Динбезер (атеист) адамдын 1-суроосу
- Сиз ар бир нерсенин жаратуучусу бар деген келип чыгуу логикасын далил катары колдонуп “Аллах бар” деп айтып атасыз. Эгер биз стулду көрсөк, аны жасаган уста, сүрөттү көрсөк, аны тарткан сүрөтчү, үйдү көрсөк, аны салган куруучу бар деп эсептейбиз.
Көз жоосун алган зер буюмдарын дагы жасаган зергер бар деп ишенебиз. Биз алардын ким экенин билбесек дагы, баары бир алар качандыр бир убакта ошол нерселерди жасаган деп айтабыз. Ошондой эле логикага салып бирдиктүү системага келтирилген ааламды карап, анын жаратуучусу – Аллах бар дейбиз.
Бирок, ошол эле логикага таянып, “Аллахты ким жаратты болду экен” деген суроо берсек дагы болот да?.. Сиз айтып жаткан Аллахты ким жаратты анда? Бул суроого сиздин оюңуз кандай жана жообуңузга кандай далилдерди келтире аласыз?
- Сиздин сурооңуз маанисиз. Сиз Аллахтын жаратуучу экенин моюнга аласыз да, анан “Аны ким жараткан?” деген суроо бересиз. Сиз бир эле убакта Аны Жаратуучу да, Жаратылган деп эсептеп атасыз. Бул эки нерсе дал келбеген түшүнүктөр.
Сиздин сурооңуздун дагы бир маанисиз жагы – Жаратуучуну жаратылгандардын мыйзамына баш ийдиргиңиз келгендигинде.
Логика мыйзамы – бул биздин мыйзам, адамдардын мыйзамы, убакыт менен орундун мыйзамы. А Аллах адамдарды, убакытты жана орунду жараткан Зат болгондуктан алардын мыйзамына баш ийүүсү акылга сыйбаган нерсе. Аны убакыт, орун менен байланыштыруу өзү туура эмес. Себептер мыйзамын түзгөн Затты аларга баш ийет деп эсептебөө керек. Сиздин айтып атканыңыз өзү пружинада кыймылдап аткан куурчактын сөзүнө окшош. Ал аны адам жаратканын билип туруп, бирок, адамдар да дал куурчактай болуп пружинада кыймылдайт деп ойлойт. Эгер ага “адамдар өздөрү басышат”, - деп айтсаң, ал ишенбейт эле. Анткени, ал куурчактар арасында болгондуктан баардык нерсе дал куурчактардай пружинада кыймылдайт деген түшүнүктө.
Сиз дал ошол куурчактай болуп жатасыз. Ошондуктан сиз Аллах кимдир бирөө тарабынан жаратылбай мурда деле болгон жана эч кимге муктаж эмес экендигин түшүнө албайсыз, анткени, сизди курчаган бардык нерсе дайыма кимдир бирөөгө муктаж.
Сиз Аллах адамдарга түшүү үчүн парашютка муктаж, а пайгамбарларга барыш үчүн автобуска муктаж деп ойлогондой болуп жатасыз. Мен Аны мындай кемчиликтерден таза деп билем.
Динбезерге жооп - 1 Аллахты ким жаратты?
#1 10 September 2010 - 02:12
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 10 September 2010 - 02:13
Немис философу Иммануил Кант өзүнүн “Таза акылдын каршылыгы” деген китебинде мындай дейт: “Адамдын акылы илимдин көз жеткис кеңдигин сиңире албайт. Анткени, акыл буюмдар менен кубулуштардын кээ бирлерин гана таанууга жөндөмдүү жана дал ошондой болуп жаратылган”
. Акыл Аллахтын бар экенин түшүнүүдө алсыз. Бирок, биз Аллахты акылыбыз менен эмес, рухубуз менен кабыл алып, рухубуз менен тааныйбыз. Чаңкоо сезими суунун бар экендигине болгон далил сыяктуу эле биздин акыйкатка болгон умтулуубуз – акыйкаттын бар экенине болгон далил!
Акыйкат деген жерде жок. Бирок, ал баары бир бар. Ал бир гана акыйкат Сот тарабынан ишке ашырылат!
Логика илиминин түптөөчүсү, байыркы грек философу Аристотель себептердин удаалаштыгынан башы айланган. Ал айткан: “Стул тактайдан жасалат, тактай дарактан тилинет, дарак көчөттөн өсөт, ал эми көчөттү адам отургузат ж.б.у.с.” Ал мындай удаалаштык убакыт алкагында аягы жок болоорун жана сөзсүз түрдө башка себепке муктаж болбогон биринчи булакка, себепке алып бараарын моюнга алууга мажбур болгон. Дал ушул эч нерсеге муктаж эмес затты биз Аллах деп тааныйбыз.
Суфий аалымы ибн Арабий “Жаратуучуну ким жараткан?” деген суроону четке кагып, “ушул сыяктуу суроо бир гана акылы аз адамда н чыгат”, - деп айткан.
Логика илиминин түптөөчүсү, байыркы грек философу Аристотель себептердин удаалаштыгынан башы айланган. Ал айткан: “Стул тактайдан жасалат, тактай дарактан тилинет, дарак көчөттөн өсөт, ал эми көчөттү адам отургузат ж.б.у.с.” Ал мындай удаалаштык убакыт алкагында аягы жок болоорун жана сөзсүз түрдө башка себепке муктаж болбогон биринчи булакка, себепке алып бараарын моюнга алууга мажбур болгон. Дал ушул эч нерсеге муктаж эмес затты биз Аллах деп тааныйбыз.
Суфий аалымы ибн Арабий “Жаратуучуну ким жараткан?” деген суроону четке кагып, “ушул сыяктуу суроо бир гана акылы аз адамда н чыгат”, - деп айткан.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#3 10 September 2010 - 02:16
Аллах Таала баарына далил: жердин, суунун, айдын, күндүн, адамдардын,
жаныбарлардын бар экендигине далил. Ал эми Аллактын бар экендигине далилдин кереги жок. Аллах ааламдын кынтыксыз тартип менен жаратылгандыгында,
жаратылыштын кубулуштарында,
кооздугунда,
биздин курчап турган бардык нерселердин кайталанбастыгында,
дарактын барактарында,
көпөлөктүн канаттарында,
гүлдөрдүн жытында, булдулдун кубулжуган үнүндө, чагылгандын чартылдаганында,
шамалдын шуулдаганында,
адамдардын ой жүгүртүүсүндө,
планета, жылдыздардын байланыштарында – аалам деп аталган гениалдуу симфониясында көрүнүп турбайбы
*. Эгер биз ушул система “өзүнөн-өзү жок жерден эле пайда боло калды”, - десек, анда кагаз үстүнө сыяны төгүп, калемсапты ыргытсак, ““Манас” эпосу жазылып калды” деп айткан жиндиге окшошобуз.
--------------------- -----------------
* - бирок, бул “Аллах бардык жерде” деп эсептөөгө жатпайт, анткени, Аллах жаратылгандар менен бир катарда турбайт
--------------------- -----------------
* - бирок, бул “Аллах бардык жерде” деп эсептөөгө жатпайт, анткени, Аллах жаратылгандар менен бир катарда турбайт
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 10 September 2010 - 02:18
Эки адам жол жүрүп келе жаткан экен чөлдө. Аябай суусашкан, карды ач. Чарчашкан. Анан алыстан көз жоосун алган сепил көрүнөт. Эптеп жетип барышса бир да жан жок. Кыйкырышса бирөө да үндөбөйт. Суусунун кандырганы суу издеп жүрүшүп үстөл үстү дүр-дүйүмгө толгон бир бөлмөгө туш келишет. Уруксатсурап отурбай шашкалактап жүзүм, дарбыздан жешип, мөлтүр суудан карын айрылганча жутушуп, ар түрдүү даамдуу тамактардан ашашып бактылуу болуп жатып калышат. Бир топ убакытка чейин эсине келе албай жатышат. Тээ бир топ убакыттан кийин эс-акылына келишип сепилдин ичин кыдыра башташат. Эми байкашты сепилдин ичи укмуштуудай кооз экенин. Эки жолоочунун бири экинчисине суроо берет дейт:
- Ай-иий ушундай кооз сепилди ким курду болду экен? Ким курса да ашкан чеберчилик менен куруптур. Карачы, мына бул килемдерди кандай уздар токушту болду экен?
Анда беркиси жооп берип жатат экен:
- Эй, келесоо, сен чын эле ушул сепилди бирөө курду деп ойлоп атасыңбы? Айланаңда карачы, деги бир дым деген жан жок. Анан кантип ушул сепилдин ээси болсун. Бул деген өзүнөн өзү пайда болгон сепил. Сен сепилдин бекем дубалдары кантип пайда болгон деп ойлонуп аткан чыгарсың? Ал деген мындайча болгон. Тээ атам замандан бери чөлдө эмне көп болгон? Топурак, кум. Анан жел согуп турат дайым. Жаан жаайт кеээде. Ошол жел согуп ар жактан бул жерге топурак, кумдарды айдап келип, анан жаан жаан, алардан табияттын кубулуштары менен ылай жаралып, куюн жүрүп дубал пайда болгон.
- А килемдерчи?
- Эй, ал дагы касиеттүү шамалдын күчү менен жаралып отурбайбы. Ар кайсы жакта малдын жүндөрү учуп жүрөт, аларды шамал айдап келип бир жерге топтоп, анан жанагындай эле куюн болуп, ар кайсы өсүмдүктүн тамырынан, жалбырагынан ар кандай түстү сыгып алып аны менен килемдин жиптерин боёп коюп атпайбы?! Ошого да мээң жетпейби. Ушундай эле жол менен бул жердеги каалаган нерсенин пайда болуу себебин аныктаса болот, - деп акылдуусунган экен.
А сураган киши канетсин? Тиги “акылгөйдүн” “даанышмандыгына” тен берип гана тим болуптур...
Адамзаттын бардык каалоо-тилектерин орундата алчу, адамзатка керектүү болгон бардык нерсе жаратылган, анан да жөн жаратылып калбастан укмуштуудай тартип менен жаратылган бул ааламдын келип чыгышы таржымалын акылга салып түшүндүргүсү келгендер дал ушул “даанышманга” окшошот. Качан гана аларга эч бир жан жооп бере алгыс кубулушту көрсөтүп ага каршы аргумент келтире алгыс далил келтиргенде гана: “Эми, тээ алыс жакта кандайдыр бир Абсолюттук Күч бар экенин билем. Аны изилдеш керек..”, - деп сөз таба албай, бирок, ошондо да өзүнүкүн бербей көшөрөт.

#5 11 September 2010 - 18:36
Жаратканды издеп табууну Курани Карим бизге Ибрахим а.с.дын өрнөгү менен көрсөтүүдө.
Чынында бул жерде салыштыруу бар, Жараткан менен жаратылгандардын арасындагы айырмага көңүл бурууда. Динбезерге жооп болоор дейм, ансыз деле Ибрахим а.с. динбезерлер менен күрөшкөн эмеспи бардык пайгамбарлардай эле.
"Биз Ибрахимге ал ишенүүсү үчүн асман менен Жердин падышалыктарын көргөздүк.
Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул – менин кудайым» – деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм» – деди.
Айды көргөн кезде: “Менин кудайым ушул” –деди. Ал да батып кеткенде: “Эгерде Эгем мени Туура Жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында боломун” – деп айтты.
Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде: “Менин кудайым ушул, Ал (баарынан) чоң” – деди. Ал да батып кеткенде: “Эй, менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан мен алысмын” – деп айтты.
“Мен өзүмдүн жүзүмдү асман менен Жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошчуулардан эмесмин” – деди". (Анам Сүрөөсү, 75-79-аяттар)

#6 24 April 2011 - 17:18
En artky vagondu aldynky vagon jeteleit, oshentip vagondor birbirin jeteleit birok, baaryn ten bashynda turgan lokomotiv suirop barat.
Жашоо
бул өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу.
#7 12 October 2011 - 10:45
Кудай ааламды жаратты, а Кудайды ким жаратты?
Бул өтө примитивдүү суроо.
Жообу оңой эле, бирок жакшылап билбесе, ыймандууну, же ыйманы алсыз кишини ыймандан толук чыгарып салышы мүмкүн.
Мындан 8 жыл мурун түрк жазуучусу жана эмгек сиңирген улуу педагог Вехби Ваккасоглунун "Мугалимдин күндөлүгү" аттуу китебин которгон элем, ошондо эң сонун жазылган. Менимче ал китептерди "Адеп башаты" фондунан тапса болот.
Ал жазуучу өзү дин маданияты сабагынан берип жүргөн кезде 5-6-класстарга эң сонун түшүндүрүп берген.
Бул жашоодо бардыгы бири-бирине таянган, бирок акыры бир нерсеге таяныш керек, бирок ал нерсе эч нерсеге таянбашы керек.
Жогоруда бир форумчу вагондордон мисал келтирди:
Вагонду бир мурунку вагон тартат. Анан акыры локомотивге келип такалат.
Анан локомотивди ким тартып баратат деген суроо логикага туура келбейт.
Себеби локомотивди эч ким тартпайт, ал башка бир нерсе тарабынан тартылбастан өзү жүрүүгө жөндөмдүү.
Локомотивди дагы бир нерсе тартса, анда ал локомотив болбой калат, катардагы вагондордон айырмасы жок болуп калат.
Андыктан Кудайды ким жаратты деген суроо логикага такыр жатпайт.
Себеби Кудайды бирөө жараткан болсо, анда ал Кудай болуудан чыгып, жаратылган болуп калат. Ошон үчүн жаратылган эмес, Жараткан Кудай Таала да.

#8 12 October 2011 - 17:26
Мындан 8 жыл мурун түрк жазуучусу жана эмгек сиңирген улуу педагог Вехби Ваккасоглунун "Мугалимдин күндөлүгү"
аттуу китебин которгон элем, ошондо эң сонун жазылган. Менимче ал китептерди "Адеп башаты" фондунан тапса болот.
Ээ, ошол китепти сиз котордуңуз беле? Мен аны жаңы-ы, жаңы намаз окуп баштаганда, а, балким, окуй да элек болсом керек, ошондо окугам. Бирок, чынымды айтайын, түшүнгөн эмесмин. Балким, менин Кудайды жаратуучу, бардык нерсенин Эгеси деп тааныганымдан улам ал жактагы жазылгандарды көп кунт коюп окубасам керек. Андан кийин канча китеп окудум, канча аудио лекция уктум. Кыскасы, менин пайдубалым бекем орногон деп айта алам. Ал эми, тигил китепти дагы бир жолу окуп чыгуу керек экен.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#9 14 October 2011 - 19:06
Ээ, ошол китепти сиз котордуңуз беле? Мен аны жаңы-ы, жаңы намаз окуп баштаганда, а, балким, окуй да элек болсом керек, ошондо окугам. Бирок, чынымды айтайын, түшүнгөн эмесмин. Балким, менин Кудайды жаратуучу, бардык нерсенин Эгеси деп тааныганымдан улам ал жактагы жазылгандарды көп кунт коюп окубасам керек. Андан кийин канча китеп окудум, канча аудио лекция уктум. Кыскасы, менин пайдубалым бекем орногон деп айта алам. Ал эми, тигил китепти дагы бир жолу окуп чыгуу керек экен.
Ал китепти мен да окуп чыкканмын. Жакшы эле түшүнгөндөй болгонмун. Котормо мыкты. Жакшы которулган. Бирок ал китептер азыр сатууда жок деп ойлоймун.
#10 30 January 2012 - 02:22
1) Мындан 8 жыл мурун түрк жазуучусу жана эмгек сиңирген улуу педагог Вехби Ваккасоглунун "Мугалимдин күндөлүгү" аттуу китебин которгон элем, ошондо эң сонун жазылган. Менимче ал китептерди "Адеп башаты" фондунан тапса болот.
2) Себеби Кудайды бирөө жараткан болсо, анда ал Кудай болуудан чыгып, жаратылган болуп калат. Ошон үчүн жаратылган эмес, Жараткан Кудай Таала да.
1) Урматуу мекендештер, форумчулар Вехби Ваккасоглунун "Мугалимдин күндөлүгү" ушул китепти таап калсанар, форумга киргизип койсонор абдан жакшы болот эле, чон сураныч!
2) Созунузго кошулам! Абдан так, кыска жана нуска айтылган!

Супер-Инфо
super.kg
видео