Менин интернет менен колдонгонума 4-5 жыл болуп калды.Азыр интернетке кирбесем убакыр отпой эле,озумчо жудой берем.Мурун элдер интернетсиз кантип жашап журушкон экен деген да ой келет.
Силерде да ушуга окшош ситуация болгонбу?Же интернеттин силер учун мааниси...
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Интернет жок болсо...
#2 07 Апрель 2014 - 17:58
Жайлоодо жашаган мекендештер азыр дале интернетке кирбейт, даже саат колдонбогондор бар. Эми озунуз жыйынтык чыгарып аласыз.
#3 07 Апрель 2014 - 17:59
менда ошого тан калам
издеген бактымды,таарынтып алдымбы.же суйом деп айтыштан кечигип калдымбы
#5 07 Апрель 2014 - 19:49
Интернет ааламы
.
Дүйнөлүк маалымат желеси жаралгандан бери интернет ааламды кандай өзгөрттү? Глобалдашкан доордо маалымат эркиндигине уруксат керекпи?
.
Британиялык окумуштууТим Бернерс-Лиүч w же world wide web түшүнүгүн мындан 25 жыл мурун ойлоп тапкан.
Кэмбриджде "Рейтер" агенттигине сүйлөп жатып, Бернерс-Ли "1989-жыл эле. Ал учурда интернет аркылуу электрондук дарек жиберсе болоор эле, бирок сайттар же баракчалар - эч кандай http же html деген нерселер болгон эмес. Чычкан менен басканга жер жок эле. Алардын жоктугу аябай зээнимди кейитчү. Ошол учурдагы система өтө татаал, оор болчу. Мен болсо интернетте бир жерден экинчисине оңой эле секире турган система иштеп чыккым келди", - деп эскерди мындан 25 жыл мурдагы окуяны.
Ачыктык, коопсуздук, эркиндик
Бернерс-Ли азыр эми келерки чейрек кылымда глобалдык байланыш желеси кандай өнүгө тургандыгы жөнүндө ой жүгүртүп жатып, жалпы принциптер маалыматтын ачыктыгына, коопсуздуктун сакталышына, цензура же чектөөнүн жоктугуна негизделиши зарылдыгын белгилейт.
.
- Азыр интернети бар адам менен интернети жоктун колундагы мүмкүнчүлүктүн айырмасы өтө чоңойду. Бул демократия үчүн да өтө маанилүү. Эгер сен интернетке туташпасаң, сенин үнүң кимге жетет? Сен интернетке кошулбай туруп, өзүң ишенген, маанилүү деп эсептеген баалуулуктарды бардык өкмөттөргө кантип жеткиресиң?
Окумуштуу Бернерс-Ли интернетте баракчаны (сайтты) жаратып, алгачкы маалыматты тарата баштагандан бери адамзаттын жашоосунда анын ролу эбегейсиз өстү. Андан бери интернеттин ролу, өнүгүшү, жашоо-турмушка киргизген өзгөрүүлөрү, таасири жөнүндө он миңдеген илимий эмгектер жазылды.
Соңку изилдөөлөргө караганда, учурда дүйнө элинин үчтөн бири же 2,5 миллиардга жакын киши интернетти такай колдонот.
Адамдар аны маалымат алмашууга, бизнеске, билим берүүдө, медицинада, айтор, күнүмдүк турмуштун көптөгөн тармактарында кеңири пайдаланат.
.
Маалымат канчалык кеңири жана тез жайылган сайын коом да глобалдык окуяларга аралашып, өзүндөгү терс көрүнүштөрдү оңой эле ачыктай баштады. Бул көп учурда авторитардык режимдерге жакпай, алар интернетти чектөөгө аракет кылышат.
Интернеттин "душмандары"
12-мартта белгиленген Кибер чабуулдарга каршы дүйнөлүк күнгө карата “Чек арасыз кабарчылар” уюму “интернет эркиндигинин душмандарынын” тизмесин жарыялады.
.
Уюмдун расмий өкүлү Энтони Хэри“Интервью берип жатып, “Интернет душмандарынын” быйылкы тизмесине алдыңкы демократиялык өлкөлөрдөн үчөө кошулганын айтты. "Британия, Индия жана Улуттук чалгын агенттигинин иши менен таанылган АКШ" - дейт соңку жылдагы башкы өзгөрүүлөргө токтолгон Хэнри.
Адистин белгилөөсү боюнча, буга чейинки жылдары "кара тизмеге" илинген Беларус, Түркмөнстан, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдө башкаруучу режимдер бүтүндөй медиада көзөмөлүн күчөтүшкөн.
.
“Чек арасыз кабарчылардын” Европа жана Азия бөлүмүнүн башчысы Йохан Биртигил же бул өлкөдө өкмөттөрдүн интернетти көзөмөлдөө аракеттери ар кандай көрүнүп жатканын айтат.,
.
- Түркмөнстан дале маалымат алууга дээрлик мүмкүн болбогон “кара так” бойдон турат. Ал жерде цензура сиз интернетке кошула электе эле башталат. Буга кошумча интернеттин баасы да кымбат, сапаты да начар. Өлкөдө калктын 10% жетпеген бөлүгүндө гана интернет бар.
Бирдин айтымында, интернеттин абалы Түркмөнстандан бир аз дурусураак. Өзбекстанда болсо сайттардын мазмунун текшерген “Маалымат боюнча эксперттер комиссиясы” иштейт. Бул өлкө дале “интернет тираны” бойдон калууда. Бул структура өкмөткө тикелей отчет берип турат жана кандай гана оппозициялык же эркин маалымат булагы болбосун, аны жок кылууну камсыздайт.
.
“Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда абал дурус”, - деп белгилейт "Кыргыз википедиячылар" кыймылынын башчысы, б....н.кж сайтынын түзүүчүсү Чоробек Сааданбеков.
Алдыдагы 10 жылдын ичинде ааламда интернетке кошулган адамдардын саны азыркыдан эки эсе өсүп, 5 миллиарддан аша турганы айтылууда. Freedom House адам укугун коргоо уюму интернет – эркиндикти кысмактаган, ачык сүйлөгөнүң үчүн өзүңдүн эле эмес, бүтүн үй-бүлөңдүн амандыгына коркунуч туулган тоталитардык режимдерде болот деп болжолдойт. Мындан 25 жыл мурун алгачкы интернет сайтты жараткан британ окумуштуусу Тим Бернерс-Ли глобалдык маалымат желесин түзүүдө “эч кимден уруксат сураган эмесмин” дейт. .
Чындап эле ааламдашкан заманда маалымат эркиндигине уруксат деги керекпи?

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#6 07 Апрель 2014 - 19:53
internetsiz jashoom kyzyksyzgo men uchun, tamak ashka kandai muktaj bolsom, saysaty kuzotposom da dal oshondoi bolot men ushun
Мен ар дайым ушул жердемин!
#7 07 Апрель 2014 - 20:02
Жашоо болбойт жашоо болбойт!!
! бокко жашоо болбойбу. Кайтып интернет жок болсо абдан жакшы болмок. үйдө сасып түнү күнү кирбейт эленер (Баардыгына тиешелүү эмес) . Ошол кеткен убакытка үй жумуштарын да кылсаңыздар булчуңдар катыйт эле. Кыздыкынан айырмасы жок болуп жатат кээ бирлердики.
Кыргызстан сенин келечегиң кең!
#8 07 Апрель 2014 - 20:09
Манызы окшош тема окшойт

Я друзей не выбираю. Это занятие глупое и бесполезное.
Мне гораздо интереснее выбирать овощи на рынке. Друзья – это подарки судьбы
#9 07 Апрель 2014 - 20:47
Жумушума байланыштуу,
жакындан бери интернетсиз жашоого да үйрөнүп бараткандаймын.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 07 Апрель 2014 - 21:02
Адам ардайым изденуунун устундо жашап келет. Изденип олтуруп ушул даражага келдик. Интернет жок, а тугул телефон, телевизор жок, жадакалса машине жок убагында деле жашап журушкон. Адам оз шартына,чойросуно коз каранды болуп, ошого карап шарт тузуп жашап кете берет. Тан калуунун кажети жок!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#11 07 Апрель 2014 - 21:21
Адам бир нерсеге бат көнөт.
Мурда ойлочу элем, кышында түнкү бир-экиде светти өчүрүп коюшат го тоңдуруп, ошол маалда, "мурда свет жокто кантип жашашчу эле" деп...
Интернет-аба же суу эмес го?
Жашап келгенбиз, ансыз деле жашай берсек керек...
Же адашамбы? ))

В каждой шутке есть доля правды...
#12 07 Апрель 2014 - 21:23
Адашкан жоксуз.
Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 07 Апрель 2014 - 21:23
#13 07 Апрель 2014 - 21:26
Мындан кийин деле биз укпаган элестете албаган жаны ачылыштар болот да кайра артка кетпейбиз да мындан ары
Мен ар дайым ушул жердемин!
#14 07 Апрель 2014 - 21:52
Бир кун интернетим очуп калып зеригип кетим эле, бул нерсеге мен да отто байланып калганмын..!
Кээде интернети жыйнаштырып Тел очуруп ыргытып жибергим келет бирок бир нерсени кутоо бересин да кайра..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#15 07 Апрель 2014 - 21:52
Интернетсиз жашоо опооноой...
Ал эми интернетке кирбесе жудоп кетсе анда бир нерсе дей албайм...
(бирок мындай тема баар)

Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#16 07 Апрель 2014 - 22:50
"Илгеркилер теле-радио, интернетсиз эле жашап келишкен"
- деген менен, ал башка заман болчу. Канчалык бул нерсени четке каксак да, биз чындыгында,
"замандын агымына карай сүзүп" жашап келе жатабыз.
Азыркы заман ушундай, кээ бир адам үчүн реалдуу жашоодон да, виртуалдуу жашоо алда канча кызыктуу, маанилүү болушу мүмкүн. Эгер интернетти иштебей калса стресске түшүп, жашоо кызыксыздай сезилиши да мүмкүн, мындай адамдар бар!
Б.а интернетке "наркоман" болуп калган адамдарды, учуратпай коё албайбыз, азыркы заманда.
Азыркы заман ушундай, кээ бир адам үчүн реалдуу жашоодон да, виртуалдуу жашоо алда канча кызыктуу, маанилүү болушу мүмкүн. Эгер интернетти иштебей калса стресске түшүп, жашоо кызыксыздай сезилиши да мүмкүн, мындай адамдар бар!
Б.а интернетке "наркоман" болуп калган адамдарды, учуратпай коё албайбыз, азыркы заманда.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#18 08 Апрель 2014 - 02:37
Интернетсиз деле жашоого болот.Убакыт отпой зеериккен учурунда гана жакшы болбосо,адамды иштен койору анык.
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#19 08 Апрель 2014 - 08:04
Интернетсиз деле жашоо болот. Бирок интернет менен күн бат өтөт, маанайың көтөрүлөт кыскасы интернет менен күн жакшы өтөт. Бирок без интернет деле ошол күн өтө берет.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#20 08 Апрель 2014 - 08:37
Интернетсиз жакшы болмок
Эми болгону туура колдонгонду уйронушум керек

- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »