Кутман кеч. Урматтуу форумчулар,
жана да окурмандар.
Азыр жазчуу темага кыздардын ушул маселеге болгон коз карашын кобуроок сурайт элем. Демек жакында эле агентте отуруп бир кыз менен таанышып калдым. Биринчи жазышканда мындай эле салам салам болуп 3,4 кун журдук. Кийин ал кыз сурап калды кай жактан болосуз деп. Анан мен ага жалган эле озумун айылымдан 1 айыл кийинки айылдын атын айтсам мыномундай деген айылда ушундай бироону тааныйсызбы деп калды. Ал мен жашаган айылдын тургунун сурап жатты. Кийин анан кечирим сурап мен да ошол айылдан болушуму айттым. Анда ал айты калды ошол сиздердин айылыныздарга турмушка чыгып ажырашкам деп. 95-жылкы кыз, колунда жаш кызы да бар экен. Историясын айтып бергенде кызыктай эле болуп кеттим. Ал кыз тийген бала 85 жылкы болчу. Мындайча эсептегенде 10 жаш айырма бирок баланын ан сезими, ой жугуртуусу кыскача айтканча жашоого болгон коз карашы жаш балдардыкындай да. Анан ал кыз айтат ошол бала менен 9 ай жашадым бирок келише албадык деп. Анан ошондой кемчилдиктерин билет экенсин 9 ай жашап журо бердинби десем Апам нике ысык болот суйуп кетесин дегенинен калган элем деп калды. Кызы бар экенин мага кийин айтып жатат. Ойлонуп калдым анан кантип оз апасы ушунтип кызынын тагдырына балта чаап койду деп. Кыз вроде бы жакшынакай эле. Акылы эси да жайында. Бирок мынтип али оозунан эне суту кете элек кыз турмушка чыгып ажырашып кеткени окунучтуу болуп жатат да. . . Азыр эми ал кыз башка бала менен суйлошуп жатат экен. Эми суроого отсом. Айтыныздарчы айымдар: Сиз оз кызынызды ала качып кетсе кандай адам экенинен кабарыныз жок калтырып коё берет белениз? Суроо кыздарга: Оа азыр 21-кылым ар кимдин оз жактырган жигити бар. Бирок копчулук убакта суйуу артта калып ала качкан балага турмушка чыгып жаткан жаштарыбыз толуп баратат. Эгер сизди апаныз нике ысык болот же ыйык болот деп калтырганы ундосо сиз кандай жол тутат элениз? Жана да кандай деп сабак берет элениз жаштарга? Турмуш деген "Базарга барып продукты алып келип эле коюп коюу эмес да" ТУР МУШ деп жатпайбы? Турмушта дайым эле жол тегиз боло бербейт. Кээде ылдый кээде жогору, кээде тегиз болсо кээде кадимки эле биздин жолдордой тыртыктары коп. Мунун баарына чыдап жашаш керек. 9 ай жашап коюп анан баланы тируулой жетим кылган туурабы?
- (2 )
-
- 1
- 2
Талкаланган бир тагдыр.
#3 06 April 2014 - 01:45
эх билбедим суйлошуп тийсе деле ажырашып кетип атпайбы анткени Бул турмуш экендаа
#4 06 April 2014 - 01:49
Ий кудай сабыр бере кор бизге жаштарга. Уй булоо бузулган оной эмес экен. Эми эненин созун угуш керек, бирок ала качып деле бактылуу болгондор бар да. Энелер деле жаман болсун дебейт. Болгону жаштар женил ойлуу б.п бара жаткандайбыз.
Мамлекет ажырашкандарга чон суммадагы айып пул салып же бир чара корбосо токтобой модага айлангандай.
#5 06 April 2014 - 04:59
Эч ким жазбаптыр гооо)) Мен озуму айтсам апам менен атам ар дайым айтат биз эч качан зордоп бироого бербейбиз, сен ыйлабай, бактылуу жашасан биз учун эн чон бакыт деп, ичимден ыраазы болуп суйунуп калам. Бирок суйушуп уйлонгондор деле ажырашып жатышпайбы,
.......
#6 06 April 2014 - 07:36
Эч ким жазбаптыр гооо)) Мен озуму айтсам апам менен атам ар дайым айтат биз эч качан зордоп бироого бербейбиз, сен ыйлабай, бактылуу жашасан биз учун эн чон бакыт деп, ичимден ыраазы болуп суйунуп калам. Бирок суйушуп уйлонгондор деле ажырашып жатышпайбы,
.......
ата-энен туура кылат.Уй булону сактап алыш аял кишинин колунда.Азыркы эркектер эки буттун ортосун тыя албайт аны силер жакшы билесинер.колдон келсе мындайга жол бербегиле,эч болбосо кормоксонго салып турмушунду улантууга туура келет.
издеген бактымды,таарынтып алдымбы.же суйом деп айтыштан кечигип калдымбы
#7 06 April 2014 - 08:04
. Ар адамдын ниетине жараша болот. Окуйм десе окуйт, иштейм десе иштейт, турмушка чыккысы келсе турмушка чыгат. Жаштайынан Алладан качан кандай адамга турмушка чыгаарын тилеш керек. Мен озумон мисал кылсам: мектепти буткондо окуп бир аз иштеп анан турмушка чыксам дечуумун. Баскан турган сайын ала качып кете тургансып, коркуп машина ото албаган жолдун чекесинен басчуумун мени эле карап тургансып. Кудайдан эч ким алып качпасын деп тилечуумун.
Озумдун мунозумдо жок нерселерди жолдошумда болсо экен дечуумун. Мен тилегендей эле болду Аллага шугур. Азыркы жаш кыздар калып кете тургансып оолугушат. Коп эле угуп калам, классташтарым турмушка чыкты, мына чыкты ана чыкты деп болбой эле калышат. Жакшына журуп Алладан гана тилеп журсо качан болсо да Бактылуу болот го.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#8 06 April 2014 - 09:18
Эми ТУРМУШ деп бекер айтылбаганда,
баарына чыдай билуу керек,азыр баары шашат,а кайда шашат? Мейли ата энеси берсин,мейли озу каалап турмуш курсун,бирок баарын которо билуу керекда, ата энеда баласын жаман болсун дебейтда.. Ата апа силер бергенсинер,
силер тигинткенсинер деп эле,кете беруу керек эмесда,жашоо оной эмес, ар кандай кырдаал болот.
Ушу ала качкан эркектерчи
алсы3 адамдарда,неге бир корду болду, 4 5 бала машинага сала калып качышат, койду салгансып , ойлошобу ал кызды, кийин мени менен чыдап жашайбы? Бул кандай кыз? Кимдин кызы? Жигити барбы? Аларды бул дагы канчалаган суроолор аларды кызыктырбайт,
Жоок алар сырткы келбетине эле карашат, Ушундай кыйын экен, ал кызга барып жакындан таанышсын,эрки жетеби ошого жетпейтда. Уфф ойлосом жиним кайнайтда...
Менин оюм...
Ушу ала качкан эркектерчи
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#9 06 April 2014 - 09:43
Бул эми баягы тупой салт да. "Таш түшкөн жеринде оор", бата берип койдук, ачуу басарлык алдык, эми босогону аттаган болбойт, бактылуу болбой каласың, тиги-бу дешип. Апасы айткандай, сүйүп кетесиң деп. А чындыгында кыздын көңүлү жокпу, ата-энеси алып кетиш керек. Байкуш кыз эмне кылсын, ата-энесинин сөзүн кыялбай, макул болуп отуруп калат. Ошондон ажырашып кетип жатат да көпчүлүгү. Канткен күндө да ата-эне кыздын тагдырын ойлош керек.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#10 06 April 2014 - 09:48
Кыздар менен сүйлөшө албаган, л..,мырктар ала качат кыздарды. Жеткен тупизм да. Нормальный эркек сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп, кыздын уруксатын сурап анан алат. Кыргызда жинди салт элдин мээсинде калыптанып калган да ала качуу деп, ала качкан эркекти соттош керек. "Иии, күйөөгө тиет деген ушул экен ", деп отуруп калбай, кыйраткансып.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#11 06 April 2014 - 09:53
Ыймандын жетишпестигинен болотко менин оюмча, МИСАЛЫ; математикадан бир маселени чыгара албасаң, аны мугалимге же билгендерге барып жардам сурап ал маселени чечебиз.
Мына ошол сыңарында турмуштада бир маселе болсо дин аалымдарына кайрылуу керек, ошолор жакшы кеңеш беришет. Албетте Ата эненида пикирин эске алуу керек!
Мына ошол сыңарында турмуштада бир маселе болсо дин аалымдарына кайрылуу керек, ошолор жакшы кеңеш беришет. Албетте Ата эненида пикирин эске алуу керек!
#12 06 April 2014 - 09:58
Бул нерсеге ким куноолу биринчи албетте жигиттер. Кочодон эле кызды кой урдагансып эле машинага тыга кеттесинер.
Анан кээбир ата-энелер да элдин созу деп кызын калтырат. Анан не болот. Эптеп жашаса жашап кеттишет болбосо ажырашып тынышат. Бул жерде кимге жаман. Албетте куноосуз наристелерге жаман. Кээбир ата-энелерге тушунбойм биз айтканга турмушка чыгасын жана биз айтканга уйлоносун дешет. Бирок алар балдарынын жашоосун талкалап атканын тушунушпойт.
Кийин окунот бирок анда кеч болот. Ата-энелерда балдарынын тагдырына жашап кетет да деп кайдыгер карабай бир аз ойлонсо жакшы болмок.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
#13 06 April 2014 - 10:03
Кызды Ала качып кетсе отурбай чыгып кетүү босогого нан коюп, же кемпир жатып алса, аны секин четке түртүп чыгып кетиш керек! Алардын сенин бактыңа балта чапканга акысы жок!
#14 06 April 2014 - 10:18
Ала качып тагдыры талкаланса,
тээ бабаларыбыздын баары ажырашып, чон энелер жесир эле калмак, эрден чыгып. Илгери ар бир экинчи уйбулоо ала качуу менен эле курулган, эми эле укугум тебеленди деп, заманбап болуп чыга келдик. Бул менен ала качууну жактап, колдоп жаткан жерим жок, (менда ошол нерсеге кабылгам кезинде).Жолдон-
белден бокторо качкан салтты мен деле колдобойм, магада жакпайт. Бирок, суйгонумо тийсем, же алсам жашоом гулстан болмок деген жомокторду токубагылачы садагалар!
Суйушкондордун деле суйуусу чанда тепселип, суйуудон жаралган наристелер деле ата мээримин корбой келет. Суйушсоле толук кандуу уйбулоо куралып калат деген болбогон кеп. Турмуш курулдубу, ошону суйроп кетуу керек кандай кунго туш келседа, эптей албайбы эмне уйлонот? Ала качсада, суйушсо деле ошол турмуш, ошол кор оокат, же суйушкондор эзилишип эле кечке жатат дейсинерби?
Суйууго, ала качууга шылтабай уйбулоо дегенде жооп керчилик менен карасак, кыйынчылык баардык жерде эле бар. Кыйналдым деп эле ажыраша берсек, уй булоо куруунун не зарылчылыгы бар? Анан ата-энени куноолой бербегилечи бай болгурлар? Кайсы ата-эне баланы баткакка туртсун?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#15 06 April 2014 - 10:39
Ала качып тагдыры талкаланса,
тээ бабаларыбыздын баары ажырашып, чон энелер жесир эле калмак, эрден чыгып. Илгери ар бир экинчи уйбулоо ала качуу менен эле курулган, эми эле укугум тебеленди деп, заманбап болуп чыга келдик. Бул менен ала качууну жактап, колдоп жаткан жерим жок, (менда ошол нерсеге кабылгам кезинде).Жолдон-
белден бокторо качкан салтты мен деле колдобойм, магада жакпайт. Бирок, суйгонумо тийсем, же алсам жашоом гулстан болмок деген жомокторду токубагылачы садагалар!
Суйушкондордун деле суйуусу чанда тепселип, суйуудон жаралган наристелер деле ата мээримин корбой келет. Суйушсоле толук кандуу уйбулоо куралып калат деген болбогон кеп. Турмуш курулдубу, ошону суйроп кетуу керек кандай кунго туш келседа, эптей албайбы эмне уйлонот? Ала качсада, суйушсо деле ошол турмуш, ошол кор оокат, же суйушкондор эзилишип эле кечке жатат дейсинерби?
Суйууго, ала качууга шылтабай уйбулоо дегенде жооп керчилик менен карасак, кыйынчылык баардык жерде эле бар. Кыйналдым деп эле ажыраша берсек, уй булоо куруунун не зарылчылыгы бар? Анан ата-энени куноолой бербегилечи бай болгурлар? Кайсы ата-эне баланы баткакка туртсун?
мен да сизге кошулам. Анан дагы любой кыз алганга чейин алтыны, алгандан кийин катыны болот. Суйлошуп барса дагы, ала качып барса дагы. Автор сиз ал баланын мунозу жаш баланыкындай дептирсиз, бирок кээ бир уй булодо андан жаман ситуация болгондо деле жакшынакай жашап журушот го мисалы балалуу боло алышпай, а ата энелерибиз убагында кандай оор кундорду откорушкон. Айтаарым баарына чыдаш к.к чыдап куткон адам акыры жакшы нерсеге жетишишет.
#16 06 April 2014 - 14:37
Ушу ала качкан салтыбыз эч эле жакпайт.Бирок тагдырдан да болот,кээ бирлери алакачып деле бактылуу жашап атпайбы.Анан кыз бала эгер окуйм десе окуусун бутуп,анан турмушка чыкса озунун эле утугу болот.Эгер окубаган кыз болсо эрте турмушка чыкса да боло берет.Анан ушу биздин турмушка чыгып эле 9айдан кийин бала кучактап отурган жакпайт.Дароо торобосо тим эле 30га чыгып калгансып,ии боюнда жок экен,торобос экен деп чыгышат.Эми турмушка чыккандан кийин шашпай,кичине бири-бириндин мунозун билип,бираз иштеп акча таап,анан балалуу болушса да жетишет го.Турмушка чыгып эле 9айдан кийин тороп,анан ортодо уруш чыкса ажырашып кетип,ушу балдарды айып кылып атышат.Уйлонуп эле аялын боюнда кылып,озу иштегени кетишип,уйдо аялы менен апасын уруштуруп,озу чет жерде иштеп козуно жакшыраагы жолукса аны ала коюп,эми койчу канчалаган тагдырлар талкаланыпатпайбы.
Турмуш курдунбу ажырашкын келсе балалуу боло элек ажыраш,балан болсо чыдап жаша.Идеалдуу жар издебеш керек.Идеалдуу адам жок.Мы всем совершаем ошибки,надо уметь прощать.
#18 06 April 2014 - 15:42
Апам айтат: "Кызымка,
эгер ала кычып кетчү болсо бирөө-жарым,
сенин бир сөзүң.
"Кетем" десең, калтырбайм! "-деп.
А өзүм, ала качууну кылмыш катары көргөндүктөн, мен үчүн жапайылык!
Макул, эгер кыздын уруксаты менен жигити ала качып кетсин.
Кыз деген мал эмес го, төрт бутун таңып туруп богажга тыгып койчудай!
Бирок, кээде ойлонуп отуруп, 5жыл сүйлөшүп тийип, кийин сезимдер сууп, ажырашып кеткенден көрө, тааныбаган бирөөгө тийип, бактылуу жашаган жакшыдыр...деп. ..
Эки дүйнө бактылуулукту насип этсин!
Жаштар Бактыңарды тилегиле!
"Кетем" десең, калтырбайм! "-деп.
А өзүм, ала качууну кылмыш катары көргөндүктөн, мен үчүн жапайылык!
Макул, эгер кыздын уруксаты менен жигити ала качып кетсин.
Кыз деген мал эмес го, төрт бутун таңып туруп богажга тыгып койчудай!
Бирок, кээде ойлонуп отуруп, 5жыл сүйлөшүп тийип, кийин сезимдер сууп, ажырашып кеткенден көрө, тааныбаган бирөөгө тийип, бактылуу жашаган жакшыдыр...деп. ..
Эки дүйнө бактылуулукту насип этсин!
Жаштар Бактыңарды тилегиле!
В каждой шутке есть доля правды...
#19 06 April 2014 - 16:42
Ала качууну заманбап коз караш менен аябай эле тилдеп салыпсынар.
Бизди тапкан ата-энелерибиз,
андан мурунку кийинкилер деле дээрлиги ала качып уйлонгондор эмес беле.Эмне 9кун тою болуп,торолгондо эле суйушуп уйлонгондор ажырашпайт деген турасынарбы.
Андай болсо эмне учун так ошо ала качып алуу мезгилиндегиге караганда,азыркы убакта ажырашуулар коп?Мумкун куноо бир эле салтта эмес озубуз тарапта да болуп журбосун.
#20 06 April 2014 - 17:58
Эрдин нанын жеш учун тишин темирден болуш керек,деп коет эмеспи.Биринчи орунда бей куноо балдарга кыйын болуп жатат.Эмне учун ата-эненин катасы учун ортодо бала азап чегиши керек?Аялбыз назикпиз бирок ошону менен бирге темирдей бекембиз.Айтаарым очогубуздун отун очурбой баарыбыз бактылуу жашайлы.ЭРКЕКТИ ЭР КЫЛЫП АЛУУ АЯЛДАНКОЗ КАРАНДЫ!!
!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео





















