Суперстан: Супер сынак стартта ! 2014-ж. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак стартта ! 2014-ж. Форумду жандандыруу жана арабызда жашынып жаткан ,комускодогу талантта

#21 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   08 Апрель 2014 - 13:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Мен киммин?....
Мен киммин?
Мен форумдун флудери,
Колунда койкондогон компютери)))).

Мен бир жанмын, акыйкатты аздектеген, жактаган,
Жаман ойлуу адамдарга жакпаган.
Канчалаган каршылыктар турса да,
Бет алган бир максатынан кайтпаган.

Мен бир жанмын алдаганды суйбогон,
Мен бир жанмын акыйкатты суйлогон.

Суроого жооп берип,
Жар салып айткым келет.
Сыноого жаратылган,
Аллахтын бир пендеси,
Ысымым Нурмухаммет.

Катышууга катардан орун алдым сынактан,
Беш суроого жооп алып сынаткан.
Бул жердеги баардыгынар сыяктуу,
Менин дагы суйгон сайтым Суперстан!



Билдирүүнү түзөткөн: Nurmuxammet: 08 Апрель 2014 - 13:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   sanzhar83   08 Апрель 2014 - 16:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Мен киммин?Ушул суроону мен озумо бугун гана берип коруптурмун ойлосом.Киммин? Эн негизгиси адаммын?Бирок, кандай адаммын?Эл катары бир кесиптин ээсимин.Бирок, ошол кесипти аркалай алдымбы?Жок! Анткени мен АЯЛМЫН!Уй- булону биринчи орунга койгон аялмын!

.. Мен, мындан 25 жыл мурун ай-ааламды жанырта ынаалап,ата- энемдин журокторуно ченемсиз кубаныч тартуулаган, аруу-тилек,жакшы ой-максаттар менен алпештеп остургон,боорукер, ак-конул,шайыр КЫЗЫМЫН!

Бироонун "суйуктуу жарымын", тагыраак айтканда ушул"суйуктуу жар"деген наамга татыктуу боло албаган,журогумдун ээси,омурлук жубайымдын бейиш багынан айдалган,журогунун тупкурунон орун ала албаган деп сезген,ал адамдан суйуу,жылуу мамиле,жагымдуу соз куткон,озун таалайы тайкы аялзаты деп эсептеген,бир ИНСАНМЫН!

Ошол эле учурда "жарк" эткен кулкусу менен,кокурогумду кыскан ойлордон,азаптардан куткарган,менин жан-дуйномдун азыгы,периштедей болгон кызымдын энесимин.Мен ЭНЕМИН!

Журогум ооруп,ичимдеги болуп жаткан бороон-чапкынга крабастан ар убак жаркылдап журууго аракет кылган Кыргызымдын жонокой бир КУЛУНУМУН!

Мен кимммин?!Эн негизгисии мен,бул дуйного жаралып,кун кечирип жургон Алла Тааланын катардагы бир ПЕНДСИМИН!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Барс   08 Апрель 2014 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

МЕН КИММИН?

Мен адаммын Адамзаттык курамдан,
Ата-энемдин алгы иштерин улаган.
Адам кылып жараткан соң Жараткан,
АДАМ бойдон алса экендеп суранам!

Мугалимден кесип жолум башталган,
Даңк, байлык жок зоболосу таш жарган.
Мекенимди алга сүрөөр чыкса дейм,
Мен окуткан билими мол жаштардан.

Мен кыргызмын Ала-Тоону байырлаган,
Куштары да кыпкыргызча сайраган.
Кайта келүү бул Жарыкка чын болсо,
Кыргыз болуп төрөлгүм бар кайрадан!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 08 Апрель 2014 - 22:03

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   kuu-1005   08 Апрель 2014 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Мен киммин?..
Мен адаммын жашоо үчүн жаралган
Мээнеттенип жаш кезимден,эс тарткан
Медер тутуп ата-энем айдып акылдарын
Мекенимдин үрп-адатына сугарган...

Мен киммин?..
Мелүүн келген айылдын бир кулунумун
Мергенчидей күтө билген тагдырдын бир туткунумун
Мееге куюп ар бир жакшы сапаттарды
Мезгил келип мейкиндикке канат жаяр эркин кушмун...


Мен ким элем качандыр бир убакта?
Менменсинүү, кыйынсынуу жашайт эле ал жакта
Мезгил өтүп билинбестен чөгүп барам
Мерез болуп жашап келем тагдыр жайган тузакта...


Сырттан күлүп,ичтен күйөм өзгөлөргө билгизбей
Сырдышууга жалгыздык гана кеңешчимдин бириндей
Сыркоологон жан-дүйнөмдүн дабасын
Сакайтууга жашап келем талыкпастан сүйүү издей...


Мен киммин?..
Мен ушундай адашкан бир пендемин
Меелжеп дагы,аңдып дагы бакыт издеп келемин
Жүрөк ургур издейт кимдир бирөөнү
Жүрөм утур ойдун казып тереңин......

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 08 Апрель 2014 - 22:35

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   lazygirl   09 Апрель 2014 - 03:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

" Мен киммин?
Мен кыргызмын! Ордолуу Ош шаарында, Сулайман-Тоонун боорунда балалыгы өткөн кыз. "Кыргыз" болуп жаралганына шүгүр кылган кыргыздын кызы.
Мен киммин?
Ата-энемдин улуу кызы. Болгондо да ,бул дүйнөгө "Келсемби? Келбесемби? "-деп араң келген бир кызы.. Он жети жыл мурда, кулжа айында Жараткан пенделердин катарына дагы бир пендени кошту. Бул, апамды келип-келбей кыйнап, кыйкырткан, чаян кызы мен элем...
Мен киммин?
Мен.. Мен бир жолоочумун. Бул жалган дүйнөгө сыноого келип, сыналып бара жаткан жолоочу. "Кайсы жол менен жүрсөм көздөгөн дарегиме адашпай барам?"- деген суроолор курчаган бир жолоочу.
Мен киммин?
Роббиси - Аллах, китеби - Куръан, дини - Ислам болгон мусулман кызымын...
Мен киммин?
Нечен кылымды карытып, чачылып кайра чогулуп, кылымдан кылымга жоголбой келе жаткан Кыргыз кызымын!
Мен киммин?
Тарыхында сыймыктанаар Каныкейдей айлакер, чечкиндуу, Айчүрөктөй акылдуу, Курманжан Даткадай сабырдуу, эрктүү, Жаңыл Мырзадай күчтүү, Акыл Карачачтай сөзгө чечен аялдар өткөн Улуу Кыргыз урпагымын!


"Мен киммин?
Мен бир пенде, бул дүйнөгө бир келген,
Жаратканым сыноо үчүн жиберген,
Сыноосуна сынбайын деп жашымдан,
Жашап келем таң аттырып тилек менен..

Мен киммин?
Мен адаммын, адам болууга умтулган,
Жаштайымдан "акылдуу бол,адам бол"-деп кулак-мээме куюлган.
Ойноп-күлүп, күн өткөргөн мезгилде,
Менин жолум "Ислам" жолуна бурулган.

Мен киммин?
Мен аялмын, келечекте бир эне,
Кези келсе сүйүктүү жар,жан шеригиме,
Келин болом, бир үй-бүлө очогу,
Мунун баары кыялымда, эсимде!

Мен киммин?
Ата-энемдин экинчиси, тун кызы,
Чоңойсо да, алар үчүн жаш кызы,
Ыраазымын, ата-энеме, Жаратканыма,
Бул жалганда таңым атып, күнүм батып жатканына.

Мен киммин?
"Жарк" этип жанып өчөөр,
Учкунундай жылдыздын,
Шыңгыр аккан таза суудай,
Мен кызымын кыргыздын!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   sumaya90   09 Апрель 2014 - 10:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 524
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 03:03
  • Жынысы:Аялзаты

Мен киммин?
Мен бир момун мусулманмын,
Ноокат жергесинде туулганмын.
Беш бир туугандын тортунчусу,
Ата-энемдин суйунучу.

Мен киммин?
Мен бир бактылуу келинчекмин,
Жарым суйуп ардактаган.
Бул бактымды жашырбастан,
Сиздергеда мактанам.

Мен киммин?
Мен бир катардагы мээримдуу энемин,
Бактыма жетине албай кубанып келемин.
Жаным балам ден-соолукта болсо экен деп,
Жараткандан жалбарып тилеймин.

Мен киммин?
Мугалиммин иштей элек,
Кызыгамын сабак берсем экен деп.
Тынчылык,аманчылык болуп турса,
Иштейминго мен дагы деген ниет.

Мен киммин?
Кусага, сагынычка толгон адаммын,
Мекенимди,эл журтумду сагынганмын.
Толуп жаткан журоктогу сагынычты,
Эринбестен ак кагазга жазамын.

Мен киммин?
Мен бир мигрант алыстагы,
Журомун мен дагы эл катары.
Сабыр берип бир аз иштеп турсам,
Барамго "Кыргызстанга" куз айлары.

Мен киммин?
Мен бир бактылуу инсанмын,
Динимди суйгон мусулманмын.
Эки дуйно бактылуулук учун,
Бар кучумду жумшаймын.


Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Vazir   09 Апрель 2014 - 21:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Мен Кимин...?????

------------
Мен кимин: Аллахтын бир пендеси жараткандын кулумун, окуму менен келген, кулчулуктун баасын билип, баарын иретеген,
Иймерилбесин тартип менен иретеп тизгиндеген, керектуу менен керексизин иргеген, чеги жок узун жолдо чечилбегенди чечемдеген, эч качан жер каратып башын ийип кетбеген. Чондорду Урматаган, Кичууну ызатаган,
бой которуп менсинбеген, жылкы муноздууну жактырбаган, бирок жалбарып жалынбаган.
Акыйкаты коп издеген,
Акыйкат соз айтып баарына, Акылдуу, акылсызын, Алкымы Чонду жинденткен. .!
Мен бир Кудайдын кулумун..!
---------------

Мен кимин Кыргызга: Кыргыздесе кыргын Ааламга карабай, кырлуу тоону ашкан, журогуу кыргыз деп жалындаган кыргыздын жигитимин,
кыргызды болгонго кыраан коргозуп, кылычын сабынан чыгарып, кылдай да кыйшайтбай кылсыяктуу башын кыяа чапкан кыргыздын жигитимин.
кыргызды тундугуно, туштугуно болбогон, кыргызга кырк жылга керектуу кыргыздын, кылычы бар Уулумун.
Кыргыз учун, коп кайгырып сыздаган, бирок эч сынбаган, Манастын жолун жолдогон, Мухамет кыргызды карап бойлогон, Ата бабанын жолун колдогон Мен бир Кыргыздын Тукуму..!
----------------

Мен кимин Ата эне, бир тууганга: Ата энемдин суйуктуу кашы, козу, кара , Сылык муноз сыймыктуу Уулумун, Ата энеме кыжалатчылыка Оорун жок, деп коп айткан, Эрке бирок эркелебеген, Тарбиялуу, тартиби бар кээде тартиби жок Уулумун.
Мен кимин, Ини карындаштарымдын, жолонор зоосу, тайанар тоосу, коргоочусу. Коп окууп коп билим ал деп,
коп айткан, билимдуу болууга жетелеген. Улгулуу болууга умтулган Агасымын..!

-----------------
Мен кимин бул Ааламда: Озу менен озу курошкон, курошуп эч бутпогон, Азыр болсо оз Ааламына батбаган, алдыга карай чуркагандан жадабаган, чеги жок бул Ааламда Максаты учун курошуп, эрте туруп кеч жаткан, Чечкиндуу чегинууну каалабаган,
мен бир пендемин.
Оз жоолун издеген, озгого баш ийбеген. Озуно гана ишенген озгону жээрибеген. Бийик экенин билсе да бийиктерге умтулган.
Келечекте укук коргоочу болгонду самаган, укуктуу акыйкат коом курууну каалаган.
Канат байлап Ааламда учууну самаган, темир канат издеп бараткан кайрымдуу пендемин..!

--------------------- -
Мен кимин: Жара кыдырып дуйнодон табалбаган мен бироонун жарымы, Бактысымын,
Кылыч кайрап чабышып эч бутбогон мен бироонун жаманымын,
Кайгысын, кубанычын тен болушкон, Мен бироонун табалабас, табылбас жан досумун..!
------------------

Баарына Ийгилик..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Hameleon   09 Апрель 2014 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 208
  • Катталган: 03 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2016 12:15
  • Жынысы:Эркек

"Колума калемимди бурай кармап,
Саптарым токпой чачпай мен баштадым.
Андыктан конул буруп окусаныз,
Бир жараандын омурун мен баяндайын."

_ _ _ _

"Мен киммин?"

Ынаалап энекемдин сутун эмип,
Чонойуп башкалардай бой жеткемин.
Жашоону жакындарым таштап кетип.
Мына мынтип тар кочодо калган кезим.
* * * *
Тагдырдын ойку-кайкы жолдорунда,
Адашып жарык издеп жургон жанмын.
Канатын чар тарапка уруп каккан,
Турмуш деп жан кейиткен бир жаранмын.
* * * *
Кабылып махабаттын балына мен,
Ойлогом бактымды эч жоготпойм деп.
А бирок канча аракет кылган менен.
Тагдыр жазса бут баарысы бекер экен.
* * * *
Ажырап ата энемден, бир туугандан,
Жургомун ызаага батып кейип.
А бирок бул азаптар аз келгенсип,
Суйуум да туболукко таштап кетти.
* * * *
Ойлонуп ой тубуно жетпей турдум.
Чыдабай башымды мен жерге урдум.
Алсырап гитарамды колго алып.
Коз жаш менен ызааланып обон создум.
* * * *
Мен дагы, кетем бир кун унут болуп.
Журогум сокпой калып муздай тонуп.
Коз ирмеп, колум шилтеп кеткенимде.
Бул саптарым калаар балким гулдой соолуп.
* * * *
"Мен киммин?" Ойлоп корсом бул ааламда.
Бугуну бар, эртени жок жан экемин.
Эмнелерди тагдыр жазган дагы алдыда.
Эх чиркин, аттин бирок мен билбеймин.
* * * *

- деп сынактын 1-туруна турмушта коп азапка кабылган жарандын омуру баяндалды.

Баарыныздарга ийгилик.

Билдирүүнү түзөткөн: Hameleon: 09 Апрель 2014 - 23:25

Да. Я делаю много ошибок. К сожалению жизнь без инструкции.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   10 Апрель 2014 - 14:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Авг 2025 02:59

Окшобой калган жерлерин окшотуп окуп аласыздар :D Мен киммин?
БиссмиЛлах деп баштайын,
Шайтан иши шашпайын
Мен киммин?- деген темада,
Биртке озумдон айтайын.
Тогуз ай бою ичинде,
Уйку бербей кечинде,
Аллахтын бир буйругу,
Аткарылган кезинде.
Эки уулдун бириси,
Эркелеген кичиси,
Эрте осуп жетилген,
Эр агамдын иниси.

Башкаларга окшоп апамды,
Бакырып кыйнап аламбы,
Дегенсип тээ бир жатчу экем,
Эмчек сут берсе кабарды.
Момойгон аллей болупмун,
Сосканы сорсом тоюпмун,
Бешиктен белим кеч чыгып,
Бир кыйла жатып коюпмун.

Оюнга тойбой бийледим,
Ой дегенди билбедим,
Он экиге толгуча,
Кой созду кулака илбедим

Исламдын парзын билбедим,
Ак, кара баары бир дедим,
Аллахым берип хидаят,
Адалды арамдан иргедим.

Ким элем? Азыр мен киммин?
Уулумун кыргыз элимдин,
Инсандык кылып дуйнодо,
Кемчилик коп кетирдим.

Кыргызды мен да суйомун,
Чын эле мен да куйомун,
Бирок бир дагы улутттан,
Кыргызды бийик корбоймун.

Кудайдан тынчтык тиледим,
Кыргызга артык тилегим,
Канчалык кыргыз десем да,
Бар улут тен деп билемин.

мен Аллахтын катардагы кулумун,
Мээрим токкон ата энемдин уулумун,
Доско досмун, ташка ашмын,
Жокко бармын, рухта баймын,
Бирок Кудайга шек келтирсе,
Аткан октой учкаймын,
Мына достор форумчулар,
Мен мынакей ушундаймын. :kgbala:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   dias   11 Апрель 2014 - 12:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 20 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 23:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

“Мен киммин?” –дегенсуроо оңой көрүнгөнү менен ойлонуп көрсөм терең философиялык мазмунду камтыган суроолордун бири экен. “Мен киммин?” - деп кагаз бетине өзүмө өзүм суроо берип жаткан мүнөздө жазып алып, калемимди тиштегилеп көпкө чейин жооп таба албай убараландым. Улам улам форум бетинде сынак деген теманы ачып алып, ал жерде мага чейин калтырган сынакка катышчуу адамдардын билдирүүлөрүнө көз салып, арасынан тагдырына өкүнгөндөрдүкүн окуп, “Мен киммин” - деген суроого, “Ээ Теңирим, мага тартуулаган тагдырыңа ыраазымын” – деген адамдардан экенимдигин толугу менен түшүндүм. Албетте, тагдырга ыраазымын десем, бул кем дүйнөдө кемчилиги жок инсандардан деп ойлоо туура эместир, себеби мен дагы катардагы элдей эле болуп бир нерсеге зар болуп, өксүп, зарыгып жана жакшылыкты тиленчүлөрдөнмүн. Бирок ошондой болсо дагы, ар дайым эркелетчүү ата-эне, колдоп коштоп турчу бир туугандар жана достордон тагдыр ажыратпаганына сүйүнүп, “Мен киммин?” –деген суроого жаратканга шүгүр дечүлөрдөнмүн деп айталат экенмин. Тоодой бийик таянарларым турганда, “Менкиммин? ” –деген суроого, күнүмдүк мүшкүлдүктөргө кейип кепчип капаланбаган инсандар арасына кошулчуулардын бирөөсүмүн деймин. Ал эми акыл ой мүдөөлөрүм жөнүндө сөз кылсам, “Мен киммин?” –деген суроого ыймандуулук чийген жолдончыкпаганга тиленгендерденмин деп сыймыктануу менен айтамын. Эң негизгиси бул билдирүү калтыруу менен “Мен киммин?” –деген суроого, убагында берген сөзүмдү бузуп, өз ишенимдерин кээбир учурда өзгөртүүгө баралчу адамдардан экенмин деп чекит коёалам.

Билдирүүнү түзөткөн: dias: 11 Апрель 2014 - 12:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Daud   11 Апрель 2014 - 15:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен киммин?
Мен, бүткүл дүйнөгө тынчтык орнотуу үчүн аттанган жолоочу, ыйлаган көздөрдөгү жаштарды аарчуучу сооротуучу, бактысыздарга багыт берген жол көрсөтүүчү болууну арзуу кылган кыялкечмин. Кыялдарынын көптүгүнөн кээде чыныгы жашоону унутуп калып, кыялдарына сүңгүп кирип кеткен, кыялдарынан арылган соң алардан канчалык алыс жашап жатканын түшүнүп, көңүлү чөккөн, муңга баткан, ичинен сыздаган, жүрөгү муздаган бирөөмүн.

Мен, билимсизге билим берген, сокурду жетелеген мугалим болууну арзуу кылган кыялкечмин. Кыялдануунун өзү менен эле иш бүтпөсүн түшүнүп-билген, кыялдарын орундатуу үчүн план түзүп, ар дайым изилденген, а бирок көбүнчө пландарын аткара албаган жалкоомун. Эң чоң душманы жалкоолугу экенин билип туруп, жалкоолугунан арыла албаган, кыял-максаттарына жетүү үчүн чоң кадам таштай албаган алсызмын. Бул жолдо өзүнө шерик болоор адам издеген жалгызмын. Колунан жетелеген устат издеп, билимге чаңкап, билимсиз соолуган окуучумун.

Мен, максаттарына карай сапарга аттанып, бирок ара жолдо максатын унутуп, жолдон адашкан, анан кайрадан максатын эстеп өз жолуна кайткан унутчаак мусапырмын.

Мен, акылдуу, чечкиндүү, ак көңүл, түшүнүгү кенен атанын уулумун. Мээрими ашып-ташкан, балам деп сар-санаага баткан, басса-турса балдарын ойлогон, ойлонгонун эч койбогон камкор эненин кулунумун. Кыйын кездерде ар дайым жардам колун сунган, кеп-кеңештерин аябаган, кээде улуулугуна карабастан, “сен эмнени билет элең?” – деп текеберленбестен инилеринен кеңеш сураган бир туугандарымдын кенжесимин. Тагыраагы эгиздей болгон, агасын аябай урматтаган, акылы тунук, жайдары мүнөз, сүйүктүү карындашымдан ажырап калгандан кийин кенжеси болуп калгам.

Мен, үй-бүлө деп аталган кичинекей мамлекеттин ажосумун. Ал мамлекеттин жарандарынын укуктары тебеленбөөсүнө көзөмөл кылган укук коргоочу, жарандардын анча мынча каталарын миң түркүн жол менен актап жиберген актоочу, кээде чечкиндүүлүк менен соттоочу соту дагы менмин.

Мен, миңдеген түркүн гүлдөр өскөн гүл бакчанын ичинен тандап алган, гүлдөй назик жубайымдын багбанымын. Ага кам көрүп, көңүл бөлүп, аны аздектеген камкорумун. Аны коргогон коргоочу, эркелеп-эркелеткен эркеси да өзүммүн.

Мен, өз милдеттерин окуп үйрөнгөн, а бирок аларды так аткарбаган күнөөкөр кулмун. Бүткүл ааламды жараткан, кудуреттүү, улуу Аллахтын, алсыз, кемчилдиктүү пендесимин. Мен, ар күнү эң чоң душмандары болгон шайтан менен өз напсилик каалоолоруна каршы күрөшкөн, кээде аларды жеңип, кээде жеңилген, жеңгенде жеңишин сактап калууга аракет кылган, жеңилгенде кайрадан күчүн топтоп жаңыдан күрөш баштаган, акыркы салгылашуу жеңилүү менен аяктоосунан коркуп, анын жеңиш менен аяктоосунан үмүтүн үзбөгөн, жүрөгү коркуу жана үмүткө толгон жоокермин.

Мен, пайгамбарлардын эң акыркысы, акыйкаттын жарчысы, Аллахтын сүйүктүү кулу Абдуллахтын уулу Мухаммедтин (солла Аллахуалейхи ва саллам) ар бир ишин туурап, андан өрнөк-үлгү алууга умтулган, аны кумир туткан үммөтүмүн.


Мен, эбегейсиз чоң ааламда, өз милдеттерин аткарууга тырышып, максат-кыялдарын орундатуу үчүн алп урушуп жашап жүргөн кымындай жандыкмын. Кымындай болсо да, аны колдогон чексиз күч жана кудуретээси болгон Жаратуучусуна таянып, зор максаттарды ишке ашыруу үчүн бел байлаган тобокелчимин. Мен, жыйырма сегиз жыл мурда келип, качан кетишин билбеген, бул дүйнөнүн коногумун.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 11 Апрель 2014 - 15:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Kg.lady   11 Апрель 2014 - 18:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Мен киммин?

Адамзат пендеси бутундой бир коомду тузот экен. Коом деген бул кузгу, ошол жердеги жашоону чагылдырган. Коомду тузгондордун катарында менда бармын. Демек менин жан дуйному корда сен жашаган коомду кор! А коомду коруп сен озунду кор!

Мен киммин?
Мен элмин ажоолорго алданган!
Мен жигитмин,бийлик огу кадалып,
Асыл башым жер алдында тапталган!

Мен киммин?
Мен чындыкмын чыркыраган, сыздаган,
Чиновниктин таманында тапталган!

Мен киммин?
Мен элмин оз бактысын озго журттан издеген,
Эх аттинай, ырыскысын сурап жаткан Путинден!


Мен киммин?
Мен ажоомун отуму жок,
Кыйналганда оз элин таштай качкан!

Мен киммин?
Мен министр патриоттук сезими жок,
Казынаны оморуп, тогуп чачкан!

Мен киммин?
Мен Жамиля Даниярдын суйуусу.
Мен Кыз Сайкал кучтуулордун кучтуусу.

Мен киммин?
Мен энемин мээрим токкон балама.
Мен тугоймун жандай коргон жарыма.

Мен киммин?
Мен кыргызмын ар намыска бек турган.
Уюткулуу улутмун жоого каршы чеп курган.
Урпагымын Датканын
Акыл калчап, таразалап иш туткан!

Мен киммин?
Мен аялмын адамзаттын урпак улаар элчиси.
Мен айыммын аруулуктун белгиси.
Мен киммин?
Мен жонгана азыркынын Лейдиси!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   ROUSE   12 Апрель 2014 - 02:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мен киммин? Паспортто атым, жонум жана атамдын атын, 27 жыл мурун жаралганым жазылуу экен. Мектепти бутуруу куболугу, диплом, ар кайсы мода жумалыктарынан жетишкендиктерим учун берилген сыйлык баракчалары МЕН КИММИН деген суроого канаатандыраарлык жооп бере албады. Аппакай эмесмин, ото жаман да эмесмин.Баскан жолумда ар кандай адамдарга кезиктим, ар кимисинен жакшы да, жаман да муноздомо уктум.
Мен ата-энемдин кызы, ини синдилердин эжеси, кайындарга келин, жолдошумдун омурлук жубайы жана да агарган уулдун, кызарган кыздын энеси. Мен Алла Таалам жаратып койгон пендесимин. Мен адаммын )))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   mega777   12 Апрель 2014 - 11:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Мен киммин?(сапардагы ой толгоом)


Ойлонуп ой тубуно
Жете албай дале келем.
Коонорбос ушул сайтка
Чечмелеп жазып кетем.
Эр жетип окуп калса
Уул кызым же неберем,
Тушунуп билип алаар
Чынында Мен Ким экем.

Айрылып тундарынан,
Кан жутуп ата-энем.
Майтарып бала куйут,
Коз жашын токкон экен.
Арманы,ый куйуту,
Кудайга жеткен белем.
Жаратып боор этинен,
Жанырган жаз айында,
Жалганга пенде кылып,
Апакем алып келген.
Периште эже,агамдын,
Ордуна берген Эгем
Деги Киммин Мен?

Эби жок эрке болдум,
Тиленип сурап алган.
Атанын мээримине,
Тамшанып тойбой калган.
Жалгызым Апакемдин,
Башына туйшук салган.
Окуу жай ортолотуп,
Турмушка кетип калган.
Чыккан кыз атакталып,
Тагдырга шылтап салып,
Чукодой Апакемден
Жылына кабар алган...
Чынында Мен Киммин?

Журокко мээрим толгон,
Озу да Эне болгон.
Жарынын,уул кызынын,
Суйуусун бийик койгон.
Умтулуп дайым алга,
Тынч албай жургон чакта,
Мизимди майтарылтып,
Кырсык таап кандуу жолдон.
Арбашып ажал келип,
Жан кетип буттан,колдон.
Баш ийип тагдырына,
Тымызын жашоо менен
Коштошуп эбак койгон.
Сыноону которо албай
Умутко чекит койгон
Деги Киммин Мен?

Ойготуп оор уйкудан,
Алахым шыпаа берген.
Кубантып жакындарын
Жашынан жайрап калбай
Жашоого,жарыктыкка
Жаралып кайра келген.
Наристе сымал кайра,
Тамтандап туруп жерден.
Кун сайын кыймыл кошуп
Денеге амал кирген...
Тан берип тагдырына
Барктабай жургон башта
Тируулук даамын сезген
Ошондо Киммин Мен?

Энени ыйык тутуп,
Тууганды сыйлай билген.
Турмушта ак караны,
Тушунуп,туюп, сезген.
Жакшы жар,сырдаш,курбу,
Жардамга колун берген.
Конулчоок,ак конулдук,
Жок деген соз билбеген.
Намыской,кайраттуулук,
Ожорлук озу билген.
Ийкемдуу,ак журоктук
Кырдаалга конуп кеткен.
Мекенден четтеп журуп,
Ботондон кагуу жеген.
Тууган жер коздон учуп,
Онолсо деп тилеген.
Турмушу ойдогудай
Жетиштуу болсо дагы
Топугуп шугур кылбай
Саргарып сапар кезген.
Аллахты сезсе дагы,
Парзды билсе дагы,
Азгырып арбап келген,
Шайтанга жетеленген. ..
Айтчы замандаш деги Киммин Мен?








  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   BORN.kg   12 Апрель 2014 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Мен киммин, айтсам кулак түрөсүңбү?
Менсинип жатат деп же күлөсүңбү?
Мезгилдер талап кылса эрдик ишти,
Мекенге берем сууруп жүрөгүмдү...



Кадыры кеткен жандай зайыбына,
Калаксыз түшкөн өңдүү кайыгына
кайгырам. Кайыл элем жазаласа,
Калк үчүн иш кылбаган айыбыма...!


Мен ошол, чоң турмушта катардамын,
Мезгилден күлүк минип сапардамын. ..
Ар кечте бата тилейм насип кыл деп,
Алладан батар күнүм, атар таңым...


Ошол мен, жамандарга теңелбеген,
Опаасыз күндөр келсе кебелбеген.
Турса да ылай сүртүп тагдырына,
Турмушту жеңилбестен "жеңем" деген!


Көп түйнүн ашыктыктын чече албадым,
Көңүлүм көксөгөнгө жете албадым...
Бой жетип болсом дагы мырза жигит,
Бошонуп бойдоктуктан кете албадым...


Уктуңар менин жөнүм баяндадым,
Ушинтип "жомогумду" аяктадым.:-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   12 Апрель 2014 - 19:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Мен киммин деген суроонун айланасында копко оролоштум.Эптеп окшоштурумуш эттим...
Мен киммин?
Тун кызымын атам апам суйуусунон жаралган
Бапестеп ак бешике энем менен тайнем салган
Алдейлеп мени,ак сутун берип апам баккан
Атакем да бешигимде терметкенге жараган.
Мен киммин?
Жараткандын алсыз бир пендеси
Саждага баш урган,ислам динин бек тутунган
Адашкан пенделерге аз да болсо акыл айткан
Кез кезде улуулардан сын,пикир угуп турган.
Мен киммин?
Мен бир жанмын аран эле дем алган
Эки буттап аксаса да басканына кубанган
Бул жашоодо аз омуру калса дагы
Умут узбой келечеке багыт алган.
Мен киммин?
Жылдыз санап уйку бетин корбогон
Кун нурунда тируумун деп суйунгон
Айыккыс дарт,онтоткон оорусуна ичтен сызып
Сыртынан татына кыз коздору кулмундогон.
Мен киммин?
Кыялымда акылман кыз жолдошуна шерик болгон
Акылына акыл кошуп тар жолдо тирек болгон
Жолдошум мыкты уроон сээп калса
Кыргызыма Манастай уул торойм деп тилек койгон!
Мен киммин?
Атакемдин тентек кызы кежирленген
Апакемди тамак жебей безилдеткен.
Бир карындан чыккан жалгыз синдиме
Жакшы жактан улгу болсом деп жургон
Мен киммин?
Мен эркемин муздак сууга кол салбаган
Ханбийкеден айырмам жок, женелерге ак кол синди аталган
Жараткандан амандыгын жакындардын сураган
Мен адаммын бар бактыма бул жашоодо кубанган!
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   aikow92   12 Апрель 2014 - 23:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Мен киммин?

Мен анда-санда үйдөгүлөргө чалып койгон ата-энемдин сүйүктүү, эрке, тун бирок жаман кызымын. Чалсам кээде "кой акчаң кетет. аман эсен жүрсөң болду. өзүңө сак бол кызым" деп коюшат. Мен көнүп деле калгам, башкалардын күнүнө 2-3 саат сүйлөшүп жатканын көрсөм өзүмдү жээрип уялып кетем. Тун кызым деп эркелетип айтканымды аткарып келе жатышат, а мен айылга кел десе өжөрлөнүп шаарда иштеп жүрөм. Мага айтышпайт бирок башкаларга "кызым шаарда жакшы жерде иштейт" деп сыймыктанып айтышат экен. Ошентсе да ата-энемдин алдында өзүмдү жаман сезе берем.

Мен кыргыздын кызымын. Күн сайын мамлекетибиздеги кырдаалды, көйгөйлөрдү ичтен биле баштадым. Көңүлүм чөгүп, үйгө барам. Ооба жумуштан чарчаганым да бар, ошону менен катар өлкөбүз үчүн сыймыктанар иш жасалбаганын көрүп кубана албайм. Мурун мекенимди четтен карап сазга батып, акырындан чөгүп бараткан жандыктай көрө берчүм. Азыр ой жүгүртүүм өзгөрүп, мурунку кайдыгерлик жоголду. Өз көз карашым калыптанды. Кыргызстанды жашоосу сазга айланып баратса мен аны лотос гүлүнө толтурам. Өлкөбүздү артка тартып, көркүн бузган бакаларга көңүл буруунун, убакыт коротуунун кереги жок экенин түшүндүм.

Мен сүйүктүүмдүн назик, ширин, ыйлаак, таарынчаак кызымын. Күн сайын эртең менен анын үнүн угуп турам. "Жөжө тур эми. Эл ишин баштады го. А сен уктап жатасың" деп чалат. Жолукканда ыйлай берем. "Сагынып ыйлап атасың ээ? Менчи. Мен кантем ыйлай албайм..." деп кала берет. Көп урушубуз жаман кыздын айынан чыгат. Ал кечиримдүү, күчтүү. Баарын, бардык нерсени жеңе алат. Башкысы жаман кыздын түрдүү кыялдарын көтөрө алат.

Мен тагдырдын эрке кызымын. Жаратканга ыраазымын. Менде баары бар. Ата-энем, иним, эки сиңдим, кыргыз элим, сүйүктүүм. Мени тагдыр да көп эркелетет. Мектеп, жогорку окуу жай, иштеген жерим - реал эместей. Кыял өңдүү.

Мен ушундаймын.

Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 12 Апрель 2014 - 23:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Iron_Man   13 Апрель 2014 - 01:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 163
  • Катталган: 25 Февраль 14
  • Соңку аракети: 23 Сен 2015 20:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Мекке.

Мен киммин....
Напсисинин кулу болуп,
Акча учун иштеп жургон,
Жашаш учун жебестен,
Жеш учун жашап жургон.
Шайтандын досу болуп,
Чындыктан качып жургон.
Журокто ыйман бар деп,
Куноого батып жургон.
Сырларын айта албай,
Журокко катып жургон.
Жанчылып жан дуйносу,
Азапка батып жургон.
Беш убак бара албай,
Мечиттен качып жургон.
Куноо иш кылып туруп,
Ойлонбой басып жургон.
Отуз жыл топтогонун,
Ойлонбой чачып жургон.
Акча учун озго жерде,
Ыйманын сатып жургон.
Мен киммин айткылачы,
Озунун кулу болуп,
Аллахтан качып жургон.
Озун темир киши!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   pro100i   13 Апрель 2014 - 08:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 20 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Фев 2016 15:34
  • Жынысы:Эркек

Улам кирип форумга мен карадым,
Кимдин кантип жазаарыны андадым.
Таланттулар коп экенин Суперде.
Силер билбейм, а бирок мен байкадым.

Катышсамбы, же жон койсомбу деп жатып,
Мен да мынтип ыр сап менен баштадым.
(Ката болсо туурулап аласыздар деген ойдомун)

Демек "Мен киммин?"

Жоп жонокой форумчумун мен дагы,
Улап жаткан таланттардын катарын.
Айта кетсем канча жашта экеним,
Бойдок кыздар ;) 21 жаштамын.

Тамашага жакыныраак экеним,
Турса керек создорумдон байкалып?
Анан кантем эркеси болсом энемдин?
Кете албаймго эркеликтен баш тартып? )))

Чындыгында шайыр эле баламын,
А бирок сиз жаман ойго барбаныз.
Болгону кулку менен байкатпаймын.
Жан дуйномдо эмне кечип жатканын.

Кээде мен да турам билбей жанылып,
Коздорумду туман каптап адашып.
Ката кылбас жандын озу изи болбос,
Адам болуп келгенден сон жаралып.

Татаал турмуш кыйнаса да эзип мени,
Жашап келем умут узбой келечектен.
Мынтип жашап жатканымдын бир себеби,
Мусулманмын, а бул создо мазмуун терээн.

Суйунучум, бир сыймыгым дагы менин.
Бул жалганга КЫРГЫЗ болуп жаралганым.
А мен кыргыздын максаты келечелекте,
Апакемдин ак сутуну актаарым.

Ойлоймун умут менен жашай берсем,
Бир кун балким максатыма жетээрмин деп.
Аяктайын ыр саптарым чекит менен.
Баарынарга алдыда оомат тилеп.

Мен киммин?
Айтканынан кайтпаган,
Мен киммин?
Келечек деп жашаган.
Мен киммин?
Жазып жатып саптарды,
Мен киммин?
Баарына ден соолук каалаган.


(Ден соолукта болунуздар)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Neffertiti   13 Апрель 2014 - 08:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 669
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 09:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Скрытенбург.

Чын эле, "Мен киммин?" Ушул сынак себеп боло, артыма бир кылчайып, өзүмдүн кимдигиме көз чаптырып карап алдым.

Бул турмушта максатыма жеттимби?
Бул өмүргө асыл үрөн септимби?
Же болбосо, карбаластап буйдалып,
Көп ичинде изим өчүп кеттимби?
Балдай таттуу балалыгым шампан баштуу шоңшойгон бийик чокусу, чокудан ары арсайган аскалары, аскаларында бүркүт шаңшыган, токойлорунда алча, алма, кайыңы бар, абасы таза, укмуш керемет Капчыгайда өттү.
Билинбей күндөр тез өттү, балалыгымды белгисиз жакка жөнөттүм. Жан дүйнөмдө жөн турбай туйлап турчу, максатыма жетпесем ыйлап турчу, ой - кырга, тоо - ташка алып учуп бир заматта, "жеткин" деп дайым мени кыйнап турчу түбү жок ойлорума жетелене, мезгил жетип, бой жетилген курагымда, толуп - ташып күйүп турган убагымда, көп нерсеге жетип калсам деп, жакшы тилек, илгери үмүт менен шаарга келдим, билимимди жогорулаттым.
Андан ары, өз теңдүүлөр катарында, ата салтын улап, бүлөө күтүп, турмуш куруп, баш аламан "турмуш" аттуу агымда агып жөнөдүм, бала күттүм, асыл жарды сүйдүм.
Ошентип, жашоомдо түркүн жолду издедим, аз өмүргө жыргал издеп, жер кездим.
Мезгил деген айдан ачык тараза, менин кимдигиме мезгил күбө.
МЕН КИММИН? Мен АДАММЫН, эл ичинде бир тамчы.

Билдирүүнү түзөткөн: Neffertiti: 13 Апрель 2014 - 09:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 04:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: