
Анда эмесе, илхом тартуулаган кымындай өнөргө кулак салып коюңуздар.
"Мен киммин?"
Мен киммин? - деп, суроо салдым
өзүмө,
Өткөн күндөр шуру сымал
тизилет го көзүмө.
Мен кызымын атакемдин,
апакемдин тилеп алган Алладан,
Өкүнгөнүм, колдон келбейт
жашартууга ата-энемди кайрадан.
Балалык эң сонун кез
өмүрүндө адамдын.
Жакындарым сүйүндүрүп, там-туң
басып, таштап ар-бир кадамым.
Кереметтүү Таласымда өттү кызык,
кайрып алгыс күндөрүм.
Азыр дагы түшкө кирет
айылымда ойноп-күлүп, шоктук кылып жүргөнүм

Ал кез өттү, асыл башка акыл
кирип чоңойдук.
Эл катары билим алып,
алыстарга сапар тартып жөнөдүк.
Башка элдин, бөтөн жердин
мыйзамына баш ийип,
Түнү-күнү мээнет кылдык, дале
болсо адам болуп торолдук.
Мен киммин? - деп, мен өзүмө
суроо салам кайрадан.
Мен адаммын, мен пендемин
келечектен үмүт үзбөй эки көзүм жайнаган.
Бул жалгандын ачуу-таттуу
сыноосуна баш ийип,
Өмүрүмдүн үчтөн бири билинбестен
өткөн экен арадан.
Мен киммин? Көрсө мен,
эне экем уул-кызды төрөгөн.
Мен киммин? Көрсө мен,
жубай экем жолдошума жөлөнгөн.
Өмүрдөгү эң кымбатым,
байлыктарым ушулар,
Ата-энем, эжем-агам тирек
болчу жашоодогу өбөлгөм.
Мен киммин? Мен урпагы
Улуу Кыргыз элимдин,
Эр жүрөк тарыхында баатыры көп.
Мен киммин? Атуулумун
Ыйык Кыргыз жеримдин,
Түгөнгүс асыл-кенчи, байлыгы көп!!!
-деп жазып койдум

Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 13 Апрель 2014 - 20:42