Суперстан: Жүрөгүм бир гана сен деп туруп алды - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүм бир гана сен деп туруп алды Жүрөгүмдүн буйругу менен сен үчүн нелерди гана кылбадым,гүлүм.

#41 Пользователь офлайн   Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala   14 Апрель 2014 - 23:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2021 05:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ушул ала качуу деген жапаайычылыктын айынан Гүлүмай айылга көп бара албай жүрдү.
Мына,студенттик күндөрүбүз да башталды.Ош, негизи эле ар бир шаар студенттер менен көркүнө келет эмеспи.Кызыл- тазыл кийинген кыздар,ар-ар жерде экиден баратышкан жаштар.Паркта деле студенттер, сулайман тоодо деле студенттер эхх кандай сонун студенттик күндөр.
Экөөбүз чогуу жетелешип универге барабыз,чогуу келебиз,чогуу тамактанабыз, чогуу сабак аткарабыз,бирок бир гана жатуучу бөлмөбүз башка-башка болчу.Гүлүмай өзүнө шерик болсун деп бир кызды жанына киргизип алган.Экөөбүз бир үйдө жашаганыбыз менен ортобуздагы мамиленин чек арасын бузбадык.Мен аны сыйлап,ал мени сыйлап жөн гана кучакташып, өбүшүп,эркелешип жашап жүрдүк.Таза сүйүүбүз менен үй бүлөлүк жашоону да таза баштайбыз,ак нике менен баштайбыз деп тилек кылып жүрдүк.Мындайча айтканда ал кадимки менин келинчегимдей эле.Тамак жасайт,кийимдеримди жууп,үтүктөп берет.Сабакка жөнөгөндө ар жак-бер жагымды оңдоп турат,жада калса туфлиме чейин тазалап коет.Ичимден абдан ыраазы болоор элем.Мындай аруу,ички дүйнөсү таза,акылдуу кызды колдон чыгарган адам өмүр бою арманда өтсө керек эле.
Гүлүмай айылдан алыска көп чыкпагандыктан, шаарга келип ата-энесин тез-тез сагынганы менен,бирок бир,эки айда бир гана жолу барып жүрдү.
Убакыт өтүп биз биринчи курсту да бүтүп койдук.Каникулга экөөбүз ээрчишип айылга жөнөдүк.Маршрут ичи толо студенттер, баары бака-шака айылга жөнөшкөн.Биз да алар менен кошо зуулдап тоо тараптагы айылыбызга жетип келдик.Гүлүмайды үйүнө жеткирип коюп үйгө келдим.Атам менен апам кубанып өзүм да аларды сагынып калган экенмин,оо түн бир убака чейин сүйлөшүп отурдук.
Ошентип кадимки айылдын жашоосу башталды.Айылымды, атымды,уй,койлорумду баарын кадимкидей сагынып калыпмын.Ар бирине сүйлөп,өзүмчө кобуранып жүрдүм.Айрыкча атымды жалын тарап эркелеттим. Баарын эркелетип өзүмчө сүйлөнүп кыңылдап ырдап коюп мал карап жүргөн деле өзүнчө бир ырахат да.
Бир жума жакшы маанайда жүрдүм,эч нерсени ойлонбой,эч кандай көйгөй жок.Гүлүмайды сагынданда кадимкидей эле үйүнө зуу коюп барып келем.Аяш атам,аяш энемдер деле мага көнүп калышкан.Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү да билишет.Барып үйүнө кирип отуруп чай ичип кайра кетип калам.Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде,Гүлүмайды дагы ала качышты.
Шумдугуң кургурлар десе,ушуну эле аңдып турушат,башка кыз куруп калгандай.
Ошол күнү да үйүнө барып чайын ичип,экөөбүз сүйлөшүп отуруп анан мени узатканча берирээктеги кошунасынын үйүнө бир нерсе сураганы келген.Экөөбүз коштошуп ал кирип кетти мен ылдый көздөй кеттим.Көчөнүн аягына жетип калганда негедир жүрөгүм сезгендей анын караанын кайра-кайра карап бараттым.Жогорудан бир жат машине келаткан Гүлүмай үйүн көздөй бараткан.Бир убакта кыйкырып калды,шарт бурулуп карасам эки бала тарткылап машинага тартып жөнөштү,мен бир кыйла эле алыста болчум.Чуркаганда жетпеймин,алар дароо жүрүп башка көчөгө бурулуп кетишти.Мен тез үйгө карай чуркадым.Ушунчалык жаным ачыды,ким болбосун өлтүрүп коюуга даяр элем.Үйгө чуркап барып машинени жүргүзүп үйдөн атып чыктым,апам түшүнбөй эле акырын айда деген боюнча калды.Баякылар кеткен тарапка коңшу айылды көздөй учуп бараттым.Коңшу айылга кире беришинен машинесинин караанын көрүп артынан зуулдап кууп бардым мен жеткенде машинеден түшүрө албай убара болуп жатышкан экен.Мындайда көзүмө эч нерсе көрүнгөн жок.Мага баарыбир эле,ким болсо да мушташып күчүм жетишинче тытышмакмын. Жүрөгүм тоодой болуп,күчтөнүп, каным кайнап дарбазасы ачык болсо да тээп кирдим.Алдымда турган эки бала менен мушташа кеттим.Биринсин оңкосунан кетирдим.Экинчиси менен күрөшүп экөөбүз тең жыгылдык.Ызылдап чоң кишилер келип бөлүштүрүп жүрүшөт,эч кимисин көзгө илбей түртүп-пүртүп тепчүсүн тээп аябай псих болдум.Баары менден алыстап жалтактап калышты.Ал убакта Гүлүмай машинеден сыртка чыгып Рустаам деп кыйкырып ыйлап алган.Аны колдон алып көчөнү көздөй чуркап жөнөдүк.Эч ким каршы болгон жок.Жолубузду да торошподу.Экөөбүз машинага отуруп зуулдап үйгө жөнөдүк.Чырагым калтырап коркуп калыптыр.Өңгүрөп токтоно албай ыйлап алган.Жолдо арыктын боюна токтоп муздак сууга бетин жууп,суу ичирип бир аз сергитип,өзүнө келтирип койдум.Аны алдап,эркелетип, сооротуп ага айтпай эле туура үйүмө айдап жөнөдүм.Апам бизди көрүп үйдөн чыга калды.Биринчи эле оозума келген сөзүм апа,мен бүгүн үйлөнөм дедим,кимгедир кыжынып.Мындан ары чыдай албайм,үчүнчүсүндө алдырып жибергим келбейт деп ордумда тура албай ары-бери баса бердим.Эч нерсени түшүнбөгөн апам,ой эмне болду балам? түшүндүрүп айтчы деги дейт.
Болгон окуяны түшүндүрүп бердим.Бүгүн үйлөнөм апа дедим.
Ииий кокуй десе,алда балам ай жакшы кыласың киргиле үйгө киргиле деп апам заматта тапырап ары-бери чуркап кубанып учуп калды калды.Үйгө алып кирип отуруп тургула балам мен азыр деп заматта кошуналарды чакырып туугандарды чакыртып келин алганга даярданып калышты.Үйүбүз ызы-чуу түшүп планда жок жерден тез арада үйлөнүп калдык.Аяш атамдар менен атамдар сүйлөшүп тез эле тойду белгилеп.Эртеси нике кыйып экөөбүз бир бүтүн болуп түтүн булатып жашап калдык.Бир жумадан кийинкиге тоюбуз белгиленип. Эл катары загска чыгып райондогу ресторандардын биринде тоюбуз болду.
Каникул бүтүп сентябрь келип кайра эле жетелешип окууга жөнөдүк.Экөөбүз толук 3жыл окудук.Калганын сырттан окууга которулуп сүйүктүү айылыма,окуучулук бактылуу көз ирмемдер өткөн айылыма барып жашап калдык.Атам айткандай айылдык эле жөнөкөй,токтоо бала болуп калдым.

Аягы.

Баарыңыздарга көңүл бөлүп окуганыңыздарга рахмат.
Аалам айылдан башталат демекчи айылыңарды барктагыла, кадырын билгиле демекчимин.
Жүрөгүңөрдөгү жакын адамыңарды сүйгүлө,аракет кылгыла ар бириңер сүйгөнүңөргө жетип бактылуу болгула.Баары өзүбүздүн колубузда аракет кылсак сөзсүз берекет болот.Эң негизгиси ишенимдүү,чечкиндүү болуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala   14 Апрель 2014 - 23:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2021 05:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Мына ушундай менин жүрөктөгү сырым.

Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala: 14 Апрель 2014 - 23:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   mamalawka   14 Апрель 2014 - 23:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 64
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Фев 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

baktyluu bolunuzdar!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   lazygirl   14 Апрель 2014 - 23:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Уух!Сүрөт Бактылуу болунуз! Суйуусуно жеткен, мен окуган темалардан сиз эле болдунуз окшойт.Сүрөт Эч качан ажырабаныздар! Сүрөт Кандай гана бактылуусуз ээ..Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 14 Апрель 2014 - 23:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Kara_koz   14 Апрель 2014 - 23:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 14 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Окт 2016 19:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабад шаары

Бактылуулардын бактылусуу болгула. Мен аябай сен теманды кызыгып окупмун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Aimeerimka   15 Апрель 2014 - 00:08

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 28 Февраль 14
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2015 20:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу кыргыз жери.

Сонун бутту аягы бактылуу таалайлуу болунуздар жараткан бактынарды туболукту кылган болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Kylym   15 Апрель 2014 - 00:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 30 Январь 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2021 19:47
  • Жынысы:Аялзаты

Бактылуу болгула,силерге көз тийбесин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   rumaika5544   15 Апрель 2014 - 00:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Бактылуу болунуздар! !!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   bossmos7   15 Апрель 2014 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Рахмат.Аягы жакшы буттуптур.Башкы нерсе айылды суроттоп бергенин конулду которду.Чыгарманы кооздооп бергенин жакты.Бактылуу болгула.
Бирок оспурум кездеги айран жыттуу сулуу бийкечимдин жыты,балбылдаган коздору али эсимде .Бирок Силердей болбой, жетпей калганбыз. Корсо ал убакыттагы сезим тунук башкача болорун, кийин эске келип, эске тушору кызык нерсе.Тунку жолуугуудагы жолуга албай, ишке ашпай калган кулкулуу окуяларды эстеп бир жылмая кулуп жашоону улантасын. Айыл турмушу кызык. Канча аалам айлансан дагы! Бир чыгарма жазсан болгудай. Бар болгула.

Билдирүүнү түзөткөн: bossmos7: 15 Апрель 2014 - 00:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   artur_kgboy   15 Апрель 2014 - 00:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 22 Февраль 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 01:14

ex jurogum jurogum aftor kaiaka jogoldun jaz4y tezirek je bolbosom ulandysyn xpressman_kg@mail.ru po4tama jazyp koichu surany4
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   artur_kgboy   15 Апрель 2014 - 00:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 22 Февраль 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 01:14

men adashyp ketyptyrmyn aiagyny okubai
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   gulperi.kg   15 Апрель 2014 - 02:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 235
  • Катталган: 03 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эх ушундай жигиттер кооп болсо кыздарга жаман ою жок, женил желпи балдардан эмес экен((((бактылуу болгула
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Kymyzkyz   15 Апрель 2014 - 03:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 167
  • Катталган: 02 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2021 04:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Баткен

Охх ырас жакшы бутту аягы. Ала качты десе эле журогум шуу дей тушсо болобу... Эн бактылуу жигит экенсиз. Эн таза, эн тунук, туруктуу аруу суйуунор туболук болсун. Бактылуу болгула!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   azamat4ik   15 Апрель 2014 - 05:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 18 Дек 2018 00:03
  • Жынысы:Эркек

браво азаматсын аябай сонун жазылган окуп жатып окучулук кундор балалык суйуулор эске туштуго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   azamat4ik   15 Апрель 2014 - 05:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 18 Дек 2018 00:03
  • Жынысы:Эркек

Аллахым силерди 2 дуйно бактылуу кылсын кармашкан колунар эч качан узулбосун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   happykyz   15 Апрель 2014 - 09:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 13 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Апр 2014 09:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Baktyluu bolunuz!!
Chygarmaga soz jook.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   jasi   15 Апрель 2014 - 10:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эки дуйно бактылуу болунуздар!

Чечкиндуу мырза экенсиз. Азаматсыз!


Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   nura1412   15 Апрель 2014 - 10:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 22 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 30 Сен 2019 16:49

Бактылуу болунуздар!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   kara_kulzha   15 Апрель 2014 - 11:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Өөх ий, кайра башынан окуп чыксам окшойт! Раса жакты! Бактылуу болуңуз, элестетип сиздин ордуңузга өзүмдү коюп окудумго чиркин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   kara_kulzha   15 Апрель 2014 - 11:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 22 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Апр 2024 22:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Өөх ий, кайра башынан окуп чыксам окшойт! Раса жакты! Бактылуу болуңуз, элестетип сиздин ордуңузга өзүмдү коюп окудумго чиркин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Июл 2025 19:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: