велотренажер менен машык бутуна. жамбашына жакшы жардам берет фигуранды сактайт.
Кыздар, кеңеш бергилечи
#42 26 March 2014 - 01:40
Негизи бийик такалуу бут кийимдерди коп кийбей эле койгонун жакшы го себеби билесин да зыян экенин.
#44 15 April 2014 - 18:33
Сен боюндун кыскалыгын проблема кылып отурасынго жашоодо мындан откон проблемалар коп. Бийик така кийип озундун ден соолугуна зиян келтиргенче , жакшы окуп жакшы жур ошондо сенин боюндун кыскалыгына да карабаган сени суйгон жигит чыгат. Теректей бой бергенче теменедей акыл берсин деген макалды уккандырсын
#45 15 April 2014 - 18:47

#46 16 April 2014 - 17:09
бийик така кийсе жамбаш чыгат дегенди биринчи угушум, меники ошентсе кана
өмүр боюле бийик така менен келтам, андай результат жок
#47 14 May 2015 - 00:21
Мектеп жашындагы жана 10-11 жашка чейинки кыздардын такасынын бийиктиги 2 сантиметрден,
12-14 жашка чейинки секелектердин такасынын бийиктиги 4 сантиметрден ашпоосу туура. Ошентип отуруп 18-19 жаштан кийин гана өтө бийик такаларды кийүүгө ылайык экени адистер тарабынан далилденген.
Кичине курактан баштап дароо бийик така кийүү ден соолукка өтө терс таасирин тийгизээри баарыбызга маалым.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#48 10 June 2015 - 01:04
Бийик така өспүрүмдөрдүн омурткасын кыйшайтат
Бут кийим- адамдын бутун ысык, суук, суу, чаңдан, жарааттануудан жана башка айлана чөйрөдөгү терс таасирлеринен сактоо үчүн кийилет. Колдонулуусу боюнча тиричилик жана атайын -спорттук, медициналык (ортопедиялык), өндүрүштүк болуп бөлүнөт. Бут кийимге бир катар санитария-гигиеналык талаптар коюлат: ал бут кетменинин кыймылдуулугун сактап, тамандын жалпайышына жол бербей, басканда салмакты азайтып, тамандын анатомия-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө терс таасир тийгизбей кан айлануусуна тоскоол болбой бутту кысып оорутпай жана аба ырайына, климат, эмгек, турмуш-тиричилик шартына ылайыктуу болуусу талапка ылайык.
Бут кийимдин өлчөмүн туура тандоо
Бут кийим тамандан 10-15 мм узунураак болуп, баш бармак бут кийимдин тумшугуна такалбай, бүгүлбөй турушу керек. Ошондой эле, таман жалпактыгы пайда болбос үчүн тар бут кийим кийбеш керек. Бутту кыскан бут кийим анын кан айлануусун бузат, анткени дене ысып кызыганда, кара күч жумуш жасаганда же бат басканда бутта кан айлануу 70 эсе тездейт.
Бийик таканын пайдасы барбы?
Бийик такалуу бут кийим буттун таяныч аянтын 30-40%ке азайтып, дене салмагын алга жүткүнтүп, бармактардын бүгүлгөн учуна жана согончокко ооштуруп, кадам шилтөө солгундатат. Бийик такалуу бут кийим кийүүдөн бутту көп кайрып алып, байламталар чоюлуп, кызыл ашык муундарында чыгып кетүү коркунучу жаралат. Сөөккө ашыкча күч келгендиктен, ага туруштук бере албай жылышып кетет.
Бийик такалуу бут кийимди өспүрүмдөр кийүүгө болбойт
Бийик такалуу бут кийим омуртка тутумунун кыйшайышына, жамбаш чарасынын өзгөрүшүнө, ички органдардын жылып кетүүсүнө алып келет. Баскан учурда негизги күч согончокко, буттун бармагынын жана чыпалагынын астына келет. Бийик такада турганда согончок көтөрүлүп калат да, эки чекитке күч келет. Эгер бут кийимдин учу кууш болсо, анда бармактын астындагы чекит гана адамдын салмагын жалгыз өзү көтөрүп тургандыктан манжаларга күч келип түзүлүшүн өзгөртө башташат. Тизе муундарына түшкөн ашыкча күч артрит оорусунун күчөшүнө алып келет.Убакыттын өтүшү менен үчүнчү жана төртүнчү манжалардын да түзүлүшү бузулат - алар сыртка карай талпайып, кан тамырлары кеңейип, сезгенет. Варикоз жана целлюлит өөрчүйт. Буттун чоң манжасынын сөөгү өсүп, оркоюп чыгып калат да, ал операция жасамайынча мурунку калыбына келбей калышы ыктымал. Ошондой эле, алдыңкы жана арткы омурткалар ортосундагы дискте тең салмактуулук сакталбагандыктан, арка белде күчтүү оору пайда болот. Ал эми омуртканын туура эмес абалынан улам муундарга кан жакшы келбейт да, мындан ой жүгүртүү абалын начарлатат. Бийик такадан таман да жабыркайт. Бара-бара анын түзүлүшү өзгөрүп, май тамандуулук пайда болот. Ошондуктан такасы жок, басканга ынгайлуу бут кийим тандап кийгениңиз эле оң болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео