Поп музыка падышасы М.Жексон
Гремми сыйлыгынын 15 жолку ээси, 25 жолу рекорд жараткан, дүйнө жүзүнө өзгөчө бийи менен таанылган, поп музыканын падышасы легендарлуу Майкл Жексон Лос-Анжелесте 1958- жылы 29- августта жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын жетинчиси. Майкл 5 жашынан чыгармачылыкка арбалып өз тең туштарына ырдап берчү. "Кичинемден көргөн атамдын катык кол мамилеси мени бул жашоодо чыйралтты” - деп бала кезин айтып өткөн.

1970-жылы алгачкы 4 ыры АКШда хит болуп, эл оозуна алына баштаган. Майкл ошол мезгилде эле сахнада өзүн алып жүрүүсү, манералары менен башкалардан айырмаланган.
Жашоосунда эки ирет үйлөнгөн. Бир уул бир кыздын камкор атасы болгон. Майкл үй-бүлөсүн жашырып, ачык айтчу эмес. Балдары менен сейилдегени чыкканда аларга маска кийгизип койчу.
1980-жылдарда Жексондун сырткы көрүнүшү генетикалык чанда кездешүүчү оорууга байланыштуу өзгөрүп кеткен. Айрым сүрөттөрундө анын денесиндеги ак дактарды байкоого болот. Күндүн нурунан сактануу үчүн дайыма гримде кара түстүү кийим менен жүрчү. Анын дарыгерлеринин айтымында Майкл бир нече жолу пластикалык операция жасаткан.

2009-жылы 25- июнда көптөгөн жаштардын кумирине айланган Майкл бул жарык дүйнө менен кош айтышат. 25- июнь күнү эрте менен Жексондун дарыгери Конрад Мюррей ырчыга оруусуна каршы керектүү дозасын берип , аны тынч абалда эс алуусу үчүн таштап чыгып кеткен. Эки саат аралыгында келип, Поп ырчынын эси кушу кетип жатканын көрүп, биринчи жардам көрсөткөнүн айтат. Бирок Жексондун жүрөгү эбак эле токтоп калган болот, ошол убакытан тартып эки сааттай дарыгерлер анын жашоосу үчүн күрөшүшөт, бирок алардын аракети жыйынтык берген эмес.
Дарыгер Конрад Мюррей ырчынын өлүмүнө айыптуу делип, 2011- жылдын ноябрь айында соттун чечи менен 4 жылга эркинен ажыратылган.
М. Жексондун өлүмү тууралуу ошол эле күнү ушак тарап, күйөрмандарынын арасында чоң бум жаратат.

2009-жылдын 7-июлунда майкл джексон менен коштошуу аземи "Форест-Лаун” эс алуу багында өтүп, миллиарддаган күйөрмандары жана телеканалдардан түз эфирден көрсөтүшкөн. Жексондун күйөрмандары анын урматына чоң флешмобдорду уюштурушкан. Ал эми Мехико шаарында 12937 адамдын катышуусунда эң чоң масштабтагы флешмоб менен дагы бир ирет реккордор китебине киргизилген.
Музыка дүйнөсүндө, анын ичинен поп музыкасына чоң салым кошкон М.Жексон күйөрмандарынын жүрөгүндө жашай берет.