Кыргызстан биздин мекенибиз дейбиз. Акаевдин доорунда "Баарыбыздын уйубуз" деп келдик. Эми мындан кийин кантебиз? Соңку окуялардан кийин жергебизде улутчулдуктун козголгону байкалат. Улутчулдук менен кете алабызбы же бул биздин бөлүнүп-жарылуубузга алып келеби? Деги кандай түшүнүк бизди бириктирет?
Же түшүнүк дебестен анын ордуна идеология десек оңбу? Талаштан тактык жаралат дейбиз, бирок бул темада талашпастан ой эле бөлүшөйлү. Талашууну ар ким ар кандай түшүнөт. Кээси анын соңун жеңип чыгуу десе, кээси чындыкты ортого чыгаруу дейт экен. Талашсак да бир-бирибиздин пикирибизге сый көрсөтсөк. Сөзсүс бирибиздин пикирибиз башка бирибизге жакпай калышы мүмкүн. Окту аткандан кийин себебин да түшүндүрүп кетсеңер.
Сөксөңөр тилимди тиштеймин, тилдесеңер жерди караймын, майдан силердики...
деген багытта баштадык анда.
Мекенди сүйүү-ыймандан! Мекеним деп ооругандар үчүн...
#2 13 September 2010 - 00:07
Куш тумоосу чыкты элди коркутуп. Анан эле чочко тумоосу чыкты, эми болсо нил вирусу дегени чыгыптыр, тагыраак айтканда чыгарылыптыр.
Биз да алардан кем калбай мекенди сүйүү деген вирус иштеп чыкпасак болбой калды. Башка улуттагыларды мекенибизди сүйбөйт, кайдыгер карайт деп жаман көрөбүз, биринчи өзүбүз күйбөсөк башкалар бизди күйгүзө берет экен.
#3 14 October 2010 - 18:51
Мекенди сүйүү - ыймандан
Мамбетасан Ибраев
Муфтийдин орун басары
Мекен - бул ар бир адамдын туулуп-өскөн жери жана жашаган турагы. Окуган мектеп, университеттерибиз, иштеп жаткан мекеме-ишканаларыбыз, кыскасы бардык нерселерибиз бул туулуп-өскөн топурактардын үстүнө курулган.
Ата-бабаларыбыз дүйнөнүн эң сонун жана берекелүү жерлерин мекен катары тандап бизге аманат кылып таштап кетишкен. Бул аманатты коргоо динибиздин өкүмү, аны сүйүү, коргоо, ага кызмат кылуу ар бир жарандын мойнундагы ыйык милдет.
Ата-бабаларыбыз кыргыз жерин мекендеп, жашап келишкен. Сырттан келген душмандар элибизди катуу чаап, талап-тоноп, чилдей кылып ар кайсы жакка таратканда Манас сыяктуу аталарыбыз бөлөк элге, айрыкча душмандарга тебелеп-тепсетпестен чачылган элин жыйып, кайрадан Ала-Тообузга көчүрүп келип, эли-жерин ички жана сырткы душмандардан коргоп келишкен.
Ата-бабаларыбыз мекенибиздин баалуу жер-суусун душмандарга тепсетпеш үчүн баатырларча салгылашкан, эч ойлонбостон жандарын беришкен. Жерибиздин ар бир кадамы шейиттердин каны менен сугарылган мекенибиздин эч нерсе менен алмаштыргыс баасын аябай жакшы билишибиз керек.
Дилибиздин, тилибиздин, ыйманыбыздын жана артыбызда келе жаткан алтын муундун камын ойлоп, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө, келечегине бир кичине аракет менен болсо да жардамыбызды аябай, салымыбызды кошушубуз зарыл. Мекенди сүйүү - аны коргоо менен гана чектелбейт, ошол эле убакта мекенибиздин бутуна бекем турушуна салым кошууну, улутубуздун ар тараптан жогорулашы үчүн иштөөнү да талап кылат .
Мекенин сүйгөн адам: жер айдайт, жолдорду салат, токой-жайыттарын коргойт, ыр-дастандарда макталган - асман тиреген тоолордун жанында завод-фабрикалардын морлорун көкөлөтөт. Ушундайча бир убакта руханий жана материалдык жогорулоону камсыздайт. Эл-журтун сүйгөн атуул, улутка кызмат кылууну - шарапаттуу милдет катары кабыл алат. Ошондуктан кыргыз элибизде: "Эр жигит ардуу болсо, эли-журту алдуу болот",- деп эзелтен таамай айтылып келет.
Ата-бабаларыбыздын көздүн карегиндей кылып сактап келген аманатына, мурастарына кыянаттык кылбайлы. Алардын баскан жолдорун, тарыхын таанып, каада-салт жана үрп-адаттарынын жакшы жактарын, ыймандуулук сыяктуу жакшы сапаттарын жашообузга сиңирип жашасак, баатырларча өмүр сүргөн ата-бабаларыбыздын руханий санжырасын татыктуу улаган болоор элек. Өз тарыхын билбеген, аны сыйлабаган элдин келечеги жок, дегендей элибиздин тарыхын унутпайлы - ата-журтубуз үчүн, эне-тилибиз үчүн ата-бабаларыбыздын баштарынан өткөргөн кыйын күндөрүн эске ала жүрөлү.
Мекенди сүйүү кичинекей мамлекет болгон үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөдө жакшы тарбия алып, ыймандуу болсок, анда биз ар бир баскан кадамыбызды туура жолдо шилтегенге аракет кылмакпыс.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ): "Адамдардын эң жакшысы - башка адамдарга пайдалуу болгону" - деген. Ыймандуулук адамды ууру кылбаш керек, талап-тонобош керек, бирөөнүн жерин тартып алып акысын жебеш керек, ушак айтпаш керек, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылыш керек, Мекенди коргоп, аны сүйүш керек, - деген эң жакшы иштерге үндөйт. Демек, биз ыймандуу болуунун аркасы менен адамга жана ата-мекенге кандай мамиле кылыштын жолун үйрөнөбүз десек жаңылышпайбыз. Дал ушул ыймандуулугубуздун нугундагы динибиз кубаттаган иш-аракеттер менен Мекенибизди сүйгөнүбүздү чагылдыра алабыз жана башка элдерге үлгү болуп эл-журтубузду сүйдүрө алабыз.
Биздин өлкө көп улуттуу өлкө, биздин мекенибизди 70 ден ашуун улуттун өкүлдөрү турак кылып жашап келишет. Биз - кыргыздар кең пейилдүү, меймандос, ыймандуу эл болгондугубуздун натыйжасында ар улут менен ынтымактуу бир ата-эненин, бир үй-бүлөөнүн балдарындай жашап келүүдөбүз. Элибиз башка адамдардын да укугун тебелеп тепсебестен аларга айкөлдүк менен мамиле жасашат. Тил маселесин эле карап көрсөк жетиштүү болоор. Ошондуктан Кыргыз мамлекетинин ар бир жараны, кыргыздар өзүбүз баш болуп, мейли орус болобу, мейли казак болобу, мейли түрк болобу, мейли дунганбы, мейли өзүбекпи кимибиз гана болбойлу, кыргыз жергесинде ар бирибиз баш калкалап, күн көрүп жашап жатканыбыздан кийин Мекенибиздин чыккынчысы болбойлу. Куттуу кыргыз журтунда "сен минттиң, мен тигинттим" деп жөөлөшүп бөлүнүп-жарылбастан, туулгандан моюнубузга парз болгон, атуулдук парзыбызды аткаруубуз зарыл.
Мекенибиздин тагдырына эмне үчүн биз кайдыгер болушубуз керек? Кайдыгер болууга биздин кандай укугубуз бар? Кайдыгерликтин айынан биз өзүбүздү гана ойлоп, мекенди сүйүү экинчи планда калып жатпайбы.
Жакшы адам белгиси
Эл камы үчүн күйүнөт.
Жаман адам белгиси
Өз камы үчүн жүгүрөт - деп акын Токтогул Сатылганов ырында белгилегиндей ар бирибиз өз көмөчүбүзгө күл тартуудан алыс болсок.
"Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" деп ата-бабаларыбыз айтып келгендей эл-журтубузга жат болбойлу. Жеке кызыкчылыгыбызды коргоп, өз жаныбызды сактап, напсибиздин жыргалчылыгын ойлоп душманыбызга жан тартып, элибизди кыйынчылыкта таштап, ачка калтырып, жарандарыбызды бири-бирине тукуруп, арам иштерге түртүп, өз элибизди сатып кеткендерден болуп калбайлы.
Демек: Мекенди сүйүү, ага кызмат кылуу, Мекеним дегенде жанын берүүгө даяр болуп аны коргоо - бул ар бир мекендешибиздин, улуттук жана башка өзгөчөлүкгөрүбүзгө карабастан, жогорку деңгээлде өтөлүшү зарыл болгон ыйык милдетибиз экендигин унутпайлы.

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#4 18 April 2014 - 16:58
Мекенди суйбой бирин-бири жек коруп келечекти ойлобогондор кыргызды болуп жаргандар кобойду, россияга кошулушка угуттогондор кобойду.

Супер-Инфо
super.kg
видео