат эле кадыр-баркка ээ болду. Жыйналыш өтүп жаткан учурлары да сөз алып сүйлөп, өзүнүн оюн ачык айтып, жетекчилерге талап коюп, жумуштун алдыга жылышына далалат кылуучу.
Иштегенине бир жыл болуп калганда акчалай сыйлыкка ээ болуп, мактоо баракчасын алганга жетишти. Ошентип кадыр-баркы артып, иши алдыга жылып турган кезде Эсен институтта окуган Гүлжан деген кыз менен таанышып, экөөнүн ортосунда жылуу мамиле пайда болуп, жолугушуп жүрүштү. Экөө бир күн жолугушпай калса, кадимкидей бирин-бири жоктоп, куса болуп калышчу. Эсен жумуштан чыккандан кийин Гүлжандын жатаканасына барып жолугушуп, кафеде тамактанганды адатка айландырып алышкан. Эсен менен Гүлжандын ортосундагы жылуу мамиле жүрүп отуруп ак сүйүүгө айланды. Экөө бири-бирин "сүйөм! " деп ачык айтпаганы менен көздөрү билдирип туруучу. Экөөнүн ортосундагы бул жылуу мамиле ушул калыбында эки жылдан ашык жашап келди. Арадан ошончо убакыт өтсө да, эмнегедир экөө дале сүйүү жөнүндө кеп кылышкан жок.
Гүлжан институттун акыркы курсунда окуйт. Бир күнү Эсен айлык алып, кесиптештери менен арак ичип олтуруп: "мен жакында үйлөнөм!" деп кызуулугу менен сөз берип коёт да, алагүү абалында ошол эле күнү Гүлжанга жатаканасына барып жолугуп, маселени кабыргасынан коёт: "Убакыт келди, экөөбүз үйлөнүшүбүз керек, мен сени сүйөм!" - деп айтып, өзүнүн сүйүүсүн ачыкка чыгарат. Арак ушундайда керекке жарап кетет эмеспи, Болот Гүлжанга багышталуу "сүйөм! ", "үйлөнөм! " деген сөзүн ушул азыр, жолугары менен дароо айта коём деп эч ойлогон эмес. "Кантип айтам?", "кантип сүйүүмдү билгизем?" деген ой эки жылдан ашык убакыт бою жүрөгүн өйүп бүткөн. Соо кезинде канча жолу чыгынып, сүйүүмдү билгизем деп даярданганы менен батына албаган.
Эсен үчүн бул күн абдан маанилүү, эсте каларлык күн болду. Себеби ал кызуу абалында болсо да өзүнүн небактан берки жүрөгүн өйүгөн оюн, Гүлжанга арнаган таза, тунук сүйүүсүн тышка чыгарды. Чыгарганда да бирөө аркылуу же кагаздагы жазуу түрүндө эмес, бет маңдай туруп, өз оозу менен айтты. Дегинкиси, Эсен башка бирөөнүн, же кайсы бир кесиптешинин алдында, же болбосо чогулушта сүйлөп жатканда, эч тартынбай, кысынбай, ал гана эмес өзүн эркин сезип, өткүр да болучу. Анан эле Гүлжандын жанында өзүнүн сүйүүсүн айта албай кыйналганына таң калат. Көрсө, чыныгы таза, тунук сүйүүнүн таттуулугу канчалык болсо, сүрдүүлүгү, табышмактуулугу да ошончолук окшойт. Сүйүү адамды кайрат-күчүнө, байлык-бийлигине карабай балбанды да, баатырды да, ханды да сүрдөнтүп, уялтып, тартынтып, басынтып, алсыратып салат белем. Анысы кандай, Эсен Гүлжанга жолукканда ойлогон оюн, айта турган сөзүн жоготуп алчу тура. Ал эми Гүлжан баарын сезип, билип турса да сыр алдырбай, Эсендин андай абалын байкамаксанга салып, эчтемени туйбаган болуп калчу.
Бүгүн Гүлжан ушунчалык таң калып, кайра Эсенден уялып, тартынып турду. Себеби, бул сөз көптөн күтүлсө да, чукул жерден, капыстан айтылып, эмне деп жооп берерин билбей калды. Буга чейин Эсен уялып, тартынып жүрсө, эми ошол тартынчаактык толугу менен Гүлжанга өткөнсүдү. Кыз уялып тартынган сайын жигит шаштырып кысымга алды: "Менин сунушума кандай деп жооп бересиң? Эгер макул болсоң, мен сени керек болсо азыр алып кетем айылга. Мен сени менен гана бактылуу жашай алам. Сенсиз мага баары көңүлсүз" - деп Эсен чечилип сүйлөп, дагы көп сөздөрдү айтып өттү. Дагы сүйлөп, өзүнүн оюн андан ары тереңдетип айта баштаганда, Гүлжан Эсендин сөзүн бөлүп: "Эсен, көп болбосо да ичип алыпсың. Туура көрсөң, калганын эртең сүйлөшөлүчү. Мен үчүн бул сөз капыстан болуп отурат, кичине акыл токтотоюн. Мындай сөздү соо кезде сүйлөшкөн жакшы болот", - деп токтоолукка чакырды.
Гүлжан сөзүн айтып бүткөндө, эки орто саамга дымый түштү. Гүлжандын бул жүйөөлүү сөзү Эсенди абдан уялтып койду. Дегинкиси, мындай сөз угам деп күткөн эмес. "Ка-ап, бекер ичип келген экенмин, соо кезде эмне айтпадым? Бир чети, ичпесем бул сөздөрдү айта албайт болучумун. Анда качанга чейин келечегибиз бүдөмүк, арсар абалда жүрмөкчү элек?.. Андыктан бир аз олдоксон кеткени менен туура эле болду окшойт…"
Ошол учурда Гүлжан да ичинен өзүн жемелеп баштады. Айтарын айтып алып, эми кайра "көңүлүн оорутуп алган жокмунбу?.." деген ойдо жигиттин көздөрүнө тик карай албай, башын төмөн салып, унчукпай туруп калды.
Тынчтыкты биринчи болуп Эсен бузду: "Мейли анда, шашпай дагы ойлонуп көрөрсүң?.." - деп гана сыртка чыгып кетти. "Ка-ап, сүйлөшүп турсак болот эле, соо келсем болмок экен?.." деп ал бүгүнкү жолугушуунун капыстан чорт үзүлгөнүнө кейип, кайра артына кайтып баратты.
Гүлжан Эсен кеткенден кийин: "чын эле убакыт өтүп жатат, өлгөндөн башканын эртеси жакшы дейт, үйлөнсөк, үйлөнүп деле алсак болот эле…" деп ойлоп койду. Ал түгүл ошол күндүн эртерээк келишин тилеп кетти. Себеби өзү теңдүү кыздар небак күйөөгө чыгып, эки-үч балалуу болуп калышкан. Анын үстүнө жашы да 24кө келип калды. Өткөн жайда сиңдиси турмушка чыгып кеткенде, уялганын айтпа. Ушу эркек болуп туруп, тартынчаактыгы жаман да. Сиңдиси турмушка чыкканын "үйлөнөлү" дегендей белги берип Эсенге айтса, түшүнбөй кайра "куда кут болсун!" деп койгон. Чынында Эсен менен таанышканда эле аны жактырып калган, бирок ушул күнгө чейин сыр бербей келген эле. Негизи, жигиттер бир аз осолураак, анан шашма келет эмеспи, улам-улам карап, жанынан чыкпай айланчыктап, тик карай албай, сүйлөгөндө да сөздөрүнөн эле сүйүп калганын билгизип, байкатып коюшат. Биринчи жолукканында эле Эсендин ага көңүлү түшүп калганын Гүлжан билчү. Кыз адебин сактап сыр алдырбай, байкабаган киши болуп койгон. Эсенди бүгүн кайсы кара теке сүзүп "сүйөм! ", "үйлөнөлү! " деп айтканына таң калып, бир чети туура эле болду деп ал өзүнчө эле толкунданып, көңүлдүү жүрдү. Майда жумуштарын жасап жатса деле Эсен жөнүндө ойлоп, башкага оюн бурса деле оюнун аягы кайра эле Эсенге келип такалып, аны көргүсү келип жатты. Сүйүү ушунчалык кызык, ушунчалык таттуу экенин Эсендин бир ооз сөзүнөн кийин билип отурат. Эсен жөнүндө мурда деле ойлончу, бирок кайдан бүгүнкүдөй болуп калсын?.. Махабат торуна мынчалык чалынам деп ойлогон эмес. Гүлжан төшөктө жатканда да Эсен жөнүндө көпкө кыялданып, түн ортосунан оогондо гана көзү илинди. Түшүнө Эсен кирип, экөө ээн талаада жетелешип, бири-биринен тартынбай ачык эле сүйүү жөнүндө сүйлөшүп, ал турсун бет маңдай айкалыша туруп, өбүшүп да жатыптыр. Будильник сааттын чырылдаганы Гүлжандын уйкусун бузуп жиберди. Колу менен сааттын чырылдагын токтотуп, он минутадай Эсен жөнүндө ойлонуп жатып, анан жылуу төшөктөн араң кыйылып атып туруп, кийинди да, жуунуп-түздөнүп алып сабагына жөнөдү.
Эсен эртеси эртең менен эрте ойгонду. Чакадагы муздак суудан бир чоң чыныга сузуп ичип, кайра ордуна келип жатты. Кечээ көп ичип койгонгобу, каны катып калыптыр. Суу ичкенден кийин кичине өзүнө келип, кечээги болгон окуяны эстеп уялып, Гүлжанга бир канча күнгө чейин жолукпай коё турайын деген чечимге келди. Бир топко ойлонуп жатып, анан туруп жуунуп келип, тамакка деле табити тартпай бир чыны чайды эптеп ичип, жумушуна жөнөдү. Бир жакшы жери, анын арак ичкенден кийин эртеси башы оорубайт, кайра аракты көрөйүн деген көзү жок болуп калат. Эсен ошол бойдон бир жума Гүлжандын жатаканасына барган жок. Бирок Гүлжан оюнан кетпей койду. Бир чети, "жакшы болду, сүйүүмдү билгизип оюмду айтып алдым" деп өткөн ишине ыраазы болуп алат да, кайра эле "эмне үчүн оюмду соо кезимде айта албай, мас кезимде айттым" деп өкүнүп баштайт. Гүлжандын элеси күндүзү көз алдынан кетпей, түнкүсүн түшүнө кирип, айласы куруду. "Гүлжанга жолугуу керек. Бирок кантип?" деген ой жүрөгүн өйүдү. Мурда "сүйүүмдү кантип билдирем?" , "кантип айтам?" деген ой жүрөгүн өйүсө, эми "кантип жолугам?" , "жолукканда эмне деп айтам?" деген ой жүрөгүн өйүмөк турсун, жеп бүттү. Күндө эртең менен жумушка келе жатканда "бүгүн сөзсүз Гүлжанга барам!" дейт да, анан жумуштан чыккандан кийин эле тартынчаактыгы дагы кармап, аргасыз үйүн көздөй жөнөйт.
Ушул жуманын аягында Эсен жумушунан айлык алды. Баягыдай эле чогуу иштегендер менен шайтан мойнун сындырып олтурушканда, Эсендин берген убадасы жөнүндө кеп козголду. Эсен башын жерге салып тердеп олтурду. Ал арак ичпей, бүгүн сөзсүз Гүлжанга жолугам деп өзүнө өзү сөз берип, Гүлжандын жатаканасын көздөй жөнөдү. Жолдон дагы тарткынчаактыгы кармап, эки анжы тартып, анан кайра алдыга кадам таштап жатып, бир убакта караса, жатаканага жакындап калыптыр. Аңгыча эле алдынан Гүлжан дос кызы менен чыгып калды. Эми кантип кайра кайтмакчысың? .. Гүлжанды караса, ал да Эсенди карап келе жатыптыр. Көздөрү бири-бирине чагылыша түштү. Ошондо экөө тең ортодогу кусалыкты, сагынычты бири-биринин көздөрүнөн билишти. Эсен ушунда кандайча болуп Гүлжандарга шашыла басып жакындаганын сезбеди. Аз мурда эле жалтайлап, артка качуунун камын ойлогон ал эми кантип кымбатынын колдорунан кармап өзүнө тартып, кантип кучактап калганын билбей калды. Ошол эле учурда Гүлжан да башын Эсендин көкүрөгүнө жөлөп, дымый түштү. Дос кызы экөөнү таң калып карап турду. Эсен менен Гүлжан бири-бири менен көп жылдар көрүшпөгөндөй эзилишип, ал турсун эриндери да бири-бирине чаптала түштү. Жанындагы дос кызы эле эмес, өтүп бараткандар да таң калуу менен карап калып жатышты. Бир убакта эстерине келип, уялуу сезими экөөнү эки башка ажыратты. Ошол жолугушуунун эртеси эле экөө Эсендин айылына сапар тартышты.
Гүлжан Эсен экөөнүн мына ошол жаш кездеги таза сүйүүсүн жана үйлөнүү тоюн эстеп, азыр жанында отурган кызынын жоругуна нааразы болуп жатты. Кызына ичтеги болгон оюн, акылын айтып, жаш кезиндеги өзүнүн жана азыркы күндөгү кызынын окуяларын салыштырды. Кызы Гүлайым мектептин X классында окуйт. Кийинки жаштар эрте жетилип калганбы, же болбосо айлана-чөйрөгө жарашабы, айтор бир убактарда Гүлжанга келген сүйүү эми кызы Гүлайымга келип отурат. Жагымсыз жагы, өтө эле эрте келгендей.
Гүлжан кызы Гүлайым түн бир оокумга чейин жатпай бир нерсе жазып жатканын көрдү да, алгач сабак окуп жатат го деп ойлоп койду. Бирок кызынын сабак окуган түрү жок. Акырын басып келип караса, кызы эч нерсени байкабай жигитине кат жазуу менен алек. Гүлжан кызынын жазып аткан катын шып колуна ала койду. "Сабак окуп атат десе, эртеден берки эрмегиң, бүтүргөн жумушуң ушу беле?!" деп кызын урушуп, кызы "окубаңыз! " деп каршы болгонуна карабай, каттын мазмунуна бир сыйра көз жүгүртүп чыкты. Катты Гүлайым берилүү менен жазганы дароо эле байкалды:
"Муктар, мына ушуну менен экинчи жолу кат жазып жатам. Эмне жооп бербейсиң. Мен сенден чыдамсыздык менен жооп күткөн элем, тилекке каршы, жооп ала алган жокмун. Мына ушул айда сени жакшы көрүп, жүрөгүм сен деп согуп жатканына эки жыл толот. Ички жан-дүйнөмө бүлүк салып коюп, эч нерсе болбогондой жүрөсүң. Ушу сенин тартынчаактыгың эле жакпайт. Эмне мынча тартынчааксың. Эгер мен сенин ордуңда болсом, эмнени гана кылмак элем?.. Сен эмне десең, баарына макулмун. Мектепти бүткөндөн кийин эле алам десең, мен ага да даярмын. Окуунун эмне кереги бар? Окууну бүткөндөр азыр эмне кылып жатышат? Болгону базарда бирдеме сатып, клиент күтүп отурушат. Андан көрө сен жанымда болсоң, мен баарына кайыл элем. Сени менчелик эч ким сүйбөйт. Сен менин сүйүүмдү өчүрбө!.." деген жерине келгенде эле Гүлжандын көзү караңгылашып, андан ары окуганга көңүлү чаппады. Ушу өзү кенедей деп ойлоп жүргөн кызынын жоругуна таң калып, бир чети нааразы болуп турду. Гүлжан кызын ушунчага барат деп эч ойлогон эмес. "Жаш туруп, эмне мынча жанына күч келди? Сүйүп-күйүшүүгө кийин деле жетишет эле да? Же эмне, кызы жеңил ойлуулукка алдырып жатабы? Кыз намысы деген кайда? Деги качан жигиттин артынан кыз өзү озунуп чуркап, "эмне кылсаң да баарына макулмун" деп алдына төшөлүп калчу эле?.. Ал мындай кезинде сүйүү эмне экенин билбей эле жүрбөдү беле. Анда анын бардык ою окуу эле го. Ал эми кызы окууну ойломок турсун, эс-дартынын баары эле сүйүү, эптеп турмушка чыгуу турбайбы! Эми эмне кылышы керек?.."
Гүлжан көпкө тунжурап үнсүз отурду. "Атасы билип калса, эмне дейт, караңгүн! " Бирок жашоо уланып жаткан. Ал адамдардын эркине көнбөй, өз энчисин тартуулап, мезгилди артка серпип, алдыга улам күчөп умтулуп жаткан болучу. Гүлжан өнүгүүнүн бул жагын, бул жаңы импульсун түк оюна алган жок. Көзүнө кызы али секелек көрүнүп, анын жоругун жеңил ойлуулукка, эссиздикке жоруп, жүрөгүн оорутуп жатты.
Табышмактуу окуя
Бул окуя кечээ жакында эле Нарындын бир айылында болгон экен. Бирок биз адамдар бир нерсени өз көзүбүз менен көрмөйүн ишенбейт эмеспизби. Ошол себептен уккан окуяны сиздерге алымдын жетишинче жаздым. Бул болгон окуяны ким кандай түшүнүп, кандай чечет, аны окурмандын таразасына койдук. Анда сөз башынан болсун.
Каармандын аты өзгөртүлүп берилди.
Алым Нарын суусунан балык кармап жүрүп, сууга түшүп кетти. Жазгы маал болгондуктан, суу күрпүлдөп кирип жаткан эле. Суу ээ-жаа бербей, Алымды агызып жөнөдү. Сууда агып баратканын бир билет, анан ал эсин жоготуп койду.
Эсине келгенде, суунун жээгинде жаткан экен. Бирок бул жерде канча жатканын өзү да билбейт. Ордунан туруп, эки жакты карады. Анча алыс эмес жерде кырка тизилген боз үйлөр. Акырын басып барып четки боз үйгө кирди Алым. Боз үйгө кирип, кырка олтурган адамдарга салам айтты. Салт билбеген немелерби, айтор эч ким саламга алик албады. Ал турсун көңүл да бурушпайт. Алым таң калып, үнүн бийик чыгарып, дагы салам айтат. Бирок дале баягы эле көрүнүш. Алым акырын өйдө өтүп, дасторкондогу тамактан алып, курсагын каалашынча тойгузат. Дале дасторкон бетиндегилерден сугунуп жаткан жигитке эч ким көңүл бурбады. Акылы айран болгон Алым эмне кылаарын билбей, унчукпай олтуруп калды. Боз үйдөгүлөр баары кыргызча кийинип, кыймыл-аракеттеринен ыймандуулук, наркты билгендик байкалат.
Бир убакта Алымдын жанына бир татынакай кыз илбериңки басып келип олтурду. Алда кудай! Ушунча да сулуу ургаачы болобу?
- Атың ким, сулуу? - Оозунан ушул суроо кантип чыгып кеткенин Алым өзү да байкабай калды.
Кыз Алымдын суроосуна жооп бермек турсун, көңүл да бурбады. Капырай, бул эмнеси? Алымдын кызга айткан сөзү жөн эле абага айтылып калгандай болду. Боз үйдөгүлөрдүн сүйлөгөн сөздөрү Алымга даана эле угулуп, аралашып эле жүрүшөт. Бирок алар Алымды такыр көрбөгөндөй. Алым уурдана кыймылдап колун кызга тийгизди. Кыз эс-учун жогото, жыгылып түштү. Элдер кыйсыпыр түшүп, кызга суу сээп, чуру-чуу түшүп калышты. Өзүн күнөөлүү сезген Алым качып жөнөгөнү калды. Бирок дале аны эч ким көрбөгөн үчүн отуруп калды. Кыз өзүнө келип калгансыды. Алым кайра колу менен акырын түрттү. Кыз дагы чалкасынан түшүп жатып калды. Элдер кайра ызы-чуу түшүп, кызды эсине келтиришти. Кыз өзүнө келип олтуруп калганда, Алым үчүнчү жолу колун кызга тийгизди. Кыз дагы жыгылып калды. Элдер эптеп кызды дагы эс алдырышты. Кыз эс алганда, бир ак сакалы көкүрөгүнө түшкөн абышка: "Молдону алдыралы, кызыбызга жин шайтан тийип жатат. Окутпасак болбойт", - деп эки баланы молдого жиберди. Шуулдаган эки бала атка үзөңгү теппей шарт минишип, башка жакка чаап жөнөштү.
Алым эшикке чыгып келип дасторкондогу тамактан алып жеп олтура берди. Дасторкондо жалаң кыргыз тамактарынын түрлөрү жайнайт. Бир убакта салабаттуу баскан молдо келип чаар китебин ачып бир нерселерди окуп, бир оокумга чейин олтурду. Анан элге карай: "Бул кызга жин-шайтан тийбей эле, адам пири тийген турбайбы. Бир кой союп, чыпчыргасын койбой бышыргыла. Дасторкондун үстүн жапкыла!" - деди. Айткандай дасторкондун үстүн жапканда, баягы жайнап турган тамак-аш жок, алтурсун дасторкон да көрүнбөй калат. Бир убакта кой союлуп, этинин баары казанга салынат.
Алым баарын байкап турду. Бирок алар дале Алымды көрүшпөйт. От жагылып, эки бала этти бышыруу милдетин алышты. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө, эт кайнап чыкты. Эттин чий көбүгүн алып, өзүлөрүнүн иштери менен алек эки бала. Алымдын курсагы ачып чыкты. Тамак жейин деп өзөк жалгаганга эч нерсе таба албады үмүтү эле казандагы эт. Бирок, тилекке каршы, молдо эттин чий көбүгүн алгандан кийин өзү келип, казанды таар сыяктуу кездеме менен жаптырып салды. Качан казан жабылганда, баягы күйүп турган от, ал турсун казан дагы Алымга көрүнбөй калат. Ошентип Алымдын эт бышканда эт жеп курсакты тойгузам деген тилеги таш капты. Эми эмне кылыш керек?
Алым катар тигилген боз үйлөрдүн биринчисине кирди. Балким, өзөк жалгагыдай бир нерсе табылып калабы? Бирок эч нерсе таба албагандан кийин өзөрө курсагы ачкан Алым үмүт менен бардык боз үйлөрдү кыдырып карап чыкты. Бирок бир да боз үйдөн жей турган эч нерсе таба албады. Эмнеге мындай деп акылы айран болду. Бир чети, өзүнүн кылган ишине өкүндү. Эмнеге баягы кызды колум менен түрттүм? Эгер ал кызга тийбей койсом, дасторкондогу тамактан каалашымча алып жеп, курсагым ток жүрө бермек белем? Алымды дагы бир таң калтырганы убакыт өтпөгөндөй. Күн дале баягыдай сезилет. Боз үйгө салам айтып киргенде күн төбөдө болчу. Азыр деле күн ошол ордунан жылбагандай. Баягы өз колу менен түртүп койгон кыз кадимкидей эле басып жүрөт. Бирок дайыма жанында эки кыз коштоп, ал кыздын жанынан жылышкан жок. Ошол жердеги бардык адамдардын жашы, карыбы, кызбы, аялбы, жүздөрүнөн күлкү, жылмаюу кетпейт. Бири-бирине жасаган мамилелеринен жүрөгүн чапчудай мээримдүүлүктү байкады Алым.
Алымдын дагы бир байкаганы - ал адамдар көп сүйлөшпөгөнү жана ызы-чуунун жоктугу. Алым ал чөйрөгө келгенден бери уруш-талаш, ызы-чуу, ал турсун кыраан каткырык, күлкү да угулбайт. Алым акырын басып келип, баягы өзү биринчи келген боз үйгө кирди. Молдо дале баягы китебин ачып алып үнүн чыгарып, башка тилде күбүрөнө окуп жатыптыр. Алым кулак төшөсө, кадимки эле Куран. Молдонун китеп окуп жатканы Алымдын көңүлүнө жага бербеди. Бир аз молдонун жанында олтургандан кийин кандайдыр бир жагымсыз нерсе болорун алдын ала сезип, өзүн кармана албай тышка чыкты. Тышка чыкса баары эле баягыдай. Нарын суусу кадимкидей эле агып жатат. Тоолор ордунда эле турат. Бирок өзүнүн айылы көрүнбөйт.
Алым таң калганын жашыра албай, үнүнүн барынча кыйкырды. Үнү өзүнөн башка жанга угулбагандай болот. Өз үнүнөн өзү чочуп, эки жакты элеңдеп карады. Эч нерсе байкабагандай жанынан эки жигит бир нерселерди кобурап өтүп кетти. Бир убакта эт бышты дегенди угуп, казан жакка басып келди. Эт чыгып жатканда, эттен алып жейин деген ойдо казандын жанына келди. Аңгыча баягы молдо да келип китептин бетин ачып бирдеме деп окуду эле, баягы бышып чыгарылып аткан эт Алымдын көзүнө көрүнбөй калды. Алымдын дагы үмүтү аткарылбай калганына өкүнүп: "Кап, эми эмне кылсам болот?" - деп бир топко ойлонуп калды.
Молдо бышкан этти чыгартып, бир куржундай болгон капка салдырып, үйдү көздөй басат. Алым эки жакты алаңдап карап, элдин баары кирип аткан үйдү көздөй кадам шилтеп баратып: "Бул молдо мени бирдеме кылганы турат окшойт", - дейт өзүнчө кобуранып. "Эмне болгон күндө да ары же бери болбосом, болбой калды. Минтип жүрө берсем, ачкадан өлөм го. Же барып молдону жакадан алып, колунан китебин тартып алсамбы?" - деп, өз ою менен алек болуп, элдер кирген боз үйгө кирет. Кырка тизилип олтурган элдер Алымдын эшиктен киргенин дале көрүшпөйт. Алым кыдырата элди карап, төрдө эки жагынан эки аял кармап олтурган кызды көрүп: "Эй, кыз, болду эми мен сага тийбейм, андан көрө жей тургандай бир нерсе бердиртчи, - деди. Кыз өзүн карап турганы менен эч нерсе уккан жок. Караган тейде тура берди. Алым мени көрсүн дегенсип бир топко тиктеди. Алым кызды көрөт, бирок кыз Алымды көрбөгөндөй мамиле жасайт. Өзүн эркин сезген Алым молдонун маңдайынан барып орун алып олтурду да, молдонун алдындагы оозу ачык куржун сыяктуу каптагы бышкан этти көрүп, шилекейин кылк жутуп алып, эттен алып жегиси келди. Анткен менен жакын баргандан айбыкты. Чоң алты канат ак өргөөгө улам эшиктен кишилер кире беришип, ичи элге толуп калды. Бир убакта молдо китепти ачып алып, кыраатын келтире кандайдыр бир дубаны окуп кирди. Алым бир убакта молдону тартынбай караганда, экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп, молдо көзүн тартып алып, окуп аткан китебине үңүлүп карагандай болду. Бирок Алым бир нерсени сезди. Молдо дубаны окуган сайын Алымдын курсагы ачып, тамак жегенге табити тартып, кантип молдонун жанында турган капка жакындап барганын сезбей калды. Молдо баарын байкап тургансып, үнүн өктөм чыгарып, окуганын уланта берди.
Убакыт өткөн сайын Алымдын чыдамы кетип, каптагы бышкан эттен көзү өтүп, каптын жанына барып, кантип капка кол салганын билбей калды. Ушуну эле күтүп тургансып молдо Алымды желкеден алып, капка башын тыгып жиберди. Ошол убакта Алым эмне болуп каптын ичине түшүп калганын өзү да билбей калды. Каптын оозун бууп, молдо эки жигитке: - Алып барып кап менен кошо Нарын суусуна ыргытып жибергиле, келген жагына барсын! - деди. Молдонун айткан сөзү Алымга даана угулду. Ал эми Алымдын жардам сурап кыйкырган үнүн эч ким укпагандай. Нарын дарыясына жакын келгенин, суунун үнүн даана сезди каптагы Алым. Эки жигит суунун жанына келип күч менен капты сууга ыргытып жиберишти. Алым сууга ыргытылганын сезди. Бирок сууга түшкөндөн кийин Алым эмне болгону эсинде жок. Бир убакта суунун берки өйүзүндө жатканда эсине келип, эмне болуп өткөнүн эстей албай кеңгиреп олтуруп калды. Өзөгү үзүлчүдөй болуп курсагы ачкан экен. Турганга да шай жок. Кийминин баары суу. Эптеп ордунан туруп, суунун берки өйүзүн карайт. Баягы бактарга катар тигилген боз үйлөрдү көрбөйт. Өзү күбө болгон окуяга таң калып, чакыйып тийип турган төбөдөгү күндү карайт. Ооба, аркы өйүздөгү боз үйлөрдө табышмактуу кишилер менен жүргөндө ала булут каптап, күн бүркөө эле. Ал эми азыр күн ачык, күндүн нуру жерге тегиз чачып, ысыгы денеден өтөт. Алым канча олтурганын өзү да билбеди. Бир убакта ордунан туруп үйүн көздөй кадамын акырын шилтеп жөнөйт. Айылдын четине келгенде, алдынан ат минип кошунасы чыгып:
- Эй, Алым сен кайдан? Сени бир аптадан бери издеп атпайбызбы. Кой, мен үйүңө барып сүйүнчүлөп, сүйүнчү алайын! - деп кудуңдап атын буруп чаап кетти.
Алымга эмне болду? "Эртең менен эле кетпеди беле? Чын эле бир апта болдубу?" деген ойдун кучагына сүңгүп кирип, ою менен алаксып келатып, үйүнө кантип келип калганын билбей калды. Аңгыча алдынан балдары, аялы, туугандары, кошуналары чуркап чыгып, Алымды бир жыл көрбөгөндөй тосуп алышты. Алым баары менен текши учурашып, үйүнө келип, тамактанып, өзүнө келгенде гана болгон окуянын баарын айтып берди. Бирок Алымдын айткан сөзүнө эч ким ишенген жок. Бул кандай окуя болгондугу алигиче табышмак бойдон калууда.
Эски күмбөз баяны
Биздин айылыбыз - Нарын шаарынан күн батыш тарапка карай кырк чакырым алыстыкта жайгашкан Куланак деген айыл. Албетте, бул "куланак" деген сөздүн да өзүнчө тарыхы бар, ага кийин өзүнчө токтолобуз. Ошол Куланак айылыбыздын аяк жагында жолдун жээгинде калың мүрзөлөр бар. Ошол калың мүрзөлөрдүн ортосунда мындан бир кылымдан ашык мурда салынган, үстү жабылган чоң күмбөз заңкайып көрүнүп турат. Ал күмбөз кимге тиешелүү экенин айыл эли баары эле биле бербейт. Бул күмбөз кимдики экенин биле жүрсүн деп колго калем кармап, жазганга кириштим. Айткандай, ал күмбөздүн курулганына таң каласың. Ичинде бир тирөөч жок, үстү тоголок болуп жабылган. Дубалы жалаң топурактан. Дубалынын калыңдыгы анчалык деле калың эмес. Үстү жагынан кичине жери оюлуп калган. Ошол оюктан калыңдыгы ашып кетсе бир карыш экенин билсе болот. Ошол бир карыш калыңдык ушул күндө да канча жаанга, карга туруштук берип, урап калбай турганына таң калбай койбойсуң. Себеби, анын жанындагы кечээ жакында тургузулган күмбөздөр урап жок болуп баратканы.
Ал күмбөз ушул эле айылдын тургуну Тилеп карыянын уулу Токтонаалыныкы. Токтонаалы өзү жаш болсо да элге өтүмдүү, журт көзүнө көрүнүп, өзүнүн жаштыгына карабай болуштукка шайланам деп даярданып жүргөн кезинде өзүнүн атасы Тилептин көзү тийип, бул дүйнө менен кош айтышкан экен...
Анда сөз башынан болсун. Эртең менен Токтонаалы атын минип ылдыйга жумуштары менен кеткен экен. Түш оой бир топ карыялар Нурбай булуңдун оозундагы дөңдө өткөн-кеткенден кеп салып олтурушкан. Алардын көңүлүн ылдыйкы Кең-Булуң тараптан келе жатышкан бир топ атчандар бурду. Ортодо ак боз ат минген, келбети келишкен, жанындагы атчандардын белинен өйдө көрүнүп, көргөн жанды өзүнө бурган, көзгө токтомдуу азамат келе жатат. Тилептин назары ошол ак боз ат минген жигитке түшөт:
- Капырай, береги ортодогу кайсы жигит? Адамдан да ушундай уул төрөлөт экен ээ, жараткан. Кармашканын алгандай, эл үчүн жаралган чыныгы уул экен! - деп таң калганын билгизип, таңдайын шак эттире жанында олтургандарга суроолуу карайт. Анда жанында олтурган, Тилеп карыяга теңтуш болуп жүргөн карыя:
- Ээ, Тилеп, карып баратканың ушул да. Ал өзүңдүн уулуң Токтонаалы эмеспи, тааныбай калдыңбы?" - деди.
Тилеп кары чок баскандай чочуп:
- Алда катыгүн ай, кара көзүм кашайган тура! Болбостур эми… - деп катуу кейиген экен. Олтургандар Тилептен эмнеге кейигенин түшүнө албай, бири-бирине табышмактуу карап калышат.
Токтонаалы күлүп-жайнап келип, аттан түшө калып, ал жерде олтурган карыяларга салам берет. "Көзүм тийип калдыбы?" деп жүрөксүгөн Тилеп карыя Токтонаалыга жети кара өгүздү садага чаптырат. Эртеси Токтонаалы жөн туруп эле ичим деп жыгылат. "Бакшымын" , "табыпмын" дегендин баарын алдырып, табышмактуу дарттын шыпаасын эч кимиси айта албай, Тилеп кары башын жерге салып мүңкүрөп олтуруп калды. Оору күчөгөндөн күчөп, Токтонаалы бат эле жан берет. Ошентип Тилеп карыя өзүнүн уулунун өлүмүнө себепкер болуптур.
Тилеп карыя бир жылдан кийин өзбек жергесинен мен кыйын деген усталарды жалдап келип, уулуна күмбөз курдурат. Айтылып жүрөт: ылайга эчкинин тыбыты кошулган деп. Арадан бир кылымдан ашык убакыт өтсө да, күмбөздүн сыпаты кетпей турганы турган. Бир өкүнүчтүүсү, мал кирбегендей кылып тосуп койбогондуктан, сырткы көрүнүшү кичине кете түшкөн. Бирок дале көп жылга турары бышык.
Мына ошол чоң эски күмбөздүн тарыхы ушундай аянычтуу! Эгер Токтонаалынын өмүрү узак болгондо, болуштукка шайланып, элге көп кызмат кылмак балким. Ал антип өлүп калган соң, Токтонаалынын ордуна бир уруудан, төрт-беш атадан кийин кошулган туугандарынын баласы Мамбет уулу Касымаалы болуштукка шайланган экен. Касымаалы бир топ жашка барып, 1916-жылы кайтыш болгон,. Демек, күмбөздүн курулганынан бери бир кылымдан ашык убакыт өткөнү анык.

#11 04 April 2014 - 20:33
Чыгармага улай Бердикожо Бийназаровдун чыгармаларын жаза берейин.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#12 04 April 2014 - 20:34
Бердикожо Бийназаров
Жетим кыздын байлыгы
Таң жаңы атып бүгүнкү күндүн башталышынан белги берген кезде, Жапар молдонун азан чакырган үнү угулду. Ажар азан үнүн укканда жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыгып келип жүзүн чайып, короодогу уйду сааганы чаканы көтөрүп басты.
Он алтыга жаңы чыккан Ажар жумуш жасаганга чыйрак, жүүнү тирүү, барган жерине барктуу болчудай, өзүнө тың жана сүйкүмдүү. Чекесиндеги сепкили эле болбосо көзгө толумдуу, аты эле айтып тургандай ажарлуу кыз. Мектепте дагы жакшы баада окуп, өз деңгээлинде баркы бар.
Кушту мүнүшкөр, атты саяпкер тапка келтирсе, баланы ата, кызды эне тарбиялайт эмеспи. Анын сыңары Ажар атасы менен энесинен 5-класста ажырап, таенеси Сыйда эненин колунда өстү.
Өзгөчө кыз бала үчүн энеден ажыраган кандай жагымсыздыкты тартуулайт. Атасы Бекболот көз жумган соң эки айдан кийин эле апасы Салимкүл жөн туруп эле төшөк тартып жатып калып, эки күндөн кийин ооруканадан үзүлгөн. Өзүнөн үч жашка улуу байкеси Саматты атасынын туугандары алып кеткен. Ал эми Ажарды таенеси болбой колуна алып, өзүнүн тарбиясын берип, минтип мектепти аяктар убакка жеткизди.
Ооба, Сыйда эне такыба адам. Ургаачы адамдын пакиза, өзүнүн оордун биле жүргөндү оозунан түшүрбөй айтат. Өзгөчө кызынан калган чүрпөсү Ажарды өзүнө жакын өстүрдү. Негизи эле кары кишилер көптү көрүп, көп жашагандыктан баамчыл болушат эмеспи. Эмнегедир барган сайын жаштардын эч иш кылбай баскан-тургандарына, арак ичкен булганган адамдарга зээни кейип, улутунганды адатка айланткан. Өзү дагы эртең менен эрте туруп намаз окуп, тилегени эле тынччылык менен небереси Ажардын өмүрү. Ушул кызым түзүк жерге барса экен, барган жеринен көңүлү ооруп, кейибесе болду, тийген күйөөсү түшүнүктүү адам болсо деп күндө тилек тилеген Сыйда эненин адаты.
Кыз бала бой тартканы бышкан мөмөдөй көзгө бараандуу көрүнөт эмеспи. Ажар дагы убакыттын өтүшү менен көкүрөгү чыгып, эликтин шыйрагындай түз буттары, ичке бели, узун чачы көркүнө көрк кошуп келет. Негизи эле сулуулук бойго жеткен кыздын биринчи душманы деп айтсак дагы жарашат. Анткени, канчалаган сулуу кыздар мектеп босогосунан бошоноору менен ала качылып, турмушка чыгышты. Канчалаган сулуулар тилек-максаттарына жетпей, турмуштун соккусуна кабылышты. Чын-чынына келгенде эркектер көз менен сүйгөндүктөн, сулуулукка көп кызыгышат. Андыктан үйлөнөрүндө дагы көбүнчө сулуу кыздарга чабуул коеру эч шексиз. Ажар биз кеп кылгандай сулуу болбосо дагы өзүнүн чыйрактыгы, мода кубалап кийинбегени, жөнөкөйлүгү өзүнүн чөйрөсүнө кадыры бар. Баккан таенеси Сыйда колуна алгандан бери эч тажабай көргөн-билгенин айтып, Ажарга колунан келген тарбиясын берди.
Дайыма кечки тамакка олтурганда, өзгөчө кыштын узун түнүндө жомок, икаяларды айтып берип, кыздын кандай болушу керек экенине басым жасаган бул адатка айланган. Табактын түбүн колуң менен сүртүп ооз тийип, анан жыйна, ырыскылуу болосуң. Чачыңды кыркпа, чач кырккан ырыс кыркканга барабар. Чачтын дагы ден-соолукка пайдалуу жактары көп. Эркек адам эмне үчүн сакал коет. Сакалдын токсондон ашык пайдасы шарият жолунда айтылат. Ал эми аялдын, зайыптын көркү чач. Азыркы жаштар "чачым түшүп атат" деген шылтоону бетке кармап, кыркылган байталдын куйругундай чычайтып алганга өттү. Чачтын дагы сурагы болот. Чачтын узуну аял затынын көркү. Тиги дүйнөгө барбай калган жан жок. Баарыбыз жер алдына барабыз. Көргө киргенде чачты эки бөлүп, эмчекти жаап коет. Ошондо суракчылар чачтын узундугун сыйлап, сурактан жеңил куткарат. Чачы кыркылгандар кайсы чачы менен денесин жабат. Тээ илгери төө чечмей оюну болчу экен. Ал оюнда аял киши энеден туума жылаңач чечинип, чачы менен денесин жаап эл алдына чыгып, төөнү чечип кеткен экен. Чачтын дагы өзүнчө касиети бар деп Сыйда эне Ажарга чачка байланыштуу көп нерселерди айтып бергени бар. Мээримин төгүп, жетимдик эмне экенин билгизбей баккан таенесинин тарбиясында өскөн Ажар, жашоодон көп деле кыйналган жок. Сөөгү таза, айткан сөзү терең Сыйда эненин берген тарбиясы Ажарды жаман жолго түртпөдү. Ажар Сыйда энедей сөз бакан, акылга дыйкан, чыйрак кыз болуп чыга келди. "Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети" тиет деп айтылгандай, карыса да бой-келбетине таза караган Сыйда эне төрдүн көркү. Кайда барбасын сыйлап, төргө өткөрүшөт. Мал союлганда батага сөзсүз чакырылат. Сыйда эне бата бергенде, элдер кеминде чай кайнам алакандарын жүздөрүнө жакындатып, сөз тыңшап күтүп турушат. Сөздүн бүрүн тандап, маанилүү сөздөрдү айтып, качан гана Сыйда эне "оомийин" дегенде гана үй ээси баш болуп бата тилешет. Сыйда эне өзү байдын кызы болгон экен. Тийген күйөөсү кечээ жакында эле жетимишинчи жылдары согуштан алган жараты козголуп, узап кеткен. Күйөөсүнүн көзү өткөнчө "сен" деп каяша айткан жок. Аны сыйлаган үчүн Абды аксакал дагы өз деңгээлинде мээримин төгүп, сыйлап жүрүп өттү. Сыйда эненин чоң энеси Калый апа, наабааттуу карыган, таза, салт кармаган жан эле. Сыйда эне чоң энесинин тарбиясын алды. Ошол себептен азыркыга чейин сый үстүндө. Эми өзүнүн жээн небереси Ажарга аял затына таандык жакшы сапаттарды үйрөткөндөн тажабайт. Өзгөчө нандын күкүмүн кол менен терип, нанды сыйлаганды эрикпей айтып келет. "Сөздү уккан жерге айт" демекчи, ата-энесинин мээримине канбай, жетимчиликтин жүгүн эрте артынган Ажар, таенесинин айткан сөзүн эки кылбай аткарып, өзүн Сыйда энедей бакубат карылыкка жетсем деп тилек кылат. Анткени Ажарга бир гана адам тарбия берип, эрезеге жеткирбедиби.
Ажар үйдү жыйнап, эки чаканы колуна алып, суу алып келгени ылдыйкы көчөнү көздөй басканда, алдынан Сыйда эне чыгып:
-Кызым, ал жакка барбай эле койчу, сууну анан деле алып келесиң, тиги жолдун имеришинде топ балдар арак ичип отурушат. Ичтерине бирдеме кирген алар сага тийишип, капа кылып коюшат го. Тиги Азимканга убал болду, жалгыз уулу Нураалынын азабын тартып, анын баласы дагы алар менен олтурганын көзүм чалып калды.
Ажар, Нураалынын арак ичкен балдар менен олтурганын укканда, кабагы бүркөлө түштү. Анткени анын апасы Азимканды аяп кетти. Нураалы экөө чогуу өстү. Нураалыны эмне кылып гана бакбады, апасы. Ажар таенесинин артынан келатып Нураалы жөнүндө ойлоду. Эх, арак эмнени гана кылбайт. Аракка сын тагып да бекер. Сыйда эне алдыга басып баратып:
-Ажар, сен азыр Азимканга барып айт. Уулун ээрчитип кетсин. Тиги Темиржандын баласына кошулуп калыптыр. Темиржандын баласы арак ичкенде урушмайын тура албайт. Нураалыга анын кесепети тийбесин,- деп улутунуп койду. Ажар башын ийкеп:
-Азимкан апага го айтам. Бирок, Нураалы анын тилин алабы?
-Албаганда. Энеси да. Эненин тилин албаса андай баланын кимге кереги бар. Сен жөнө, келе чакаларды мен үйгө киргизип коем,- деди.
Ажар шашыла басып, Азимкандын үйүнө келди да, астананы аттап, жүн тытып олтурган Азимкан апага ооз учунан салам берди. Азимкан:
-Жакшы, кел, келегой. Келчү эмес элең. Ажар ыңгайсыз абалда калды. Сөздү эмнеден баштаарын билбей.
-Апа,сизге мени таенем жиберди. Тиги көчөнүн имерилишинде, Аттокур байкенин үйүнүн жанында Нураалы балдар менен арак ичип олтурат, алып кетсин,- деп, Темиржандын аскерден келген баласы дагы бар экен.
Азимкан бул айтылган сөздөрдү укканда мык басып алгансып чочуп кетти:
-Кантет, Нураалы азыр эле үйдө жүргөндөй болбоду беле, ал жакка качан жетип барды болду экен. Алда катыгүн ай, - деп шашып ордунан турду да, таягын таянып алдыга кадам таштап.
-Ажар, сен үйдү карай турчу, мен аны чакырып келейин,- деп өтүнүч менен кайрылды. Ажар башын ийкеп:
-Макул, -дегенге араң жарады.
Нураалы Ажардан эки жашка улуу. Өткөн жылы мектепти аяктаган. Бирок каражат жок, бир чети энесин жалгыз таштагандан жазганып, үйдө апасы менен. Бир-эки жолу Ажарга тийишип, көз кысымыш болгон. Бирок Ажар ага көңүл бурбай кетип калган эле. Эне-бала урушуп келатканын Ажар дарбазанын ичинен даана укту:
-Апа, деги эл сыяктуу көчөгө ээн басамбы. Качан болсо аңдып жүрөсүң.
-Сага канча айтам, Темиржандын баласына кошулба деп. Ал бала адамды бузат. Ишенгеним жалгыз сен болсоң.
-Менин көзүмдү карабай, дагы төрөп албайт белең,-деп Нураалы оңураңдап дарбазадан кирип келатып, Ажарды көрүп уялып кетти да, сөзүнүн аягына чыкпай Ажардан көзүн албай карап калды. Күткөн эмес эле Ажарды көрөм деп. Экөө тиктеше түштү. Бул тиктешүүдөн Нураалы Ажардын көзүнөн:" энеге да ороңдойсуңбу? " деген сөздү окуду. Ал эми Ажар, Нураалынын көзүнөн өзүнө карата ою түз экенин, андан дагы анын көз карашынан сүрдөөрүн билди. Аз убакыт тиктешүү Нураалынын ичине кирген аракты каяккадыр айдап, соолуга түштү. Эх, сүйүүнүн касиети. Ушул саам Нураалы, Ажардан таза, такыба, аял затына таандык бийиктикти, "кыз" деген үч тамгадан турган аруулукту байкады. Биринчи жолу сүрдөдү. Азимкан бул көрүнүшкө тоскоол болуп:
-Сенин арак ичип жүргөнүңдү мага Ажар айтып келди. Эгер Ажар болбогондо сен, бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетмексин. Болду эми, эч жакка чыгарбайм, - деп, өзүнчө кобуранып Ажарга кайрылды:
-Ыракмат сага, Ажар. Эми үйүңө бара гой. Энең күтүп калды го. Ажар башын ийкеп:
-Эч нерсе эмес, - деп ыңгайсыз абалдан кутулуш үчүн:
-Нураалы, мени бул жакка апам жумшаган, сенин арак ичип олтурганыңды мен көргөн эмесмин. Жылуу ордуңдан козгогонумду кечирип кой,-деди.
Анткени Азимкандын "Арак ичип жүргөнүндү Ажар айтып келди" деген сөз Ажарды ыңгайсыз абалга алып келген эле. Нураалы үнү бош:
-Ажар, биз менен отуруп чай ичип кетпейсиңби, куттуу үйдөн куру чыкпа деген сөз бар эмеспи. Азимкан сөзгө кошулду:
-Ой, мына карылык деген ушу. Эч болбосо, нан ооз тий,- деп шашып калды.
Азимкан үйгө кирип кеткенде Ажар:
-Нураалы, бекер кыласың. Арак ичип ким муратка жетиптир. Өзүң үйдүн жалгыз баласы болсоң, - деди. Нураалы уялып, көз карашын өзгөртүп:
-Туура айтасың, бирок балдардан чыгып калам го...
-Арак ичип балдарга кошулам десең катуу жаңылышасың. Бирок, ичкен адамдын шылтоосу көп, -деп сөз менен чымчып өттү. Ушул убакта Азимкан эне нан алып чыкты да:
-Ажар, нан ооз тий, сага ыракмат. Жакшы кыз болуп бой тарттың. Өткөндө сенин кол өнөрүңдү көрүп абдан ыраазы болдум. Апаң Салимкүлдү жазбай тартыптырсың. Бейиши болгур Салимкүлдүн колунан баардык иш келчү эле. Ажар нан ооз тийген соң:
-Макул анда, жакшы тургула деп, өзүн теше тиктеп турган Нураалыны көз кыйыгы менен карап, кылыктана басып дарбазадан чыгып кетти. Жолдо келатып, Нураалынын кылгыра караган көз карашын эстеп, үнүн чыгарып "эркекте ар жок" деп кобуранып алды.
* * *
Нураалы абдан ыңгайсыз абалда калды. Бирок Ажардын акыркы көз карашынан өзүнө кубат алып, аны менен ээн олтуруп сүйлөшкүсү келди. Оюн апасы Азимкан бузду:
-Нураалы, илгери сендей балдар эбак үйлөнүп, бала-бакыралуу болуп калчу эле. Менин тилимди алсаң үйлөн. Мен тиги Азаматтын кызын көздөп жүрөм. Ата-энеси дагы салтты билген түшүнүктүү кишилер. Качанга чейин артыңдан чуркап, каякта ичип жүрөт деп санаа чегем. Идиш-аяк дагы кармай албай баратам. Карманганым жалгыз сен болсоң. Нураалы Азаматтын кызы жөнүндө укканда, апасынын сөзүн бөлүп салды:
-Койчу, ошол Азаматтын кызын. Созолонуп басып койсо эле жакшы кыз дей бересизби. Мен азыр аял албайм. Сиздин пенсияңыз эмнеге жетет. Иштеп акча тапканда гана аял жөнүндө ойлоно баштайм, - деди.
-Каныңа тарттың. Атаң дагы аял албайм деп кежирленип жүрүп кеч үйлөнүп, жалгыз сени төрөгөндө кете берди. Эгер эрте үйлөнсө эки-үч балалуу болот элек го. Сен акча таап үйлөнгөнчө менин сөөгүм сөпөт болот. Эгер Темиржандын баласына кошулсаң анда адам болбойсуң, - деп көзүн акшыйтып карап, капа болгонун жүзүнөн билгизип, адатынча жооп күтүптуруп калды. Нураалы колун шилтей:
-Апа, болдучу эми, баягы сөзүңдү баштадыңбы. Ансыз деле тиги кыздын алдында уят болдум. Байкап сүйлөсөңүз боло, - деп каяша айтты эле, апасы өңүн өзгөртпөстөн тикирейе карап:
-Сен арак ичкениң үчүн уят болдуң. Эгер ичпесең ал кыз үйгө келбейт эле. Нураалы ушул жерден сөздөн карматып, Ажарга көңүлү бар экенин билгизип алды.
-Апа, сиз туура түшүнсөңүз. Ал менин арак ичкенимди аңдып жүргөн жок да. Бирок, жагдайды түшүндүрүш үчүн келген. Эгер анын апасы болбогондо, келмек эмес, - деп, Ажарды жактап сүйлөй баштаганда Азимкан жай сөзгө өтүп:
-Нураалы, болду эми. Ал кыз азыр жаш. Андан дагы жетим кыз. Сен тектүү, ата-энеси бар, сага баш-көз боло турган жердин кызын алышың керек, - деп чорт айтып салды. Апасынын бул айткан сөзү Нураалыга жаккан жок. Көңүлү чөгө түштү. Колун шилтеп, андан ары сөз уккусу келбей:
-Сизге байдын гана кызы керек, -деп үйгө кирип кетти.
Азимкан уулунун айткан сөзүнөн жана көз карашынан Ажарды көздөп, аны күтүп жүргөнүн билип, эптеп Азаматтын кызын алып берүүнү алдыга план кылып, көзүн жүлжүйтө ойлонуп калды. Бул оюнун артында келечексиз максат бар экенин билген жок.
* * *
Ошол күндүн эртеси, Нуралы өзүнө жаккан жакшы кийимдерин кийип, эртелеп басып мектептин алдына келди да Ажарды күттү, алдын ала айтчу сөзүн камдап. Эх сүйүү, сүйүү эмнени гана кылбайт. Өзгөчө жаш кездеги сүйүүгө эмне жетет.
Учуру келип, коңгуроо кагылгандан аз убакыт өтпөй мектептен бириндеп окуучулар чыга баштады.
Ажар сабактан чыгып келатканда Нураалы алдын тосуп кара күчкө жылмайып:
-Ажар, кандай, окууларың жакшыбы? Ажар уялыңкы түр менен берилген суроого шашылбай, кадамын жай таштап:
- Ойдогудай, - деп кыска жооп берди. Нураалы актангансып:
-Ажар мени кечирип кой. Кечээ сенин алдыңда күнөөлүү болуп калдым. Сен айткандай арактын түбүнө эч ким жеткен эмес. Бирок сага деген оюм түз. Эгер мүмкүн болсо кечкурун жолугуп сүйлөшүп туралычы. Эмнегедир акыркы күндорү сен жөнүндө көп ойлончу болдум. Ажар бул сөздү укканда баштагыдан уялып, жер караган тейде үнүн пас чыгырып:
-Нураалы, мен али жашмын. Окуп билим алсам деген илгери үмүтүм бар. Андан дагы эптеп окууну бүтсөм таенем экөөбүз шаарга барып жашасакпы дегенбиз. Таякем окууга өткөрөм деп убада берген болчу. Бул сөздү укканда Нураалы көңүлү суз, өзүн салабаттуу тутуп:
- Ажар ишенесиңби акыркы күндөрү "сен" деп гана жашап калдым. Чынында сени көптөн бери жакшы көрүп жүрөм. Бирок бул сырды сыртка чыгарбай сактап келдим эле. Көрсө ар нерсенин өзүнүн айта турган учуру болот экен да. Азыр сага эмне болуп айтып жибердим, өзүм дагы билбей калдым.
Ажар ушуну менен экинчи баладан сөз укту "сен жагып жүрөсүң" деген. Биринчи жолу өткөн жылы классташ баласы Үмөт айткан. Бирок ал бала сабакты начар окуган, тентек бала эле. Ал эми азыр Нураалыга эмне деп жооп беришти билбей эзилип турду. Бир чети Нураалынын кооз айтылган сөздөрү кулагына жагымдуу угулуп, аны менен сүйлөшкүсү келип, кадамын жай таштап, көзүнүн кыйыгы менен уурдана карап келатты. Качан гана Нураалы сөзүнүн аягына чыкканда Ажар коңгуроодой назик үнү менен салмактуу сөз айтты:
- Нураалы, чынын айтсам менин ишим көп. Сага жолугам деп сөз бере албайм. Тайенем дагы эски киши эмеспи. Кечинде көчөгө чыкканымды көрсө көңүлүнө алып калат го. Андан дагы сенин арак ичип жүргөнүңдү тайенем жактырбайт. Өткөдө көзүнө бекер чалдыккансың. Сенден эң негизги өтүнүчүм арак ичпей, апаңды бак. Эл оозу элек дегендей, сага билинбеген менен артыңдан көп жаман сөз ээрчитип алдың. Ал жагын да ойлон. Бирок мен сага акыл айткандан алысмын, ошентсе да сөзгө маани бер, - деди. Нураалы бул айтылган сөздөрдү укканда үстүнөн муздак суу куюп жибергенсип, оозуна сөз келбей эле туруп калды. Түз айтылган сөз кандай ачуу. Чынында эле, бул жерден Нуралы Ажардан мындай түз айтылган сөздү күткөн эмес. Беш кадамдай үнсүз баскан Нураалы көңүлү суз:
-Ажар, ишенесиңби, эми мен такыр оозума арак албайм. Сага деген, сага арнаган назик сезимдин алдында сөз берем. Эгер сен мага туура түшүнүп, тилегиме кошулсаң, анда бул дүйнөдө менден өткөн бактылуу адам жок деп ойлойм. Сенсиз дүйнө мага караңгы.
Ажар мыйыгынан күлүп, сөздү өзүнө алды:
-Анчалык кетпе. Эң негизгиси арак ичпей адам болсоң эле болду. Мен ушунчалык арак ичкен кишини жаман көрөм. Буга турмуш өзү деле сабак болуп атпайбы. Кечээ кечинде сууга барсам Темиржандын баласы мас болуп алып, алдымды тосуп тийишет. Ушунчалык жиним келди. Ал баланы көрмөк турсун атын уккум келбейт. Алкаш күйөөгө тийгенче азап чегип, бойдок жүргөн жакшы эмеспи, - деп, туура айтамбы деген таисте карады эле, Нуралы Темиржандын баласы жөнүндө укканда кызгануу сезими пайда болуп:
-Ал эмнеге тийишти?-деп сөздү бөлүп салды. Ажар көңүлү суз:
-Баягы эле мастардын сөзү да. Мас болуп кылаарга иши жок жүргөн бекерпоз, аракеч балдарды көрсөм арданам. Эгер мен эркек бала болгонумда такыр башкача жашайт элем.
Сөз ушул жерге келгенде, Сыйда эне экөөнүн алдынан чыгып калды да, Ажарды бир башкача көз караш менен карады. Ажар бул көз караштан эле баарын айтырбай түшүнүп, шашкан түр көргөзүп, кадамын тездете алдыга басып кетти. Айткандай ушул учурда Ажардын көңүлү таза сууга ылай суу кошулгандай кирдей түштү. Эч ойлогон эмес эле таянесин көрүп калат деп. Бул кездешүүдөн Нуралы да ыңгайсыз абалда калып, уялганынан жер карады. Ажар, үйүнө келип, кийимин алмаштырып кийип, чай ичкени газга суу койгон кезде Сыйда эне сыртан кирип калды. Бирок, Ажарга эч нерсе деп айткан жок. Качан гана чайга олтурушканда Сыйда эне:
- Кызым, мага туура түшүн. Ал бала сенин теңиң эмес, айткандай сенин кадырыңа жетпейт. Кыз кишинин кадыры күйөөгө тийгенге чейин. Ар бир эркек бала кызды алганга чейин убаданы кенен берет, бирок кийин иш үстүндө аткарылбай калат. Дагы айтам кызым "кыз" деген үч тамгадан турган сөзгө татыктуу бол,- деп, чыныдагы чайын ууртаган болду. Бул айтылган сөздүн артында" баягынын баккан кызы деп, жаман сөздү кулагым чалбасын" деген сөз жаткан эле. Ажар, айтылган сөзгө терең маани бергени менен, Нуралынын жалооруган көз карашы, жагымдуу айткан сөзү, тымызын көңүлүнө тынчтык бербей, акырын жаа-ган жаандын тамчысы терезени черткенсип, жүрөгүн чертип ойлогон оюнун баары эле Нуралыга барып такалып аткан. Ал турсун ошол күнү кечинде, Нуралы, Ажардын түшүнө кирип, "Ажар сен мени таштап кетпечи" деп суранып атыптыр. Ойгонуп кетсе түшү экен. Дароо көргөн түшүн эстеп, Нуралыга карата болгон өзүнүн оюн түздөдү. Сүйүү кары жашка, арак ичкен алкашка, көчөдөгү селсаякка, ак үйдөгү чиновникке, баарына бирдей келген, тымызын жүрөктү эзген назик сезим экенин ким тана алат. Тээ илгертен эле бир гана сүйүү темасына басым жасалган чыгармалар көңүлдүн төрүнөн орун алганын кантип тана алабыз. Сүйүү бул барган сайын көп түргө бөлүнүп, кээ бир жеңил ой жаштар ыйык махабаттын илебине доо кетирип атканын да эстен чыгарбасак. Бирок Ажар эмнегедир бул жолу Нуралынын жакшы сапаттарын ою менен издеп, ал турсун аны менен жолуккусу келип кетти. Ысык жууркандан тургусу келбей, терезени карады. Эшик али караңгы эле, Ажардын тамагы катып суусап калыптыр. Чытыраган денеси биринчи жолу эркек эңсеп турганын тана албайт болчу. Таттуу кыялга батып, ал турсун кыялында Нуралыга турмушка чыкканын да элестеткенге үлгүрдү. Ажар, Нуралы жөнүнүндө деле ойлобойт эле. Буга дагы сүйүү себеп жана кулакка жагымдуу жылуу сөздүн күчү дем бергенин танып болбойт.
Канчалык таянесинин такыбалык ирээтинде айткан сөздөрү бул саам суу кечпей калды. Анткени, махабат деген улуу сезимге эркин бийлетип жиберген. Ажар, канчалык аракет кылып, башка темада ойлонгонго аракет кылса дагы, оюнун аягы барып эле Нуралыга такалып, ойлогон ою алагды боло берди. Буга аз гана убакыт жана Нуралынын "Сен менин тилегиме кошулсаң, менден өткөн бактылуу адам жок деп эсептейм" деген сөзү, Ажардын аң-сезимин ээлеп алды. Керек болсо эр жүрөк баатыр дагы сүүйүнүн алдында алсыздык кылат эмеспи. Ал эми Ажар сүйүү темасында жагымдуу сөз укканга байланыштуу, түшүнө кирбеген ойлорду ойлоп, өзү дагы күйөө жөнүндө терең ойлогонго жетишти. Уйкусу качкан Ажар таңкы чолпон жылдызы өчүп, таң супасы атканда гана көздөрү ирмелип, көшүлүп уктаганга баш койду. Эртең менен эрте туруп көнгөн Ажар, бул жолу таянеси ойготпосо, уктап жата берет беле ким билет. Кыраакы Сыйда эне, Ажардын жүзүнөн окуду, анын алгачкы сүйүүгө кабылганын, бирок эч нерсе айта алган жок.
Анткени өзү дагы бир кезде Ажардай болуп алгачкы сүйүүнүн туткунуна кабылып, түн уйкудан калганын кантип унутат. Аны унутууга күчү да жетпейт эле.
Ал убакта жаштар ай чыккан кезде ак чөлмөк ойноп, көңүлүнө жаккан адамдары менен тымызын мамиле түзүшүп, ак чөлмөктү издемиш болушуп, бири-бири менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк табышчу. Ал эми күндүз кыз менен жигит ээрчишип баскан өтө уят иш эле. Эгер андай боло турган иш болсо, дароо "баягынын кызы атасынын төрүндө эр эңсеп калыптыр" деген ачуу сөз айыл ичине тарачу. Бул айтылган сөздөн жазганган канчалаган кыздар, көңүлү сүйгөн жигитке жолуга албай кыйналып, сүйүүнүн түйшүгүн тартышканы узун кеп болот.
Сыйда эне дагы учурунда сүйүүнүн түйшүгүн тартып,азап чеккен. Өзүнөн төрт жашка улуу Капараалы деген кишинин Султанбек деген баласы менен алты ай тымызын сүйлөшүп, ал турсун ага жүз аарчы белек кылган эмес беле. Бирок ал бала Андижанга мал айдашып кетип, ошол бойдон жок болуп дайынсыз жүрүп, үч жыл дегенде ал жактан аял алып келген. Байкуш Сыйда эне, үч жыл зарыга күткөн эмгегине сөз жетпейт го чиркин. Качан гана "Султанбек, Андижандан аял алып келиптпир" деген сөздү укканда, тырмактын алдына ийне менен сайгандай чочуп кетип, ошондон кийин жигиттерге ишенбей, сүйүүгө карата болгон мамилесинин илеби кайткан. Бирок күйөөсү Абдыга тийгенде, баардык эле жигиттер Султанбектей эмес турбайбы деп ойлоп койгон.
Сыйда эне өткөндү эстеп олтуруп, убакыттын өтүшү менен көп өзгөрүлөр болгонун моюнга алды.
Ал турсун кечээ эле ата-энесинен ажырап, томолой жетим калып, колуна келген Ажар минтип бой жетип, тун сүйүүгө кабылып, таң атканча уктабай сүйүү жөнүндө ойлонуп чыкканы, улуу-кичини көзгө илбей ээрчише баскан кыз-жигиттердин жоосунсуз жоруктары, күнүмдүк оокат үчүн жанын жеп карганган алдамчылардын жоругу, көңүлгө көлөкө түшүргөн көчө алкаштарынын сасык жыты, деги койчу айтып олтурса сөз жетпеген азыркы замандын көйгөйү Сыйда эненин кабагын бүркөдү. Ажар жуунуп келип, таңкы наарга олтурганда, Сыйда эне шорулдата чай ууртап:
-Кызым, түндө уктай албай чыктың окшойт, үйдү жыйнап коюп, уктап эс алып алсаңчы. Сабакка барбай эле койсоң болот,- деди.Ажар чочуп:
- Таяне, эмнеге?- деп суроолуу карады.
- Эмне, уккан жоксуңбу?
- Кечээ кечинде Табылды агайың мас болуп келатып, колонканын кудугуна түшүп кетип каза болуптур. Мугалимдердин баары ал жакта жүрсө керек - деди. Бул жаңылыкты уккан Ажар капаланган түр көргөзүп:
-Ай-ий, жаман болгон турбайбы, кап! Ушул аракты ким ойлоп тапты болду экен,- деп капа болду. Бир чети таянесинин кыраакылыгына таң берип, таң атканча уктабай жатканын билип койгонуна уялып:
- Таяне, уйкум деле келген жок,- деп оозу бош айтты эле. Сыйда чайдан ууртап, оозу бошогондо:
-Кызым кыз кишиге калп айткан жарашпайт,- деп, көзүн кадап, - Сенин өңүң эле айтып турбайбы, уйкуң келип турганын,- деп сөзүн чукул бүтүрүп, калган сөздү көз караш менен билгизди.
Ажар, Нуралыны сүйүп калганын таянеси билип калганын ички туюму менен сезди. Андан ары сөз деле уланган жок. Бирок экөө ички сезимдер менен сүйлөшкөнсүп унчугушпады. Чай ичилип бүткөн соң Ажар үйдү жыйнап коюп, ички үйгө кирип жата кетти. Анткен менен дале оюнан Нуралы кеткен жок. Бирок бат эле уйкунун жетегине алдырып жиберди.

#13 04 April 2014 - 20:36
* * *
Нуралы, ички сезимин Ажарга билгизгени менен ушунчалык өзүн жеңил сезип, сүйүү темасыдагы ырларды кыңкылдап ырдап, жашоо кызыктуу,айлана чөйрө көзүнө кооз көрүнүп, ар бир мүнөт сайын Ажар жөнүндө таттуу кыялга батып, арак ичмек турсун Ажар айткандай арак ичкен кишилерди жаман көрө баштады. Үйүнүн ичи-сыртын карап, жумуш кылып, короодон чыкпай көңүлү шат жүргөнүнөн эле Азимкан энелик жүрөгү менен сезди, уулунун Ажарга жолугуп, жакшы жооп алганын. Бирок, Нуралы Ажардан али жооп ала элек болучу, жөн гана өзүнүн сүйүүсүн билгизип, ошол жетишкенине эле сүйүнүп жүргөн.
Эх, сүйүү адамды эмне гана кылбайт. Нуралы кечтин киришин күттү, бирок Ажарга эмне шылтоо айтып жолугуу керек, маселе мына ушунда болду. Бир жерге олтура албай,көңүлү алда кайда алып учту. Эгер, мен Ажарды алсам, бир эмес эки үйдүн ээси болуп, керек болсо алардын малы дагы мага тиешелүү болот эмеспи. Анда Ажар экөөбүздөй бактылуу эч ким болбойт. Бир үйдү сатып, шаардан үй алып койсок, малды көбөйтүп, машина сатып алсак, анда ханга салам бербей жашабайбызбы деп санаасы менен байып, эптеп Ажарга үйлөнүш керек деген гана ойго такалды. Азыркы заманда бир эле Нуралы эмес, жаамы журт бир гана байлыкты көздөп, бири-бири менен атаандашып жашап калганын танып болбой калбадыбы. Нуралы таттуу кыялга батып, короодогу көңдү жыйнап атканда апасы короого баш багып:
- Я, Нуралы, суу алып келсең боло? Үйдө суу жок калыптыр, суу жылытып жуунуп да алсаң боло,- деди. Бул сөздү укканда дароо Нуралы, Ажарга суу ала турган жерден бир жолугарын ойлоп "кап, эмне мага бул ой башта келген жок" деп, дароо короодон чыгып, эки чаканы колуна алып, сууга жөнөдү, ал жакта аны Ажар күтүп тургансып.
Таттуу кыялга жетеленип, ал турсун Ажарга айта турган сөзүн камдап, суу алчу жерге келип, эки жакты элеңдей карап, көзү менен Ажарды издеди. Бирок, Ажар өзү ойлогондой көзүнө чалдыга когон жок. Бир топко суу түтүктүн жанында турган Нуралынын ушул саам көңүлү кирдей түштү. Ошонтсе да илгери үмүт менен өзүн сабырдуу тутуп, аз убакыт ал жерде Ажардын келишин күтүп туруп калды. Бирок бул аракети текке кетип, убакытка эле уттуруп жиберди.
Кабагы бүркөө эки чака сууну чайпалта төгүп, үйгө көтөрүп келгенде, апасы:
-Я, Нуралы, сага эмне болду? Деги, дени-кардың сообу? Кабагыңа кар жаап, жаанда калган улактай үлүрөйүп калыпсың,- деп сурап, сырдуу карап койду. Нуралы кара күчкө жылмая өңүн өзгөртүп:
-Апа, мен жөн эле. Эгер, суу үйдөн чыкканда минтип алыстан суу ташыбайт элек, - деп ойдо жок сөздү айтып, жүзүн тетири буруп, -ушундан көрө шаарда жашасак дурус болмок.
Азимкан сөздү бөлүп салды:
-Кой балам, антип айтпа. Эгер суу алып келген сага кыйын болсо, анда мындан кийин сууну өзүм алып келип турайын,- деди эле Нуралы көңүлү суз, Ажарга жолуга албай калганын билгизбей:
- Мен турганда сизге суу ташып эмне, өзүм эле алып келип турам. Эл укса эмне дейт, - деген болду.
Сөз ушул жерге келгенде коңшу жашаган Шерик деген киши келип оңдой берди болуп сөз үзүлүп, экөө тең эмне керек деген мааниде аны карап калышты.
- Азимкан, эртең силердин кезегиңер. Уй кезүү келип калыптыр, Түгөлбай айтып кой деди эле.
-Үйгө кирип чай ич. Мага эртең менен эле айтышкан. Убара болуп келипсиң,- деп Азимкан көзүн тартып алды. Анткенинин себеби Шерик экөөнүн ортосунда эч ким билбеген сыр бар эле. Шерик, атайын шылтоого уй кезүүнү айтып келгенин Азимкан кантип билбесин. Эгер, Нуралы үйдө болбогондо экөө минтип көрүшпөйт эле. Билинбегени менен элет жеринде жашыруун жолугушуулар болот эмеспи. Ансыңары, бул экөө да Азимкандын күйөөсү өлгөндөн кийин эки жылдан соң мамиле түзүшкөн. Шерик кара күчкө бул жолу каршылык көрсөтүмүш болду:
- Жок шашып атам - деп. Бирок, үйгө кирди да, Нуралынын көзүнө көп чалдыкпас үчүн шашкан түр көргөзүп, стол четине олтуруп атып:
- Суусундук эле болсо, демиш болду. Азимкан кабагын түйүп:
-Жарма жасап аттым эле, талкан түгөнүп калды, эми айран уютуп баштайм го. Деги шашпай олтурчу, жөн эле илгерки колхоздун иши калып аткансып шашасың да. Азыр эмне жай чарба, корко тургандай илгеркидей чоң деле жок. Азыркы чоң деген сөрөйлөрдүн илгеркидей баркы калбай калбадыбы, - деп сөздү алыстан баштады. Нуралы жуунганы сыртка чыгып кеткенде Шерик эки жакты элеңдей карап:
-Уулуң шекшип калбасын деп шашып атам. Болбосо сенин жаныңдан чыккым келбейт. Аны коюп өзүң бир эбин келтирчи,- деди эле Азимкан үшкүрүнүп:
- Акча болсо шаарга барып кел деп жиберет элем деп...- сөзүн кыска бүтүрдү. Сөз өңүтүнөн эле түшүнгөн Шерик:
- Бүрсүгүнү миң сом берейин. Эптеп эбин келтирчи, болбосо сенин демиңди сагынып, куса болуп баратам,- деп, эңсөөсү күч экенин билгизди. Бул айтылган сөздүн артында эмне деген сөз жатканын Азимкан дароо түшүнүп:
- Анда дегеле жакшы болот эле. Уулум, эч жакка чыкпай бук болуп баратканын көрүп эле турам. Азыркы балдар дагы бедеге качкан уйдай шаарга эле качып калбадыбы,- деп Азимканөңүн бузуп кейиген болду. Сөз сөзгө уланып, чай ичилип бүткөндө гана Шерик шашылбай ордунан козголду. Нуралы эч нерсени байкаган жок. Азимкан эле болсо байкатып коймок беле. Шерик кеткенден кийин бир топ убакыттан соң Азимкан үнүн жасап:
- Уулум, эртең уй кезүүнү кайтарып кел. Бүрсүгүнү, эгер акча болуп калса шаарга барып таяэжеңдикине учурашып келбейсиңби, көптөн бери дагы кабарлашпай кеттик.
Бул сөздү укканда Нуралынын көздөрү жазгы гүлдөй жайнай түштү. Шаарга бара элегине канча убакыт болду. Уккан кулагына ишене бербей, көзү менен белги бере карады "эмне дедиңиз" деген мааниде. Азимкан улутунуп:
- Балам, сага дагы түшүнөм, атаң болсо сен деле элдин балдарынан калбай шаарда окуп, ээн өсөт элең, тагдырыңдан көр. Аны коюп шаардан келгенден кийин мен айткан кызга үйлөн. Сени деле түшүнөм. Ажар жакшы кыз, бирок сен келечегиңди ойлон. Канча балдар кайын журтунун арты менен көтөрүлүп атат. Өзүң эле ойлонуп көрчү, атадан жалгыз болсоң экөөбүздүн колдон эмне келет,- деп учурун келтирип Азимкан оюн айтып алды. Нуралы ушул саам энесинин сөзүнө кошулуп, дароо Элдияр досун эстеди. Элдияр досуна кайын атасы машинасын берген "сен айда" деп. Ал эми Ишен класташына шаардагы кайнатасы үй бергенинайыл эли канча кеп кылышты. Алардай болуп бардар жердин кызын алсам жаман болбойт деп кыялданган Нураалы, ойлонуп туруп калды. Эх, таттуу кыял, таттуу сөз адам баласы үчүн кандай жакшы. Нуралы айласы жок жакшы айтылган сөздүн кулу болуп, башын ийкеп, макулдугун берди да, аруу махабаттан байлыкты жогору тутуп кетти.
* * *
Убакыт учкан куштай өтүп, Ажар Арабаев атындагы институттун студенти болгонго да жетишти. Бирок бири кем дүйнө демекчи, биринчи курсту окуп баштаганда алпештеп, акылын айтып өстүргөн таянесинен ажырады. Таянеси өтүп кете электе көзүн караган таякесинин аялы Соня (өз аты Сонунбүбү) таяжеңесинин мамилеси 360 градуска өзгөрүп, такыр башка аял болуп чыга келди. Адамдардын эки жүздүүлүгүн, ою арам, ичинде кара курту ойногон күн карамалыгын, Ажар таяжеңесинин өзгөрүлгөнүнөн улам билди. Буга чейин сени сүйөм, сен үчүн баарына даярмын деп, жүрөгүнө бүлүк салып коюп, сөзүнө турбай Нураалы энесинин сөзүнө кирип, бардар жердин кызына үйлөнүп алып, ал көңүлүн бир калтырса, Ажарка деп эркелеткен Соня таяжеңеси сүлүк курттай жегени түшкө кирбеген жорук болуп, көңүлүн чөктүрүп турмуштун бул дагы бир соккусу болду. Ажар Сонянын оту менен кирип, күлү менен чыгып, жашоодон көңүлү калып, сабакка да акыркы убакта көңүлү жок. Эптеп ушул жылы чыдаса, кийинки жылы жатаканага чыгып өз алдынча иштейм дегенде эки көзү төрт болду. Жол киреге акча жок болгондуктан Кызыл Аскерден жөө сабакка келип кетүү адатка айланган. Кээ күндөрү таякесинен эч кимге билгизбей акча сурап, бут кийимин оңдотуп алганы болбосо... Антпесе, ошончо алыс жолду жөө басканга бут кийим түтмөк беле. Бир жолу өтүгүн оңдогон өтүкчү бала сөз айтып, тийишкенде Ажар: "Азыркы эркектерге ким ишенет. Кыздарды ооз учунан сүйөм деп көкүрөк чабат да, кооз кийинген кыз көрсө шилекейлери акканча карап калышат. Жок дегенде сүйүүнү сыйлап койсоңор боло", -деп, өтүкчү баланы сөзгө жыккан. Андан бери тез эле бир ай өттү. Андан дагы Ажардын сүйүүдөн көңүлү көк таштай калган. Анткени таянеси бир учурда Султанбекти күткөндөй болуп, Нураалыны канча күттү, илгери үмүт менен. Алгачкы тун сүйүүгө кабылган кыздын таттуу кыялын, чын ниетинен берилип сүйгөн сүйүүсүн, анын тилегин көз алдыбызга элестетип көрөлүчү.
Учурунда, Сыйда эне дагы, тун сүйүүгө кабылып, кудум Ажардай сүйүүнүн азабын тартпады беле. Анан анын дагы сүйүүдөн көңүлү калып, эркек аттуунун баарын жек көрүп, кыз болуп жаралып калганына өкүнгөн. Ажар дагы сүйүүдөн көңүлү калганы аз келгенсип, таякесинин жүүнү бош, аялына үйдөгү бийликти бийлетип ийгенин көрүп-билип туруп, өзүнүн кыз болуп жаралып калганына өкүнүп алты айласы кетип, таяжеңесинин суук тили менен орой мамилесине ичинен түтөп, ойго чөмүлө, бут шилтегенге алы жетпей, курсагы ачып, айтылуу Ош базарынын жанынан өтүп баратып, даамдуу самсынын жытын искеп, улутунуп алды. Эртең менен үйдөн бир саат эрте чыгат. Окуу жайга чейин туура элүү беш мүнөт жол басат.
Жупуну кийинген Ажарга жөө сабакка барып келген деле көп кыйынчылыкты туудурбайт. Үйгө келгенде Соня таяжеңесинин мамилеси көңүлүн абдан оорутат. Андан дагы анын "кыз киши тамакты аз ичиш керек" деп, ченелүү тамак бергени, какшанып көп сүйлөгөнү Ажардын түшүнө да кирип, жүрөгүнүн үшүн алды. Аскерге алгач барган солдат, "стариктерден" кордук көргөндөй эле, Ажардын көргөн күнү курусун. Эх, эгер таянеси, Сыйда эне түрүү болуп, өз көзү менен Ажардын көргөн кордугун көрсө, анда абдан чоң чыр чыкмак. Болуша турган эч кимиси жок болгонун билип туруп Соня, Ажарды кулундай жумшап, суук тилин агыткан, көнүмүш адатка айланган.
Бир күнү таякеси Асылбектин көзүнчө Соня жеңеси уу тилин агытканда, илгери үмүт менен болушат деген ойдо Асылбекти караса, Асылбек энесинен корккон баладай, көздөрүн алайта эч үн дебестен туруп берди. Ошондо Ажар, таякесин ушундай бир көз караш менен карады. Бул көз караштын артында, "эркексиңби же..." деген сөз жаткан эле. Асылбек жер карап, үн демек турсун, сөз кайрып сүйлөбөстөн, болуп аткан окуяга кош көңүл мамиле жасап, ички үйгө кирип кеткен. Ажар сыртка чыгып, бугун чыгара ыйлап, анан үйгө кирип, өзүнүн тагдырына таарынган, "өңдү көрсө жүз тайыйт" деген сымал, эгер таянеси Сыйда болгондо Ажар мынчалык кор болбойт эле. Бир жагынан кыштын суук илеби жүдөтсө, бир жагынан жол киреге акча жок, ошончо алыс жолду жөө басып өтүү Ажардын көңүлүнөн түк кетпей калды го. Канчалык сабакты жакшы окуюн деп аракет кылганы менен курсагы ачка, көңүлү ордунда эмес, болгон дитин акча табуу керек деген ой көлөкөдөй ээрчип алса, Ажар кантип окуйт. Бирок, элден калбай окуп, студенттердин алды болуп окуп, алдыңкы катарда. Ажар, сабакка адатынча эртең менен эрте камынып атып, өзүнүн апасын эстеди. Бирок, аны көп элестете албай койду. Эгер апасы тирүү болгондо, минтип өзүн тил укканга даярдап, жупуну кийинип, көрүнгөндөн корунбайт эле го. Эмнегедир акыркы убактарда такыр эле эч нерсеге көңүлү чаппай да калды. Ал сабакка бара электе эле курсагы ачып, жөө басканга шайы ооп, көздөрү караңгылашып кетти да, аялдаманын олтургучуна олтуруп, аз да болсо эс алып алууну ойлоду. Ары-бери өткөн адамдарга көңүл бурбай, телмире жер тиктеп, бир нерсени ойлоп аткан адамдай, он мүнөттөн ашык убакыт олтуруп, жаңы гана ордунан турганда, жүзүнөн нур төгүлгөн, мээримдүү аял:
- Кызым, сага эмне болду? Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо мага жардам берип койчу, бул сумкаларды көтөрүшүп. Жеңил эле, бирок мага жүк көтөргөнгө болбойт, жакында эле операция болгом. Врачтар катуу эскертти эле, жүк көтөрбө деп.
Ажар дароо башын ийкеп, жагымдуу жылмая:
-Макул эже, үйүңүз кайсы жерде? - деди. Ажардын элпек, кичипейилдигине ичи жылыган алиги аял:
-Ыракмат кызым. Тиги көчөнүн имерилишиндеги беш кабат үйдүн катарында, -деп өзү алдыга басты. Ажар алиги аялдын жылуу мамилесинен өзүнө күч-кубат алып, аны жакын адамындай сезип кетти. Жүк деле анча оор эмес экен. Ажар, эмнегедир ушул саам таянеси өлгөндөн бери биринчи жолу жакшы адамга жолугуп, андан жылуу мамиле күтүп, өзүнүн жолу ачылчудай сезип кетти. Үйгө жеткенге чейин ортодо эч деле сөз сүйлөнгөн жок. Качан үйгө келгенде алиги аял:
- Кызым, эми үйгө кир. Таңкы насипти бирге таталы. Мен чай коё калайын. Билесиңби, эртең мененки насипти таштаба деген кеп бар, - деп суроолуу караганда, Ажар башын ийкеп, уялыңкы түр көргөзүп, ооз учунан:
- Уккам, бирок сабактан кечигип калам го, -деди эле, алиги аял көңүлү көтөрүңкү:
- Азыркынын сабагы да сабакпы. Акча менен окуу жайды бүтүп, эптеп диплом алып, базарга барып, базарчылардын катарын толуктаган эле студент. Кайда барба чоңдун балдары ишке орношот да, окууну жакшы окуп бүткөн студенттер иш жок жүрүшөт, - деп сөз улап, өз иши менен алек болду. Ажар бир жагынан бул үйдөн курсагын тойгузуп алууну ойлоп, ирегеде туруп калды, сөз тыңшап. Бир чети тиги аялдын айткан сөзүн дагы эп көрдү. Туура айтылган сөздү туура деш керек. Анткени Ажарды Сыйда эне сөз баккан, туура жолго тарбиялагандыктан түз айтылган сөздү Ажар жеринен жакшы баалайт. Алиги аял шашып:
- Кызым, бери өт, босогодон. Сени ал жерге тургузуп коюп эле өзүм сүйлөй берген турбаймынбы, - деп кам көрө сүйлөдү. Ажар, бут кийимин чечип, илгери өткөндө:
- Атың ким, кызым? - деп, сөз улады.
- Ажар, - деп жооп бергенде, алиги аял кызыгуусу арта:
- Атыңа жараша өзүң дагы ажарлуу кыз экенсиң. Эгер сенин ордуңда башка кыз болгондо, "эже бош эмесмин" деп басып кетет беле, ким билет. Мен автобустан түшкөндө эле сени көрүп, сенден бир сырды байкагам. Ата-энең барбы, кайсы жерден болосуң? - деп суроо салды эле, Ажар кабагын түйүп:
- Ата-энем жок, өтүп кетишкен, - деп, өзүнүн айылын айтканда, алиги аял эми чындап боор тартып, көзүн жалтаңдатып тартып алды да:
- Кап, арты кайрылуу болсун, -деп андан башка суроо бергенден жазганып:
- Ажар, сен ашканага кирип олтуруп турчу, мен кийимимди алмаштырып алайын, - деп, сыпаа сүйлөп ички үйгө кирип кетти, Ажардын ички жарасын козгоп, суроо берип алганына өкүнгөн түр көргөзүп. Ажар үйгө киргенде эле байкаган үйдүн жасалгасынан, бул үйдө бардар адамдар жашаарын. Алиги аял чай алдыга келгенде өзүн тааныштырды, ысымын айтып:
- Менин атым Калича. Көк желкемде калым бар экен. Ошону ырымдап, атайын "кал" деген сөз катышкан ат коюшкан экен да көрсө. Кийин желкемдеги калым кичирейип олтуруп бармак басымдай эле калды, -деп Калича өзүнүн ысмы жөнүндө айтып болуп:
-Негизи эле илгери адамдардын табышкерлигине баа берем. Менден кийинки сиңдиме Уулкелди деп ат койду эле, андан кийин уул төрөлдү. Көрсө илгерки эски адамдардын кармаган ырым-жырымдары абдан туура экен. Азыр орусташып, көп нерселер колдонулбай баратат, -деп Калича сөзүнүн аягын өкүнүчтүү бүтүрүп, чай ууртаган болду. Ажар өзүн эркин сезип, сүт куюлган чайдан шашпай олтуруп ичти. Андан дагы бышкан этти көргөндө, канчадан бери мындай берекелүү тамак жей элегин эстеп, сыпаа тамакка карап:
- Эже, жолдошуңуз кайда иштейт? - деп сөз учун баштады эле. Калича кабагы ачык, берилген суроого мурда камдап алгансып шар жооп берди:
- Өзүнүн чакан ишканасы бар. Ошону менен алек болуп жүрөт. Жашоо жаман эмес, өзүң көрүп турбайсыңбы, - деп аялдык көйрөңдүккө салып көп нерсени айтып, мактангасып алды. Негизи эле өзгөчө аялдар мактангандан өздөрүнө кубат алат эмеспи. Анысыңары, Калича да өзү жөнүндө бир топ сөз айтып бук болгон адамдай жеңилденип алгансыды. Ажар бир сааттан ашык убактысын короткону менен курсагы дагы, көңүлү да тоюп Калича менен кош айтышып, үйдөн чыгарда, Калича с-зүн таппайсүрдөгөнсүгөн түр көргөзүп:
- Ажар, сени мен түшүнөм. Сыртыңдан билгизбегениң менен ичиң арманга толтура экен. Бирок барчу жериңди көгөртчү, ыйманың жарык жакшы кыз экенсиң. Мен да сендей студент болгом. Эгер сен мени туура түшүнсөң сунган колду суутпай бул акчаны алып, керегиңе жаратып ал. Мен бул акчаны сага чын ниетимден берип атам, -деп сөзүнүн аягын таппай туруп калды эле, Ажар кара күчкө:
- Эже, жөн эле коюңуз. Мен акчага деле зарылган жокмун, - деп оозу бош айтты да уялып кетти.Анткени калп айткан өзүнө жарашпайт эле. Калича бкрилүү менен:
- Ажар, кызымдай эле кыз экенсиң. Алдын-ала сенден сурандым го. Азыркы заманда кантип акчанын зарылдыгы жок болсун. Мен сага бул акчаны чын ниетимден, сени көңүлүмдө жакшы көрүп калган үчүн берип атам. Керек болсо убактыңа карап үйгө келип тур. Макул көрсөң эртең кечте келчи. Сага айта турган сөзүм бар, -деп табышмактуу сөздүн башын кыйытты. Ажар акчаны колуна албаска айласы жок эле. Кыйылган түр көргөзүп:
- Эже, акчаны жөн эле койсоңуз болмок, -демиш болуп, муңайыңкы көз караш менен карап, өзүнүн абалын ушул саам үнсүз билгизип туруп калганда Калича:
- Эртең сабактан саат канчада чыгасың? -деп сөз улады эле, Ажар көңүлдөнүп, ыңгайсыз абалдан кутулганына кубанып:
- Эртең төрт пар сабак болот. Эки жарым, үчтөр менен бошоп калам, -деди. Калича чын ниетинен өтүнүп:
- Анда сабактан чыгып эле келе бер. Мен сени күтөм, - деп жагымдуу жылмайып койду. Ажар жылуу коштошуп, көңүлү шат үйдөн чыкты да, Калича берген акчаны кармаган колу ысып чыкканын ошондо билип, төбөсү көккө жеткендей сүйүндү. Анткени курсташтары акча чогултуп атышкан, кышкы сессияга деп. Көктөн издегени жерден табылгандай эле болуп, кадамын тез-тез таштап, алдыга басты. Дароо жакын жердеги дүкөнгө кирип, акчаны майдалатты да, маршруткага олтуруп сапарын улады. Көз алдына Каличанын мээримин төгө караган көз карашы тартылып, "ал эртең эмне сөз айтат болду экен" деп, ойлоп, ага жооп таба албай жатып, окуу жайга кантип келгенин да билбей калды. Биринчи пар сабакка катышпай калганына өкүнгөн деле жок. Эмнегедир бүгүнкү күн менен бүт кыйналган күндөр артта калгандай сезилип, Ажардын кабагы ачык сабакка кирди.
Эх, адамдын көңүлү кандай назик жана кандай жумшак. Бир аз гана убакыт илгери көзү караңгылашып, жашоого көңүлү суз тартып аткан Ажар, эми кандайдыр бир бирөөнөн күтүлбөгөн жакшылык күткөндөй үмүт шооласы жанды. Элеттик аруу кыз шаарга келгенде билген балит, эки жүздүү, жасалма мүнөз күткөн адамдар, чылым чеккен кыздар көпчүлүктө көп кездешээрин. Таежеңесин ойлогон эмес эле ушундай карамүртөз адам деп. Баарын убакыт көргөзүп, Ажардын ички таза мүнөзүнө турмуш шары бүлүк салды.
* * *
Калича, Ажар үйдөн чыгып кеткен соң өзүнүн жасаган ишине өзү ыраазы болду. Чоң энеси Маалымбүбү дайыма эскертчү: "Кызым, көр дүйнөгө кызыкпа, эң негизгиси жупуну жашаган адамдардын көңүлүн алып, аларды ыраазы кылсаң, батасы тиет. Өзгөчө жетимдерге кайрымдуу бол" -деп көп айтчу. Бул жолу Каличага Ажардын "ата-энем жок, өтүп кетишкен" деген сөзүн укканда эле, боору оруп "эмне кылып бул кызды ыраазы кылсам болот" деген ой пайда болгон. Андан дагы бир көрүп эле Ажардан өзүнө жаккан сапаттарды байкап, сырын тартып көрүш үчүн үйүнө ээрчитип келген.
Ооба, чынында Каличага чоң энесинин касиети оогону чын. Чоң энеси адамды бир көрүп анын ички оюн билип койгон, анча-мынча кыргызчылыгы бар, наристе балдардын жүрөгүн көтөрүп, ырым-жырымды кармаган адам эле. Сексен беш жашка чыкканча ооруп, төшөккө жатканын көргөн жок. Анда-санда чөптөн дары жасап, кээ бир ооруларды дагы айыктырып койчу. Кээ бир аялдар келгенде, кабагын чытып жактырбай калчу. Анткени алардын жаман ой менен келгенин билип койчу эле. Ошол касиеттин баары Каличага ооп, Ажардын акчадан кыйналып, жашаган үйү дагы жайсыз экенин билип койгон, ички сезими менен. Андан дагы кичүү уулу Сталбекке, Ажарды ыраа көрүп, өзүнө келин кылып алууну да ойлогонго үлгүргөн.
Чоң энеси Маалымбүбү дайыма айтчу: "Эркектин жакшы болушуна аялдын салымы чоң. "Аял үйдүн куту, дүйнөнүн туткагы" деп бекер айтылган эмес. Бирок кыз кезинде жакшы, аял болгондо дээринде жок, тарбия көрбөгөн кыздар тез өзгөрүп, күйөөсүнө тилин агытат. Андай аялдар кийин карыганда өз жазасын алат" -деп, аялдын такыбалык мааниси жөнүндө айтып, кызды кантип сынашты да үйрөткөн. Башы оор, сөз көтөрүмдүү, колу ачык кыз барган жерине өзү менен бирге кут ала барат деп, кийинки көчөдө жашаган Сагынбектин кызын болбой ортоңку баласы армиядан келгенде эле алып берген. Калича өткөндү эстеп, Ажарды дагы кенен сынап көрүш үчүн, атайын конокко чакырганынын жөнү ушу. Эгер Ажар чындап көңүлүнө жакса анда, уулу Сталбекке алып берет. Анткени Сталбекке айткан "мага жаккан кызды аласың" деп. Уулу дагы бул сунушка макул болгон. Бирок азыр Сталбек Москвада МГУда окуйт, төртүнчү курс. Калича, Ажардын аз убакыт ичинде көп жакшы сапатын байкады. Бирок дагы жакшылап сынап көрсөм, уулум Сталбекке ылайыкпы деп, ал күндү бир гана Ажар жөнүндө ойлоп өткөздү.
Адам баласы бир нерсени көксөп калса, ага жеткенге чейин, оюн бир жерге топтой албай калат эмеспи. Чынында Каличанын оюнун баары эле Ажарга такалып, не бир түркүн кыялга батты. Мунун дагы жөнү тереңде. Улуу баласы Темирбек "сүйдүм, күйдүм" деп улуту татар кызды алып, аны ээрчип, Россияга кеткен. Бирок, жашоосу жаман эмес. Анткен менен эки баласы экөө тең орусча окуп, орус тилин сүйлөп, дити орус болуп калганы Каличанын көңүлүн оорутуп ойго салат. Ошол себептен кичүү уулу Сталбектин кулагына куюп келет, "мага жаккан кызды ал, аял заты өңү менен алдап кетет. Аялдын өңүнө кызыкпа" деп. Кыскасы, болгон үмүтү Сталбекте. Кимдин эле жакшы келиндүү болгусу келбесин. "Карышкырдын тилегени арамдык, койдун тилегени амандык" деп айтылгандай, баардык эле энелердин жакшы келиндүү, жакшы күйөө балалуу болсом деген тилектери тээ илгертен бар эмеспи. Калича дагы жыйган дүнүйөгө ээ болгон, үйдүн көркүн көркүнө чыгарган келиндүү болсом дегенде, ак эткенден так этип келет. Улуу баласы Темирбек үйлөнгөндө келинин көргөнгө чейин эмне деген гана таттуу кыялдарга батпады. Качан келинин көргөндө эле ички дүйнөсүн окуп билип, уулунан тирүүлөй ажыраганын билген. Анткени ал келини чоң болуп иштеген байдын жалгыз кызы экен. Аны укканда келин албай эле, уулун күйөөгө бергенин сезип, ичинен сызган. Бай болобу, кедей болобу арманы жок адам болбойт дегендей, Каличанын дагы ичине каткан арманы мына ушул.

#14 04 April 2014 - 20:37
* * *
Ажар сабактан көңүлү шат чыкты да, түз эле базарды көздөй жөнөдү, колуна тийген акчага бут кийим сатып алыш үчүн. Чынында, таманынан суу кирип, бут кийимден сыз өтүп кыйналып кеткен. Калича берген миң сомдун теңине ылайыктап бут кийим карап көрүп, алайын деп базарга жаңы эле келгенде, Нураалы менен колуктусу Сымбатты көзү чалды. Экөөнүн үйлөнгөнүнө жарым жылдан ашык убакыт болуп калган. Сымбатты Нураалыга апасы Азимкан эле болбой алып берип койгонун Ажар, таянесинен уккан. Ошол убакта, Ажар жаңы гана мектепти бүтүп аткан. Сүйдүрүп, күйдүрүп коюп, Нураалы сүйүү менен ойноп, байлыгына карап, сүйбөй туруп Сымбатка үйлөнүп алганын Ажар туура эмес эле көргөн, учурунда.
Бул жолу Ажар Нураалыга көрүнбөйүн деп, жакшы эле аракет кылды, бирок болбоду. Аралык анча алыс эмес болучу. Бир чети өзүнүн жупуну кийген кийиминен уялып, Нураалыны көрмөксөн болуп, тетири бурулуп кетейин деп да аракет кылды. Ал тилеги кабыл болбоду. Сымбат Нураалы менен Ажардын ортосундагы болгон мамилени билбейт эле. Алгач Сымбат салам берди:
- Ажар, кандайсың? - деп. Ажар уялып кетти. Анткени, өзүнөн бир жаш улуу кыз алгач учурашканы Ажарды ыңгайсыз абалга алып келген эле:
- Жакшы, өзүңөр кандай? - деп, суроо берди. Сымбат жароокерлене:
- Дурус, эки күн илгери келген элек, эртең кетебиз го айылга.
Ажар өңүн өзгөртүп, сыр бербегенге аракет кылып:
- Азимкан апа күүлү-күчтүү жүрөбү? - деп, Нураалыны караганда, Нураалы көзүн тартып алып, жалтактай түштү. Булганганын билгизип:
- Жакшы, буйруса, - деп кыска жооп берип, ыңгайсыз абалдан чыгыш үчүн:
- Өзүң кандай, окууларың жакшыбы? - деди.
Ажар муңайыңкы көз караш менен карап:
- Таянемдин гана өтүп кеткени болбосо, жашоо өтүп атат. Таянган тоом, жөлөнгөн аскам бир гана таянем эмес беле, -деп өзүн кармана албай жашып кетти. Бул айтылган сөздүн аягында "Сүйдүрүп коюп сен бир азапка салсаң, ажаан таяжемдин колуна салып берип коюп, таянем өлүп калып ал бир азапка салды" деген сөз жатканын Нураалы дароо билди да, үнү каргылдангансып, алдастай түштү, анан көңүл жубатып:
-Ажар, мен сага түшүнөм, Сыйда эне абдан жакшы адам эле, - демиш болду да, Ажарды сынай карады. Ушул жерден Ажар, Нураалыны ушунчалык жаман көрүп кетти. "Эмнеге ушуну сүйүп жүрдүм болду экен" деп, таянесинин айткан сөзүн эстеди. "Ал бала сенин кадырыңа жетпейт го" деген. Анткени Нураалы, Ажардын кийген кийимин, өзгөчө бут кийимине сын тага караганын байкап калган эле да. Өзүн ыңгайсыз сезип, бул ыңгайсыздыктан кутулуш үчүн:
- Мен бара берейинчи, таяжеңем күтүп калды го, - деп сөз андан ары уланбашын каалады. Учурдан пайдаланып:
-Ажар, айылга барганыңда үйгө келип чай ичип кет, -деди Сымбат чын ыкласы менен суранып.
-Айылдан эми мени ким тосуп алат. Ээн калган үйгө барсам, таянемди эстеп капа болом го. Болбосо ким эле өсүп-өнгөн жерине баргысы келбесин. Бирок баарын убакыт көргөзөт.
- Силердин үйгө таянеңдин сиңдилери келип жашап атат. Алар менен деле сүйлөшө элекмин.
Ажар муңайыңкы түрү менен:
- Аны го билем. Бирок, таяжем мени таянемдей кабыл ала албайт да. Менде болгону таянем гана бар экенин анын көзү өткөндө гана билдим. Болбосо минтип студент болуп кыйналып турганда бир дагы таянемдин көзүн караган туугандары абалымды сураганга жарашкан жок. Көрсө азыр адамдардын көбү эки жүздүү, байлыктын гана көзүн караган, адамдык сапаттан көр дүйнөнү жогору туткан, деңгээлдери пас болуп калган турбайбы, - деп, туура айтамбы дегенсип Нураалыны карады. Бул айтылган сөз менен Ажар, бутага тийген жаанын жебесиндей өзүнүн көкүрөгүндө сактаган кегин убагында алгансып жеңилденип алды. Нураалы учурунда таамай айтылган сөзгө сына түштү, бирок сыр бербегенге аракет кылып, үнүн пас чыгарып: "Туура" дегенге араң жарады. Ушул саам гана сөздүн күчүнө баа берди да, Нураалы ичинен өкүнүп калды. Анткени аз убакыт ичинде эле Сымбат менен апасы кайым айтышканга үлгүрүп, аз-аз экөөнүн ортосунда жаңжал дагы болуп аткан. Ошондо билген Сымбат өзү ойлогондой аял болуп бербесин, бирок апасы айткандай кайын атасы Азамат абдан жакшы каралашып турат. Ажар коштошуп кеткенде Нураалы ушуларды ойлоду. Сөз билги Ажар, болгон ичке сактаган кегин өз учурунда, болгондо дагы аялынын көзүнчө алганын бир гана өзү эмес, Сымбат дагы сезди.
* * *
Ажар негизи эле кийим алгандан жолдуу. Таенеси бир сыйра кийим алып берсем деп даярданып жүрүп, ага үлгүрбөй калбадыбы. Болбосо Ажар мынчалык кийимден кыйналбайт болчу. Жакшы адамга жолукса, адамдын көңүлү өсөт, жаман адамга жолукса адамдын көңүлү чөгөт эмеспи, Ажар Нураалы менен аялына жолукканга көңүлү чөгө түштү. Буга Нураалынын сын көз менен сынтага караган көз карашы түртү болду. Аны эстегиси келбей шашыла басып, бут кийимдерди саткан бөлүмгө келгенде эле, Ажардын көзү ак түстөгү бут кийимге кадалды. Эмнегедир эле ал бут кийим көзүнө өзгөчө болуп көрүнүп, өзүнө тартып турду. Ажар ал бут кийимди кармалап көрүп, текшере баштаганда эле, сатуучу аял:
-Чоң кыз, бул абдан жакшы, бышык, - деп мактап кирди эле Ажар, анын айткан сөздөрүнө деле көңүл бурган жок. Бутун чечип чактап кийип көрдү. Жөн эле өзүнүн буту үчүн тигилгендей жарашып турду. Бул учурда сатуучу аял дале бирдемени эле сүйлөп атты. Ажар сөз кезеги келгенде:
- Эже баасы канча? - деп сурады эле, алиги аял:
- Арзан, алты жүз сом болот, өз баасы. Мындан ылдый наркты түшүрө албайм - деп, эпилдеп жиберди эле, Ажардын кабагы бүркөлө түштү да:
- Эже, менде андай акча жок, өзүм студент болсом... кап. Бул бут кийим мага абдан жакты, - деп, кызыгуусу арта кармалап туруп калганда сооданын көзүн билген сатуучу аял:
- Кызым, мен деле студент болгом, сага түшүнөм канча акчаң бар, ошол сумманын тегерегинде сүйлөшөлү, - деп, сөзгө келгенин билгизди. Ажар жарк эткизе күлүп:
-Төрт жүз элүү сом бар эле, эгер макул болсоңуз бериңизчи. Бут кийимден жаман кыйналып кеттим, - деп өзүнүн бутун карады. Сатуучу аял Ажардын бут кийимине көз жүгүртө карап, боору ооруп кетти да, суроо жаңыртты:
- Ата-энең барбы? - деп Ажар күтпөгөн суроону берди. Ажар кабагын түйүп, күнөөлүү кишидей:
- Ата-энем болсо, элден кем калбай кийинет элем го. Экөө тең өтүп кеткен. Таенемдин колунда өскөм, - деп өзү жөнүндө үстүртөн айтып берип, бут кийимдин тигилишине көз жүгүрттү. Сатуучу аял кантсе да аял эмеспи, аялдык аёо сезими ойгонуп кетти белем.
- Кап, жаман болгон экен. Мейли, эми көңүлүңө жагып калса ал, - деп Ажарды карады. Ажар сүйүнгөнүн жүзүнөн билдирип, жагымдуу жылмайып:
- Ырахмат эже, элдин баары сиздей түшүнүктүү болсо жакшы болот эле, - деп, акчаны санап берди да бут кийимди алып, ыраазы боло кудуңдап жолуна түштү.
Көңүлүнө жаккан кийим же буюм алса адам баласы кандай сүйүнөт. Ажар жөн эле таенеси тирилип келгендей сүйүнүп, пакеттеги бут кийимди бирөө жулуп кетчүдөй, бекем кармаган тейде жолдун чети менен таттуу кыялга батып шашыла жөнөдү. Бирок алдыда эмне күтүп жатканын курган кыз билген жок. Дарбазадан ичкери киргенде эле Соня:
-Ай кыз, эмне кечигип, кайда жүрөсүң?! - деди кейпин бузуп, оңураңдап. Ажар жаман ой жок:
- Жеңе, базарга кайрылып калдым. Бут кийим алганы. Соня сөзүн аягына чыгарбай:
- Акчаны кайдан алдың?! - деп опулдап, күтпөгөн суроону берди да жооп күтүп туруп калды. Ажар, ушул жашка чыкканы калп айтып көргөн эмес. Негизи эле элет жеринде жашаган эл көп калп айтпайт эмеспи. Ал эми шаардыктардын шылтоосу менен калп сүйлөгөн сөзү көп кезигет. Ансыңары Ажар калп айта албай, болгон ишти болгондой айтып берди. Эгер Ажар шаардык кыз болгондо жөн эле "жолдон акча таап алдым" деп сөздү кыска бүтүрмөк. Соня Ажардын сөзүн уккан соң, өңүн бузуп:
- Ал эмне деген аял экен, тааныбаган кызды эле үйүнө алып барып, акча берген? Балким сени алдап, Түркия, Аравияга сойкулукка сатканы жүрбөсүн. Азыр андай алдамчылар чачтан көп, - деп, Ажардын оюна келбеген сөздү айтты эле, Ажар чочуган түр көргөзүп, көзүн алайтып:
- Жеңе коюңузчу, ал эженин колунан жамандык келчү аял эмес. Мен ага кепил боло алам, - деди. Соня өңүн бузган калыбынан жазбай:
- Аферисттер ошондой болот. Азыр канчалаган кыздар ишенчээктиктин айынан дайынсыз жоголуп кетип атышат. Ач кулактан тынч кулак, андай аялдардан алыс жүргүн, болбосо, сенин азабыңды таякең экөөбүз эле тартабыз. Башка сенин жакын кимиң бар?! - деди. Ажар Сонянын сөз жебесин жакшы билген үчүн:
- Макул жеңе, экинчи эч ким менен сүйлөшпөйм деп, сөздүн кыскарышын каалап, кийим которгону ичкери кирип кетти. Соня дагы көп нерсени айтайын деген бирок, Ажардын жасаган мамилеси ага мүмкүнчүлүк бербеди. "Хандын койнунда калтырап жатканча, кулдун койнунда кутуруп жат" дегендей, Ажар жатаканага чыксам дегенде эки көзү төрт. Көңүлү аз да болсо өсө түшкөн Ажар бул күнү канчалык кеч жатса дагы, түн ортосуна чейин уйкусу келбей, Каличага, Соня айткан сөздү ыраа көрбөй, эртеси ага сөзсүз жолугуну гана ойлоп көпкө чейин ойгоо жатты. Бир чети эртерээк эле таң атса экен. Себеби жаңы бут кийимимди кийип барсам деп, жаш баладай сүйүнгөнүндө чек жок. Анан эмне кылат. Аз убакыт ичинде Сонянын кордугу, жолдун алыстыгы, бут кийимдин тешиги көкөйүнө тийип бүтпөдүбү. Андан дагы чоёктогон шаардык кыздардын теңине албай, сын көз менен караганы, Ажар үчүн сөз эле жетпеген сокку болду.
Бул түнү уйкусу качып ар нерсени ойлоп атып, Ажардын башы дагы ооруп чыкты. Бир убакта туруп алып, эки алаканын жүзүнө жакындатып, тилек дагы тиледи. Бул эми адамдагы эң айла кеткендеги иш эмеспи. Сакалын сербейтип, эч иш кылбай эле, жараткан өзү берет деген жасалма молдолордой, Ажар бир топко олтурду, тилек тилеп. Негизи эле айтылат эмеспи, түн ортосунда тилеген тилек кабыл болот деп, ансыңары Ажар дагы өзүнүн гана келечегин анан таянесине баккан эмгегин баалап, эмне болсо дагы күмбөз тургузууну тилек кылды. Бул да болсо, Алланын буйругу эмеспи. Ажар, мектепте окуп жүргөндө, айттап келген молдолордон уккан. "Түн ортосунда тилек кылса кабыл болот" дегенди. Ошол укканын жүрөгүнө жакын кабыл алып алган Ажар үмүт менен ушул ишке барды.
* * *
Нураалы, Ажарга жолуккан соң, чын ниетинен апасына ыраазы болду. "Ырас эле Ажарды албаптырмын, аны алсам мага ким жардам берип, ким көтөрмөлөмөк. "Катын албай кайын ал" деген сөз дагы туура эле айтылыптыр" , - деп ойлоп койду да, Сымбатка кайрылды:
- Я, Сымбат, Ажар абдан эле жүдөп калыптыр ээ? - деп. Сымбат, бооруп ооруп:
- Анан эмне кылат. Жетим болсо. Тажеңеси дагы сөз жебеген аял деп уккан элем. Жашаган жери жай болбой атса керек. Бирок, көрөсүң кийин Ажар абдан бактылуу кыз болот. Менин баамымда мектепти жакшы окуган кыздар деле жашоосунан өксү болгонун укканым жок. Адам баласы канчалык жаш кезинде кыйналып, алдыга умтулса иши алдыга жылат. Азыр, Ажар убактылуу гана кыйналып жүрөт. Кийин көрөсүң атагы чыккан кыз болбосо мага кел!- деп Сымбат көзү ачыктай айткан сөзүн Нураалы жактыра бербеген түр көрсөтүп:
- Аны сен кайдан билесиң. Азыр анын жан тарта турган эч кимиси жок. Күйөөгө тийип эле багы ачылбаса... Ажардай кызды чоңдун балдары карап дагы койбойт. Өзүң деле билесиң азыр кийген кийимге жана кирпикке карап мамиле жасап калганын. Жеке эле кыздар эмес балдар дагы байлык көздөп үйлөнүшөт. Анан томолой жетим кызды өзү теңдүү кедейдин баласы албаса, ким алат, "Тең теңи менен, тезек абы менен" дейт. Акаев деле Назарбаевдин кызын баласына алып бербедиби. Чоңдун кызын чоң алат, байдын кызын бай алат. Кедейдин кызын кедей алып келген, ала берет деп, Нураалы туура айттымбы дегенсип, Сымбатты карады эле Сымбат жактыра бербеген көз карашта карап:
- Бак карап, кыдыр даарып койсо, азыр кедейлериң деле байып атпайбы. Тиги Саткынбай учурунда кандай адам эле. Азыр ханга салам бербейт. Кызы чоңдун баласына тийип, кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип. Малды, сарайды алып берип койбодубу. Мындай мисалдарды келтирсек толуп атат. Бейшенбайдын балдарын карачы ай сайын машина алмаштырып минишип жөн эле чалчактап жүрүшөт. Аларды учурунда ким теңине алчу эле. Конокко да эч ким чакырчу эмес. "Эч нерсе алып келбейт" деп.
Нураалы бул сөздөрдү укканда "чын эле" дегенсип сөзгө көңүл буруп калды. Сымбат сөз удулун келтирип:
-Нураалы, сен байкап сүйлөп жүр. Болбосо, уят болуп каласың. Билесиңби мектептен Ажар дайыма мактоо баракчасын алып окуп, классты алдыга сүйрөп, олимпиадаларга катышчу. Мен билгенден Ажарга таенесинин байкоосуз, күтүүсүз жерден тиги дүйнөгө кетип калганы катуу сокку болду. Таенеси ургаачынын султаны эле, раматылык. Сөздү эби менен сүйлөп, элге кадыры чоң, сыйдын ээси ырыскылуу кемпир болчу. Эч качан жаман сөз айтчу эмес. Андан таалим алган Ажар, жаман кыз болгон жок.
Сөз ушул жерге келгенде, Нураалы сөздү бөлүп :
- Сымбат, маршрутка күтүп олтурбай такси эле кармайлыбы? - деп сөздү бөлүп салды. Сымбат сөзү бөлүнгөнгө кабатыр боло түштү да:
- Шашканда эмне, үйгө барганда жасай турган иш болбогон соң, маршрутка эле күтөлү. Ар нерсени сарамжалдаш керек го иштеп акча таппаган соң , Нураалы бул айтылган сөзгө каршы сөз айта албай мокой түштү да жер караган болду.
* * *
Ажар таң эрте туруп, адатынча мешке от тутантты. Бир маал от жагылат. Анан паровой ысыганда светти кошуп коюшат. Мешке от жагып, Соня тура электе чай кайнатып ичти да, жаңы алган бут кийимин кийип, жолго чыкты.
Тыкылдаган таканын үнү асфальт жолдо өзгөчө жагымдуу угулуп өзүнө тиешелүү үн чыгарып баратты. Таттуу кыялга жетеленген Ажар, Фучик көчөсүнө жеткенде, алдын тороп темселе басып бир мас бала чыкты:
-Чоң кыз, "Кызыл Аскер" каякта, адашып калдым, - деп. Ажар таң эрте масс болуп жүргөн баланы көрүп кыжыры келе түштү, бирок сыр бербей:
- Бул жакка эки остановка бассаңыз табасыз, - деп, жолду көрсөтүп коюп, өз жолун улады. Бир чети кыргыз жигиттеринин аракка берилип баратканына ичи ачышса, буга көңүл бурбаган өкмөт башчыларына нааразы болуп, "деги качан кыргыз калкы өсүп-өнүгөт болду экен" деп ойлоп койду. Чынында эле Ажардын көкүрөгүн өйүгөн маселе элдин бузулганы, тартиптин жоктугу, көпчүлүк "базар" деп тыйын эсептеп дүнүйө кубалап калганы көп түйшөлтөт.
Ойлогон оюнун баары эле өлкөбүздүн келечегине такалып, өзү деле бекер эле убакыт коротуп окуп аткандай сезилет. Ажар окуу жайга келгенде гана башын жерден көтөрүп институтту карап "Канча адамдар ушул жерден билим алды болду экен" деп туруп калганда, курсташы Жолболду:
- И, Ажар, сага эмне болду, ойлонуп эле калыпсың? - деп, суроо бергенде гана түш көрүп атып чоочуп ойгонгон адамдай:
- Сен кайдан келип калдың? - деп жылмая карады эле Жолболду:
- Артыңдан кыйкырсам да укпайсың. Жөн эле Кыргызстандын тагдырын ойлоп келаткансып, - деп, тамашага чалып сүйлөдү. Ажар күлүп:
- Ооба, мен ойлобосом ким ойлойт. Чоңдор өз чөнтөгүнүн камында жүрсө, сага окшогон жигиттер арак ичип мас болуп кекиртектин айында. Анан айла жок кыздар ойлойт да элдин келечегин. Азыр деген эркектен аялдар эрк талашып калган заман, карылардан жаштар сөз талашып, карылар жаштардан жол талашып чөнтөгү калыңдар атак-даңк талашып, эл ээрчиткен эр жүрөк ким бар. Азыркы чоңдор бузулган кыздардай бат эле сатылып кетип атса, - деп Ажар сөзүнө чекит койгондо, Жолболду жооп таба албай:
- Ажар сен абдан туура сөз айттың. Чын эле азыр биз кимге ишенебиз. Керек болсо мен өзүмө-өзүм дагы ишенбей кетем. Дегеним,кээде берген убадам аткарылбай да калат.
Ажар күлүп:
- Жолболду сен абдан туура сөз айттың. Адам деген өз күнөөсүн моюнга ала жүргөн кандай жакшы. Жүрү эми сабакка кирели. Элдин тагдырын талкууга алыш экөөбүз үчүн али эртелик кылат, - деп алдыга басты эле Жолболду сөз улансын үчүн:
- Ажар, шашпа али убакыт бар. Чоң атам айтчу эле "сабак болобу, жумуш болобу эч качан кечикпей эрте барып жүр" деп. Мен дайыма эрте келем. Дагы он беш мүнөт убакыт бар. Аны коюп айтчы, сенин жигитиң барбы?
Ажар болоор болбос жылмайып, жооп бергенге шашылбай:
- Эмне, жигитим жок болсо жигит болоюн дедиң беле? Мен үчүн жигит күтүү али эртелик кылат. Окуюн деп бир багытты көздөгөн соң окуш керек да. Жигит тургандыр. Эрге эрте тийгенде эмне пайда. Ансыз деле кыздардын баркы күйөөгө тийгенге чейин. Анан кийин түйшүк, бала басты болосуң да, торго түшкөн чымчыктай эркин боло албай каласың.
Жолболду көп жактыра бербей:
- Окуйм деп жүрүп канча кыздар карып кетишти. Ал жагын да эске ала жүрүш керек, - деди эле, Ажар бул сөзгө кошулуп:
- Бир чети сенин айтканың да туура. Бирок мага турмушка чыкканга шарт жок.
Жолболду күлүп:
- Эмне күйөөгө тийиш үчүн да шарт керек бекен?!
Ажар адатынча жагымдуу жылмайып:
- Анан эмне. Азыр деген келин алгандан да, кыз узатуунун шарты, ырым-жырымы көп. Сеп даярдаш керек. А, менин эч кимим жок, аны өзүң билесиң! - деп, айтты эле Жолболду айтканың жөндүү дегенсип боор ооруган түр көрсөттү да :
- Ажар, чынында эле сен абдан жакшы кызсың. Эгер окуу жайды бүткөнчө күйөөгө тийбесең мен сага үйлөнөм. Билесиңби, мага абдан жагасың, - деди. Ажар мыйыгынан күлүп:
-Жолболду, кой антип айтпа. Азыр балдар туруксуз болуп калган. Эртең эле бир чоңдун кызы, куурчактай жасанып кийинип, сага көз кысып койсо болду, сен анын артынан кетесиң. Аны коюп өз жолубуз менен болгонубуз оң го.
Сөз ушул жерге келгенде бир бутуна сылтып баскан Назира деген группалашы келип калып, сөз үзүлүп калды.
Жолболду Ажардын акыркы айткан сөзүнө дилинде кошулду. Анткени эки күн илгери эле мектепте окуган кыз менен таанышып, аны жактырып калган. Бирок анын ички сырын али биле элек. Ажарды дагы жакшы көрөрү чын, анткен менен сүйөөрүнө өзү да ишенбей кетет. Анткени Ажар айткандай туруксуздук күч алып турганда кимге ишенсе болот.
Ошол күнү Ажар сабак бүткөнчө оюн топтой албай, абдан тынчсызданды. Анткени, Каличанын үйүнө барыш керекпи же барбаш керекпи, али чече элек. Бир чети тажеңеси Соня дагы туура айтат. Аферисттер калп күлүп, жасалма мүнөз күтүп , акча берип алдайт эмеспи. Буга Ажар тажеңесинин жоругунан улам ишен оюн бир жерге топтой албай кыйналып кетти

#15 04 April 2014 - 20:39
* * *
Айтылган күнү күтүлбөгөн жерден Каличага, шашылыш кабар келип, айылга жөнөп кетти. "Таекеси ооруп, тилден калды деп угуп, жолго чыкканда гана эстеди. Кап, жок дегенде эшикке кат жазып "кыстарып койсом болмок экен, Ажар келип таппай калат го. Эми эмне кылам" деп, артка тарткандан жазганды. Негизи эле жолго чыгып алып кайра кайрылганды башынан жаман көрөт. Бирок жүрөгүнөн сезди, Ажарга эми жолуга албасын.
Таекеси Нурпаис жетимиш жаштын тамагын ичип аткан. Бирок, ден соолугу начар эле. Ооруп жүрөт деп уккан. Өткөн жылы барып учурашып келген, ошол бойдон көрө элек. Автобекетке келип таксиге олтурган Калича, эмнегедир эле, өзүнчө бушайман боло берди. "Кап, Ажар эми мени алдамчы аял экен деп ойлоп калат го, жок дегенде кошуналарга айтып чыксам эмне, эми курган кыз бекер убара болот. Конок бол деп чакырып алып, өзүм уят болдум. Көрсө адамдар айла жок шартка жараша да калпычы болуп калат турбайбы" - деп өз ою менен алек болуп олтурганда, таксист бала:
-Эже, мына эми жылдык. Эки киши табылды, - деп жашы алтымыштан өтүп калган абышка-кемпирди ээрчитип келди. Калича алар менен ооз учунан учурашып, сапарлаштарын сын көз менен карап койду. Бир чети алыс жолго чыкканда жанындагы киши жакшы болсо, жол жүрүү азабы көп билинбей калат эмеспи. Машина шаардан чыкканга чейин сөз деле уланган жок. Таксист жолдон өзүнүн таанышын салып, салон жүргүнчүгө толгон. Бир убакта алдыда олтуруп бараткан карыя, жол тиктеген тейде баратып сөз учугун улады:
- Тээ илгери бир киши жолдо жалгыз ат менен келатып, бир адамга жолугуп калган экен.
Калича дароо кунт коюп, сөз тыңшап калды.
Экөө кеминде он чакырымдай жерди басканда алиги жолдон жолуккан киши айтат экен, берки атчан кишиге:
- Мен ажалмын. Бир аптадан кийин сенин жаныңды алам. Сен өзүңдү-өзүң эми өлүмгө даярда. Ичээр суусу түгөнгөн адам, жарык дүйнө менен кош айтышат. Мен сага эскертип коюш үчүн гана атайын жолуктум деп айтып, көздөн кайым болуп жок болуп кеткен экен. Баягы жолоочу киши таң калып калганы менен ажалы жеткенин билип, абдан капа болот. Кимдин эле өлгүсү келсин, негизи эле адам баласынын көзү оокатка жана жашка тойбойт эмеспи. Ансыңары тиги киши үйүнө келип эле кийимин чечпей көмкөрөсүнөн жаткан тейде, ойго батат. Бирок уктай албайт. Санаа тартуу деген кандай азап. Санаа чеккен адамдын керек болсо бир күндө чачына ак кирет, бир күндө арыктайт, биркүндө өңдөн азат. Баягы киши үч күн жатат. Жээкке чыгып калган балыктай соолуп, эч кимге сырын айтпайт да, эч ким менен сүйлөшпөйт. Ошол учурда "ушунча жыл жашадым, кимге эмне жакшылык кылдым да, оозго илинээр эмне иш бүтүрдүм" деп өзүнө-өзү суроо берип, жооп таба албайт.
Үчүнчү күнү кечинде айылдын акылга дыйкан, туңгуюктан жол таап, чукугандай сөз тапкан, жашы токсонго барып калган карыясы, алиги кишинин дайынын угуп, атайын келип сөзгө тартат. Ошондо, баягы киши сөзгө келип, чечилип, болгон окуяны айтып берет. Карыя айтылган сөздү кунт коюп угуп, акыл токтотуп анан өзүнүн оюн айтат.
- Бектемир, сен кандай бактылуусуң. Дегеним, сага айтарым качан ажал айтып келчү эле. Сени кыдыр даарыса керек. Сен эч коркпо. Көрүп турам, санаа чегип, өңдөн азганыңды. Эми дагы сенин үч күн убактың бар экен. Көп эле капа боло бербе. Алиги "ажалмын" деген киши жаныңды алам деп келгенде, сен эч коркпой, өзүңдү сыпаа тутуп, алиги кишинин көзүнө тике карап мындай де. Экөөбүз бир топ жолду бирге басып, сапарлаш болуп, жол жүрдүк эле. Эми минтип мени кантип өлүмгө кыйып атасың, - деп айт. Ошондо гана сен ажалдын чеңгээлинен кутуласың, - дейт. Бектемир айтылган сөздүн тереңине маани берип, туңгуюктан жол табылганына сүйүнүп, жүзүндө жылмаюунун белгиси сезилет. Айтылган күнү шашке ченде, алиги ажалмын деген киши пайда болот да, Бектемирге айтат: "Мен келдим, убада боюнча" деп. Бектемир эч шашылбай:
- Келгениң дурус болуптур. Эми үй жакка басып даам сыз. Экөөбүз сапарлаш болдук, аз да болсо жолдош болуп, ортобузда аз да болсо мамиле калды эле. Мен сени сыйлап чакырып аткан соң, сен менин сунушумдан баш тартпас чыгарсың. Анан мени өлүмгө кантип ыраа көрөт элең, - деп, сөз менен Ажалды жарга такайт. Ажал, айтылган сөздүн күчтүү илебине жыгылып:
- Кап, болбостур, эми. Кайыр кош, - деп жанынан жок болуп кеткен экен. Көрсө, жолго чыккан адамдар бири-бири менен таанышып, алыс жолду кыскартып, пикир алышкан дос болгонго тете деп айтылат. Ансыңары урушкан адамдардай болбой сөзгө келели. Балким, насип буйруп дагы бир жерден жолугуп калаарбыз, - деп жалпак тилге салып, сөз улады эле Калича өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп:
- Ыракмат, сизге. Сиздей сөз билги карылардын саны арбын болсо гана. Азыр эки кишинин же эки аялдын башы кошулса эле саясат, анан дүнүйө сөзү козголуп, эл майдаланып, улуу сөздөр сүйлөнбөй баратат. Осуйпалуу кызматта иштегендер өздөрүн ак сөөк сезип, американын көк акчасын кошуп сүйлөп, сөөлөт күтүп өздөрүн бийик тутуп келет. Заман өзгөрбөй эле эл өзгөрдү. Көпчүлүк мактаныч менен жашап, ички дүйнө жакырланып баратат. Сиз өңдүү карылар сакал койгондору менен сакалды булгап арак ичкендери узун сөздүн башын козгойт. Ал эми эл жерди таштап жер кезип жүргөн мекендештерибиздин арманы аттын башындай деп, Калича бир топ сөздүн башын айтты эле. Карыя артын карап:
- Карындашым, сен абдан туура сөз айттың. Заман бузулбай эле эл бузулду. Муну бир айтабызбы эки айтабызбы эми оңдош кыйын болуп калды го.
Кечээ мен дагы сакалдуу башым менен уят болуп калдым. Жанагы кытай деген балакеттин азык-түлүгү аң-сезимди алып тынмай болду. Илгери нанды камыр турушка эле ачытчу эле. Эми кытайдын дрожжуна ачытып, ошол дрожж адамды унутчаак кылып салат экен. Үч күн илгери кечээги күнгө жалгыз жээним конокко чакырган, телефон менен. Аны кемпирге айтып койсом эмне. Эсимден чыгып кетиптир. Байкуш жээним тамагын даярдап алып кечке күтүптүр. Мына карыганда калпычы болуп, менин абийирим төгүлүп, өзүмдү-өзүм жек көрүп келатам. Көрсө, турмуш өзү адамды алдамчы кылат тура, - деп, арманын айтты эле, Калича, Ажарга берген убадасын эстеп, өзү дагы унутчаактыгынын айынан калпычы болуп калганына үшкүрүнүп алды. Ортодон сөз уланып, жол кыскарып Калича барчу жерине кантип келип калганын билбей да калды. Берки карыя менен кемпири кийинки айылдан калаарын айтышып жылуу коштошушту. Бирок, ортодо дагы көп сөз айтылбай калгансыды.
* * *
Ажар, сабактан чыгып, Каличанын үйүнө келди да, бек эшиктин жанында бир топко туруп: "Кап, бекер эле келген экенмин. Балким Соня жеңем айткандай Калича эже чын эле калпычы аялбы, эгер калпычы болбосо, атайын чакырып коюп, кайда кетти", - деп ойлоп, жолуна түштү. Улам эле көзү аппак болгон бут кийимине урунуп, таенесинин "Бут кийими оңолгон кишинин жолу оңолуп, иши алдыга жылат" деген сөзүн эстеп, ичинен сүйүнүп "эми ишим оңолуп, жатакана алып калсам экен" деп ойлоп койду. Айтылгандай баардык эле макал болобу, сөз болобу турмуштан алынган эмеспи. Балким таенеси билген үчүн айткандыр, бут кийим жөнүндө сөздү. Болбосо, жел сөздү таенеси эч качан айтпайт болучу. Ажар жолдо келатып, "Соня жеңем эми дагы эмне жумуш даярдап койду экен" деп, жүзүн көргүсү келбеген Сонянын жоругун эстеди.
Чынында эле Соня жумушту кайдан табат, ушуга таң калып келет. Мурунку күнү эски пальтолорду чогултуп келип, тигишинен ажырат деп, колуна лезвия берип койгон. Эми бүгүн аны курак кылып тик деп айтышы толук мүмкүн. Ажар таекесинин үйүнө келгени кулак угуп көз көрбөгөн жумуштарды жасады. Эгер, Соня жеңеси жылуу сөз менен иш кылдырса анда Ажар көп деле кыйналбайт болчу. Негизи эле аялзатына көпкөн жана арак ичип мас болгон жарашпайт. Соня чынында акыркы эки айдын ичинде такыр эле өзгөрүлүп, чакчаңдаган аял болуп чыга келди.
Жылкы баласы чөп менен жемге курсагы тойсо кыял күтүп калат эмеспи. Адам баласын дагы акча көптүрөт деген сөз туура айтылган. Андан дагы жетпей жүрүп жеткен адам дүнүйөнүн түбүнө жетчүдөй өзүн биринчи сорттогу адамдай сезээри турган иш. Соня, акча таба баштаганы сөзү чоң чыгып, үйдүн кожоюнуна айланган. "Адамды байлык берип сына" деген сөз да бекер сөз эмес.
Ажар, илкий басып, мойнунан байлаган иттей астананы аттаганда, Соня сый кийимин кийим бир жакка барган аткан экен. Адатынча аялзатына жарашпаган жоон үнү менен:
- Эмне, кеч келдиң? Сени күтүп атып бара турган жеримден кечигип атам. Мен эки саттан соң келип калам. Ага чейин сен тиги эки паласты жууп, жайып кой да муздаткычтан эт алып чыгып манты жасай бер. Талпайып чай ичип отуруп албай, тез-тез кыймылдасаң! - деп, бек-бек сүйлөп, үйдөн чыгып кетти.
Ажар, Соня кеткенден кийин, "Ушул тапшырманы жай сөз менен айтып койсо эмне болот" деп, Соняга кыжырланып алды да, үйгө кирди. Эмнегедир акыркы убакта сокодон тажаган өгүздөй Ажар жумуш кылгандан тажап, колдон келсе тынч жатып уйкусу канганча уктагысы келип, жаны жер тартып келет. Илгерки байдын токол аялындай, эртең менен эрте туруп, элден кийин төшөккө жатуу көнүмүш ишке айланган. Үйдүн кулундай иш кылат, бирок эмгеги акталбай келет. Ажар эптеп өзөк жалгап алып, Соня оңураңдап тапшырган ишке киришти. Ушул саам эмнегедир жөндөн-жөн туруп эле уялаш агасын эстеди. Бирок аны канча болду көрө элегине. Ал турсун аны тааныбай деле калса керек. Ажар иш кылып атканда оозунан сөз чыкпаган таекеси келип, үн дебестен үйгө кирди да, кайра тез эле чыгып кетти. Ал эми уулу менен кызы телевизордон көздөрүн албай, үйдө олтурушкан. Эки паласты ойдогудай таза жууп, эптеп кыйылып жаткан бакка жайып коюп, кечки тамактын камын көрүп, ашканада жүргөндө, дарбаза чертилип калды. Сыртка чыкса, бой келбети келишкен, көзгө толумдуу, өзү курактуу бала үнүн жапыз чыгарып учурашты. Ажар берилген саламды алик алып, эмнеге келдиң деген таисте карап калды эле, алиги бала:
- Соня эже барбы? - деп сурады да, күнөөлүү кишидей жалтактап, көзүн тартып алды. Ажар сын көз караш менен карап, аны таанып калгысы келди да:
- Жок, азыр келип калышы ыктымал. Кааласаң күтүп тур, болбосо, бир аздан кийин келип, дайынын билип кет, - деди. Алиги бала өкүнгөн түр көргөзүп:
- Мүмкүн болсо сиз Соня эженин өзүнө айтып койсоңуз, Марс деген бала келип кетти. Сизди ал жактан күтөм деди, - деп өзү билет. Ажар оюнда эч жаман ой жок:
- Макул, айтып коём. Бирок ал кеч келип калсачы? - деди эле Марс:
- Анда, мени менен байланышсын, бөлмөнүн телефонуна чалып, - деди. Ажар башын ийкеп:
- Макул, эмне өзүң студентсиңби? - деп сурап жибергенин билбей да калды. Марс берилген суроого жооп бергенге шашылбай:
- Ооба, Физкультурный институтта окуйм, - деп айтып, дагы көзүн жалтактатып сыр берип койду. Ажар таң калып:
-Эмне жатаканаңардын телефону барбы? - деди эле Марс бул суроону күтпөгөндүктөн, оозунан Ажар күтпөгөн сөз чыгып кетти:
- Мейманкананын бөлмөсүнүн телефонун айтып атам, - деген Марс сөздөн кармалып алганына өкүнүп алды. Ажар эми гана сөздүн төркүнүнө маани берип, Соня жеңеси эмне иш менен алектенип жүргөнүнүн четин Марстын сөзүнүн улам билди да, баштагыдан өңүн өзгөртүп:
- Макул, айтып коём, - деп жактыра бербеген түр көргөздү. Марс дароо тетири бурулуп кеткенче шашты. "Адамдын биринчи душманы тил" деп айтылат эмеспи, ансыңары Марс дагы тилинин азабын тартып, өзүн-өзү күнөөлөп, шашыла басып изине түштү,башын жерге салган бойдон.
Ажар узата караган тейде группалаш кызынын айткан сөзүн эстеди. Айнура берилүү менен айткан: "Азыр кыздар эле эмес, балдар дагы сатылат. Бизнеси бар акчага көпкөн аялдар бой келбети келишкен студент балдарды саатына, керек болсо бир күнгө сатып алат экен" деп айтканда, Ажар ишенбей койгон. Ошол кантип болсун деп. Эми минтип Айнуранын айткан сөзү чын экенин билип башын чайкап өкүнүп алды. Бирок, Соня жеңесинин андай ишке барарына дале ишене берген жок. Анткен менен алиги Марстын жалтактаган көз карашынан бир нерсенин чындыгын байкады. Үйгө кирип, мантыны түйүп, отко койду да, үй ичин бир сыйра жыйнап коюп, сабагына көз жүгүрттү. Бирок, оюнун баары эле Соняга такала берди. Эмнеге кечикти, мүмкүн Марс менен табышып, мейманканада жатабы. Балким ишинде кармалып жүрөбү деген түркүн ойлорду ойлоп атып, сабак окугандай деле болгон жок. Аңгыча манты да бышып, даяр болду. Бирок күткөн Соня келген жок. Таекеси, көңүлү суз:
- Ажар тамагың даярбы, жеңеңди күтсөк ачка калабыз го, бышса алып келе берчи, - деди. Ажар үн дебестен өз ишин жасап атып "Эркек болбой кал" аялына ээ боло албаган эркек да эркекпи, деп сын көз менен карап койду, таекесин. Эгер, Марс менен жолукпаса, Соня жөнүндө жаман ойду ойлобойт деле болчу.
* * *
Соня, үйгө келатып, имерилиштен Марска жолугуп калды. Алгач Марс шашкалактап:
- Сизди күтө берип, тажаганда үйүңүзгө барып келаткам. Бир кыз чыкканынан сурасам, азыр келет деп айтканынан күтпөй эле кете бердим, - деп, Марс айтып өттү эле, Соня карбаластап:
- Үпөлгө баргам. Азыр ал даяр. Бирок, биринчи жолу мындай ишке барганы аткандыктан коркуп атат. Эптеп көндүрүп бери баскам. Азыр такси кармап биз бара калабыз. Сен алдыга кете бер, - деп Соня үйүнө келбестен Үпөлдү көздөй шашыла жөнөдү.
Үпөл базарда чогуу иштеген келин. Күйөөсү жок. Үч баласын өзү багат. Бирок иштеген ишинин майын чыгарган, эмгекчил аял. Жашы кырктын экисине чыккан, бою кыска болгону менен көзгө толумдуу, кара торунун сулуусу. Соня болбой ушул жолго түрттү. "Эриң болбогон соң сени ким карап жүрүптүр" деп, өзү барып жүргөн ыплас жолго Үпөлдү жылуу сөз менен азгырган болчу. Ал күнү Соня "эки саатта келем" деп коюп, кечинде кеч келди. Бирок, анын канчада келгенин эч ким билген жок. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, эртеси күнү күүгүм талаш Ажар сабактан келгенде сөз удулун келтирип:
- Жеңе, сизди кечээ Марс деген бала издеп келген. Анан бул телефонго чалып байланышсын деп, бөлмөнүн телефон номерин берген эле, - деди. Соня мындай сөздү Ажардан күткөн эмес, же бир ылайыктуу шылтоо таап айта албай жарга такалган кайберендин абалын кийип, эч үн дебестен, оозуна сөз келбей туруп калды да, анан кара күчкө калп жылмайып,
- Андан карызга акча алдым эле, ошону сурап келген го, - демиш болду. Ажар ушул саам өзүн кармана албай, чындыктын көмүскөдө калышын каалабай, өзүнүн шар мүнөзүн карматып:
- Жеңе, ал бала өзү айтты го, студентмин деп. Студентте кайдагы акча. Эмнегедир күнөөлүү кишидей жалтактап караганынан, ал бала сизге акча карыз го деп ойлодум эле - деп, сөз менен чымчып тийишкен болду. Ушул жерден баягы чакчаңдаган Соня сөзгө жыгылып:
- Ажар, ал баланы эсиңден чыгарып койчу. Бирөөлөр ал балага акча берип кой деген. Эми ал бала мени издеп келбейт, - деп оозу бош айтты.
Ажар, жеңесинин сөздөн чалынып, уят болгонуна көңүл бурбаган киши болуп койду да, сөздү башкага бурду. Бирок, эмне иш менен алектенип жүргөнүн билип, жийиркене карап, "Ушуга кор болгон таякем ай" деп, кой оозуна чөп албаган таякесин аяп кетти. Таянеси айтчу эле "Ургаачынын жаманы эринин көзүнө чөп салат, эркектики эч нерсе эмес, көп билинбейт, ал эми аял кишинин булганганы өтө жаман", - деп сөзүн кыска бүтүргөн болчу.
Чейрек жылдан ашык ушул үйдө жашап, Соня жеңесинин терс сапаттарын четинен биле баштаган Ажар, тезирээк эле жатаканага чыгып кетсем, дегенде эки көзү төрт болуп ойлогон оюу бир гана эркиндик болду.
Көңүлү алагды болгон соң, жарытып сабакка деле даярдана алган жок. Күндөгүдөн эрте жатты да, тез эле уктап кетти. Эртеси сабактан чыкканда, физика сабагынан берген Гүлүмкан Тынаевна, Ажарды өзүнө чакырып:
- Ажар, мен комендантка сүйлөшүп койдум, ага барып жолуксаң, сага жатакана берет. Сенин абалыңды көрүп туруп, кантип жардам бербейин. Мен дагы сендей кезде абдан кыйналгам, аталаш туугандардын үйүндө жүрүп. И, баса, анан сага иш дагы таап койдум. Үчүнчү этаждын полун жууйсуң, сабактан кийин бир маал. Акчасы сага жетет - деп, оюн айтты эле Ажар жөн эле таянеси тирилип келгендей сүйүнүп кетти. Гүлүмкан Тынаевна менен жылуу коштошуп, комендантты көздөй учуп күйүп жөнөдү.
Андайда жол узарып, бут шилтенбей калат эмеспи. Ажар, жөн эле жоо кууп келаткансып, шашып баратканда алдынан группалашы Айнура чыгып:
- Ажар, сен кайда шашып, жайчылыкпы деги? - деп суроолу карады эле, Ажар өтө шашылыш экенин билгизип:
- Айнура, мени кармаба, шашып атам, жайчылык эле - деп, тез-тез кадам шилтеп сапарын улады. Жатакананын эшигинин алдына келгенде гана өзүн токтоо кармап, оюн бир жерге топтоп, кадамын жайлата, коменданттын бөлмөсүнө келип, эшигин чертип, ичкери баш багып:
- Уруксатпы эже? - деп жооп күтүп туруп калды. Комендант орто жашка барып калган толук, бирок, абдан түшүнүктүү жана боорукер, калыс сүйлөгөн аял. Ажарды көргөндө адатынча жылмайып:
- Кел. Ажар, сени Гүлүмкан Тынаевна жибердиби?-деди эле, Ажар энтигип:
- Ооба, эже, -деп сөз айта албай туруп калды. Комендант:
- Ажар экинчи этаждагы отуз бешинчи бөлмөдөн бир орун бошоду. Ал жерде жашаган кыз академический отпуск алып кетти. Кааласаң азыр деле барып жашай бер. Анан айттыбы, үчүнчү этаждын полун жууйсуң - деп.
- Ооба, Гүлүмкан эже айтты.
- Анда, ме, азыр эле алып кет, сага керектүүлөрдү деп, одеал, шейшеп берди. Ажар жүзүнөн нур таамп сүйүнүп, кош-кат ырахматын айтып, айтылган бөлмөнү көздөй жөнөдү. Ал бөлмөдө группалаш кыздарынан экөө, анан башка факультетте окуган өзүнө тааныш кыз жашайт эле.
Энтиге басып бөлмөгө кирди да өзүнө өзү ишенбей турду. Кубанычтуу жүзүнөн нур тамып, жолдон акча таап алган кайырчыдай өзүн бактылуу сезген Ажар ал күнү орунду алып коюп, үйдү көздөй жөнөдү. Эртең биротоло көчүп келем деп. Эх, адам баласынын тилеги кабыл болгон кандай жакшы. Ажар окууга өткөнү, тилеген тилеги, жатакана алуу эмес беле. Көңүлү алда кайда алып учуп, таттуу кыялдарга жетелене Сонянын жемесинен эми кутулдум деп ойлоп, күндө басып өткөн жолду тез эле басып өтүп, үйгө кантип жеткенин да билбей калды.
Бул учурда Соня үйдө жок эле. Анын кайда, эмне кылып жүргөнү эми Ажарга бештен белгилүү иш эмеспи. Кабагы бүркөлүп, өзүнө керектүү буюм теримдерин даярдап койду да, Соня жеңесин чыдамы кете күттү. Бирок, Соня ал күнү кеч келип, Ажар жолуга албады. Эртең менен Соня эле болсо эрте турат. Тоону томкоруп, ойду омкоруп келгенсип, уктап жаткан Соняны, Ажар ойготкондон жазганып, өзүнө керектүү жүктү алып жолго түштү. Столдун үстүнө кат жазып, калтырып койду. "Таяжеңе, мен жатаканага чыктым, кечинде келбейм, сизди кечинде күтүп отуруп уктап калыптырмын. Ажар" деп. Соня, Ажардын жазган катын окуп, үнүн чыгарып, "Ырас болгон экен" деп, кобуранып алды. Бирок эми үйүн ким жыйнап, тазалайт, ал жагын эстегенде көңүлү кирдей түштү.

#16 04 April 2014 - 20:40
* * *
Ажар жатаканага чыкканы жаны жай алып, окуудан жетишкендиктерин кеп кылбаганыбызда дагы, комнаталаш кыздардын көңүлүн алды. Атаандашуу эмне экенин билбей иш жасап, үчүнчү этаж эмес эле, төртүнчү этажды кошо жууп, өзүнө жетишээрлик акча таап, ичкен-жегени, баскан-турганы кенен болуп, убакыттын өтүшү менен бирге көңүлү өстү.
"Адамдын көңүлү өсмөйүн, көөдөнү өспөйт" деп айтылгандай Ажар кызыл гүлдөй буралган, жаз гүлүндөй кулпунган кыз болуп чыга келди. Студенттик күндөр кандай таттуу. Андан дагы өзүн эркин сезген Ажар, Соня таяжеңесинин үйүнө каттаганды кан буугандай токтоткону менен, ал жөнүндө ойлоно берди.
Анткени, анын эмне иш менен алектенип жүргөнүнүн четин билип калган да, андан дагы ал үйдө жашап, үйдүн сырын толук билгени ушул ойду ойлогонго түрткү берди.
Күнгө ишемби эле, бул күнү сабактан эрте чыккан Ажар, Кызыл-Аскерди көздөй жөнөдү, таякесинин үйүнөн дайын алганы. Эмне иш кылып атышат болду экен деген ой менен. Кантсе да кыз эмеспи. Кыз кишинин боорукерлиги, сүйкүмдүүлүгүн ким тана алат. Бирок беш кол тең эмес дегендей, кээ бир таш боор, жада калса өз эне-атасына дагы мерез мамиле жасаган кыздар жок эмес. Ажар ата-эненин мээримине канбаса дагы, боорукерлик сапаты жогору. Кээде кайыр сурап отурган адамдарды көргөндө колундагы акчасын бере салат. Өзү жөнүндө эч нерсени ойлобой. Эгер эркек бала болуп жаралып калганда чечкиндүү, колу ачык, кайрымдуу бала болот беле. Чогуу жашаган комнаталаш кыздарды Ажар багат деп айтсак дагы жарашат.
Күндө басып өткөн жолу менен келатып, өткөндү эстеди. Оюна Калича келди. Анын мээрим төгө караганы, ойдо жок акча берип, сүйүнткөнү, акыл насаат айтып, жылуу мамиле жасаганын эстеп "Азыр кайда болду экен" деп ойлоп койду. Өз ою менен алек болуп атып, жолду кантип басып өткөнүн билбей да калды. Таякесинин үйүнө келгенде кандайдыр бир терс күч, жагымсыз окуяны сезди. Анткени, бул үйдө жашаган эрди-катындын бири-бирине жасаган жагымсыз мамилеси, булгангандары, үйгө карабай өз гана кызыктарын ойлогондоруна үй деле таарынса керек. Ал эми бойго жеткен кызы менен баласы жылан чагып атса таш алып бергенге жарабаган мерез адамдар экенин Ажар беш колундай билет.
Астананы аттап кирип эле, үйдүн чачылганын көзү чалды. "Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал" дегендей, эшиктин алды менен үйдүн ичин Ажар ирээтке келтирчү эле. Жөн эле жылдап үйдө киши жашабагансып, үйдүн кейпи кеткен. Айзат адатынча телевизорго алаксып үйдө жалгыз отурган экен. Ажар кирип келгенде ооз учунан:
- Эже кандайсыз? -деген болду.
Саламды алик алган Ажар:
- Жеңем, таякемдер кайда? -деп сурады эле Айзат:
- Билбейм, иштери менен жүрүшсө керек, - деп жооп берди, да телевизорду карады. Ажар көп суроо бергиси келбей, үйдү жыйнаганга өттү. Бул үй өз үйүндөй болуп калган үчүн көнгөн адаты менен жөн тура албады. Газга чай коюп, үстөл дагы даярдап койду. Арадан бир сааттан ашык убакыт өткөндө гана Соня келди да Ажарды көрүп чын ыкласынан сүйүнүп кетти. Экөө учурашып көрүшкөн соң, үйдүн жыйналганын көрүп Соня:
- Азаматсың Ажар. Үй жыйнаганга моюн жар бербей кетти эле. Ырас чайың дагы даяр турбайбы. Курсак ачты "базар" деп жүрүп. Отуруп шашпай чай ичели, - деди, кабагы ачылып, ушул саам гана Ажардын баркын билип, жылуу сөзүн аяган жок. Адам үчүн өзгөчө аялзаты жылуу, жумшак жагымдуу сөз укканга кандай куштар. Сонянын жасаган мамилеси Ажардын көңүлүн өстүрдү. Баягыдай сөз менен чымчып тийишип, көзү-башын акшыңдаткан Соня, бул жолу такыр эле башка адам, карышкырдын кейпинен, койдун кейпине өткөрүп койгонсуп момурап көп сүйлөбөй, Ажар куюп берген чайды маашырлана ууртап:
- Ажар, окууларың кандай?-деп берилүү менен сурады.
Ажар берилген суроого кыска гана, "жакшы" деп жооп берип, өзүңүздүн иштериңиз ойдогудайбы? -деп кайра суроо берген болду. Соня кабагын түйүп:
- Баягыдай эмес. Эмнегедир барган сайын баары эле кымбаттап, соода кылган адам аз. Өткөндө камера храненияга ууру кирип, бир топ товарымды уурдатып ийип, таежеңеңдин шайы оой түштү. Таекеңден пайда жок...- деп, үшкүрүнгөн болду да, сөз учугун башкага бурду:
- Ажар, сен бүгүн келиштирип жаркөп жасагын. Мен кичине эс алып алайын. Сени көргөндө өзүмдү да таштап салдым көрүнөт. Баарын өзүм жасап жүрүп Айзатка да эч нерсе үйрөтпөптүрмүн, - деп биринчи жолу күнөөсүн моюнга ала сүйлөдү эле Ажар:
- Таежеңе, Айзатка аз-аздап иш кылганды үйрөтө баштаңыз. Эки жылдан кийин мектепти бүтүп, күйөөгө тийип калса, эч нерсе жасаганды билбей турса, сизге эле сөз тиет. Раматылык таенем мени колуна алганы иш жасаганды үйрөтүп баштаган. Бешинчи класстан камыр жууруп нан жасачумун, - деп кошумчалады. Соня:
- Ажар, сен туура айтасың. Кыздын жаман чыкканы энеге сөз тийгизет. Уулдун жаман чыкканы атанын атын булгайт. Бирок, негизи эле бала менен кызды орус мектептен окутпаш керек экен. Орус тилин так сүйлөгөндү үйрөнгөнү менен орустардай кайырдин болуп калат тура. Өткөндө башым ооруп, төшөк тартып жатып калдым эле, кызым менен уулум абалымды сурап койгонго жарашкан жок. "Адамдын көңүлү гүл" деп айтылат эмеспи, экөөнөн көңүлүм сынып, ошондо сени эстедим. Сенин баркыңды билдим. Сени канча урушуп тилдесем да, эч үн дебей иш менен алек болуп жүрө бергениңди кантип эсимден чыгарайын. Эгер ошол убакта сен болгонуңда жанымда болот элең. Бул экөө жерде бирдеме жатса, өйдө алып койбой аттап кетишет.
Ажар таежеңесинин сөзүн угуп, "Эми эсиңе келген экенсиң" деп ойлоп, өзүнүн жасаган эмгегинин үзүрүн таежеңесинин сөзүнөн улам билип кабагы ачылды.
- Таежеңе, ишенесизби, мен сизди мурун абдан жакшы көрүп, силерге келгени сизди эне катары сезип, мамиле жасасам деп ойлочу элем. Таенем өлгөндөн кийин өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, сиз мени өгөй кызыңыздай абдан жаман мамиле жасап, көңүлүмдү сындырдыңыз эле. Үйгө мойнунан байлаган иттей араң келчүмүн, сизди эмне деп урушат, деп өзүмдү уруш жегенге даярдап. Канча иш жасасам да сизге жакчу эмесмин.
Соня калп күлүп:
- Акча адамды көптүрөт деген чын экен. Ошол учурда акчаны тутамдап таап, сөзүм чоң чыгып турбадыбы. Ажар:
- Баягы Марс деген балага жолугуп атасызбы, - деп, Соня күтпөгөн суроону берип жооп күткөнсүп карады эле Соня:
- Ал балага жолукпай калгам, - деп, күнөөсүн моюнга алгансып, көзүн жалтактатып, уялгансып кетти да.
- Ажар, мен жата турайын, сен ишиңди баштай бер, - деп сөздүн уланышын каалабай ордунан турду, Ажар туура эмес суроо берип алганын кеч түшүнүп, өкүнүп алды да:
- Таяжеңе, этти муздаткычтан эле алайынбы?-деп сурады Соня дале болсо уялган түр көрсөтүп:
- Ооба, үйдү өзүң билесиң да. Баары өз ордунда эле. И, баса, тиги баштыкта суу май бар. Керектүү нерселериңди Айзаттан сура, - деп, ичкери кирип кетти.
"Уят өлүмдөн катуу" дегендей, Соня, Ажардын берген суроосунан кийин өткөндү эстеп, диванда бир топко ойгоо жатты.
Акча эмнени гана кылбайт. Соня билими жок болгон үчүн, баардык жаман жолго тез азгырылганын, Ажардын сөзүнөн улам билип турду. Чынында эле Ажарды сүлүк курттай жеп урушкан күндөрүн эми гана сезип, андан дагы жаш балдарды кызылдай акчага сатып алып, дене кумарынын кызыгын баарынан жогору койгонуна өкүнүп турду.
"Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, Ажар болгон өчүн Соняга бир ооз сөз менен алып алгандай сезилди. Шыпты тиктеп жаткан Соня, Ажар үйүнө жашаганы келгени иши алдыга жылып, ал жатаканага чыгып кеткени киреше кирбей калганына эми гана баам салып, Ажардын ырыскылуу кыз экенин анализдеп көрдү. Ал турсун үйүнө келип, Ажарды көргөндө, өзү дагы сүйүнүп кеткенин, үй Ажар менен бирге кооз көрүнгөнүн да эстеди. Бир учурда кайын энеси Сыйда айткан эле.
- "Сонунбүбү менин сөзүмө терең маани бер. Ажар кийин чоңойсо, силердин үйгө барып окуйт, чоң окуу жайдан. Бул жетим кызда ырыскы бар. Көңүлүн өстүрүп, жакшы мамиле жасасаң анын урматын көрөсүң. Жетимди уруп, сабаган адам Аллага жакпайт. Сенин тилиң ачуу эле. Урушуп, кор кылбагандай бол. Бири кем дүйнө деген ушу. Жок дегенде апасы же атасы тирүү болгондо эмне. Кыскасы менин айткан сөзүмдү жерге таштаба" деген эле. Ошол айтылган сөз эми эсине келип, өкүнгөнүнөн улутунуп алды. Чынында эле Ажарды кандай кор кармады. Ага өткөн убак гана күбө. Уктап жаткан адамдай кыймылсыз көзүн жуумп жатканы менен Соня терең ойдун кучагында жатканын танып болбойт эле.
Бир убакта Ажар:
- Таяжеңе тамак даяр болду, - деп, айтканда Соня уйкудан ойгонгон адамдай көзүн ушалап:
- Катуу уктап кеткен турбаймынбы, - деп сөз улап ордунан турду да, бетин жууп, столго отурду. Аңгыча Ажар булолонгон тамакты чыгарып келди да ортого койду. Соня кабагы ачыла:
- Ажар тамагың укмуш даамдуу болгон го, жытын эле карачы, - деди. Жылуу сөз уккан Ажар:
- Таяжеңе, курсак ачканда кандай тамак болбосун даамдуу жыттанат. Курсагыңыз ачса керек, - деп, - Айзат, келгиле тамак ичкиле! - деп үн чыгарды.
Баары чогуу тамакка отурганда Ажар:
- Таяжеңе, таякем кайсы убакта келип калат? - деп сөз улансын үчүн эле сураган болду. Соня:
- Ага түшүнүп да болбойт. Кээде кечке үйдө болот, кээде түн ортосунда келет. Тапкан акчасын эмне кылып атат билбейм. Аялдар колуна акча тийсе үйүнө бир нерсе алганга шашат. Ал эми эркектерди түшүнүп болбойт. Өткөндө акча керек болуп калып миң сом сурасам "акча жок" деп бербей койду да эртеси паравойдун трубаларын сатып келиптир. Мага акча берип койсо эки сааттан кийин эле бермекмин да. Азыр азык-түлүк бүт менин акчама келет. Ал акчасын эмне кылып атат, ишим да жок.
Сөз ушул жерге келгенде эшик ачылып, Ажар күткөн таякеси келип калды. Ажарды көрүп:
- Кандай Ажар? - деп ооз учунан учурашты да, адатынча ички үйгө кирип кетти.
Бир мүнөз, сөзгө сараң таякесине Ажар такыр түшүнбөй келет. Жок дегенде таякедей болуп, ал-ахыбалын кенен сураганга дагы жарабай үйгө кирип кеткени, Ажардын көңүлүнө азыраак көлөкө түшүрдү. Бирок Ажар тез эле аны эсинен чыгарып:
- Таяжеңе, сизге бир сунуш айтайын, макул болосузбу? - деп, жадырай карады.
Соня таң кала:
-Айтып көр. Эгер көңүлгө жакса макул болом.
Ажар Айзатты карап:
- Таяжеңе, мен Айзатты сабактан кийин тигүүчүнүн окуусун окутсакпы деп ойлодум эле. Дегеним, азыр тигүүчү кыздар акчаны жакшы таап атышат. Андан дагы ишке болгон жөндөмдүүлүгү артат эле.
Соня көңүлү суз:
- Эгер окуса мен каршы эмесмин. Бирок Айзат ага жарабайт го.
-Эмнеге жарабайт. Азыр Айзаттан жаш кыздар тигүүчүлүктү үйрөнүп атышат. Баарына аракет гана кылыш керек.
Айзат сөзгө кошулуп:
-Мен каршы эмесмин. Бирок сабак окуганга үлгүрөмбү?-деди эле Ажар, көңүл оорутпагандай сөз менен:
-Эмнеге үлгүрбөйсүң. Ансыз деле кечке телевизор көрүп отурасың го. Бул деген жалкоолуктун белгиси. Бир күндө көп болсо эки саат окуйсуң. Эки саат телевизор көрбөй койсоң тигүүчүлүктү үйрөнүп аласың. Кыз кишиге иш жасай билген жакшы эмеспи. Баары өзүңдүн келечегиңе керек.
- Ажар сен туура айтасың. Эгер Айзат макул болсо мен бул сунушту колдойм. Сен айткандай иш менен алаксыган жакшы эмеспи.
Бул күнү узун сөздүн талкуусуна кирген үчөө тээ бир топто гана сөзгө чекит коюшту. Ушул саам гана Ажар өзүнүн баркын экөөнө билгизе алды.
Учурдан пайдаланып бир топ маанилүү сөздөрдү айтып, Соня менен Айзатты туура жашоого үндөдү. Ал эми таякеси кырс мүнөзүн карматып "курсагым ток" деп, даам ооз тийген да жок. Бул жолу Ажар үйдө өзүн эркин сезип, өзүн кожоюн тутуп, көп деле иш кылган жок. Ал эми Соня, Ажардын айткан маанилүү сөздөрүнө баа берип, ойго чөмүлдү. Өзгөчө кызы тууралуу айткан идеясы көңүлүнө абдан жакты. Сөз учуру келгенде Ажар экөөнү сөзгө тартып:
-Илгери бир байдын жалгыз кызы болгон экен, - деп сөз баштады.
Байдын кызы бойго жеткенге чейин өзү чай куюп ичпептир. Бир күнү алыстан куда түшүп келген конокторду көзгө илбей, эрке адатын карматып чоёктоп, оозун чоюп сүйлөп:
-Апа, мага чай куюп бериңизчи-дейт. Иш кылып аткан апасы өзүн ыңгайсыз сезип:
-Кызым өзүң эле куюп иче бер. Менин колум бошобой атканын көрүп турбайсыңбы- десе кызы:
-Апа, мен чай куйганды билбейм, деп коноктордун көзүнчө ата-энесин уят кылат. Арадан аз убакыт өтпөй атасына эркелеп, өзүнө жарашыксыз үн менен:
-Ата, мага чучук чагып бериңизчи? - дейт. Баятан бери кыздын терс сапаттарын байкап отурган куда түшүп келген киши, байга:
- Я, Жаныбек, биз келин кылчу кызды абдан эрке өстүрүп, көлөкөдө баккансыз го? - деп сөз менен чымчып өткөндө бай: "Карга да баласын аппагым" деп айткандай, көзгө басар жалгыз кызым болсо, андан дагы силер куда түшүп келгени кызымдын бойго жеткенин билип, силерге эмне деп жооп беришти билбей турам - дейт. Аңгыча байдын кызы атасынын сөзүн оозунан жулуп алып, азыркы орус мүнөз күткөн кыздардай:
- Ата, мага качан тойго кийген көйнөк алып келип бересиң? - деп чоёктогондо, куда түшүп келгендердин көңүлү сынып, байга кайрылып, сөз менен чымчып сүйлөп:
- Жаныбек, сен алгач кызыңа баа бер. Биз жакшы тилек менен келдик эле, кызыңыз бойго жеткени менен келин болгонго али жарай элек экен - деп, жылуу сөз айтып издерине кайткан экен. Ошондо гана бай кызынын эч нерсеге жөндөмсүз экенине баам салып, аялына күнөөнү коюптур. Айтмакчы, кыздын дене-бою менен бирге акыл эси да жетилишине ата-эненин тарбиясы чоң таасирин тийгизет. Таяжеңе ойлонуңуз. Убакыт өз нугунда өтө берет. Сиздин ишиңиз бүтүп, кызга тарбия беришиңизди убакыт күтүп турбайт. "Кыз кылыгы менен кымбат" деп айтылат. "Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы" деген дагы кеп бар. Мен сизге акыл айткандан алысмын. Жөн гана таянемден уккан сөздөрдү гана айттым дегенде, уктуңбу дегенсип Соня Айзатты карап койду.
Эртеси күнү кечке жуук көңүлү өсүп жатаканага келатып, Ажар ойдо жок жерден кадамын Каличанын үйүн көздөй бурду. Бир жолу кабар алып койсомбу - деп, "Бир күн даам сызган жерге миң күн салам бер" деген сөздү эстеп. Бул учурда Калича жаңы эле үйүнө келип, жалгыз чай ичкени отурган. Эшиктин коңгуроосу басылганда, эшикти ачып, көргөн көзүнө ишене бербей, делдейип эле туруп калды.
Качан гана Ажар мокок мүнөзүн карматып:
- Эже сизге эмне болду, кандай жүрөсүз? деп, экинчи жолу учурашканда Калича Ажарды кучактап, бетинен сүйүп:
- Ажар сени чын эле көрдүмбү? Ишенбей турам, көргөн көзүмө, - деп, сүйүнгөнүн жүзүнөн билдирип жан-алы калбай ысык кабыл алды. Сөз экөө чайга отурганда уланды. Калича чай куюп атып:
- Ажар, сен мени кечирип кой. Өткөндө жакын адамым каза болуп, айылга кетип калдым. Жолго чыгып алып, анан эстедим "кап" эшикке кат жазып кыстарып кетпей деп. Келгенден кийин сени издеп институтка да бардым. Чынын айтсам мен эми сени жоготуп алдым го деп өкүнүп аттым эле.
Ажар Каличанын чын ыкластан жасаган мамилесине ыраазы болуп, толкунданып:
- Эже, сиз мени кечирип коюңуз. Андан кийин да үйгө сизди издеп келбегениме. Азыр жататканада жашап аткам, - деп өзү жөнүндө үстүртөн айтып берди. Калича кабагы ачык чай ууртап, жоголгон буюмун тапкан адамдай:
- Ажар, сен азыр менин тилимди ал. Макул көрсөң, бүгүн үйгө жатып, эртең кет. Менин сага айта турган узун сабак кебим бар. Ишенесиңби, мен сени көргөн көзүмө ишене албай, сени бир көрүп, сага чын ниетимден берилип турам.
Ажар таң калып, "Эмне мага мынча кызыгып калды. Же таяжеңем айткандай мени бирөөлөргө сатып, пайда көргөнү атабы" деп да жаман ойду ойлоп койду. Бирок, Каличанын жасаган мамилесинен, турган турпатынан андай жамандыкты байкаган жок. Чай ичилип, болгонго чейин не бир түркүн сөздөр айтылып, акыры сөз Каличанын тагдырына барып такалды.
- Ажар, мен сага өткөндө айттым эле го, "Жолдошумду кайда иштейт деп, сураганыңда, кичи ишканасы бар" дебедим беле. Чынын айтсам, жолдошум менен ажырашып кеткем. Ал мага билгизбей жаш аял алып, андан дагы балалуу болуп алыптыр. Мен аны кызганбайм деле. Мага бир ооз айтып койсо деле болмок. Союз тарап, баш аламан жашоо башталганда, мен Москвага иштегени кеткем. Ал учурда эки балам жаш эле да. Балдар кичине кезинде дүнүйө топтоп алайын деген илгери үмүт менен Москвага иштегени барып, жакын курбу кызыма алданып, ал жакта эки жыл жүрдүм. Курбу кызым мени алдап документтеримди да жоготуп, акыры өзү менден качып, Кыргызстанга кетип калды. Документиң жок кайда барасың. Эч ким да ишке албайт эмеспи. Кыскасы мен көргөндү эч кимге ыраа көрбөйм. Эки жыл ичинде ачка болдум, кийим киймек турсун эптеп курсак тойгузуунун, аман өз өлкөмө жетүүнүн амалын ойлоп калдым. Акыры бир жалгыз жашаган орус кемпир менен бирге жашап, Кыргызстандан "Кыргызстандык" деген документ келгенге чейин байкуш жалгыз калган ал кемпирдин оокатын жасап аны бактым. Күндүз кечке анын кошунасынын үйүндө оокат кылам. Күлү менен кирип оту менен чыгып, иш жасап, тапканыма тамак-аш алып келип, кемпирдин көңүлүн алганга аракетим күч болду. Калп айткан менен болобу, орустар эмгекти баалай билген жагы бар. Кыскасы, арадан эки жылдай убакыт өтүп, кыш келип калган. Баягы, мен иштеген орустар алыс жакка кетип, ишсиз калганда, көчөгө чыктым жумуш издеп. Бирок мага жумуш деле табыла койгон жок. Курсак ачка. Кечинде колума бирдеме кармай барбасам кемпирдин көңүлү сынат. Ал байкуш да мени караан тутуп, жашап атканын көрүп туруп зээним кейиди. Бир күнү кечке эч иш таппай, курсагым ачып, таштандылардын арасынан эки кесим нан таап жеп, ушундан көрө өлүп калайын деген ойдо, шаардын четиндеги көрсүстөнгө бардым. Чынын айтсам жан деле таттуу экен. Көрүстөндүн сүрү мени сүрдөтүп, өзүмдү бир топко чейин кармап турдум да, сууктан ыктоо деп бир эстеликтин алдына барып отуруп, өткөндү эстедим. Кайдан дагы азгырылып, бул ишке келдим эле деп, эки баламды сагынганымдан ал жерден ыйлап да алдым. Негизи эле аялзатынын күчү көз жашынан чыгат эмеспи. Ал жерде канча отурганымды билбейм, бир убакта машине келип токтоду. Дароо жүрөгүм бир нерсени сезип, мен алардан коркуп жашынып калдым. Өзүм тээ бала кезимден орус тилин жакшы билчүмүн. Ал балдар машинадан түшүп эле мүрзөлөрдү аралап бирдеме издеп киришти. Кеминде эки сааттай убакыт издеп, издегендерин таба алышкан жок. Акыры, бир жаш баланы ур-токмокко алышты. Ал бала жан алы калбай "Ушул эле көрүстөнгө каткам. Эртеңкиге чейин убакыт бергиле. Мени өлтүрбөгүлө" деп, суранды, бирок анын сөзүн эч ким уккан жок. Акыры баланын үнү чыкпай калды. Ошондо билдим адам баласындай мыкаачы жан жок экенин. Алар кеткенден кийин мен ал балага барып, карасам денеси муздап калыптыр. Ушунчалык капа болуп, ал баланын жанында бир топко туруп, анан аны үстү түшкөн мүрзөгө сүйрөп барып көмүп салууну ойлодум. Анткени, таң атканча ит, мышыктар денесин жеп кетмек. Ошол суукта ачка жүргөн иттер андан көп, мышыктар мындан көп эле.
Ажар сөздү кунт коюп угуп аткандыктан өзүн Каличанын ордуна коюп көрүп, "Менин кыйналып азап чеккеним эч нерсе эмес турбайбы" деп да ойлогонго үлгүрдү. Ойдон откөн күлүк эмне бар. Калича, башынан өткөн окуяны айтып берип атып, көзүнө келген чолок жашты аарчып, сөзүн андан ары улады:
- Эптеп ал баланы эки колунан тартып сүйрөп жакын жердеги үстү түшкөн мүрзөгө денесин акырын түшүрүп атып, өзүм кошо түшүп кеттим. Аял деген аял да, үнүмдүн баарын чыгарып, бир чаңырганымды билем, калганы эсимде жок. Аз убакыт өтпөй эсиме келдим да, ордуман турайын деп колумду өйдө сунайын дегенче болбой, колум бир нерсеге урунду. Айдын жарыгы айланага тегиз төгүлүп турган. Мен "бул эмне" деген ойдо карай салсам, мешок экен. Канчалык жаны кыйналып турса да адам баласы кызыккан нерсени көргөнгө кызыгат эмеспи. Ордумдан эптеп туруп мешоктун оозун ачсам, мен күтпөгөн нерсе экен. Көрсө, курган бала ошол бир мешок акчаны кайда катканын билбей калып, бей ажал өлүм менен бул дүйнөдөн кете берди. Мен ал мешокту алгач алып чыгып, бекем жерге каттым. Тиги баланы бетине жүз аарчымды жаап, анан эптеп жашырган болдум да. Таң эрте орус кемпирдин үйүнө баягы мешоктогу акчанын теңин алып келдим. Бирок орус кемпирге ал акчаны көргөзгөн жокмун. Эртең менен бир купюра жүз долларлыкты алып чыгып алмаштырдым да, шек алып калбасын деп аз эле азык түлүк алып келдим. Баягы калган акчаны арадан үч күн өткөндө коркуп атып эптеп, сак сактап эки жакты карап элеңдеп атып алып келип, анан чоң толук түктүү пальтонун ичине билинбегендей кылып тигип чыктым. Арадан бир жума убакыт өткөндө бир милиция келип: мага "кыргызстандык" деген кагаз келди деп берип кетти. Ошондогу менин сүйүнгөнүмдү айтпа. Эптеп поездге билет алдым да, баягы пальтону кийип, жолго чыктым. Орус кемпир мени кетиргиси келбей кыйылды, бирок жакшы узатты. Жолдон жеп кет деп капуста салатын берди. Мен кош-кат ырахматымды айтып үйдөн узап бараттым, аны карасам, аскерге уулун узаткан энедей, мени карап турган экен. Ошол кезде мен орус кемпирди абдан аяп кеттим. Ал кемпирдин бир кыз, бир баласы бар экен. Бирок экөө тең алыста жашап, өздөрү менен өздөрү болуп кетиптир. Бирок акча салып турат окшойт. Абышкасы эки жыл мурда өлүптүр. Азыр дагы ал кемпир менен телефон аркылуу байланышып, кээде акча салып турам. Келип кет деп суранат. Убакыт жок ага барганга.
Сөз ушул жерге келгенде Ажар кызыгуусу арта:
- Эже, анан поездден эч ким тийишкен жокпу? - деп суроо узатты. Калича туура суроо бердиң деген мааниде Ажарды карап, берилүү менен сөзүн баштады.
- Ал бир узак кеп. Менин чоң апамдын кыргызчылык касиети бар эле. Мен аны көп жыл кармабай жүрүп, өкүнүп кийин гана моюнга алдым. Ошол чоң апамдын касиети да жардам бердиби деп ойлоп калам.
Поездге түшүп, олтурганда бир катуу үшкүрүнүп алдым, "чын эле ушул шаардан кеттимби" деп. Ага чейин жол азабын деле ойлобоптурмун. Көрсө, поезддин ичинде даана кыйноо башталбадыбы. Мен бомждордун кейпин кийип, чачымды да саксайтып алып бир орунга отурган бойдон эч жылган жокмун. Менин кейпимди көргөндө эле орус менен казактын менттери баары бир мындан эч нерсе чыкпайт дешти окшойт, мага көп деле тийишкен жок. Бирок, жанымдагы кыргыздарды жаман эзишти. Кайран гана кыргызым, бөтөн элге кор болгон. Олтурган ордуман жылган жокмун, эки жакты элеңдей карап. Колдон келсе тиги менттерди терезеден ыргытыпийет элем. Ордуман жылсам эле баары билинип калчудай сезилди. Анткени пальтонун ичи бүт толгон акча эле да. Эч ким байкабасын деп мен үч күн, үч түн ченеп тамак ичип, эч жылбай Кыргызстанга чейин келдим. Ошондо убакыттын өтпөгөнүн айт. Ата Мекен дегенде болгон эңсөөм күч алып, балдарымды көрсөм деп дегдеп, Кыргызстанга жакындаган сайын кусалыгым күч алып келдим. Качан гана Кыргызстандын чек арасына киргенде көзүм илинип кеткен экен. Ошондо мен өзүмдү-өзүм таштап салыптырмын. Бир сааттан ашык убакыт жөн эле эч нерсени сезбей уктаган экенмин. Көрсө акчанын санаасынан өткөн санаа жок тура. Шаарга келип түшкөндө алгач саунага түшүп, тазаланып, анан бир сыйра кийим алып кийдим. Бирок жупуну эле кийиндим.
Күйөөм кандай кабыл алат болду экен деп, баягы пальтону сумкага салып, камера храненияга өткөрүп койгом. Эч ким билбейт анын ичи толо американын акчасы экенин. Үйүмө жакындаганда бутум чалыштап баса албай калганымчы. Кечке жуук үйгө келип, квартиранын эшигине жакын келип, коңгуроону бассам эшикти чоочун аял ачты. Мен дароо үйдү сатып башка жакка көчүп кетишкен го деп ойлодум да:
- Күйөөмдүн атын айтып, ушул үйбү десем, ал келин оозун чоюп, араң дегенде орус тилинде жооп берди сен кимсиң дегенсип. Мен өзүмдү өзүм кармап:
- Күйөөмдү чакырып койсоңуз деп, атын айтып чакыртсам күйөөмдүн ысымы Таштемир эле. Аңгыча эле Таштемир нары жактан басып келип:
- Ал ким экен? - деп бери басып мени көрө калып эле өңү өзгөрүлүп кетти. Көрсө, мени өлүп калса керек деп ойлогон го, эч дайыным чыкпаса. Ошондо билдим мен күйөөмдүн кандай адам экенин. Кайран гана жаштыгым, кайран гана ага арнаган таза аруу сүйүүм, ошого короткон өмүрүм, - деп Калича мукактанып ыйлап жиберди да:
- Өзүмдүн үйүмө өзүм кире албай сырттан эле кетүүгө туура келди. Таштемир: "Калича, эми сен менин жашоомо кийлигишпе. Сен эми мен үчүн чоочун адамсың" дебедиби. Мен ошондо да өзүмдү-өзүм кармап,
- Балдар кайда?-деп сурасам. Өз канынан жаралган балдардан жаш аялдын койнун артык көрүп: "Балдар айылда таянесинин колунда" дебедиби. Ошондо мен өзүмдү-өзүм кармана албай ыйлап жибердим да:
- Жүзү кара, балдарда эмне күнөө. Ушул үйдү өз акчама алып ичин өзүм толтурдум эле го. Мейли, бирок кийин мага кайрылып келбе. Сендей эки жүздүү атанын баласы эмес, аялдын баласына кор болгон кайран өмүрүм, - деп, артымды карабай басып кеттим да, ал күнү мейманкага барып жатып, эртеси бир машинанын багажын толтура таттуу тарапа, атам менен апама бир сыйра кийим, эки балама керектүүлөрдү алдым, анан айылды көздөй жөнөдүм. Чет элде жүрүп кыйналганым бир тең, үйгө келип кыйналганым бир тең, болуп жолду ката көзүмдөн жаш токтобой ыйлап келдим. Келсем апам менин азабымды тартып карый түшкөн экен. Атам кантсе да эркек эмеспи, өзүн сабырлуу тутса керек. Машина эшиктин алдына келип токтогондо, алгач эле көзүмө апам көрүндү. Эч нерсеге карабай эле "Апа" деген бойдон барып апамды кучактап калдым. Ошондогу менин абалымды сөз менен жеткирип айтканга болбойт. Апам да мени көргөндө өзүн таштап салды. Чай кайнам убакыт экөөбүз бири-бирибизди коё бербей тура бердик. Анан атамдын сакалынан куюлган жашты көргөндө атамды кучактап коё бербей дагы ыйладым. Аңгыча эки балам сабактан келип калышты ээрчише басып. Мени көрүшкөндө жөн эле мен өлүп тирилип кеткендей абалда болушпадыбы. Эх, көрсө ата менен энеге баладан өткөн кымбат эч нерсе жок экен. Бир жума үйдө болдум да шаарга келип, ушул квартираны сатып алып, бизнес баштадым. Арадан алты ай өткөндө кайра Москвага барып, орус кемпирдин короосуна катып койгон калган акчаны алып келдим. Ошондо да орус кемпирге билгизген жокмун. Бирок кетээримде аны абдан ыраазы кылгам. Азыр да суранып турат келип кет деп.
Ажар кабагын бүркөп:
- Анан күйөөңүз сизге келдиби? -деди.
- Андай эркектен көрө жогу жакшы. Сырткы келбети эркек болуп басып жүргөнү менен ички дүйнөсү аялдыкынан пас экен да. Ошого окшогон аял менен акчанын кулу болгон, атанын атын булгагандар чоң кызматта иштегенде арданып кетем. Кайсы бир мекемеде иштечү. Иштен түшкөндөн кийин бир айдан кийин келиптир. Кечирим сурап анан мен айттым:
- Өзүң айтпадың беле сен мен үчүн чоочун адамсың деп, өз үйүмөн даам ооз тийгизбей кууп чыктың эле, эми кайсы бетиң чыдап эмнеге келдиң. Алдагы кейпиңди карачы, андан көрө аялдын көйнөгүн кийип алып келсең болмок. Сенде ар-намыс, уят, эркектик касиет деген неме жок турбайбы. Көзүмө көрүнбө, - деп, ачуу сөз айттым эле ошол бойдон келген жок. Бирок бекер кылган экенмин. Кантсе да эки баламдын атасы эле, шагын сындырбай акча берип койсом болмок экен. Кийин улуу баламды жибергем "атаңа барып берип кой, жок дегенде машина алып алсын" деп, үч миң доллар бергем. Балам барса ыйлап кечирим сураган экен. Азыр жаңы алган аялынын үй жумушун жасап жүрөт имиш.
Ажар сөз удулу келгенде:
- Эже, анан сизди сатып кеткен дос кызыңызга жолуктуңузбу? -деп дагы суроо берип калды. Калича күлүп:
- Ээ Ажар, анын эмнесин сурайсың. Бирөөнү күйгүзүп алдаган адам өмүрүндө оңолчу беле. Ал мага окшогон ишенчээк, ичинде кири жок көп адамдардын каргышына калып, азыр Россиянын бир түрмөсүндө жатат деп уктум. Аны эстегим да келбейт. Менин ичтеги арманым ушул. Эми мен тамак жасайын, сен үйгө эле жатып ал, - деди эле Ажар көңүлдөнүп:
- Эже, азыр убакыт али эрте. Эртең күнгө дүйшөмбү, оор күн. Бирок сиз менен чер жазышып сүйлөшкөнгө бир топ жеңилдей түштүм. Азыр мен барып жатакананын полун жууп, кайра келейин. Эртең менен эрте турсам сабакка үлгүрөм, - деди эле Калича:
- Эмне, пол жууп да иштеп жатасыңбы?-деп сурап жиберди.
- Эже, анан эмне кылам. Жанды да багыш керек да. Бирок азыр баарына көнүп, жашоом бир нукка түшүп, өзүмдү өзүм эркин сезип калдым. Пол жууган мен үчүн жумуш деле эмес. Эже, эртелейин убакытка уттурбай, - деди Ажар. Калича Ажарды жалооруган көздөрү менен карап:
- Ажар, эгер сен макул көрсөң чогуу барып келбейлиби караңгы кирип кетсе, кыз кишиге жаман го.
Ажар күлүп, үнүн шаңк эттире чыгарып:
- Камсана болбоңуз. Азыр көчөнү эркек балдар эмес кыздар таптап калган. Ашып кетсе эки саат убакта келип калам. Аны коюп сиз мен келгенче эс алып алыңыз.
- Ажар сен туура сөз айттың. Барган сайын "кыз" деген улуу сөзгө көлөкө түшүргөн жеңил ой кыздардын саны арбыды. Түн ортосунда деле кыздар көчөлөп жүрүшөт. Андан дагы өздөрүнө жарашыксыз кийимдерди кийип алгандарын көргөндө көңүл сынат экен. Өткөндө бир кызды атайын токтотуп алып көңүлүн оорутпай айттым. Айланайын, казысы салаңдайт. Киндик көрсөткөнү канча. "Мода" деп элди туурап кийине берген кантип болсун. Ажар көзүн жерге кадап:
- Сиз туура айттыңыз. "кыз бала" деген бул жашоого үлгү болуш керек да. Ошондо гана өлкөнүн маданияты өсүп, элди көзгө илбей сөгүнгөн пас эркектердин саны азаят эле.
- Ажар, кой сөз узарып баратат. Калган сөздү анан сүйлөшөлү, - деп Калича сөзгө чекит койду эле, Ажар макул дегенсип, кийимин кийип сыртка жөнөдү.
Калича Ажар кеткенден кийин өзүнчө жалгызсырап, кооз буюмун жоготуп ийген адамдай боло түштү да, кечки тамактын камын көргөнгө өттү. Бир чети Ажардын байкоосуз келип калганына көңүлү өсүп, кабагы ачыла түштү.
Ажар, эки этаждын полун жууп, кийинки күндүн сабагын даярдап коюп, сыртка чыкканда көз байланып, күүгүм кирип калган болчу. Бул учурда түнөгүнө кайткан канаттуулардай, студенттер жатакананы көздөй агылып келе баштаган. Ажар жакын эле жер эмеспи деп, жөө баскысы келип, тротуар менен келатып, арак ичип алып мушташып аткан балдарды көрүп, аялдаманы көздөй басты, жок дегенде троллейбуска отурайынчы көчөдө мастар көп окшойт деп ойлоп. Аялдамада эл көп. Жашоо менен күрөшүп каяккадыр эле шашкан киши. Бир убакта кулагына тааныш "Ажар" деген үндөн улам, үн чыккан жакты жалт карады. Классташ баласы Нурсултан экен. Ал да чоң окуу жайда окуйт. Атасы айылдын менменсинген байларынын бири. Бирок абдан сараң адам. Байлар сараң эле болбостон, ичтери да тар болуп, көрө албастык жаман сапатты баштарына үйүп алат эмеспи. Айткандай Нурсултан да атасын жазбай тарткан, ичи тар бала. Мектепте окуп жүргөн кезинде Ажардын алган бештерине ичи тарып, өзүнүн жаман сапатын көргөзүп алган эле. Ошол себептен Ажар, Нурсултанды көп жакшы көрбөйт. Каракүчкө жылмайып:
- Ой, сен кайдан? - деди, Ажар.
- Группалаштар менен туулган күнгө чогулуп кафеге отурдук эле. Азыр үйгө баратам. Өзүң кайда жол тарттың, окууларың жакшыбы? - деп сураган болду Нурсултан.
- Окуулар жакшы, турмуш өтүп атат. Бир гана өксүк таянемдин жоктугу, - деп Ажар көңүлү чөгө түштү.
Нурсултан чын ниетинен:
- Ажар, көп эле Сыйда энени эстей бербесең. Аны коюп өзүңдү кара. Сен баягы айылдагыдан бир топ өзгөрүп кетипсиң. Сени алгач көргөндө тааныбай барып анан тааныдым, - деп сөздү башкага бурган болду. Ажар болоор-болбос жылмайып:
- Шаар менен айылдын айырмасы бар да. Сен деле өзгөрө түшүпсүң. Баарыдан да сөз сүйлөө маданиятың өсүп, сылык болуп калыпсың, - деп, сөз менен чымчып өттү эле, Нурсултан:
- Кыздар кандай баамчылсыңар. Аны коюп кайда барат элең. Менин түшө турган маршруткам да келип калды, - деп келаткан маршрутканы карады.
- Мейли, сен анда кете бер. Дагы жолугушабыз да. Мен жакын эле жерге барам, - деп, Ажар сөзүнө чекит койду. Нурсултан маршруткага түшүп кеткенде гана оор жүктөн кутулгансып, кайдан да жолугуп калдым эле деп, бир кезде болгон окуяны эстеди.
Анда акыркы класста окуп атышып, жаңы жылга даярдануу кызуу жүрүп аткан. Класс жетекчи эжей:
- Нурсултан, сен Ажар менен Нурбек агайыңдыкына барып келчи, - десе Нурсултан:
- Менби, мен Ажар мененби? - деп теңсинбей сүйлөгөндө, Ажардын шагы сынып:
- Эже, ага эмне жалдырайсыз, өзүм эле барып келем. Байдын баласы жетим кыз менен бирге басса бир жери кемип калат, - деп, өзүнүн жемин жедирбей, сөз менен өчүн алган болучу. Ажар өткөндү эстеп, Нурсултандын өзгөрүлө түшкөнүнө чоң окуу жай себеп болгонуна ой жүгүртүп, билим алган адам менен билими жок адамдын айырмасы чоң экенине дагы бир жолу баам салды. Ичи толо троллейбуска отурган Ажар, Каличанын үйүнө келгенге чейин Нурсултан жөнүндө ойлоп келди. Кантсе да бирге өскөн, бирге окуган классшашы эмеспи. Аялдамадан түшүп, шашыла басып келген Ажар эшиктин коңгуроосун басканда, Калича ушул эле үндү күтүп тургансып, эшикти тез ачты да:
- Эмне кечиктиң. Жаңы эле сени карап сыртка чыгып келдим эле.
Ажар сырт кийимин чечип атып:
- Сиз дагы абдан санаакор экенсиз, таянемдей болуп, - деди эле, Калича айтылган сынды туура кабыл алып:
- Болгон эле аялзаты, эненин баары санаакор болот. Илгери өт. Менин да тамагым даяр болуп калды, - деп, ашкананы көздөй басты.
Тамак ичилип атканда Калича:
- Ажар, аз убакыт мурун эле уулум Москвадан телефон чалды, кийинки аптада келип кетем деп. Сени менен сөзсүз тааныштырам. Уулума деп атайын шаардын барктуу жакшы жерине эки кабат үй салдырып аткам. Буйруса аз эле жери калды. Бир айдын ичинде үйдүн ачкычын колума тийгизишет, - деп ичке каткан сырын төгүп салды.
Ажар уялыңкы түр менен:
- Эже, аны коюп, мен сиздин уулуңузга жагат болдум бекен. Өзү Москвада окуса. Мени карабайт го, - деп, сөзүн кыска бүтүрдү эле Калича кашын серпип, чочуган болуп:
-Эмнеге сени жактырбайт. Эң негизгиси сен мага жагасың. Ал мага сөз берген, "Сизге жаккан кызды алам" деп. Чынын айтсам, жалгыз жашагандан тажадым. Балам деле мага түшүнүп, тез-тез келип кетип турат. Бирок мен да жалгыздыкка көнө түштүм. Адам баласы баарына көнөт экен. Бул күнү экөө түн ортосуна чейин сыр чечишип сүйлөшүп отурушту. Ал турсун Ажарга Сталбектин сүрөтүн да көрсөткөнгө үлгүрдү. Өзүнө күйөө болчу баланын сүрөтүн көргөндө, Ажар анын өзүнө жолугуп аткансып, уялып кетти. Баятан бери баарына баам салып отурган Калича, Ажарды толук сынынан өткөрүп:
- Ажар, макул көрсөң сен мени менен эле жашабайсыңбы? - деди эле Ажар күтүүсүз берилген суроого жооп бере албай мукактана түштү да:
- Эже, эптеп жатаканага жетсем. Анан ал жагы кандай болот. Андан дагы мен сизди, сиз мени жакындан бери эле таанып атабыз го, - деди Калича башын ийкеп:
- Ажар, сен туура сөз айттың. Азырынча жатаканада жашап тур. Уулум келсе аны менен кеңешип көрөйүн, - деп сөздү башка темага бурду.
Сөз-сөзгө уланып, Ажар таянесинин уккан бир окуяны айтып берди:
- Тээ илгери бир бай адам болгон экен. Бирок ал байдын байлыгы көп болгону менен башка жарды болуп, бала тилек кылыптыр. Негизи адам баласы эң алгач байлык тилейт. Жаштын тилегин берет деп айтылган кеп бар эмеспи. Анын сыңары бай дагы жаш кезинде байлыкты тилек кылыптыр да анан бала жөнүндө ойлобоптур. Көрсө байлыктын башы баланын жакшы чыкканы экен да. Бай байлыгына чиренип жүрүп бала жөнүндө кеч ойлонот. Анткени, өзүнүнү байлыгын кимге мураска калтырмак эле. Арадан айлар өтүп, бай жаш аял алат. Ал аялы жыл маалында эркек төрөп берет. Бай ошондо катуу сүйүнүп, чоң той берет. Жаңы тили чыгып келаткан баланын сүйлөгөн сөзү кандай ширин. Баланын таттуулугун бай ошондо гана түшүнүп, өкүнгөн экен. Мен байлык кубалап, байлыктын кулу болуп эле жүргөн турбаймынбы. Көрсө, бул дүйнөдө бакыттын не бир түркүн түрү бар турбайбы-деп ойлоп, баласына болгон бакыттын баарын тилек кылыптыр. Кийин бай карыганда баласы сүйдүм-күйдүм деп, бир теги начар жердин кызына баш кошот экен. Бай ошондо келининин начар чыгып калганына өкүнүп, "Кап балама сүйүү бакытын тилегенде, аялы жакшы чыксын, тектүү жердин кызын алсын деп тилек кылсам болмок экен. Эми мен баламдан тирүүлөй ажырамай болдум" деп өкүнгөн экен.
Айтылгандай Калича эже, биз баятан бери көп сөздүн башын кеп кылдык. Убакыт да карып баратат. Жатып эс алалы да, сөзүбүздүн аягына чекит коёлу. Айтылбай калган тилектерибиз дагы кабыл болсун дейли. Дегеним, сиз мени уулуңузга алып берем деп атасыз. Кийин сизге сөзү тийбесин "сиздин тандап алып бергениңиз, башка аял алмак элем" деп чыкпасын. Эң негизгиси мен уулуңузга жагайын. Кыз кишинин сүйүүсү алсыз болот. Тээ бала кезден берки тилегим "күйөөм мени сүйүп алса экен, мен аны сүйбөсөм да" деп тилегем. Айткандай кыз киши бала төрөп түшкөндө бүт сүйүү бала менен бирге күйөөгө ооп кетет. Анткени баланын атасын ким жамандыкка кыят. Ал эми эркекке ар жок. Көзгө кооз көрүнгөн аялзатына тоок сүйүүсүн арнап жүрө берет. Болбосо, эркектер коштоп аял алат беле. Колдоруна азыраак акча тийип калды болду, токол аял алганга ашыккан эле эркек.
Калича мааниси терең айтылган сөзгө ыраазы боло:
- Ажар, мен сага жеңилдим. Сенде баардык өнөр жаткан турбайбы. Сенин ар бир айткан сөзүңдүн тереңинде чоң сыр жатат. "Көптү көргөн билбейт, көп жашаган билет" деген сөз бар. Сен аз жашасаң да көптү билет экенсиң. Ыраазымын сага. Сен эми жатып эс ал. Мен сени өзүм издеп барам керек болгонуңда деп, жагымдуу мээримин төгө жылмайганда Ажар, "Менин апам тирүү болгондо, сиздей мээримин төкмөк" деп ичинен ойлоп, Каличага абдан ыраазы болуп, көңүлү өсө түштү.

#17 04 April 2014 - 21:02
* * *
Күнгө шаршемби эле. Бул күнү сабак аз деген Ажардын сөзүн уккан Калича атайын аны жатаканасына издеп келди. Ажар бөлмөсүнө жаңы эле кирип, плиткага чай койгон. Эшик чертилип, Калича кирип келгенде таң калып карап калган Ажар берилген саламды да алик албастан:
- Эже, сиз кайдан адашып, - деген сөздү айтып жиберди оозуна алы келбей. Калича жарк эте күлүп:
- Керектүү кишини кичүү болсо да, улуу адам издеп келет экен да. Сенде бир аз иштерим болуп калды. Мүмкүн болсо сыртка чыгып сүйлөшөлүчү, - деди. Ажар:
- Эже, чай ичиңиз. "Куттуу жерден куру чыкпа" деген кеп бар эмеспи.
Калича ыңгайсыз абалда калды да:
- Ажар, нан ооз тийип эле чыга береличи. Сөздү кафеден сүйлөшөбүз, - деди. Ажар бөлмөдө нандан башка эч нерсе жок экенин эстеп, Каличанын сунушуна макул болуп, тез эле кийинип чыга калды. Бөлмөдөгү чогуу жашаган кыздарына:
- Силер өзүңөр шашпай чай иче бергиле. Мен тез эле келип калам, - деп Ажар бөлмөдөн чыгып кеткенде Зулайка деген кыз:
- Кап, эми Ажар жок, ичкен чайыбыздын мааниси жок болуп калат. Ажар өзү чай куюп берчү эле. Эми бири-бирибизге атаандашпасак болду, - деп, сөздүн ачыгын айтты эле, Нургүл:
- Чынында эле Ажар биздин ынтымакты кармап жүрөт. Байкем болгондо тааныштырат элем, - деп Ажарды жакшы көрөрүн билгизип, сөз улады. Зулайка:
- Нургүл, сен туура айтасың. Ажар барчу жерин көгөртчү кыз. Арактан башы чыкпаган алкаш балага тийсе дагы анын тилин таап, адам кылып кетчү касиети бар. Ажар менен бирге жашаганы бөлмөнү жыйнаган, тамак жасаган графигибиз жоюлду го. Кабагым-кашым дебей эч кимге атаандашпай эле баарын өзү жасап келатат.
Көзү көгүш, болпойгон өңү сары кыз Сүйүмкан сөзгө кошулуп:
- Силер эч нерсени билбейсиңер. Азыр Ажар болгондо, эбак стол үстү даяр болуп, плиткага коюлган чай бул жерде болмок. Азыр чайнек кайнап соолуп баратса керек, - деп, өзү туруп чайнекти көздөй басты.
Эки кыз сөзгө жыгылганын билип, унчукпай калды эле Зулайка:
- Кой, мен анда үстөлдүн үстүн даярдай берейин, Сүйүмкан, сен нан кес, - деди.
* * *
Калича Ажардын курсагы ачка экенин дароо билип, жакын жердеги кафеге баштап кирди. Кафенин сырты жупуну көрүнгөнү менен ички жасалгасы абдан тыкан жана кооз экенин Ажар киргенде эле байкады.
Сөз тамак алдыга келгенде башталды.
Калича адегенде уулунун келээрине үч күн калганын айтып, анан сөздүн ыңгайын келтирип:
- Ажар, эгер макул көрсөң мени менен базарга барып келбейсиңби. Көйнөк алайын дедим эле. Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы деп айтылат го. Өзүм тандагандан эринип, атайын сага келгем. Сен кийимди кандай тандайсың? - деди эле Ажар көңүлү суз:
- Эже мен андай ишке такыр жокмун. Себебин өзүңүз түшүнөсүз. Базарга акчалуу адамдар гана барат. Мага буга чейин таянем кийим тандап алып берчү эле. Эгер өзүмдүн ата-энем болгондо башка кыздардай болуп, кийимдин түрүн тандап киет элем. Бирок аз-аз тандай алам, - деп ашыкча сүйлөп алганын сезип, сөзүнүн аягын жумшак бүтүрдү. Каличанын зээни кейип кетти. Бирок сыр бербей:
- Ажар, жок дегенде жаныма караан болуп барып келсең жакшы болот эле. Базар аралаган жаңгыз адамга ыңгайсыз го.
Ажар даамдуу тамак жегенге ыраазы боло:
- Албетте, сиз менен барып келгенден качпайм. Сизди чынын айтсам сагынып дагы кеттим окшойт. Таянемден башка сиз гана мени түшүнөсүз. Эгер сиз менин апам болгонуңузда абдан бактылуу болмок элем.
Калича күлүп:
- Буйруса апаң болуп калам. Эгер Сталбекке жаксаң, - деп, Ажарды сын көз менен карап койду. Аңгыча официантка келип калды:
- Дагы эмне жейсиң, уялба-деди эле Ажар:
- Жок, ушуну эптеп түгөтөйүнчү деп өзүмдү-өзүм кыйнап ичип атам,-деди. Каличакейиген түр менен:
-Студенттер бир ичеги болуп каласыңар, ачка жүрүп. Чоң кыз бизге счёт бериңизчи, эртелейли-деп, официант кызга кайрылды.
Экөө ээрчишип кафеден чыкканда Ажар шашкан түр көргөзүп:
- Эже, эртелебесек кеч болуп кетет го? - деди эле Калича такси тосту да, айтылуу "Ош" базарын көздөй таксини айдатты. Ажардын кабагы ачык. Каличага жолугуп калганына сүйүнүп, улам көз кыйыгы менен аны карап "Адамдардын баары эле ушундай болсо гана" деп ойлоп койду.
Такси айтылган жерге келгенде экөө түз эле "Береке" базарына киришти да кийим караганга өтүштү. Аялзаты үчүн өзгөчө кийим саткан базар аралаган кандай жакшы. Калича эң алгач эле көзүнө урунган жакшы материалдан тигилген көйнөктү көзү чалды да, дароо аны карап көрүп:
-Ажар, бул көйнөктү өзүңө чактап көрчү, мага абдан жакты, - деди эле Ажар көңүлдөнүп:
- Мага дагы жакты. Бирок баасы кымбат экен, - деди эле Калича: - Кымбат кийимдер сапаттуу болот. Ушул көйнөктүн мага чагы барбы? - деп сатуучудан сурады. Сатуучу эпилдеп-жепилдеп товарын өткөрүү үчүн:
- Албетте, бар, - деп Каличага чагын таап берди. Калича Ажарга карап:
- Жарашат бекен, - деп, боюна ченеди эле, Ажар көзүн жайнатып:
- Абдан сонун жарашат экен, эже жөн эле бул көйнөктү сизге арнап тиксе керек, - деди Калича дароо эки көйнөктүн акчасын төлөп:
- Ажар, сага жаккан көйнөк мага да жакты, экөөбүз окшош көйнөк кийсек эмне болот экен, - деди.
- Эже мага жөн эле коюңуз. Кап, мындайды билгенимде акча ала чыксам болмок - деп, Ажар кейиген түр көргөздү.
- Ажар эч кам санаба. Аны коюп эми жакшы кофта же жемпир алалы. Акча кенен. Кийин сенин колуңдан келген учурда мага кийим алып бересиң - деп Калича сөз менен жооткотуп койду.
Ал күнү Калича, Ажарды чыштай кийинтти да, үйүнө келгенде Ажарга кайрылды:
- Ажар, макул көрсөң ишемби күнү мени менен аэропортко барып келчи, -деди. Ажар көңүлдөнүп:
- Макул эже, мен али аэропортту көрө элекмин. Ал алыспы? - деп, кызыга сурады эле Калича жооп бергенге шашылбай:
- Шаардын четинде. Отуз чакырымдай алыс, - деп айтты да, сөздүн нугун башкага буруп:
- Ажар, сага алган кийимдерди бул жакка эле калтырып койбойсуңбу? Качан керек болгондо келип кийип кетесиң. Дегеним, жатаканадан кыздарың сурап кийип, кийимдин сапатын жоготуп салышат. Адам баласы дайыма өзүнө арнап алган буюмду жана кийимди өзү гана колдонсо алган кийим менен буюм сапатын жоготпойт да көпкө кызмат кылат, - деди эле, Ажардын көктөн издегени жерден табылгансып:
- Эже, бул сунушуңузду мен беш колдоп колдойм. Сиз мага бул кийимдерди алып бергениңизде эле мен санаага баткам, "эми бул кийимдеримди кайда сактайм" деп. Чынында эле жатаканабызда кийим сактаганга болбойт. Эшигибиз да жакшы бекилбейт. Өткөндө жанымда жашаган кыз баалуу буюмун бөлмөдөн уурдатып жиберди. Ошондон кийин баарыбыз сактанып калдык.
Калича эч сыр бербей:
- Ажар, мен да студент болгом. Башымдан өткөн үчүн сага айттым да-деп, сөз улаган болду. Экөө чогуу отуруп шашпай чай ичишкен соң биринен-бири ажырагысы келбей, араң кош айтышып, Ажар жатаканага жөнөдү. Бул убакта күн уясына жаңы гана батып бараткан эле. Батыш жактагы кооздука суктана караган Ажар таянесинин бир кезде айткан сөзүн эстеди. "Бул дүйнөнүн не бир түркүн кооздугу бар. Бирок биз ага көп көңүл бурбай келебиз. Бир эле мисал тоонун башынан чыгып келаткан күн менен тоонун башына батып бараткан күндүн кооздугу эле эмне деген керемет. Керек болсо тоонун караанын көргөнгө зар болгон кээ бир өлкөнүн элдери бар. Тоолор бул жаратылыштын эң бир кооз бөлүгү" деп Сыйда эне бир топ сөздү айткан эле. Ошондо да кудум азыркыдай күн уясына батып бараткан болучу. Ажардын эң асыл адамы эле таянеси болучу. Эми минтип Каличага жолугуп, анын мээримине, жасаган мамилесине чын ниетинен жетине албай, кубанганынан кадамын шайдоот шилтеп, жатаканага бара жатты.
* * *
Убакыт учкан куштай өтүп, ишемби күн да болду. Ажар акыркы парга катышпастан, убада берип койгон Калича эжесинин үйүн көздөй шашып баратты. Андайда аралык да узарып, бут да шилтенбей калат эмеспи. Ооба, Ажар айтылган убакыттан он мүнөт кечигип баратат. Себеби математика сабагынан берген агайы бир эсепти чыгара албай, убакыттан кармап койгон эле. Ушундай болоорун билип кийинки боло турган сабактан берген эжеден эрте эле суранып койгон болчу. Эки жакты элеңдей карап шашып келаткан Ажарды терезеден көргөн Калича ага боору ооруп кетти да "кайран гана айылдын сулуу жана аруу кыздары" деп кобуранып алды. Ооба, чынында эле элет жеринде туулуп өскөн кыздар көп ыплас иштен алыс болушат да, шаарга келгенде тез бузулуп кеткендери албетте түбү жок үшкүрүктү пайда кылат. Кооз кийинип, мода кубалап, акчанын көзүнө карабаган шаардын кыздары чылым чегип, өздөрүн маданияттуу сезишкени менен көбү кийин турмушка чыкканда жашоонун жүгүн көтөрө алышпай, ата-энелерине күч келтиргени узун сабак кеп. Калича, Ажар келгенге чейин ушул ойлорду ойлогонго үлгүрдү да, энтиге дем алып шашып келген Ажарга эшикти ачып:
- Эмне кечиктиң? - деп сурады. Ажар демин басып:
- Математикадан берген агай кармап койбодубу. Болбосо эрте эле келмекмин - деди. Калича камырабай:
- Кирегой үйгө. Мен сага деп тамак даярдап койгом.
- Эже, биз кечигебиз да - деди эле, Калича:
- Мен ушундай болоорун билип сени бир саатка эрте чакыргам. Азыр курсагыңды тойгузуп, анан баягы кийимдериңди кийип ал. Мен дагы ошондо сатып алган кийимдеримди кийем, - деп мээримин төгө караганда, Ажар элжиреп кетти да оозуна сөз келбей туруп келди. Андайда кайдан тамак жүрөккө басат. Шаарга келгени, тактап айтканда студент болгону биринчи жолу жаңы көйнөк кийип, шаарга чыкканы аткан кыздын абалын элестетип көрөлүчү. Ажар өзү да билген жок, тамакты шашып жегенин. Учуру келип, Ажар тойго барчудай чыштай жасанып кийинип, күзгүнүн алдына келип өзүн- өзү тааныбай калды. Калича берилүү менен:
-Я, Ажар, сен абдан сулуу кыз турбайсыңбы? Мына "Адамдын көркү чүпүрөк" деген ушу. Азыр эшикке чыкканыңда балдар сени алакачып кетишпесе болду деп тамаша кылган болду. Ажар ушул саам гана өзүнүн көзгө толумдуу кыз экенин билди. Белине жеткен чачын бир өрүм кылып түйүп, аягын бошотуп койду эле өзүнө жарашып эле калды. Негизи эле бир жакка барарда, жасанган учурда убакыт кандай тез өтөт. Калича Ажарды жасантып атып, убакыттын кандай өткөнүн да билбей калды. Экөө шашып сыртка чыгышты да, катар тизилип турган таксилердин бирине отурушуп, аэропортко зуу коюшту. Ажар өзүнчө эле толкунданып алган. Шофёр күзгүдөн артты карап:
- Я, эже сиздин кызбы, абдан эле чырайлуу экен, - деди эле Калича берилген суроого:
- Ооба, менин кызым. Көп эле суктана бербе, башы бош эмес, - деди, таксист күлүп:
- Эмне кудалашып койгонбу? - деди сөз улап, Калича жактыра бербей:
- Ооба, азыр жигитин тоскону баратабыз, - деп айтканда Ажар чукул ойлонуп жиберди "Көрсө бул кийимдин баарын Сталбекке жаксын деп алып берген турбайбы" деп. Буга чейин бул ойду ойлогон да эмес. Таксист менен Каличанын кийинки сүйлөшкөн сөздөрү кулагына кирген жок. Эми гана боло турган жолугушуу жөнүндө ойлоп, өзүнчө сүрдөп кетти.
Бир кезде да Нураалыны сүйүп калып, ага жолугушууга барганда ушундай абалда калганын эстеп "кап" эже бекер убара болду. Баласы менин эч кимим жок экенин билсе Нураалыдай мени чанып, "башка кызды алам деп чыкса эмне болот" деп, өзүнүн жетимдигин эстеп, чүнчүп кетти. Машина түз жолдо зымырап, катуу баратты. Шофёр жаш бала болгондуктан катуу айдаганын да Ажар сезип койду. Анткени жаш кезде жүрөк тоодой да.
Бир учурда Калича үнүн жай чыгарып:
- Балам, акырын эле айдачы - деп эскерткенде шофёр,
- Эже, коркпой эле коюңуз. Түз жолдон эч нерсе болбойт деп, айтып болгончо болбой, жолдон өтүп бараткан итти уруп кетти. Иттин "каңк" деген гана үнү чыгып жолго жыгылды. Калича өкүнүп:
- Айттым эле го акырын деп.
Шофёр ошондо гана ылдамдыкты азайтты. Калича жактыра бербей:
- Балам, бул жол деген адамды алдап коёт. Сага айтаарым мындан кийин машинаңды акырын эле айдачы. Тээ илгери көчөдөн ат чапкан балдарды карыялар урушчу эле. "Көпкөн бала көчөдөн ат чабат" деп. Машинаны катуу айдаган өнөр деле эмес. Бирде болбосо бирде кырсыкка кабылсаң өзүңө эле жаман.
Таксист күнөөлүү кишидей:
- Сиз туура айтасыз, - деп кыска гана жооп берди. Бул учурда машина аэропортко келип калган болучу. Ажар, машинадан түшкөндөн баштап эле толкунданганы күч алып, жөн эле күйөөгө тийип жаткансып сүрдөгөнүн өзү гана билип турду. Жүзү албырып чыкканынан сумкасын ачып, күзгү алып чыгып каранды. Бул кыймылын эч кимге билдирбегенге арекет кылды.
Туура арадан он беш мүнөт өткөндө самолёт келип аэропортко конду. Ажар биринчи жолу аэропортко келгени да салымын кошуп, өзүнө келе албай турганда Калича сөзгө тартты:
-Ажар, аэропорт жактыбы? - деп. Ажар үнсүз гана башын ийкеп жооп берген болду да, "ушул убак тез эле өтүп кетсе экен" деп тилек кылды. Анткени кең Москвадан окуп аткан бала менен жолугушуу, ал кандай кабыл алат деген бүдөмүк ой бүт аң-сезимин ээлеп алган эле. Калича, Ажардын абалына туура түшүнүп, ашыкча суроо берген жок. Бир убакта Ажар үнүн каргылдантып:
-Эже, уулуңузга мени ким деп тааныштырасыз? - деп Каличага күтпөгөн суроону берди эле ал шашып калды:
-Чогуу иштейбиз деп коём. Кыскасы, калганын анан көрөбүз да, - деп, сапардан келгендерге көз агытты. Бул учурда Ажардын денесин майда калтырак басып жолугушчу убак жакындаган сайын сүрдөө сезими күч алды. Аңгыча күткөн Сталбектин да карааны көрүндү. Ажар аны көргөндө эле аялзатына таандык сезим менен сынай карап, өзүнчө сын бергенге да үлгүрдү. Бирок анын ички сезими, адамдык касиети кандай экенин биле алган жок. Сталбек апасы менен абдан жылуу учурашты. Анын учурашканынан эле, энесин сыйлаган, эненин кадырын билген адам экенин Ажар байкады. Эми кезек Ажарга келди. Ажар шашып кетти да:
- Саламатсызбы, кандай келдиңиздер? - деп күч менен суроо бергенде экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Бул көз караштын артында эмне жатат экөө тең билген жок. Жүктөрүн көтөрүшөйүн деп Ажар аракет кылды эле Сталбек:
- Жөн эле коюңуз. Мен өзүм эле. Көп деле оор эмес, -деди. Сөзгө Калича кошулду:
- Сталбек, уулум, таанышып алгыла. Ажар экөөбүз чогуу иштейбиз. Жаныма караан бол деп ээрчитип алгам, - деди. Кантсе да Калича сөз маданиятын кеңири өздөштүргөн адам эмеспи, кандай сөздү кандай жерде айтыш керегин жакшы билет. Кээ бир адамдардай оозуна алы келбей ашыкча сөз сүйлөгөндөн алыс.
Жүрөк титиреткен жолугушуу аземи ийгиликтүү аяктап, үчөө эми башка машинага отурушту. Алиги таксист келип:
- Эже мени менен эле кетпейсиздерби, - дегенде Калича кабагын түйүп:
- Балам, сен машинаны катуу айдайт экенсиң. Башка клиент алчы. Келгенче жүрөгүм жөн эле оозума кептелип келди. Биз башка машина менен эле кетебиз, - деп машинанын салонунан орун алды. Негизи эле Калича жеринен машинанын алдыңкы орунуна отурбайт. Мунун дагы чоң энеси айткан "Аял киши эч качан шофёрдун жанына отурбаш керек, анткени тоскоол болгондон да, байкоосуз жерден үнүн катуу чыгарып бакырып жиберсе, шофёр өзүн жоготуп коёт" деп, көп мисалдарды айтып берген.
Ажар жолдо ката Сталбекти уурдана карап, андан сөз күттү. "Бирдеме деп сүйлөсө болот эле" деген таисте. Ал эми Сталбек дароо эле байкады апасынын көңүлүнө жагып, тааныштыруу үчүн өзү менен бирге алып келгенин. Бирок, Ажарды бир көрүп эле жылдыздуу кыз экен деп ойлоп койгон. Машина үйгө келгенде Калича шашкан түр менен:
- Сталбек, мен алдыга басып эшикти ача берейин экөөңөр артымдан келгиле, - деп, Ажарды карап койду да, жооп күтпөстөн алдыга кадам таштады. Учурдан пайдаланып Сталбек жалжылдай карап:
-Ажар, сен абдан жылдыздуу кыз экенсиң. Негизи апама оңой менен кыз жакчу эмес эле, - деп, чемоданды колуна алып жатып сөз козгоду. Ажар жарашыктуу жылмайып:
-Кыз бала үчүн сиздей жигиттен жылуу сөз уккан кандай жакшы. Өзүңүздүн окууларыңыз кандай? - деп жалт караганда дагы көздөр бири-бирине кадала түштү да, аз убакытка үнсүз сүйлөшүү пайда болду. Сталбек бул абалдан кутулуш үчүн үнүн жасап жөтөлүп:
- Дурус, бирок бөтөн эл, бөтөн жер өзүңдүн элиңе, жериңе жетпейт. Баары бир сагынат экенсиң Кыргызстанды.
Сөз ушул жерге келгенде экөө ээрчише басып үйгө жакын келип калган эле, сөз үзүлүп, Сталбек кызыгуусу арта:
- Апа, Ажар экөөңөр окшош көйнөк кийип алыпсыңар го, эмне бир күнү сатып алдыңар беле?- деди эле Калича:
- Сени тосуп алуу үчүн биз атайын жасанбадыкпы, - деп-сөздүн ачыгын айтып салды, Сталбек күлүп:
- Студент кезимде эле ушундай кылсаңар, кийин чоң болуп иштеп калсам анда кандай болот болду экен, - деп, каткырып күлдү. Калича да күлүп:
- Анда Ажар экөөбүз базардан эмес, супермаркеттерден кийим издейбиз, анын эмнеси бар экен, -деп сөз кошту.
Ажар уялып кетти. Сталбек эми даана билди, апасынын оюн. Бирок, Ажар деле көңүлүнө жагып турду. Бул жолугушуу өзгөчө Ажарды толкундатты. Анткен менен жүрөгүн өйүгөн маселе "Сталбектин кантип эле сүйлөшкөн кызы болбосун" деген суроо болду. Кечки саат ондор ченде Калича атайын экөөнү ашканага калтырып, өзү "Башым ооруп турат, кичине жата турайынчы" деп, өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Ажар Сталбекке чай куюп сунуп атып:
- Сиздин ал жакка окуганыңызга эмне себеп болду? - деп сурады эле Сталбек кабатырланган түр көргөзүп:
- Ажар, сен мени сиз дебей эле сен деп айтчы. "Сиз" деген сөзгө караганда "сен" деген сөз адамды бири-бирине жакындатат. Өзгөчө кыз менен жигитти - деди эле Ажар башын ийкеп:
- Туура сөз. Бирок сиз менден улуусуз да. Андан дагы биринчи көргөн адамды дароо эле "сен" деп айтуу кыйынга турат.
Сөз-сөзгө уланып, эки жаш түн ортосуна чейин отурушту. Бирок ортодо жалаң илим сөздөрү сүйлөнүп, Ажар Сталбектин билимге умтулган адам экенин билип, ага чындап көңүлү түшүп калды. Бирок бир кезде Нураалы деле акылдуу анан сүйүүнү бийик туткан адам көрүнбөдү беле - деп ойлоп, Сталбекти жакшылап сынынан өткөрүүнү планга койду.
Ал эми Сталбек улуту башкыр кызды жактырып калган, бирок ага өзүнүн сүйүүсүн билгизе элек болчу. Анткен менен экөө абдан ынак достордон. Ал кыз кийинки курста окуйт. Таанышкандарына бир жылга кадам басты.
Учуру келип төшөккө жатканСталбек түн ортосу оогонго чейин уктай албай, Ажар менен Алияны салыштырып, кимисин колукту кылып алсам. Ажардын сырын али биле элекмин - деп, ойлогону менен апасына жаккан үчүн өзү менен бирге алып жүрөт да деп, аны да ойлоду. Кыскасы Сталбек да Ажар да ал түнү бири-бири жөнүндө таттуу кыялга батып уктай албай жатышып, таңга жуук гана көздөрү илинди. Эх, жаштык кез, мастык кезде сүйүү темасы эң негизги ролду ойнойт эмеспи. Ансыңары бул эки жаш да алгач жолугушкандан бери бири-бирине болгон мамилелери күч алганы менен ортодо кандайдыр бир акыл жетпеген, аны сүзүп өтө албаган, сөз менен айтып жеткизе алгыс күч кармап турду.
Ажар ошол биринчи жолугушкан күндөн бери Сталбекти көрө элек. Бирок күндүзү ойлогон ою, түнкүсүн түшү тынч болбой, кыйналып да кетти. Айтканга оңой болгону менен таза, аруу махабаттын илебине туруштук берүү албетте, оор басырыктуу кыздын гана колунан келе турган иш. Ал эми жеңил -желпи, сүйүүнү барктай албаган кыздар "кыз" деген улуу сөздү сыйлабай, намыска жеңил карашып, жигитке озунуп сөз айтып, өзүнүн "кыз" деген аты заты жок, жубанга айландыргандары канча. "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү" дегендей, өзү "сүйөм" деп айтып атса кайсы эркек этекке асылбайт. Сталбек болгону эки жумага келген. Бир апта убакыт өткөндө апасы Калича түшкү тамакка отурганда сөз козгоду:
- Сталбек, эмне Ажар сага жакпай калдыбы? - деп. Мындай күтүүсүз суроого Сталбек эмне деп жооп беришти билбей, бирок сыр бербегенге аракет кылып:
- Апа, эмне болду? - деди. Калича ойго алдыргансып, бир мүнөттөй туруп:
- Уулум, сен бир кезде айттың эле го. Сага жаккан кызды алам, "келиниңди өзүң танда" деп. Мага Ажар абдан жагат. Ал жетим эле болбосо, барган жерин көгөртчү кыз. Сүйлөгөн сөзү да орундуу. Мен Ажарга сен жөнүндө айтып, сени келин кылып алам деп айтсам айткан эле "Эң негизгиси, мен сиздин уулуңузга жагайын" деп. "Менин бала кезден тилеген тилегим, өзүм сүйбөсөм да тийген күйөөм мени сүйсө, мен ага жар болууга даярмын" деп айткан болчу.
Сталбек сөздү бөлүп:
- Эмне Ажар жетим кызбы? - деди эле, Калича:
- Ооба, анын эч кимиси жок. Ата-энеси каза болгондон соң бешинчи класстан таянеси менен жашаптыр. Анан окууга жаңы өткөндө таянеси да каза болуп калып, жакында эле жатаканага чыкты. Бая сени менен тааныштырганда, мени менен иштейт деп, калп айттым шартка байланыштуу. Менин жүрөгүмдү өйүгөн маселе сен дагы байкеңдей болуп, сүйүүнүн кулуна айланып, башка улуттун кызын алып, аны менен кетип калбасаң болду. Мен сени кыйнабайм, Ажарды ал деп. Бирок Ажар мага абдан жагат. Тиги сага арнап салып аткан үйдүн кадырына бир гана Ажар жетет. Кайсы бир чоңдун эрке кызын алып алсаң, жок эмне экенин билбей өскөн кыз, азыраак кыйынчылыкка туруштук бере албай, эки күндүн биринде төркүнүнө кетип, сени күч күйөө кылып албаса болду.
Сталбек апасынын маанилүү айткан сөзүнө терең баа берип:
- Апа, сиз кечкиге тамак жасаңыз. Бул кечте тамакка буйруса мен Ажар менен келем. Ошондо сүйлөшөлү. Сиз айткандай, Ажарды бир көргөндө эле байкагам, турмуштун соккусун башынан өткөргөнүн. Сизге жакса болду. Эмнегедир ал кыз менин да түшүмө кирип атат, - деди эле, Калича сүйүнүп:
- Уулум, сенин көргөн түшүңөн апаң садага. Эстүү болуп менин тилимди алсаң Ажар сенин баркыңа жетет. Тээ илгертен бери айтылган кеп бар "Катын албай жатын ал" деген. Ажар төрөгөн бала атанын атын булгабайт. Орой айтсам кечирип кой. Мен Ажарды толук сынымдан өткөрүп, анан сага ыраа көрүп атпаймынбы. Анын жетимдигине караба, - деп, бир топ сөздү айтты эле, Сталбек көңүлдөнүп:
- Болду апа, мен сиздин айткан сөзгө толук түшүндүм. Кыскасы, сизди келиндүү кылсам, менин да көңүлүм жайында болуп, окуумду тынч окуйт элем. Анда бул ишти тездетели-деди. Калича кабагы ачылып:
- Уулум, бир өлүмдөн башкасынын баары эрте болгону жакшы. Мен дагы небере эркелетип, жашоонун баркын билип, эл сыяктуу той берели. Той бергенди абдан жакшы көрөм. Ыраматылык чоң таянең айтчу эле: "Элден бата алып, элге үйдөн даам сыздыргандын өзү бакыт" деп. Сталбек апасынын сүйүнгөнүнө жетине албай турду.
Ооба, сүйүнүчтүн булагы эмне албетте, жакшы сөз, жакшы кабар, жылуу мамиле эмеспи. Калича ушул тапта, бир кезде өзүнүн башынан өткөргөн бардык кыйынчылыктарды унутуп, жашоонун кадырын эми гана биле баштагансып, кубанып турду.

#18 04 April 2014 - 21:04
* * *
Ооз менен айтып койгондон өткөн жеңил эмне бар. Ансыңары Сталбек, Ажарды жатаканасына издеп келгенде, Ажар үчүнчү этаждын полун жууп болуп, жаңы гана бошогон. Экөө байкоосуз жерден жолугуп калды. Бул жолугушуу Ажар үчүн күтүүсүздөн болгондуктан өзүнүн жупуну кийинген кийиминен уялып кетти. Ал эми Сталбек Ажардын көз карашынан айтып жеткизе алгыс сулуулукту байкап, эмне деп айтышты билбей, оозуна сөз келбей алайып эле туруп калды. Андан дагы апасынан Ажар жөнүндө толук маалымат алган Сталбектин бүт дитин Ажар ээлеп алганын ушул саам гана билип турду.
- Ажар, кандайсың? - деп айтканда Сталбектин эриндери титиреп үнү дагы бир башкача чыкты. Ажар уялыңкы түр менен жер карап:
- Жакшы, өзүң кандай? - бул жолу "сен" деп сүйлөдү.
Ажардын "өзүң кандай" деген сөзүнөн Сталбек азыраак өзүнө күч кубат алып:
- Өзүң көрүп тургандай. Сени келет экен деп күтсөм келбейсиң, анан өзүм сени издеп келдим, - деди эле. Ажар болор-болбос күлүп:
- Кыз башым менен сени издеп барсам, анда кандай болот. Чынында мен, сени абдан күткөм "келсе экен" деп, бирок мындай абалда эмес. Азыр менин колум бош эмес. Эми төртүнчү этаждын полун жуушум керек. Минтип оокат кылбасам мага ким жардам берет эле, - деп, атайын айтты, кандай кабыл алат деген ойдо. Сталбек калдастап:
- Кел. Мен сага жардам берип жиберейин. Айтмакчы сени кечкиге конокко чакырып келгем. Апам тамак жасап күтүп атат, - деди. Ажар, шаардык жигиттин мама дебей "апа" деп айткан сөзүнө жана пол жууганды эрен - төрөн албай, "кел мен сага жардам берип жиберейин" деген сөзүн укканда Сталбекти чындап жакшы көрүп кетти да, жадыраган жүз менен:
-Сталбек, анда сен мага экинчи этаждан суу алып келип бер. Мен төртүнчү этажда болом - деп чаканы берди эле Сталбек да өзүн жеңил сезип:
- Макул, сенин айтканың эки болбойт деп, чаканы алып ылдый жөнөдү. Ажар үстүңкү этажга көтөрүлүп баратып, Нураалы менен Сталбекти салыштырып да жиберди. Эгер азыр Сталбектин ордунда Нураалы болгондо эмне болмок. Анда Нураалы сын көз менен карап "Эмне пол жууп оокат кылып калдыңбы" деп айтышы толук мүмкүн эле. Сталбек сууну алып келип:
-Ажар, сага кыйын экен. Сен эмес мен бир чака суу көтөргөнгө чарчап калдым-деп сөз улады эле Ажар күлүп:
-Кара жумуш кылбагандыкы. Физический иш кылган ден соолукка эле жакшы. Жаш кезде иштегенге эмне жетсин, - деди эле, Сталбек башын ийкеп:
- Туура айтасың. Иш кылгандан тажабаш керек. Ишенесиңби Ажар. Мен окуган жерде, бизге сабак берген эжей окуу жайдын полун жууйт.
Ажар таң калып:
-Койчу, ошол кантип болсун. Эмне айлыгы азбы?-деп сурап жиберди.
-Жок, акчаны жакшы эле табат. Бирок, сен айткандай, физический иш кылыш үчүн өзү атайын ошол ишти сурап алган. Айтып атам го, иш кылгандан намыстанбаш керек. Бир министр эркек эле адам, пенсияга чыккан соң, көчө шыпыргыч болуп ишке орношкон. Аларда намыс деген жок. Бизде эле кыргыздар болбогон нерсеге намыстанып, уяла беришет. Өсүп-өнүккөн өлкөлөрдө бири-бири менен иши жок. Ким эмнени кааласа ошону кылат. Биздин декан жумуштан чыгып алып, машинеси менен алтынчы, дем алыш күндөрү таксовайт этет. Бир жолу такси тоссом деканым экен. Аны көрүп мен уялып кеттим. Жолдо ката деканым айтып атпайбы. Мен балык кармаганды жакшы көрөм, бирок азыр суунун баары булганып балык азайды. Анан таксовайт эткенге өттүм. Клиент кармаганда балык туткандай эле болом деп, ыймандай сырын айткан. Ансыңары ар ким өзүнө жаккан ишти жасаганы дурус.
Ажар пол жууп атып, Сталбектин айткан сөздөрүн угуп, абдан таң калды. Биз акча табыш үчүн иштесек, тигилер ден соолугунун талабы үчүн иш кылышат турбайбы деп, ойлоп:
- Анан, сенден деканың акча алдыбы.
- Ооба, албаганда эмне. Ал деген өзүнүн ишин кылды да.
- Уккандан уга элегим көп турбайбы. Мен болсо сенден уялып атса, пол жууп атканымдан, - деди Ажар дагы таң калып. Сталбек күлүп:
- Кыргыз деген кичинекей эле республика да. Андан дагы экономикалык жагынан өспөгөн. Кийин өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулса, элдердин да аң-сезими өсүп, көп нерсеге көңүл бурулбай калат. Мен бир эле Москвада эмес, Европанын көп өлкөлөрүндө болдум. Ал жактын жетишкендиктерин ушундан бил. Бут кийим дегенди сүртпөйсүң. Керек болсо, кээ бирлери диванга бут чечпей жатып укташат. Көчөнү шампунь менен күндө жууп, тазалайт. Таштанды дегенди көрбөйсүң.
Ажар таң калып:
- Чын эле, бут кийимди чечпей уктайбы.
- Анын эмнеси бар экен. Айттым го бут кийимге чаң жукпайт, - деп. Сөз-сөзгө улап, пол кантип жуулуп бүткөнүн экөө тең билбей калышты. Ишти бүтүрүп коюшуп, ээрчише басып сыртка чыкканда шам намазынын убагы болуп калан эле.
Айтылуу Ала-Тоо аянтына келишип, сүрөткө түшүштү да, сөздөрү түгөнбөй жол жээктеп басып келатышканда Ажардын бөлмөлөш кызы Сүйүмкан менен Нургүл экөөнүн алдынан чыгып калды. Ажар кабагы ачык:
- Сталбек, таанышып ал, чогуу окуйбуз, бир бөлмөдө жашайбыз үчөөбүз - деп, экөө менен Сталбекти тааныштырды. Бул жерден сөз деле уланган жок. Нургүл бул абалды түшүнүп:
- Макул Ажар, биз жылалы. Сен качан келесиң? - деди эле Ажар ийнин күүшөп:
- Билбейм, Сталбек конокко чакырып атат. Андан ары таяжеңемдикине барам го - деп, сөзгө чекит койду.
Экөө бери басканда Нургүл суктанып:
- Сүйүмкан көрдүңбү. Ажар кандай жигитти таап алганын. Болгондо да Москвада окуган бала экен. Айттым эле го "Ажар ырыскылуу кыз"-деп Сүйүмкан берилүү менен:
- Мен дагы азыр байкадым. Экөө тим эле бири-бири үчүн жаралгандай жарашып калышат экен, карачы, - деп, артын кылчайып карап койду.
Бул учурда Калича майлуу кылып манты түйүп, бышырып коюп, экөөнү күтүп жол карап, көчөдө жүргөн. Эки жаш кыналыша басып, өздөрүн бактылуу сезип, узун сөзгө кирип келатышканын көргөн Калича, алар өзү күткөн Сталбек менен Ажар экенин билбей "Кап, уулум менен Ажар ушинтип басып келатса, кандай жакшы болот эле" деп оюнун аягына чыкканча, алар жакын келип калды. Бул учурда көз байланып, караңгылык пардасы тартылып калган эле. Калича аларды тааный коюп, болуп көрбөгөндөй сүйүнүп, ал түгүл көзүнө жаш алып жиберди. Адам баласы бир күйүнгөндө жана бир сүйүнгөндө гана ыйлайт эмеспи. Эч сөзгө келбей бир орунга туруп калганын көргөн Сталбек шашып кетти да:
- Апа, сизге эмне болду. Эмне ыйлап атасыз? Деги жайчылыкпы? ! - деп, катар-катар суроону берип жиберди эле Калича оң колу менен көзүндөгү жашты аарчып:
- Ылайым, бир болгула, элдин көзү тийбесин. Экөөңөр ээрчишип келатсаңар, башка бирөөлөр экен деп ойлоптурмун. Силерди таанып сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибербедимби, - деп, Ажардын бетинен сүйдү. Бул көрүнүш эле экөөнүн тил табышканы, Каличанын көптөн күткөн тилегени кабыл болгону эмей... Сталбек күлүп:
- Деги аялзатына түшүнүп болбойт. Бирдеме болсо эле ыйлап, кишинин жүрөгүн түшүрүп, - деп, сөзүн туюк бүтүрдү. Каличакөзүнүн жашын аарчып:
- Ээ, уулум, сен менин ордумда болсоң көрмөкмүн. Жүргүлө берекелерим, силер үчүн эбак эле тамагымды даярдап койгом. Ажарды таппай жүрөбү деп, сарсанаа болуп жол карап чыккан элем. Экөөңөр тим эле окшошкон аккуудай бири-бириңерге жарашып, көчөнүн көркүн ачып калат экенсиңер. Түү-тү, көз тийгендин көзүнөн сакта, жамандардын сөзүнөн сакта деп, бир топ сөздү сүйлөп жиберди эле, Сталбек дагы күлүп:
- Болдуңузчу эми, жөн эле Ош базарда отурган бакшылардай болуп кетесиз да. Көчөнүн баары эле ээрчишкен жаштар. Алар деле бири-бирине жарашып жүрүшөт. Тийчү көз аларга деле тиет да деп, одоно сүйлөп баратканда Ажар:
- Сталбек, сен эненин касиетин сыйлашың керек. Эне үчүн бала баарынан кымбат. И, баса, эже биз Ала-Тоо аянтына барып сүрөткө түшүп, кечигип калдык. Болбосо эрте эле келмекпиз сизди күттүрбөй деп, сөздү башкага бурду. Калича дале жетине албай:
- Сүрөткө түшкөнүңөрдөн силердин,-силер үчүн мен барына кайылмын. Экөөңөрдү күтүп жүрүп өтсөм да мага ал аздык кылат-деп, жөн эле сүйүнгөнүнөн жалынып да жиберди. Ажар, Каличанын мындай мээримдүү экенине ыраазы боло ичинен "Кап, Сталбек экөөбүздүн ээрчишип келатканыбызды таянем көрсө, ал киши да сүйүнгөнүнөн ыйламак" деп ойлоп, эненин бийиктигине баа берди. Бирок, Соня жеңесиндей кара мүртөз аялдардын жоругун эстегенде, беш кол тең эмес баардык энелер таянем менен Калича эжедей боло бербейт деп ойлоп койду.
Калича, жөн эле келин алып аткансып учуп-күйүп жүргөнү өзгөчө Сталбектин көңүлүнүн төрүнөн орун алды. Тамак желип атканда Калича барбалаңдап:
- Балдарым, жакшы тамак желип атканда, жакшы сөздөрдү сүйлөшүп отурганга эмне жетсин. Мен бир шампан ачайын, каалоо-тилек айтып, күлүп-жайнап отуралы деп, муздаткычтан шампан алып чыгып, Сталбекке сунду: - Ме, сен ач. Шампан ачкандан абдан корком, - деди эле Сталбек элпектик менен шампанды колуна алып ачты да көбүргөн шампанды бокалдарга куйду. Үчөө тең жөн эле жаңы жылды тосуп атышкансып жыргап алышкан. Ушул саам Сталбек бул көрүнүштүн эң чоң көзүрү Ажар экенине баам салды да аны карап, андан баштагыдан дагы эки эсе ашык сулуулукту байкады. Тостту Калича айтты:
- Эмне дейин. Менин тилегим эле ушу. Экөөңөр эгиз козудай ээрчишип, кудум азыркы абалыңардай күлүп- жайнап жүргүлө. Ылайым силердин жакшылыгыңарга гана күбө болуп жүрөйүн, - деп, толкунданып да кетти. Эне үчүн мындан өткөн бакыт барбы. Бокалдар алынды. Чынында Ажар биринчи жолу шампан ичип аткан болучу. Мектепте окуп жүргөндө шампан ичилээр убакта бир жакка кетип калып, куру калган. Таттуу, бирок азыраак кычкыл ичимдик Ажардын ичин ысытып кетти.
Сталбек Ажарга:
- Ажар, бул эмне суусундук эле го. Калтырбай эле алып кой. Апам атайын арнап экөөбүзгө алып келсе, - деп үстүртөн кыйнаган болду. Бир чети Сталбектин айткан сөзү да эп болучу. Ажар уялган түр менен бокалды кайра колуна алып, сыпаа ууртаган болду.
Ал түнү бул үчөө тээ бир топ убакытка чейин отурушуп, үйлөнүү тойду май айынын аягына калтырышты. Ал учурда салынып аткан үй да бүтүп, чоң той берүүнү ойлошту. Үй эки бөлмө болгондуктан Сталбек менен Ажар бир бөлмөдө эки бөлөк жатышты. Аралык болгону бир, бир жарым метр. Свет өчүп, арадан жыйырма мүнөт өткөндө Сталбек:
- Ажар, уктадыңбы?-деди. Ажарда кайдагы уйку. Бир жагынан көңүлү түшкөн, сени алам деген болочоктогу күйөөсү жанында жатса, экинчи жагынан эч кимге ээ бербеген жүрөк сезими башкача согуп, организмдин талабы ойдо жок нерсени ойлонтуп, эркектин демине мас болуп, аны качан келип койнума кире калат деп, тымызын күтүп атса уйку келмек беле. Ал эми Сталбектин абалын сүрөттөп жазганга сөз жетпейт. Ажардын жада калса сүйлөгөн сөздөрү, анын элпектиги, апасынын колунан идишти ала коюп, али келин боло электе өз үйүндөй оокат кылганы, кылыктана басканы, жагымдуу күлгөнү, ал турсун бой келбети, музоонун кирпигиндей узун кирпиктери, узун кара олоң чачы деги баары Сталбекке жагып, анын ысык койнуна жетүү үчүн болгон аракетин жасап, ойлонуп жаткан. Ушундан көрө кымбат эсепти чыгар деп агайы берсе, ошону оңой чыгармак. Болгону бир гана метр аралыкта жаткан жүрөгү эңсеген кыздын жанына жетүүдөн эки метр калыңдыкта куюлган бетон чепти жарып өтүү Сталбек үчүн оңой эле.
"Ажар уктадыңбы?" - деген сөздү айтуу эмне деген гана кыйынчылык менен айтылды. Ушул сөздү айтканда жүрөгү бат-бат согуп, кабынан чыгып кете жаздаганын өзү тана албайт болучу. Ажар үнүн ичке чыгарып:
- Жок, - деген сөздү араң айтты. Эх, сүйүүнүн касиети, кандай күчтүү. Бул жерде көчөдө элди көзгө илбей шалпылдашып өбүшкөн, жеңил сүйүүнүн демине мас болгон, тайыз сүйүү болгондо, экөө свет өчкөндө эле төшөккө жатып алышып, эбак беш мүнөттүк кумарга батып, бышылдап уйкунун кучагында жатышмак. Таза жана терең сүйүү эч качан андай тайыздыкка жол бербегенин ушундан улам билсең болот. Чын-чынында экөөнө тоскоол болгон ким бар. Эки жактан бирдей деңгээлде болгон сүйүүнүн деми албетте сүрдөөнү, тартынууну, бирин-бири сыйлоону, пайда кылат эмеспи. Эки жаш эмне кылып бири-бирине жетүүнүн айла-амалын таппай, ал турсун сүйлөгөндөн сүрдөп, бири-биринен сөз күтүп жатканын жүрөк сезип турду, бирок, "сүйүү" деген улуу сезим экөөнүн тең оозун жаап, үнсүз гана ой менен сүйлөшкөнгө түрткү берди. Бир убакта Сталбек болгон күчүн жыйып, чечкиндүүлүк менен:
- Ажар, жаныңа барайынбы?- деп, үнүн пас чыгарып айтканга жетишти. Бул сөздү айтуу менен чоң жетишкендикке жеткенсип, чоң дем алып алды. Ажар ушул сөздүн айтылышын күткөн бирок, макул деп айта албай:
- Жанымда эле жатпайсыңбы. Мындан жакын нике кыйылганда келесиң. Ар бир нерсеге кыйынчылык менен жетүүнүн аягы жакшы бүтөт. "Ысык темир бат муздайт" деп айтылат эмеспи. Ансыңары ысыган темирди муздатып албайлы. Сталбек оор дем алып,
- Ажар, сага ырахмат, азыр да абдан туура айттың. Сен мени күтөсүңбү? - деди эле. Ажар:
- Күтөм, бирок ала качып кетпесе, айылдан балдар келип. Убада бергенден алысмын, - деди. Сталбектин кабагы түйүлүп:
- Ажар, ишенсиңби, мен ушул жашка чыкканы далай эле кыздар менен сүйлөшүп, пикир алыштым, бирөө сендей эч бир терең жана маанилүү, эсте кала тургандай сөз айта алышкан жок. Мен сени, чынын айтсам, жүрөгүм менен берилип сүйүп калдым окшойт. Анан сени балдарга ала качтырып жиберип, өмүрүм өткөнчө азап чексем, анда мага жашоонун кызыгы канча. Макул болсоң, эртең мечиттен молдо алып келип, нике кыйдырып койбойлубу, сенин башыңды байлап? Менин дагы жаным тынч болуп, окуудан алагды болбойт элем. Эгер мен сени ушул бойдон таштап кетсем, санаа чеге берем. Өзүм дагы абдан санаачылмын. Бир чети апам экөөңөр бул үйдө жашай бересиңер.
Ажар бул сунушка эмне деп жооп беришти билбей бир топко жатты да:
- Сталбек, анан боюма бүтүп калса, окуум эмне болот? -деди көңүлү суз. Бул сөздү укканда Сталбек ордунан туруп келип, Ажардын жанына жатты да, денесинен бек кысып:
- Сенин окууңду мен өзүм бүтүрөм, - деп берилүү менен Ажарды өпкүлөп кирди. Ажар Сталбектин кучагында өзүн жоготуп баратып, аны алсыз түртүп:
- Сталбек, эсиңе кел. Нике кыйылганга чейин мен баары бир өзүмдүн принцибиме турам, - деди. Сталбек Ажардын катарына жатып:
- Ажар, жок дебечи, эртең сөзсүз сага нике кыйдырам, - деди эле Ажар:
- Ал маселени эртең менен сүйлөшөлү. Сен эми өзүңдүн ордуңа барып жат. Болбосо экөөбүз тең азгырылып кетсек иш чатагына айланат, - деди. Сталбек өзүнүн төшөгүнө келип жатты да:
- Ажар, мени кечирип кой, эмне болуп кетти өзүм да билбей калдым. Оюңа алба, акча, арак, аял заты азгырганда адам баласы мендей болуп, аң сезимин жоготуп коёт тура. Ишенесиңби, мен дагы өзүмө-өзүм сөз бергем, үйлөнмөйүн аялдын койнуна жатпайм деп. Бирок, азыр сенин демиң, сенин аруулугуң, булактын үнүндөй таза үнүң, кылыгың, айткан сөздөрүң, бүгүнкү күндү эмес, келечекти ойлогон оюң, турган турпатың, деги койчу сөз жетпеген сулуулугуң мени азгырып, убадама тургузбай, сенин койнуңа кантип кирип барганымды байкабай да калдым, -деп, сөзүнүн аягына чыкканда, Ажар дагы бир жолу суктанып:
- Сталбек, сенин эркиң бекем экен. Эгер, азыр сенден башка эркек болгондо, эмдигиче менин оюма койбой мүдөөсүнө жетип тынмак. Аял заты эркектин алдында алсыз экенине, сен менин төшөгүмө кирип келгениңде дагы бир жолу сездим. Өзүмдү араң кармадым. Көрсө, махабаттын туу чокусу болгон эркек менен аялдын ортосундагы байланыш бул дүйнөнү унуттуруп салат турбайбы. Тээ илгери бала кезимде уккам, "Эки жаштын ортосунда чыныгы сүйүү, бири-бирине берилүү эки жактан бирдей болгондо, экөөнүн ортосунан сулуу кыз, же акылга дыйкан бала төрөлөт" деп, эгер сен мени чындап сүйсөң, мен сенин сүйүүңдү актай алганга аракет кылам. Дегеним, билинбегени менен бул жашоодо, жарык дүйнөдө көп нерсе аял затынын колунда. Бекер жерден айтылган эмес чыгар, "Аял жакшы болсо, эри да жакшы болот" деп. Негизи эле макал-лакаптын баары турмуштан алынганын ким тана алат. Ооз менен айтып койгон оңой, бирок аны жасаган көп эмгекти талап кылат. Турмушта баары болот. Илгери бир акылман адам айткан экен, "Аял менен эркек биринин кемтигин бири толуктап турат" деп. Анысыңары, жашоонун тайгак жолунда, сыдыргыга салгандай түз басып кетүү болбосо керек.
Сталбек Ажардын айткан сөздөрүн угуп атып "Апам бекер бул кызды мага ыраа көрбөптүр" деп ойлоп койду. Качан гана Ажар сөзүнүн аягына чыкканда:
- Ажар, мен сени алгач аэропорттон көргөндө эле байкагам, жөн кыз эмес экениңди. Сенден бар сыр көргөм, бирок, аны сөз менен айтып жеткире албайм. Эмне болгон күндө дагы мен сага үйлөнүп кетишим керек. "Мээнет жалпак, бакыт тоголок" деп айтылгандай, балким сен мага жолуккан бакыт кушу болушуң керек. Ишенесиңби, өзгөчө мен сени жана пол жууп жүргөнүңдө, сенин ар бир кыймылыңдан өз ишиңе берилгендикти да байкагам, - деди эле, Ажаржагымдуу үнү менен:
- Сталбек, сен көп эле менин дарегиме мактоо сөз айта бербесең. Чынын айтканда, мен көп мактанганды, деги эле мактанычты жаман көрөм. "Беш кол тең эмес" дегендей, балким менин жаман сапатым бар чыгар. Хандын дагы бир татым тузу кем болуптур деп айтылган кеп бар. Мактаныч бул адамдын кемчилигинен белги берген сапат. Бирок кээ бир адамдар бар мактоого татыктуу. Ал жагын да эске алыш керек.
Сталбек ордунан оодарылып жатып:
- Ажар, сен ошол өзүң айткан мактоого татыктуу адамдардын катарындасың. Ар ким өзүнүн кадырын биле жүргөн жакшы. Өтө эле жөнөкөй болгондо да болбой калат. Кээ бир адамдар сыртынан муздак көрүнүшкөндөрү менен ички сезимдери таза. Ал эми кээлери сыртынан дурус көрүнөт, бирок ойлогон ойлору, жасаган иштери булганып калган. Өзүң эле ойлоп көрчү, телевизордон кооз сөздөрдү сүйлөп, элди алдаган чиновниктер эки жүздүү, балит, эл алдында, мекен алдында эмне деген гана сөз жеткизип айта албаган, күнөөлөрүн моюндарына илип жүрүшөт. Алар мансап менен байлыктын кулу. Мен Кыргызстандан чет жерде окуп жүрүп, көп нерсени байкадым. Азыр чынын айтсам бийлик ишинде эл, жер үчүн күйгөн бир да жан жок. Алдым-жуттум, мен гана жашасам дегендер, вазийпалуу кызматтарга олтуруп алышканы менин ичимди күйгүзөт.
Ажар сөз өңүтү келгенде:
- Сталбек, биз экөөбүз саясатка кирип кеттик окшойт. Балким, калган сөздү эртең улантпайлыбы? -деди эле, Сталбек:
- Ажар, мен сени тажатып ийдим окшойт. Кечирип кой. Чын эле, сага окшогон кыздарга саясаттын эмне кереги бар. Сөз уланып кетпедиби. Ажар күлүп:
- Сталбек, чынында эле сен абдан жакшы сөздөрдү айттың. Бул айткан сөздөрүң менен сен өзүңдүн элге, жерге болгон патриоттуулугуңду билгизе алдың. Эми чабыр өлкөбүздү сага окшогон эле жаштар оңдобосо болбой калды өңдөнөт. Эски чиновниктер баары бир бири-бири менен байланышып калгандыктан бул ыпластыктан чыга алышпайт. Анткени, баары бир кайыкка түшүп алышкандан кийин кайда барышат.
* * *
Эртең менен Калича эрте туруп, бутунун учу менен басып келип, эшиктин жылчыгынан экөөнү карады да, дагы бир жолу Ажардын аруулугуна баа берди. Чынында ойлогон эле, экөө бир төшөккө жатып калды деп. Албетте, мындай учурда кыз жол бербесе, эркек эч качан ашыкча ишке барбайт эмеспи. Ушул убакта Калича, өзүнүн жаш кезин эстеп кетти.
Ооба, ал кезде тал чыбыктай ийилген, көргөн жандын көзүнө чалдыккандай чырайлуу, көптөгөн жигиттердин көз кырына илинген, сулуу кыз кези болучу.
Бир күнү, үчүнчү курста окуп жүргөн кезинде, тийген күйөөсү менен бир бөлмөдө жалгыз, кудум Ажар менен Сталбектей болуп жатып калганда, күйөөсү албарстыдай жалынып, акедей асылганда дагы койнуна киргизбей койгон. "Нике кыйылмайынча болбойт" деп. Ошол окуя Ажардын башына келгенин кечинде эле билген. Бирок, тоскоолдукка туруштук береби, же бербейби деп, атайын сынап, экөөнө бир үйгө төшөк салып берген болучу. Калича, чынында Ажарды не бир түркүн жол менен сынап көрдү да, акыры аны колдон чыгарбоону ниет кылып койду.
Эртең мененки насипке олтурганда Ажар өзүн эркин алып олтурду. Анткени, анын жүзү жарык эле да. Эгер боло турган иш болуп кеткенде, анда кысынып, өзү эле белги берип коймок, ыплас ишке барганынан. Калича чай ичип олтуруп сөз улады:
- Сталбек, Ажар, эми мен силерге батамды берейин. Эгер макул көрсөңөр баш кошуп алсаңар дурус болот эле. "Бакыт тоголок, мээнет жалпак" деп айтылгандай, бир келген бакытты кармап калгыла. Дегеним, шариятта деле айтылат, "бойго жеткен баланы да, кызды да эрте үйлөнткөнгө шашыл" деп. Канча жылдан бери жалгыз жашап, жалгыздыктан абдан тажадым. Сталбек окуусуна кетсе, дагы үйдүн төрт стенасын карап, жалгыз калам. Чынын айтсам, менин жалгыз ишенгеним сен, Сталбексиң. Байкең болсо тигинтип чоңдун кызын алып, аялдын кулу болуп, эл-жерин таштап кетти. Эгер, мен жалгыз жатып ооруп калсам, оозума ким суу тамчылатып, дары берип, оорудан ким сактап калат. Эртең эмне болуп кетет, аны эч ким билбейт. Андыктан жакшылыкты токтотпой, баш кошуп алсаңар, мен дагы небере жытын искеп, карылык бакытка жетсем ого эле жакшы болот беле. Сталбек Ажарды үмүттүү карап:
- Апа, мен сиздин бул сунушуңуздан баш тарта албайм, бирок, Ажар эмне дейт. Маселе мына ушунда, -деди. Ажар кыздарга тиешелүү уяң мүнөзү менен өңү азыраак кызарып, уялганын өңүнөн билгизип:
- Эже, сизди мен абдан жакшы түшүнөм. Бирок кыз кишинин тастаңдап, мен макулмун деп айтканы осол иш. Андыктан эгер макул көрсөңөр кабыргам менен кеңешип, ойлонуп көрөйүн. Турмуш куру бул оюнчук эмес. Бир жагынан баккан таянемдин өлгөнүнө аз эле убакыт болду. Жок дегенде жылдыгын бергенден кийин турмушка чыксам болмок, -деди. Калича жүйөөлү сөзгө муюп, бир топко ойлонуп туруп:
- Ажар, мен сага түшүнөм, бирок азыр эле айттым го, жакшылыкты токтотпойлу деп. Керек болсо таянеңдин ашын биз көтөрүп, жардам беребиз. Анын эмнеси бар экен. Балким, сенин бизге жолукканыңа, таянеңдин арбагы деле ыраазы болуп атса керек. Ишенесиңби, эгер сен мага келин болсоң, мен сени сыйлап алат элем. Эмне, Сталбекке алып бергенге кыз жок дейсиңби. Бар, бирок сага эч бири жетпейт. Сен мага абдан жактың, -деп сөзүн аягын таппай калды. Бул жерден Сталбек шар кетти:
- Апа, даярдан кечинде молдо алып келем. Бизге нике кыйсын. Тойду жайында, Ажар экөөбүз жазгы экзамендерди бергенден кийин берели. Ага чейин, байкем менен да жолугушуп сүйлөшөм, - деди эле, Калича сүйүнүп:
- Бул сунушуң жөндүү болду. Анда эмесе мен тойго камынайын, -деп ордунан туруп келип Ажардын бетинен сүйдү да: "Ажар, бактылуу бол, менин тилегим кабыл болду. Ылайым Сталбек экөөңөр тең карыгыла" , -деп, ичкери үйгө кирип жоолук алып келип, Ажарга салды. Ажар эмне кылаарын билбей туруп калды. Ал эми Калича, өзүнчө эле кобуранып, сүйүнгөнүнөн, көзүнө келген жашты аарчып, анан уулу Сталбектин бетинен өөп:
- Ырахмат уулум, убадаңа турдуң. Эми мен тойдун камын көрөйүн, - дегенде Ажар:
- Эже, Сталбек айтты го. Тойду жазында берели деп. Эч кандай чабылып, чачылуунун кереги жок.
- Ажар, мал союп, кан чыгарып, аз да болсо конок чакырып, бата алып коёлу. Сен, Сталбек кой алып кел, ага чейин мен байкемди чакырып, Ажардын таякесинин үйүнө барып, ачуу басты кылып, ырымын жасайлы, -деди Калича.
Ошентип бул күнү эки жаш жөн жерден эле үйлөнүп калышты.
* * *
Соня, жаңы эле ишинен келип, чачылып жаткан үйүн жыйнап атып "Бүгүн, Ажар келип калса болот эле, үйдү жыйнатып, аны менен чер жазышып сүйлөшүп, арманымды айтып жеңилденип алат элем" деп ойлоп койду. Бир чети, Ажардын баркын кеч сезгенине өкүнүп, аны эмнеге жатаканага чыгардым. Тилин таап, үйдө эле жашай бер деп койсом минтип убара болбойт элем. Кап адам баласы баарын кеч түшүнөт, - деп улам эле сырт жакты карай берди, Ажар кирип келчүдөй, андан да өткөн жумада аны менен сыр чечишип сүйлөшкөндөн бери эмнегедир ага карата оюн түздөп, акча болуп калса бир сыйра кийим алып берип койбосом, эгер ал күйөөгө кетсе мен эле тосом куданы, - деп ойлоп атканда эшиктин коңгуроосу кагылып калды. Соня Ажар келди деген ойдо эшикке эки аттап жетип, чоочун кишилерди көрүп эле оозуна сөз келбей туруп калды. Алгач Калича озунуп:
- Сиздердин ысымыңар Сонябы? - деди эле. Соня башын ийкеп ооба дегенге араң жарады.
- Асылбек жолдошуңар болобу? -деп Калича сураганда Соня көзүн алаңдатып:
- Ооба, эмне болду? - деп өңүн өзгөртүп жиберди. Калича байкесин, анан таякесинин баласын ээрчитип келген. Соняны көргөндө эле Калича анын ички оюн окуп билип койгон. Андыктан ишти көп чойбой, сөздү чукул баштады.
- Асылбек үйдөбү? Биз кулдук уруп келдик эле. Ажарды келин кылып алдык. Сиздердин астыңыздардан өткүлө деп бизди мында жиберди, - деп суроолуу карады. Соня бул сөздү укканда, өзүн жоготуп койду. Анткени мындай окуяга биринчи жолу туш болуп аткандыктанбы, эч сөзгө келбей эле:
- Кап, Асылбек да үйдө жок эле, эми эмне кылам -деп, эки жакты элеңдей карап:
- Ажар али жаш. Болгону биринчи курс эмеспи, - деди эле Калича Соняны жооткотуп сүйлөдү:
- Окуусун өзүбүз бүтүрүп алабыз. Мына, Ажардын жазып берген каты, - деп, ак барак сунду. Соня кагазды колуна алып шашыла ачып көз жүгүрттү.
"Таяке, Соня таяжеңе, мени кечирип койгула, өзүм сүйлөшүп тийдим. Барган конокторду тосуп алгыла. Менин силерден башка жибере турган кишим жок. Аны өзүңүздөр билесиңер" деп жазыптыр. Соня эми гана эсине келип:
- Сиздер кайдан келдиңиздер? - деп сураганга араң жарады. Калича эми өзүн эркин сезип:
- Шаардан эле келдик. Эгер, макул көрсөңүз Ажар менен сүйлөшүңүз. Өз оозунан угуңуз, биз аны ала качкан жокпуз, - деди. Сөз ушул жерге келгенде, оңдой берди болуп, Асылбек да келип калды. Соня калдастап:
- Мына, Асылбек өзү дагы келип калды. Маселени ал чечет, - деп, четке чыга берди. Асылбек окуянын жөнүн уккан соң, тоң моюндугун карматып:
- Сүйлөшүп кеткен соң, эмне эшикке кармап турасың. Үйгө кир дебейсиңби? ! Кыз деген убагы келгенде ушунтип күйөөгө кетет.
- Киргиле, үйгө, - деп, чачылып жаткан үйүнөн уялып кетти. Калича бир чыныдан чай ичкенден кийин:
- Куда, -деп Асылбекке кайрылды, - Мына, Ажардын калыңы. Бул жерде эки миң доллар, жылкысы ичинде. Сиздер ыраазы болуңуздар. Эгер Ажардын өз ата-энеси болсо, анда силерди убара кылбайт элек. Биз жылалы. Бир ооз алдыңардан өтөлү деп келдик эле, - деп, сөзүн кыска бүтүрдү. Асылбек, Соняны карады да:
- Тамак жасабайсыңбы. Келген куданы чай менен узатабызбы? - деп күңк этти.
- Кудалар, ушул кантип болсун. Эч болбосо жеңил тамак жасай койсом болот эле.
- Соня кудагый, силер бизге туура түшүнгүлө. Тамакты шашпай ичишебиз. И, баса, тойду жазында экзамендерди бүткөн учурда беребиз. Ага чейин да жолугуп сүйлөшөбүз, - деп ордунан турду.
Кудалар кеткенден кийин Соня, Асылбекке кайрылды:
-- Я, Асылбек, Ажардын калыңын го алдык, эми себин камдашыбыз керек. Күйөө бала да Москвадан окуса, жакшылап даярданалы. Асылбек кабагын түйүп:
- Ал жагын өзүң билесиң да. Алып келген акчасын эле кайра өздөрүнө жумшасаң болот, финкаңа салып жибербей. Аны коюп, үйдү таза кармасаң боло, сен эмес мен уялдым, - деген Асылбектин сөзүнө Соня биринчи жолу күйөөсүнүн алдында сөзгө сынып, жооп узаткан жок. Болбосо, эбак тили-тилине тийбей каяша бермек. Бир чети Соня аялзатынын кандай экени ушундайда билинээрине толук ынанды. Андан дагы Калича сын көз менен карап, Ажарды кор кармаганча, асырап багып алсаң, үйүң таза болот эле го дегенди көзү менен билгизди. Тоону томкоруп, ойду омкоруп салгансып, иштен келгенде көзүнүн чаа-рын чыгара карап, Ажарды күңүндөй жумшаган күндөрүн эстеп, эми ошол ырыскылуу кыздан ойдо жок, суммадагы калың алганда, Соня кимдин ким экенин билип өзүн-өзү тилдеди. Ал турсун кайын энесинин арбагынын астында да күнөөлүү экенин эми сезип, өзүнүн өтө пас адам экенин билди. Эх, пендечилик, ий, учурунда баа бере албай, учуру өтүп кеткенде гана өкүнгөн бул тээ илгертен бери эле кайталанып келаткан иш экенин танып болбойт го. Ал турсун ичте купуя сыр сактабай, баарын ачып салып, кичүүлөргө баркы жок болгон иснандарыбыздын жоругун кеп кылсак, көңүл кирдейт. Дегеним, Соня өзүнүн ыплас иште, болгондо да, кызылдай акчага эркек проституткаларды сатып алып, дене кумарынын кызыкчылыгын ойлоп, аны ишке ашырып, ак никени булгап жүргөнүн Ажарга билгизбей койсо, митип абийир алдында өзүн-өзү жектебейт эле го. Андан дагы бойго жеткен кызы менен уулуна эмне деген тарбия бере алды. Актык баары бир жеңет дегендей, Ажардын чын ыкласы менен бул үй-бүлөгө кызмат кылганынын аягы, тигинтип, жакшы жерге бүлө болуп барганы эле айтып турбайбы. Башын минтип жер каратып олтурган Соня баарын убакыт гана таразалап, убакыт гана баарына күбө болооруна нак ынанып, адептүүлүк, үйдөгү тартип, тазалык, сабырдуулук, жетишкендик баары аял затынын колунда экенине толук ишенди. Ал турсун Ажардын калыңына Асылбек экөө татыктуу эмес экенин билсе дагы, билмексен болгонун, Калича көз карашына билгизип, тамака күтпөй кетип калганынан эле Соня билип, ашыкча сөз сүйлөбөгөнгө аракет кылганын кантип тана алат. Ал эми Асылбек өзүнүн бөлмөсүнө келип, диванга кийимчен жаткан абалында ойлоду. Ушунча жашап бапыраңдап эл менен эл болуп, конок тоспогонунан, андан дагы "кулдугум бар" деген сөзгө эмне жеп жооп беришти билбей, орус эмес же кыргыз эмес, орто жолдо калган бир байкуш экенине эми гана баам салды. Апасы, Сыйда канча жолу наабаттуу сөздөрдү айтты. Бирок ага убагында эч маани бербегенин эстеп абдан өкүндү. Бул күнү, Асылбек менен Соня өздөрүнүн адамдык деңгээлдерин билип, Ажар болгон өчүн, болгон кегин конок аркылуу алганын сезишти. Бул да болсо тагдырдын таразасы деп айтсак аша чаппайбыз.

#19 04 April 2014 - 21:05
* * *
Кудага кеткендердин келгени бат болгону Ажарды түпөйүл ойго салды. Буга чейин эле ичинен санаа чегип аткан. "Эми кантип барган кишилерди тосот болушту экен. үй баягыдай эле чачылып жатса керек. Кап, жок дегенде эки саат илгери айтып койсом болмок" деп, ойлогон эле.
Бул көрүнүшкө Сталбек дагы таң калып калды. Бирок мындай ыңгайсыз көрүнүштү, эстүү аял эмеспи, Калича сөз менен жайкап койду:
-Куда менен кудагый биз барсак жаңы эле үйдөн чыгып конокко баратышыптыр. Аларды жолдон калтырбайлы деп, калган сөздү кийин сүйлөшмөй болдук. Эң негизгиси Ажардын жөн жайын билгизгенибиз бизге олжо болду, - деп, кадимкидей жаркылдап, конок камында болду. Чынында эле үйдө чоочун коноктор да бар болучу. Каличаны, Ажардын таякеси менен таяжеңеси эмес, эң негизгиси өзү кызыктырганын Ажар ички туюу сезими менен сезип, Каличанын деңгээли бийик, набаттуу, түшүнүгү кенен адам экенине дагы бир жолу ынанды.
Арадан аз убакыт өтпөй молдо келгенде, куйруктуу кара койдун эти дагы бышып калган эле. Молдо өзү жаш болгону менен окууну Аравиядан бүтүп келгендиктен илими күчтүү, шарият жолун кенен билген адам экен. Сөздү тамак алдына келгенде баштап, ал жердеги элдин баарын сөз укканга муютуп салды. Бирок молдо сөздү аялзатына көп басым жасап сүйлөп баратканда Калича:
- Молдоке, сиздин айткан сөздөрдүн баары туура бирок, азыркы эркектердин жасаган жоругу шариятка туура келеби. Буга бир эле мисал, өздөрү бир үй-бүлөнү бага албай жатышып коштоп аял алгандар четтен чыгат. Ага дагы көңүл бурбай эле коёлу. Арак ичип алышып, аялынын эле эмес, наристе балдардынын жүрөгүнүн үшүн алып, стресске салып, ооруга жол ачып атышат. Аялдарынын көздөрүнө чөп салып, бузулган кыздарга акчаларын коротуп жүрүшөт. Мунун баары күнөө эмей эмне. Эмне үчүн булар жөнүндө кеп кылбайсыңар? ! - деп бир топ эмоцияга алдырып жиберди. Анткени, күйөөсү Таштемирдин жоругун кантип унутат. Эгер, ал эркектей болгондо ачуу базарга өзү эле барат эле го. Адамдык касиеттен аялдын этегин артык көрүп, өз канынан жаралган эки наристесин кайын журтуна кайсы бети чыдап жеткирип берип, эч кимге кеңешпей аял алып алышына шарият жол береби. Мына ушунун баарын аз убакытта ойлоп, Молдонун сөзүн бөлүп суроо бергенин тереңи ушунда эле.
Молдо, Каличадан мындай чукул жана орундуу берилген суроону күткөн эмес. Андан дагы ал өзү дагы эки аял менен жашап, Калича айткандай эки аялын бакканга алы келбей ортодо кыйналып атканын ал жерден өзүнөн башка эч ким билбейт эле. Молдо үнүн жасап:
- Эже, сиз абдан туура суроо бердиңиз. Бирок, азыр сиз айткандай эркектер дагы өздөрүнүн вазийпасын аткара албай жатканын тана албайбыз. Азыр заман эмес, элдин аң-сезими бузулду, - деп сөздү башкага буруп кетти.
Акыры күткөн мезгил да келип, тамакка бата тиленип, колго суу куюлган соң, нике кыйылды. Молдо өз ишин так жана берилүү менен аткарып, эки жашка аял, эркек болуп жашоо шартын кенен түшүндүрдү да, Ажарга кайрылды:
- Сиз, жолдошуңуздан катып төркүнүңүзгө эч нерсе бербеңиз. Эгер, бере турган болсоңуз, Сталбектин уруксат алганыңыз оң. Болбосо уурулук кылган болуп каласыз, - деп, ушул сыяктуу сөздөрүн кенен айтты. Ажар ичинен "кайсы төркүнүмө ташымак элем" деп ойлоп койду.
Молдо ишин жасап болуп, ырымын бүтүргөн соң изине кайтты. Мына ошентип, бир күн илгери эле эки жаштын ортосун тосуп турган "нике" деген тосмо ачылып, жол бошоду. Ажар нике кыйылгандан кийин эле жоолук салынган тейде, ашканадагы идиштерди өз колуна алды. Калича жөн эле кой деген сөзгө көнбөй, бул жолу Каличаны "апа" деп биринчи жолу айтты. Бешинчи класстан бери, тактап айтканда, өз апасынан ажыраган соң эч кимди "апа" деп айта элек болучу. Тили көнбөй атып акыры көндү. Ажардын "Апа, мен өзүм эле жасайм" деген сөзүн уккан Калича:
- Апаң сенден айлансың. Сен келдиң, сени менен бирге үйгө ырыс келгендей эле болуп, үй элге толгондой сезилип атат мага, - деп, көптөн бери күткөн күнгө жеткенине жетине албай, чарк көпөлөктөй айланып, бир жерге олтура албай жүрдү. Баардык эле эне "жакшы келиндүү босом" деп тилейт эмеспи. Ансыңары, Калича да, өзгөчө улуу баласы үйлөнгөндөн кийин, биринчи келинине көңүлү толбой калып, күндө тилек кылганы, Сталбекке жакшы келинчек алып берүү эле. Мына ошол тилеги кабыл болуп, көңүлү өсүп турган учуру.
Эки жаш күткөн учур келип, калың салынган төшөккө эми бири-биринен сүрдөбөй өздөрүн эркин сезишип, бири-бирине берилишип, кучакташкан тейде бир топко жатышты. Шариятта да айтылат эмеспи "аял, эркек кучакташып жаткан сүнөт" деп. Бул да болсо эки жаштын бири-бирине берилүүсүнүн белгиси болсо керек.
Убакыт өз күчүндө өтүп, Ажар "кыз" деген улуу үч тамгадан турган кези менен коштошуп, бир үйдүн жүгүн артынганына бир топ ай болду. Бул учурда Сталбек окуусуна кетип, телефон менен сүйлөшүп турганы болбосо, али келе элек. Бир аптага жакын гана бирге жашап, эки жаштын ысыгы таркай электе, турмуш шартка байланыштуу экөө эки жакта жашагандары менен ичтери сагыныч менен кусага толгонун өздөрү гана билбесе эч ким билген жок.
Сүйүүдөн көңүлү калган Ажардын азыркы абалын сөз менен жеткизип айтканга болбойт эле. Эмнегедир акыркы учурда бүт аң сезимин ээлеп алган тийген жары Сталбектин келээр учуру жакындаган сайын Ажарга сааттын жебеси жылбай токтоп калганда сезилди. Сабакка да көңүлү чаппай, сүйүүнүн түйшүгүн артынып, сүйүү жүгүн көтөрүп келет. Баягыдай сабактан кийин "пол жууйм" деген санаадан арылып, чөнтөгүндө акча кенен. Кийген кийими кымбат баадагы кийим. Демек, боюна жарашыктуу деп айтсак жарашат. Кайын энеси Калича Ажардын көзү менен тең айланып, жалгыз кызындай мамиле жасаганга өткөн. "Көңүл өссө көөдөн өсөт" дегендей, Ажар баштагыдан да татына кыз болуп чыга келди. Ичкен-жегени, кийген кийими кенейген сайын, Ажар жазгы гүлдөй кулпунуп, өзгөрүлүп чыга келди. Бирок өзүнүн табигый мүнөзүн сактап, байдын кыздарындай чоюктап оозду чоюп сүйлөгөндөн алыс болуп, таянесинин берген тарбиясынын маңызын көңүлүнөн чыгарган жок. Баарындан дагы Каличаны апакелеп, оорун колдон, жеңилин жерден алып, оюндагыдай жасап, ал турсун үйдүн жасалгасын да өзгөрттү, албетте Калича менен кеңешип. Бул учурда салтты сактап, отко кирмейин барбайм деп, Соня таяжеңесинин үйүнө да барган жок. Соня эки жолу институттка издеп келип, Ажарга жолуга албай кеткенин Ажар кеч укту. Күнгө ишемби эле. Ажар сабактан чыгып, адатынча жер караган тейде ойго алдырып келатып, Ажар деген үндөн улам башын жерден шарт көтөрүп үн чыккан жакты караса, Соня таяжеңеси экен. Экөө жөн эле көптөн бери көрүшпөгөн эне-баладай бири-бирине бой таштап, кучакташып көрүштү. Буга Сонянын жасаган мамилеси түрткү болду. Анткени, Соня жазган катты мурунку күнү эле группалаш кызы Нургүл берген. Ал катты Соня абдан берилүү менен жазган болучу. Ажар, катты окуп болгон соң гана, Соня жеңесинин адашып жүргөн күндөрүн, болгон күнөөсүн моюнга алып кечирип сурап жазганы Ажардын көңүлүн жибитип, Соняны көргүсү келип, аны абдан жакын адамындай сезип кеткен.
Экөө жакын жердеги кафеге киришти да эт бышым убакыт сүйлөшүп, көп нерсени талкууга алышты. Акыры күн кечтеп баратканда гана Ажар:
- Таяжеңе, мага туура түшүнүңүз. Мени кайненем күтүп калды го. Ал киши санаа чегип, жол карап атса керек. Калган сөздү эмки аптада сүйлөшөлү. Күйөөм дагы аз күндө келип калат. Ошондо үчөөбүз чогуу дагы көп нерсени талкуулап, кеңешип, анан иштин жагдайына жараша иш алып баралы, - деди эле, Соня:
- Макул, Ажар. Сен айткандай болсун. Сен азыр баштагыдан дагы сулуу болуп кетипсиң, -деди эле Ажар:
- Таяжеңе, көңүл өсмөйүн адам сугарылбаган гүлдөй болуп ачыла албайт эмеспи. Шаарга жаңы келип көнө албай жүргөн кезимде, ата ордуна ата, эне ордуна эне болгон жалгыз таянган тоом таянем каза болсо. Анан сиз ага толук түшүнбөй, көңүлүмдү сындырдыңыз. Окуу жай менен үйдүн ортосун жөө, жыртык бут кийим менен канча жолу басып өттүм. Анан менин көңүлүм сынып турса, мен кантип өңүмө чыгат элем, - деп, сөздү учурунда айтып азыркы жашоосуна ыраазы экенин билгизе айтты эле, Соня күнөөсүн моюнга алып:
- Сенин кадырыңды кеч билип калдым, Ажар! Дагы айтам, өткөндү эстебейличи. Артка кылчайып карабайлы деп сүйлөшпөдүк беле, - деди эле Ажар:
- "Сөз учурунда айтпаса атасы өлөт" деген кеп бар. Мунун баарын айтпайын деген элем, сиздин берген суроо ушул сөздөрдү айтканга түрткү бербедиби, -деп, кайра күнөөнү Соняга ыйгарды. Соня күлүп:
- Ооба, мен дагы сага туура эмес сүйлөп алганымды сенин берген жообуңан соң билип калдым. Макул анда Ажар, жолукканча. Сен айткандай кайненең күтүп калды. Жолуңдан калба, - деп, коштошуп атып:
- Ажар, дагы айтам, акчанын кулу болуп жүрүп адамдык сапаттан тайып бараткан таяжеңеңди оң жолго салдың. Сага ырахмат. Мени кечир, өткөндү унуталы, - деп дагы эскертти эле, Ажар:
- Таяжеңе, сиз да мени кечириңиз. Какырыкты түкүрбөй ичке сактаса, көкүрөктү өйүйт. Түкүрүп салса адам эс ала түшөт эмеспи. Анысыңары, мен дагы ичке кек сактабай айтчу сөзүмдү сөз кезеги келип айтып алып жеңиденип калдым. Сиз да мени кечириңиз. Негизи эле улуу кишиге көңүл сындырып сөз айткан адептүүлүккө жатпайт. Бул жагынан мен пастыкка бардым көрүнөт. Соня:
- Жок, сен тескеричинсе, абдан туура иш кылдың. Болгону өзүң айткандай берилген гана суроого жооп бербедиңби. Болуптур, сөз сөзгө уланса, убакытка уттуруп жиберебиз. Сен азыр ээн баскандай кыз кезиң өткөн, -деген Соня алдыга басты. Ажар, жолдо келатып, бул жолу Соня таяжеңесин эмес, тарбия бербеген анын энесин күнөөлөдү. Анткени, "алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи, Соня таяжеңесинин апасы сөз жебеген аял эненин бир, эки жолу үйүндө жашап жүргөндө байкаган эле. Ошондо азыраак көңүлү сына түшкөн Сонянын апасынан. Өз ою менен алек болуп атып Ажар, алдынан чыккан Каличаны да көргөн жок. Качан гана Калича кабатырлана:
- Я, Ажар, деги барсыңбы, - дегенде гана селт этип чочуп кетип:
- Апа, сизге эмне болду? - деп оозуна келген суроону берди. Калича кабагын түйүп:
- Сен кечиккениңден үйгө олтура албай, жол карап чыккам, - деди эле, Ажар бул сөздү угуп дароо таянесин эстеп кетти. Ал киши дагы кичине эле кечиксе жол карай берчү, ыраматылык. Ажар жарк эткизе күлүп:
- Апа, мен тиги сабактан чыксам, Соня таяжеңем күтүп туруптур. Буга чейин эки жолу издеп келип таппай кетиптир. Болбой, кафеге киргизип, экөөбүз көпкө сүйлөшүп олтуруп калдык. Дагы шашып келаткандагым, - деди эле Калича, сыр бербей:
- Үйгө телефон чалып айтып койсоң деле болмок.
- Бат эле чыгабыз го деп ойлогом. Таяжеңемдин сөзү уланып кетпедиби. Андан дагы сиздер барып кеткенден кийин аябай уялып калышыптыр, таякем экөө тең. Чынын айтсам, алар конок тосуп көрүшкөн эмес. Эми гана эстерине келип салтка, көңүл бура башташыптыр. Баарыдан да мен кеткенден кийин менин баркымды билишип, аябай жоктошуп, өзгөчө таяжеңем аябай кечирим сурады. Буга дагы тобо деп койдум.
Калича сөз кезеги келгенде:
- Таяжеңең жакшы киши турбайбы. Өз күнөөсүн кеч болсо да сезген адамдан жакшылык үмүт кылса болот. Кээ бир сөз жебеген, өзүнүкүн гана туура деп кыска ойлогон адамдардан баарын күтсө болот. Экөө сүйлөшүп келатышып, үйгө кантип жетишкенин да билбей калышты. Шаардын кечки түтүн жыттанган абасы, машинелердин кыйма-чийме өткөндөгү үндөрү, өзгөчө караңгылык пардасы тартылганда билинет эмеспи.
Ажар, бүгүн үйдүн ачкычын тапшырышты. Буйруса Сталбек келсе эле ал үйгө көчүп барып, силердин той менен үйдүн тоюн берип элден бата алабыз. Бул үйгө болсо квартирант киргизип койсок, жакшы болот. И, баса, тиги Россиядагы кайын агаң менен сүйлөштүм. Баягы силер үйлөнгөн кезде Испанияга кетип байланыша албай койгонбуз. Сталбекке жолугуп, баарын угуптур. Буйруса, силердин тойго келип катышам деди. Көрсө, адам баласы жаш кезде баары бир баскан изинен адашып, жаңылат тура. Балам дагы эсине эми келсе керек.
Баарыдан дагы акыркы убакта менин ишимде да өсүш жогорулады. Аягын берсин деп турам.
- Апа, бул дүйнөдө алты сан аман басып жүргөндөн өзү бакыт эмеспи. Эң негизгиси ден соолукту тилей туралы. Калганын убакыт көрсөтөт, - деп Ажар көзүнөн Сталбекке карата болгон сагынычты билгизип алды. Калича улутунуп:
- Ажар, сен туура айттың. Буйруса аз күндө Сталбек да келип калат, - деди. Ажар, бул сөздү укканда уялып кетти. Анткени кыраакы кайын энеси ички оюн билип койгонуна.
* * *
Сталбек "Эртең кечки саат ондо Бишкекке учуп барам", - деген сөздү укканда Ажар күтүүнүн да чегине чекит койчу мезгил келди дегенсип, үшкүрүнүп алды. Айтканга оңой, бирок сүйүүнүн сагынычы, кусалыгы, күтүүсү билинбегени менен эмне деген түйшүк. Ал түнү таң аппак атканча Ажар уктай алган жок. Бүт дитин бир гана Сталбек ээлеп алды. Андан дагы Сталбек кетээр түнү Ажарга: "Мен эми сенсиз кантип күн өткөрөм. Сагынычтан куса болуп кыйналам го" деп берилүү менен айткан сөзү, Ажардын кантип эсинен кетсин. Керек болсо адам баласы өзгөчө сүйүү тармагында болгону бир гана ооз жылуу сөздү түбөлүккө жүрөгүнө сактап калат эмеспи. Ансыңары, Ажар дагы Сталбекти чын жүрөктөн берилүү менен айткан сөзү менен жашап, ошол сөздү туу тутуп жүргөнүн өзүнөн башка жан адамга билгизген жок. Качан гана сыртта машиналардын үнү көбөйүп, кийинки күндүн башталышынан белги берилгенде Ажар уйкуга алдырып жиберди. Ансыңары канчалык аракет кылып, уктабайм дегени менен Ажар эмне болуп уктап кетти өзү да билбей калды. Ойгонсо, сааттын жебеси он бирди көрсөтүп, үйдө өзү жалгыз калыптыр. Кайын энеси Калича эбак туруп, ишине кеткен болчу. Ажар дагы жарым сааттай жылуу төшөктөн турбай жаты да, анан туруп жуунганы ваннага киргенде телефон шыңгырап калды. Дароо эле билди ким экенин. Анткени кайын энесинен башка эч ким чалмак эмес, ойлогондой эле Калича экен:
- Ажар, мен жарым саатта барып калам, газга чай коюп койчу, - деди. Ажар макул деп трубканы ордуна койгон соң газга чай койду да, тез-тез кыймылдап, картошка да кууруп жиберди. Калича, эшиктен кирип эле:
- Ажар, чайыңды тездет Сталбек менен сүйлөштүм, самолет айтылган убакыттан эрте келгени калыптыр. Балким, белетин алмашып алганбы. Тезирээк кечкиге даярданалы. Боорсок жасап, жыт чыгарып, убакыт тез эле өтөт, - деди шашкан түр көргөзүп. Ажар элпек кыймылдап, өз ишин улантты. Көз алдына Сталбектин элеси тартылып, убакыттын тез өтүшүн тилеп, аны көргүсү келип кетти.
Чай ичилип атканда Калича:
-Ажар, иш оңунда, буюрса ишканага жакшы заказ түштү. Мунун баарына сенин ак жолтойлугуң себеп. Тээ илгери уккан элем: "Келиниң кирешелүү келин болсун" деп тилек кылган карылардын сөзүн. Сени келин кылып алганы бүтпөгөн тамыбыз бүттү, ишимдин дагы кирешеси жакшы, өзүмдүн да көңүлүм өсүп, сага жолукканга шашкан адат таап алдым. Ажар жакшы айтылган сөзгө ыраазы боло:
- Апа, көп эле мактай бербеңиз. Болбосо балкондон ары секирип кетем, - деп кыт-кыт күлгөн болду. Калича да күлүп:
- Ажар, сени өзүмдүн кызымдай эле көрөм. Кап жок дегенде сени баккан таянеңе жолукпай калганыма өкүнөм. Кой, эми көп сүйлөбөй, ылдамдайлы. Шашканда убакыт да тез өтүп калат эмеспи, - деп шашкан түр көргөздү. Экөө жөн эле чоң конокту тосчудай, абдан даярданышты. Учуру келип, такси менен аэропортко баратышканда, өзгөчө Ажар абдан толкунданды. Айтканга оңой, бирок үч ай убакыт жаңы үйлөнүп экөө эки жакта жашаган жаштар үчүн эмне деген гана азап. Мунун баарын Калича кантип эле түшүнбөсүн. Бир чети уулу менен келини бири-бирине үйлөнгөнүнө ичинен ыраазы. Сүйүү бар жерде ынтымак, ырыскы, бакыт, баары болот эмеспи. Бир жагынан эки жаштын сүйүшүп үйлөнгөнү, бирок алардын сүйүүсү келечектүү болгону дурус экенин танып болбойт.
Такси аэропортко келгенде, сааттын жебеси он беш мүнөт эрте келгенден белги берип турду. Ажар үчүн үч ай күткөн бир тең, ушул он беш мүнөт убакыт бир тең болуп кетти. Эх, бул да болсо сүйүүнүн бир изгини эмеспи. Акыры күткөн убак да келип жетип, самолет жерге конду. Эки жаштын жүрөктөрү бат-бат согуп, алтурсун денелерин майда калтырак да басып кетти. Документ текшерчү жерден өтүп, Сталбек бери чыкканда, алгач апасы менен учурашып, анан Ажарга ооз учунан:
- Ажар кандайсың? - деп өзүн сыпаа түттү. Эгер, апасы болбогондо жөн эле Ажарды так көтөрүп көрүшөт беле. Муну Ажар түшүнүп, адатынча жарк эткизе күлүп:
- Жакшы, өзү кандай келдиң?, - деп көзүнөн сагынычтын белгисин бере суроо берди. Ушул көз караштан Сталбек баарын түшүндү. Алтурсун Ажар көзүнө айдын перисиндей укмуш сулуу болуп көрүнүп кетти. Дароо, "Менин аялым ушундай сулуу беле" деген ойду дагы ойлогонго үлгүрдү. Үчөө ээрчише басып, таксиге келип олтурганда Калича сөз улансын үчүн:
- Сталбек, эмне айтылган убактан эрте келдиң, - деп сурады. Сталбек кабагы ачык:
- Бир оштук жигит бар эле, тааныш. Аны менен белетти алмашканга туура келди. Анткени анын иштери бүтпөй калыптыр. Өзү келип суранды. "Билет алмашалы" деп.
- Бир чети сага да жакшы болгон турбайбы. И, баса окууларың бүттүбү? - деп сурады Калича. Сталбек жайдары мүнөз менен:
- Бүгүн акыркы экзаменди берип, обходнойду да бүтүргөнгө үлгүрдүм. Агайым абдан түшүнүктүү. Негизи эле интеллигент адамдар көп нерсеге туура баа беришет. Андан дагы ал агайымды атайын Кыргызстанга чакырып койдум, Ысык-Көлгө келип кетиңиз, деп. Аябай сүйүнүп калды. Аялы, кызы болуп келмей болушту.
- Уулум, абдан туура кылгансың. Андай сый адамдарды коноктоп сыйлаган жакшы. Ырыскы оойт. Ырыскылуу кишилер менен иштешип, чогуу тамактансаң киреше кирет деп чоң апам көп айтчу эле. Сени эркек бала деп коёт. Көп эле көр оокаттын артынан түшпөй, элге алынганды өздөштүр, деп өзүнүн оюн айтты. Ажар, бул айтылган сөздөрдү таянесинен уккан болчу. Ал киши дайыма, "Жакшыга жанаш, жакшы адамдардын жакшы сапаттарын үйрөнөсүң. Ал эми жаман адам дайыма жаман сөз сүйлөп, жаман иштерге кириптер болот, андайлардан алыс бол. Ырыскы качат. Аракеч менен ажаан аялдан кимдер гана качпайт", деп маанилүү сөздөрдү айткандан тажачу эмес. Ажар, ал сапаттарды кайын энеси Каличадан көп байкады. Бир чети Каличага жолугуп калган тагдырына ыраазы. Ушул саам эмнегедир тун сүйүүсүнүн ээси Нураалыны эстеп кетти. "Эмне кылып жүрөт болду экен" деп. Такси эшиктин алдына келип токтогондо Калича эстүүлүк кылып:
- Силер үйгө кире бергиле. Мен азыр магазинге кире кетейин деп, - бери басты. Сталбек менен Ажар үйгө кирип эле эшикти ичинен жаап, бири-бирине бой ташташты. Эх, ушул көрүнүштү экөө канча күтүштү, ысык эриндер бири-бирине чапталып, кусалыктын, сагынычтын илебине экөө туруштук бере албай, алтурсун жүрөктөрдүн какканы бири-бирине угулуп, кучакташкан тейде бир топко туруп калышты. Өзгөчө Сталбек:
- Ажар, аз болбосо сени көрбөсөм жинди болуп кетет белем, ким билет. Ушунчалык да мени кыйнайсыңбы? - деп чын ыкласы менен айтты эле Ажар:
- Эмне, мени сагынган жок деп ойлойсуңбу. Сени кайдагы бир тааныбаган орус кыздардан кызганып, ойго келбеген ойлорду да ойлободумбу.
- Мен аны сездим, тээ илгерки бир даанышман карыя айткан экен: "Сүйүү эки жактан бирдей болгондо, анын күчүнө туруштук берүү чоң эмгекти талап кылат", - деп. Сенин ар бир айткан сөзүң, күлгөн күлкүң, такыр көз алдымдан кеткен жок, - деп Сталбек узун сөзгө кирди эле Ажар:
- Сталбек, калган сөздү анан сүйлөшөлү. Апам келип калса эмне дейт. Жок дегенде ичкери кирип, сырт кийимдерди чечели.
Сталбек бул сунушту туура деп кабыл алып:
- Ажар, үй дагы мага сени менен бирге көзгө жарык көрүнүп атат. Мурда мени апам эле тосуп алса эми сен кошулуп эки адам тосуп алганы баштагыдан дагы эки эсе көркөмдүү көрүнүп, көзүм кубанычка толуп турат.
- Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы деген сөздү уктуң беле. Үйдүн куту көп адам менен эмеспи, - деди Ажар күлүп. Сөз ушул жерге келгенде сырттан Калича кирип келди. Ажар Каличанын көз карашынан "Кандай учураштыңар? " деген сөздү окуду да, уялып кетти. Бир чети анын түшү-нүктүүлүгүнө баа берип, ичинен ага ыраазы болду.
Сөз атайын дайындалган столго отурганда, тамак алдыга келгенде башталды. Калича жөтөлүп үнүн жасап:
- И, уулум, сүйлө. Байкең, жеңеңдер кандай жүрүшөт? - деп суроо берди. Сталбек улуттук тамактан жеп:
- Апа, баары бир, кыргыздын тамагына эч нерсе жетпей экен, - деп, апасы күтпөгөн сөздү айтты да анан:
- Байкем менен жеңем ушул айдын аягында келет. Байкем айтты го, акча берем шаардан төрт комната квартира алып койгула, - деп. Бир чети туура кылат. Эмнегедир, иштери жакшы болуп атса керек.
Калича, Ажарды карап:
- Ажар, биздин үйгө бүлө болуп келгенден баштап, менин да ишим ойдогудай. Баягыдай үйдө жалгыз отурбай, Ажар экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп, алаксып да калдым, - деди. Бул айтылган сөздүн артында "Сен менин тилимди алып ырас кылдың" деген сөз жаткан болчу. Түн ортосуна чейин сөз уланып, акыры үчөөнүн сөзү бүтпөй баратканда Калича:
- Болду эми калган сөздү эртеңкиге да калтыралы, - деди эле, ушул эле сөздү күтүп тургансып,экөө тең илинип турган саатты караган болушту. Калича сөз бүттү дегенсип ордунан турганда гана Сталбек чарчаганын билди. Албетте, бул чарчоо сагынычтын, сүйүүнүн, күтүүнүн белгиси болчу. Айткандай, алдыда дагы Ажар экөөнүн түгөнбөс сөзү сагынычтын илеби күтүп атканын Сталбек кантип билбесин.
* * *
Нураалы Сымбатка үйлөнгөнү оюндагыдай жашоого жете алган жок. Эки жолу кайын атасынын үйүнө барып иш кылды эле, өзүнүн чогуу жүргөн достору тамашага салып, "Жаман күйөө кайынчыл" деп айтылат, эмне эле кайындарыңдын үйүнөн чыкпай калдың" - деп айтышканы аз келгенсип, апасы Азимкан дагы катуу сөзүн айтканда, Нураалы ошондо эле билди, кыялындагы жашоо болбосун. Оюнда кайынатасы Азаматты колго алып, анын арты менен өз максатына жетүү, апасы Азимкан айткандай кайын атасы жөлөк болот деп, Сымбатты сүйбөй туруп алганын кантип тана алат. Андан дагы Сымбат менен Азимкандын жылдыздарды каршы чыгып, ортодо кайым айтышуу болуп өткөнү Нураалыны терең ойго салды. Ажарга арнаган сүйүүсү үйлөнгөндөн кийин, Сымбаттан кызуусу тараган соң кайра күч алды. Ал турсун апасы Азимканга дагы тили тийди: "Өзүң ал дедиң алдым, эми кооз айтылган сөздөрүңдүн кабыл болгону, тандаган кызың ушулбу, эки күндүн биринде төркүнүнө кетет. Эгер, мен Ажарга үйлөнгөнүмдө, азыр эки үйдүн ээси болуп, эч кандай чыр чатак болбойт эле. Атасы бай, алсаң ушул кызды ал, сага жөлөк болот деп айтып, акыры айылга да уят болдум. "Күч күйөө" деген атка да кондум.
Азимкан, Нураалынын айткан сөздөрүнөн эч кандай өөн таба албай, өзүн күнөөлөдү. Чын эле келини бир кезде кандай созолонгон кыз эле. Андан дагы көчөдөн жолугуп калганда учурашканы, жасаган мамилеси Азимканды кызыктырбады беле. Көрсө "кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат" деп айтылган сөз турмуштан алынганына Азимкан келини Сымбаттын жоругунан улам билип отурат. Баарыдан да Сымбат бир жолку урушта "Эл сыяктуу калыңды кенен беришсе, мени жөн эле күңүндөй кылып жумшап алышмак экен" деген сөзү, Азимкандын жүрөгүнө ийне болуп сайылып, көңүлү муздай түшкөн. Негизи эле адам баласынын көңүлү бир калса, жүрөгү жибибей, жаман көрүү сезими күч ала баштайт эмеспи. Ансыңары, Азимкан бир тасмалда олтуруп келини Сымбат менен чай ичкиси келбей калган. Мешке отту улуу жагып коюп, Азимкан ийик ийрип олтуруп, өткөндү эстеди. Чын эле, уулу айткандай өзү учурунда сулуулукка жана жасалма мүнөзгө алданганын баарынан да эркектер эмне болуп жаман аялга туш болушат аны Азимкан өзүнүн башынан өткөрүп, минтип жыл маалы боло электе келини менен урушуп, бети ачылып отурат. Эки күндөн бери төркүнүнө кетип али келе элек. Нураалы барса, "талгак болуп атам, шашпай барам" деп коюптур. Бирок Нуралынын кайын энеси жакшы киши. Күнөө кимде экенин баары бир эне сезет эмеспи. Сымбаттын кыял-жоругун кантип билбесин. Канча айткан менен кызы тилин албаса, колунан эмне келет. Азимкан атайын жолугуп, Сымбаттын жоругун айтканда, жарытылуу сөз айта албай, абдан кейиген. Кыз баланын барган жеринен ордун таап, кайын журтуна батып кеткени эне үчүн бакыт эмей эмне. Ал үчүн эненин тарбиясы менен кыздын дээри, кыял-жоругу, көтөрүмдүүлүгү турмуштун ар кандай тайгак жолуна күйөө менен баланын туруштук берет эмеспи. Азимкан жаңы келин болуп келгенде, абдан кысынган. Өзүнөн кыйла улуу күйөөгө тийгени аз келгенсип, жалгыз келин болуп, бир үйдүн бүт жүгүн өзү мойнуна алып мисирейген кабагы ачылбаган кайын энесинин муздак көз карашы эле Азимкан үчүн кысынып жашоонун белгисин берген. Бирди төрөгөнчө жөн эле ээн жатып уктоо көздөн учуп, аскерге жаңы барган солдаттай кыйналганын өмүрү унутпайт го чиркин. Кийин, кайын энесине көнүшкөн соң, акырындык менен баарын унута баштаган. Биринчи баласы боюнан түшүп, чарчап калганда абдан жаман абалда калган. Бирок баарын убакыт дарылап, унуткарды. Азимкан акыры келини менен уулун шаарга жиберип, үйдө ээн жашагысы келди. Андан дагы көңүлдөшү Шериктин кылгыра караган көз карашы, ага болгон өзүнүн тымызын сүйүүсү, ээндикти каалатты. Бир кезде таттуу кыялга жетеленбеди беле "уулум үйлөнсө, келиндин ысык чайын ичип, баласын багам" деп. Эми минтип келини менен уулунан алыстоонун жолун издегенге турмуш өзү түрткү болду. Бардык нерсенин бүтөөр убагы, жеткен чеги болот эмеспи, ансыңары Азимкан өзүнүн чолок ойлогон оюнунун кесепетин тартып, карыганда үйдө жалгыз калууну, жанынан чыгаргысы келбеген уулунун турмушу бузулбасын деген ойдо, Нураалыны айласы жок аялы менен шаарга кетүүсүн планга киргизди. Аттиң, бири кем дүйнө деген ушу беле. Буга дагы албетте уулунун алган аялы начар чыгып калганы өзүнүн келини менен тил табыша албаганы түрткү болгонун турмуш өзү калыстабадыбы.

#20 04 April 2014 - 21:07
* * *
Мүнөт-саатка, саат-күнгө айланып, убакыт өз нугунда өтүп билинбеген жашоо сапары жүрүшүн уланта берди. Кайсы бир акылман адам айткандай убакыттан өткөн эмне күлүк бар. Убакыт баарын карытып, жаңыны-эскиге, жашты карыга билинбей өз нугунда өтүп гана жеткирет эмеспи.
Айткандай, көр оокат деп жүрүп адам баласы өмүрүнүн өтүп атканына көңүл бөлбөй, качан гана карылыктын белгиси билине баштаганда, артка кылчайып карап, баары өткөндөн кийин өкүнүп калган бул илгертен бери муундан-муунга өтүп келаткан адат экенин танып болбойт. Күн тоонун башынан чыгып, кайра тоого баткандай, өмүр дагы өтө берет, бирок кийинки муун, мурунку муундун ордун басып. Жарык дүйнөдөгү жашоодо жашоого түркүк болуп калган ким бар. Калича, өзүнүн жашоосуна ыраазы. Бирок, бул жашоого эмне деген гана кыйынчылык менен жетпеди. Сүйүп тийген күйөөсү, жаш аялдын этегине кызыгып таштап кеткени, өз үйүнө өзү ээ боло албай, а турсун эшиктен ичкери киргенге жарабай, босогодон кеткени, эмне деген турмуштун соккусу. Андай кыйынчылыкты Калича душманына да каалабайт. Каличаны ойго салган уулу Темирбектин сунушу болду. Ооба, жаңы үйүнө көчүп келгенине бир апта болгондо Темирбек Россиядан колуктусу менен келип, Сталбектин үйлөнүү тою менен үйдүн тоюн бир өткөрөлү деп даярдык күчүндө, болуп атканда Темирбек ойдо жок сунуш кигизди.
"Атамды бул тойго чакыралы" деп. Бул сунуш Каличага жаккан жок бирок, Темирбектин "кечиримдүү болгон жакшы" деген сөзү Каличанын көңүлүн өстүрдү. Калича түн ортосуна чейин өзүнчө ойго батып, көңүлү көк таштай калган күйөөсүн кантип жаңы бүткөн ак өргөгө киргизем деп ойлосо, бир жагынан эки уулу ошол көңүлүн көк таштай калтырган күйөөсүнүн каны эмеспи. Калича, уйкусу качып, баарын текши ойлонду да, күйөөсүн кафеге гана чакырууну эп көрдү. Болбосо үйдү көрүп алса, ичи күйүп дагы эмнени баштайт деген ойду ойлонду. Ал эми Сталбек Ажарга үйлөнгөнү кыргыз тилине басым жасап сүйлөп, эмнегедир улутка карата патриоттук сезим ойгонуп, а турсун мечитке жума намазына барганды адатка айлантты. Каличанын көңүлүн көтөргөн Сталбек менен Ажардын бири-бирине болгон мамилеси өзүн сыйлап, "апакелеп" турганы болду. Уул менен келиндин ынтымактуу болгону өзгөчө эне үчүн жакшы маанайды тартуулайт эмеспи. Баарыдан дагы Ажардын иш билгилиги, Сталбекти өзүнө имергени Калича үчүн өзү күтпөгөн иш болду. Ажарды келин кылып алганы жалгыздыктын жетегинен кутулуп, өз кызындай сырдашып, Калича өзүн такыр башка дүйнөгө түшүп калгандай сезип келет.
Убакыт өз нугу менен өтүп, той болчу күн да келип жетти. Баары Калича ойлогондой болду. Тойго Таштемир өзү жалгыз келди да, чоочун короого адашып түшүп калган койдой өзүн эркин сезе албай, ал тургай эки уулун тик карай албаганы аз келгенсип абийир сотуна туруштук бере албастан кысынып отурду. Муну алгач Калича сезди. Таштемир өткөндү эстеп өкүнгөнүн анын жүзү эле айтып турду. Баарынан дагы бул тойго эч кошумчасын кошо алган жок. Ал турсун аялына айтпай, аны алдап келгенин Калича айттырбай билди. Чынында эле Таштемир кийинки алган аялына бийликти алдырып, анын кол баласына айланганын өзү тана албайт эле. Бул аялы өзүнүн өңү менен гана азгырганын Таштемир ага үйлөнгөндөн кийин билип, баары өтүп кеткенден соң бармагын тиштеп өкүнгөн. Калича менен жашап жүргөндөгү бактылуу күндөр эми кайра артка кайрылып келбесин билип, канча жолу көз жашын төгүп ыйлабады. Эми минтип өзүнүн баласынын үйлөнүү тоюнда, той башкаргандын ордуна өзү эркин отура албай, кыйналганы эле эмне деген пастык. Ал эми куда, кудагый болуп, ардактуу орунга олтурган Асылбек менен Соня дагы ичинен өздөрүн-өздөрү жемелеп, Ажарга учурунда жардам бермек турсун, жакшы мамиле жасап койбогонуна өкүнүп отурушту. Бир мүнөз күткөн Асылбек, Ажарды али жаш кыз деп, ага көңүл дагы бурчу эмес. Эми минтип болгондо да Москвада окуган балага тийип, куурчактай жасанып, көзгө толумдуу көрүнүп турганы Асылбекти ойго салды. Кап, жок дегенде апамдын арбагын сыйлап, үйдө жүргөндө колуна акча берип койсом болмок экен. Соня урушуп, күңүндөй жумшап кыйнап атканда кур сөз менен болсо да, болушуп койсом азыр жүзүм жарык болбойт беле. Баарыдан да өзү үйгө келип, "таяке, тажеңе менин үйлөнүү тоюма чакырса кур барбай бул акчага бирдеме алып баргыла" деп жыйырма миң сом берип кеткенин эстеп, Асылбек өзүнө-өзү батпай турду. Анда деле Асылбек мындай жогорку деңгээлде той болот деп ойлогон эмес. Ал турсун тойго барбайм, ишим көп деп, баш тартканда Соня сенин качан ишиң бүтчү эле Ажарды сыйлабасаң дагы апаңдын арбагын сыйлап баргын. Экөөбүздөн башка Ажардын тоюна ким барат? Барчу ким бар? Өзү келип акча берип чакырып кетсе, - деп, ачуу сөздөрдү айтып ээрчитип келбеди беле. Мындай үлпөт тойго барып көрбөгөн Асылбек өзүнүн кандай адам экенин ушул тойдо таразалап көрдү. Баарыдан да "чоң куда" деп тост бергенде сөз сүйлөй албай кыйналганы эле эмне деген сыноо болду. Ал эми Соня жердин катуулугунан гана уятынан өзүн-өзү кармап отурду. Ажардын үйлөнүү тоюна кийген кийими чырайы келишкен абалын өз көзү менен көргөндө Соня дароо "ушул кызды кантип кор кармадым экен" деп ойлогонго да жетишти. Ал эми тийген күйөөсүн көрүп алып, Ажарга суктанды. Тойду белгилүү артист алып барып, той абдан көңүлдүү өттү. "Эт бергениң кет дегениң" деп айтылгандай эт дагы тартылды. Эң сый жилик "уча" Асылбекке тийди. Салтка көңүл бурбаган Асылбек абдан уят болду. Ушул тойдо Ажар болгон өчүн алгансып, Асылбек эл ортону элүү жашка чыгып, ушунчалык уят болуп көрбөсө керек. Акыры той дагы бүтүп, Асылбек кызып калып, үйүнө кантип келгенин билбей калды. Эртең менен Соня ойготту.
- Асылбек, тур. Бүгүн Ажардын кайын-журтунун эшик-төрүн көргөнү барабыз, кейпиңди оңдоп ал, - деп ойготту. Асылбек уйкудан көзүн ачып, үйгө кантип келгенин эстегиси келди, бирок эстей албай койду. Тойдун кантип бүткөнү эсинде жок. Ушул саам апасын ойлоп, анын айткандарына ушу саам анализдеп баам салды. Апасы Сыйда дайыма "уулум, киши менен киши бол, салттан алыстабасаң, сен дагы бир кезде куда күтүп, той бересиң, уят болбогондой бол" деп, айтканда ага көп деле маани берген эмес эле. Асылбек апасын эстеп "Кайран апам ушул күндү алдын ала көрүп-билип туруп атайын айткан экен да, кап, мен куруюн" деп, өзүн күнөөлөп, бир топко ойгоо жатып, апасына куран окубаганын да эсине салып, уялып кетти. Орус мүнөз күтүп баарына кол шилтеп атып, элден чыгып, салттан алыстап, орус эмес же кыргыз эмес орто жолдо калган мусапырдай бара турган жери жок өзүн туңгуюкка камалган адамдай сезип, өз ою менен алагды болуп жатканда Соня:
- Бол эми, турбайсыңбы? - деди.
- Кечинде бизди ким алып келди үйгө? - деп Асылбек Соня күтпөгөн суроону берди эле Соня кыртышы сүйбөй:
- Күйөө балага уят кылдың. Анын дос баласы машинасы менен жеткирип келбедиби. Тур, эми айткан убактысынан кечикпей баралы. Кудагый кайра-кайра айтып калды "кечикпей келгиле" деп.
Асылбек ордунан туруп, кийинип сыртка чыкты анан адатынча эки колун керип көнүгүү жасамыш болду да, ажааткананы көздөй басып баратып алдынан чыккан кызын көрүп "кызым дагы бойго жетип калган турбайбы" деп ойлоп койду. Ушул жерден Асылбек өзүнүн ким экенин билди. Басыгын жай таштап, ойго чөмүлдү да, досу Болаттун "адам артында өсүп келаткан муунду көрүп карыйт экен" деген сөзүн эстеди. Бир сыйра өзүн оңдоп-түздөгөн Асылбек акыры жолго чыкканга даяр болду. Соня менен Асылбек айтылган убакытта чакырылган жерге келип, ооздорун ачып эле туруп калышты. Мындай чоң особняк тамга келебиз деп ойлогон эмес эле. Буттары чалыштап, сүрдөгөндөрүн өздөрү эле билгизип коюшту. Айткандай Калича менен Ажар экөөнү абдан жакшы кабыл алышты. Бул учурда Сталбек үйдө жок болчу. Соня үйдүн астанасын аттап кирип келатып, кайын энеси Сыйданын "Соня, Ажарды жакшы асыра, ырыскылуу кыз" деп айткан сөзүн дагы бир жолу эстеп, Ажарды дагы суктануу менен көз жүгүртө карап, кайын энесинин сөзүнө нак ишенди. Ким ойлоптур Ажар ушундай тамдын ээси болот деп. Асылбек менен Соня болуп көрбөгөндөй сый көрүп, көңүлдөрү өсүп, улуттук салттын бийиктигине, куда-кудагыйды кантип сыйлашты ушул жерден билишип кош-кат ырахматын айтышып ыраазы болуп үйлөрүнө кайтышты.
Калича келген коноктордун баарын узаткан соң. Көптөн бери мындай чоң той берип көрө элегин көңүлүнөн чыгарбады. Кетирген катачылыктарын издеди, күйөөсү Таштемирге көңүл бурбаганын, анын тойдун аягына чейин отурбай кетип калганын ойлоп, күнөөнү Таштемирдин өзүнө жүктөдү. Анткени чоң апасы Маалымбүбү дайыма "өткөндү эстебе, колдон келсе баарын унуткандай бол, аял кишиге көк беттик, кек сактоо такыр жарашпайт, кечиримдүү бол" деп айтканын эсине салды. Бир чети Таштемирди сый жана сыйлуу жерден эч кимге билгизбей өч алганына ыраазы болду.
* * *
Ажар, жайдын ортосунда айылга келип, мал союп таенесине куран окутту да, айылда жок көзгө алыстан көрүнгөндөй чоң кылып Сыйда энеге эстелик тургузду. Айыл эли мындайды Ажардан күтүшкөн эмес.
Азимкан бул жаңылыкты укканда ушунчалык арданды. Уулу менен келини шаарга кеткенине бир айдан ашык убакыт болуп, жалгыз жашаганга дагы көнө түшкөн.
- Сизди, Сыйда энеге куран окутуп атат, келип кетсин деп чакырып кел деди эле, - деп түшкү чайды ичкени жаңы гана тасмал четине олтурганда бир кичине бала келип айтты. Азимкан баладан:
- Ким? - деп сурады. Кичине бала:
- Шаардагы кызы менен күйөө баласы, - деп айтканда, Азимкан дароо эле Ажарды эстеди да, башын ийкеп:
- Макул, барып калам, - деп, кичине баланы кетирип жиберип, үч биликтеги кайнап аткан чайнекти алып жерге койду да, үч биликти өчүрүп, үйдү бекитип, жолдо келатып Ажарды эстеди. Аны Сыйда эне өлгөндөн бери көрө да элек. Эгер, уулу экөөнүн мамилесине киришпегенде, алиги ысык чайын ичип олтурат беле, ким билет.
Азимкан илкий басып келатып, Сыйда эненин эшигинин алдында токтоп турган иномарка машинаны көргөндө эле ич күйдүсү күч алып баштады. Эл опур-топур, кирип чыккан киши көп. Азимкан астананы аттап киргенде эле, маңдайы жарык чоочун бала тосуп чыгып, салам айтты. Бул бала Сталбек болучу. Ал эми Ажарды көргөн Азимкан көргөн көзүнө ишенген жок. Баягы Ажар жок. Ачылып, көзгө толумдуу көрүнүп, көңүлүн өзүнө бурду. Азимканды көргөн Ажар чын ниетинен берилип учурашты. Ушул жолугушуудан Азимкан дагы бир жолу өзүнүн жашоосунан жаңылганын билди. Ал турсун Ажарды күнөлүү кишидей тик карай албай көзүн ала качып, жалтактай түштү. Дароо уулу Нураалыга "Ажарга көз артпай эле кой. Ата-энеси жок, жетим кызды алып эмне кыласың" деген сөзүн Ажар угуп калгансып, оозунан чыккан сөздүн күнөөсүү жалтактаганга түрткү болду. Ичкери кирген Азимкан кенен салынган тасмалды көрүп, бир башкача улутунуп алды. Ооба, Ажар айылга келип кеткени укмуш сөздөр айтылып, керек болсо Сыйданын эки баласы жасабаган ишти, багып алган жетим кыз жасап кетти, "Сыйда өлбөптүр" деген сөздөр Азимкандын ички жарасын козгоду.
Ичине таруу айланбаган Азимкан атайын мүрзөгө келип, эстеликти көрүп айтылган сөздөрдүн чындыгына ишенип ичи күйүп ошол жерден өзүн-өзү жек көрүп турду.
Эх, пендечилик. Өзгөчө аял затынын ич күйдүлүгү эмнени гана кылбайт. Бир апта өзүнө келе албаган Азимкан убакыттын өтүшү менен баарын унутканга аракет кылды. Убакыттан өткөн дары жок деп айтылган сөз бар эмеспи. Ансыңары Азимкан көп убактысын Шериктин таттуу сөзүн угуу менен өткөрдү. Бул учурда шаарга кеткен уул-келининен кабар ала алган жок. Бирок ич күптүсү уулунун айткан сөзү, Ажардын эркек уул жасабаган ишти жасаганы тымызын мите курттай ички сезимин жей берди. Айткандай адам өзүнө-өзү түйшүк тилеп алат эмеспи. Ач көздүк менен көрө албастык адамдагы өтө жаман сапат экенин билип туруп, мындай жаман жолго кадам таштаганыбыз пендечилик эмей эмне. Азимкан Ажарды "жетим кыз, анын колунан эмне келет" деп айткан сөзүнүн кулу болуп гана өзүнчө кыйноо тартып атканын өзү билсе дагы, моюнга албай, бирөөнөн күнөө издөөдө. Чоң иш жасабаган киши, колунан келген ишке мактана берет эмсеспи. Кээ бир аялдар баламдын бою узун, кызымдын чачы калың деп мактангандай, Азимкан дагы "Уул-келиним шаарда, өз күндөрүн өздөрү көрүп жүрөт" деп, оозун керип сүйлөгөнү менен ич күйдүсүн ичине сактап, сыр бербей тымпыйганы менен көзүн карап өстүргөн уулунун деңгээлин кантип билбейт. Эгер Ажардай байлык колуна тийсе анда Нураалы дароо каада күтүп, берилген саламды алик албай калышы турган иш эмеспи. Ал турсун айылдагы кемпир-кезектерге бирден жоолук берип, таенемди эстеп куран окуп жүргүлө деп кымбат кездемеден жырттыш бергени колу ачыктыктын белгиси экенин ким тана алат.
"Адамдын кандай адам экенин анын сүйлөгөн сөзүнөн улам бил" деп кайсы бир даанышман айткандай, жакшы адам ичине кир сактабай, жакшы сөз сүйлөт эмеспи. Ажар дагы каникулга келип, өзү өсүп өнгөн үйгө батпай үйдү ээлеген адамдарга көңүлү сынып кетпеди беле. Бул жолу баарын унутуп, эч нерсе укпаган, көрбөгөн адамдай мамиле жасап, өзүнүн ибадатын аткарып кеткенде үй ээлери дагы өздөрүнүн күнөөлөрүн сезишип, өткөн ишке өкүнгөндөрүн жүздөрүнөн билгизишкен. Ар бир иштин жооп берчү убагы келет эмеспи. Эгер, шаардан бир келген Ажарды учурунда жакшы маанай менен тосуп алганда алар дагы жер карап уят болушпайт эле го. Сөздөрү чоң чыгып, Ажардын сыйын кенен көрүшмөк. Бул эми адамдардын тубаса мүнөзү менен кош көңүл жасаган мамилеси экенин жашырганда эмне. Ажар күзүндө келип, таенеме аш берип кетем деп айтканда, уккандар бир чети таң калышса, бир жагынан ыраазы болушту.
* * *
Ажардын эстелик тургузуп, куран окутуп кеткенин Асылбек укканда кош көңүл мамиле жасап койгон. Алтурсун Ажар барып айткан "чогуу барып келели" деп. Асылбек адатынча ишим көп, кол бошобойт деген сөзү менен жооп берип койгон. Айылдан аталаш тууганы келип Асылбекти ата-жотосун калтырбай сөгүп, жетим кызча жоксуң деп айтканда гана селт этип чочуп, ошондо гана намысы ойгонуп, айылга келип апасынын мүрзөсүнө барганда Соня адатынча акшырайып:
- Сен минтип эстелик тургузмак турсун, оюңа да алган жоксуң. Көрсө, кайран кайын энемдин болгон үмүтү Ажарда болгон турбайбы. Асылбек, эстеликти көрүп, ал турсун ага канча акча кеткенинен бери эсептеп чыгып, ичинен Ажарга ыраазы болуп өзүн-өзү күнөөлөдү. Айыл-ападагы кемпир-кезектерден уккан тил бир тең, мүрзөгө келип, эстеликти көрүп уялганы бир тең болду. Ушул саам Асылбек болгон убактысын күнүмдүк жашоо үчүн тапкан акчага гана коротуп, майда иш менен алектенип жүргөнүн моюнга алды. Эгер Ажар болбогондо Асылбек, Соня, Азимканга окшогон мурдунун учунан башка алысты көрө албаган түркөй адамдар, өздөрүнүн адамдык сапатын билбей жүрө беришет беле, ким билет.
* * *
Кечээки эле текилдеп чуркап жүргөн сары чийкил кыз бойго жетип, көксөгөн окуусуна өтүп, эми минтип күйөөгө жар болуп, ичине кыз, эркеги белгисиз бала бүтүп, эне болуу жүгүн артынганы турат. Буга чейин деле билген эмес боюна бүтүп калганын. Бирок, жүрөгү айланып, кускусу келе баштаганда гана өзүнчө ойлоп койгон, боюмда бар го деп. Бала кезинен сыр сактаганды жакшы көргөн Ажар ичи билингенге чейин эч кимге айткан жок, "боюмда бар" деп. Эгер башка аялзаты болгондо эбак боюнда барын элге жарыялап, Манас же Каныкей төрөчүдөй араң жан кыймылдап, колун муздак сууга салбай калмак. Албетте акылы тайкы, деңгээли пас гана аялзаты боюмда бар деп мактанат. Болбосо, илгерки салтты-наркты билген келиндер "боозуп калдым" деп, боюн жашырып, узун көйнөк кийчү эмес беле. Ажар дагы Сыйда эненин тарбиясын алган үчүн аялзатынын бийик сапаттарын колунан келишинче тутунуп, ооруп калса дагы ооруганын билгизбей, келиндик кызматын өтөп келет.
Күнгө ишемби эле. Сталбек кул базардан үч бала алып келип, канализация каздырам деп машинасы менен чыгып кеткен. Калича менен Ажар кухняда чай ичип, узун сөзгө киришти. Бир чети Калича да салт кармаган, көп нерсени билген аял болгондуктан, өзүнүн билгендерин Ажарга үйрөткөндөн тажабай айтып берет. Столдун үстүндөгү балыктын жытына эптеп чыдап олтурган Ажар, кайын энесинин сөзү аягына чыкканда эч сыр бербей, ваннага кирди да кусуп кирди. Муну байкаган Калича дароо артынан келип:
- Ажар, сага эмне болду? - дегенде Ажар кыйналганын билгизбей:
- Апа, эч нерсе эмес. Балыктын жытынан кускум келип кетти, - деди эле Калича дароо Ажардын ичине көзүн карады да, дароо боюнда бар экенин билип, эч үндөбөстөн ордуна келип олтурду. Ажар келгенде Калича билмексен болуп:
- Ажар, балким боюңда болуп жүрбөсүн, - деди эле Ажар жагымдуу жылмайып:
- Андай деле эмес, - деп уялып кетти. Ажардын бул мамилесине Калича дагы ыраазы болуп:
- Ажар эгер боюңда болуп калса уялбай эле айт.
- Апа, сөзүңүздү уланта бериңиз, мен балыкты алып коёюнчу, столдон, - деп Ажар балыкты муздаткычка салды. Аңгыча, Сталбек сырттан кирип келип:
- Апа, дале олтурасыңарбы? - деди эле Калича жактыра бербей:
- Олтурбаганда эмне, кыла турган иш деле жок.
Сталбек кыртышы сүйбөй:
- Койгулачы. Ушу кантип болсун, - деген болду да. - Мен машинамды СТОго көргөзүп бат эле келем, - деп ичкери кирип, кайра бат эле чыгып, - Ажар менин кошёлогумду көрдүңбү? - деди.
- Ваннага түшүп калыптыр, өйдө алып койгом, - деп Ажар койгон жеринен алып берди. Калича эскертип коюш үчүн:
- Сталбек, тез кел, түштөн кийин таекеңдердикине барабыз. Унуткан жоксуңбу? - деди да, эңкейе берген Ажардын ичине дагы көзү чалына түшүп, анын боюнда бар экенине нак ишенди. Сталбек:
- Апа, мен тез эле. Аны коюп, тиги балдарга көз салып тургула. Буларга ишенип да бекер. Бир нерсени уурдап алышпасын.
- Ал жагынан кам санаба. Өзүм көз болом, - деди Калича. Сталбек кеткенден кийин Калича Ажардан сурагысы келди "канча ай болду" деп, бирок өзү айтмайын сурабай турууну эп көрдү да, иштеп аткан балдардын жанына келип, үчөөнүн берген саламын кабыл алып:
- Балдар, маңдай тер менен ак иштеп тапкан акча берекелүү болот. Өткөндө силерге окшогон беш баланы алып келип иштетсек, баламдын буюмун уурдап кетишиптир. Уурулук бул жаман сапат. Ким ууру болсо баласы да ууру болот. Андыктан уурулуктан алыс болгула, - деп балдарды сөзгө тартты. Балдар сөз укканча иштерин улантып, өздөрүнчө актанганга өтүштү:
- Эже, беш кол тең эмес. Бирок биз эч качан уурдабайбыз. Үчөөбүз эки айдын бери чогуу иштеп келатабыз. Бир да жолу уурулук кылган жокпуз. Өзүбүздүн кардарларыбыз бар, бизге ишенген.
Калича берки четтеги баладан сурап калды:
- Сен кайсы жерден болосуң? - деп. Өз жашоосуна ыраазы эместей, кабагы ачылбаган бала башын жерден көтөрдү. Бул бала, бир кезде Ажарды кедей кыз деп сүйдүрүп коюп, чанып кеткен Нураалы болчу. Эртең менен эле ишке чыгаарда аялы менен урушуп чыккан. Баягы эле акчанын жетишпегени, квартиранын акысын бериш керек деген маселенин козголушу аны түнөртүп кабагын бүркөп, Каличанын көңүлүн өзүнө бурган.
Нураалы берилген суроого жооп бергенге шашылбай, жер караган тейде өзүнүн айылын эмес, районун айтты. Райондо канча айыл бар. Калича такып сураган жок. Анткени тиги баланы тажатып сурагандан тартынды. Ажар, үй иши менен алек болуп жүрүп, сырттагы иштеп аткан балдарга деле көңүл бурган эмес. Сталбек келип, качан гана иштеп аткан балдарды түшкү тамакка чакырганда Ажар Нураалыны көрүп таң калып калды. Нураалы да Ажарды көргөндө таң калгандан дагы уялып, көргөн көзүнө ишене бербей бир орундан жылбай туруп калды. Качан гана Ажар өзүн колго алып:
- Нураалы, кандайсың? - деп суроо бергенде Нураалы уялып:
- Жакшы, өзүң кандай? - деп кайра суроо берди. Ажар Калича менен Сталбекке карап:
- Бул бала биздин айылдан болот. Баягы Азимкан деген апанын баласы, - деп тааныштырып өттү. Нураалы апамды кайдан тааныйт дегенсип карады эле, Сталбек көңүлдүү:
- Жогору өт, кайнага болот турбайсыңбы, - деп сылык мамиле жасады. Нураалы түш көрүп аткансып, өзүнчө эле улам-улам Ажарды карай берди. Тамак ичилип бүткөнчө Нураалы ичинен түтөп, арданып, бир кезде аялы Сымбат экөө Ажарга базардан жолугуп, сын такканын эстеди. Андан дагы сүйдүрүп коюп, байлыкка карап Сымбатка үйлөнүп алганына өкүнүп, ичинен гана сыздады. Балдар тамак ичип сыртка чыкканда Калича сөз козгоду:
- Ажар, сенин жердешиң өтө начар бала көрүнөт. Ишке дагы жок экен. Өсөр, өнөр баланы мен бир көрүп эле билем. Эмнегедир алгач көргөндө эле ал бала мага жаккан эмес. Бекер иштеп аткансып мойнунан байлаган иттей, кыймылы жай, эмгиче көп иш арбытмак. Чылым чеккени да көп экен?
Ажар кайын энесине карап:
- Туура баамдагансыз. Балким иши жок кыйналып жүрсө керек. Бир үйдүн жалгыз баласы. Апасы экөө эле бир үйдө жашайт. Өткөндө айылга барганда кулагым чалган. Апасы келини менен жылдызы келишпей, келин-уулу шаарда деп уккам. Бул бала байдын кызы деп, аялын сүйбөй эле апасынын тилине кирип үйлөнүп алган. Жаман адам күнөөнү өзүнөн эмес, бирөөнөн издейт эмеспи. Бирок, бирөөнүн артынан жаман сөз айткым келбейт, болгон чындыкты айттым, - деп, сөзүнүн аягын актангансып бүтүрдү да, идиши менен алек болгон болду. Ушул убакта Нураалыны сүйүп калып, узун түндү уйкусуз өткөргөн күндөрүн эстеди. Биринчи сүйүү, балалык таза махабатка эмне жетет. Ажар эмне деген гана таттуу кыялга батып, сүйүүгө берилгенин өмүрү өткөнчө, эсинен кантип чыгарат. Уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпеген Нураалыны бүгүнкүдөй абалда көрөм деп түк ойлогон эмес. Алтурсун алгач көргөндө "ушунун эмнесин сүйдүм болду экен" деген ойду дагы ойлогонго жетишти. Андан дагы кайын энеси бир көрүп эле жактырбай сын айтканы Ажардын ички сезимине бүлүк салып, дагы бир жолу ойлоп койду. "Таенем туура айткан экен, Нураалы сенин теңиң эмес" деп. Ажар таенесинин айткан таасын сөздөрүнүн көбүн турмуштан кезиктирди. Бир убакта Калича жөн туруп эле:
- Ажар, канча ай болуп калды? - деп сурап, бул сөз оозунан кантип чыгып кеткенин өзү да билбей калды. Ажар күтүлбөгөн суроого жооп бергенге шашылбай ишин улантып атып:
- Үч айдан өтсө керек, өзүм деле билбейм, - деп оозу бош жооп берди да, Каличага тигилди. Калича, бул айтылган сөздү угуп:
- Ажар, анда сага жумуш жасаганга болбойт. Келе мен эле жасайм, жасап жүргөм, - деп кам көрө сүйлөдү. Ажар идиш жууп аткан калыбында:
- Апа, олтура бериңиз, өзүм эле жасайм. Күч деле келген жок. Менин оюмду бурган тиги Азимкан апанын баласы. Балким, акчасы жок болуп, келинчеги менен урушуп жүргөн үчүн кабагы ачылбай аткандыр. Азыр шаар жергесинде акчасыз жашоо кыйын эмеспи, - деп Нураалыга жан тарта сүйлөдү. Бул сөздүн артында жардам берип койсок кандай болот деген сөз жатканын Калича айттырбай түшүндү да, Ажардын оюн туура кабыл алып:
- Ажар, туура айтасың, "Көңүл өспөсө, көөдөн өспөйт" деп айтылгандай, акчасы жок болгон үчүн кул базарда жүрөт да. Андай адамдарга жардам берип коюш керек. Бирде болбосо бирде кайтат. Бир айылдан болсоңор эстей жүрөр, сенин жардамыңды.
Ажар кайненесинин баамчылдыгын байкап:
- Апа, мен эмес, Сталбек эле берип койсун. Сталбектин бергени менин бергеним, - деп кабагы ачыла түштү. Калича Ажардын таасын айткан сөзүнө ыраазы боло:
- Мен Сталбекке айтып коём. Ал баланы ыраазы кыл деп. Сен эми анын көзүнө көрүнбөй деле кой, сенден уялып атса керек, - деди.
- Сиз абдан туура сөз айттыңыз, менин көрүнбөй эле койгонум оң. Андан дагы ал бала дос кызымдын жигити болчу, - деп Ажар калп айтып алды. Бул сөздү айтмак деле эмес, оозунан эмне болуп чыгып кетти өзү да билбей калды. Бул сөздү айтып алып, Ажар ичинен өзүн-өзү жектеп алды, бекер айттым деди. Кээде ушундай ойго келбеген сөз ооздон чыгып кетет эмеспи. Учуру келип, Сталбек үч баланы узатып атып, Нураалыны өзүнчө чакырып алып калды да:
- Сиз, кайын ага болот экенсиз. Досторуңуз билбесин, бул акчаны керегиңизге жаратып алыңыз. Бирок Ажар экөөбүздү эстеп жүрсөңүз - деп, үч миң сомду берди эле, Нураалы дароо бул Ажардын сунушу экенин билип, ичинен сызып, арданса да акчаны алып:
- Абдан ыраазымын, квартиранын акчасын бүгүн бергиле деп кыйнап атты эле, - деп сөзүнүн аягын таппай калды. Сталбек Нураалынын ыраазы болгон жүзүн көрүп, ичинен бул жасаган ишине көңүлү өсө түштү. Бирок бул бала чоң байлыкты жана бакытты көтөрө албасын дароо сезди.
Нураалы жолдо баратып, өзүн-өзү жектеп, бир кезде аялы Сымбаттын айткан сөзүн эстеди. "Ажар ырыскылуу кыз, учурунда Ажар оозго илинген кыз болот" деген. Үйүнө келгенде, Сымбат чыдамы кете күтүп аткан болчу. Үйдүн ээси кетпей олтурган, квартиранын акчасын бергиле деп. Нураалы эки миң сомду үйдүн ээсине берди эле, үй ээси кабагын ачып, акчаны алганга сүйүнүп:
- Эмки айдыкын учурунда бергендей болгула, - деп жолуна түштү. Сымбат таң калып:
- Нураалы, акчаны кайдан таптың?! - деп күч менен сурап жиберди. Нураалы Ажардын күйөөсүнөн алганын жашырып, бир мүнөтчөлүк убакыт үнсүз туруп:
- Таптым, бирок ак эмгек менен, - деп кыска жооп берди да Ажарга жолукканын эстеди. Көз алдына Ажар баштагыдан дагы ажарлуу жана сулуу көрүнүп, алтурсун көргөн көзүнө ишенбей, оозунан сөзү түшүп, сүрдөп кеткенин дагы бир жолу элестетип, бир келген бакытты өзү тээп койгонуна өкүнүп, өзү менен Сталбекти салыштырып, кимдин-ким экенине калыс ой жүгүрттү да, Сымбаттын куйган чайын колуна алып көңүлсүз ууртаган болуп, Сымбатка күтпөгөн суроону берди:
- Сымбат, Ажар турмушка чыкты беле? - деп. Сымбат кызыгуусу арта, Нураалыны сынай карап:
- Эмне болду, эмне Ажарга жолуктуңбу? - деп, суроолуу карады. Нураалы, жер караган тейде:
- Жок, көчөдөн көрүп калдым, бир бала менен ээрчишип баратыптыр, - деп дагы калп айтты. Сымбат берилүү менен:
- Тийгени качан. Тажеңесин эки миң америкалык доллары менен калың жедирип, байдын баласына тийиптир деп уккам. Андан дагы жанында эле Сыйда энеге айылда жок, алыстан көрүнгөндөй чоң эстелик тургузуп, куран окутуп кетиптир. Кыз болбосоң коё кал. Айыл эли бүт кеп кылып атпайбы, - деп квартиранын акчасынан кутулганына сүйүнүп, кабагы ачыла көп сөздүн башын козгоду. Нураалы уккан кулагына ишене бербей:
- Билесиңби Сымбат?! Бир жолу базардан ага жолукканыбызда бүт кийими жыртык эмес беле. Ошондо Ажарга аябай боорум ооруган.
- Ажар, кем болуучу кыз эмес. Дагы анын келечеги алдыда. Ошондо айттым беле. "Ажар ырыскылуу кыз" деп. Барган жери дагы жайлуу болуп, күйөөсүнүн тилин таап алганын кара. Керек болсо балдар жасабаган ишти жасап, баккан энесине эстеликти тургузганы эле эмне деген сөздүн учун айтып турат, - деди, ичинде жаман ою жок Сымбат.
Нураалы Сымбаттын сөзүн угуп атып, анын күйөөсүн эстеди. Андай балага бактылуу эле кыз тийбесе, деп ойлоп аны менен өзүн салыштырганга үлгүрдү. Ушул жашка келип бир адамдын көңүлүн өстүргөндөй иш жасабаганын моюнга алды. Сталбек үч миң сом бергенде көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнүп, чын ниетинен ага ыраазы болуп, эмне деп айтаарын билбей калбады беле.
Адам баласы үчүн муктаж болгону учурунда орундалганы эмне деген бакыт. Нураалы керек болсо ушул кыйналып турган учурунда өзү сын таккан, сүйдүрүп таштап кеткен Ажар керекке жарап кеткенине калыс ой жүгүрттү. Эгер Ажарды жолуктурбаганда, квартиранын акчасын таба албай, көчөдө жүрөт эле го. Эми минтип аялы Сымбаттын алдында сөзү чоң чыгып, таап келген акчасына көңүлү көтөрүлүп олтурат. Бирок бул көрүнүш убактылуу экенин эстегиси келген жок.

Супер-Инфо
super.kg
видео