Айланамдагылардын,
жакшы сүйлөшкөндөрдүн баары мырзалар, айтор дайыма алардын курчоосунда болдум. Досторум, группалаштарым,
ага-инилерим.
Өзүмдү мурун олуттуу мамиле курууга даяр эмесмин деп эсептеп келгем. 2013-жылдын январына чейин кыз-жигит болууну сунуштагандардын сөзүн укпай, кааласам ары кааласам бери кылдым.
Ашкан сулуу эмесмин, менден эмнени тапкандарын деле түшүнбөйм. Болду, токтот. Эми өзүң үчүн жашашың керек деп өткөн жылы жигит күткөм. Баары сонун. Ооба урушабыз, эки жакка кетебиз. кайра эле келебиз. Бирок акыркы күндөрдө анын "Кайда жүрдүң?", "Эмнеге жумуштан кеч чыгып жатасың?"
, "Эмнеге кабарыңды билдирип чалып койгон жоксуң?" деген суроолорду көп берчү болду.
Ага "сен тажаттың, отчет бергенге көнгөн эмесмин. Жумушта жыргагандан отурат дейсиңби"
деген жокмун. Жөн эле иштерим көбөйүп кетти, телефонум өчүп калды, бирдигим жок болчу деп кутулам.
Мурун жалгыз борбордук аянттан 10 кичи районго чейин жөө басып, жамгыр жаап жатканда Ататүрк сейил багында гүл терип жүрө берчүм. Жалгыз. Курбуларым дүкөнгө жалгыз чыгышпайт. А мен жалгыз болгондо өзүм менен өзүм боло алчум. Азыр ошол күндөрдү сагындым.
Бирөөгө жакшы кеңеш берем, бирок кээде өзүмө психолог керекпи деп калам. Эч нерсе жакпай жатат. Чогуу сейилдеп, турмуш куруп, жалаң жакшы күндөрдү элестетип, олуттуу мамиле курсаң ал оюң ишке ашпаса... Кантем.
Жалгыздыкты сагындым "Кайда жүрдүң? Эмнеге дайының жок" деген суроолор тажатты
#3 12 April 2014 - 00:58
Ошол 'сөздөрдү'
айтып турбаса, анда да айтат элеңиз "мени сүйбөйт окшойт, күмөнүм бар" деп
.
Адам өзү татаал.
Ысык жакпайт, суук жакпайт..
Эч нерсе жакпайт...
Адам өзү татаал.
Ысык жакпайт, суук жакпайт..
Эч нерсе жакпайт...
В каждой шутке есть доля правды...
#5 12 April 2014 - 05:56
Бир канча убакытка озунузду жалгыз алып журун, балким ошондо тушунос, негизи жалгыздыка менда жакынмын, менда жигитим м.н жалгыздыкты сагынып эки жолго тушкон элек, бирок, азыр жалгыздыкты эмес жанымды сагынып жатам, бирок артка жол жок эми, сизге берер кенешим жакшылап ойлоп, жети олчоп бир кесип, чечим чыгарыныз!
ЖАШООНО ОКУНБО, СЕБЕБИ АЧКЫЧЫ ОЗУНДО!
ЖАШООНО ОКУНБО, СЕБЕБИ АЧКЫЧЫ ОЗУНДО!
#7 12 April 2014 - 09:35
Уландысы барбы? Түшүнбөй калдым мен. Өткөндө көрдүм эле Ататүрк сейил багын да бир кыз жүргөн болчу гүл терип, ошол сен экенсиң да.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#8 12 April 2014 - 09:53
Жалгыздыкты сагынгандар да бар экен да, мен ойлопмун жалгыздыктан тажагандар эле болуш керек деп, жалгыз да журуп корунуз баары озунузго байланыштуу кийин окунуп калбасаныз болду, эркектин кызганганы бул мыйзам ченемдуу корунуш...
#9 12 April 2014 - 10:20
сиз ал жигитинизди суйосузбу? Эгер суйсонуз 5 да минута убакыт таба албадынызбы,
же "Салам жаным" деп смс жазып койсонуз деле ашыктык кылбас..
#10 12 April 2014 - 10:36
Мен бир аз тушунгондой болдум бирок.....бирок деген жери да бар экен да. Адамга озу эч нерсе жакпайт да. Колдо бар алтындын баркы жок, балким жалгыздыкта анын кадырын тушуноорсуз.
Ошентип отчет алып турган адамдын да бар экени жакшы го
#12 12 April 2014 - 10:58
Озунузду озунуз кордобой жалгыз журуп корунуз,ошондо билесиз сагынуу деген сезимди,же аны суйбосонуз керекта ошого аны коргунуз келбей атат
#13 12 April 2014 - 13:41
Кудайым озу сактай кор. Дегеле адамга эч нерсе жакпайт экен да чиркин дуйно. Бирообуз жалгыздыктан тажап жатсак, экинчибиз аны сагынып. Сизге берээр кенешим сиз болгону озунузу озунуз багып конуп калгансыз. Эч кимге баш ийгиниз келбейт, башкаргыныз да келбейт. Кыскасы озунуз менен озунуз. Азыр мен да ушундай ахыбалдамын кимдир бироонун камкордугуна муктаж эмесмин. Бир Аллахтыкынан башка. Бирок жалгыз болгунуз келсе Алах бат эле жалгыз кылып коет экен, андыктан бул ойлорунузду удалить кылыш керек.
#15 13 April 2014 - 17:15
Жалгыздыктан кудай сактасын!
Жаман жөрөлгөну баштап алыпсың! Оюуңдан 10 секунд ойлонбой кайт! Жалгыздык - эң жаман...
#16 13 April 2014 - 17:21
Кызык Бир аз убакыт керекго, жалгыздык жакшы емес.
Туура, жалгыздык жакшы эмес.. А бирок, кээде жан дүйнөгө жалгыздык жардам берет...
В каждой шутке есть доля правды...
#17 13 April 2014 - 17:44
Уландысы бар бекен...? Мага да жалгыздык жагат,жалгыз сейилдеп басууну,жалгыз китеп окууну,жалгыз ойлор м.н алпурушууну саамап калам...кимдир бироо жаныма олтуруп калса,жактырбагандай тиктеп коймоюм бар.......жалгыздыктан куткарчу адамымды кутуп жашап келем...
#18 13 April 2014 - 19:04
Мен тескерисинче жалгыздыктан тажадым
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!
#20 13 April 2014 - 19:28
Эркектин кызганганы бул суйгону. Баардык эркек кызганат суйгон жарын.Эгерде ал баланын суйсон айтканынан чыкпай моюн сунуп жашагын.
МЕН ДУЙНОНУ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















