Суперстан: Жүрөгүм бир гана сен деп туруп алды - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүм бир гана сен деп туруп алды Жүрөгүмдүн буйругу менен сен үчүн нелерди гана кылбадым,гүлүм.

#21 Пользователь офлайн   pro100.jumka   12 Апрель 2014 - 15:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Мар 2015 23:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.ш

Автор дагы жазыныз эми кызыктырып коюп жок болуп кетпей,биз байкуш окурмандарды журок оорулуу кылат окшойсунар аа

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   edu.kg   12 Апрель 2014 - 17:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Эн жакшы жазыпсын азаматсын! Айагы эмне болот экен деп кутуп жатабыз. Индия кигосундай айагы бактылуу бутсо экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   peri9696   12 Апрель 2014 - 18:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 04 Апрель 14
  • Соңку аракети: 30 Дек 2014 17:19

Азыр эле окууп бутсом дагы, кайра эле окуугум келет. Автор тезирээк эле жаза салынызчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   gulperi.kg   12 Апрель 2014 - 21:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 235
  • Катталган: 03 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Окуучулук кундор (((((
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala   12 Апрель 2014 - 23:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2021 05:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жол боюу ойлонуп,айылда өткөргөн күндөрүмдүн баарын кайрадан көз алдымдан өткөзүп жаттым.Гүлүмай экөөбүз өткөргөн бактылуу күндөрдү,ар бир минуталарын эстеп жүрөгүм сыздап бараттым.Анын азыркы абалын эстеп андан бетер жүрөгүм сыздап,ордумда отура албай,көзүмдү жумуп кете бердим,жада калса көзүмдөн жаштар акты.Аябай өпкөсү көөп ыйлаган болчу,кадимки апасы таштап кетип жаткан жаш баладай эреркеп ыйлаганын эстеп жанымды коерго жер таппай,дүйнөм тарып бараттым.Өзүмдү алаксытуу үчүн көзүмдү ачып айлананы карап,ар бир артта калып жаткан айылдарды карап,жолдогу тоолорду тиктеп алаксыганым менен,эч кандай көңүлүмдү башка нерсеге алаксыта албадым.Кабагым карышып,маанайым ачылган жок.Убакыт зымырап,ал менен кошо машине зымырап сүйүктүү айылымдан,тун сүйүүм Гүлүмайдан канчалык алыстап бараткан сайын ичим эңшериле берди.Мени башка дүйнөгө алып баратышкандай жаман акыбалда болдум.Жарым жолдо токтоп тамактандык, мага эч нерсе өтпөдү.Дагы токтоп кымыз ичтик ал да өтпөдү.Мен үчүн эч бир нерсе кызыктуу болбоду.Жада калса ата-энемдин сүйлөгөн сөздөрү да жакпай турду.Аларды кээде жаман көрүп бараттым.Эмнеге мени мынча кыйнайсыңар? Жөн койсоңор жүрө бермекмин го.Айылдык болуп,адам болуп оңолуп баратканда кайра буруп койдуңар....деген ар кандай ойлор менен бир калыпта телмирип бараттым.Бул абалымды бир гана жаным апам түшүнүп турду.Эч бир сөз айта албай эле өзүнө тартып шуу жыттап өөп-өөп коет.Жүрөгүм сыздап жатканын апамдын жүрөгү да сезип жатса керек.Атамды иши дагы жок,кээде гана сурап койбосо же ал да ичинен билгизбей сыздап,түшүнүп баратты бекен.
Борборубуз Бишкеке да жеттик.Шаардын чет жагынан чакан үч кабаттуу үйгө келдик.Биздин жаңы үйүбүз экен.Ичи да сонун,сырты да сонун,тим эле кооз.Чакан багы да бар экен.Гаражда дагы бир кандайдыр жеңил машине турат.Ар бирибизге өз-өзүнчө чакан бөлмөлөр экен.Менин бөлмөмдө да баары бар экен.Музыка угууну абдан жакшы көрөм.Аны билишет.Музыка- й центр,чоң калонкалары менен.Кооз,мага ылайык диван.Иши кылса баары кооз.Бирок,булардын баары мага кызыксыз болду.Алтындан үй куруп берсеңер да бул жакта жашагым келген жок.Бул заңгыраган кооз үйгө караганда айылдагы жалпайган үйүм бир канча өзүнө тартып,жылуу болчу.
Эки күн эс алдым.Үчүнчү күнү Бишкектеги алдыңкы делген гимназия мектебине окуп баштадым.
Негизи мага Бишкек жаккан жок.Аябай бардак шаар экен.Элдери да башкача.Баары эле бир жактарга шашып жүрүшөт.Эч бир жай басып,жайдары жүргөн адамды көрбөйсүң.Баары кабагын салып,башында көп көйгөйү бар адамдай жүрүшөт экен.Ар областтан келген адамдар.Бирин- бири тааныбайт.Жада калса кошуналар бири-бири менен иши жок экен.Бирөөгө бир аз туура эмес сүйлөп же мамиле кылып алсаң иттей үрүп,сөгүнүп киришет экен.Бул жакта менталитет таптакыр башкачадай сезилди.Кыргызча сүйлөсөң орусча жооп беришет.Кооз шаар,кооз адамдар,кооз кийинип жүргөндөр деги эле баары кооз.Бирок,эч бир мээрими,эч бир жылуулуктары жок экен.
Мектепте кире бериште кароолчу кайтарып,текшерип отурат.Ичи евро ремонт.Бүт баары жаңы.Үч кабаттуу заңкыйып,жаркыраган бул мектепке караганда айылымдагы өңү бозоргон,эскии бир кабаттуу мектебим мен үчүн башкача болчу.Ал мектепте менин жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемдерим өткөн,ошондуктанбы бул мектеп мага суз көрүндү.Бишкектин адамдары да бир кызыктай экен,мамилелери мага абдан орой сезилди.
Окуу башталды.Чыдабаска айла барбы.Эки күн окугандан кийин концерттер башталды.Мектептин көзүрлөрү чакырып алып эрмектеп,тийишип Оштон келдиңби? Неге келдиң дегендей мамилелер болуп жүрдү.Булардын баарына чыдайт болчум,бир гана налог салган жери жанымды кашайтты.Бир күнү атама түшүндүрүп айттым.Ата,мен бул шаарда оңолбой эле жоголот окшойм.Өзүңүз айткандай айлана-чөйрөм буза тургандай экен.Мектепте жөн жүргөн адамды да тийишип нерв кылышат экен деп айтсам,эч нерсе эмес көнүп кетесиң деп койду.
Бир күнү сабактан чыгып баратсам,көзүрлөр дагы чакырышты.Ары- бери эрмектешти. Чыдадым.Мен деле шүмүрөюп жүргөн бала эмесмин,Убагында шаарда Ошто мен да жинди болуп жүргөм,баарын түшүнөм.Байкап көрсөм айылда жүрүп бир канча токтолуп,ызы- чуу жерден качып калыпмын.Анымды алар кайдан билишсиң.Күнгө күйүп айылдан жаңы келип,капкара болуп жүрсөм ойлошту окшойт айылский чмо деп.Бирөөсү эртең жүз сом алып келесиң дейт.
Неге алып келем?
Биздин мектептин эрежеси ошондой.Бизге кошулуш үчүн ушундай нерселерден өтүшүң керек дейт.
Мен силерге кошулбайм дагы,акча бербейм дагы.жаным ушунчалык чыгып кетти.
Ни чего себе...орусча аралаштырып сүйлөп калды.Мен уже мушташканы даярданып калдым.Ал сөзсүз урат болчу.Өзүнчө кыжынып даярданып жаткан.
Деловойсуңбу? Элден өзгөчөсүңбү? Мен сага бат эле түшүндүрүп коем деп ынтылып келатканда түптүз ичине тептим да удаа эле бетке тептим.Мики досум экөөбүз каратеге бекер эле барып жүргөн жокпуз го.Ушундайда пайдасы тийиш керек болчу.
Жыгылып отуруп калды.Бирок, кайра ынтыла алган жок.Менин таң калганым эч ким ага болушпады.Менимче баары ал баладан жадап бүткөндөй.Эртеси мектепте уу-дуу сөздөр Оштук көзүрдү уруп коюптур деген.Баары башкача карашат негедир.Бирок, ал ошол менен токтоп калган жок.Мага дагы сюрприз даярдап туруптур.Башка досторун чогултуп келиптир.Разборка дагы башталды.Балдарынын жанында жакшы эле секирди.Менин коркконум көпчүлүк тепкилеп бир жеримди сындырып,майып кылып койбосо экен деп тынчсыздандым. Бактыма бир бала эркек экен мен тарап болгонсуп бөлүштүрүп, тиги экөөбүздү жараштырып койду.Жарашканыбыз менен ичибизден кыжынып жүрдүк.
Мен Бишкеке такыр көнө албай койдум.Чынын айтсам жакпады.Атмосферасы, адамдары деги эле эч жаккан жок.Жаман деп айта албайм.Бул шаарда кимгедир туулган жери,кимгедир жөн гана сүйүктүү шаары болушу мүмкүн.Мен үчүн чет өлкөдөй,башка эле мамлекеттей туюлду.
Гаражда турган жөн машине эмес экен.Атам мага алып койгон экен.Мени алаксысын дедиби мага берди.Минип жүргөнүм менен алаксый албадым.Бишкектин четиндеги адырларды көргөндө айылды эстеп,Гүлүмайдын элеси көз алдымдан кетпей туруп алды.Мен үчүн бир дагы аял заты кызыктырбады. Бир жарым ай араң чыдадым.Эч чыдамым жетпей койду.Же Ошко же айылга кетем деп көгөрүп туруп алдым.Мектепке да барбай үйдөн чыкпай жүрө бердим.Айла жок көнүштү.Макул кетесиң деди.Апам бул кылыгыма эч түшүнө албай койду.Мени бир гана айыл тартып туруп алды.
Мен чыдамсыздык менен күткөн күн да келди.Атам экөөбүз Ошко карай жөнөдүк....кубанганымды айтпа.Жол катары кыялданып келдим.Гүлүмайдын кубанган жүзүн элестетип кубанычымда чек жок өз дүйнөмдө калкып бараттым.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala   13 Апрель 2014 - 00:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2021 05:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ошко да жеттик.Үйдө бир күн түнөп эртеси айылга жол тартык.Айыл деген кандай сонун э...мындайда убакыт дагы өтпөй,жол дагы арбыбай калат.Айылга жакындаган сайын сүрдөп,жүрөгүм катуу дүкүлдөй берди.Мына-мына дөңдөн ашаарда биздин айылдын башы көрүнө баштады.Карачы. ..кандай керемет жер.Кандай кооз айыл.Кандай кооз жаратылыш.Жазында да,күзүндө да,кышында да өз-өзүнчө керемет.Адамдары да мейман дос,жөнөкөй, эч ким эч жака шашпайт,эч ким бири-бири менен түртүшпөйт. Кошунаңды эле эмес бүтүндөй айылдагы адамдардын баарын жаш-каарысы дебей тааныйсың.Баары жайдары,салам- алик,сый-урмат менен жүрүшөт.Бийик- бийик тоолор,узуун- узун кооз болуп өскөн арчалар,таза аба,тунук суулар,койлордун маараганы,уйлардын мөөрөгөнү,аттардын кишенгени,ар кандай чымчыктардын чыртылдап сайраганы,ар бир үйдүн моорунан чыккан түтүндөр деги койчу мээңди гана сергитет го чиркин.Жада калса моордон чыккан түтүндөрү да жагымдуу.Кандай гана бейиш жерибиз бар.
Үйгө жетээрим менен Таланттан биринчи кезекте Гүлүмайды сурадым.Жакшы эле жүрөт,бирок мурункудай шайыр эмес,ойлонуп эле жүрөт.Сен кеткенден бери бир күлгөнүн көрө элекмин деди,ансайын адамдын жүрөгүн сыздатып.Бакыт агам,жеңем,эжемдер баары менин келип калганыма таң калышты.Талант болсо аябай кубанды.Мен эптеп күн кечкиртип,таңды атырып мектепке барсам экен деген эки көзүм төрт.Эки көзүм Гүлүмайымды көрүүгө зар.Жүрөгүм аны жанынан туюууга зар.Кучагым анын жылуу кучагын кучактаганга зар.Сезүү органдарым анын жагымдуу жытын жыттаганга зар.Колдорум анын назик,жумшак колдорун кармаганга зар.Бүт органдарым алсыз,курсактары ачкан,дармандары жок.Эртерээк эле жүрөгүмдүн жарымына жетип бүт органдарымды азыктандырсам, күчтөндүрсөм, сагынычымды таратсам,анан кере-керек дем алып бекем кысып,чачынан жыттап ырахаттансам. ...абдан сагындым жанымды.....

Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala: 13 Апрель 2014 - 00:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   omurbek1990   13 Апрель 2014 - 10:18

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 04 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 08 Сен 2020 09:55

воот мына ушуну тема десе болот. Автор сага Рахмат тушунуктуу кылып жазганын учун. Анан сага кенешим.., коп куттурбо. Бул жердеги Мырзайм эжэге окшоп. Просто кызыксыз болуп калат теман.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   pro100.jumka   13 Апрель 2014 - 10:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Мар 2015 23:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.ш

Азамат!автор, коп коптон жаза бергилечи сураныч!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala   13 Апрель 2014 - 13:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2021 05:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кадимкидей чет жактан өзүмдүн мекениме келгендей болдум.Баары тыптынч,өзүмдү кенен сезип калдым.
Ал күнү таң атканча уктай албадым.Талант экөөбүз бир убакка чейин кобурашып жаттык.Ал бирок уктап калды,мен эч уктай албадым.Гүлүмай экөөбүздүн ортобузда ушундай катуу тартип бар эле,кечинде жолугушпайбыз деген ошон үчүн дароо ага баралбадым. Таң атаарда үктап кетипмин.Талант да уктап калыптыр.Жеңем шашып ойготту мектепке барбайсыңарбы? кеч калдыңар го...
Талант баргысы келбесе да мен сөзсүз барышым керек,бүгүн аны көрбөсөм болбойт,болбосо жарылып кетем.Шашып мектепке барсак сабактын башталганына 20мүнөт өтуп кетиптир.Талант сен кире бер мен азыр деп дароо "а" класска жөнөдүм.Расписаниесин таап,классына баш бактым.Кызуу сабак өтүп жатышат,ар дайымкыдай алдыңкы партада менин чырагым отурат маанайы суз,китеп тиктеп отурат.Эшик ачылганынан мен жакты бир тиктеп кайра китебине үңүлүп дагы кайра ишенбей мен жакты тиктеп кубанып кетти.Ал арада мен шарт эшикти жаап чыкса керек деп күтүп туруп калдым.Бир мүнөткө жетпей чыкты көргөн көзүнө ишенбей эч кимди көзгө илбей эле башка адамдар барбы-жокпу кызыктырбады, кучагыма боюн таштады,ыйлады, эркелеттим,сагынып кеттим эркем,периштем болгон жакшы сөздөрүм менен эркелеттим.
Сен жок жаман экен,эми кетпечи деди.
Эми кетпейм айылда чогуу болобуз.Анан чогуу шаарга окууга тапшырабыз. Ар дайым чогуу болобуз...бири- бирибизге сөз бериштик.
Ошентип менин бактылуу күндөрүм дагы айылда улана баштады.Убакыттар зымырап учуп биз 10-классты бүтүп,11-классты ортолоп калганда Багым агамдар бүт үй-бүлөөсү менен башка шаарга көчөбүз деп калышты.Болгон мал-жандыктарын сатышты.Мен эмне кылаарымды билбей көгөрүп өзүм жашай берем дедим.Атам менен сүйлөшүп аны көндүрүп өзүм жакшы көргөн атты бир,эки уй,торпогу менен,10дой кой алып калдым да жалгыз күн өткөрүп калдым.Күндөр өтө берди.Күндө таң атпай жер агара электе турам.Уйларды, койлорду бошотуп атты минип алып аларды кырга айдап келип,чай ичип алып сабакка жөнөйм.Үйдө болсо итим кароолчу.Жалгыз жашоого деле кайыл болдум.Канчалык кыйынчылык көрүп жалгыз жүдөп кыйналсам да чыдап жүрдүм.Болгону Гүлүмай дем алган абадан дем алып,аны күндө көрүп,анын жанында жүрүү мен үчүн жашоом кызыктуу болчу.Анын берген дем күчү бул кыйынчылыктардын баарын жеңилдетээр эле.Сүйгөн адамым үчүн нелерди гана кылбадым.Нелерге гана кайыл болбодум....эхх ушунча мээнетим,ушул аракеттерим ишке ашса экен деп тилеймин.Сүйгөнүмө жетип бактылуу жашасам экен деп тилеймин.Гүлүмайды күндө көрөүп сабак арасында бир жолу кол алышып көрүшүп алсак ошол бизге чооң жолугушуу эле.Концерттер, конкурстар,майрамдар болуп калса сөзсүз жолугушуп сагынычыбызды таратып көөпкө сүйлөшөбүз. Ар кандай пландарды түзөбүз.Келечек жөнүндө ойлонобуз.Экөөбүз бир окуу жайды,бир кесипти тандаганбыз. Кийин да чогуу иштейбиз деп сүйлөшөбүз. Ар дайым бирге болуунун аракет кылып жүрөбүз.Айыл боюнча бизге суктанышчу. Гүлүмайга канча балдар көз артып,сөз атып жүрүштү.Жүрөгү бир гана үчүн болчу.Мен да ал сыяктуу бир гана Гүлүмай деп жашап калдым.Ансыз эч бир жашоомду элестете албайт элем.
Күндөр,күнгө уланып бир да бүтүрүүчү класс болуп калдык.Жакын арада мектептин уясынан өз алдынча жашоого учабыз.Мен 11ди бүтөөр убакта мени кубантып ата-энем айылга көчүп келишти.Мени жалгыз калтырбайлы дештиби же мен шаарга окууга кетсем чоң атамдын үйү кароосуз калбасын дештиби билбейм,кыскасы келишти кубанычымда чек жок,жыргап эле калдым апама эркелеп.
Ошентип мекти да бүттүк.Акыркы экзамендерди тапшырып чуркап жүргөн кезибиз.Бизде айылда ушундай жапаайы оору бар эмеспи мектепти бүткөн кыздарды ала качмай.Мектепти чоң балдар айланчыктап эле калышты.Гүлүмайдын жанынан бир карыш жылбай кооруп жүрдүм.Жада калса үйүнө чейин жеткирип жүрдүм.
Бир күнү атам,аяш атам Гүлүмай төртөөбүз шаарга окууга тапшыргагы жөнөдүк.Экзамен тапшырып мен контрактный Гүлүмай бюджетте өттү.Баарыбыз кубанып төртөөбүз кафеде окуубуздун ийгилигин жууп тамактандык. Атам,аяш атам экөө сүйлөшүп чырагым экөөбүз биздин шаардагы үйдө жашай турган болдук.Бири- бириңе өбөк-жөлөк болуп жүрөсүңөр дешти.Кудуңдап жүрөбүз.Аяш атам иштери менен бир жака кетти.Ал кеткенде атам да ыңгайсыз болдубу силер шашпай тамактанып чыгып,айылга бара бергиле деп кетип калды.Экөөбүзгө жыргал да.Парк аралап,Сулайман тоого чыгып жетелиш алып бактылуу,ээн эркин жүрдүк.
Айылга келип антип-мынтип сентябрь да жакындап калды.Бүт студенттер окууга даярданып жаткан чагыбыз.1-сентябрга бир жума калганда Гүлүмайды ала качып кетишти.Бул биздин жапаайычылыгыбызбы, же караңгылыгыбызбы же кимдир бирөөлөр үчүн кадимки салтпы,айтоор жек көрөм ошондой алсыз балдарды.Бир кызды сүйдүрүп алуу колунан келбегенден айла жок алсыз эркектин кылган иши.Мен таң каламын,кантип өзүн сүйбөгөн адамды зордоп качырып өмүрлүк жубай кылышат. Мындай кадамга барган бала манкурт аны кой дебей алып келе бер деген ата-энеси да ошондой.Ал кабарды угуп жанымды коерго жер таппай жаман болдум.Дүйнөм тарып алып келишпесе мен баарыбир алып келем деп даярданып жаттым.Ошол убактагы абалымды сөз менен жазып түшүндүрүү кыйын эле.Артынан эле кууп кеткен жеңелери ал күнү келишпеди.Чыдамым кетип,кайра- кайра үй жагына тынымсыз бара бердим.Жада калса таң атканча үйүнүн жанында жашынып аңдып отурдум.Келип калса экен деп тиленип отурдум.Көргөнгө көздөрүм ушунчалык зар эле.Жер кадимкидей агара баштаганда үйгө кайттым.Жинденип бардык балдарды жек көрүп бараттым.
Колум менен барып бууп өлтүрүп келем дедим.Үйгө келсем жаным апам да уктабай мени күтүп жол карап отуруптур.Билбейм, апама эреркеп кеттимби ыйлап жибердим.Апам бооруна кысып,чачымдан сылап ыйлаба балам,сабыр кылып тур али калып кала элек го деп алдап жатты.Апа,мен барып алып келем,ансыз жашай албайм деп машинеге ынтылдым.Апам мени токтотуп,кое тур балам,мен барып кабар алып келейин биринчи,сен акылдуу болуп отуруп тур деп аяш атамкына жөнөп кетти.Апам барса Гүлүмайдын апалары жөнөп кетишиптир. Кечке жол карап күткөнүмдү айтпа.Ордумда отура албай ары-бери баса бердим.Түштөн кийин келишиптир. Апам барып кабар алып келди.Мен аны угуп дароо жетип бардым.Үйүнө түз эле кирип барып Гүлүмайга жолуктум да эртеси Ошко жөнөмөй болдук.Таң эрте шаарды көздөй сапар тарттык.Бирок бул жапаайычылык салт ошол менен тынчып калбады.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   92nuraaly   13 Апрель 2014 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 289
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Фев 2021 09:09
  • Жынысы:Эркек

Аябай жакшы жазып жатасыз автор уланта бериниз. Баарын окуп чыгып айылдагы откон кундорумду эстеп кеттим.
МЕН ДУЙНОНУ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   lustig   13 Апрель 2014 - 23:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 10 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 06:34

чыдамсыздык менен кутобуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   kristiano   14 Апрель 2014 - 00:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 12 Янв 2018 10:42

ала качуунун айынан канча деген журоктор эки болок зар болуп жашап келет, ушуну токтотуу керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   emalizka   14 Апрель 2014 - 09:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 15 Июль 13
  • Соңку аракети: 24 Июн 2014 14:48

Бул окуя, бул Суйуу, болгон эле Кара-Кулжанын бир айылында..... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   peri9696   14 Апрель 2014 - 15:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 04 Апрель 14
  • Соңку аракети: 30 Дек 2014 17:19

Чыдамсыздык менен кутуп жатабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala   14 Апрель 2014 - 16:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2021 05:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения emalizka (14 Апрель 2014 - 11:36) жазган:

Бул окуя, бул Суйуу, болгон эле Кара-Кулжанын бир айылында..... ...

Бул окуя,бул сүйүү Ноокаттын бир тоолуу айылында болгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   nurali1989   14 Апрель 2014 - 16:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 10 Январь 11
  • Соңку аракети: 11 Дек 2021 18:18
  • Телефон:+79233246041
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Красноярск

Китеп го, озунчо елеСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   emalizka   14 Апрель 2014 - 16:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 15 Июль 13
  • Соңку аракети: 24 Июн 2014 14:48

Мен Тан калдым Мырзалар да Ушундай кучтуу суйо алышабы??? Журок сырында Жалан эле Мырзалар "Журок" деген темадагы мыкты чыгармаладын (кечиресздер башынан откоргон суйуу баяндарын) жазышыптыр. ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   oooald   14 Апрель 2014 - 18:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 277
  • Катталган: 18 Февраль 12
  • Соңку аракети: 06 Апр 2017 13:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Абдан жакшы жазылыптыр. Уланта бериниз тезинен жазсаныз кызыктуу болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   lazygirl   14 Апрель 2014 - 21:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Улантсаныз боло , тезирээк! СүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Guitarist   14 Апрель 2014 - 22:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 07 Январь 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2017 01:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

жакшы жазыптырсын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 18:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: