Суперстан: Жүрөгүм издейт сендейди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!

#801 Пользователь офлайн   aziko88   06 Апрель 2014 - 19:17

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

дагы жазчы жазгул кайакта сен азыр кайдасын бактылуусунбу жазгулчу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#802 Пользователь офлайн   jigit.paren   06 Апрель 2014 - 20:35

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 654
  • Катталган: 27 Апрель 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2025 10:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

азаматсын Асан сага ушунчалык баа бердим, мыкты да жазат экенсин, сага таасирленип дагы бир чыгарма жазууну туура кордум, сага жетпесем да аракет кыла баштадым, ушул болумго жазайын деп бирок эротикалык жактары болгондуктан алиги болумго баштоону эп кордум.
мумкунчулугунор болсо окуп тургула достор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#803 Пользователь офлайн   Bogotik   06 Апрель 2014 - 20:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

Жазын аягына чейин буттурбон

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#804 Пользователь офлайн   happykyz   06 Апрель 2014 - 21:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 13 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Апр 2014 09:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Oi bizge kyzyk Asan baikesi.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#805 Пользователь офлайн   Aselina_kg   06 Апрель 2014 - 21:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 194
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Шашпай жаза бериниз.Кутобуз

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#806 Пользователь офлайн   alatookg312   06 Апрель 2014 - 23:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 30 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Фев 2015 02:06

[Имя Цитата = 'куу-1005 "Дата = '06 Апрель 2014 - 17:17' метка = '1396783047 'пост = '1628570'] Москвадагы бир кыз менен болгон жолугушумду да кеңири жазсамбы же кыска нуска кылып эле бүгүн бүтүрүп койсомбу? "Ушул выходнойуңда бүтүрөм дедиң эле го" деп кее бир чыдамсыздар мени жеп ​​алышпас бекен деген эле ойлор ..... Бирок эскертип койойун Жазгүлдөн кийинки жашоом анча деле кызык эмес ............. [/ цитата ]




жазып койо берчи эми ,азыркы жашооно чейин сураныч.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#807 Жолоочу_Kosmopolitka_* 06 Апрель 2014 - 23:19

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кутобуз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#808 Пользователь офлайн   Adi020896   06 Апрель 2014 - 23:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 124
  • Катталган: 29 Январь 14
  • Соңку аракети: 08 Янв 2017 15:34
  • Жынысы:Белгисиз

Ар бир созду коз жаздымда калтырбай,маани берип,терен ойлонгонунуз жакты.Кайда болсонуз да,бактылуу болунуз!Сиздикиндей таза журокко Жазгул эженин деле журогу тен келбесе керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#809 Пользователь офлайн   kuu-1005   06 Апрель 2014 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Окшош күндөр өтүп жатты мончоктой тизилип.Жай бүтүп күз кирип келди капыл-тапыл. Айдай менен сүйлөшүп жүрдүм агент менен.Парольумду алмаштырып алдым.Себеби ал менде болгон кыздардын баарын өчүрүп салыптыр.Алардын арасында групалаш,курсташтар, карындаштарым бар болчу.
-Неге удалит кылып салдың?-деген суроомо
-Алар кимдер эле?-деп бейгам жооп берди.
-Тааныштар. Группалаштар, карындаштар.
-Анда аларды кайра кошуп алың да жиниңизди келтирбей (жиним деле келген жок эле).
-Менин жиним келгенин көрө элексиң.Экинчи сага парольду бербейм.
-Макул.Мен дагы анда балдар менен таанышам.
-Билгениңди кыл.Тойго чакырышты унутпа --- деген смс менен бир эки айга чукул жазышпай калдык.Мен анын жазуусун күтсөм ал менден күтүп жүрдү....
----Күздүн ортосунда бир достун туулган күнүн белгилөөгө Партизинскийдеги "Мельница" кафеге чогулдук.Ал жылы классташ балдар көбөйүп калгандыгыбыздан бул биздин биринчи жолу кафеге чогулушубуз болчу.Арасында Айбек дагы бар.Айылда окуп жүргөндө чанда гана сүйлөшчү Дони (Данияр) менен ал күндөрү жакшы досторго айлана баштаган болчук.Донинин Бегимай деген узактан бери сүйлөшүп жүргөн (Азыркы убакта сүйүктүү жары) кызы эки курбусун ээрчитип барды.Биздин балдардын жарымынан көбү өз кыздары менен баргандыктан 5 бала гана кызсыз олтурган болчук.Тиги экөө менен тааныштык.Аттары Айжамал жана Динара экенин укканым менен аларга көңүл деле бурбадым башында.Бир кыйла коняктын бөтөлкөлөрүн бошотуп,бийлеп бир кыйла бүйрүбүз кызып калганда гана тиги экөөнө коз карашымды агыта баштадым.Айжамал көңүлүмө бир аз жакты.Бирок анын жанынан Адилет деген досум чыкпай жүрө бергендиктен жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк болбой жатты.Адилет адатынча мас болуп калды.Мен бир аз эле ичкендигимден соо элем.Эгер ошондо Айжамал озү мага жабышпаганда ал кечте жакындан тааныша алмак эмесмин.Мен ага жакканымдан мага жабышты дегенден алысмын конешно.Ал болгону жабыша берген Адилеттен качып соо жүргөн мага келди.Менин жаныма олтуруп алды.А мүмкүн мен жөнүндө Бегимайдан кабардар болгондур,а мүмкүн мен чындап анын козүнө соо адам болуп көрүнгөндүрмүн. Эмнеси болсо да анын менин жаныма орун которуп алганына кубандым,сүйүндүм, балдардын арасында көкүрөгүмдү көтөрүп калдым негедир.Үсөн ал күндөрү Кыргызстанга кеткен болчу.Таң дагы атты.Кафеден чыгып үйгө кетип атсак Айжамал мени колтуктап алды.Бир аз соолугуп алган Адилет Айжамалга келип:
-Жаным жүр мени менен,мен жеткизем.Асан уят эмеспи бирөөнүн кызын тартып алыш--деп асыла кетти.Эмне дееримди билбейт турсам Айжамал өзү:
-Мен сенин кызың эмесмин амай.Мени Асан жеткизет-деп менин колумду бышык кармап туруп алды.Биздин создөрүбуздү уккан балдардын баары:
-Адилет жакшына болчу.Эми Айжамалга жакпасаң жакпай калгандырсың да.Же Асандын сенден кыз тартып алганына ичиң ачышып жатабы?--деп эле каткырып калышты.Бирок чын чынына келгенде Адилеттин жанынан кыз үзүлбөйт болчу.Ошол күнү гана негедир кызы жок келди.Айжамалдын мага өтүп кеткенине ичи ачышканы менен бирок сыртынан сыр бербей:
-Жок е мен жөн эле тамашалап жатам.Кармашкан колуңур үзүлбөсүн! !!--деп какшыктап ж.б.у.с сөздөрдү айтып өттү.Билбейм башкалары кандай түшүндү бирок мен "какшык" экенин илгиртпей түшүндүм.Себеби мен өзүм какшык аралаштырып тамашалап жүрүп көнүп калгандыктан түшүнүш кыйынга деле турбады.Сыртымдан башкаларга кошулуп каткырып койгонум менен ичимден бир аз ызырынып калдым.Ошол күнү Дони экөөбүз Бегимай менен Айжамалды жеткизип келдик.Номерин да албапмын башым зыңылдап ооруп үйгө шашкандыгымдан. Эки күндөн кийин Дони чалып калды.Трубканы алсам ал "конференция" тузүп алган экен.Айжамал, Бегимай болуп төртөөбүз бир кыйлага чейин баарлаштык. Бегимай менен Дони экөө эле кечке айтып атышып бизди кыз-жигит кылып койушту.
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#810 Пользователь офлайн   Bogotik   07 Апрель 2014 - 01:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

И.и.и анан

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#811 Пользователь офлайн   kuu-1005   07 Апрель 2014 - 02:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Бир эки күндөн кийин Дони менен шерик болуп Айжамал менен Бегимайга өтүп бардым (Экөө бир иштеп,бир жашайт болчу).Ошол түнү анын номерин алып официально кыз-жигит болдук.Айжамалда дагы адамды өзүнө тарта турган күч бар эле.Анын келбетинде Жазгүлгө кыпындай да окшоштук жок болгону менен анын шайырдыгы,юморго болгон мамилеси Жазгүлдөн тең калышпайт болчу.Ошентип ойлорумдун түпкүрүндө бүрүл жанган Жазгүл,агентте Айдай,жолугуп жүргөнүм Айжамал болуп күн кечире баштадым.Телефон менен Айжамал менен кечке сүйлөшүп анан агентке кирип Айдай менен сүйлөшүп менин таза жан-дүйнөм булгана баштаганын сезбедим.Айдай менен "Күн өтүп эс тартса өмүрлүк жарым болоор" деп сүйлөшүп жүргөн болсом Айжамал менен Москвадагы достор үчүн сүйлөшүп жүрдүм.Ал күзүндө достордун көбү үйлөнүп ийишкендиктен атам мага тынбай чалуусун уланта баштады." Келе бер биз бир эки кыз карап койдук" дегендеричи. Уууух коркуп кетеер элем кайдагы бир кызга үйлөнүп жатканымды элестетип.Ар кандай жоопторду берип жүрүп кышты дагы өткөздүм.Жаркыраган жаз да келди адамды кубандырып. Мурда сүйүп тоскон Нооруз майрамында жөн гана Жазгүлдү эстеп ичимден "Бактылуу бол жарыгым!" деп гана күбүрөп койгонум болбосо кадимки эле күн катары өткөрүп коер элем.Жазында менде дагы Айжамалга болгон сезимдер ойгоно баштады.Билбейм анын жашоого болгон көз карашы башка болсо да,анын Кыргызстандын башка тарабынан болсо да анын күлкүсү,анын мага эркелеши жүрөгүмдү багындыра баштаган болчу.Кышында сууктун анан алыстыктын айынан көп жолуга албай жүргөн болсок жазында менин ар бир дем алуу күнүмдүн кечи ал менен өтө баштады.Себеби мен эки күн иштеп эки күн дем алат элем.Кыска кийинип,кееде "пиво" ичип койгонуна да көз жумдум.Ойумда: "Мейли иче берсин,мейли кие берсин бирок мага жар болгондон кийин баарын таштаттырып алам" деген ойлорго жетеленип жүрдүм...
---Айдай менен жаз жакындап калганда эле жазышпай койгон болчум.Ал айылга кыйынчылык менен бир жыл зорго окугандыктан аны Ошко которушкан болчу ата-энеси.Анын акыркы күндөрү:" Асан байке өлгүм келтат,тиги жерим ооруп атат,жашоодон тойдум" деп жаза бергени кыжырыма тие баштады.Башында чочуп "Не болду?" деп сурап жүрдүм "бир нерсе болгон го" деген кыязда.Антип айтканынын себеби жөн гана "атасы анын кием деген кийимин алып бербей койгону же Бишкекке ээрчитпей койгону" экенин билип ушунчалык жиним келеер эле.Бирок ага катуу айтпадым.Жөн гана анын жазган билдирүүлөрүнө жооп жазбай койдум.Анын бул кетиште чоңойбосуна, дагы көп убакыт жаш балдардай ата-энесине эркелеп жүрүүсүнө көзүм жетти да мен башка кыз издей баштаган болчум.Кондиттардан бир гана Айжамал ылайык эле мага өмүрлүк жар болушка.Бирок бирок жай ортолоп калганда ал жөнүндө жаман кабар уга баштадым." Досум кийин өкүнүп калбасын" деди окшойт Дони Айжамалдын сырларынын четин атйып калды.Ал түнү биз адатыбызча Айжамал менен Бегимайга барган болчук.Эки экиден болуп бөлүнүп алып сүйлөшүп,өбүшүп анан аларды киргизип койуп метро тарапка басып бара жаттык.Менин оозумдан Айжамал тушпөй калганын байкаган Дони:
-Дос ушу Айжамалдан алыс эле жүргөнүң оң -- деп калды.Түшүнбөй калган мен:
-Ии не болду.Неге антип айтып жатасың?
-Сен просто анын чындыгында кандай кыз экенин дале биле элексиң- деп айткысы келген создү айландыра баштаганынан мен чыдабай кетип:
-Айтпайсыңбы эми.Не болуп кетти?...
-Ал ошентип жакшы кыз болуп көрүнгөнү менен чындыгында начар кыз.Мага аяшиң анын кылыктарын көп айтат.Биринчиден ал чегет,экинчиден сенден башка дагы бирөө менен жолугат.... эми өзүң ойлон,бирөөнүн астында жүргөн кыздын сага кереги барбы жокпу?
-Койсоң? (Анын сөздөрүнөн чындыкты байкасам да баари бир ушул суроону беришке аргасыз болдум).
-Ооба дос.Мен сага жалган айтып не кылам.Байкашымча сенин башыңды кыйла эле айландырып алды акыркы күндөрү.Ага үйлөнүп алып кийин өкүнүп мени күнөөлөп жүрбө деп эле чочулап атам.Бирок өзүң бил,мен эскертип койдум.
--Бир аз мурдагы жакшы сезимдердин кучагында келе жаткан мени Донинин сөзү ойго салып койду.Ал менен коштошуп үйгө баратып да ойлонгонум Донинин мага айткан сөздөрү." Кантип эле ушундай болсун? А мүмкүн Дони калп айтып жаткандыр.Бирок Дони жөндөн жөн антип калп айтпайт болчу.Анда чын эле ошондойбу? Мындай карасаң Айжамалдын мага болгон мамилеси жакшыдай эле го.Ушунча жүрүп анын жүрөктөгү сырларын биле албадымбы?Айтам неге мынча сонун өбушөт деп.Корсө котур ташы койнунда турбайбы" деген ойлор меемди жеп жатты.Бирок баари бир мен өз көзүм менен көрүп анан чечим чыгарууга бел байладым да Айжамал менен эч нерсе болбогондой сүйлөшүп жүрдүм.Ал менен жолугуп анан коштошумуш болуп караңгы жерге туруп алып ал жашаган подьезди аңдый баштадым.Дони айткандай эле бир күнү анын менден кийин бир бала менен жолугушканын көрдүм.Менден бир аз бою узун келген арыкчырай бала менен өбүшүп учурашканын көрүп бир кызыктай боло түштүм.Экөө жетелешип алып ал жашаган домдун артында 2 сааттай сүйлөшүп олтурушту.Ээн баш ойлор:"Бар дагы экөөнүн тең чокусуна койуп койуп ал" деп жатканы менен акылдуу ойлор:"Шашпа. Андан эч пайда чыкпайт.Андан көрө азыр унчукпай үйүңө кет да башка күнү өчүңдү ал" деп жатып мени көндүрдү.Кандай кылып өч алыштын жолун таппай жаттым."Ал менин жан-дүйнөмө аз да болсо "боль" алып келди,мен дагы ага жооп катары бир нерсе кылышым керек.Бирок эмне кылсам?" деген ойлор менен бир жумадай ойлонуп жүрүп акыры аны "зордуктап салуу" тууралуу ойго токтолдум.Бул ой ээн баш ойлорумдун сунушу болгондуктан акылдуу ойлорум менен калчап көргөнгө аракет кылдым.Бирок акылдуу ойлор ушул чечим менен макул болгондой "дым" чыгарбады... ..

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#812 Пользователь офлайн   oooald   07 Апрель 2014 - 02:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 18 Февраль 12
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Баарын толук жазынчы . Кызыгына келди эми батыраак, жазып бутуруп коюнчу. /<:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#813 Пользователь офлайн   aziko88   07 Апрель 2014 - 03:13

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

кой кой зордуктаба сен акылдуу баласын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#814 Пользователь офлайн   lazygirl   07 Апрель 2014 - 03:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Элаа дегениниз жакты да:D
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#815 Пользователь офлайн   kuu-1005   07 Апрель 2014 - 03:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

...Бир түнү ага жалгыз өтүп бардым.Майдын ыссык түндөрүнүн бири.Ал менен эч нерсе болбогондой сүйлөшүп турганым менен ичимден ушунчалык жек көрүп жаттым.Ал убакта пиво сатылганынан саат 12 болгонуна карабай "Жүр магазинге пивого кирип чыгалы" деп магазин тарапка жетеледим.Калп эле:"Кеч болуп калды кирейин" деп жаткан Айжамал тез эле макул болду.Арам ойумду Айжамалга келе жатып да ичип алган пивонун күчү менен ушул түну ишке ашырайын деп ойлой баштадым.Магазинге төрт бөтөлкө пиво алып кайра кайтып келе жаткандагы бакчага кирип ичүүну сунуш кылдым.Макул болду айла жок.Кирип бир аз ичип олтурганда эле "мен кетейин" дей баштады.Ошондо чыдабай кеткен мен:
-Не жигитиң келеби? Кеч болуп калбадыбы? (Азыр кыла турган ишимди ойлоп негедир титирей баштадым)
-Ким? Кайсы жигитим? (Анын анткорлонгонуна ушунчалык жиним келди)
-Ким эле экинчи жигитиң да.А мүмкүн мен экинчи ал биринчисидир (Анын качып кетүүсүн ойлонуп жакындап келдим)
-Асан мине деп атасың? Мас болуп калып эле дөөдүрөй бересиңби? Азыр кетип калам..... (Оюмда "Кете албай калдың гооо" деп жаттым)
-Дөөдүрөтпө макулбу? Мен көргөнүмдү айтып жатам.Мен сени жакшы көрүп жүрсө сен бетиң жок бетпак турбайсыңбы. .. (тушунда туруп алып эки колум менен эки далысынан кармадым мыжыгып)
-Аай секин болчу ооруп кетти (Анын көздөрүндө коркунуч менен жек көрүү бир заматта пайда болгонсуду)
-Ооруган мындай эмес мындай болот-- деп аны күч колдоп чечиндирип кирдим.Колдорум титиреп жатканына карабай анын кийимдерин жулкулдатып чечип жаттым,сөгүнүп жаттым.
-Асан не кылып атасың? Өкүнүп калып жүрбө-деп колдон чыгып кетишке умтулуп жатты.Этине жабышкан джынсы шымын ылдый шыпырганда колуман чыгып кетип артына бурулуп качайын деп чалынып көмкөрөсүнөн жыгылып түштү.Үстүнөн баса калып эле эки колун артына алып бир колум менен колдорун кармап туруп,бир колум менен трусасын чечтим да тиги кургак жан жерине ар дайым арам ойлорду колдогон аспабымды салып жибердим.Ойлорумда: "Эгер азыр кыз болуп кыздыгын алсам айлам жок үйлөнөм" деп ойлоп жаткан ойлорум таш каап анын кыз эместигине анан сайын жиним келип болгон күчүм менен,сыртка өмүрү чыга элек жиним менен аны зордуктап жаттым.Кыйкырып аткан Айжамал эми булкунбай жөн гана астейин ыйлап жатты.Ишимди тез эле бүтүрүп,ичте топтолгон ага болгон баардык жинимди анын ичинде калтыргандай жеңилденип калдым.Шымымды оңдоп жатып:
-Эмне көзүңө жоош бала көрүндүмбү? Эмне башымды айлантып мага тийип алгың келдиби?- деп сөгүнүп сүйлөп жаттым.Ал ыйын токтотуп унчукпастан кийимдерин оңдонуп жатты.Бир нерсе дешке сөз да таба албай жаткансыды. Кетеерде гана мени карап:
-Ойлогон оюңду ишке ашырдыңбы? Бар эми жолуңа түш да мени жайыма кой.Өтүнүчүм азыркы болгон нерсени эч кимге айтпа..... деп туруп артын карабастан кетип калды.Ага бир нерсе деп жооп беришке соз таба албадым." Эч кимге айтпа" дегенин кандай түшүнсө болот? деп өзүмө өзүм суроо берип үйгө бара жаттым.Күндөн күнгө бузулуп,өзүмдү башкара албай баштаганымды байкадым.Башымды: "Эмнеге бул ишке бардым? Туура кылдымбы? Же арам ойго алдырдымбы? Эми эмне болот?" деген ойлор кажып,жеп жатты.Өзүмдү өзүм жек көрүп бараттым терең ойго чөмүлүп....
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#816 Пользователь офлайн   kuu-1005   07 Апрель 2014 - 06:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

....Үйгө келип да эртең жумуш экенине карабай уктай албай жаттым."Мен чындап эле озгөрдүмбү? А мүмкүн жоктон издеп жүргөн сүйүү,күтүү мени өзгөртүп салгандыр... ..,а мүмкүн мен эми Жазгүлдү сүйгөндөй кылып эч кимди сүйө да,таба да албайттырмын. Караан түн түшкүр Москвага эмнеге келдим экен бир нерсе суутуп койгонсуп.Эмнеге менин жолуман ар дайым койнунда котур ташы бар кыздар чыга берет? Мурда кыз кишиге кол тийгизгенден айбыккан менден бүгүнкү күч кайдан чыга калды?" деген ойлор уктатпай жатты.Эртеси уйку-соонун арасында жумушта жүрдүм үргүлөп.Кечке чейин ойлонуп жүрүп акыры Айжамал өтүнгөндөй эч кимге айтпоону туура көрдүм.Өзүмдү озүм муштагым келди ар сайын күзгүдөн жүзүм көрүнө калганда.Менин токтотуп кала албаган пайдасынан зыяны көп жүрөгүмдү сууруп алып ыргытып салгым келди.Бирок бул ойлор жөн гана "тупиктен" чыга албай жаткандагы ойлор болчу....
...Күндөр өтүп жатты.Дони мен Айжамал менен сүйлөшпөй калганымды угуп сүйүнүп алды.Мен билинбегеним менен түнт боло баштадым.Бактылуу күндөрүм Жазгүл эрге тие электе гана өткөнүн мойнума алып ошол убакка кайрылып баргым келди.Мен эми сүйүүдөн жолум болбой калганда гана Жазгүлдү эстей турган болуп калдым.Мен ишке жакын квартирага чыгып алгандыгымдан эң чоң байкем,Үсөн менин ал күндөгү чөгүп кеткенимди анчейин байкашпады. Нургаазы акем жеңемди аш жасатып же самса жасатып бизди тез-тез чакыра бергендиктен мен бул жолкусунда айлам жок бардым (эки-үч жолу шылтоо айтып барбай койгон болчум).Байкем байкабады көп деле бирок Үсөн:"Эмне арыктап кеткенсиң? жумушуң жеңил элеби?" деп мендеги өзгөрүүнү байкап калды."Аа бир аз оор болуп жатты эле азыр кайра жакшы болуп калды" деп анын көңүлүн жайгарып койдум...
...Жайында балдар менен шашылыкка жаратылышка эс алганы чыгып жүрүп Айжамал менен болгон окуяны унуткара баштадым.Бегимай менен Дони баш кошушту июлду ортолоп.Кудайга шүгүр алардын тоюнда Айжамалдын элесин жолуктурбадым. Ал жөнүндө Бегимайдан да Дониден да сурабадым.Анын көзүмө көрүнбөшү ал менен болгон күндөрдү,акыркы түндү тез эле унутушка өбөлгө болду.Ошол күндөрдө агентте кайра эле Айдай менен жарашып калдым.Мен бир нерсеге алаксыйын деген максатта ал менен "виртуальный" кыз жигитке кайра айландык.Мен эми Москвада бир да кыз менен жүрбөөнү туура көрдүм.Мейли достор шылдыңдашсын, мейли башкача ойлошсун бирок мен үчүн кызы жок жөн эле жүрүү кыйла жеңилдей туюлду...
Күз келип ал жылы мени ата-энемдин кыстоосунан кутултуп Үсөн үйлөнүү үчүн Кыргызстанга жөнөдү.Тойуна аз күндөр калганда мен да жөнөдүм Кыргызстанга. Аны уккан Айдай сүйүнгөнүн жашырбады.Тойлоп, Ошто Айдайдын жанынан чыкпай тез эле 10 күнүм өтүп кетти.Айдай бир аз чоңойуп,бою өсүп баралына чыгып калганын байкадым.Мурдагыдай обу жок эркелиги да бир аз калып калгандай сезилди." Отпуск"ной күндөрүм аягына чыга баштагандыктан кайра эле Москвага кайтууга туура келди.Айылда канчалык эки жакты караганым менен Жазгүлүм жакшы жолукпады." Мейли анын ошол мага жолукпаганы, жолумдан чыкпаганы аны унутууга жардам береер эле" деген ойлорду ойлоп кана озүмдү сооротууга туура келди.Москвага келип жумушта бир аз татаалдыктар пайда болуп башка жумушка өттүм...
---Окшош күндөр чууруп өтүп жатты.Кыш бүтүп жаз башталып,жаз бүтүп жаркыраган жай кирип келди.Айдай менен сүйлөшүп жүргөнүм менен жан-дүйнө жалгыздыгы мени кыйнап кееде ушунчалык тагдырыма таарынып кетеер элем.Ошол күндөрдө ошол магазинге жаңы эле жумушка орношкон бир жакшынакай кыз менен жакшы мамиледе боло баштадым.Магазиндеги эркектердин көбү ага кызыга бергендиктен "эгоистигим" кармап калып аны да мендик кылгым келип анын жанында чарк айлана баштадым.Ал менен 3-4 ай жөн гана сүйлөшүп жүрдүк.Анын ар кыл темада мыкты талкуулай алышы мени өзүнө тарта берди.Анын "юмор" жаатында да күчтүү экенин байкадым.Аны жөн гана озүмдүк кылып бир күнү башкалардан биринчи болуп мейманканага алып барып бир кумарды кандырып келүүнү эңсеп жүрдүм."Орус" дегенде эле жеңил ойлуу,төшөк кумарына тойбогон кызды элестетип жүргөн мен ал кыздан орустарда деле ыймандуулар, токтоолор,жеңил ойлуу эместер бар экенине ынандым.Анын орус болуп алып тамеки тартпашы да мени таң калтырды.Ар күнү аны созгө тартып жүрүп анын күйөөсү менен ажырашып кеткенин билип акыры ойумдун бир четинен билгизип жатып аны мейманканага көндүрдүм." Макул" деген ал биз белгилеген күнү шылтоо айтып барбай койду.Ал менен алаксып жүрүп Айдайды дагы унуткарып койдум.Экинчи жолку келишимибизде гана сөзсүз бара турганын айтты.Бирок мени белгиленген күнгө чейин эки жолу паркка жолугушууга чакырды.Анда "черныйлардан" бир аз "коркуу" сезими бар экенин билдим ошол жолугуушуда. Көрсө менин ким экенимди,кандай адам экенимди билиш үчүн ал дагы менин создөрүмдөн анализ кылып мени ушунча убак изилдеп жүрүптүр.Ал эки жолугуушуда акыры бир чечимге келип сөзсүз бара турганын айтты....
---Көп күттүргөн ал күн да келип экөөбүз бири-бирибизге жылмайып гана койуп мейманканага бара жаттык.Ошол түнү мен биринчи жолу "орус" кыз менен түнү бою эсте калаарлык кумарга баттым (Ушул биринчи түнүмдү бир күнү "алиги" бөлүмүнө ийне жибине чейин жаза кетем).Анын тазалыгы, "кожа"сынын наристеникиндей назиктиги мени таң калтырды.Ушунча убак аны мен курактуу эле деп жүргөнүм туура чыкпай менден төрт жаш чоң экенин тастыктадым. Күндөр өтүп анын бала бакчага барган кичинекей баласы бар экенин көрдүм.Ар эки жума сайын биз 4-5 айдай мейманканага каттап жүрдүк.Анын күйөөсү "бабник" чыгып ал менен ажырашканына 1 жылдын жүзү болгондуктан ал дагы төшөк кумарына суусап жүргөн экен эле.Ошентип ал себеп болуп жүруп "кыз" тууралуу ойлонбой калдым.Бир күнү үйүнө мейманга чакырды.Эки комнаталуу чакан,таза квартирада турат экен.Ошо күндөн баштап мейманканага каттоону токтотуп анын үйүн мейманканга айландырып алдык.Бир аз убакыт өтүп менин биротоло көчүп келүүмдү суранды.Нары ойлонуп,бери ойлонуп акыры көчүп бардым нары-бери каттап жүрө бербейин деп.Мына ошентип азыркы күнгө чейин ошол кыз менен жашап келем.Бирок ортобузда:" Сен бирөө жарымды тапсаң мен кетем,мен тапсам сен кетесиң" деген келишим бар.Менин "в любой момент" кетип калышымды билген ал байкуш көзүмдүн кареги менен тең айланып турат."Тебе пора найти жену" дегени менен мени кое бергиси келбегенин коздөрүнөн байкайм....... ....

-----Менин бул ишимди кудаага шүгүр бир досумдан башка эч ким билбейт.А ата-энемдин "үйлөн" дегенине келсек,ооба алар ар телефондо ар сүйлөшүүбүздө айтып турушат.Былтыры үйлөнүүдөн качып Үсөндү көндүрүп жакшынакай эле турган айылдагы үйдү буздуртуп ордуна килейген эки этаж үй баштаттырып койгом.Эми ал үй бүтмөй сайын мени "үйлөн" деп айта бербешине толук көзүм жетет.Быйыл шашпай ремонтун баштап эптеп эмдиги жылга чейин чозгонго аракет кылам.Чынын айтсам үйлөнгүм келбейт.Жүрөгүмдүн жарымын тапмай сайын үйлөнбөй жүрө берүүгө да кудуретим жетет.Бирок билбейм үй бүтсө эми кандай шылтоо табам.Же айлам жок апамдын же жеңелеримдин тапкан кайдагы бир кызга үйлонөмбү??? Ууххх ушуну эстеп алып эле чыйрыгып кетем.Дагы бир ойлор "Эгер Жазгүлдөй кыз таппасам өмүр бою үйлөнө албай өтүп кетемби?" деген ойлор да бүткүл денемди дүркүрөтүп кетет.Азыр мен оз жолунан адашкан,өз бактысын издеп жүргөн,жан-дүйнөм жаралуу бир байкуш пендемин..... (Эхх ушул "Бир байкуш пендемин" деген создү жазып жатып көзүмдү жаш тегеренип кеткенин байкабай калдым)... Бирок сыртымдан мурдагы эле шаңдуу,оюнга тойбогон,тамашакөй Асанмын!! !.....
---Жазгүлгө келсек ал азыр бир кыздуу болгон.Келиндик парзын өтөп сүйүктүү жар болуп өмүр сүрүүдө.Анын бактылуу болгону гана менин жан-дүйнөмө жылуулук тартуулап тургансыйт. Бирок мурдагыдай аны көргүм келип,аны сагынбай калгам.Жөн гана анын ушул мен дем алып жаткан абадан дем алып жашап жүргөнүнө ыраазымын.Эми бул баянды жазганымдын бирден бир себеби чын сүйүү бар экенин дагы бир жолуу тастыктоо болсо дагы бир себеби менин жан-дүйнөмдө быкпырдай кайнап эч кимге айта албаган сырымды өзүм тааныбаган, көрбөгөн адамдарга айтып бир жеңилдеп алуу...


Сураныч "Кай жерден болосуң?" деген сурооңорду бербегиле.Ичимдеги сыр сыр бойдон эле калганы жакшы.Тааныштарымдын билүүсүн каалабайм.
Анан да каармандардын аты жөнү өзгөртүлгөн. Бир гана Жазгүлдүн атын озгөртүүгө кудуретим жетпеди.Жазгүлдүн атына ылайык башка ат таба албай койдум негедир.... Булактай тунук мүрөгүм Бук болуп сенсиз жүдөдүм Сезимдер өчпөй дагы эле Сендейди издейт жүрөгүм. (Аягы)

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 07 Апрель 2014 - 06:22

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#817 Пользователь офлайн   kuu-1005   15 Апрель 2014 - 13:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

-Эмне кылып атасын?
-Менби? Жон эле бироо менен жазышып жатам ...
-Айтсан эми.... Эки-уч кундон бери эле ноутбугунду тыкылдатып жанын койбой калдын го.Бир нерсе жазып жжатасынбы? ??...
-Ооба бир нерсе жазып жатам. Сага айтсам баари бир сага кызыксыз...
-Айта бер эми.Сен каяктан билесин мага кызыксыз же кызыктуу болушун ... (Жылмайып,Артымдан кучактап,мойнумдан жыттап туруп алды)
-Макул айтса айтайынчы. Кыскасы мектепте башталган биринчи суйуум тууралуу жазып жатам (Тоскоол болбо дегендей кылып ноутбукту карап) .
-Оого кайсы суйуун? Мен неге билбейм дагы деле? (Таарынгандай карап)
-(ага карап жылмайып) Люда сен билип не кылмак элен? Сен эмес жакын досум да билбейт (бир досумду тааныйт болчу) .
-Мейличи мейличи айткын келбесе айтпай эле кой (адатынча таарынып тыпылдап басып кухняга чыгып кетти)...



Бул менин ушул теманы ачкан бир ай мурунку кунум.
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#818 Пользователь офлайн   kuu-1005   16 Апрель 2014 - 13:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Эки уч кун отту. Жумуштан келип баштаган теманы улап клавишаларды тыкылдатып атсам дагы келди жаныма.
-Айтасынбы жокпу?
-Эмнени?
-Биринчи суйуун тууралуу да.Ким эле ал?
-Как будто тааный кое тургансып сурадын го.
-Бол эми айт....
-Уффф.....Кыскасы мектепте окуп жургондо жолугуп жургон бир кыз тууралуу.Куйоого тийип кеткен.Алдын ала айтып койдум "Азыр каякта?" деп сураарынды билип.Бар эми тамагынды кара...
-Ммм тушунуктуу. .... Качан жазып бутосун?
-Бир эки кундо... (кызыгып окуган окурмандар чыкпаганда чындап эле бир эки кундо эле бутуруп коймокмун)
-Эмне максат менен жазып атасын?
-Ммм жон эле.Билбейм себебин.Мумкун зеериккендиктендир. ... Тамагын бышайын дедиби?
-Алда качан бышкан.Жур тамакка...


Дагы кундор отту.Кун откон сайын мени ноутбуктан кызгана баштады.Аял кишиге бир аз конул бурбай койсон эле ошол экенда.Керек болсо туну жатканда да таарынып дивандын чеетине жатып алат. "Сага не болду?" десен нары караган бойдон "Эчнерсе. Ноутбугундан сура айтып берет" деп жооп берет.Мага не ичимен "Билгенинди кыл" деп жатып алам ага тийишпей.Себеби ал теманы баштаган кундон баштап ойлорум Жазгулдон,ал менен откон тундордон,андан кийинки жашоомдон бошобой жаткан болчу.Ошол корунуш менен бир айга жакын убакыт отуп кетти.Менин ал уйдо тулку боюм эле жургонум менен ойлорум 7-8 жыл мурунку кундордо журду.Аным аз келгенсип жумушумда графигим озгорулуп туну иштей турган болуп калдым.Акыры чыдабай кетип бир куну жарылды.
-Сен мага эч кандай конул бурбай калдын. Коздорун менен мени караганын менен ойлорун башка жакта.Сен ушул жерге жаза баштагандан бери озгордун.Мумкун аягына чыгараарсын. Эмне эле узартып жатасын? Бир эки кундо бутом дегенин бир айга жылып кетти го....
-Макул макул болдучу эми.Бутойун деп эле калдым ...
Ошол кундору Жазгулду ала качып кеткени тууралуу жазып жаттым эле. Ойлонуп коруп улантпай эле койсомбу деп анан окурмандарга ойумду айтып кордум. Алар баары бир ооздон улантуумду каалаганынан кайра улантып кирдим.Чындыгында менин дагы жазгым келди баарын,катылып жаткан сырымдан кутулгум келди,Жазгулдон кийин кайсы нукка бурулуп учурда кандай адам экенимди жазгым келди.Ошентип кайра жаза баштадым.Таарына бергенинен бир куну аны уктатып койуп кофеден кою куйуп алып туну менен жазып аягына чыгарып салдым.Ана башталды эртеси.Купуяга деле,темага деле менин бузулганымды жазып урушушуп туура эмес жолдо жургонумду айтып жаткан адамдар.
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#819 Пользователь офлайн   kuu-1005   16 Апрель 2014 - 13:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Моюнга алыш керек кее бир окурмандардын билдируусу мени терен ойлонуп бир чечимге келишиме туртку болгонун.Уч кун мурун болбогон шылтоолорду айтып,болгон кийимдерди сумкама салып байкемдин квартирасына кочуп келдим.Кыйла конуп калган экенмин ошол туну уйкум келбей аябай кыйналдым.Байкеме таштап кеткен ноутбугума ишенип келсем ал дагы чарчап калыптыр.Эртеси маанайым жок ноутбукту тамызсам катыйт эле катыйт.Жиним келип жерге бир чаптым эле жанбай калса болобу.Эми мына досум иштетип жургон телефондон кирип жудоп жургон убагым."Супер Сынакка" да илешип алдым эле эми телефон менен кантип катыша алат экенмин.Катышпай эле койсом окшойт.Айдын этеги ноутбук албасам моогу телефонду да жерге бир чабам.Кыскасы жакшы кенештерин берген окурмандарга ырахмат.Силер себеп болуп куздо уйлонууну ниет кылып жатам кудаа кааласа...Бар болунуздар! !!
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#820 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   10 Май 2014 - 12:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Бактылуулук каалайбыз!
Автордун суранычы менен тема жабык. :)

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 01:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: