Ар бир эле адам ден-соолукта,
бай, жакшы бүлөө күтүп, жакшы кызматта эмгектенип жашасам деп аракеттенет.
Бирок, ал аракеттер эмнеден башталып, эмне менен чектелет? Биздин бул умтулууларыбызды ишке ашырган, ой-ниетибиздеги калыптанып жаткан пикирлерди багыттап түз жеткирип турган жол бар. Бул жол ар качан ачык, качан, кайда болбоңуз, ушул жолдун кызматынан пайдалансаңыз болот. Бул жолду таап алгандар каалаган, муктаж болгон нерсеси тууралуу айта алат, анын ишке ашышын да талап кыла алат. Бул жол-Аллахка бата кылуу.
Абдул Насир Жангда аттуу белгилүү америкалык ислам агартуучусу «Түн жана бата» деген баянында Аллахтан сурануунун эң зарыл жолдорун, кызыктуу фактыларды келтирет. Ал: «Көпчүлүк адамдар жакшылык кылууну милдет деп билишип, батага көңүл бурушпайт. Көпчүлүгүбүз Аллах бизди тилек тилөөгө буйурганын да жакшы түшүнө бербейбиз. Чынында, дуба ибадаттын негизи. Качан биз бата кылабыз, биз Алланын ырайымына, даанышмандыгына таяныч пайда болот. Акылыбыз менен аракетибиз ушул таяныч менен калыптанат»,
- дейт. Автор батанын кабыл болушун шарттаган айрым учурлар тууралуу бөлүшөт:
· Бата кылыштан мурда Аллахты мактоо, Анын 99 ысым-сыпатын айтып мактоо;
· Аллахтын берген нээмат, мүмкүнчүлүктөрүнө шүгүр айтуу;
· Пайгамбарга (саллаЛлаху алейхи ва саллам) салават жолдоо;
· Батанын кабыл болушуна жүрөктөн ишенүү;
Эгер биз тилектин кабыл болушунан кыпынчалык эле шектенген болсок, бата кабыл болбойт. Имам Газали айткандай: «Тил миң жолу кайталаганды,
жүрөк бир гана жолу айтат». Ал эми Умар бин Хаттаб:«Менин ишим тилек кылуу, Аны кабыл кылуу-Аллахтын иши. Мен Анын жумушуна тынчсызданмак белем, мен өзүмдүн ишимди гана аткаруум керек»,-дейт.
· Бата кабыл болгон өзгөчө убакыттарды издөө;
Бата кабыл болгон убакыттар:
- Парз намаздарынан кийин;
- Азан менен кооматтын ортосунда;
- Жума күнү дигер намазынан кийин;
- Түндүн үчтөн бир бөлүгүндө;
- Орозо ифтарында;
· Аллах баардыган кудуреттүү экенине ишенүү. Ал кааласа, бол деген нерсе болот;
Абдул Насир Жангда тилектердин кабыл болбой турган учурун минтип түшүндүрөт:
«Сабырсыздык.
Аллах сабырдууларды жакшы көрөт жана сабырдуулар менен бирге. Кээде, кылган тилектерибиз кечигип жаткандай болот, же биз батыраак эле боло калсачы деп тыбырчылап жиберебиз. Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) Таиф шаарына барып, ал жактан ур-токмокко алынганда, Аллахтан суранат. Жооп болуп, Жебрейил периште келди да Таифти эли менен жексен кылууга дуба кылуусун сунуштады. Пайгамбар эмне деди? Пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) сабыр кылып, муну айтты: «Жок, Аллах бул элдин укум-тукумун Өзүнөн башкага сыйынбагандардан кыларынан үмүтүм бар»,-деди. (Бухари) Көптөгөн жылдардан кийин таифтиктер мусулман болушту. Жүздөгөн жылдардан кийин таифтик Мухаммед бин Касым аттуу адам Индияга исламдын жайылышына чоң себепчи болду.
· Тилектин кабыл болушу үчүн дагы бир шарт адал ырыскы;
Арам ырыскы жана күнөө иштерден сак болуу бата-тилектин кабыл болушун камсыздайт.
Бул тууралуу Куран аяттарында,
хадистерде көп эскертүү айтылат. Алардын бири катары бул аятка назар салалы:«(О, Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин!
(Ошондо) Туура Жолго түшүп калышы ажеп эмес! ]1[”)Бакара 186(
Биз эмнени сурасак ошол кабыл болот. Ошондуктан сураганда да, эки дүйнөгө пайда жеткирген, Аллах өзү ыраазы болгон нерсени суроо керек. Кээде, сураганыбыздын ордуна таптакыр башка нерсе берилип калгандай болот. «Мен муну сураган эмес элем...»- деп, ичибизден таң калабыз. Билесизби, биз каалаган нерседе жакшылык болобосо, Ырайымдуу, Даанышман Зат бизге жакшылык жеткирген нерсени берет. Бирок пенде чектелген туюм менен өзү каалап турганын гана орундалуусун күтө берет. Балким, тирүүлүкө берилбей калгандар үчүн Акыретте андан артык, бийик, улуу сооптор күтүп жаткандыр...
Мүмкүн бата кылуу үчүн ибадатка туруп жатканыбыздын өзү Жаратканга жакындатып,
бул дүйнө үчүн эмес түбөлүк жайыбызга камылга болуп жаткандыр...
Урматтуу бир тууган, биздин ибадат бүгүнкү муктаждык үчүн эмес, түбөлүктүү максаттар менен болсун. Кудайды ыраазы кылсак, Кудай бизди куру койбойт. Амин.
Канткенде тилек кабыл болот? ...
#2 07 April 2014 - 19:01
Аябай жакшы жазыптырсыз,
тилектер, ниеттер чын журоктон чыкканда, ага карата жооп болооруна ишенем.
#3 08 April 2014 - 10:18
Аллах Мусулман Адамдын Дубасын дайым кабыл кылат! Эн биринчи Якин (Ишеним) Шарт эгерде сенде Дубам кабыл болдубу жокпу десен Анда сенин дубан Точна кабыл болбоду!
Ушул жерди басыныз
Ушул жерди басыныз
#4 13 April 2014 - 10:17
Аллах тараптан дубасынын кабыл болуусун умут кылуу менен,'*Анбия'
' суросундо айтылгандай ото берилгендик жана коркуу менен ыйлап, озунун дубасынын Алла Таалага кабыл кылдыруу керек. Дуба кылуу менен бирге Аллах тараптап белгилеп айтылган жана Пайгамбарыбыз айтып корсотуп кеткен эреже тартипке да конул буруу керек.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#5 13 April 2014 - 10:26
''Уч турдуу дуба кумон-шексиз кабыл болот''.
1) Зулум чеккен кишинин дубасы.
2)Сапарга чыккан кишинин дубасы.
'3)Ата-эне баласы жонундо кылган дуба.
1) Зулум чеккен кишинин дубасы.
2)Сапарга чыккан кишинин дубасы.
'3)Ата-эне баласы жонундо кылган дуба.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#6 13 April 2014 - 10:28
Аллах Таала бизге эмненин пайдалуу жана эмненин керек экенин абдан жакшы билет. Ошондуктан сураган нерсебиз туздон туз эмес ага алып барчу кыйыр жол аркылуу берилген болушу мумкун.
#7 13 April 2014 - 10:33
Мен куч сурадым, жашоодо мага кучтуу болуш учун кыйынчылыктар берилди
Мен байлык сурадым, жашоодо мага иштеп байышым учун акыл мн ден соолук берилди
дегендей Биз сурагандарыбызды туздон туз ала албасак да, турмушка керек болгондун баары берилет.
Мен байлык сурадым, жашоодо мага иштеп байышым учун акыл мн ден соолук берилди
дегендей Биз сурагандарыбызды туздон туз ала албасак да, турмушка керек болгондун баары берилет.
#8 13 April 2014 - 10:38
Пайгамбарыбыз с а.в хадистерде томонку инсандардын дубаларынын кабыл болуусун айткан.
1 )Аллах учун бири-бирин суйгондордун дубасы.
2) Аллахты коп зикир кылуучу инсандын дубасы.
3)Жакшылык кылынган инсандардын жакшылык кылган инсандарга ыраазычылык менен кылган дубасы.
4)Копчулук жамаат менен дуба кылып ''Амиин' 'деп айткан убакытта Аллах алардын сураганын албетте берет.
5)Ооруган киши шыпаа тапканга чейин кылган дубасы кабыл болот жана куноолору кечирилет.
6)Хажга барган кишинин оз уйуно кайтканга чейинки кылган дубасы кабыл болот.
7)Сапарда жургон кишинин дубасы.
8.Орозо туткан кишинин дубасы.
9)Маркум акысына кылынган дуба.
10)Омурлук жолдошуна-куйоосуно моюн сунуп сунган аялдын дубасы.
1 )Аллах учун бири-бирин суйгондордун дубасы.
2) Аллахты коп зикир кылуучу инсандын дубасы.
3)Жакшылык кылынган инсандардын жакшылык кылган инсандарга ыраазычылык менен кылган дубасы.
4)Копчулук жамаат менен дуба кылып ''Амиин' 'деп айткан убакытта Аллах алардын сураганын албетте берет.
5)Ооруган киши шыпаа тапканга чейин кылган дубасы кабыл болот жана куноолору кечирилет.
6)Хажга барган кишинин оз уйуно кайтканга чейинки кылган дубасы кабыл болот.
7)Сапарда жургон кишинин дубасы.
8.Орозо туткан кишинин дубасы.
9)Маркум акысына кылынган дуба.
10)Омурлук жолдошуна-куйоосуно моюн сунуп сунган аялдын дубасы.
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#9 13 April 2014 - 19:22
Кыскача айтканда, ниетин туз болсо. Журогу ыйманга толгон, момун мусулмандардын дубасы кабыл болот.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#10 13 April 2014 - 19:43
Адал ырыскы жеш керек . Харамдан алыс болсо кандай учур болбосун дуа кылса кабыл болот. Анан жогоруда Сластенка жазып откондой дуалар кабыл болот.
#11 14 April 2014 - 22:08
Аллах ыйманды- тилеген кулуна берет!
Байлыкты, мансапты- озу каалаган кулуна берет!
Байлыкты, мансапты- озу каалаган кулуна берет!
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#12 17 May 2014 - 02:08
Дуалар
Таңда жана кечте 100 жолу окулса
бардык күнөөлөр кечириле турчу таспих:
(Субханаллахи ва би-хамдихи,
субханаллахил азим)
Мааниси:
Кемал сыфаттар менен сыпаттанган
жана кемчилик сыпаттардан бери болгон
Аллахты хамд менен таспих кылам.
Намазда таспихтерди тарткандан кийин
дуага колдорду көтөрүп жатканда
окулганда күнөөлөр кечириле турган дуа:
(Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шерике
лех лахулмулку ва лахулхамду ва хува ала
кулли шейин кадир)
Мааниси:
Аллахтан башка илах жок. Ибадатка
ылайык жалгыз Аллах, Ал бир, ортогу жок,
аалам Анын мүлкү, хамд Ага тийиштүү, ал
баарына кадыр.
Кыйынчылыктардан кутулуу үчүн окулган
калима-и тамжид:
(Ла хавла вала куввата илла
биллахилалиййилазим)
Мааниси:
Аллахтан башка күч ээси жок. Бардыгына
кубат жана күч берген бир гана затий
жана субутий сыфаттардын ээси улук
Аллах.
Коркуу жана балээлерден кутулуу үчүн
таңда жана кечте үч жолу окулган дуба:
(Бисмиллахиллази ла йадурру меасмихи
шей ун фил эрды ва ла фиссамаи ва
хувес-семи ул алим)
Мааниси:
Аллахтын улук ысымына сыйынганга
жерде жана көктө эч бир нерсе зыян
бере албайт, Ал бардыгын угат жана
билет.
Назардан жана ар түрдүү зыяндардан
коргонуу үчүн окулган дуба:
(Эузу бикелиматиллахиттаммати мин
шерри ма халека)
Мааниси:
Бардык жаратылгандардын зыянынан
Аллахтын кемчиликсиз сөздөрүнө
[аяттарына, б.а., Куранга]калкаланам.
[Себеби, аяттарында ачык жана
жашыруун ар илим, ар ихсан, ар тадбир
бар]
Көз тийгенге окулган дуба:
(Эузу би-келиматиллахиттаммати мин
шерри кулли шейтанин ва хамметин ва
мин шерри кулли айнин ламметин). [Бул
дуба күн сайын таңда жана кечте үч жолу
окулуп өзүнүн үстүнө үйлөнсө көз
тийүүдөн жана шайтандардын жана да
айбанаттардын зыяндарынан корголот.]
Мааниси:
Шайтандардын, жаныбарлардын жана
кем көздөрдүн зыянынан Аллахтын
кемчиликсиз сөздөрүнө [аяттарга, б.а,
Куранга]калкаланам. [Себеби, аяттарында
ачык жана жашыруун ар илим, ар ихсан,
ар тадбир бар.]
Күнөөлөрдү кечирткен эң баалуу таспих:
(Субханаллахи валхамду лиллахи ва ла
илахе иллаллаху валлаху экбер)
Мааниси:
Аллахты хамд жана таспих кыламын.
Аллахтан башка илах жок жана Ал эң
улук.
Эртең менен жана кечинде окулуу керек
болгон истигфар:
(Аллахумма энте рабби лаилахе илла энте
халактени ва эне абдуке ва эне ала
ахдике ва вадике местетату эузу бике
мин шерри ма санату эбуу леке би-
ниметике алеййе ва эбуу би зенби
фагфирли ла йагфируззунубе илла энте.
Ла илахе илла энте субханеке инни кунту
минез залимин) [Муну күндө эртең менен
окуган адам кечке чейин, кечинде окуган
эртең мененкиге чейин өлө турган болсо
шейит болот]
Мааниси:
Аллахым, Сен менин Раббимсиң, Сенден
башка мабуд жок, бир гана Сен барсың,
мени жоктон жараткан Сенсиң жана мен
Сенин кулуңмун, күчүмдүн жетишинче
Сага берген ахдымда жана сөзүмдө
турам, кылган жаман нерселеримдин
зыянынан Сага баш калкалайм, мага
болгон ниматтарыңды жана
күнөөлөрүмдү моюндаймын, менин
күнөөлөрүмдү кечир, себеби, Сенден
башка багыштоочу жок. Сенден башка эч
бир илах жок, Сени бардык
кемчиликтерден танзих кыламын.
Чындыгында мен напсиме акысыздык
кылгандарданмын.
Динде бекем туруп, акыркы демде ыйман
менен өлүү үчүн:
(Аллахумма, йа мукаллибел кулуб, себбит
калби, ала диник)
Мааниси:
Эй улук Аллахым, көңүлдөрү жакшыдан
жаманга, жамандан жакшыга бурган бир
гана Сенсиң. Көңүлүмдү дининде бекем
кыл, дининен кайтарба, Мусулмандыктан
айырба!
Таждид-и ыйман жана нике дубасы:
(Аллахумме инни уриду эн ужеддидел-
имане вен-никаха теждиден бикавли ла
илахе иллаллах Мухаммедун Расулуллах)
Мааниси:
Йа Рабби, "ла илахе иллаллах Мухаммедун
Расулуллах” деп ыйманымды жана
никемди тазаладым.
Эртең менен кечинде окула турчу ыйман
дубасы:
(Аллахумма инни эузу бике мин эн ушрике
бике шей-эн ва эне алему ва эстагфиру-
ке ли-ма ла-алему иннеке энте) алламул-
гуйуб)
Мааниси:
Аллахым билип туруп ширк кошуудан сага
баш калкалайм. Билбестен кошкон
болсом мени кечир, Сен бардыгын
билесин.
Тамак дубасы:
(Эл-хамду-лиллахиллези эшбеана ва
эрвана мин-гайри-хавлин минна ва ла
куввех. Аллахумме атимхум кема
атамуна. Аллахуммерзукна калбен
такыййен, минешширки бериййен ла
кафирен ва ла шакыййен
велхамдулиллахи раббилалемин)
Мааниси:
Бизди күчүбүз, кубатыбыз жокто бизди
ниматтары менен тойгузган жана
суусообузду кандырган Аллаху таалага
хамд болсун. Йа Рабби, бизге бул
тамактын даярдалуусунда эмгеги сиңген
жана бизге ниматтарды икрам
кылгандарга Сен да икрам кыл. Йа Рабби,
биздин көңүлүбүздү ширк жана
жамандыктардан корго. Бизге
динибиздин буйруктарына баш ийген
көңүл насип кыл.
Шүгүр дубасы:
(Аллахумма ма эсбаха би мин ниматин эв
би-эхадин мин халкыке, фе минке
вахдеке, ла шерике леке, фе лекел хамду
ва лекешшукур)
Мааниси:
Йа Рабби, мага жана калган
жараткандарыңа берген маддий жана
манавий ниматтарың таңга (кечке) чейин
биздин жаныбызда болуусу бир гана
Сенден. Сенин ортогуң жок. Сага хамд
жана шүгүр кылабыз. [Кечинде окуганда
(Ма эсбаха) дегендин ордуна(Ма
эмса) деш керек.]
Салават: [Эң кыскасы]
Аллахумма салли ала Мухаммед ва ала
али Мухаммед.
Мааниси:
Аллахым, Мухаммед алейхиссаламга жана
Анын аалине салат-у салам болсун.
Таңда жана кечте 100 жолу окулса
бардык күнөөлөр кечириле турчу таспих:
(Субханаллахи ва би-хамдихи,
субханаллахил азим)
Мааниси:
Кемал сыфаттар менен сыпаттанган
жана кемчилик сыпаттардан бери болгон
Аллахты хамд менен таспих кылам.
Намазда таспихтерди тарткандан кийин
дуага колдорду көтөрүп жатканда
окулганда күнөөлөр кечириле турган дуа:
(Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шерике
лех лахулмулку ва лахулхамду ва хува ала
кулли шейин кадир)
Мааниси:
Аллахтан башка илах жок. Ибадатка
ылайык жалгыз Аллах, Ал бир, ортогу жок,
аалам Анын мүлкү, хамд Ага тийиштүү, ал
баарына кадыр.
Кыйынчылыктардан кутулуу үчүн окулган
калима-и тамжид:
(Ла хавла вала куввата илла
биллахилалиййилазим)
Мааниси:
Аллахтан башка күч ээси жок. Бардыгына
кубат жана күч берген бир гана затий
жана субутий сыфаттардын ээси улук
Аллах.
Коркуу жана балээлерден кутулуу үчүн
таңда жана кечте үч жолу окулган дуба:
(Бисмиллахиллази ла йадурру меасмихи
шей ун фил эрды ва ла фиссамаи ва
хувес-семи ул алим)
Мааниси:
Аллахтын улук ысымына сыйынганга
жерде жана көктө эч бир нерсе зыян
бере албайт, Ал бардыгын угат жана
билет.
Назардан жана ар түрдүү зыяндардан
коргонуу үчүн окулган дуба:
(Эузу бикелиматиллахиттаммати мин
шерри ма халека)
Мааниси:
Бардык жаратылгандардын зыянынан
Аллахтын кемчиликсиз сөздөрүнө
[аяттарына, б.а., Куранга]калкаланам.
[Себеби, аяттарында ачык жана
жашыруун ар илим, ар ихсан, ар тадбир
бар]
Көз тийгенге окулган дуба:
(Эузу би-келиматиллахиттаммати мин
шерри кулли шейтанин ва хамметин ва
мин шерри кулли айнин ламметин). [Бул
дуба күн сайын таңда жана кечте үч жолу
окулуп өзүнүн үстүнө үйлөнсө көз
тийүүдөн жана шайтандардын жана да
айбанаттардын зыяндарынан корголот.]
Мааниси:
Шайтандардын, жаныбарлардын жана
кем көздөрдүн зыянынан Аллахтын
кемчиликсиз сөздөрүнө [аяттарга, б.а,
Куранга]калкаланам. [Себеби, аяттарында
ачык жана жашыруун ар илим, ар ихсан,
ар тадбир бар.]
Күнөөлөрдү кечирткен эң баалуу таспих:
(Субханаллахи валхамду лиллахи ва ла
илахе иллаллаху валлаху экбер)
Мааниси:
Аллахты хамд жана таспих кыламын.
Аллахтан башка илах жок жана Ал эң
улук.
Эртең менен жана кечинде окулуу керек
болгон истигфар:
(Аллахумма энте рабби лаилахе илла энте
халактени ва эне абдуке ва эне ала
ахдике ва вадике местетату эузу бике
мин шерри ма санату эбуу леке би-
ниметике алеййе ва эбуу би зенби
фагфирли ла йагфируззунубе илла энте.
Ла илахе илла энте субханеке инни кунту
минез залимин) [Муну күндө эртең менен
окуган адам кечке чейин, кечинде окуган
эртең мененкиге чейин өлө турган болсо
шейит болот]
Мааниси:
Аллахым, Сен менин Раббимсиң, Сенден
башка мабуд жок, бир гана Сен барсың,
мени жоктон жараткан Сенсиң жана мен
Сенин кулуңмун, күчүмдүн жетишинче
Сага берген ахдымда жана сөзүмдө
турам, кылган жаман нерселеримдин
зыянынан Сага баш калкалайм, мага
болгон ниматтарыңды жана
күнөөлөрүмдү моюндаймын, менин
күнөөлөрүмдү кечир, себеби, Сенден
башка багыштоочу жок. Сенден башка эч
бир илах жок, Сени бардык
кемчиликтерден танзих кыламын.
Чындыгында мен напсиме акысыздык
кылгандарданмын.
Динде бекем туруп, акыркы демде ыйман
менен өлүү үчүн:
(Аллахумма, йа мукаллибел кулуб, себбит
калби, ала диник)
Мааниси:
Эй улук Аллахым, көңүлдөрү жакшыдан
жаманга, жамандан жакшыга бурган бир
гана Сенсиң. Көңүлүмдү дининде бекем
кыл, дининен кайтарба, Мусулмандыктан
айырба!
Таждид-и ыйман жана нике дубасы:
(Аллахумме инни уриду эн ужеддидел-
имане вен-никаха теждиден бикавли ла
илахе иллаллах Мухаммедун Расулуллах)
Мааниси:
Йа Рабби, "ла илахе иллаллах Мухаммедун
Расулуллах” деп ыйманымды жана
никемди тазаладым.
Эртең менен кечинде окула турчу ыйман
дубасы:
(Аллахумма инни эузу бике мин эн ушрике
бике шей-эн ва эне алему ва эстагфиру-
ке ли-ма ла-алему иннеке энте) алламул-
гуйуб)
Мааниси:
Аллахым билип туруп ширк кошуудан сага
баш калкалайм. Билбестен кошкон
болсом мени кечир, Сен бардыгын
билесин.
Тамак дубасы:
(Эл-хамду-лиллахиллези эшбеана ва
эрвана мин-гайри-хавлин минна ва ла
куввех. Аллахумме атимхум кема
атамуна. Аллахуммерзукна калбен
такыййен, минешширки бериййен ла
кафирен ва ла шакыййен
велхамдулиллахи раббилалемин)
Мааниси:
Бизди күчүбүз, кубатыбыз жокто бизди
ниматтары менен тойгузган жана
суусообузду кандырган Аллаху таалага
хамд болсун. Йа Рабби, бизге бул
тамактын даярдалуусунда эмгеги сиңген
жана бизге ниматтарды икрам
кылгандарга Сен да икрам кыл. Йа Рабби,
биздин көңүлүбүздү ширк жана
жамандыктардан корго. Бизге
динибиздин буйруктарына баш ийген
көңүл насип кыл.
Шүгүр дубасы:
(Аллахумма ма эсбаха би мин ниматин эв
би-эхадин мин халкыке, фе минке
вахдеке, ла шерике леке, фе лекел хамду
ва лекешшукур)
Мааниси:
Йа Рабби, мага жана калган
жараткандарыңа берген маддий жана
манавий ниматтарың таңга (кечке) чейин
биздин жаныбызда болуусу бир гана
Сенден. Сенин ортогуң жок. Сага хамд
жана шүгүр кылабыз. [Кечинде окуганда
(Ма эсбаха) дегендин ордуна(Ма
эмса) деш керек.]
Салават: [Эң кыскасы]
Аллахумма салли ала Мухаммед ва ала
али Мухаммед.
Мааниси:
Аллахым, Мухаммед алейхиссаламга жана
Анын аалине салат-у салам болсун.
Не спеши помогать тем, кто не просил тебя об этом.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#13 25 May 2014 - 03:07
Аллахым ыраазы болсун сизден,дагы коптон жазып турунуз.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

Супер-Инфо
super.kg
видео














