Атанызга ыйман, ынсап берсин. Ал эми сизге сабырдуулук тилейм. Анан да кечиримдуу болунуз, атанызга кек сактабаныз.
Баарына мен күнөөлүмүнбү?
#22 18 April 2014 - 09:38
Автор капалана бербей сабырдуу болун. Атаныз уулду боло албаса буйурса уул неберелуу болор. Менин оюмча бир кун атаныз окунот баарына. Аллах инсап берсин.
#23 18 April 2014 - 09:40
саламатсызбы автор.Бул чыныгы окуябы же...Себеби синдиниз сизден 2 жаш кичуу болуп калыптыр да.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#24 18 April 2014 - 09:53
Бул кыз торолгондон кийин апасы ажырашыптыр кайра тортко чыкканда жарашса синдиси озунон эки жаш кичуу болсо буягы кандай болду окшоштуруп жазгыла же бул киши озундун атан эместир оз ата кантип оз кызын урушсун бала болсо бир жон чындыкка окшотуп жазсанар боло
#25 18 April 2014 - 10:10
avtorubuz jokko??? joop berip koisonuz jakwy bolmok, maga da kyzyk boluvatyry???!!
!
#26 18 April 2014 - 10:18
автор таарынбаныз мага бирок ушул теманы "эркин темадагы"
"апыртмалар"
болумуно ачсаныз соонун болмок(жеке оюм)
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#28 19 April 2014 - 00:33
Кечиресиздер мен жазам деп унутуптурмун,
озумдон 2 жашка кичуу синдим, ал огой синдим, атам апамдан кийин башкага уйлонуп кыздуу болгон экен. Апам аны мен жаш кезимден (4 жашымдан) бул сенин бир тууган синдин болот, сен синдилуу болдун деп тушундуруп койгон. Апам кийин аны болуп журбосун деп атайын ошентип айткан го сыягы. Ошого аны болгум келбей, жылдар отуп 3 синдилуу болдум деп жазгам.
#29 19 April 2014 - 00:54
Атаныздын эркек баласы жок экенине сиз куноолуу эмессиз го,туурабы?Канчалык жини келген кундо да тушунуктуу болсо сизди да,апанызды да анчалык жемелемек эмес,кол котормок эмес.Ошентсе да атанызга ыйман-ынсап берсин.
#30 19 April 2014 - 12:00
Ошентип көзүм караңгылашып,
өзүмдү билбей калдым. Көзүмдү ачсам, жанымда медсестра эже отуруптур. Уруш-жаңжалдардан улам, нервим аны көтөрө албай калган экен. Медсестра эже атама түшүндүрдү,
атам улам менден кечирим сурап жатты. Бир-нече күндөн кийин апам да келди, сиңдилерим апама болгон окуяны айтып коюшуптур. Апам атама эч нерсе дей албады, бир нерсе десе апамды дагы жакадан алмак. Күндөр өтүп жатты, тынч урушсуз жашап жаттык. Бирок бул көпкө созулганы жок. Атам баягы адатын дагы баштады. Алар урушкан сайын менин башым катуу ооруй берчү болду. Башында "силер урушкан сайын, менин башым катуу ооруп жатат, урушпагылачы"
десем урушпай калышчу. Бирок кийинчерээк атам ал сөздү да тоготпой калды, "бир нерсе болсо эле оорудум дейт, тойдум ушудан тажадым" дей баштады.
Атамдын эмнеге бизге антип, күн бербей жатканын кийин билдик. Көрсө ал апамды, бизди кетирип башкага үйлөнгүсү бар экен. Бир жолу үйдөн кеткиле деп ачыкчасына айтты, бирок биздин бараар жерибиз жок болгондуктан гана, кайра атам менен калдык.

#31 19 April 2014 - 12:06
И десе жаза бериңиз, атаңыз кандай адам. Ушундай аталардан кудай сактасын. Өзү молдо болсо, кылган кылыгы бул болсо. Атаңызга ыйман берсин.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#32 19 April 2014 - 12:41
Атам көп узабай Екатеринбургка иштегени кетти.
Кулагыбыз тынчып эле отуруп калдык.
Бирок ал жака барганы менен, башында биздин тамак-ашыбызга акча жибербей жатты.
Атам мага бардык шартты түзүп берди, окутту, бакты, кийинтти. Бирок аталык мээримин бере албады. Атамдын ою боюнча, бардык нерсени акча менен чечип коюуга болот. Атамдын ушул убакка чейин багып, ЖОЖго киргизип, окутуп жатканына ыраазымын. Бирок денедеги жарат бүткөнү менен, көңүлдөгү жарат такыр бүтпөйт экен. Канчалык ошол күндөрдү унутайын десем да, жүрөгүмдөгү калган так буга жол бербей келет.
"Эx, атакем бир жолу болсо да, бооруңа кысып, чын жүрөктөн аталык мээримиңди чачсаң эмне болмок?" деп ичимден кээде ыйлап алам. Башкалардын ата-энесин көрүп, "эмнеге менин ата-энем, ушундай мээримдүү инсандардан эмес" деген ойго батам.
Апам да өмүрүн балдарым деп, кыйналып, ушундай азаптарга чыдап өткөрдү. Бир нерсе болсо эле атам "ажырашам' га" түшөт. Апам байкуш, биз ажырашсак балдарым жетим калат, көңүлү жарты болуп калат деп гана жашап келет.
Мен го үйдөн чыгып кеткем десем да болот, ЖОЖду аяктарыма да бир эле жыл калды. Бирок мен апамдын, сиңдилеримдин эртеңки тагдырынан
кабатырдамын.
Адамдын сырткы көрүнүшү өзгөргөнү менен, пейли ошол бойдон калат экен.
Апам кыйынчылыктарды эстеген күнү, "ошондо эмнеге кайра келдим экен? Каныкейди деп келгем да, аны жетим калбасын дегем да" деген сөздөрүн угуп, жүрөгүм туз куйгандай ачышат.
"Эмнеге мен төрөлдүм экен? Мен болбогондо апам мынчалык кыйналмак эмес" деп өзүмдү күнөөлөйм.
Эми менин бул нерселерди жазганым, атамды жаман көрсөтүү эмес, болгону ушул окуялардан сабак алып, болочок ата-энелер балдарын түшүнүп, аларга болгон мээримин чачып, өстүрсүн деген гана ой.
Баарыңыздарга көңүл буруп, окуп койгонуңуздар үчүн терең ыраачылыгымды билдирем! !!

#34 19 April 2014 - 17:08
Чынын айтсам, эмне дээримди билбей калдым... Сизге, жана апаныз менен бир туугандарынызга бакыт, уй-булонузго тынчтык каалайм. Уул балага караганда кыз жакшы эмеспи, кыз бала куйумдуу болот. Албетте уул деле жакшы, бирок Аллах насип кылбаса Жаратканга тоомат кылгандай пенделеринен кучун чыгарган деле туура эмес да. Кээ бир эркектерге тушунбойм, уул торобойсун деп аялын сабаганда эмне пайда? Аялы озу колу менен жасап курсагына салып албаган сон. Эмнени эксен ошону аласын деген. Ошол кызды да насип кылбасачы? Эмнеси болсо да башкаларга сабак болчу окуя экен. Бактылуу болунуз. Кечиримдуу болсонуз баары унутулуп кетет, атаныз да бир кун карыйт, баары бир сиздердин козунуздорду карап калган учур келет, кеч болсо да кечирим сурайт. А сиз эмитен кечиришиниз керек, жаман болсо да атаныз, боорум ооруганы менен мен жакшы атамды бере албаймын. Атаныз сизди жакшы корот, болгону аны озу деле "уулум жок" деген куйуту устундо сезбей турат. Сабыр кылыныз, баары отуп кетет. Атанызга Аллахтан ынсап тилеймин.
#35 19 April 2014 - 21:43
Аллаx суйгон пендесине, ушундай сыноолорду берип сынайт экен. Сыноодо сынбай жашап жатканыныздын озу чон ийгилик, сиздин жашоонуз дагы да болсо алдыда деп ойлойм, балким атаныздан корбогон мээримди кайната-кайненениз,
жолдошунуздан короттурсуз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#36 19 April 2014 - 22:08
Автор келечекте сизди бактылуу кундорунуз коп болсун , сизге ийгилик , бакыт каалайм!
#37 19 April 2014 - 23:32
Автордун сөздөрүнөн улам, оюма бир башкача нерселер келип кетти..
Сыр бойдон эле калсынчы.
Бактылуу болуңуз Кыргыздын Кызы.
Сыр бойдон эле калсынчы.
Бактылуу болуңуз Кыргыздын Кызы.
В каждой шутке есть доля правды...
#38 20 April 2014 - 00:27
Аянычтуу. Бирок бактылуу болунуз автор.
Да. Я делаю много ошибок. К сожалению жизнь без инструкции.
#39 20 April 2014 - 01:39
Бул күндөр да өтөт, кетет... Атаңыздан ала албаган мээримди, жолдошуңуз берээр буюрса...
Эч качан "мен күнөөлүмүн" дебегиле, силер жок да ушул эле көрүнүш болмок.
Эч качан "мен күнөөлүмүн" дебегиле, силер жок да ушул эле көрүнүш болмок.
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#40 20 April 2014 - 08:47
Кыз бала тируундо сыйларын,олгонундо артынан кошок айтып жоктоп ыйлаарын болот.Кыз баладай мээримдуу,куйумдуу бала болобу?..
Аттин мындай нерсе турмушта жолугуп турат.Окуп билим алып,иштеп мээнетин актасан.ЖАКШЫ КЫЗ БОЛУП жакшына турмушка узасан,бул кундорун да жаман туштой болуп отуп кетет.Келечекте балдарына мээримдуу куйумдуу ата тандаштан жанылба.Эч ким ата энени тандап ала албайт.жана ондоп да ала албайт.Бир гана ата эненин жанылыштыгын кайталабай оз ордундуу таап кетсен, ошондо сен оз турмушунда бактылуу боло аласын.Ушуга чейин атан,аталык мээрим бере албадыбы демек биягын этиет ,ото этият кылып жаша.Чон кыз болуп калыпсын жакшы кыз менен батирге жашасан да болот.Сенин бактын алдыда кызым.Ошол бакытка аруу сезим менен,аруу денен менен жетишин керек ошондо гана сен келечекте бактылуу жан боло аласын..Жаш болсон да оз уйундон кыйнчылык корупсун,эми аллахым бироонун уйунон бакытылуулуктуу буйуртсун.
Аттин арман биздин уй булоо кызга зарбыз.Чон ата экообуз кыз корбой сурап тилеп журуп коргон жангызыбыз бар.Чон уул келинде кыз жок.Экинчи уулдан бир небере кыз торолгондо экообуз суйунгондон ыйлап тозуп алганбыз.Азыр кызымдан бир кыз бар.Кызы жок энеде коп арман.Аны кобу тушуно бербейт...
Кызым жок деп копкон коп эркекети кордук бирок турмушта ошол эркек баладан артык кылып сыйлап,уй салып,машина алып берип,курорткторго жонотуп абайлап бапестеген жалан кыз торолгон уй-булоолрдон коп кордук го.Эркек бала аман эле болсун,айтарга уулум бар деп,атымды очурбойт деп уул тилеп уул коксойт тура адам баласы.Бирок кызча куйумдуу боло алышпайт болсо да азыраак.Бул турмуш чындыгы.Ал учун уулдарым мага капа болбос.Ошон учун кыргыз калкым.Ыйларга да кыз жакшы,сыйларга да кыз жакшы деп айтышса керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео