Суперстан: Казак төкмө акыны Ринат Зайытов: Кыргыз калкынын айтышы - биздин айтыштын жанында жаш баланын оюну - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Казак төкмө акыны Ринат Зайытов: Кыргыз калкынын айтышы - биздин айтыштын жанында жаш баланын оюну

#1 Пользователь офлайн   Rich_girl   16 Апрель 2014 - 14:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2017 15:42


Казак төкмө акыны Ринат Зайытов "кыргыз калкынын айтышы - биздин айтыштын жанында жаш баланын оюну" дейт
СүрөтКечээ жакында эле интернет айдыңына чыккан казактын төкмө акыныРинат Зайытовдун журналист Берик Султанга берген маеги учурда колдонуучулар тарабынан өзгөчө талкууга алынууда. Анда төкмө акын айтыш өнөрү тууралуу сөз козгоп, журналисттин "Кыргыздын акындары бизден мыктыбы?" деген суроосуна "кыргыз калкынын айтышы - казак калкынын айтышынын жанында жаш баланын оюну" деп жооп берген. Алардын маегин кандай сүйлөшсө, ошондой берүүнү туура көрдүк.

Берик Султан: - Өткөндө интернет ааламынан кыргыздар менен казактардын айтышын көрдүм. Кыргызстанга биздин бир топ акын барды. Жеке өзүмө жага берген жок. Сиз Аалы Туткучев менен айтыштыңыз. Жалпы алардын бет алышы кандай? Алар бизден мыктыбы? Түшүнбөй калдык.

Ринат Зайытов: - Биринчи айтып өтө турчу жагдай, бул эч кандай улутчулдук (улутчулдук өзүмө жаккан сөз), улут аралык чиелениш туудуруу эмес. Бирок кыргыз калкынын айтышы казак калкынын айтышынын жанында жаш баланын оюну да.

Берик Султан: - Себеп?

Ринат Зайытов: - Себеп, алардын айтышынын дымагын 20-30 жылга артка калтырып койгонбуз. Ошон үчүн кыргыздын айтыштарын алып карасаңыздар, эки сүйлөгүч кездешет. Алар Кыргызстанда башкача сүйлөшөт, Казакстанда башкача сүйлөшөт. Ошол үчүн мени Аликтер барган айтыштарга чакырышпайт. Сахнага Казакстандын акындары чыкса, “Ринат неге келбейт?” деп айтышат. Бул эркектикке жатабы? Ошол үчүн эч качан болбой турган жагдай, бир акын жеке өзү отуруп алып, интернеттен "Ой-бай, биз кереметпиз, мындайбыз. Акындар неге жооп беришпейт?" деген.

Акындын башкы максаты, негизги милдети, кызматы - айтышта жооп берүү. Анын оюна жооп бере турган адам жок жерде баарыбыз улутубуз тууралуу пикир билдире алабыз. Кыргыздардын айтышы жалгыз мени менен Аалынын айтышы эмес. Тээ Сүйүнбай менен Катагандан бери карай алып караңыз. Кечээги Эсенкул менен Ашыраалы Айталиевдин айтышы. Орозалы Жандошев менен Жеңишбектин, Мээрбектин, Даулеттин айтышын алып караңыз…

Кез келген айтышта казак айтышы бир эмес, бир нече бийик экенин өзү далилдеп келе жатат. Бир көзгө чукуп айта турган далили, казак акындары 11 муун, 10 муун, 7-8 муун менен да айтышат. Булардыкы 7-8 муундуу бир уйкашты бир нече ирет кайталап, каерде келсе айтыша бересиң да.

Мына турган адамды,

Мына айткан багаңды.

Ана жаткан агаңды,

Саламды, барамды… деп айта бересиң.

Кыргыз айтшынын деңгээли болсо...

Кыргыз төкмө акындары мындай сынды кандай кабыл алышат? Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин оюн угуу үчүн байланышканбызда ал: "Ооба, бул тууралуу укканым бар. Бирок бул нерсеге теригүүнүн кереги жок. Ринат Зайытов сүйлөй берет. Мен азыр концертте жүрөм, чыкканымда буга кененирээк жооп берейин", - деген жооп узатты.

Ал эми кыргыздын “Саркашка” атыккан төкмө акын Амантай Кутманалиев бул тууралуу “Ринатты жакшы тааныйм. Бул жерде Ринаттын сөзү негизги сөз эмес да. Аларда 200-300дөй төкмө акын бар. Баары менен жакшы мамиледебиз. Бир Ринаттын сөзүнө теригип, жалпы казак элине таарынмак белек?! Негизи, Казакстандын айтыш өнөрүнүн башчылары акыркы убакта аны айтыштарга көп кошпой калышты. Аларда кыйын-кыйын жаш акындар өсүп чыгып, Ринаттын доору өтүп баратат. балким, өз популярдуулугун сактап калуу максатында ушундай сөздөрдү тараттып жаткандыр, ким билет?" деген оюн айтты.


http://www.super.kg/ kabar/news/60429/



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Rich_girl   16 Апрель 2014 - 14:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2017 15:42

Аалыга жооп бере албай калып шылдын болуп эми ушинтип кыргыздын жинине тийгиси келип атабы? Силердин оюнар кандай?

Билдирүүнү түзөткөн: Rich_girl: 16 Апрель 2014 - 14:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Rich_girl   16 Апрель 2014 - 14:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2017 15:42


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Feijipiao   16 Апрель 2014 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ой-бай казак токмо акыны эмне дейт ыя???Эмне биздин токмо акындарга тен келе албай ойду тоону суйлой береткенда ээ.Ансыз деле кыргыз токмо акындарынын жанында керек болсо, казак токмо акындары корунбой деле калат.Ойноп суйлосода ойлоп суйлосун! !!

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 16 Апрель 2014 - 14:38

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kg.lady   16 Апрель 2014 - 14:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ит уро берет, кербен журо берет. Же болбосо сенин созун менин .... деп коюш керек. Ошондой атаандашуу бар жерде алга карай осуу болот.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Rich_girl   16 Апрель 2014 - 15:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2017 15:42

Биздин акындар унчукпай турбашы керек! Биздин акындар жооп кайтарышат болду бекен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kg.lady   16 Апрель 2014 - 15:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Аалы жообун беретго менимче.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sensei   16 Апрель 2014 - 15:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

"Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз..." Сүрөт
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   16 Апрель 2014 - 15:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Хехехе хе айтышта сөз таба албай калып, кылган айласыго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   antiwithin14   16 Апрель 2014 - 16:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2019 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак калпактуу Ала-Тоо

Негизи казак акындары айтышта жатап алып айтышат,ал эми атаандашына тийишип ырдаганда создун курчун,таамай айта алышпайт. Угуп олтурсан дастан айтып жаткандай болот. Кыргыз акындарынын ар бир созу таамай айтылат. Аалы акынга туш болбосом экен деп тилешет го. Ал эми бул акын да кези келгенде Аалы акынга туш келет. Ошондо абалын коробуз.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   bossmos7   16 Апрель 2014 - 16:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Аалынын созунун курчтугу Казак Элин тандантып кол чаптырган эле.Бул айткан созго Кыргыз Эли кыжырданып. Эки Элдин ортосундагы ынтымакка булук салат.Женилген курошко тойбойт дегени!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Барс   16 Апрель 2014 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Казактын Ринатты орто деңгээлдеги төкмө акын. Бирок, өзүн өйдөсүнтүп, ( "мурдун көтөрүп, өпкөлгөн" деп койчу беле мындайды?..) кыйынсынып жүрчү неме. Бири-эки казак: "Сен кыйынсың! " - деп койсо, нары-берини карабай, урунуп-беринип жибере турган адаты бар. :) Ал бир кезде:

"...Сүретине Исаның табынатын,
Апта сайын бир сумдык табылатын.
Ресей болгум келмейди, Ресей болгым,
Жийу-жийу бомбалар жарылатын.
Ресей болгум келмейди, Ресей болгым,
Президенти премьерге багынатын.

Кылыгы көп мусылман жийренетин,
Көргенинен көз шукып үйренетин.
Немис болгым келмейди, немис болгым,
Эркегине эркектер үйленетин." - деп келип эле, анан минтип тантып жиберген жери бар:

"Жыл сайын бир балээге урынатын,
Саясаты сагаттай кубылатын.
Кыргыз болгым келмейди, кыргыз болгым,
Бир-биримен согысып кырылатын.
Кыргыз болгым келмейди, кыргыз болгым,
Этегине айелдиң тыгылатын. "

Ошого жооп кылып, мен минтип салганмын:

"Өзүн билбей, өзгөгө үрө турган,
Өпкөлөрү колунда жүрө турган.
Башчысынын алдында баш көтөрбөй,
Байкуштардын өмүрүн сүрө турган.
Чапанынын жамаачысы жаңыланса,
Чалкалап, мурдун көккө түрө турган.
Мен дагы сендей маңка болгум келбейт,
Жыртык туруп, тешикке күлө турган.
Жыгылып жатып, оогонго күлө турган!! !"

Бул жооп ушул сайтка илинген окшоду эле... :)

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 12 Январь 2015 - 12:22

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   KG-Oligarh   16 Апрель 2014 - 16:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 900
  • Катталган: 26 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Мар 2024 20:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргыз Каганаты.

Биздин акындардын б.....да тен келбейт бул опкосу жок.

Билдирүүнү түзөткөн: KG-Oligarh: 16 Апрель 2014 - 16:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Nadya_90   16 Апрель 2014 - 16:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 339
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Сен 2018 22:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:SUPER.KG-->>Соңку кабар

Барс , сиздин жазганыңызды ал окуду бекен? Окуган болсо сүйүнөт элем.
Жакшы жооп жазыптырсыз. Балким бул жоопту анын баракчасына ыргытабыз... деп май чачып салбайын Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Surduu   16 Апрель 2014 - 16:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Апр 2019 16:01

Бул боордоштор жаттама экенин унутуп калышкан окшойт. Негизи төкмөлүк өнөр кыргызда гана жогорку деңгээлде өнүккөн. ЮНЕСКО кыргыздардын төкмөчүлүк, айтыш, дастанчылык өнөрүн элдик оозеки чыгармачылыктын шедеври деп тааныганын баары эле биле бербесе керек.
Ринат эл алдында катуу уят болуп, арданганынан сүйлөгөн сөзү окшойт да. Ал эми биздин төкмөлөр бул б.. оозго теңелип айтышып отурушпайт деп ойлойм. Эгер кандайдыр бир сынак, фестивалдарга барганда бул менен айтышпай баш тартып коюу керек. Ошондо чүнчүп отурсун анан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   kuba.94kg   16 Апрель 2014 - 17:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Болсо дагы жаш баланын оюну
Жоолугуп калсаң Аалыга
Берет го сенин тоюңу.
Мактанба боордошум мактанба,
Жеңилген соң эфирден чыгып даттанба.
30 жыл артта калса дагы
Жеңе албай келесиңер
Кыргыздын акындарын
Айтчы тууган неге ачылбайт казактын багы?
:77: :11:

Билдирүүнү түзөткөн: kuba.94kg: 16 Апрель 2014 - 17:09

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   16 Апрель 2014 - 17:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Жеңилген күрөшкө тойбойт.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   historic   16 Апрель 2014 - 20:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Бул акын эмес, көчөдөгү бандит десек деле болчудай экен. Аалы байке менен айтышкан кезинде, Аалыга: "Казактын акындарына жазам деп, интернетте жылдызы болуп жүрөсүң" дегендей маанидеги сөзүнө Аалы акын: "Сен деле жылдыз болуп жүрөсүң го, интернетте мушташып" деп жайлаган эле. Ал видеону мобул жактан көрсөңөр болот



Анан дагы дал ошол айтышта Аалыдан төмөнкү орунду алып калып, казактын казыларына таарынып айтыштан кеттим деп жүргөн. Кайра айтышып алыптырбы? Ким билет?

Билдирүүнү түзөткөн: historic: 16 Апрель 2014 - 20:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   lazygirl   16 Апрель 2014 - 21:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Барс байкенин жообу аябай жакты да, жакты..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Lumia-800   17 Апрель 2014 - 00:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Токмо акын деген конкуренти болсода сый урмат менен мамиле жасаш керек башкаларга. Бул озунун томон экендигин ошол соз менен билдирип жатат. Озуно жараша жооп алат деген ойдомун...

(Бир сайттын атын жаза коем деп уч кунго Банга кеткен болчумун. Корсо атын жазып кыйналбай, ссылка мылкасы менен кошо бир видеосун жуктосо болоберет турбайбы.)


Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Сен 2025 04:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: