********
Эх бул жашоодогу жаман сапат, жаман адат, жаман сөз, жаман иш, жаман нерсенин баары адам баласынын жүрөгүн кандай оорутат. Эгер Разидин кызга карата болгон көз карашын орой айтпай, жылуу сөз менен билдиргенде,
анда өзүнүн өңүнүн суугу деле байкалбай калат беле ким билет. Ооба, жакшы сөздү айбан дагы түшүнөт. Бирок жаман адамдардын оозунан жакшы сөздүн чыгышы чанда гана кезигет. Ушул себептен "кылыч жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт" - деп бекер жерден айтылып калган эмес да.
Разидин жаш кезинен абактын даамын таткангабы,
ал жактан үйрөнгөн сапаты, сөзгө сындырган адаты кармап, кыздын жүрөгүн ушул жол менен багындырып алам деген кыска оюу туура эмес болуп калганын кеч билип, кызды аңдып келип үйдү таап алды да, эч эринбей анын үйдөн чыгышын күтүп олтуруп, кыз үйүнөн чыгып, Марселге жолукканын дароо байкап, жакын жерден аңдыды. Ал турсун алардын сүйлөшкөн кээ бир сөздөрүн угуп алып, Марселди коркутуп коюну ойлоду. Качан гана экөөнүн сөзү бүтүп, кыз үйүнө кирип кеткенде артынан келип Марселди кармап алып, аны машинасына салды. Каршылык көргөзгөнгө Марселдин күчү жеткен жок. Көздөрү сүрдүү, адамды суук көз караш менен караган Разидиндин турган турпаты, аз сүйлөп, кыймылы менен талап коё билгени Марселдин тилин бууп, сөз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербеди. Машина ордунан жылып, шаардын четине барып токтоду. Разидин абактын тилин колдонуп, абдан катуу коркутуп кирди. Аз убакыт илгери эле кыйын болуп жаткан Марсел, Разидиндин ар бир айткан сөзүнө жооп бере албай, ал турсун жаны аман калышынан күмөн санап, денесин майда калтырак басып, ушул жашка келгени бирөөнөн мынчалык коркуп көрбөсө керек, жөн эле жан алгыч көзүнө көрүнүп, анын сөзүнө эч каршы сөз айта албай, тилин жутуп алган адамдай гана туруп берди. Жарым саат мурда эле кыздын жанында өзүн бактылуу сезип жаткан Марсел, Разидиндин жанынан кетип калса эле жаны жай алчудай сезилип "Экинчи мен ал кыздын жанына жакын жолобойм"
- деген сөздү кантип айтты өзү дагы билбей калды.
Абакта жатып адамдын ойлогон оюн, ал турсун сүйлөй турган сөзүнөн бери алдына ала билип калган Разидин, Марселдин суу жүрөк экенин дароо билип, катуу коркутуп коюну эсинен чыгарган жок. Дайыма машинасына салып жүрүчү, абактан жасатып чыккан кооз саптуу бычагын алып чыгып, Марселдин кекиртегине такап, үнүн жогору чыгарып:
Мындан кийин мен, сени алиги кыздын жанына жакын жологонуңду көрсөм, койду мууздагандай гана мууздап салам. Эй, ширеңке баш, сен эмне менден кыз талашканга жарап калдыңбы?!
Бычактын муздак мизи кекиртегине такалганда Марселдин өңү ак чүпөрөктөй өчүп, коркконунан купкуу болуп кетти. Эх, билинбегени менен адам баласынын башына коркунуч келгенде, кандай гана абалга туш келет. Жан деген кандай таттуу. Атакесинин акчасына көөп, сөзү чоң чыккан Марсел үчүн ушул окуя жашоонун кыйынчылыгын көрсөтүп койду. Мындай убакта акчанын, чоң сүйлөткөн байлыктын, бардар жашоонун эч кандай таасири жок болуп калаарын билди. Жашоо үчүн күрөшүү кандай гана ойго алып келбейт. Марселдин бул турган турпаты, көзүнө көрүмчү көрүнүп корккондой абалга туш кылды. Разидин качан гана бычакты тартып алганда, Марсел үчүн жашоодон үмүт пайда болду. Эгер дагы биртике коркутканда Марсел шымын булгап салат беле ким билет. Баасы кымбат, боюна жарашыктуу кийим кийгени эле бир шишканын же чөнтөгү калың адамдын баласы экенинен белги берип турганын Разидин дароо эле билген. "Ачка адамга жардам бериш оңой, өтө тоюп алган адамга жардам берген кыйын" - деп айтылгандай,
башка кыйынчылык келгенде алгач кыйналып көрбөгөн байлар көбүрөөк азап чегиши турган иш экенин Разидин абакта жатканда байкаган. Айткандай эгер Марсел аз да болсо жашоонун кыйынчылыгын көрүп калган болсо, мынчалык коркуп, сыр алдырбайт эле. Ушул жашка келгени азыркыдай коркуп көрбөгөнгө,
Марсел аз жерден өзүн жоготуп коё жаздады.
Жалаң барчылыктын үстүндө, атасы менен апасынын эркелетүүсүндө бал муздак жеп чоңойгон баланын бул абалына Разидин ичинен күлдү. Кыздай болуп назик өскөнүн, башына эч кыйынчылык келбегенин курган бала өзү билгизип койду.
Разидин жаш баланы көп кынабайын деген ойдо кайра машинасына салып келип, шаардын четине түшүрүп жатып:
- Эй, ширенке баш, өз жолуңду билип жүр, макулбу?! - деди эле, Марсел тиги ырайы сууктун колунан кутулганына сүйүнүп, тили сүйлөгөнгө жарабай, башын ийкеп гана жооп берди да, машинадан түшүп калды. Эки жакты элеңдеп карап алып, жол жээгинде токтоп турган таксилердин бирине олтуруп үйүнө келгенче ар нерселерди ойлоп, кантип келип калганын билбей калды. Коркконунан оозуна учук чыгып, өңү өчүп, көзүнүн иреңи качып калганын билгизбөө үчүн ваннага кирип жуунуп чыгып, эч сөзгө келбей төшөккө баш койду. Жатып алып "бир кыз үчүн жаным учуп кете жаздады, андан башка кыз калбай калса дагы эмне болуптур, Айикеге жолукпай койсом кутуламбы"
- деген ойду ойлоду.
Ар кандай ойдун кучагында жатып көзү илинип кеткен Марсел жаман түш көрдү. Түн ортосунда уйкудан ойгонуп, таң атканга чейин уктай албай койду. Көз алдына бир Айике тартылса, бир Разидин тартылып, кимисинин талабын аткарууну тандай албай башы катты. Эртеси сабакка барган жок, анын себеби санаа тарткангабы денеси ысып, төшөктөн тура албай койду. Апасы менен атасы чарк көпөлөк болуп айланып, дары-дермегин берип, жылуулап жаап коюшуп иштерине кетти.
Катуу коркуп калган Марселдин көз алдына Разидин тартылып, үйдөн чыкса эле ал кайра кармап алчудай сезиле берди. Андан дагы кечинде анын көзүнөн эле билген, банги зат колдонуп алганын. Банги зат колдонгон адамдын колунан эч качан жакшылык келбесин уккан үчүн коркту. Эгер ал Айикени алып калса, анда эле анын шорунун катканы экенин ойлоп, жаткан ордунан тура калып классташына телефон чалды. Бирок ичтен жеген санаасын ага айта алган жок, анын телефону өчүк болучу. Сабак учурунда мугалим талап кылат "телефонуңарды өчүргүлө"
- деп. Бир кезде кайра телефонун терип, башка досуна чалды. Бул жолу ал досу тез эле жооп берди:
- Алоо, Марсел угуп жатам! - деп. Марсел катуу ооруп айыккан кишидей үнүн жай чыгарып:
- Илим, Фархатка айтчы, мага телефон чалсын, анын телефону өчүк экен.
Марсел, сага эмне болду, эмне сабакка келген жоксуң?
- Аны кийин айтып берем, эгер макул көрсөң, Фархат экөөңөр азыр үйгө келгилечи, силер менен бир маселени чечишип алыш керек болуп жатат. Азыр мен ооруп калдым. Илим шашып жооп берди:
- - Марсел, биз азыр барып калабыз - деп.
Аз убакыт өтпөй үйгө келген экөөнөн Марселдин алгач сураганы эле бул болду:
- Айике сабакка келдиби? Фархат суроолу карап:
- Келген жок. Эмне болду анчалык? Жоопту укканда Марсел азга үнсүз туруп:
- Анда аны тиги бандит уурдап кеткен тура? - деп, кечинде болгон окуяны бир баштан айтып берди, чын ыкласынан берилип, көркөм сөзгө салып. Сөзгө-сөз кошуп Марселдин бир укмуш кылып, кооз айткан сөздөрүнө тиги экөө чындап ишенип калышты да, Айикенин дайынын билүүгө жөнөп кетишти.
*********
Көптөн бери пиво ичпегенгеби,
Адыгей карыя кызып калды. Жаш кезинде ичкенде дайыма үнүн созуп ырдап калчу. Бул жолу дагы машинада кыңылдап ырдап келе жатып, уулуна кайрылды:
- Уулум, мени кечирип кой. Көптөн бери ичпегенге, кызып калдым көрүнөт. Ичкилик бул адамды убактылуу жыргатканы менен, акырындап өзүнүн сазына соруп тынат. Билсең Медал курдашым экөөбүз бүгүн бир жерге баралы да, жаш кезди эстеп келели дедик эле деп, андан аркы сөзүн айтпай токтоп калганда, Эркинбектин оюу бузулду "бул эки абышка жанагы бузулган кыздарга барышмак го" - деп. Андан дагы атасы сөзүнүн аягына чыкпай калганы бушайманга салды. Бир жагынан атасына андай жерди ыраа көрбөй турду. Медалбек аяш атасы шаарда жашагандыктан,
атасын бузганы жатабы - деген дагы ойду ойлоду. Табышмактантып айтылган сөздүн түйүнүн чечкенге чейин кандай гана ойлор башка келбейт. Ар бир айтылган сөздүн эки мааниси болот. Жаман жагын кабыл алган киши санаага батып, жакшы жагын кабыл алган киши таттуу кыялга жетеленет эмеспи. Эркинбек айтылган сөздүн жаман жагын кабыл алып алганга, санаага батып бир топко үнсүз келип, акыры чыдабай кетип:
- Ата, кайда баралы дедиңер эле? - деди. Айикени ойлоп кыялга жетеленип кеткен Адыгей аз жерден "Айикени көргөнү" - деп айтып ала жаздап, өзүн араң кармап калды да:
- Ээ балам, аны эмне кылат экенсиң. Биз да бир кезде жаш болгонбуз. Жаштык кез бир келет экен да, бир кетет экен. Кайда бармак элек, айттым го жаш кезди эстегени - деп. Бул сөздүн артында эмне сөз жатканын толук аңдабаган Эркинбек:
- Ата, бара турган жериңерге мен эле машина менен жеткизип койгонум оң болуп жүрбөсүн?
- Балам, азыр ден-соолук калыбында. Медалбек экөөбүз такси деле кармай коюбуз, сени убара кылбай. Ишиңден калба. Бул шаардыктардын убактысы тар болот экен, көрдүм. Көчөдө машинанын тыгыны көп, элдин көбү деги койчу деп, сөз багытын башка жакка буруп кетти.
- Мен жаш кезде шаарга келгенде мынчалык машина жок эле. Бирок ал кезде шаардын тазалыгы укмуш жакшы болучу. Азыр абдан эле булганып бүтүптүр, бир гана акчанын артынан калбай жүгүрүп, өзүн гана ойлогондордун айынан. Байкасам бизди орус башкарган эле оң өңдүү. Тартип бар эле, бир кезде. Эркинбектин кулагына бул сөздөр кирген жок. Бир гана атасы кайда барат ошол болгон дитин ээлеп алып, санаага алдырып жиберди. Көзү жолду караганы менен оюу башка жакта болуп, атасынын кээ бир айткан сөздөрүн укпай да калды.
Машина үйдүн эшигинин алдына келип токтогондо,
Адыгей карыя дароо эле ажааткананы көздөй кадам таштады. Анткени пиво өз вазыйпасын аткарып, табарсыкка чуркаганы карыянын шаштысын кетирди. Баам салбаганыбыз менен пиво бөйрөктү тазалайт деп айтылат эмеспи. Ажаатканга жеткен карыя ушундай бир ыракаттана бошонуп алып, кадимкидей эс ала түштү.
Эмне болгон күндө дагы кайын ата, келинден жазганат. Адыгей карыя келининен ыйбаа кылып өзү жаткан бөлмөгө кирип кетип кайра чыккан жок, "жытанганым билинбесин"
- деп.
Бирок оюнан баягы эле арзып жанын жай алдырбаган Айике кеткен жок. Бүгүн аны көргөнгө кандай ынтызары күч болду эле. Эгер уулу жолтоо болбогон болсо азыр арзыганын өз көзү менен көрүп, Айымдын чайын ичип, небереси менен чоң энесин салыштырып карап, бир кумардан чыкпайт беле... Кап! Болбой калды. Жүрөгү бат-бат согуп, эмнегедир Айикени эстегенгеби тынчы кете түштү. Балким кан басымы көтөрүлүп кеттиби, чалкасынан жаткан калыбында көзү тунарып, асманга учуп бара жаткансып сулк жатып калды. Канча жатканын билбейт, көзүн ачса такыр башка жакта жатыптыр. Терезени караса сырт караңгы, бирок жаткан жери чоочундай. Уулунун үйү дейин десе темир кроватта жатат. Акылы жетпей эки жакты аяр караган болду да, кайра көзүн жумду. Бул жолу эмнегедир тез эле уктап кетти.
Эртең менен ак халат кийинген медик кыздын ойготконунан улам билди ооруканага келип жатып калганын. Мед айым ийне сайып, колтугуна градусник салып эч үн дебестен кайра изине кайтып кетип калды. Эми гана билди, ооруканага жатып калганын. Эмне болуп бул жакка келип калганына акылы жетпей, абдан таң калды. Бир баштан болуп өткөн окуяны эстеп көрдү. Кечинде кадимкисиндей эле уулунун үйүнө келип жаткан, анан уктап кеткенин бир билет, калганы эсинде жок. Шыпты тиктеп бир топко жатты. Аппак болгон палатанын ичине текши көз жүгүрүтп алып, дагы ойго алаксып кетти. Алгач эле оюна "кап, бүгүн дагы Айикени көрбөй каламбы" - деген ой дароо мээсине кыттай уюп, кайра санаага алдырып жиберди. Санаа адамдын кан басымын жогорулатары анык иш. Бир гана Айике үчүн минтип атайын жол кезип шаарга келсе, келгени менен алигиче аны көрө албай, караанына зар болгонуна ичи ачышып кетти. Аз убакыт өтпөй врач келип карыянын кан басымын текшерип, кайра жогорулап кеткенин билип, калдастай түштү. Кечинде кандай келсе абалы ошондой эле болуп чыкты. Темпиратурасы да жогору. Врачтын кабагы бүркөлүп, эмне кылышты билбей шалдырап олтуруп калганда, карыя акырын үнүн чыгарып:
- Балам, менин абалым жакшы эле. Мен мында эмне болуп келип калдым? - деди. Сулк жаткан карыянын тилге келгени аз да болсо жакшы маанай тартуулап:
- Аксакал, сизге санаа чеккенге болбойт. Кечинде аз жерден гана калдыңыз. Болбосо азыр сиз минтип бул жерде жатпайт элеңиз. Карыя үнүн жай чыгарып:
- Менде кайдагы санаа, мүмкүн болсо мени чыгарып эле койгула. Айылыма эле кетпесем болбой калды көрүнөт. Кемпиримдин ысык чайын ичсем эле айыгып кетем. Врач күлүп:
- Аксакал, кемпириңиздин чайын ичкиңиз келсе санаага алдырбаңыз.
Баса, сиз кечинде Айике деп кобурандыңыз,
ал ким эле? - дегенде Адыгей карыя эми гана өзүнө толук келип:
- Балам, аны өзүм да билбейм. Балким оозума келген бир ат болгондур. Сенден бир өтүнүч, дарыңды жазып бер дагы, мени чыгаргандай бол. Тилди алсаң үйдөн эле дарыланайын.
- Болбойт, сиздин абалыңыз бул болсо, мен кантип сизди чыгарып жиберет элем. Эгер эрте үйгө кетем десеңиз, санаа тартып, ойлонбоңуз.
Балким сизди жанагы Айике деген неме санаага салып жаткан жокпу? - деп мыйыгынан күлгөн болду эле, Адыгей карыя:
- Карыганда мага андай нерсенин кереги эмне. Аны коюп тынч үйүмө барып жатканым жакшы эмеспи. Кечинде курдашым экөөбүз азыраак пиво ичип койдук элек, ошонуку болсо керек деп, сөз өңүтүн башкага бурган болду. Аңгыча эле уулу Эркинбек келип калды. Уулунун караанын көргөндө карыяда бир ой пайда болду "кап, кечинде ал дагы "Айике"
- деп айткан сөзүмдү угуп калбады болду бекен" - деген. Эркинбе учурашкан соң дароо врачка кайрылды:
- Эмне дейсиз, атам деги жакшыбы?
- Аны өзүң көрүп турбайсыңбы?
Баса мен сага дары жазып берейин, алып келип бер. Кан басымы түшпөй жатат. Кечээ бекер ичиргенсиңер.
Каны суюулуп кеткенби, айтор азыр дагы абалы анча жакшы эмес деп, врач сыртка чыга жөнөдү. Артынан чыккан Эркинбек аны менен бөлмөсүн көздөй жөнөгөнүн көрүп, Адыгей карыяны эми чындап санаа басты. "Айике жөнүндө эми уулум билбей эле койсо экен. Кайдан дагы шаарга келе койдум эле" - деп. "Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат" - дегендей, Адыгей карыянын минтип ойдо жок жерден ооруканага жатып калганы, арзуусуна жолуга турган иши калып, кайрадан санаа курчады.
Убакыт түшкө жакындап калган кезде шашыла басып астананы аттап курдашы Медалбек келип калды. Аны көргөндө Адыгей карыя эрэркеп кетти. Экөө кучакташып көрүшкөн соң Медалбек:
- Ой, деги сага эмне болду?
- Билбейм, эртең менен көзүмдү ачсам ушул жерде жатып калыптырмын.
Түндө тез жардам менен келиптирмин.
Кан басымым жогорулап кеткен өңдүү.
- Адыгей, ден-соолукка кара. Сенин азыр жашай турган кезиң. Баса жанагы кызды көп ойлой бербечи. Балким анын санаасы ушуга алып келип жүрбөсүн.
- Медалбек, анда эмне күнөө. Мага ичкилик жакпайт өңдүү. Кап, эгер азыр оорубасам ушул маалда тиги жакта болбойт белек...
- Айттым го, аны ойлобо деп. Мен азыр ошол жакка барам. Айым менен телефон аркылуу сүйлөшүп "келем"
- деп койгон элем. Барып калсам айтам, кызың менен барып учурашып кет деп. Бул сөздү укканда Адыгейде кандайдыр бир үмүт оту жанып:
- Айт, сөзсүз келип кетсинчи. Менин дартымды бир гана сен билесиң. Башка жан адам билбейт. Медалбек кабагын түйүп, бир саамга жер тиктеген болуп, өңүн бузуп:
- Курдашым, бул жалганда билесиңби, баары айкын болот. "Кыңыр иш кырк жылда да билинет" - деген кеп бар. Кечээ сен бул жакка келе жатканда Айкенин атын айтып жөлөптүрсүң.
Менден Эркинбек сураганда "жаш кезинде жетпей калган сүйлөшкөн кызы болчу " - деп койдум. Эми оорусаң дагы жөөлүй көрбө. Коркпо уулуңа түшүндүрүп айттым, ал жөнүндө эч кимге атпагандай кылып. Адыгей карыя үнсүз туруп:
- Ырас кылган экенсиң. Ушундан көрө жаным чыгып кетсе кана. Айике жөнүндө эч ким билбей калганы мен үчүн чоң олжо эле. Кап, ал кылыгымдын дагы чет-чебери билинип калгансып калды өңдөнөт. Ушул жашка келгени ашыктык отуна мынчалык кабылып көргөн эмес элем. Курган кыз кайсы күнү көзүмө чалынып, жүрөгүмдү эмне мынча ээлеп алды экен. Кечээ сен айткан окуянын изгини менин тагдырыма байланыштуу болуп калды өңдөнөт. Чынын айтсам азыр Айикени көрсөм, бул оорудан нак айыгат элем. Анын турпатын бир көрүп жаным чыкса арманым жок эле. Бул жалганда менин абалымды жан адамга ыраа көрбөйт болчумун. Мен куруюн. Карыганда минтип кайдагы ойго келбеген нерсеге кабылып, жан кыйналып ооруканага жатып калам деген оюма келбеди эле.
- Адыгей, сен антип жаш баланын сөзүн айтпа. Мен эле эмне жыргап жашап жатат дейсиңби. Алиги жаш келиндин келбети, мага жасаган мамилеси, балыктай туйлаган ак денеси азыр дагы көз алдыма тартылып, аны бир көргөнгө зар болуп жүргөнүмдү жан адамга билгизбей эле жүрөм. Какайып сыртымдан сыр бербегеним менен, ичим толо арман. Анын четин сага айтпадым беле. Эки абышканын сөзү бир топко уланды. Акыры Медалбек палатадан чыгып бара жатып:
- Адыгей эртең келем, мени күт. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз дегенде, Адыгей карыя көз карашы менен гана билгизди "Айике келгендей болсун" - деген сөздү.
"Дубаланган келин" Бердикожо Бийназаров
#41 04 April 2014 - 22:51
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#42 04 April 2014 - 22:52
*********
Сырткы эшик кагылганда чоң эне менен неберенин көздөрү умачтай ачылып, корккондорунан бирин-бири ушундай бир башкача көз караш менен карап туруп калышты. Эшик экинчи жолу кагылганда Айым олтурган ордунан туруп:
Бул ким? - деген болду. Айике дароо терезеден алиги машинаны карады. Машина дале бир орундан жылбай турганын көрүп, кайра башын ылдый кыла койду, кудум ууру кылып жаткан адамдай. Бир кезде сырттан эркек адамдын үнү чыкканда Айикени коркунуч кайра каптады. Аңгыча эле апасы Айым:
Ой, сен кайдан, деги барсыңбы? - деген сөзүн укканда гана Айике үйгө тааныш адам келгенин билип, өзүнө келе түштү.
Сырттан кирген Медалбек, Айымды көргөндө.
- Айым, сени көрөр күн дагы келет экен ээ? Ушул күндү канча күтүп жүрдүм! - деп, жакын келип Айымды бооруна кыскан болду. Айым ушул саам баягы жаш кезин эстеп, азга мукактана түштү. Мунун себеби өзүнө ашык болгондордун бири ушул Медалбек эмеспи. Медалбек көлөкөдөй болуп артынан канча жүгүрдү. Анткен менен аз да болсо ошол кезде Медалбек жөнүндө ойлоно калчу. Кылгыра караган көз карашы, суктанып сөз айтканы, кантип эсинен чыгат. Кыз кездеги таттуу учур жигиттерден сөз угуп, арзуусун кылыктанып кабыл албай назданган кандай жарашыктуу көрүнүш. Айым дагы бир кезде ошол адатты карматып, Медалбектин арзуусун кабыл албай койгон. Азыр ошол кезин эстеп азга ойго алаксый түштү. Ушул аз убакыт ичинде экөө тең жаш кездерин учкай эстегенге үлгүрүштү. Айткандай адам баласы өткөн кезине баа бербей, ошол кездин бактылуу мүнөттөрү учурунда билинбей кеткенин кийин гана түшүнүп, эскерип, эстеп калышары тээ атам замандан бери эле жашап келе жатпайбы. Бул экөө дагы бир кездеги бактылуу күндөр артта калганын ушул жолугушуу учурунда эстешти. "Чырпыгына доо кетсе, дарак өзү ооруйт" -дегендей, эки курдаш жаш кездерин азга эске салышып, оозго сөз келбей турганда, ичкериден булуттан чыккан айга окшоп, бой мүчөсү келишкен, карагандан көз талыбаган, көздүн көркү болгон жаш кыздын чыгып келгени Медалбектин эсин оодарды. Бир саамга кыздан көзүн албай туруп. Анан өзүн колго алып:
- Айым, бул кыз сенин бир кездеги элесиң го? Ушундай дагы окшоштуктар болот деп ойлогон эмес элем. Кудум сени жашартып койгондой болуп, сенин эле кыз кезиңди эске салды деп, Айикенини чекесинен өөп:
- Ылайым бактылуу бол! - деген болду. Бирок билинбегени менен жүрөгү бир козголуп, чоң толкундагы токтун күчү денесин ургансып, көзүн бат-бат ирмеп, толкунданып алды. Атаганат, бул жүрөктүн эңсөөсүндөй эңсөө, талабындай талап жок белем. Медалбек эч сыр бербей Айым экөө сүйлөшкөнү менен, эркектин душманы болгон көзү улам жаш кызды караганга түрткү берип жатты. Ысык чай алдыга келип, сөз кызуусуна кирип калган кезде, сырттан үй ээлери келип калышты. Медалбекти тааныган үй ээси абдан жакшы маанай менен учурашты. Кантсе дагы эски көздү көргөндө адам баласы бир башкача абалага кабылат эмеспи. Сөз эми такыр башка нукта уланды. Эгемберди жан алы калбай:
- Ырас келген турбайсызбы. Апам жалгыз олтуруп ээригип жатты эле. Азыр тамак жасай калсын деди. Айике бул жолу сөзгө аралашпай ички үйгө кирип терезеден сырты карса, машинанын жанында өзү корккон бала эмес, курсагы чыккан бир киши турганын көрүп, бырс күлүп жиберди. Аны көргөндө гана тиги машина анын машинасы экенин билип, дагы күлкүсү келип кетти. Шаарда окшош машиналар толуп жатпайбы. Эмнеге муну жана эске алган жок. Коркконго кош көрүнөт болгонун билип, оозгу үйгө чыкты. Толкундар жээкте түгөнгөндөй, үй ээлери келгенге Айикенин корккону дагы түгөнүп, коркуу сезими каякадыр толкундардай сүрүлүп жок болуп, өзүн эркин сезип дарбазадан сыртка чыкты. Баягы апасы экөөнү коркунучка салган машина эми гана ордунан жылып, каякадыр сапар алды. Жаш кыз ушул саам билди, сөздүн күчү адамды коркутуп, ар кандай ойго саларын.
Аңгыча эле жеңеси ичтен үн салып калды:
-Айике, дүкөнгө барып келе калчы - деп. Эртеден бери үйдө камалып олтургангабы, эмнегидир бул сунушка лам дебей макул болуп, колуна сумканы алып дүкөнгө жөнөдү, керектүү нерсени алып келгени. Бул учурда үйдөгүлөр кызуу сөзгө кирип калышкан. Айике эч жаман нерсе оюнда жок алчуусун алып дүкөндөн чыкканда, алдын тозуп көзгө тааныш караан көрүндү. Бул караан Разидиндин карааны болучу. Жаш кыздын жүрөгү кабынан чыгып кете тургансып тез-тез кагып, коркконунан өңү бозоруп кетти. Анткени көз алдына адам баласы эмес, жан алгыч тургандай көрүнүп кеткен эле.
**********
Карыя эки апта ооруканада жатып, баштагыдан алда канча арыктап, сөөгү оркоюп, көзгө башкача болуп көрүнүп чыкты. Бул арада кемпири да келип жанында болду. Дарынын күчү карылык айылына тез алып келгендей, шайы кеткен Адыгей карыя көзгө абдан комсоо көрүнүп, тез эле карып кеткендей сезилди. Анткени буга чейин баскан турганы алда канча тың болучу. Ийне жеген денеси кадимкидей билинип, дарыдан качып калганын өзү эле эмес, кемпири да билди. Бирок карыянын көңүлүнө карап эч ким эч нерсе айтышкан жок.
Эркинбек базардан бир кой алып келип союп, кан чыгарып, түлөө кылып коюну ойлоп, мал саткан базарга жөнөдү. Акыркы кездерде чындап атасына боору ооруп кетти. Кантип унутат, бала-бакыраны багам деп, канчалаган жылдар малдын артынан түшпөй тоонун кырларында кой кайтарып, жок издеп азап жеп ысык-суукта жүргөн күндөрүн. "Карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет" - дегендей, малдын дагы малдай түйшүгү болорун Эркинбек элеттик бала болгон үчүн түшүнбөй койгон жок. Бирок атасынын дарты эмнеде экенин так биле албай ичинен эзилип, бушайман болуп, санаага бата түштү.
Машинасы менен мал базарга бара жатып, эмнегедир оюна бир нерсе кылт эте түштү да, газета саткан күркөөгө келип көзү ачыктар чыккан газетаны сатып алды. Анан андагы сүрөттөрү менен чыккан "мен кыйратам" - деген көзү ачыктардын жарнамасына көз жүгүртүп, акыры бирөөнү тандап алган соң, анын дарегин жазып алып, али убакыт эрте экенин эске алып, машинанын рулун ал жакка бурду. Айтылган дарекке келип, дарбазаны какты эле, ак топу кийген, жаш бала утурлап чыгып кабыл алган соң:
-Азга күтө туруңуз, тиги киши бош эмес эле - деди. Жыгачтан жасалган узун олтургучка көчүк басып олтуруп, дагы ойго алаксып кетти. Эмнегедир ушул саам оюна баягы врачтын айткан сөзү келди "Атаңыздын дени сак, болгону ириде айттым го, санаа жеп жатат деп. Балким тилин таап жаш аял алып берсең, атаң жүзгө жете жашайт. Тоодо кымыз ичип, таза абада жашаган адамдардын ден-соолугу чың болот. Балким чекип сурап көр. Ата сеники, санаадан арылса эле болду, атаңдын алиги кесел адамдай болуп көрүнгөн сырт келбети калыбына келе түшөт. Көңүл өсмөйүн көөдөн өспөйт эмеспи. Көңүлүн өстүрүп же жер көрсөтүп алаксыт. Дары ичип, ийне алгандан эч пайда жок" - дегенин эстеп, көңүлү кирдей түштү. "Ушул жашында кайдагы жаш аялды алат эле" -деп. Аңгыча эле алиги бала шыпылдай басып келип:
- Кириңиз, тиги киши бошоду? - деди. Эркинбек ичкери кирсе, газетадагы сүрөтүнөн көргөн киши жылуу кабыл алды да, колун жаңсап ишарат кылды, мындай олтуруңуз дегенсип.
Эркинбек жайланышып олтурган соң, келген жөнүн айтып берди эле тиги киши:
- Ал кишини көрмөйүн эч нерсе айта албайм. Жок дегенде акыркы түшкөн сүрөтүн ала келсеңиз болмок. Эртең түшкө чейин келгендей болуңуз, колумдан келген жардамымды бергендей болоюн. Эркинбек өкүнгөнүн жүзүнөн билгизип:- Макул, кап ушул эсиме келген эмес экен. Эртең келейин деп убада берип, сыртка чыкты да, машинасы айдап бара жатып, врачтын айткан сөзүн кайра эстеп,
Балким чын эле атам бирөөнү арзып калган чыгар. Медалбек карыя баягы окуяны мага бекер айтып берген жок. Эмнегедир атамдын көзүнүн тереңинде бир сыр катылып жатат. Ал сырдын түйүнүн чечмейин атам бул оорудан сакайбайт деп чукул ойлоп, Медалбек карыя менен сүйлөшүп көрүүнү эп көрдү.
Мал базарга келсе, кыжы-кужу. Таза кыркылган койлор тим эле биринен - бири өтөт. Сатармандар өз малдарын апендинин кызынан катуу мактап, сатуунун амалын кылууда. Эркинбек семиз койду жакшы тандайт. Четте турган кара койдун куйругун кармап көрүп, баасын сурады эле, жапалдаш бойлуу, чокчойтуп жарашыксыз сакал койгон, динге берилген адам экенин билгизип сүннөт кийим кийген, жашы отуздан жаңы өткөн бала жакын келип:
- Байке, Нарындын кою. Абдан семиз. Баасы мынча деп койдун баасын айтты эле Эркинбек:
- Эмне Нарындын кою болсо эле кымбат айта бересиңерби? Эми малды дагы региондорго бөлө баштадыңарбы? Саясатчылар элди бөлсө, силер минтип малды бөлсөңөр, бул кандай болот? Мынча болду уруу-урууга деле бөлбөйсүңөрбү? - деди эле, нары жактан орто жаштан өтүп калган киши басып келип:
- Иним, биз малды региондорго бөлгөндөн алысбыз. Бул базарга Оштон, Таластан койлор келбейт. Келсе жолун актабай калат. Ал эми Чүйдүн малы семиз болгону менен эти супсак болот. Көпчүлүк элдер Нарындын малын алышат. Анткени ал жактын чөбү күчтүү келет дагы, малдын этинин сапаты жогорулук кылат. Базар деген базар. Ар ким өзүнүн товарын өткөрүнүн амалын кыларын түшүнүү керек. "Аларман болбосо сатармандын арманы күч болот" - деген сөздү уктуң беле? - дегенде, Эркинбек айтылган сөзгө муюп, чөнтөгүнөн акчаны алып чыгып сураган бааны бергенде, жанына бир тестиер бала жетип келип:
- Байке койду машинаңызга салып берейинби, сийгизип чычырып туруп салып берем, машинаңыз булганбайт! - деди. Эркинбек баланы жылмая карап:
- Макул, - деди эле, тиги бала койду дароо жыга салып, тумчуктуруп кирди. Тыбырчылаган кой чын эле сийип жиберди. Эркинбек баланын бул амалына ичи жылып, күлө карады да, анын эмгегин баалап, жыйырма сомду колуна карматты. Жолдо келе жатып, азыркы балдар ойнобой, акча үчүн жан үрөп калганына ичи ачышып, көңүлү кирдеп кетти.
Бул күнү мал союп, түлөөгө камынып, кийинки күнгө Медалбек карыяны аялы менен, Айымды келин-уулу кошуп бирге чакырды. Адыгей карыя эч сөзгө келбей өзү менен өзү болуп, жашоо кызыксыз болуп калгандай кабагын ачпай төшөктө жатат. Анткен менен уулунун жасаган далалатына ичи жылып, шыпты тиктеп жаткан калыбында дагы ойго алаксып кетти "Эртең Айымдар, Айикени ала келишсе кана, аттиң, ушул бойдон анын караанын бир көрбөй кете беремби? - деп ичинен дагы эзилип алды. Эх, билинбегени менен көңүл кушу, ышкы тузагына илингенде болгон санаа бир гана жүрөк эңсеген адамды самап калат белем. Карыянын болгон дити бурулган, көмүскөдө жашырынып жаткан арзуу эшиги качан ачылып, жолугушуу аземи качан ачыкка чыгып, көңүл өсөт болду экен? "Күн ак сарайга да, кепеге да бирдей тийет" - дегендей, ашыктык дагы чын ыкласынан берилген кишиге бирдей келген аруу сезим. Георг Даумер: - үч нерсе кайра кайрылбайт атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр - деп айткандай, карыя үчүн ар бир секунд, мүнөт, саатты дагы санаа басып өтүп жатканын бир гана өзү билет. Бул санааны сыртка чыгарууга, чынында , карылык дарамети, ушунча жыл жыйнаган абдарыкаты эч качан жол бербейт. Эгер ушул дартка кабылбаган болсо, айылында эле жүрөт эле го. Буга дагы ооздон чыккан сын таккан сөз болгонун кантип тана алат. Бир кезде ооз кесир кылып айткан сөзүн кайра, кайрып алса кана атаганат! " Ооздон жаңылган турбайт, буттан жаңылган турат" - деп айтылгандай, адам баласы ар качандан бир качан ооздон жаңылып келгенин кантип тана алабыз.
Карылык келгенде адам баласынан уйку качып, өзгөчө түнкүсүн убакыт өтпөй калат эмеспи. Карыя ар тараптуу ойду ойлоп чалкасынын жатканда, эмнегедир терезе жактан өзүн чакырган үн угулду. Бирок ал үнгө жооп берген жок. Жүрөгү бир нерсени сезип, көзүн жумган болду. Кулак тыңшап күткөн алиги чыккан үн кайра кайталанган жок. Ал үнгө "сен кимсиң" - деп жооп бергенге карыя шашылбады. Бул үн эмне үн экенин жүрөгү менен сезип, жата берди "дагы чакырат болду бекен" - деген ойдо.
********
Айикенин сабакка келбегенинен шек алган Марсел эки досу менен сыртка чыкты да, корккон адамдай эки жакты аяр карап алды. Биринчи жолу шаарга келген элеттик баладай элеңдеп алганын, жанындагы эки досу да байкап калышты. Канчалык кайрат кылганы менен кечиндеги коркконунун залалы тийип, жолдошторуна сыр алдырып койгонун өзү да сезди. Бир жагынан алыста бирөө өзүн карап, аңдып тургандай туюлду. Адам баласы эмне болгон күндө дагы ички сезимди алдай албайт. Ар бир кыймыл, ооздон чыккан сөз, карагандагы көз караш ойлогон ойдун уңгусун билдирип коёрунда эч шек жок. Марсел канчалык өзүн эркин сезейин деген менен баары бир ага өзүнүн дити баш бербеди. Четте токтоп турган таксиге олтурган үчөө, Айике жашаган жерге келгенде, Марсел кечиндеги машинанын караанын көрүп эле, жүрөгү муздай түштү. Анан сыр бербегенге аракет кылып, эки досуна кайрылды:
- Мен таксиден түшпөй олтуруп турайын, силер тиги машинанын ичинде олтурган айдоочусун байкап келгилечи. Бетинде тырыгы бар бала болсо анда мени кечинде кыйнаган ошол, башка бирөө болсо анда мени чакыргыла деди. Фархат таң калып:
- Марсел, жүрү азыр эле барып анын жазасын колуна берип келебиз. Биз үчөөбүз, ал бирөө. Кантип ага алыбыз жетпесин. Марсел тайсалдап:
- Жок, менин ага көрүнбөй эле койгонум оң. Кечинде ага катуу сөз берип койгом, Айикеге жолобойм деп. Бул сөздү укканда экөө бир ооздон:
- Анда биз мында эмнеге келдик. Айикени андан коргойбузбу же өзүбүздүн жаныбызды сактайбызбы? Буга чейин кыйын болуп, сөзү чоң чыгып, мактанып жүргөн Марсел сөз таба албай мукактана түштү да:
- Алгач силер барып байкап келгилечи, анан калганын көрө жатабыз деп, алсыздыгын дагы көрсөттү. Экөө бул айтылган сөздү укканда баштарын чайкап, алдыга карай жөнөштү да, көрсөтүлгөн машинага жакын келишти. Бирок анын айдоочусу жок токтоп турганын билишкен соң, таксиде караанын жашырып олтурган Марселге кол булгашаты, чакырып. Кечинде өзүн бактылуу сезип, сулуунун жанында турганда ушул аймак көзүнө бир укмуш кооз көрүнсө, ушул саам эмнегедир суук көрүнүп бул аймактан тезирээк кеткиси келип кетти. Бул да болсо катуу коркуп калгандын бир элеси болучу. Алты айласы кетип машинадан түшкөн Марсел, дагы элеңдеп эки жакты карап алдастап алды. Чиркин жашоо, кандай гана окуяга кабылтпайт дагы, кандай гана ойду ойлонтпойт. Марсел эмнегедир эки досунун алдында сынып калгандай сезип, кайраттуу кадам таштап алдыга басты. Аз убакыт өтпөй тиги машинаны башка эле бир киши айдап кеткенин көрүп, көлөкөсүнөн корккон адамдай корккок экенин даана билди. Аңгыча эле үчөө үйдөн чыккан Айикенин караанын көрүп калышып, чын ыкластарынан сүйүнүп бирин-бири жагымдуу карап алышты, чоң жетишкендикке жеткенсишип. Бирок ал көчөгө көрк берип басып келе жатканы менен, өзүнөн көз албай карап турган үчөөнү көргөн деле жок. Сулуунун келе жатканы өзгөчө Марселдин жүрөгүн туйлатып, ички жарасын козгоп, жаны чыгып кетсе дагы алиги түрүү суук неме менен бир жаңсыл болууну ойлоп койду. Оюн окуп билгенсип Фархат:
- Досум, ушундай кыздын жүрөгүн багынткан кандай адамдын колунан келет? Анан суу жүрөктөнүп, кайдагы бир бандитке тарттырып ийгениң, эркектик сапатка жатпайт. Карачы , тим эле көз жоосун алат десең. Кайран гана Айикенин сулуулугу. Мектеп боюнча бул кызга ашык болбогон ким бар? Эгер Айике мени жактырып калган болсо, үйүнүн жанына кетпей кайтарат элем. Анын жаш жүрөгүнө доо кетирип коркуткан шүмшүк менен жеке сүйлөшүп, коркпой тынч жашагандай жашоо тартууламакмын. Мындай сулуу кызды кимдер гана сүйбөт дагы, кимдер гана көз артпайт. Көрөсүң, мектепти бүтсө бир чиновник экинчи аял кылып алып албаса мага кел. Билсең чиновниктер атайын сулуулар конкурсун өткөрүшөт экен да, көздөрүнө толгондой сулуу кыз тандап, анан сулуу кызды аял кылып алыш үчүн аракет кылышат тура. Байкасаң, азыр болгон чиновниктердин аялдары жаш, анан сулуу. "Кыргыз байыса катын алат, сарт байыса там салат" деген сөз бекер айтылып калган эмес. Марсел сөз өңүтүн байка, - деп унчукпай калды. Намысына тийген сөздөрдү уккан Марсел кайратына келе түштү. Илим кайра сөз уламакка Марселди карап :
- Досум коркпо, эгер сен чындап Айикенин макулдугун алсаң, анда аны тигиге тарттырып жибере койбойбуз. Тээ илгертен сулуу кыздар талашка түшүп келген, дале болсо талашка түшө берет. Аны коюп жүрүгүлө, алдын тозуп чыгып жолугушалы. Марсел кыздан көзүн албай:
- Ал бир нерсе алганы дүкөнгө бара жатат. Чыксын, үйүнө жакын калган жерден тозолу суук көздөргө чалынбай деп, аны чындап сүйөрүн билгизип, суктана караган болду.
Айткандай эле Айике дүкөнгө кирип кеткенде, кайдан жайдан пайда болду белгисиз, Разидин дүкөндүн оозунда пайда болуп, күтүп туруп калды. Аны көргөндө Марсел кара чаар жыланды көргөнсүп ичиркенип алды да, үнүн бир башкача чыгарып:
- Тигине, мени кечинде коркуткан шүмшүк. Ал азыр Айикени аңдып жүргөн турбайбы деди эле, Илим көзүн бакырайтып:
- Аны мен тааныйм. Мага да анын залалы тийген. Абакка кесилип келген, наркоман неме. Бетиндеги тырыгы бычак жегенден калган имиш. Бир ай илгери акчамды тартып алган. Жүрүгүлө азыр барып өч алабыз. Баамымыда анча деле мушташка жок неме көрүнгөн. Бетиндеги тырыгы менен эле көзгө сүрдүү көрүнгөнү болбосо, андай деле кыйын эмес.
Фархат бул сөздү укканда:
- Анда өч ала турган кез келген экен. Бирок байкайлы, Айикеге эмне деп сүйлөп, кандай мамиле кылат болду экенин билели.
Бойлорун жашырып, жакындап келген үчөөнү Разидин көргөн жок. Жүрөгүнө тынчтык бербеген сулуу качан дүкөндөн чыгарын чыдамы кете күтүп туруп, адатынча күнөөсүз жерге түкүрүнө берди. Орто бойлуу, кара тору, чачын узун алып жүргөнгө көнгөн, спорт менен машыкканга далысы кең, өзүнө ишеним артып, жалгыз жүргөндү жакшы көргөн Разидин, эч нерсе оюнда жок Айике дүкөндөн чыкканда алдын тозуп чыгып, чыканактан алып:
- Сулуу кыз, эмне окууга барбай койсом эле кутулам деп ойлодуңбу? Сени эми мен эч кайда качырбайм. Айттым беле сага "менден эч кайда качып кутула албайсың" - деди үнүн жагымсыз чыгарып. Бул сөздү укканда Айикенин коркконунан үнү чыкпай калды. Колун тартып алуу үчүн аракет кылды эле, мындан эч майнап чыккан жок. Көзү алайып, карышкырга жем болгону жаткан коёндой бүрүшө да түштү. Анан болгон күчүн жыйып, тигиге тик карап:
- Байке, мени жайыма коюңузчу. Мен сизди жакшы көрбөйм! - деди. Разидин колунан тартып:
- Жүрү мындай бас! Мага сенин жакшы көргөнүң, көрбөгөнүң кызыктырбайт. Сени мен жакшы көргөнүм кызыктырат. Оюңа койсом сен качып кутулуп кетем дейсиң го? Разидиндин айткан сөздөрүн укмак турсун, эки жакты элеңдеп карады "жардам берчү бирөө жарым барбы" - дегенсип. Ушул жерден сулуу болуп жаралып калганына дагы бир жолу өкүндү. "Кандай кылып мунун колунан кутулуп чыгам" деп катуу ойлонуп жибергенге да үлгүрдү. Ушундайда адам баласына эмне деген гана ойлор келбейт. Жөжөнү кармаган кулаалыдай Разидин эч сөзгө келбей кызды колунан жетелеп, четте турган машинасына карай баратканда, Айикенин көзүнө алгач эле жомоктогу баатырдай болуп Марсел көрүндү. Аны көргөндө болуп көрбөгөндөй сүйүндү. Ушундай кыйын учурда күтүүсүз жерден жардамга келген Марсел тим эле көзүнө аска - зоодой тирек болду го чиркин! Разидин тиги үчөөнүн жакын келип калганын деле элес ала бербеди. Качан гана жакын жерден үн чыкканда ал жакты караганга үлгүрбөй да калды.
- Эмне жаш кызды улакты бөктөргөн улакчыдай алып баратасың? - дегенде, ал жакты карай бергенде, Илим ушундай бир күч менен бет талаштыра коюп калды. Эмне болуп кетти эч ким байкоо алган жок. Тапа-тупа эле боло түштү. Разидин жерге кулап түшкөндө үчөө топ тепкилигендей эле эч нерсеге карабай тепкилеп киришти. Баарынан да Марсел кечиндеги өчүн алды белем:
" Мага бычак такаган колуң ушулбу" деп, алаканын буту менен жанчып салды. Азыр эле жаш кызга кыйын болуп жаткан Разидин эмне болуп кеткенине түшүнө албай, эс учунан танып жерде жатты. Мушташ башталганда эле Айике караанын мындан алып качып кеткен. Бир жагынан тиги зөөкүрдүн колунан бошонгонуна сүйүнсө, бир жагынан аны эч аябай тигилер сабап салганына боору ооруп кетти. Ал жерден алыстап кеткен соң, артын карап жерде жаткан анын денесин көрүп, аны аяп жиберди "баары мен үчүн болду" - деп. Бул эми кыз баланын боорукерлигинин бир изгини экенин айтпаска болбойт. Тиги үчөө жөн эле чоң иш бүтүшкөнсүп, ал жерден караандарын үзүп, кайра башка такси кармашты да, каякадыр жөнөп кетишти.
Айике үйгө өңү бопбос болуп кирип келип эле, төрдө олтурган чоң апасын кучактап ыйлап жиберди:
- Апа, мен айылга кетем - деп. Узун сөзгө кирген үйдөгүлөр бул айтылган сөзгө түшүнбөй да калышты. Мындай мушташкан окуяга туш болбогон Айике, бир кезде гана өзүнө келип:
- Апа, мен бүгүн кетем. Баягы бала мени кармап алып коркутту. Айым чочуп:
- Кайсы, ботом! -деп суроолу карады. Бул сөз менен эле баары тигилерге түшүнүктүү болду. Алгач эле Эгемберди, Айикенин жанына жакын келип:
- Айике, эмне сага бирөөлөр тийишип жатышабы? - деди эле, Айым:
- Силер керээлди күнү кечке үйгө токтобосоңор, эч нерсени билбейсиңер да. Кызым экөөбүз бүгүн кечке коркуп үйдөн чыкпай олтурганбыз. Айике сабакка да барган жок. Кыздын сулуу болгону да курусунчу. - Макул кызым, сени айылга эле алып кетебиз. Бул жактан сага тынч жашоо бербей калышты. Эгемберди сөз өңүтүнө эми гана чындап түшүнүп:
- Апа, эчак эле айтып койбойт белеңер, мен билген жокмун да. Айике сен эч кам санабай окуй бер. Эми мен өзүм сенин коопсуздугуңа көз салам. Апам айткандай "иш" - деп жүрүп эч нерсени билген эмес экенмин да. Айылга барсаң эртең бирөө ала качып кетет. Анан баары ойрон болот деп чын ыкласынан айтты. Медалбек ушул жерден билди тагдыр кайталанарын. Айике кудум чоң апасы Айымдын тагдырына туш болгонун талдап көрдү. Болбосо шаарда сулуу кыздар толуп эле жатпайбы. Аларды эмнеге балдар карабайт. Керек болсо Айикеден ашкан сулуу кыздар көчө таптап басып эле жүрүшпөйбү. Анда эмнеге эле али жашы жетиле элек кызга көз артышып, жанын жай алдырышпайт? Ушул суроого тасмал четинде олтургандар жооп таба албай бир саамга үнсүз олтуруп калышты. Медалбек чындап караганда өзү дагы Айикеге суктана түшкөн. Бирок азыр анын тагдырына күбө болуп, ичинен сызып алды. "Сулуу болбосоң коё кал, сени кантип анан балдар талашпасын" - деп. Чоң энеси Айымдын жаш кезинен артык сулуу экенин бир көрүп эле байкаган. Адыгей курдашы бекер арзуу отуна чалдыкпаганын өз көзү менен көрүп, аны ичинен аяп кетти "ал кантип ушул чыканактай болгон кызга арзуусун билдирет" - деп. Бир кезде Айике ичкери кирип кетти да, өзүнүн али эне сүтү оозунан кете электе эле талашка түшкөнүнө, өзү үчүн бирөөлөр мушташканына капа тартып, бүрүшүп жатып ойго алаксыды. Карагаттай болгон коймолжуган кара көздөрүнө шүүдүрүмдүн тамчысындай ысык жаш келе түштү. Көз алдына тепки жеп жерде жаткан Разидин тартылып, "ал эмне болду экен?" - деп ойлоп койду. Жаш жүрөк андай нерсени көтөрө албасы анык экенин жашырып болбойт. Кечке андан коркуп жатканы дароо унутта калып, эми болгон дитин анын аман болушу ээлеп алды. Ушул жашка келгени өзү күбө болгондой мушташты көрмөк турсун, кулагы менен уккан эмес. Ар тараптуу ойлорду ойлоп жатып көзү илинип кеткен экен. Бир кезде чоң апасы Айым ойготту:
- Кызым туруп сыртка чыкчы, сени күтүп калдык - деди. Таттуу уйкудан ойгонгон Айике апасынын айткан сөзүнө түшүнбөй да калды. Сыртка чыгып, милиция формасын кийген эки кишини көрүп, коркуп кетти. Оюна дароо Разидин келди да, денесин майда калтырак басып, бир орундан жылбай туруп калды.

#43 04 April 2014 - 22:53
**********
Ушул жашка келгени милициянын суроосуна жооп бермек турсун, жанына жакын жолобогон Айикенин коркконунан үнү корулдап, башка бирөөнүн үнү менен сүйлөп жаткансып, көзү алайып, көңүлү кирдеп кетти. Сулуу кыздын бул абалына түшүнгөн милициянын бири:
- Чоң кыз, сен бизден эч коркпо, биз силердин үйдө турбайбызбы. Болгону биздин берген сурообузга жооп бергендей бол, анын эч кандай кыйынчылыгы деле жок. Кана, берилген суроого жооп бересиңби деди эле Айике үн чыгарбай башын ийкеп жооп берди, милиция:
- Сен Багышов Разидинди канча убактан бери тааныйсың?
- Ал ким? - деди, Айике таң калып:
- Тиги токмок жеп, ооруканага түшкөн баланы сурап жатабыз?
- Ал баланы мен тааныбайм. Кечээтен бери мени коркутуп, мени бүгүн өзү менен уурдап алып кетмек. Анан кайдан - жайдан белгисиз бир балдар келип аны сабап кетишти. Баамымыда аларга дагы залалы тийсе керек! - деди.
- Ал балдарды сен тааныйсыңбы? - деген суроого Айике биринчи жолу калп айтып:
- Жок, кандай балдар экенин да көргөнүм жок. Тиги бандиттин колунан бошонгонума сүйүнүп эле, ал жерден караанымды алып качып кеткем. Милиция бир нерселерди кагазына түшүрүп алды да, көп эзилбей кетип калышты. Себеби, буга чейин эле Айым тигилердин берген суроолоруна жооп берип койгон болучу.
Милиция кызматкерлеринин милдети, кылмышкердин изине түшүп, колго түшүрүү. Денесинен катуу жарат алган баланы көрүү үчүн милициянын ага лейтананты Асылбек Айипов менен Керим Кариев алгач ооруканага келишти. Бирок жабырлануучу тилге келбей жатканынан, анын ким экенин аты жөнүн тактап билишкен соң, окуя болгон жерге келишип, ар кимден окуянын өңүтүн суроо салып сурап жатканда, бир орто жаштан өтүп калган киши айтып калды:
- Алгач жабырланган бала тиги үйдө жашаган жаш кызды коркутуп, колунан жетелеп бул жакка келе жаткан, анан эле үч бала пайда боло калып, тиги баланы сабап киргенде эле кыз качып үйүнө кире качты дегенде, милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарек боюнча мында келишкен. Жабырланыуучунун өздүк ишин караса мурда эки жолу абакка камалып чыкканы дайын болду. Баарынан дагы бул жабырлануучу чоң кылмыш кылганы үчүн издөөдө экени дайын болгон соң, милиция кызматкерлери сабаган балдарды берилип издөөгө алышкан жок. Мунун себеби, кылмышкер жаш кызды коркутканы жана уурдоого аракет кылганы үчүн кайра дагы бир кылмыш иши козголуп, иш сотко өтүп, сабаган балдар жасаган кылмыштары үчүн күнөөлөрүн тартпай калышты. Эгемберди да инисинин кызы Айикени кордогон Разидинге ачуусу келип, чоң кызматтагы досун ортого салып, жабырланган Разидинди сабаган балдарды издетпей эле коюну сунуштаган. Бул сунуш да өз деңгээлинде таасирин тийгизип, иш оң жагына чечилип калды.
Айткандай күнөөкөр үчөө эки күн катары менен сабакка келишкен жок жана үйдөн чыкпай олтурушту. Качан гана мектеп тараптан эч кандай шектүү нерсе угушпаган соң, өздөрүнө келишти. Аңгыча эле Марсел телефон менен Айикеге байланышып, болгон иштин чет-чеберин уккандан соң гана чоң жүктөн кутулган адамдай үшкүрүнүп алып, жасаган ишине корстон болду. Анткени Айике берилүү менен " Марсел, мен сенин бул жакшылыгыңды эч качан унутпайм жана сага абдан ыраазымын. Эч коркпой сабакка келе бергиле. Эгемберди атам, тиги бала менен өзү сүйлөшмөй болду. Ал эми кайра абакка кетет имиш. Анткени ал издөөдөгү кылмышкер экен" - деген сөзүн укканда, Марсел болуп көрбөгөндөй сүйүнүп, тиги экөө менен байланышып, болгон ишти болгондой айтып берди. Жакшы кабар адам баласын кандай сүйүнтөт. Марсел ошол эле күнү эки досун кафеге чакырды. Анткени алар болбосо Айикенин алдында мынчалык кадыры өспөйт эле. Жигит үчүн кыздын алдында жоопкерчиликтүү болгону кандай жемишин берет. Жактырган кызга ушундайда көрүнүп койгондун өзү жигит үчүн эмне деген бакыт. Анткени аял заты эркектерден чоңду үмүт кылышары турулуу иш экенине турмуш өзү күбө. Марсел бул күнү төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп, эки досуна бир чачылды белем, ага сөз жетпейт.
*************
Ар бир жасалган иштин аягы болот. Разидин эки күндөн кийин гана өзүнө келип, өткөндү эсине салды. Бул жолу дагы баскан изинен жаңылганын ойлоп, жакшылап талдап ой калчап көрдү. Мунун себеби, эми кайда качып кете алат. Айдап жүргөн машинасы дагы уурдалган машина. Машина уурдаган кылмышын эске албаганда дагы, канча үйгө ууруга кирип, издөөдө жүргөнүн кантип билбейт. Эптеп качып кетейин десе жаткан ордунан тура албай кыйналып кетти. Баарынан да колдору абдан жанчылыптыр, карууга келбей. Муну ким жасаганына ой жүгүртүп көрүп, бармагын тиштеп үшкүрүнүп алды. Баарын бир баштан эстеп олтуруп, өзүнөн кичүү жаш балдарды бекер кордогонуна дагы бир жолу өкүнгөн болду. Бирок кимдер сабаганына толук акылы жеткен жок. Марселдин колунан мындай иш келбейт эле деп да ойлоду. Анткени анын кечиндеки жоругун, коркоктугун эске алды. Бир кыз үчүн ушуну көрүп, ушул ишке кириптер болгонун акылга салып көрүп "ал кыз чынында кордук көрчү кыз эмес болучу. Балким анын сулуу турпаты жана адамдык касиети мени ушул окуяга түрткөн чыгар. Эгер бир же эки күн күтө турганымда эмне, анда баары башкача болбойт беле" - деп да ойлоду. Башын мыкчып, чаржайыт ойлорду ойлоп жатканда тааныш үндөр угулуп, кызыл шапкечендер көзүнө көрүнүп калды. Разидиндин эң жаман көргөнү кызылдар. Алардан эми эч кайда качып кутула албасын билип, жеп жиберчүүдөй болуп, жаман көзү менен экөөнү карады. Бирок алар келген учурда көзүн жумуп, "ушул окуя түшүм болуп калса экен" - деп ичинен миң кайталап тилеп жиберди. Бирок анын бул оюн четке кагып, милициянын үнү угулду:
- Жолдош Багышов, көзүңдү ач, болду эми эркелеп жатчу учуруң артта калды. Андан көрө берилген суроолорго жооп берип, бизди мындан кетиргендей бол! - деди. Разидин болгон күчүн жыйып көзүн ачты да, ишараты менен билгизди, сурооңорду бере бергиле дегенди. Тиги экөө ушуну эле күтүп тургансып:
- Сен эмнеге жаш кызды коркуттуң? - дешти, алгач эле. Разидин бул суроону күткөн эмес "сени кимдер сабады" деген суроону айтат деп күткөн. Бул берилген суроо менен эле дароо иш чатагына айланганын билип:
- Командир, алгач мени кимдер сабаганы тууралуу сурабайт белеңер, мен жабырлануучумун го? - деди, ичи күйүп. Бул сөздү күтпөгөн милиция:
- Макул, аны деле сурайлы, сени кимдер сабады? - деп, кайра суроо жаңыртты. Разидин кабагын чытып, бир саамга үнсүз жатып:
- Аны силер билишиңер керек болучу. Кылмышкердин изине түшпөй, ушул кейпим менен качып кетчүдөй мында эмнеге келдиңер? Мен эч кайда качып кете албайм.
- Сен бизге акыл үйрөтпөй эле кой. Эгер сен жаш кызды коркутуп, уурдап кетүү амалын кылбасаң, анда минтип бул жерде жатпайт элең. Кыскасы, биз эртең дагы келебиз. Врач айтты, көп сүйлөтпөгүлө деп, ойлон бала, сенин кылмышың төө көтөргүз. Айдап жүргөн машинаңдын ээси дагы сага бирди көргөзөм деп жүрөт. Бизге акыл үйрөтпөй, өзүңдүн келечегиңди ойло деп, кыска сүйлөп экөө чыгып кетти. Разидин, ушуну эле күтүп турган белем, ичинен кайрып сөгүнүп алды да, кайра абактын баландасы күтүп турганын билип, каңырыгы түтөп кетти. Бул эми кыска ойлонгон адамдын иши экенин жашырууга болбогон иш.
*********
Жибек ичинен ар нерсени ойлоп олтуруп абдан өкүндү. Башы менен кете турган кызганчаак адаты кармап, абышкасы жөнүндө кулакка жат сөздөрдү тилин кармана албай айтып жиберип, учурда айылда абышкасы жөнүндө ушак сөз абдан катуу өрчүп кеткенине ичи күйүп. өкүнүп турду. Кээ бир көркөм сөзгө бай аялдар " Адыгей шаарга кенедей кыздын артынан ээрчип кетип, ага жолуккан соң сүйүнгөнүнөн жүрөгү чыдабай, кан басымы көтөрүлүп кетип, ооруканага жатып калыптыр" деген сымал ойго келбеген сөздөрдү айтып чыгышкандарын өзү угуп алып, таң калды. "Ушудай да ушак сөздүн устасы болот экен" деп. Эми минтип абышкасынын абалына боору ооруп, жанынан жылбай өткөндү эстеп, өзүн-өзү жек көрүп кетти.
Биринчи көргөн адам Жибектин ушул турпатын көрүп эле, катуу чарчаган го деп баамдамак. Ооба, ушунча жыл бирге жашаган абышкасынын артынан өзү сөз чыгарбаган болсо, абышкасынын карыганда келген арзуусу жашыруун бойдон калат беле, ким билет. Ушул жашка келгени жалаң тилинин азабын тартып, ашыкча сөздүн айынан айылга батпай баратканын сезип келет.
Адыгей шаарга кеткенден эки күндөн кийин кошуна жашаган Аксаамай деген курдашы жолугуп калып айткан " Жибек, сен абдан жаман карыдың. Эмне абышкаңдын айыбын элге жайып жүрөсүң. Керек болсо жакшы аялдар абышкасын "жашарсын" деп жаш аял алып берген учуру болгон. Ал эми сен болсо ар кимге ар тараптуу сөз айтып, туура эмес кылгансың. Мен түшүнөм, эркектердин өздөрү карыса да жүрөктөрү карыбайт. Ашыктык деген айыкпаган дарт, карыганда адам баласына келбесин. Адыгей өзү капа тартып жүргөндө, анын абийирин жаппай кайра ачканыңа көпчүлүк нааразы. Ушул Максүттүн аялынча боло албаганыңа жол болсун. Сенин айткан сөзүң абышкаңдын жашай турган жашын кыскартпаса мага кел" деп айтканда Жибек эч сөз кайрып айта албай үйүнө келип, абышкасынын ооруканага тез жардам менен барып жатып калганын угуп, бармагын тиштеген.
Эми минтип сөзгө келбей жаткан Адыгейдин абалына боору ооруп, эмне кылып жардам беришти билбей алты айласы кетип олтурат. Кыска ойлогон ойдун жана бир тараптуу айтылган сөздүн таасири минтип жообун берип, ойго салып турган кез.
Шаарга келип абышкасы пиво иче коюп кан басымы көтөрүлүп кетип жатканын укканда, буга чейинки ойлогон ойлору тескери чыкканын аңдап, дагы өзүнүн кандай адам экенин билген. Болбосо, "жанагы жаш кыздын азабынан ооруду" деп өзүнө-өзү батпай чамынып келип, Эркинбектен болгон ишти угуп "атаңды эмне ичиресиң" деп, күнөөнү уулуна оодара койгонун да ойлоду.
Чалкасынын дем алганы алсыз болуп жаткан Адыгей карыя айылдагы өзү тууралуу болуп жаткан сөздөрдү али уга элек. Укса анда намысы козголуп, санаа басты болуп бул жалгандан ооп кетиши толук мүмкүн.
Таң атса , күн батпайт, күн батса таң атпаган күтүү менен өткөн убакыт карыянын абалын оорлотту. Эртеси түнү таңга жуук дагы баягы чакырган үн кулагына даана угулду. Бул жолу да жооп берген жок. Мурунку күндөгүдөй үн кайра кайталанып чыкпады.
Таң атып, үй бүлө толугу менен тасмал четине олтурганда Адыгей карыя үнүн жасап, кыска жөтөлүп алып, алсыз үн катты:
- Эркинбек, мени айылга алып баргыла, жашоодогу сапарым карыды өңдөнөт. Макул көрсөңөр үйгө барып эле жан берейин, сөөгүмдү мындан айылга ташытпай! - деди. Бул сөздү укканда алгач Жибек катуу чочуп:
- Абышка, кайдагы сөздү айтпачы. Сенин азыр жашай турган кезиң "эмне" деп эле жатасың? - деген болду. Эркинбек сөздү бөлүп:
- Ата, бүгүн үйгө киши чакырып койбодукпу. Кечээ мал алып келип союп, түлөө кылалы дебедик беле. Анан баарын таштап салып, кетип калабызбы?
- Балам, мен өз оюмду айттым. Бирок сеники да туура. Макул, анда түлөө өтсүн, анан жеткизип кой. Менин дартымды жан адамга бербесин. Түндө жатып катуу жөтөлсөм, ичим эңшерилип аз жерден калдым. Жазында чөп жаңы жарылгандагы бээ сүтү оозума келип, саамал кымыз ичким келди. Чоң атаң дагы көзү өтөөрдө кымыз ичкиси келип калды эле. Калган сөздү өзүң түшүнгөн чыгарсың. Минтип айтканынын себеби, алиги таңга жуук чакырган үн, үчүнчү жолу чакырса, жооп берип жиберемби деп корктум. Эгер жооп берип жиберсем анда, жашоо оюну аягына чыкканы ошол эмеспи. Эркинбек кабагын чытып:
- Ата, сиз андайга ишенбеңиз да, сиз көп жашайсыз. Сөз ушуну менен уланган жок.
Бул күнү кечинде чакырылган коноктордун алды болуп алгач Медалбек кемпири менен келди. Калыңдап төшөк салдырып, төрдө жаткан Адыгей карыя келген кишилер менен ачылып ачык маанай менен учурашкан жок. Жаны жер тарып, жалгыздыкты каалап тургангабы, кабагы салыңкы эле. Жибек жан алы калбай, берилүү менен: - Жогору өткүлө, төргө - деген болду. Медалбек жакшы кабар айтчудай билгизбей көзүн ымдап, белги берди эле, Адыгейдин бир нерседен үмүт оту жанып, саамга кабагы ачылгансып, тилге келди:
- Курдаш, кандайсыңар? - деп, Зымыратка карады. Бой мүчөсү карылыкка бой таштап калганы менен кымбат баадагы кийген көйнөгү денесине жарашып, илгерки министирлердин аялдарындай сымбат күткөнсүп, сыпаа сүйлөгөн болду:
- Биз жакшы жатабыз, сен өзүң эмне мынча карылыкка шашып, төшөк тартып жатып калдың? - деди. Бул сөздүн артында эмне деген сөз жатканын ички тую сезими менен билип, башка сөз сүйлөгөн жок. Кыска гана:
- Абал анча эмес! - деген болду. Медалбек дагы көзү менен белги берди "унчукпа" - дегенсип. Бир чыныдан чай алдыга келгенде Жибек:
- Медалбек, жаш кезиңерден бирге өстүңөр, курдашыңа айтсаң боло, чечилип эч сөз айтпайт. Минтип карааны менен коркутуп жатат, төшөк тартып жатып алып. Биздин сөз досуңа жетпеген соң, сенин айткан сөзүң жетээр. Ушул сөздүн айтылышы менен гана Медалбек эми гана сөзгө кошулду:
- Адам баласы эмес, эскиргенде темир деле дат басып, керекке жарабай калат тура. Минтип жашыбыз пайгамбар жашынан эбак ооду. Дене карыганда илдетке туруштук бере албай калат экенбиз да көрсө.
Канча жыл жашасак да биз эле эмес, болгон жан жаныбарлар жаңыланып, карысынын ордун жашы ээлеп, жашоо сапары улана берет белем. Кечээки биз жаш кездеги караандарын калдайткан карылардын бири жок. Эми биз дагы жаштарга орун бошотуп берүүгө каралык белги берип жатпайбы, минтип оорутуп. Сөз ушуну менен уланып, чай кайнам убакыт өткөндө, оңдой берди болуп тасмал четиндегилер сыртка чыгып кетишти. Медалбек ушул учурдан пайдаланып:
- Адыгей, өзүңө сак болуп сыр алдырба. Азыр Айым небереси Айике менен келет. Сенин бул абалыңды угуп алып кыз өзү "мен да барам" - деп өтүнүптүр. Демек анын да сага болгон оюу дурус болуш керек болбосо, ал кыз мында келүүгө анчалык ашыкпайт эле. Бул сөздү укканда Адыгей ичинен сүйүнүп алды. Дароо таттуу кыялга батып, арзуусунун ээсин баштагыдан миң эсе көргүсү келип кетти. Медалбек, курдашынын жаңы ойлоп баштаган оюн бузуп:
- Аны көргөндө өзүңдү жоготуп сала көрбө. Ансыз деле ар кандай кептин арааны жүрүп жатыптыр. Калганын сага кийин айтам. Макул көрсөң ички үйгө эле кирип жата турсаңчы? - деди. Бул сунушту туура көргөн Адыгей, Айикени көрсөм башкаларга байкатып коюм деп, өйдө жылып жаздыгына башын жөлөп:
- Медалбек, мен сага ыраазымын. Эртең эрте келип кеткендей бол, сага айта турган сөзүм бар. Мынча болду жок дегенде сен угуп кал.
Көзү ичкери кирип, өңү кер сары тартып, үнү каргылданып чыккан курдашынын абалына Медалбек чындап кейип кетти. Аттиң, ушул көз караш эле айтып турду, бир нерсенин дарегин. Медалбек башын ийкеп:
- Мен Жибекке айтайын, ички үйгө төшөк салып бер деп. Сен ушул кейпиң менен эл менен бирге олтура албайсың. Бекер гана болду, баягы пивону ичпей койгонубузда болмок экен.
- Андан деле болгон жок, күнөө өзүмдө, мени азапка салган нерсе ал эмес, ашыкча санаа тарткандык эле деп билем. Макул мен көп сүйлөп койдум окшойт деп, көзүн алсыз ирмеди. Оюна дароо көз жоозун алган сулуу кыз Айике келди. Аны көрүү үчүн өзүн даярдап, күчүн топтоп жатканын Медалбек түшүнүп, сыртка чыгуу үчүн олтурган ордунан турганы жаткан кезде сырттан Жибек кирип калды. Медалбек кайра ордуна олтуруп:
- Жибек, Адыгейди ички үйгө жаткызчы, биз менен бирге олтура албайт го, кыйналып кетти. Илдет адам эмне болгон күндө дагы тынчтыкты каалап калат эмеспи.
Бул айтылган сөз менен Жибек бир сырды байкады. Абышкасы ичине сактаган сырын курдашына айткандай өңдөндү. Элпек кыймылдап, үн салды:
- Алина, бери келчи, атаңдын ички үйдөгү төшөгүн оңдо, жатып эс алсын! - деген болду. Келини дароо макул болуп, ичке кирип тез эле чыкты да:
- Апа, даяр болду - деди. Адыгей араң дегенде жаткан ордунан туруп, илкий басып ичкери кирди. Баягы көзгө тааныш, кечке жатып көзү талыганча караган бөлмөнүн ички көрүнүшү. Калың салынган төшөккө жатып, кыңкыстаган болду, бүткөн бою ооруган адамдай. Эркинбек атасынын бул абалын көрүп, ойлоп койду "бирөөнү арзып калса, денеси оорумак беле" - деп. Ашыктык отуна кабылган болсо, анда анын ден-соолукка кандай тийешеси бар. Басып жүрө бермек да, акылы менен ойлонуп - деп ойлоп, атасына элден уккан ушакты жакын жууткусу келбеди.
Ал эми атасы Адыгей ичинен миң миртебе тилеп, улам уурдана сырт жакты карап, арзуусун чыдамы кете күтүп жатты. Баам салбаганыбыз менен күтүүдөн өткөн азап жок белем. Адам баласынын бир нерседен үмүтү өчкөндө, жашоодогу сапары да аягына чыгат. Ар бир кишинин үмүтү, үмүт менен жашаганы билинбегени менен жашоо багытында орду чоң. Ар тараптуу ойлорду ойлоп жатып, минтип элден четтеп, жалгыз жатканына карыянын ичи ачышып кетти. Сырткы үйдө бака-шака үндөр чыгып, Адыгейдин оюн алагды кылды. Бир кезде бирөөлөр келдиби, айтор кобур үндөр көбөйө түштү. Денеси талып, көзү илинип бараткан карыя аз убакыт өтпөй өзүн көздөй басып келе жаткан Айымды көргөндө, көзү умачтай ачылды. Канча болду аны көрө элегине. Анткен менен ал дагы карылыкка кадам таштап калганын дароо байкап, анын элесинен улам билди, өзүнүн эми даана карыганын. Эч ойлогон эмес эле, аны ушундай абалда көрөм деп. Айым эңкейип, колун сунуп учурашып жатып, көзүнө жаш алып жиберди да:
- Адыгей, сага эмне болду? Эми сен эле ал жакка жетишпей тургансып, эртелеп эле төшөк тартып жатып калдыңбы? Арабыз ушунтип эле суюла береби? - деди, муңканып. Бул айтылган сөздүн артында эмне деген гана сөз жатат. Айымдын жан тартып сүйлөгөн кебин угуп эреркеп кеткен Адыгей, көзүнө келген ысык жашты арык колу менен сүртүп:
- Айым, эч ойлогон эмес элем, карылык ушундай бат келээрин. Жакшы жүр, мени эсиңден чыгара көрбө, Кыдыкка көз сал! - деди, узак сапарга кетип бара жаткансып. Аңгыча эле Эгемберди келип учурашты: - Аяш ата кандайсыз? - деп. Адыгей кара күчкө жылуу кабыл алып:
- Мен го жакшымын, өзүңөр кандайсыңар? - деген болду. Андан соң Эгембердинин аялы сыпаа учурашты эле, ага башын ийкеп жооп берген болду. Учарышкандар сыртка чыкканда, аягы болуп көптөн күткөн, санаа менен түбү жок ойго салган, жүрөгүн ээлеп алып, түк оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген, келечексиз арзуу тартуулаган Айике караңгыда айланага жарык берген чагылгандын жарыгындай болуп жарк эткисе көзгө кубат берип көрүндү. Аны менен кантип учурашат дегенсип көз албай карап турган Жибектин көзү экөөнөн өтүп кетти. Айике жакын келип:
- Адыгей ата, кандайсыз, жакшы болуп калдыңызбы? - деди, наристенин үнүндөй таза жана тунук үнү менен. Карыя анын аппак болгон колунан кармап, бетинен сүйүп:
- Жакшымын, кызым, сен өзүң кандай окуп жатасың?
- Жакшы, баары ойдогудай!
- Сени көргөндө балалык кезим эске келип кетпедиби. Айымдын эле бир кездеги элесисиң. Айылдан сени көрүп, өткөндү эстеп турчу элем. Бар эми, бара гой, эл менен бирге чай ич - деген болду. Айике сыртка чыгып кеткенде, Жибек экөөнүн ортосунда эч кандай ооз толо айткандай нерсе жок экенине көзү жетип, ичинен абдан өкүндү. Анан эмне кылат. Шекшиген кызды көргөн менен абышкасы дале эч нерсе болбогондой баягы эле калыбында жатты.
Адыгей билди, кемпири аңдып турганын. Ошол себептен Айике менен абдан муздак учурашканга аракет кылганын Жибек байкабады. Бирок канча азапка салган арзуусунун ээси Айикенин "Адыгей ата" - деген бир ооз сөзү дагы болгон үмүтүнө суу сээп, жалындаган ашыктык отун өчүрүп кетти. Ушул бир ооз сөз менен келечексиз арзууга кабылганын дагы бир жолу моюнга алып өкүнүп, өксүп турду. Ооруну бетке кармап, жалгыз бир бөлмөдө жатканы менен оюу туман болуп, ушуга чейин тарткан азабы эч нерсеге татыбай калганына арданып, ичи күйүп ачышты. Эмне болгондо да бул жалган жашоодо баары убакытылуу гана нерсе экенине көзү жетип, чыйрала түштү. "Эмне" деген гана азаптарды тартпады жана эмнени гана кылган жок, карыганда келген арзуусу үчүн. Бирок баарын бир гана айтылган сөздүн күчү чечип койгонуна ичи ачышып, көңүлү кирдей түштү. Жок эле дегенде Айике бир жагымдуу сөз айтып, болбосо көз карашы менен эле билгизип койгондо, жакшы нерсенин дарегин, анда баары башкача болбойт беле. Жаш, жаштыгын кылды "ашыктык" деген аруу нерсеге кабылып көрбөгөнүн билгизип койду. Адыгей анын бул кылыгана да туура баа берип, бекер гана азап тарканын моюнга алып, калыс ойго кабылып, өзү менен өзү болуп жатканда Жибек бир чыны сорпо алып келип:
- Абышка жаш сорподон ичесиңби? - дегенде, башын ийкеп, анын чын ниетинен жасаган мамилесине ичи жылып:
- Жибек, мен сага ыраазымын, бери жакын келчи? - деди. Жибек жакын келгенде арык колун мойнуна артып, өзүнө тартып, бетинен сүйүп:
- Жибек, сен баардык аялдардын сулуусусуң! - деди эле, бул жолу Жибек башын тартып алып, олдоксон абышкасынын бул кылыгына чычалап:
- Абышка, эмне жаш бала болуп кеттиңби, эл көрсө эмне дейт? Бул сөзүңдү эч ким укпасын! - деген болду. Адыгей колун шилтеп:
- Мага кийин түшүнөсүң! - деп, жаш сорподон ууртаган болду.
Айткандай бул жалганда эмне болгон күндө дагы биринчи никедеги аялга эч бир аял заты жетпесин, Адыгей карыя өзү башынан өткөрүп, эмне кылып ыраазы кылышты билбей, кемпирин бетинен сүйдү.
Көрсө "арзуу" деген неме адам баласына келип-кете турган гана алдамчы сезим экенин биле жүргөнүбүз оң. Дегенибиз, канчалаган эркектер коштоп аял алып, төшөк жаңырткандары менен, азапка салган арзуунун алдамчылыгына кеч түшүнүшүп, биринчи алган аялдарынын жана андан төрөлгөн балдарынын алдында баа-баркы түшүп, аягында баягы эле биринчи никедеги аялы, окуянын каарманы Жибектей болуп күйүп, кыйналган кезинде жанында болуп жатканы эле, жашоодогу чоң философияны ичине камтып турбайбы. Ошол себептен бир келген жашоодо тең- теңи менен, тезек кабы менен болгону артык экенин эске түйүп койгон оң.
"Биринчи нике улуу Алладан" деп бекер айтылган эмес. Бул жашоонун оюнунда ооздон чыккан сөздүн күчү көп нерсеге тоскоолун тийгизээрине турмуш өзү күбө. Башта айтылгандай Адыгей карыяга ашыктык сезим карыганда келип, жанын кыйнаганга бир кезде сын тагып айткан сөзү себеп болуп, акыры ал дартка өзү кабылды.
Айткандай кийинки түнү таң эрте атайын көзүн ачып, баягы белгисиз үндүн чыгышын карыя дагы күттү. Бирок бул жолу ал чакырган үн чыккан жок. Мунун себеби, канча күндөн бери арзуусун ойлоп жатып, бул түнү ал жөнүндө эч нерсе ойлобой, тынч жатканы себеп болдубу, эки жолу чакырган үн башка кайталанбай, али табышмак бойдон калды.

#44 04 April 2014 - 22:55
Болду ушу менен бутту, уктагыла
. Калганын башка тема ачып жазам.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#45 05 April 2014 - 16:30
Салтанат еже сизге рахмат ушунчаны эринбей жазыптырсыз мен ушу убака чейн ырым-жырымга ишенчуу емесмин азыр коркупда калдым.
#46 05 August 2014 - 11:46
азыр окуп чыгайынчы .кызык экен.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#49 19 May 2017 - 23:30
Комментарийим Салтанат эжеге эмес,ушу чыгарманын авторуна...Байкуш ноокаттыктарда очу бардай жазыптырго автор.Жаман эл болбойт,ошо эл ичиндеги жаман адамдар жаманатты кылып жатышпайбы?
!Колдук туугандар Ош тарапка келе бергиле коркпой.Азыр биз тарапта заманбапташып,
менталитет 100%болбосо да 98%озгоргон
#50 19 May 2017 - 23:35
Муну автор ойлоп таап жаткан жери жок!! Базардан сурап китебин таап окун,ноокаттыктарды ото озбектештирип жиберген,ачуу чындык азыр андай болбосо тээ илгери ошондой болгондур. Ото кызык чыгарма,ыйлайсынар.
#52 24 July 2017 - 19:21
оштуктарга очу бардай жазыптыр кайра жакшыго еерте менен туруп ешик шыпырган динибиз ислам болгондон кийин динди кату тутунган деле жакшыда
#53 17 August 2017 - 16:54
"Кыныр иш кырк жылда билинет" болуп кайнененин кыныры 40 кундо билиниптир да.

Супер-Инфо
super.kg
видео