Суперстан: Супер сынак стартта ! 2014-ж. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер сынак стартта ! 2014-ж. Форумду жандандыруу жана арабызда жашынып жаткан ,комускодогу талантта

#41 Пользователь офлайн   Clara_Zh   13 Апрель 2014 - 20:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Чымыным, илхомду жонуна мингизип ызылдып келип калган экен, жок дей албадым :rolleyes:.
Анда эмесе, илхом тартуулаган кымындай өнөргө кулак салып коюңуздар.

"Мен киммин?"

Мен киммин? - деп, суроо салдым
өзүмө,
Өткөн күндөр шуру сымал
тизилет го көзүмө.
Мен кызымын атакемдин,
апакемдин тилеп алган Алладан,
Өкүнгөнүм, колдон келбейт
жашартууга ата-энемди кайрадан.

Балалык эң сонун кез
өмүрүндө адамдын.
Жакындарым сүйүндүрүп, там-туң
басып, таштап ар-бир кадамым.
Кереметтүү Таласымда өттү кызык,
кайрып алгыс күндөрүм.
Азыр дагы түшкө кирет
айылымда ойноп-күлүп, шоктук кылып жүргөнүм ;).

Ал кез өттү, асыл башка акыл
кирип чоңойдук.
Эл катары билим алып,
алыстарга сапар тартып жөнөдүк.
Башка элдин, бөтөн жердин
мыйзамына баш ийип,
Түнү-күнү мээнет кылдык, дале
болсо адам болуп торолдук.

Мен киммин? - деп, мен өзүмө
суроо салам кайрадан.
Мен адаммын, мен пендемин
келечектен үмүт үзбөй эки көзүм жайнаган.
Бул жалгандын ачуу-таттуу
сыноосуна баш ийип,
Өмүрүмдүн үчтөн бири билинбестен
өткөн экен арадан.

Мен киммин? Көрсө мен,
эне экем уул-кызды төрөгөн.
Мен киммин? Көрсө мен,
жубай экем жолдошума жөлөнгөн.
Өмүрдөгү эң кымбатым,
байлыктарым ушулар,
Ата-энем, эжем-агам тирек
болчу жашоодогу өбөлгөм.

Мен киммин? Мен урпагы
Улуу Кыргыз элимдин,
Эр жүрөк тарыхында баатыры көп.

Мен киммин? Атуулумун
Ыйык Кыргыз жеримдин,
Түгөнгүс асыл-кенчи, байлыгы көп!!!

-деп жазып койдум :).

Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 13 Апрель 2014 - 20:42

”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   AZIK01   13 Апрель 2014 - 22:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Мен киммин?
"Сен кимсин?"- деп бироо мага суроо берген эмес экен. Ошондуктан ким экенимди ойлоп отурам. Мен торолдум, ыссык, бирок бейишке тен бир чолкомдо. Адамдары мейман дос, сыйдан чыкпаган инсандар арасында. Ошол адамдар арасында, менин жонокой, мээнетти суйгон, кара жумуш менен жан баккан ата энем жарык дуйного алып келди. Ызгаардуу кыштын акыркы айларында. Дагы бир мусулман баласын, жарык дуйного алып келди, умоттко уммот кошуп. Айтыштарына караганда, коп куттуруп келиптирмин. Торт кыздан кийин, бешинчи болуп, болгондо да уул болуп келиптирмин. Ата эне ушундай экен, уул калып, сакталсын деген чон умутто тилешкен экен, Аллахымдан. Чоноюп, энемди кыйкырткам, акыл эске келгенче. Мектепке бардым, мектептен кийин уй, койдун артынан чуркап чонойдум. Энем динден жакшы эле кабары бар, аял эле. Дин жонундо тушунук берип, Алланы тааныткан. Калганын урушуп журуп, молдо акелерге жоноткон. Мен алардан ыразымын.

Мен киммин?- катардагы жолоочу,
Ыйман менен Ислам жолун колдоочу,
Оз милдетим аткарамын бул жолдо,
Мен ошол мусулман изин жолдоочу,

Жаралдым ыймандуу бир булоодо,
Жашап жатам жалган делген дуйнодо,
Буйруса сыноолордон отомун,
Жакшы жашап, олумумду кутомун,

Мен киммин?- апам учун эрке бала,
Атам каалайт, дыйкан болсун карала,
Апам айтат "билимдуу болсун" деп,
"Заманында окусун, ошондо кеп",

Окудум, ордолуу Ош шаарында,
Дос куттум, кадыр барктту айлана,
Сонун отту студенттик кундорум,
Окудум, ушундай шарт баарында,


Алыстадым эркелеген энемден,
Сагындым, кусаландым ичимден,
Нан тугонду ачка дагы кун отту,
Ушул беле окуу дедим сын отту,

Мен киммин?- экономист, бизнесмен
Акчаны туура жолдо иштеткен,
Келечекте мекенимдин керектоосу,
Кези келсе, мекенимдин коргоочусу,

Мекенди суйууда ыйманындан,
Мекенден кетууну кыйбай турам,
Кантейин, напси деген ачкап турат,
Чет жерге барамын "рыск" издеп,

Энем, каршы чыгат "барбайсын" - дейт,
Кантсе да, эне экен мээрим токкон,
Кетем десем, капаланып конул чоккон,
Башым каткан коркуп турам туболуктон,


Мен киммин?- жалгыз бала уйумдун,
Тун жарымда телефонум шынгыраган,
Кабатырдан бир ун келет кынылдаган,
Ошол эне, абал сурап тынбаган,

Кантсем узом бул эненин мээнетин,
Мени деп тырыш басты келбетин,
Жакшы журуп актаймынго эмгегин,
Соз берем, актабасам эмгегин.
Жатаар жерим, кара топурак "жер" дедим


Мен киммин?- пендеси Аллахымдын,
Киммин?- аткаруучу милдетин,
Мен ким?- ошол эле жолоочу,
Киммин?- ыйман жолун жолдоочу..... ..........















Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Kg.lady   14 Апрель 2014 - 00:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ушуну менен сынактын биринчи тапшырмасын жыйынтыктайбыз. Катышуучуларга чыгармачылык эргуу каалоо менен бирге ийгилик жар болсун деп, сынагыбыздын экинчи тепкичине кадам таштасак.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Kg.lady   14 Апрель 2014 - 00:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Экинчи тапшырмабыз томондогучо; "Улуу кыргыз " деген темада ыр турундо, же кара соз турундо дил баян жазуу. Кыргыздын басып откон жолу, жашоо турмушу, каада-салты азыркы учурда жана откон доордо! Кыскасы "Ким элек, азыр ким болдук" деген эки ооз создун айланасында соз берметтерин тизебиз.

Кана эмесе , бирин эрда бирин шер , маарага жетчуу киминер деген суроон менен экинчи тапшырмабызга карай бет алдык. Эми гана уйкудан ойгонуп, кирген буурадай алкынган илхомдун тизгинин тартпай бош коюнуздар. Ким билет. балким сизди талантыныз алга суроп, маарага биринчилерден болуп келээрсиз!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 14 Апрель 2014 - 00:29


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   no_comment   14 Апрель 2014 - 03:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 17 Июль 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 17:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Достук шаарчасы

Ас-салааму алейкум Кыргыз калкым!

"Улуу КЫРГЫЗ"

Ким эле Кыргыз? Ким болду?
Тарыхта оордун тапкан улут болду!
Башына канча таштай сокуу урса да
Кебелбес иизин тапкан Улут болду!

Кыргызым алакандай жерди ээлеп
Ааламда аты чыкты "Бекем Эл" деп!
Туу тутуп желбиретип бийиктике,
Орнотту окумдарын Кыргызбыз деп!

Кыргызым тарыхынды барактачы?
Ата-бабан кун кечирип откон кунду,
Озунду ошол кунго алып барып
Коюп корчу? чыдайт белен ошол кунго?

Ойлон Кызгыз Улутташым, Кандашым!
Урматтагын Улуттунду, Канынды!
Чана албайсын канча аракет кылсан да,
Канын Кыргыз, Жанын Кыргыз анткени!

Орустар улуу сургун салган кезде,
Кыргызым кыяматтык кечкен кезде,
Кыргыздын кырчын курак уул кыздары,
Откорду азап тарта нее бир кунду!

Бул бизге сабак болуп калаары анык,
Очпойт коо, тарыхтагы алтын саптар,
Ал ииздер ар-бир кызгыз журогунун,
Тамырларын сызып откон каны менен!

Эми кимди куноолоп айта аласын?
Кыргызды кыйын кунго салдынбы деп,
Кана айтчы? ким куноолу ушул кундо,
Талаалатып, чачыратткан улутунду.

Тарыхка кылчайасын аргасыздан,
А бирок кайтараарга арган барбы?
Нечендеген баатырлар отту тарыхта
Кыргыз учун, жан берип, Улуу согушта.

Замана чар тарабы айлангочок,
Баш айланаар ар бирин карап отсок,
Жакшысын ал, жаманын сабак кылба!
Озунду адаммын деп, Кыргызмын деп!
Сыйла! Урматтааа!

Айтаарым. .. аркандагы откон кунду,
Сабак кыл да, ары карай ула жолду,
Жашоодо жаралган сон Кыргыз болуп,
Жаша дагы Кыргыз учун жанып куйуп!

Откон кунду барактап, коро албайсын.
Аны айтсан, мунусун талашасын,
Нее бир кунду откоруп жашап жатып,
Тошунду калп эле каккылакйсын!


Урматым менен, ойумду толук жеткире албаган мен Шекербек.
**no comment**
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Барс   14 Апрель 2014 - 06:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Улуу Кыргыз.
(кыска варианты)

Комуздун күүсү Ала-Тоонун аскаларына чагылып, улам жаңырып, күчөп, кээде акырындап, анан эле кайрадан бууркандаган Нарын дарыясынын агымындай шар кетип, бир аздан соң жарыктык Ысык-Көлдүн толкунундай толгонуп, жыбырап, ай-ааламга тарап кетип жатты. Бир убак те Азиядагы Алтайдын, Шибердин (Сибирь) жыш токоюн эске салса, бирде Европанын айдыңын эске салган, бирде салатанатты даңктаган шаңдуу ырды, бирде кошок коштогон муңдуу ыйды эске салган бул күү токтобой уланып атты. Ал күүнүн ыргагынан, ал күүнүн мукамынан, ар бир кайрыгынан өткөн өмүр, тарыхтын жүзү көрүнүп, үнү угулуп турду. Күү улана берди...

* * *
Чаап келе жаткан атчандардын карааны алыстан эле көрүндү. Кароолдо турган жоокер келе жаткан атчандар туурасында кабар белгисин берип, Кароол-Чокудан түтүн булатты. Орукта калган жоокерлер жоо жаракчан шайма-шай болушту. Айылдагы кыз-кыркын, келин-кесектер да жоо кийимин кийинип, жааларын белендеп, саадактагы жебелерин иреттеп даяр турушту. Жоокерчилик замандын заңы ушул. Анткени Чоң кошундун баскынчы душмандарга каршы жортуулга кеткенине бир канча убакыт болду. Кан майданда не окуя жүз берди, али бул жакка белгисиз. Мына ошол Чоң кошундун жогунан пайдаланып, чет жакадагы башка кекенген ичи бузуктар ыңгайын келтирип, кароосуз калкка кол салбайт деп ким кепил боло алат?!! Ошондуктан, бардык жакшылыкка да, жаманчылыкка да дайыма даяр туруу –булардын кан-жанына сиңген адат эмеспи!
Чаап келе жаткан чабармандардын алдыңкысы жарданып турган элди көрүп, шаңдуу кыйырып келе жатты:
- Жеңиш! О Жеңиш, калкым! Биз жеңдик!..
- Оозуңа май! О Жараткан Теңир, аксарыбашыл!
Кырка тургандар алакан жайып, беттерине бата тартышты.
Коркунуч кубанычка айланып, Кыргыз айылы шаңга толду. Кернейлер күпүлдөп, добулбастар дүпүлдөп, кыл кыяк «Жеңиш» күүсүн тартып, акындар комузу менен баатырларды даңктап ырдап, Чоң кошун кыргыз Ажосунун коштоп, жер дүңгүрөтө келип түштү.
Бийчилер «Кара жоргону» бийлеп, казандар кайнап, той башталды. Бир жагында «Улак тартыш», экинчи жагында «Эр сайыш», андан нары «Кыз куумай», бериде «Ордо» оюну күч алып, балбандар күрөшө күч сынашып, кечинде кыз-жигиттин «Сармардени» жаңырып, көңүл кушун эргитип, бирок, жоодо каза болгондордун үйүндө кошок кошулуп, кара кийилип, аялдардын бети тытылып, туугандары «боорум ойлоп» өкүрүп жатышты.
Бул нерсенин канчага созулушу бир да жанга белгисиз эле. Анткени заман ушундай болчу.
... Комуз күүсү ошол туурасында баяндап жатты.

* * *
Калктын кары-жашы дебей, аял эркеги дебей качып баратты. Улуу Үркүн ушинтип башталды. Дүнүйө-мүлк, байлык, үй-жай калды. Жандарын гана ажалдан арачалап ала качкан калың кыргыз калкы белгисиз тарапка үркүп баратты. Орустун мылтыгы угулбаган, орустун огу келбеген жакка сүрүлүп, сүрдүгүп качып баратты. Атылган адамдардын шейит кеткен өлүгү көмүлбөй, өлүм өлүмдөй зыяпатталбай, кыргыз эли качып баратты. Кан эңсеген чөөлөрдүн тобу койлорго жабылган сыңары орустун мыкаачы аскерлери карыга да, жашка да, аялга да эркекке да карабай атып келатты, штыгына бешиктеги бөбөктөрдү сайып келатты... Кыргыздын кырчылдаган учкаяк атчан жигиттери жалаң камчы менен, колго илинген таяк менен орустун тез атар мылтыктарына каршы, өлөр-тирилерине карабай, аз болсо да качып бараткан кары-картаңдарды, аялдарды, балдарды кичине болсо да нарыраак алыстатыш үчүн, бир кыр болсо да ашып кетишине шарт түзүшүп, душмандарды алыксытып, кырылганына карабай окко өздөрүн тосуп, курман болушуп жатышты...
Качып бараткандардын деле кырылганы кырылып, калганы карлуу ашууда аскадан учуп, суукка тоңуп өлдү. Мурун элестете да албаган куу турмушту көз көрдү. Ашуудан аман-эсен өткөндөрү кытайдын чек арачыларынын огуна туш келди. Орустун огунан качкан немелер, кытай огунан мерт болгонуна карбай, боо түшүп өлгөнүнө карабай, жан сакташ үчүн Кытайга кирип кетишти.
Бул 1916-жыл эле. Комуздун күүсү ушуну баяндап жатты.

* * *
«Жаңы заман келет экен!», «Уруят болот экен!»
Калк ичи, кыргыз журту дуу-дуу болуп жатты. Ошо имиштерге улай эле: «Басмачы келатат!» - дешип элдин кээлери тоого качты, аларды кокту-колот, жылга-сайлар асырап калып жатты. Бир даары: «Кызылдар келатат!» - деп качышты. Ала-Тоо койну алардын да ажалы жетпегендерин сактап калды.
- Жаңы заман келди! Жашасын жаңы заман! Ленинге даңк! –деп, кубанычтуу кыйкырышты жалаңаяк көпчүлүк.
Ал эми элдин бир бөлүгүнө «кулак» деген үрөйдү учурган жарлык тагылып, алар мал-мүлкүнөн, киндик каны тамган тууган жеринен ажырап, тыягы Украина, быягы Шиберге итап болуп айдалып, кайгыдан көз жаштарына жуулуп кетип жатты.
Андан соң, эми гана турмуш өз нугуна түшө баштаганда, кыргыздын баш көтөргөн уулдары түрмөгө түшө баштады. Бирин-бири ушактоо, бири-биринин үстүнөн НКВДга арыз жазуу күчөдү. Ошентип, бирин-бир жей баштады. «Өзөктөн чыккан өрттүн, өздөн чыккан жаттын» күнү тууду.
Мунун аягы уланып жатканда Улуу согуш башталды. Майданда да, орукта да адамдар кырылды. Азаптан бел майышты, ага кошула Жер майышты.
Анан кайрадан Жеңиш келди!

... Комуз күүсү уланып жатты...

* * *
- Биз эгемдүүлүккө жеттик! Кыргыз мамлекети түзүлдү!! !
Жылуу маанай, кашка маңдай адамдын сүйлөгөнүн кыргыздар муюп укту, ажары жүздөрүнө чыкты. Кыргыздар алдыга чоң Үмүт менен арыш таштады. Жаңы доорду кура баштады. Анан... анан дагы кайгы... Кыргыз жерлери сатылды. Адамдардын жаны ачынды. Ага нааразылардын бир тобу Аксыда атылды...
Калк каарын чачты. Тиги кашка баш Президент Россияга качты...

... Комуз күүсү муңкана уланып жатты...

Кайрадан талашка түшкөн бийлик... Кайрадан бөлүнүү - Түндүк, Түштүк! Элдин Ынтымагы ыдырады... Ага каршы калк көтөрүлдү дагы. Ал токсондон ашык эркиндик үчүн чыккан эр азаматтын түбүнө жетти. Кийинки Президент да мурункусуна окшоп, Белоруссияга качып кетти!

... Комуз күүсү уланып жатты...

Кайрадан жакшылыкка үмүттөндүрүп элди, кайрадан мурунку бийликтен куулгандар, анан ошол бийликтин өзүн куугандар бийликке келди.
Эл Үмүтү алыста үзүлбөгөн шооладай жанат... Кыргыз көчү кылымдарга алгалап, ошол Үмүттү утурлай шаңдуу баратат...

Комуз күүсү аска-зоонун жаңыртып, ааламга угулчудай уламдан-улам бийиктеп, улам күчөп шаркырап агат... Жаңы санат... Комуз күүсү ай-ааламга жар салат!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 14 Апрель 2014 - 07:35

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Tyke_2013   14 Апрель 2014 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 201
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 09 Дек 2016 10:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош обл. Ноокат район.

Ассолому алейкум! Кыргызымдын чыгаан жигиттери! Анда эмесе баштадым.

"Улуу Кыргыз"

Кыргыздар кочмон эл болгондуктан, тоодон тоого кырдан кырга кочуп жашап журушкон. Ал убакта боз-уйдо жашашчу, кайда кочсо боз-уйун бузуп, тоого оноруп, алып кочушуп журушкон. Кыргыздын боз-уйу кышын да жылуу, жайын да салкын, жашоого абдан ынгайлуу болгон, эн кызыгы бир да мык иштетпей боз-уйун тургузушкан. Кыргыздар кой эчкини коп багып, андан эт, сут, жун тери ондурушкон. Койдун жуну менен терисинен кийим-кече, шырдак, ала кийиз жасашып, сутунон айран, сузмо, курут кургатышкан. Кыргыздын эн байларынын бир нече мин деген койлору болгон.Кээ бир кедей-кембагалдары мал чарбачылыгынан тышкары анчылык кылышып жандарын багышкан.Кыргыздар мал чарбачылыгы менен бирге эле белгилуу олчомдо дыйканчылык кылып, аштык айдашкан. Атугул алыскы Ат-Башы, Нарын, Суусамыр ондуу бийик тоолору ороондордо жашаган, Кыргыз уруулары да, дан эгиндерин эгишкен.Кол калаасын да дыйкандар буудай, арпа, сулу, буурчак ж.б. осумдукторду остуруп, кырманы кызылга толо мол тушум алышкан.Бирок айыл чарба шаймандары откон кылымдардагыдай эле дээрлик оркундотулбой кала берген. Кыргыздар жерди негизинен, ат же огуз кошулган темир тиштуу жыгач буурсун менен айдашчу. Темирден жасалган кетмен, орок, таш жаргылчак кенири таралган.Кыргыз уруу уруктары жалпы жонунан аймактык-саясий маанидеги эки чон топко Он жана Сол канатка, андан тышкары ичкилик тобуна кирчу. Мындай болунууго географиялык, экономикалык, саясий ж.б. факторлор себепкер болгон.Х V l- кылымдын башын да Моголстан мамлекети кулагандан кийин, Кыргызстандын саясий жактан оз алдынча болуп калышы аймакты жердеген калктын ич ара чарбалык этностук байланыштарынын андан ары орчуп онугушу учун ынгайлуу шарт тузгон.Бирок аскасы асман тиреген ашуу-белдери кузгусун жана кышкысын жабылып калуучу Тенир-Тоо тундук менен туштуктун оз ара байланышын кыйындаткан. Ушундай шартта он канатка кирген уруулар Сыр-Дарыя боюндагы калаалар менен тыгыз мамиле тузууго умтулса, сол канаттын кыргыздары Фергана ороонундогу отурукташкан калк менен ымала кылган. Тундук Кыргызстанды негизинен он канат уруулары жердеген. Сол канатка жана ичкиликке бириккен уруулар Кыргызстандын туштугун, Фергананы жана Памирди жердечу. Ал эми сол канаттагы кушчу, саруу урууларынын жоон тобу Таласта тураар эле. Кыргыз уруулары Чыгыш Туркстанда да жашаган.

Мына ушундай (кыскача баяндап кеттим) албетте колдон келишинче.

"Men кыргызмын"
Кыргызмын кыргыз болуп жаралгамын,
Кыргыз болуп туулганыма мактанамын.
Кыргыз жерин ынтымакта сактайлычы,
Кыргыз жерин Ала-Тоосун барктайлычы.



Катышуучулардын баарына ийгилик! Урматым менен Тыке!

Билдирүүнү түзөткөн: Tyke_2013: 14 Апрель 2014 - 15:30

С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Kg.lady   14 Апрель 2014 - 18:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Урматтуу kama_future_millioner уйурунуздон адашып кетпединизби? ! Бул жакта сынак журуп жатат!Сүрөт

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Hameleon   15 Апрель 2014 - 07:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 208
  • Катталган: 03 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2016 12:15
  • Жынысы:Эркек

"Улуу кыргыз" темасына.

Ким элен кыргыз, карачы ким болгонун.
Ушул эмеспи урмат сыйдын жоголгону?
Акчаны деп бир туугандар жат болушса,
Ушул эмеспи ыймандын кор болгону?

Ыйманга баш ийе албай амал кылбай,
Абийирсиз болуп жаштар кобойуудо.
Копчулук оз тилинде суйлой албай.
Ар кимиси ар тарапка болунуудо.

Болунуп журо берсек ар тарапка,
Мекенибиз кантет бизсиз?- ойгонолу.
Колубузда турган бейишти сактай албай,
Башка журттук болуп кетууго жол койбойлу.

Оз жери учун жада калса жанын берип,
Мекеним деп канаттарын какпай керип.
Ата баба мурас кылып кетсе дагы,
Сактай албай ат минерлер качып берди.

Бейишго деп нечен элди суктандырган,
Ээлесем деп канчалары коз алайткан.
Кадырына жетпей жургон жерибизди,
Эх туугандар КЫРГЫЗ деген эл журт курган.

Уктап жаткан болсок эгер ойгонолу,
Акчаны деп биз мекенди кордобойлу.
Бийликтеги тойбостор эч тугонушпойт,
Андыктан ынтымакта бир болойлу.

Улуу кыргыз эч убакта сынган эмес,
Соз берген сон убададан качкан эмес.
Кочодо 21-кылымго деп,
Бут нерсени кылымга тонкоо туура эмес.

Тундук туштук болуп журсок ырылдашып,
Кыргызды кыргыз уруп согуп салым салып.
Жараткандын сыноосун да кагылышпай,
Озгоройлу кимдигибизди эске алып,

... "Коп тукурсон кол болот"-деп коюшатго?
Биримдикке умтулалы мумкун болсо.


-
Ийгилик баарыныздарга дагы да.

Билдирүүнү түзөткөн: Hameleon: 15 Апрель 2014 - 07:39

Да. Я делаю много ошибок. К сожалению жизнь без инструкции.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   kuba.94kg   15 Апрель 2014 - 14:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Ташка тамга баскан кыргыз
кылымдарды каарыткан,
кыргында кырылбаган,
аты өчпөйт түбөлүкө
тарыхтан.

Ыйык мекенибиз үчүн
ажалга тике карап
нечендеген баатырлар
курман болгон.
Бейиштин төрүндөй
мекени, асман тиреген
Аска-зоосу, койну кенен
Ал-Тоосу шар аккан
суулары таштан ташка
секирген булактары бөтөн
элди суктандырбай
койбойт.
Булбулдун үнүндөй үч кыл
комуз ата-бабам мурас
калтырган, душман келсе
кылычын кынынан
сууруган баатырлардын,
ааламга аты чыккан
жазуучулар акындардын
тарыхта өчпөс оорду бар.
Улуттук ат оюндары,
кийимдери каада салты
урпактарга уланып келет.

Ким элен кыргыз ким
болдун?
Кылымдарды каарыткан
кыргызым бугүн кор болду,
Манас атам чогулткан
Кыргызым...
Бөтөн элге кул болду,
Манастан калган Узөңгу-
Куш Кытайга
Каркырасы Казака
Жарыбаган пул болду.

Кайда калды кең пейилдүү
кыргызым?
Манас ата баш болгон
ынтымактуу кыргызым?

Кыйналып кетти кыргызым
Жүрөгүм ыйлайт тымызын
Чачырап кетти уул-кызың
Чет жакта журөт сагынып
Ала-Тоонун кымызын.

Кейибе кыргызым кейибе!
Кайтасын сен жериңе!
Ала-Тоонун кучагында күн
нуруна бөлөнүп мөлтүр
таза шар аккан сууну
бойлоп,
Ынтымактын суусун кечип!
Тынчтыктын гүлүн терип!
Кымыз жыттуу
кыргызым чогулат деп
ИШЕНЕМ ЖАНА ИШЕНЕМ!
Манастын жолун жолдоочу
Туңгуюктан сууруп чыкчуу
келечеке жаңы кадам
таштаган Ала-Тоодой,
Аска-Зоодой эр азамат
уулдарың бар!

:kgbala: :kgbala: :kgbala: :kgbala:
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Kg.lady   15 Апрель 2014 - 18:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Улуу кыргыз.
(ким элек, ким болдук).

Айылдан Асан карыянын шаарга келгенине бир топ болуп калды. Атасы шаар жашоосунан тажабасын деген баласы, козунун кареги менен тен айланып, калааны туро кыдыртты. Базар, гипер-супер маркеттер, борбордук аянтча айтоор эч нерсе калбады. Бирок, бул нерселердин бирида карыянын конулуно топ келбеди. Ананчы омур бою тоо койнунда, ат устундо жургон жанга шаардын ызы-чуусу жакмак беле. Болгону уул-кызын коруп , сагынычы таркап, конулу осконуно каниет алат.
Баласы жашаган жерден бир аз окчунураак жайгашкан , эс алуучу бак бар, карыя ошол жерде убактысын откозот, уул-келини жумуштан келгенче. Болбосо кабат уйдо деми кыстыгып, жудоп кетет. Бугунда ошол бакка келди, олтургучтардын бирида бош эмес, четки орундукта жаш бала отурат, карыя баланын жанына кочук басканча, кобурай кетти:
- жакшысынбы садага, жанында бираз отура турайын, башкасы бош эмес экен. Оох, кундун кайнаганын айт!
- Издрасти, деп баш ийкеген болуп койду, мотурайган балакай. Эриккениненби, же чын эле кызыгуусу арттыбы ,
-Алдагы колундагы эмне?!,- деп сурай кетти Асан карыя.Байоо муноз бала жанында отурган чокчо сакалды тан кала карап:
-Айфон , деди.
-Ал эмне?!
-Аный де, чон кишилерда айфонду билбейби?! Биздечи, айфон, айпаддарды билбесе балдар "ЛОХ" деп шылдындайтда!
-Улоху неси , ботом?!
-Хи,хи,хи, лохтуда билбейсизби? ! Анда "МЫРК" дегендичи?
-Улохундуда, ымырыгындыда билбейм, кулунум. Биздин заманда улох, ымырыгы жок эле кунубуз отчу. Азыркылар эле шумдуктай болуп баратат.
-Сиз анда айылдан келгенсизго, менинда айылдан келген досум бар "КОЛХОЗ" дейбиз эч нерсени билбейт. Бирок, олло жакшы бала.
Ну ладно дедуль , пока!, деп ордунан тура жоноду.
-Бир аз отурсан болмок, кагылайын ымырык-сымырыктарынды менда уйронуп алмакмын.
-Кеч барсам женем урушат, деп куноолудой жер карады.
- А эмнеге женен, апам кайда?
-Мамам, папам, эжекем россияда, мен байкем менен турам.
-Аааа, анда барагой, жененден тил угуп журбо, деп баланы узата карап карыя кала берди.
Аай, тубун тушкон дунуйо аай! Кор оокат деп элимди кайда гана тентиттирбедин! Канчалаган балдардын коздорундо сагынычтын, кусалыктын учкундары чачырайт. Дагы балада улок-млок, ымырыгы менен мактанып, сагынычын жашырат арсыздар. Ботон элде журуп кыргыздын баркын билгендей эле болдунар, жок дегенде балдарынарды кыргызча суйлотсонор болмок. Ээх, жашоо кайда баратат? Манас туптогон элим кайда калды? Жоого каршы аттанган эр кокурок эр азаматтарчы, алар кайда? Эр болбой курусун.Ошол эр жигит дегендер азыр бирин- бири суйуп ит болуптур, кыздын тукуму куруп кеткенсип бирин- бири суйгону не шумдук , капырай! Дагы оздорун "КОГУШ" деп атап алганына кантесин. Когушун менен корго кир! А кыздарыбызчы, кыздарыбыз деген ары жагы корей, бери жагы азер менен жетелешип кетиптир. Ар намыс, уят дегенди арсыз кыздар байлык менен ченеп калганбы, балекет!

Келе элек конокко деп, баласынан кантын каткан кыргыз кайда калган? Ак сакалын жайкалтып, тордо отуруп санжыра айткан карыячы, алар кайда? Ак элечек эне , Акыл Карачачтай келин кайда? Адилеттуу башчы кайда? Дегеле кыргыз наркы, баркы кайда учуп жок болду?
Илгери кыргыз дегенде кытай батынып Ала-Тоого кире алчуу эмес. А азырчы, кытайдын озу бул жакта турсун сомапал товары кошо каптады. Кылкылдаган сан кытай эмес, кечээле пайда болгон колу-коншулар, кундон-кунго опурулуп кысмакка алып, жерлерибиз четинен кетилип , ошол коншу сооройго отуп жатат. Бабам сактап келген бейиштей жерлерибизге неге ээ боло албай калдык?

Ээх, элин, жерин коргой албаган ажоого наалат! Олбоочудой хан сарай салган ханга наалат! Тундук-туштук. аркы ойуз, берки ойуз деп болунгон Абыке, Кобошко наалат! Кайненеден тартынбай тастандаган келинге наалат! Энесинин жузун жер каратып, денесин саткан кызына наалат! Баласы курдуу бала менен стакан кагыштырган атага наалат! Акча учун адамдык сапаттан кетип, пикет-микет деп чуркаган ОБОНЧУ энеге наалат!, деп кыргыз атпайдын баарына наалат айтып Асан карыя отурду. Коодону кирдеп, ушкурсо ушкуругу таш жарып , журогу мыкчылды. Ананчы коз алдында болуп жаткан ыпластыктарга кантип тутсун. Чукодой солокоту болсода, кыргыз дегенде тоодой деми бар ушул абышкадай боло алабызбы?! Ушул абышкадай туйшолуп, санаа тартып , эртенки кун учун кыйналабызбы? Жоок, жок биз анте албайбыз, биз кайдыгер адамдарбыз. Кайсыл жерде кызарып турган нерсе болсо, ошону жулуп алсак, талап-тоноп алсак, озубуздун кардыбыз тойсо болду, башкасын ойлоп баш шишиптирби! Эмне азап баш оорутуп, нерв коротуп! Биз ушундайбыз. Азыркы кыргызБайлар ушундай, озунун гана комочу бышса болду, эптеп кул тартып алса болду.

Ташка тамга баскандай наркыбыз бар эмес беле?! Кыргыз дегенде кытай менен калмак урккон сурубуз бар эмес беле?! Ким элек, ким болдук? Озуно ушул суроону бир ирээт берип кордунбу? Жоок, жок сен экообуз мындай олуттуу суроонун айланасында ойлонмок тугул, мындай суроодон он чакырым узакта жашап калганыбызга коп болгон , замандаш! Эртенки урпактар учун из калтырмак турсун , кара курсакты эптеп багып жатсак, андай суроолорго жол болсун. Уят, уят биздин бул журушубуз уят. Келечек муун алдында да, жараткандын алдындада адамдык сапатым бар деп айтуунун озу уят! Биздин жалкоолугубуз. кашкойлугубуз, кайдыгерлигибиз, туркойлугубуз эртенкиге кыянат! Урпактар учун биздин алсыздыгыбыз, озумчулдугубуз ото уят!

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 16 Апрель 2014 - 10:41


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   dias   16 Апрель 2014 - 13:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 20 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 23:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Улуу Кыргыз
Учактан түшүп жатып, таза абадан кере кере дем алып, канча жылдан бери Орусия өлкөсүндө иштеп жүргөн Шүкүрбек “Чын эле Кыргызстаныма келдимби?” - деп көргөн көзүнө ишенбей, сүйүнүп жатты. Ооба кечө эле ал жумушсуздуктун айынан, чоң умүт менен Орусияга ушул эле аэропортон учуп жатпады беле, көз ачып жумгуча билинбей убакыт зымырап учуп 4 жылдын жүзү болгон тура. Ошол убакыттан бери көп нерселер өзгөрбөдүбү. Кичинесенен багып чоңойткон чоң атасы небересинин келишине чейин жете албай дүйнө салып кетеберген. Кабар жеткени менен шарты жок жүргөн Шүкүрбек чоң атасын акыркы жолуна узатканга да келе албай калбады беле. Мына эми уядан учкан куш өз уясына кайра учуп келе жатат.
Шүкүрбек туулуп өскөн айылына жетип үйнө барардан мурда чоң атасынын мүрзөсүнө кайрылып куран атап кетүүнү туура көрдү. Айылдын четинде жайгашкан мүрзөгө келип, чоң атасы жаткан жайдын жанына келип отуруп кырааты менен куран түшүрүп:
-Атакебай, сени акыркы сааттарында жаныңда боло албаганыма мени кечир деп үшкүрүнүп көзүнө жаш алды. Орусяга кетип жатканында чоң атасы айткан “Айланайын балам сен кайрылып келишиңе чейин мен бул дүйнөдө жашап тура алар бекем” - деген акыркы сөзүнө, “Атаке кабатырланбаңыз мен тез эле келем, буйруса баардыгы жакшы болот, иштеп тапкан акчама сизди райондун эмканасына алып барып даарылантам” – деп жооп бергени дагы деле эсинде. Ооба чоң атасына берген сөзүнө тура албады, анын акыркы жашоо кундөрүнө жетип келе албады, кантсин тагдыр ушундай жазылган тура. Көр тиричиликтин айынан, көптөгөн жаштар, мекенинен жумуш табалбай чет жака иштегени агылып кетип жатканы азыр жаңылык деле эмес го. Азыркы ар бир кыргыздын үйбүлөсүндө жалан гана каарылар менен жаш балдар калып, ишке жарамдуулар алда качан чет жакта үйдөгү ата-эне менен балдарын багуу максатында иштеп кетишпедиби. Заманан кургур оңолсо экен деген үмүттүн шамы барган сайын өчүп бараткансыйт.
Мүрзөдөн чыгып, көчө аралап Шүкүрбек үйүнө келип кароосуз, эскирип, урайын деп калган тамды көрүп көз алдына бала чагы менен ата-энеси келди. “Апа мен дагы барайынчы”- деп эрчигенине карабай, “Кой балам, сен чоңойбодунбу, чон атан менен чоңапаңдын жанында үйдө отура тур” – деп коңшу айылга тойго атасы менен апасынын кетип жатканы, ошол каргашалуу күнү тойдон келе жатып авариядан каза болгон ата-энеси кайра эсине түштү. Ал күндөн көп узабай жападан жалгыз баласынан айрылганынын кайгысына чыдабай чоң апасы дагы алардын артынан эрчип оо дүйнөгө сапар алып кетпеди беле. Мына эми мынтип бул дүйнөдө жалгыз таянар чоң-атасынан айрылып анын мурзөсүнө барып келе жаткан учуру.
Орусядан Шукүрбек келиптир деген жаңылыкты угуп, жакынкы кошуна апа Шүкүрбек менен учурашканы колуна түйнчөк көтөрүп алып, алыс жол арбытып келип, жаңыдан үйгө жайгашып жаткан Шүкүрбекке жолугуп:
-Ии кагылып кетейин балам жакшы келип алдынбы деги, - деп үн катты.
-Рахмат апа, жакшы эле келип алдым.
-Сени келиптир дегенди угуп, чон атан калытрып кеткен түйүнчөктү сага тапшырып коёюн деп сен жака бастым эле. Чоң атаң сенин келишинди абдан күтү, байкуш бул күнгө жетпеди. Андан бери жыл өттү, үйңөргө көз салып турдук. Биздин балдар деле ошо Орусияга кеткен бойдон жок, ана келет мына келет деп коюп эле кутүп отурабыз. Сен аларды көрбөдүнбү айланайын, кандай жүрүшөт болду экен, ачка, кийими жыртык болбоду бекен?
-Жок апа,мен аларга жолуга албадым. Кабатырланбаңыз, буйруса келип калышаар.
-Ооба күтпөгөнгө арга барбы. А бул түйүнчөктү чоң атан сага бергиле деп амантака калтырган болчу, ичинде сага арнап жазган каты дагы бар. Үйдөгү сандыктын эң астына сен келсен берейин деп катып койгон болчумун. Мына эми өз убакыт сааты дагы келген турбайбы.
-Мага деп сактап жүргөнүнүзгө рахмат апа. Келиңиз эми шашпай отуруп чай коёюн чай ичип чыгыңыз.
-А балам кайдан чай ичүү, малдар кезүүдөн келчү убакыт дагы болуп калды, барып тоспосом жоголуп кетип балекет баспасын.
-Андай болсо макулуңуз апа, эми башка учурда шашпай отуруп чай ичип сүйлөшөрбүз.
Кошуна апа кеткенден кийин, чоң атасынан эмне аманат калганына кызыгып жана акыркы катта эмне деп жазылганын окуугусу келген Шүкүрбек, жер төшөк үстүнө отура калды. Түйүнчөктүн ичинде тогуз коргоол оюнун такчайсы таштар менен жана конвертке салынган кат барак бар экен. Конверти четинен бычак менен ачып ичинде тыканы менен бүктөлгөн катты ачып анда: “Уулум бул катты окуп жатсаң, демек мен сенин кайра үйгө кайрылып келишиңе жетпей чоң апаң менен ата-энеңдин жанына кеткенимди түшүндүрөт. Мен сенин келишинди күн санап күтүп жүрдүм, шаардан келген автобустан сенин элесинди көрүп каламбы деген үмүт менен күндө аялдамага шаардан автобустар келчү убакытта барып күтүп жүрдүм, кантейин сен келбедин. Кандай болсо дагы аман болсон болгону. Бул кат менен кошо илгертен урпактан урпакка өтүп келе жаткан тогуз коргоол оюну бар. Мага бул белек атамдан калган белеги, кыялымда сенин атаңа калтырып кетейин деген тилегим бар эле. Тагдыр буйругу экен, атаң бул дүйнөдөн шашып келип шашып кете берди, эми сага калтырып жатам. Балам бул оюнда чоң сыр катылган, ал сырды сага ачып кетейн. Эгерде тогуз коргоолдун такчайсындагы каршылаштын үйүнө сол жактан баштап таштарды ирети менен салсан өткөн күнгө же болбосо келечекке убактылуу түшкөнгө мүмкүнчүлүк жаралат. Бирок кайсы убакыт алкагына түшпөгүн балам сен эчтекени өзгөртө албайсын жана жөн гана четтен туруп ал окуяга күбө болосун.” – деп жазылганын окуду. Катта жазылган маалыматка түшүнбөй кайра кайра окүп чыгууга туура келди. Ушундай дагы болушу мүмкүнбү? – деп тогуз коргоол оюнун тактайчасын жерге коюп катта жазылгандай иретте таштарды үйлөргө салып чыгып эми эмне болот деп болчу окуяны күтүп отуруп калды. Ангычакты жаңы эле жарык болуп турган үйдүн ичин бир заматта карангы каптап, алай дүлөй боло түштү. Шүкүрбек эмне болуп кеткенин түшүнбөй жөргөлөп эшикти көздөй утурлады. Сыйпалап жүрүп эшикти табып, аны акырындан түртүп сырттый көздөй чыгып, күндүн жарыгынан көзү уяла түштү. Айланадагы жарыкка Шүкүрбектин көзү көнө түшкөндөн кийин, көргөн көзүнө ишенбей, саамга болуп жаткан нерсеге тандана ойлонуп туруп калды. Жаңыдан күүгүм тартып,айылды карангы каптап келе жаткан болсо, кандайча чак түш убактысы болуп калганына Шүкүрбек тушүнө албай айланага көз жүгүртү. Такыр эле башка айыл, өмүрү көрбөгөн үйлөр, кандайдыр бир жакыр мамлекеттин айылдарына туш болгондой сезим Шүкүрбектин жүрөгүнө туюлдү. Көчөлөрдө жымжырт, көчө аралай тамак издеп жортуулда жүргөн көчө иттеринен башка бир дагы тирүү жан көрүнбөйт. Айылдын жашоочулары шашылыш кандайдыр бир опурталдуу нерседен бир жака качып көчүп кеткендей көрүнөт. Ангычакты эле көчө аягынан чаң чыгып топтолгон элдер шашыла Шүкүрбектурган жерге жакындап келе жатышты. Алар жакындай баштаганда Шүкүрбек арасынан кемпирчалдар, ызылдап ыйлаган жаш балдар жана келин кезектерди тааный көрө баштады. Байлары жүктөрүн төө жана аттарга жүктөгөн болсо жакырлары өз ийнине турмушта керектелчүү оокаттарын асынып алып келе жатканы байкалды. Үймөлөктөшүп кележаткан адамдар Шүкүрбектин жанынан өтүп бартканда, Шүкүрбек алардын көздөрүнөн бир нерседен чочугулаган, иизине түшүп, куулап келе жаткан кандайдыр бир чоң душмандан коркондорун көрө алды. “Булар кимдер, кайдай баратат, кимден качып баратат, Кыргызымды кандай кесепет каптады?!” – деген суроолор Шүкүрбектин ойлонто баштады. Кайра эле көчө башынан чаң чыгып, атына камчы салгылап, улам кылчактап артын карап, ат чабып келе жаткан жаш бала көрүндү. Качып бара жаткан элге жеткенде, Шүкүрбек, жаш өспүрүм бала аябай чарчап чалыкканын, бетинен тер кетип, колунда октон жаракаты бар экенин жана жаңы эле кандуу согуштан үзүлүп чыгып бул жака кандайдыр бир шашылыш кабар угузуу учун келе жатканын байкады. Ал бала кетип бара жаткан элди кууп жетип:
-Айланайын эл журт, шашылыныздар, тездеңиздер, орустар жакындап калды. Алардын астын тосуп, сиздерди алысырак качып кеткичекти кармап турчу жүздүктүн жарымынан көбү окко учту. Алардын кысымына туруштук берүүгө биздин баатырлардын алы жетпейбара жатат, - деп кыйкырып аттын тизгинин имере тарты. Мындай кабарды эл угарыменен кыйкырык - сүрөөн, өкүрүктөр чыга баштады. Көч кадамына кадам кошуп мурдакы басыгын күчтөндүрдү.
-Түптөн чабарман келди, -деп өспүрүм бала сөзүн улады. Ал жакта баш оона айынын жыйырма сегизинде болгон салгылашуудан биздикилер женилип тоону көздөй таяна баштаптыр. Биз дагы эптеп өтмөктү ашып алсак бөрү изин кубалаган иттей болгон орус бизди кубалабай токтотор, - деп үшкүрүнүп алды.
Четте туруп болуп жаткан нерсеге күбө болуп жаткан Шүкүрбектин көзү ачышып кетип, көзүн жумуп, ушалап кайра көзүн ачса өзүнүн үйүндө тогуз коргоолдун жанында отуруптур.
-Эмне уктап кетип түш көрдүмбү же ошол заманга чындыгында түштүмбү, - деп танкалган Шүкүрбек айланасын карап отуруп эле калды. Бул чоң атамдан калган тогуз коргоолдо чоң сыр катылган турбайбы, кайра таш ыргытып жаңы эле болгон окуя эмне менен аяктады ошону корушүм керек экен – деген ой Шүкүрбектин жүрөгүн аралап өттү.
Колуна өз үйүнөн ташты алып каршылашынын үйүнө таштарды биринчи салганындай кайра салды. Үйдүн ичин кайра карангы басып, Шүкүрбек эчтеке көрө албай калды. Көзү карангыга көнүп үйдүн ичи элес булас көрүнө баштаганда, туруп эшикти көздөй басып, эми мени сыртта эмне күтүп турат деген табышмактуу ой менен эшикти акырын түртүп ачты. Биринчи окуясындай эле эшикте күн шашкеге көтөрүлгөн, бирок алгачкы окуядан айырмаланып көчөлөр такыр башка. Биринчи жолу көргөн үйлөргө караганда бул жактагы үйлөр алда канча жакшырак болгону менен кыргыз эли дагы деле жакырчылык жана карангылык кучагында экенин Шүкүрбек жакшы байкады.
-Демек мен башка айылга же болбсо башка убакыт алкагына тушкөн окшойм, - деп Шүкүрбек ойлонуп койду.
Көчөлөрдө тиричилик түйшүгү менен алектенген кемпир чалдар жана жаш балдар. Негедир эркектер жана бойго жеткен балдар көрүнбөйт. Кичинекей балдардын беттеринен кызылы кетип, кубарган жүздөрүн көрүп, көптөн бери тынгылыктуу тамак жей элек экендерин Шүкүрбек байкады. Эркекке тишелүү оор жумуштарды кыз келиндер аткарып жатканын көрүп бир сыйра башын чайкап алды. Кыргыз элин кайра бир мүшкүлбаскандай деген ой Шукүрбектин жүрөгүн бир болк эттирди.
Ангычакты эле кемпир чалдар топтолуп көчө аягында жалгыз турган тамды көздөй жөнөй баштады. Эмне болуптур деген суроого ак жолук салынган бир кемпир: ”Түлөбердинин үйүнө кара кагаз келиптир” - деп сөз баштады. Чолпонбайыбыздан айрылыптырбыз, баатырларчасынан төшүн дзотко тозуп, Түлөбердинин кулуну окко учуптур. Он гүлүнүн бир гулү ачыла элек эр жигит мекенин коргойм деп эми кара жер кучактап жатат. Немиц деген балекет мекенибизге кол салып биздин жолду жолдоп кыргыз деген улуттун тукумун улаачуу жаштарыбыздан айрылып жатабыз. Оо карангы күн, жаштарыбызды арабыздан албай биздин алсаң эмне?! Өз баласын көмгүдөй биз кандай каргашага калдык эле,- деп көзунөн жаш агызып, боздоп Түлөбердинин үйү көздөй басты.
-Чолпонбай? ,демек мен 1942 жылдын убакыт алкагына түшкөн турбаймынбы деген ойду ойлонгуча Шүкүрбектин көзү тумандап кайра өз үйүндө тогуз коргоолдун жанында болуп калды. Шүкүрбек оордунан туруп, ары бери басып, ойго чөмүлүп, көз алдынан жаңы эле болгон окуяларды элестетип жиберди. Көпкө чейин ойлонгон Шүкүрбек жерде турган тогуз коргоолду көрүп жанына келип тез тезден таштарды кайра үйчөлөргө салып эми кайсыл убакытка түшөм деп көзум жумуп отуруп калды.
-Мына бетке соккон салкын шамал, унаалардан чыккан ызы чуу үндөр, демек мен кайра убакыт алкагында секирик жасадым, -деп Шүкүрбек көзүн акырын ачты. Көзүнө бөтөн бир шаар, бийик бийик үйлөр жана ал калаанын тургундары көрүндү. Ары бери өткөн элдердин ууртунда жылмаю, көңүлдөрү ток, бактылуу өмүр сүрүп жатышканын Шүкүрбек байкады. Көчөдөн өтуп бара жаткан кичинекей баладан “Азыр канчанчы жыл”- деген суроону Шүкүрбек узатса, кызыктай суроо берген байкеге таң калган бала:
-2025 жылдеп жооп берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   admin_superstan   16 Апрель 2014 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сынакка бир колдонуучу 2 ысым менен катышууга укугу жок!
jon_jurbos , сынактан четтетилди!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Daud   16 Апрель 2014 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты, басып өткөн жолу тууралуу жазууга камданып жатып, өткөн доорлорго карай сапар тарттым. Ал доорлордо жашап өткөн кыргыз чыгаандарынын кээ бирлерин жакындан карап тургандай элестетсем, башкаларынын образдарына кирүүгө да үлгүрдүм.

Эң алгач эле Манас атабыздын дооруна аттандым.Анын качан, кайсы жылыдары жашап өткөнүн билбесем да, ал жашаган доордогу кээ бир саамалыктарды кудум азыр болуп жаткандай элестеттим. Ошентип ой-кыялдарым мени Көкөтөйдүн ашы өтүп жаткан күнгө карай алып учту.

Бир тарапта жигиттер жамбы атышып, көк бөрү тартышып, дагы бир тарапта акындар сөздөрдү шурудай тизип ырдап жатышса, башка бир тарапта жорго жарыштын күйөрмандары, “кимдин жоргосу биринчи болуп марага жетип келээр экен?” – деп, жердин чаңын асманга көтөрүп, желип келе жаткан жорголордон көз албай кызыгуу менен карап турушат. Аңгыча жоон билек балбандар күрөшүп жаткан тарапка элдер дагы да көбүрөөк чогула башташты. Анткени ал жерде белгилүү балбандар Кошой менен Жолойдун күрөшү башталган болчу...

Ар кайсы жерден келген адамдар кыргыздын эр жүрөк баатырларына, ак таңдай акындарына суктанып карап жатышты. Кыргыз элинин меймандостугу, Манас атабыздын айкөлдүгү аларды таң калтырып турду. Манас атабыздын чыныгы лидер экендиги, анын эл мыктылары арасынан тандап алган чоролорунун ага карата кылган мамилелеринен жана жалпы карапайым калктын ага көрсөткөн урмат-сыйынан көрүнүп турат эле. Ошол убакта эмне себептен Манас атабыз ар дайым туура чечим кабыл алаары да келген конокторго белгилүү болгондой болду. Анткени анын көптү көргөн көрөгөч, даанышман, сөзгө чечен кеңешчиси Бакай атабыз, анын максат кыялдарын орундатуу үчүн ар дайым көмөк көрсөткөн “акыл кара чач” Каныкей энебиз бар эле. Андан сырткары анын буйруктарын кыйшаюсуз аткарган, керектүү убакта өз пикирлерин айткан Алматбет, Чубак, Сыргактар баш болгон кырк чоросу да бар болчу. Албетте кыргызды көрө албаган, арам ойлуу, бузук ниеттүү, котур ташын койнуна каткандар да бар эле. Бирок азыр кеп алар жөнүндө эмес.

Кызык, ат жалында кылыч ойнотуп, жаа аткан ошол доордогу кыргыз жигиттери, акыркы жолу качан ат мингендигин эстей албаган азыркы доордун кыргыз жигиттерин көрсө эмне дээр эле? Корей сериалдарындагы кыз сымал жигиттерди туурагандарды көрсөчү? Азыр кыргыздын арасынан пайда болгон гейлер жөнүндө угушса, ишенишээр беле?

Ошол доордун Кошой атабыз баш болгон жоон билек балбандары, бүгүнкү күнү арак, тамекиге ууланып, бечел болгон кырыгыз жаштарын көрсүшсө кандай абалда калышаар эле?

Бүгүн кыргызды Манас атабыздай лидер башкарса кана. Кана эми министирлерибиз Манастын кырк чоросундай болуп, ханыбыздын айткандарын так орундатса. Аксакалдарыбыз Бакай атабыздай болуп, хандарыбыз алардын кеңештерине кулак салышса кандай сонун болоор эле...

Ушундай ойлорго батып отуруп, андан ары орус баскынчыларынын биздин мекенибизге басып келген убактысына карай жол тарттым.

Мына Алымкул аталык баштаган кыргыздын эр жүрөк азаматтары. Алар бүгүн сан жагынан да, курал жагынан да өздөрүнөн алдаканча күчтүү болгон оруска каршы согушуп жатышат. Алар буга чейин да бир жолу беттешишкен эле. Ал беттешүү тең чыгуу менен аяктаган болчу. Бүгүн экинчи жолку беттешүү. А кээ бирлер үчүн бул акыркы беттешүү. Ошол доордо жашаган белгилүү акын, Молдо Нияз атабыз Алымкул аталыктын согуштагы абалын сүрөттөп мындай дейт:

«Карадан чыккан Алымкул

Камандир кайдан келди деп,

Кайратыга куп келди.

Куюшкан салбай ат минип,

Кутура чыккан Алымкул

Кубандар кайдан келди деп

Курушуга куп келди»

Бүгүнкү согушта өлүм аларды токтото албайт эле! Анткени бул согуштун жыйынтыгы кыргыз элинин эркиндигине, динине, үрп-адатына, каада-салтына, маданиятына таасирин тийгизүүсү анык болчу. Андыктан кыргыз жигиттери бүгүн, бир убактары бабалары Манас душманга каршы кандай эр жүрөктүүлүк менен согушкан болсо, алар да ошондой эр жүрөктүүлүк менен согушка киришти. А бирок күчтүү куралданган, сан жагынан да көптүк кылган орус аскерлерине каршы туруу кыйын болчу. Бул күнү мекен, эл-жер, дин үчүн кыргыздын кыраан жигиттери шейит кетишти. Энелердин көздөрүнөн жаш агып, жүрөктөрү алоолонуп, күл болду. Кайгыдан көңүлдөрү караңгы түн болду. Ким билсин, балким алар өз уулдарынан ажырагандыктарына караганда, өз мекендеринде жаңы кожоюндар пайда болуп, бөтөн салт, бөтөн дин келээрине көбүрөөк кайгырып жатышкандыр. Анткени ал доордун энелери өзгөчө болушкан эмеспи.

Орустун келишин саткындардан башка эч ким кубануу менен күтүп албаганы анык. Эркиндикти өлүмдөн жогору койгон азаматтар, дин, мекен үчүн күрөшүп курман болууну тандап алышкан болсо, кыргыздын тукум курут болуп кетүүсүнөн корккондор мажбур болушкандыктары үчүн гана оруска багынып беришкен. Бир гана саткындар орус убада кылган мансапка, байлыка азгырылып, алар тарапка өтүшкөн.

Орустун кыргыз элине жакшылык алып келбесин Молдо Нияз атабыздын төмөндөгү ыр саптарынан да көрсөк болот:

«Албарс кафир заманы

Арзан болбойт галабыз (эгин, дан),

Адепти билбе йт балабыз.

Акыретин бербесе,

Ара жолдо калабыз».

Ал Сатыбалды, Зиябүдүн, Мамыталы, Атабек, Аширнаип, Үрүстөмбек, Хидеяткан ж. б. азаматтардын көздөрү тазаланып, атүгүл айрым журттун эли бүт бойдон дайынсыз жок кылынганын айтып:

«Өмүрбек журту атылып,

Кырылганга күйөмүн» -деп, ызаланат.

Ар кандай зордук-зомбулуктагы, ачуу-арай күндөргө күбө болгон акын:

«Көгөөндөй көгөргөн

Көзүң курусун бутпарас!

Балдыр- балдыр сүйлөгөн

Сөзүң курсун бутпарас! »— деп каргаган.

Анын бул ыр саптарын кандай сезимдер менен жазып жатканын көз алдыма элестетип жатып, бүгүнкү күнүбүзгө кайтып келдим. Бүгүн биз өз тилибизди унутуп, ошол бутпарастын тилинде сүйлөп калдык. Бүгүн ошол бутпарастын маданиятын кармануу жетишкендик, маданияттуулук деп саналат. Бизкандай гана өзгөрдүк!

Баскынчыга каршы күрөшкөн аталарыбызды“басмачы” деп атадык! Ленинди “атам” деп, Путинди мактадык!

Алымкул аталык баштаган жоокерлер, жеңишке жетүүлөрү кыйын экендигин билип туруп, бул согушка аттангандыктарынын себеби да биздин ушул абалга түшүп калуубуздун алдын алуу үчүн болгондугуна толугу менен ишенем. А биз болсо бүгүн акча үчүн орустун жарандыгын кабыл алып жатабыз. Биз бүгүн акча үчүн кыздарыбызды, аялдарыбызды, эже-карындаштарыбызды коркпостон Молдо Нияз атабыз айткан албарс кафирлердин өлкөсүнө жалгыз жиберип жатабыз. Бул биздин эр жүрөктүүлүгүбүзбү же ач көздүгүбүзбү? Бүгүн биз кыргыздын газын ошол бутпарастарга бердик. Эми мынтип Манас атабыздын аты коюлган кыргыздын аэропортун да аларга бергени турабыз.

Эх, эгерде Алымкул аталык ошол согушта өлбөгөн болсо, тарыхыбыз балким башкача болоор беле? Бул окуяларды көз алдымда элестетип жатып, “аталык абайлаңыз! Артыңызга караңыз!” – деп болгон үнүм менен кыйкыргым келди. Аталыктын артынан аткан саткынга болгон жек көрүүм көөдөнүмө батпай, тиштенип, муштумум түйүп, аны чаап жиберүүнү каалап турдум. Бирок, колумдан эч нерсе келбейт эле. Анткени булардын баары менин кыялымдагы элестер болчу.

Андан ары кайра эле мына ошол доордун дагы бир эр жүрөк баатыры тууралуу ойго чөмүлө баштадым. Ал азыр гана жетип келген кабардан ачууланып, көздөрүнө кан толуп, каарданып жигиттерин жыйнап, орустун жоон топ аскерлерин кууп жетүү үчүн аттанып жатат. Анткени ошол орустун аскерлери анын аялынын чачына байланган ачкычтарды алуу үчүн, анын чачын кесип алышкан. Орус анын аялынын чачын кесмек тургай, анын чачтарына кол тийгизүүгө, жада калса аларды көрүүгө да акысы жок эле. Орус эле эмес, анын аялынын чачтарына андан башка эч бир чоочун эркек кол тийгизүүгө, көзү менен көрүүгө акылуу эмес болчу. Каарданган баатыр алардын артынан жетип барып, аларды арстандай качырып кирди. Аялынын урматын тебелеген каапырлардын жазасы өлүм гана болчу. Ошондуктан ал аларга тийиштүү жазаларын берди.

Кеп ким тууралуу болгондугун байкаган чыгарсыз. Ооба, бул ошол Алымбек жана Курманжан даткалардын уулу Камчыбектин окуясы. Камчыбек “кыздын кырк чачы улуу” деген макалды бек карманып жашаган баатыр эле. Ал бүгүнкүдөй кылып чачтарын кыркып жаткан кыргыз кыздарын элестете албайт болчу. Анткени анын түшүнүгүндө чачын кырккан кыз өз урматын өзү тебелеген болуп саналчу. Ошондой эле ал аялынын, кыздарынын, эже-карындаштарынын чачтары кыркылуу болуусун элестете албайт болчу. Алардын чачтарына кол тийгизген адам, башынан айрылуусу анык эле.

Бүгүн кээ бир кыргыз кыздарынын чачтарына эле эмес, башка жерлерине да кимдердин гана колдору тийип жатат. Эмне кыргыздын кызын коруган Камчыбектер калбай калдыбы? Датканын уулунан кийин кыргызда эр жүрөк азаматтар төрөлбөй калганбы? Биздин жашоо аялдарыбыздын, кыздарыбыздын абийирен да жогору турабы? Камчыбектин намысы өлүмүнөн жогору тургандыгы үчүн, эч коркпостон орустун аскерлерине каршы курал көтөргөн болчу. Себеби ал атасыАлымбек жана энеси Курманжандын тарбиясын алып өскөн эле.

Курманжан демекчи, ал Камчыбекти орустар өлүм жазасына тарткан убакта, элдин кызыкчылыгын көздөп, өз уулун орустардын колунан куткаруу аракетин көргөн эмес. Канчалаган кыргыздын эр жүрөк баатырлары андан орустар менен согушууга уруксат берүүсүн суранышкан. А бирок ал бирөө үчүн көпчүлүктүн каны төгүлүшүн каалабайт болчу. Мейли, ошол бирөө анын жүрөгүнүн бир бөлүгү болгон сүйүктүү уулу болсун же чоочун болсун айырмасы жок эле. Анткени элдин кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору туруусу керек эле. Курманжан энебиз ичинен сыздап, эт-жүрөгү эзилип, күйүткө батып турса да, сыртынан токтоолук кылып, сабырдуулук менен чечим чыгарды. Балким ошол убакта ал орустарды ичинен каргаган чыгаар. Аларга налаат айтып, жүрөгүнөн аларды жек көргөндүр. Кантип эле өз элин кор кылган, кыргыздын мыктыларын четинен жайлаган канкорлорду каргабасын? Кантип эле аларды жек көрбөсүн? Баскынчыларды жек көрбөй коюу ага жарашпайт болчу. Ошентсе да ал сезимдеринин баарын ичине катты.

Бүгүнкү ОБОН, ошол Курманжан энебизден үлгү алса кана. Кана эми ошолор да Курманжан энебиздей болушса...

Кана эми кыргызда ойноштуктан боюна бүткөн Алимандар, жолдошун чанып, башканын колун кармап кеткен Жамийлалар азайса да, Каныкей, Ачүрөк, Курманжандар көбөйсө. Кана эми, биз ата-бабаларыбыз жашагандай жашоого кайтып бара алсак...


Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 16 Апрель 2014 - 15:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   KUMU89   17 Апрель 2014 - 00:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 10 Авг 2025 01:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Улуу кыргыз.

Башынан билгенимди жазгым келди,
Барактап тарых бетин откон кезди.
Ким элек, ким болдук кыргыз элим?
Бул суроо озок ойуп, журок эзди.

Чачылган кыргызымды жыйнап келген,
Узулгон улуу кочун улап берген.
Бабабыз Манас баатыр откон кыргыз,
Душманын баш котортпой баарын женген.

Чубак, Сыргак, Алманбет эр баатырлар,
Кошой, Сейтек , Семетей уч алгырлар.
Кенеш айтып айколуно тоодой болгон,\
Ак сакалын жайкалткан Бакайы бар.

Манас бабам сактап откон кыргыз жерин,
Кан тогулгон кыргында коргоп элин.
Улуу муундан урпактарга белек кылып,
Ала тоону, Ыссык-Колду сактап бердин.

Санай берсек кыргызымда баатыр кенен,
Курманбек, Атантайы, Тайлак деген.
Курманжаны, Жаныл мырза сыяктуулар,
Кыргыз учун озун кыйып, жанын берген.

Кыргызым кыйын кундо жашап келет,
Тээ илгертен азап, кордук суусун кечет.
Алдуу болуп туптолгон коншу олколор,
Кыргызды бир кембагал олко дешет.

Карасан алакандай кооз жерибиз,
Кадырын билбей келет оз элибиз.
Алыстап мекенимден кеткен кезде,
Кареке ачуу жашты бекитебиз.

Кыргыз элим туш, тушка кеттик тарап,
Жашообуз кундон, кунго оорлоп барат.
Каарысы, жашы дебей кыргыз жараан,
Сумсаарып Оруссияны коздой агат.

Олконун онолушун кундо тилеп баары,
Чет олкодо жанды уруп иштеп жатат.
А бирок аны ойлонгон чондор барбы?
Кайдан алар сасык акча санап жатат.

Сатышып кыргыз жерин пайда учун,
Сылашып курсактарын алар жатат.
Карапайым элге эле кыйын болду,
Кайда барба мамайдын кору жатат.

Ата-эне ичтен сызып турса дагы,
Айласын таппай, жузун жерге катат.
Жиберип жалгыз уулун чет олкого,
Амандыгын тиленип тандар атат.

Кыргызым бай селсаяк кунун кийип,
Алыста акча иштеп уйду салат.
Акчанын озгортконун карап корсон,
Кыргызым ыйман жолдон чыгып барат.

Озгоргон адамдарды карап туруп,
Ичимде аянычтуу ойлор жанат.
Баардыгын акча менен олчоп калып,
Кошунанда озгоруп, тетири басат.

Кыргызым мейман достуу элден элек,
Урп адатты унутуп калгандайбыз.
Каада, салтты кайдадыр четке суруп,
Орустарды туурап жашап жаткандайбыз.

Келечеги туман болгон кыргыз журтун,
Жол коргозуп баштап кетээр адам барбы?
Же жок кылып, тоноп сатып бут байлыгын,
Кыргызымды ойлобогон адамдарбы.?

Буулугуп ичтен тутоп кыйналсанда,
Ойдодо олтургандар камды жешпейт.
Соз кылып тил тешилип бут айтсанда,
Балык баштан сасыса арган жетпейт.

Бироо журот байлык издеп кундуздан,
Бироо журот бакыт издеп жылдыздан.
Башкаларды билбейм бирок а менин,
Байлыгымда, бакытымда КЫРГЫЗТАН!


Ким элек, ким болдук кыргыз!? Кыргыз деген эчен жылдык тарыхы бар улуу элбиз. Биздин ата-бабабыз сактап келген элибиз, Ата журтубуз бар. Эн байыркы элдердин катарындабыз. Биздин улуу муундар сактап келген кооз жерлерибиз бар. Ар намыстуу, ак ниеттуу мейман дос элбиз. Кыргыз Ала-тоону мекен кылып, тээ Эне-сайдан ойдо жашап откон. Озубуздун урп адат, каада салттарыбыз бар. Бирок барган сайын салттарды унутуп бараткандайбыз. Кыргыз эли эн эле оор кундорду баштан откоргон, откоруп келе жатат. Совет доорунда гана кичине жакшы жашоодо жашабаса. Мен эс тарткандан билем калын журт кандай кыйналганын. Моюнга алыш керек. Оруссия олкосу болбосо, кыргыз журту кандай кун кечирмек. Баарынан окундургону, озубуз алакандай аз эл болсок. Эмне учун озубузду камсыз кыла албайбыз.? Баары жоопту жакшы билет. Жанакы эле бийликта. Чынында элим, жерим деп иштеп койгон адам жок. Кыргызстандын бийлиги, соодагерге айланып бара жаткандай. Козго жылуу учурап, пайда алып келген элдин байлыгын сатып жатышат. Кыргыз элине чыккынчылык кылып жатышат. Кыргыз эли аргасыз баарына моюн сунуп калды окшойт. Айта берсен пайда чыкпаса, ким кана чарчабасын. Улуу бабалар сактап берген, байлыкты, олкону урпактарга ошол бойдон откоруп берсек жакшы болмок. Азыркы кыргыз олкосу ушундай болду. Кыргыз олкосу кочмон калк болуп келгендей. Дагы эле жолочу эл болуп, ар олкодо тарап кеттик! Менин кыскача баяным ушундай. Баарыбыз анык билип турабыз айтпасада. Ким элек, ким болгон кыргызды.


Тагдырдын жазганын билип болбойт,
Тенирдин жазганына тийип болбойт.
Айтышка мен мажбурмун бир чындыкты,
Ала-тоо биз суйбосок бийик болбойт! Ала-тоону суйолу кыргыздар. Биздин кочодо дагы той болот демекчи. Биздин олкода гулдоп оссун!

Билдирүүнү түзөткөн: KUMU89: 17 Апрель 2014 - 00:37

Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Supsuluu   17 Апрель 2014 - 05:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

"Улуу Кыргыз "

Ким элек...

Тарыхы улуу Кыргызда
Баатырлар өткөр атактуу.
Манас бабам баш болгон
Семетей, Сейтек, Алманбет
Жакыптар өткөн ардактуу.

Айчүрөк, Жаңыл Мырза аялдары
Эркектей күч тайлашкан балбандары.
Бүбүсара, Каныкей, Акмөөр сӯлуу
Кыргызымдын өчпөс ысым айымдары.

Кылымдарды карыткан Кыргыз калкым
Кармап келген таштабастан ар бир салтын.
Көк бөрү, кыз куумай оюндары
Эсиндедир жаштардын да карылардын.

Меймандостук, боорукердик, ак көңүлдүк
Табалбасмын кыдырсам да жер жүзүн.
Бул сапаттар жашап келген элимде
Башка элдер алаар бизден үлгүсүн.

Мейман келсе боз үй тигип барпаңдап
Ат чаптырып,коңшуга кабар айттырат.
Мал жандыкты түгөл союп санабай
Ар бирине устукандар тарттырат.

Мырзалары ат жалында кенен ойноп
Кыздары керилишип сууну бойлоп.
Жайлоодо жашап келген Кыргыз элим
Келечекти дал ушундай терең ойлоп.

Тоодон тоого көчүп конуп жашап келген
Эркектери Кожожаштай болуп мерген.
Мына ушундан билсе болот ынтымагын
Бир мейизди кырк Кыргызым бөлүп жеген.

Кыз келиндер эр кишиден кыя баспай
Тартынып ыйбаа кылып тураар эле.
Ийменип ар бир сөздү талдап сүйлөп
Улууларды урмат кылып угаар эле.

Апалардан ак элечек жоолук түшпөй
Ар убак акыл айтып жол көрсөткөн.
Аталар ак сакалын жайкалтып
Ак калпагыр тушүрбөстөн кийип өткөн.

Андан бери канча мезгил жылдар акты
Күндөр өтүп, айлар жылып, жыл алмашты.
Ар бир келген кыйындыкты бирге жеңип
Кыргыз элим алга карай бара жатты

Ким болдук...

Ажодон ажо алмашып
Кыргызым кандай күнгө туш болду
Бийликти бөлүп жарып талашып
"Митингчи Кыргыз" деген атка конду.

Башчылардан адилеттик көрө албай
Ызычууга такыр чекит коюлбады.
Канча адам ак жеринен кесилип
Ата-энелер кайгы тартып ыйлады.

Чачты кыркып,кыска кийип кыздары
Ыйман кетип шайтандар бир жыргады.
Ичимдиктен тоё ичип жигиттер
Чылым чегип, эч ибадат кылбады.

Мурдагы салттык оюндар унутулуп
Казино, сауналар байырлады.
Боз үйдөн кымыз ичкен Кыргыз элим
Жинди сууга мас болуп жер таянды.

Диско, клуб, кафелер жер жайнап
Көчө бойлоп баскандан уяласын.
Эне тилде сүйлөсөң баары күлөт
Анан кантип ошолордон үлгү аласын?

Батышты туурап ар кимиси өз билгенин жасап жүрөт
Эки экиден жетелешип, никеси жок канча жаштар жашап жүрөт.
Ушуну ойлоп зээним кейип, ыйым бүтпөйт
Күнөөсү жок, мотурайган бөбөктөрдүн келечегин эмне күтөт?
Ойгон Кыргыз,
Ойлон элим!!!
Жараткандан ар биринин жүрөгүнө мен суранып Ыйман күтөм.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   sumaya90   17 Апрель 2014 - 13:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 524
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 03:03
  • Жынысы:Аялзаты

"Улуу кыргыз".

Кыргыз элим кылымдарды карыткан,
"Манас" атам дуйно элине тааныткан.
Душмандарын жолотпостон жерине,
Улуу кыргыз доолотун сактап турган.

Эр Манас бабам чыкты кыргыздан,
Айта берсен бутпогон бир дастан.
Кыргызымдын Улуулугун данктаган,
Эл ичинен чыккан датка Курманжан.

Алымбекда,Барсбекда, Курманжанда. ..
Бул дуйнодон тээ эртелеп кетсе да...
Бирдиктуу Улуу кыргыз калкы дале...
Сакталып урпактардан урпактарга. ..


Ким элек?

Жайлоого тигип боз уйду,
Торт тулук малды багышкан.
Урматтап сыйлап бири бирин,
Пейли кенен жашашкан.

Бироолор отсо жол менен,
Токтото калып соз менен.
Кымызын берип ар жанга,
Коноктошкон сый менен.

Ал эми кыргыз той берсе,
Ал жерде болгон чон майрам,
Бут аймакка жар салып,
Кыдыртып кабар айттырган.

Курулуп кызык оюн зооктор,
Жаш каары баары ойношкон.
Кыл кыяк,комуз,чопо чоордо,
Кылымдын куусун чертишкен.

Эр жигиттер чыгышып,
Куч сынашып беттешкен.
Кырк жигити чогулуп,
Кок боруну ойношкон.

Ойлоном бабам баскан жолду карап,
Аттин ай кеттикго биз туш жака тарап.
Ойлончу кыргыз биз ким элек?
Азыр дееги ким болдук?

Калкым деген адам калбай,
Акча,мансап деп калдык.
Журтум деген адам калбай,
Жесем,жутсам деп калдык.

Биз жаштар мода деп басып калдык,
Европанын маданиятына отуп алдык.
Жарым жыланач кийинип алып,
Кочолордо кенен эле басып калдык.

Ар намысты абиийрди билбей калдык,
Ал нерсени акчага сатып калдык.
Акчалуулар бет кызартып уялбастан,
Кызындай кыздар менен конул ачып калды.

Чондорубуз бийлик деп жатып калды,
Бар байлыкты кош колдоп сатып калды.
Ата бабам кашыктап топтогонун,
Чомучсуз челектеп чачып калды.


Кайда калды кыргыздын мекенге куйгон кенен Пейли?
Кайда калды кыргыздын Улуулугу?






Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   kuu-1005   18 Апрель 2014 - 13:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2025 02:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Ким элек?
Эсимде..... кичинекей кезимде рамаатылык энем Усон экообузду ээрчитип алып кошуна колонго кирип журо береер элек.Кирсен эле болгон таттууларын, нанын койуп, тамак жасап ийишип колдон келишинче сыйлашаар эле энемди.Ошол убактагы адамдардын ынтымагычы. Баары бири бирине жылуу мамиле кылып,улуулар жаштарды жакшы нерселерге ундоп,жаштар улуулардын сыйлап,ар бир созун жерге тушурбой кабыл алышат болчу.Майрамдарда чон кишилер ордо, биз жаш балдар чуко ойноп,кыз келиндер озулорунун селкинчектерин тееп озунчо эле бир тууган адамдардай мамиледе болушчу...
Эс тарттым." Адабият" сабагына кызыккандыгымдан "Алтын Куш" жомогунан баштап баардык жомокторду, эпостордон "Манастан" баштап "Семетей" ,"Сейтек" деги эле койчу баардык улуу инсандардын жашоосун,ан- сезимин,эрдиктерин, кен-пейилдиктерин, алдын ала корогочтукторун, элдин максатын,тынччылыгын биринчи орунга койгондуктарын, адилеттуулукторун окуп ошол адамдарга суктанчу элем.Ар бирибиз ошолордой болууга умтулаар элек.Эжекебиз зеерикпей кырааты менен окуп жатканда баарыбыз ошол мезгилге сунгуп кирип, ошол адамдардын арасында жургондой сезеер элек. Эпостор бутуп Курманжан Датка, Алымбек Датка, Шабдан баатыр сыяктуу тарыхта очпос орду бар инсандарга оттук.Ошондо Курманжан Датканын оз элинин тынччылыгын ойлоп оз канынан жаралган баласын журогу тилинип жатса да орустардын кандуу колуна тапшырып бергенин окуп ичибизден "Аял заты болсо да кандай эрктуу,кандай керемет адам" деп озубузчо суктанганыбыз эсимде...
Анан Чынгыз Айтматов баш болгон залкар жазуучуларыбыздын повестерин, романдарын суктануу менен окуй баштадык.Башка олколорго "Манас" эпосубуз менен таанылып жургон болсок, кийин залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармалары менен буткул дуйного меймандос,кен- пейил,достук менен суйуудо бекем турган, биримдиктуу эл катары таанылдык.Чынгыз Айтматовдун кайталангыс чыгармалары коптогон тилдерге которулуп,ал эми "Манас" эпосубуз "Гиннес рекорддук китебине" эн коломдуу эпос катары кирип эл аралык "Юнесконун" коргоосуна отуп кокурокту которуп калбадык беле ....


Ким болдук? (Ким болуп баратабыз?.. .)

Кундор,айлар, жылдар отуп жумушсуздук барган сайын куч алып,кор тиргиликтин айынан ата-энелер оз балдарын чет олкого узатып,чет олкого барчулары жоктору колдо бар биртке мал менен жан багып,убакыт откон сайын жашоо оорлошо баштады. Ишенип шайлаган ажобуз да бир ууч элди эптей албай акыры качып тынды.Очуп бараткан умуттун отун тутантып башка ажо шайладык.Элдердин кен пейилдиги,меймандостугу кундон кунго билинбей алыстай берди.Башка олколордун менталитеттери "вирус" сыяктуу жаштарыбызды уулантып,оз жолунан адаштыра баштады." Мода" деп аларды туурап кыздарыбыз тизеден жогору кийип,киндиктерин коргозуп ал эми эркектерибиз бир созуно турбаган,намыссыз, ке бирлери кыздардай назик болуп эркектик сапатыбызды жоготуп бараттык.Жумушсуздуктун айынан кочолордо "жинди сууга" кучун алдыртып койгон адамдар кобойуп,агасын иниси укпай,эжесин синдиси укпай билинбестен адамдар мерез, кыйтыр, ырайымсыз боло баштады. Бирок ошентсе да "Онолуп кетеер Кыргызстаным" деп умуттун шооласын очурбой кутуп журдук.Ишенип шайлаган ажобуз да "кыйратам" деген убадасын аткара албай, жон кетпей канчалаган жаштардын убалына калып башка олкого качып тынды."Биз эркин элбиз " деп кокурокту какканыбыз менен чет олколорго "Митингчи, биримдиксиз эл" катары тааныла баштадык.Керемет жерибиздин кенин,чет олкодо сатып ичкен суу биздин арыктарда агып жатканын барктай,баалай, иштете албадык." Бир женден кол, бир жакадан баш " чыгара албай ынтымагыбыз ыдырап ар ким оз кызыкчылыгын ойлоп,туура эмес суйлосо да туугандын созун коштоп "адилеттуулук" деген сапатыбыздан ажырап бараттык.Элдин кызыкчылыгын ойлогон бироо жарым чыгып эми которулуп баратса аны буттан тартып ылдый тушуруп,аны тепсеп, жер менен жер кылып таптап биротоло жок кылганды адат кылып алгансыдык. "Тууганчылык" ,"жердешчилик" куч алып бирибиздин созубузду бирибиз укпай алакандай калк болуп алып да "тундук" ,"туштук" болуп болунуп,жаштарыбыз бешиктен бели чыга элек жатып улууларга "эскичилсин" деп акыл уйротуп,аксакалдарыбыз аш-тойлордо ичип озунун кадырынан озу ажырап кыргыз элим кундон-кунго тунгуюкка камалып бараткандай. "Пулун болсо кулунмун" деген заман башталды.Уйго колунда бар адам мейманга келсе жайсакерленип 32 тишин коргозуп тосуп алып, кембагал келсе козунун усту менен карап,чай койгонго жарабай кыргызым "меймандос" деген сапатыбызды унутуп бараткандай. ..

Ошентсе да "БИР КУН БИЗ ДА ОНОЛОБУЗ! " деген ишеним менен жашап келебиз...

БАР БОЛ КЫРГЫЗЫМ!!!....
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   sanzhar83   19 Апрель 2014 - 00:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,

Кырлар барбы кыргыз кыргын таппаган,

Кыр-жон барбы кыргыз сөөгү жатпаган.

Жакшылап зээн салып ,маани берип окуган адамга Кыргыздын кандай кыйын кезеңдерде күн кечиргенин, ачкачылыктан эмнени гана жебегенин," кыргыз" атын сактап калыш үчүн жан аябай күрөшкөнүн айгинелеп турат.

Кыргыз ким эле,ким болдук? Бул суроого жооп берээрден мурун тарых барактарына көз чаптырып карасак," Кыргыз" этноними тууралуу эң алгач "Кытай тарыхынын атасы" атыккан Сыма Цяндын б.з.ч. 201-жылдагы "Щи-цзи" деген китебинде кездешет.Андан бери карай көптөгөн тарых булактарында ар кандай ат менен келе жаткан "Кыргыз" аталышы бул элдин тээ байыртадан бери далай кыргындарда жок болбой,башка элге сиңип кетпей,биздин доорго жетип,ал гана эмес Эгемендүүлүкктү алган эркин мамлекетке айлангандыгын ачык айкын көргөзүп турат..Баарыбызга белгилүү болгондой биздин өтүп кеткен улуу муундар кан кечкен согуштарды башынан өткөрүп,далай- далай куугунтуктоолорго дуушар болуп,ийилип бирок сынбай келген.Ата-бабаларыбыз бир гана улуу этносту гана сактабастан, биздин улутка тиешелүү нукура кыргыздын баалуулуктарын кошо муундан-муунга өткөрүп отуруп,жок кылбай сактап келишкен.Бул да болсо элибиздин биримдүүлүгүн, ынтымактуулугун, кең пейилдүүлүгүнөн кабар берип турат.

Бизчи?Биз эмне кылдык?Биз ошол ата-бабаларыбыз мураска калтырган баалуулуктарын туу тутуп башыбызга көтөрө алдыкпы?Бул суроого эч ким "Ооба" деп кесе жооп бере албаса керек деп ойлойм.Анткени азыркы заманда Кыргыздын каада-салтын, үрп адатын,тилин, дилин жээрип,ал нерселерди биз,замандан артта калган,эскичил деп биле баштадык.Буга бир эле мисал Кыргыз тили жөнүнүндө айта турган болсок,азыр кээ бир "киргиздерибиз" :"Кыргыз тили Чалдовардан өткөндөн кийин эч нерсеге жарабай калат дешет".А ошолор тилибиз Чалдовардан өткөндөн кийинкиге эмес,бизге,биздин келечек муундарга керек экендигин аңдай алышаар бекен.Макул, үйрөнсүн,өссүн, билсин,кааласа он тилде сүйлөсүн,бирок кыргыз тилин дагы жүрөгүнө бекем сактоо керек го.

"Эртең тилим жоголоору чын болсо,

Анда жакшы бүгүн өлүп калганым" улуу акын Расул Гамзатовдун таамай айтылган сөздөрүндөгү тилге болгон сүйүү ар бирибиздин жүрөгүбүздө болсо,жоголуп кетүү коркунучунда турган тилибизди сактап калаар белек дегеним эле.

"Цивилизация" деп эле Батышты туурап,кыргыз маданиятын жапайычылык деп түшүнгөн,түп тамырынан

бери өзгөрүлүп,ал гана эмес кыргыз экендигин унутуп койгон адамдарыбыз арабызда жок эмес.Жаштарыбыз чет элди туурап кийинип,чет элди туурап сүйлөп,кыздарыбыз тамекисин чычайтып,кыргызча сүйлөсөн шылдындай карашат.Кыргыздар качан чылым чекчү эле.Бул да болсо коомдун өзгөргөнү.Бул дегендик Батыш маданияты Кыргыз маданиятына үстөмдүк кылып баратканы эмеспи.Анан да бир нерсе болсо эле жогорку жактагы "чоңдорубузду" күнөөлөп жатып калабыз.Элин, жерин бийлик,мансап учүн сатканга даяр атка минерлерден кандай жакшылык күтмөк элек.Биз мындай жол менен бара берсек бизден кийинки муундарга эмнени мурас кылып калтыра алабыз.Же заманбап болуп өзгөрүп кеткен салт-санаабызды биздики деп калтырабызбы?

"Айта берсе арман көп" дегендей бул жан кейитүүчү көйгөйлөр өсүп бара жаткансыйт. Андыктан ойгон Кыргыз элим!Ар дайым өткөн тарыхыбызга кылчайып,сарасеп салып ким экенибизди унутпай эстей жүрөлү!

Кыргызмын деп жар саламын сыймык менен,

Кыргыз үчүн керек болсо жаным берем,

Кыргызым жашасын деп кылымдарга,

Жараткандан күнү-түнү тилеп келем.




Төрөлгөнмүн кыргыз болуп,

Өлгүм келет кыргыз бойдон!! !








  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   mega777   19 Апрель 2014 - 02:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кыдырып кочмон калк элек,
Конушка туптуу ээ болдук.
Кыргыз деп копко таанылган,
Кужурмон кучтуу эл болдук.
Кыйырга салчы сересеп,
Ким элек,эми ким болдук!?

Чеп болуп калка болгон улуу элге,
Башын сайган калын журттун керегине.
Байыркынын ажосу Манас ата,
Баш калкалай элин таштап качмак беле...

Коро албаска коюнун ачмак беле,
Казынасын журтунун чачмак беле.
Кыргыздын киндик каны тамган жерди,
Орду жок тыйындарга сатмак беле...

Салмактуу акыл кошкон кыйын кезде,
Каныкей,Айчуроктор болоор эле.
Баатырды баатыр кылчу келин кыздар,
Байлык деп жарына бут тосоор беле...

Коз артып уюткулуу калын элге,
Ач коздор максатына жетээр кезде.
Журт учун уулун кыйган Датка энебиз,
Озгого туштук элин кыймак беле...

Качырып душман кирип туптуу жерге,
Каргашалуу кун тушкондо тумон элге.
Мекен деп тошун тоскон Чолпонбайдын,
Бийлик учун мерт болоору кумон эле...

Ак сакалдуу,ак элечек Ата,Эне,
Торубуздо улуу кебин айтаар эле.
Ыйманга сугарылган уул-кызы,
Карыялар уйуно таштаар беле...

Жаныртып,бакыт туна кулоор эле,
Балалыктын алтын доорун суроор эле.
Мээримге болонушчу наристелер,
Томсоруп ата-энесин кутоор беле...

...Эр кокурок кулунубуз Ала-Тоонун,
Эзелтен мизин кыйган келген жоонун.
Эпкиндеп кыйынчылык отуп кетээр,
Кыргызбыз-кырылгыспыз билип койгун!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 04:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: