Суперстан: Супер форумда Супер сынак! 2014-ж. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (83 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Супер форумда Супер сынак! 2014-ж. Сынак.

#861 Пользователь офлайн   Clara_Zh   18 Апрель 2014 - 02:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Мен алкыш айткан Супсулуу айымдын өзү айткандай иш учурунда жаза салган "Улуу кыргыз" жөнүндөгү чыгармасын, сиздер катасы толо деген соң, дагы бир ирет карап чыктым.
Бир-эки жеринен тамгалары алмашып калган экен, анысын техникалык себептерден го деп божомолдоп койдум, анткени, башка жеринде ошол эле сөздөрдү туура жазган экен.
Ошону менен үтүр, чекиттердин коюлбай кеткендигин эске албаганда, чыгарма жалпысынан абдан жакшы жазылган. Мааниси, уйкаштыгы баары жайында. Плагиатты деле байкаганым жок, өзүнүн көөдөнүндө болгон өкүнүчтү ыр саптары менен коштогондой.
Мына дал ушул кыздын "Мен иш учурунда, түндө бошой калып, жаза салдым эле..." - деген сөздөрүнөн улам, ушунча тоодой талкуу жаралып кетти.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#862 Пользователь офлайн   Supsuluu   18 Апрель 2014 - 06:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Өзү негизинен бул сынакта форумга эмгеги сиңген, тажрыйбасы мол инсандар таланты жаңы ойгонуп келе жаткан, форумга эми кошула баштаган кичинекейлерге жол көрсөтүп кана четте калыс болуп турса болмок. Бул жеке менин оюм эмес, анткени көп эле форумчулардын ою ушундай экенин кулагым чалды. Айчык айтышпаса да жекеде өз ара сүйлөөшүүлөрүнө күбө болдум. (карапайым элдин ойун түз жеткиргеним үчүн тепкиге албооңуздарды өтүнөм). Даана көрүнүп эле турат, ушул добуш бергендер жүз пайыз билдирүүлөрдү окуп анан добушун бербегени. Көч башы кайда жөнөсө ошол жака ооп кете бергендей.
Же бул сынакты бөлүп караш керек эле мисалы: форум алптарынын сынагы, орто кылым доорундагылардын сынагы, жаңы катталгандардын сынагы деп. Антпесе таланты күчтүү бирок даражасы төмөн болгон форумчуларыбыз четте калып кетип жаткандай... Өтө катуу кеткен болсом кечирим сурайм, жогорудагы аксакал деп билген агай эжекелерибиздин билдирүүлөрүнөн улам өз ойумду жазып койдум.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#863 Пользователь офлайн   SMS Aroma   18 Апрель 2014 - 08:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 801
  • Катталган: 03 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 13 Дек 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Иий ар ким жаш озгочолугуно, талантына карабай катардагы ФОРУМЧУ экенин эстен чыгарбасак . Денгээлге келсек, 14теги ыздын чон энемдей тили,15теги баланын чон атамдай акылы барларын да байкайм . Мына ушуларды да эске алуу керек го?!
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#864 Пользователь офлайн   aijan   18 Апрель 2014 - 08:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Галдиравагилачи! %)

Кыйын адам оз кучуно ишенет. "Тиги катышты, эми сынак адилетсиз чечилет", "эски муун, жаны муун" деген кишини оз кучуно ишенбейт деп билем. Форумда ар бир форумчунун даражасы бирдей, тегиз. Ким кимди колдойт, ал озунун жеке чечими. "Духум тушту" деп "духун" баккандарга куйосун да, куйосун. Баштадынбы- аягына чык! Сынактын шарты менен таанышып туруп катышкан сон оз атына чычпай, 'Эрдик кылсан суро кыл' да, айе!

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#865 Пользователь офлайн   Pantherka   18 Апрель 2014 - 09:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Апр 2021 23:27
  • Жынысы:Белгисиз

Баардыгы буткондо добуш берсе болобу? Ар бир конкурска озунчо кылып?
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#866 Пользователь офлайн   Azem2013   18 Апрель 2014 - 09:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Мынча ызылдашып жатасынар? Мен калыс катары айта кетсем, сынактын эрежесин баштан-аяк бир жерин да озгортууго болбойт! Башында сунушунарды айткыла деп жатканда кайда журдунор эле озгортууну каалагандар? Эми элдин башын айлантып, катышуучулардын маанайын бузбай жон эле уланта берсенер кантет? Эл тараза эл сынчы дегендей эле менимче эл тарабынан адилеттуу эле добуш берилип жатат! Ортодо калыс шайлап, женуучуну аныктайм десенер катуу жанылышасынар. Бул менин жеке оюм, кандай кыласынар аны озунор билесинер дечи.
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#867 Пользователь офлайн   KUMU89   18 Апрель 2014 - 10:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: 17 Авг 2025 14:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Катышуучуларга билдируу жазганга тыю салат окшойбуз. Тапшырма жазбай эле, оюн айткандар коп болуп кетти!
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#868 Пользователь офлайн   Pantherka   18 Апрель 2014 - 10:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Апр 2021 23:27
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения KUMU89 (18 Апрель 2014 - 10:20) жазган:

Катышуучуларга билдируу жазганга тыю салат окшойбуз. Тапшырма жазбай эле, оюн айткандар коп болуп кетти!


Сүрөтошону айтып жатам да, тапшырма менен убара болушсун, кантип жазды, шаштыбы, же нечен жылдан жазып жатабы биз чечебизСүрөт
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#869 Пользователь офлайн   naiman90   18 Апрель 2014 - 10:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 750
  • Катталган: 07 Март 14
  • Соңку аракети: 08 Янв 2015 13:52
  • Жынысы:Эркек

Эч кандай сунуш пикир, Рахматтар айтылбайт бутту! :эреже:
Сабырдуулугумду - коркту деп, Жардамымды - алданды деп, Унутчаагымды - билбеди деп тушунуп алба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#870 Пользователь офлайн   dias   18 Апрель 2014 - 11:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 20 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 23:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Баякы эле мамайдын көрү Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: dias: 18 Апрель 2014 - 11:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#871 Пользователь офлайн   Clara_Zh   18 Апрель 2014 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Просмотр сообщения Барс (09 Апрель 2014 - 15:44) жазган:

Менин жеке оюмча сынактын Жобосу сынак башталганга чейин бекитилет. Андан кийинки сунуштар кеңештер канчалык гениалдуу болбосун сунуш, кеңеш боюнча калат. Сынактын башында бекитилген Жобого таасири кыпындай тийбеши шарт. Ал сунуш, кеңештер кийинки өткөрүлө турган сынактарда эске алынышы, пайдаланылышы мүмкүн. Сынактын шартына макул болгондор катышат, ал эми ага макул эместер сынакка катышпай койсо, өз эрки!


Мына бул сунушту сиздерге жооп катары таап келүүгө аргасыз болдум.
Калганы түшүнүктүү эле болду окшойт!
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#872 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Апрель 2014 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Просмотр сообщения Clara_Zh (18 Апрель 2014 - 12:06) жазган:

Мына бул сунушту сиздерге жооп катары таап келүүгө аргасыз болдум.
Калганы түшүнүктүү эле болду окшойт!


Тема тазаланды!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#873 Пользователь офлайн   Барс   18 Апрель 2014 - 14:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Clara_Zh (18 Апрель 2014 - 12:06) жазган:

Мына бул сунушту сиздерге жооп катары таап келүүгө аргасыз болдум.
Калганы түшүнүктүү эле болду окшойт!


Ой тиги менин жазганым абдан туура! Андан мен танып жаткан жокмун! Бул жерде ошол силердин Жобоңордун "форумчулар добуш берсин" дегени гана иштеп, "грамматикалык каталары болбосун" , "башка жактан көчүрүп келүү (плагиат) болбосун" деген пункттары аткарылбай жатат, ошону көзмөлдөө туурасында айтылып жатса, кайра мага муну көрсөтүп жатканыңа таң калып турамын, Клара айым!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 18 Апрель 2014 - 14:58

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#874 Пользователь офлайн   Clara_Zh   18 Апрель 2014 - 15:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Просмотр сообщения Барс (18 Апрель 2014 - 14:56) жазган:

Ой тиги менин жазганым абдан туура! Андан мен танып жаткан жокмун! Бул жерде ошол силердин Жобоңордун "форумчулар добуш берсин" дегени гана иштеп, "грамматикалык каталары болбосун" , "башка жактан көчүрүп келүү (плагиат) болбосун" деген пункттары аткарылбай жатат, ошону көзмөлдөө туурасында айтылып жатса, кайра мага муну көрсөтүп жатканыңа таң калып турамын, Клара айым!

Агай, сиздей улуу киши менен талашып-тартышканымдын өзү уят болсо керек.
Бирок, мен сынактын алып баруучусунун бири катары айтып койбосом да болбос.
Тигил сиз айткан пункттар жакшы иштебесе дагы, добуш берүү адилеттүү түрдө эле кетип атат.
Ишенбесеңиз добуш берилчү теманы баштан-аяк карап чыгып, кайсы катышуучуга канча добуш берилгендигин карап койсоңуз деле болчудай.
Эгерде эринсеңиз мен айтып коё берейин:

Биринчилерден болуп , 24 добуш менен Дауд мырза келе жатат.

Экинчилерден 14 добуш менен Куба94 мырзабыз келе жатат.

Үчүнчүлөрдөн 9 добуш менен Мега777 айым келе жатыптыр.

Калгандары, ата-жото, тууган-туушкан, досум-курбум эле дегендердики 1ден 2ден гана добуш алышыптыр.

Мына эми эгерде, акыйкатсыз, адилетсиз добуш жүрүп жатат.
Тигил алдыда келе жаткандардын чыгармалары плагиат же болбосо катасы толо сабатсыздар экен десеңиз, ошол үчөөнүн жазгандарына да көз жүгүртүп коюуну сунуштайт элем сизге.

Баары бир эл өзү туура тандоо жасайт го дейм агатай. 4-5 калыстарга караганда жалпы элдин калыс болуусу туурараак го дейм, кандай дейсиз?
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#875 Пользователь офлайн   Umka220190   18 Апрель 2014 - 16:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Азаматсыңар, уюштуруучулар! Силерге баа бердим!
Сынак сопсонун жүрүп жатат. Добуш бергендерге чектөө койгонуңар жакшы болуптур. Эми экинчи сынакка добуш бере тургандардын билдирүүлөрүн 50 эмес, 70 же 80 кылып койсоңуздар жакшы болот го.
Жалпысынан баарыңарга ийгилик каалайм! Өзүмдү катышуучулардын алдында чымындай элестетип койдум...Катышуучуларга таң бердим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#876 Пользователь офлайн   Барс   18 Апрель 2014 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Clara_Zh (18 Апрель 2014 - 15:32) жазган:

Агай, сиздей улуу киши менен талашып-тартышканымдын өзү уят болсо керек.
Бирок, мен сынактын алып баруучусунун бири катары айтып койбосом да болбос.
Тигил сиз айткан пункттар жакшы иштебесе дагы, добуш берүү адилеттүү түрдө эле кетип атат.
Ишенбесеңиз добуш берилчү теманы баштан-аяк карап чыгып, кайсы катышуучуга канча добуш берилгендигин карап койсоңуз деле болчудай.
Эгерде эринсеңиз мен айтып коё берейин:

Биринчилерден болуп , 24 добуш менен Дауд мырза келе жатат.

Экинчилерден 14 добуш менен Куба94 мырзабыз келе жатат.

Үчүнчүлөрдөн 9 добуш менен Мега777 айым келе жатыптыр.

Калгандары, ата-жото, тууган-туушкан, досум-курбум эле дегендердики 1ден 2ден гана добуш алышыптыр.

Мына эми эгерде, акыйкатсыз, адилетсиз добуш жүрүп жатат.
Тигил алдыда келе жаткандардын чыгармалары плагиат же болбосо катасы толо сабатсыздар экен десеңиз, ошол үчөөнүн жазгандарына да көз жүгүртүп коюуну сунуштайт элем сизге.

Баары бир эл өзү туура тандоо жасайт го дейм агатай. 4-5 калыстарга караганда жалпы элдин калыс болуусу туурараак го дейм, кандай дейсиз?



Мен ошол 1 ден 2 ден да туура эмес добуш албаса экен деген гана тилек! Эгер ушуну туура деп жалпы көпчүлүк тапса, мен кош колдоп макулмун! !! Экинчи турда ошол "1ден 2 дендер" көбөйүп кетпесе, ошого көз салсаңар болду. Кээ бирөөлөр башкача ойдо болуп жатыштары деле мүмкүн... Мага сынактын калыс өтүшү кызык. Башында айтылгандай жакшы демилгени колдоо үчүн гана катышып жатканымды дагы бир сыйра эсиңерге саламын! Ал эми орундарды ким алат, мага баары бир! Мен жалаң эле үчөөнүн жазгандарын эмес, бирме-бир баарын бир-эки сыйрадан окуп чыкканмын.
Өтө убактымдын тартыштыгынан убагында мында кирип, мага берилген кээ бир жоопторду админ. тазалап, өчүрүп салганынан окуй албай калдым... Алибетте, кейиштүү, анткен менен тартип деген тартип... Ага баш ийиүүгө тийишпиз. Мындан нары башта убада бергендей сынакка гана чыгарма илип, добуш беремин да, башка "кеңеш-меңеш" жазбаймын, бейгам болгула! :кош бол:



Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#877 Пользователь офлайн   Clara_Zh   18 Апрель 2014 - 16:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Просмотр сообщения Барс (18 Апрель 2014 - 16:03) жазган:

Мен ошол 1 ден 2 ден да туура эмес добуш албаса экен деген гана тилек! Эгер ушуну туура деп жалпы көпчүлүк тапса, мен кош колдоп макулмун! !! Экинчи турда ошол "1ден 2 дендер" көбөйүп кетпесе, ошого көз салсаңар болду. Кээ бирөөлөр башкача ойдо болуп жатыштары деле мүмкүн... Мага сынактын калыс өтүшү кызык. Башында айтылгандай жакшы демилгени колдоо үчүн гана катышып жатканымды дагы бир сыйра эсиңерге саламын! Ал эми орундарды ким алат, мага баары бир! Мен жалаң эле үчөөнүн жазгандарын эмес, бирме-бир баарын бир-эки сыйрадан окуп чыкканмын.
Өтө убактымдын тартыштыгынан убагында мында кирип, мага берилген кээ бир жоопторду админ. тазалап, өчүрүп салганынан окуй албай калдым... Алибетте, кейиштүү, анткен менен тартип деген тартип... Ага баш ийиүүгө тийишпиз. Мындан нары башта убада бергендей сынакка гана чыгарма илип, добуш беремин да, башка "кеңеш-меңеш" жазбаймын, бейгам болгула! :кош бол:

Рахмат агай, сиз айткандарды эске алуу менен бирге, кийинкилерине да катышам дегениңизге кубанып калдым :applause:.

Бар болуңуз! Мындан аркы тапшырмаларыңызга ийгилик каалайм!
Катуу айткан болсом кечирим сурайм :).
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#878 Пользователь офлайн   Clara_Zh   18 Апрель 2014 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 930
  • Катталган: 24 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!;)

Сынактын тапшырмалары, эрежеси, шарттары биринчи бекитилген боюнча сакталат!

Ийгилик баарыңарга!

Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 18 Апрель 2014 - 16:16

”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#879 Пользователь офлайн   Pantherka   18 Апрель 2014 - 16:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Апр 2021 23:27
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Umka220190 (18 Апрель 2014 - 16:00) жазган:

Азаматсыңар, уюштуруучулар! Силерге баа бердим!
Сынак сопсонун жүрүп жатат. Добуш бергендерге чектөө койгонуңар жакшы болуптур. Эми экинчи сынакка добуш бере тургандардын билдирүүлөрүн 50 эмес, 70 же 80 кылып койсоңуздар жакшы болот го.
Жалпысынан баарыңарга ийгилик каалайм! Өзүмдү катышуучулардын алдында чымындай элестетип койдум...Катышуучуларга таң бердим!


Биринчи айтылган соз закон болуп жатат, 50 билдируу деди болду 50 ашкандар бере алат. Дискриминация кылбагыла. Катышып атышса бир жон анан добуш бергендерге чектоо коюп эмне кереги бар, сынак башталгандан каттала коюп берип жатса жону бар.
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#880 Пользователь офлайн   Barika   18 Апрель 2014 - 16:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 505
  • Катталган: 15 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Янв 2020 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:☆●Кыргызстан●☆

Просмотр сообщения Barika (10 Апрель 2014 - 04:56) жазган:



Баарыныздарга ийгилик!
П.С. Сынактын 5тапшырмасына тен активдуу катышып бирок, ото кучтуулордон кийин калып кеткендерге колумдан келишинче,100рубльдан бирдик!
Алардында мээнеттин актагым келет!







Просмотр сообщенияClara_Zh (17 Апрель 2014 - 12:54) жазган:

Барика кызыбыздын ар бир катышуучунун эмгегин баалап, бардыгына менден 100 бирдик дегени эсимде :tongue:, эгерде убадасы дагы деле күчүндө болсо.
Андан тышкары
Арстан мырза,
Свиит-Лика,
Барпынын кызы,
Вазир мырза дагы демөөрчүлүк кылам деген жайы бар эле.

Так ышто сыйлык жагынан кам санабаңыздар, бардык катышуучунун эмгегин баалаганга аракет кылабыз.



Просмотр сообщенияdias (17 Апрель 2014 - 13:01) жазган:


100 бирдикти катышкандын баарына бөлө келгенде канча бирдиктен тийип калат болду экен Сүрөт
Менимче ар бирине 100 бирдиктен дейин дегенсинго. %)




Просмотр сообщенияClara_Zh (17 Апрель 2014 - 13:05) жазган:

Ар бирине да омой :huh:.
35 кишиге 100 бирдик деген да болчу беле?%)



Просмотр сообщенияdias (17 Апрель 2014 - 13:58) жазган:

Добуштарды бөлүштүрө келгенде мага Бариканын 100 бирдиги эле буйруйт окшойт Сүрөт, ноничеещеневечер алдыда дагы 3 сынак бар Сүрөт


СүрөтСүрөтСүрөт
Ооба, эжекеси мен ушул жердемин айтканмын, дегенмин!
Кана эмесе форумчулар, сынакттын менмин дегендердин артынан кууп, болгон толгон токой таланттыныздарды бир тогуп салыныздарчы! Сүрөт
СүрөтСүрөтСүрөт

☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (83 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 12:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: