Менин семиз группалашым кундо арман кылчу,кантип арыктайм деп.Чынында аябай семиз ,бирок,сулуу эле.Семиздигинен арданып окубай кетип калган.Ошол кызды жакында кордум,45кг болуп,аябай арыктап кетиптир,Ал айтат"Шаардан айылга турмушка чыктым,бир балалуу болдум.Тандан кечке чейин бутпогон уй иштер.Мына сага диета."деп аябай суйунуп калыптыр. Дегеним,физической иш аракет да коп болгон жакшы.
Дене түзүлүшүӊүз 90-60-90 болууну эңсеп жүрдүңүз беле? анда эле бул жакка баш бага калыныз...
#102 21 April 2014 - 17:12
Андай болсонор кийин торой албай каласынар))))семиргиле)))))бирок ото эмес)))
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#103 21 April 2014 - 21:14
мен азыр фигурама нааразы эмесмин дегендер толуп кетсенер эле наалып баштайсынар.
Бир кезде мен да фигурама нааразы эмес болчумун. Азыр арыктайм деген ой мээме синип калгандыктан,
кобуроок тамак жесем, озумо нааразы боло берем.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
#104 27 April 2014 - 13:01
50 кг менен 60 ортосу болсо салмагынар.
Это норма зачем вам 90-60-90. Анда белинер ичкееееее, анан кокурогун менен жамбашын чоон. Гитара сымал фигура болушка туура келет. Бул параметр Азиаттарга туура келбейт деп ойлойм. Баары озуно жарашса болду да. Кээ бири арыктап кетсе жарашпайт кээ бири семирип кетсе жарашпайт. Негизгиси ден соолук болсун.
Айдашканын кеп кенештерин аябай пайдалуу. Мен билгендин баары жазылыптыр. Мен да убагында жаштык кылып. Интернеттеги диеталардын баарын тытып жибергем.
Негизиле ачуу, таттуу, куурулган, ышталган. Тамактардан этият болгула. Баарынар ден соолук каалайм
Айдашканын кеп кенештерин аябай пайдалуу. Мен билгендин баары жазылыптыр. Мен да убагында жаштык кылып. Интернеттеги диеталардын баарын тытып жибергем.
Негизиле ачуу, таттуу, куурулган, ышталган. Тамактардан этият болгула. Баарынар ден соолук каалайм
#105 27 April 2014 - 16:41
90 60 90 болбосоңор да, түптүз шкаф болбосоңор болгону. Көкүрөгүңөр 90 болсо охуу өтө эле чоң болуп калат. А жамбаш 90 это нормально!
Белиңер 60 эмес 70 болсун хотя бы тантырап койдум окшойт, койгула мен кеттим.
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#106 28 April 2014 - 11:43
Мен да кыз маалымда семиз болчумун.турмушка чыгып 1айдан кийин эле арыктап кеткем.азыр синдилерим арыкташ керек десе айтып калам мен кандай болчум деп.
Эки кызым бар.салмагым 50кг чыгам
Эки кызым бар.салмагым 50кг чыгам
#107 28 April 2014 - 12:56
Мен да кыз маалымда семиз болчумун.турмушка чыгып 1айдан кийин эле арыктап кеткем.азыр синдилерим арыкташ керек десе айтып калам мен кандай болчум деп.
Эки кызым бар.салмагым 50кг чыгам
Эки кызым бар.салмагым 50кг чыгам
Ваай эркек эмессиңби сен?
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#108 28 April 2014 - 13:12
Энсеген эмесмин.Энсебейм дагы.Ушунусуна Кудайга шугур.Семиз болуп корбогом. Физически коп кыймылдайм,
ошон учун канча жесемда толуп кетпейм.
♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#109 28 April 2014 - 14:23
Мен да жаза кетейн. Переходный возрастта гармондор калыптанат эмеспи. Ошол кезде толдум аябай. Боюм да асманга кетти. 10класста окуп жургондо 175см 68-69кг элем. Машыксам арыктайм деп спорт менен машыктым. Андан да чон коруно баштадым озунчо эле борчик. Себеби мышцы чоноет экен спорттон. Жолдон бир куну бою кичинекей, арык бала мага "ушул кызга уйлонуп, тукумду ондош керек экен" деди эле аябай ардандым. Уйго барып диета кармай баштадым, бирок жыйынтык чыкпады. Диетага омур бою отура албайт экен да. Ошентип 11классты бутоордо баягы эле калыпта журдум. ЖОЖго тапшырганымда бассейнге барып, нандын оордуна сухарик же кара нан, канттын оордуна бал, кызыл чайдын оордуна кок чай ичип, эртен менен овсянка, сууга бышкан жумуртка жечумун. 2-3литр таза суу ичип, жоо сабакка барам, келем. Эртен менен тан атпай бассейнге барам. Бош убакта зарядка кылам. Кадимки алма, бадыран дайыма жанымда журот. Курсагым ачып же кечкисин тамак жегим келсе озумду кармап алма же айран ичет элем. Майлуу, камыр, таттуу жечумун бирок аябай аз олчомдо. Ошентип боюмда кичине кичирейди, арыктадым. 174см 62кг менен журчумун. Кудайга шугур тошту, бойду, белди, жамбашты кудайым менден аябаптыр (мактанбай, чындыкты жаздым).Бирок айтып кеткен режимди такыр бузган жокмун куйоого тийгиче. Азыр боюмда бар. Баарын подряд жеп жатам балам учун деп. Салмак коштум. Буюрса коз жарсам кайра озумдун режимиме отом. Туура тамактансанар эле жакшы болот. Силерге кичине болсо да жардамы тиет деген умуттомун.
#110 31 May 2015 - 03:39
Энсебейм деле анткени фигурам ошондойле))
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#111 31 May 2015 - 09:13
#113 02 June 2015 - 19:29
Энсеген эмесмин.Энсебейм дагы.Ушунусуна Кудайга шугур.Семиз болуп корбогом. Физически коп кыймылдайм,
ошон учун канча жесемда толуп кетпейм.
Мен да ушундай, канча жесем да аша чаап семирип кетпейм. Ар дайым бирдей журом, себеби ото коп кыймылдайм физический. Эгер бир -эки кг толсом озумо кадимкидей билинет .Ошол учун ар дайым бирдей жургонго аракет жасайм. 90-60-90 болуу учун генге да караса керек .
#114 08 June 2015 - 13:11
Мектеп жашымда толук болчумун.Анан врачка корунсом он кун бир гана кайнак суу ич деген.Арыктап кан жугуруу да жакшыланат деген.Он кун эмес уч кундон кийин колу бутум калтырап башым айлана баштаган.Аны таштап сууга кайнатылган ак куруч жеп жургом.Кечинде тамактанбай синдим экообуз машыкчубуз.
Азыр ойлоп корсом ал переходный возраст экен корсо.Азыр диета кармабайм деле каалаган тамагымды жей берем.Бир калыпта журом он жылдан бери.Арык да эмесмин толук да эмесмин.Эн негизгиси шугур ден- соолуктан эч арыз бололек ушу маалга чейин.
#116 08 June 2015 - 14:14
Энсеген эмесмин.Энсебейм дагы.Ушунусуна Кудайга шугур.Семиз болуп корбогом. Физически коп кыймылдайм,
ошон учун канча жесемда толуп кетпейм.
Бул нерсе физически жана диета кармоо ж.б коз каранды эмес деп ойлойм. Себиби бул генден. Ата-энен, чон-эне, чон апан кандай болсо ошого карап туптолосунда. Сиз айткандай кээ бир адамдар жебесе деле семире берет. А кээ бири канча коп жесе деле семирбейт. Арык бир формада журот. Значит бул тупку тамырдан
#117 08 June 2015 - 22:30
Мен энсеп журдум элее,жардам бермекчисинерби,
же жаш туура келбей калдывы?)))
#118 09 June 2015 - 14:10
Ашыкча оор салмактан, семиздиктен кантип арылса болот?Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялдар ашыкча салмактан арылуу максатында ар кандай ыкманы, көнүгүүлөрдү жасап, таттуу, майлуу тамактан баш тартып ачка болушат. Бирок, тилекке каршы жасаган аракеттин баары эле эффективдүү жыйынтык бере бербейт. Анын эң негизги себеби ашыкча салмактан арыла албай жаткандардын денесиндеги клеткаларга нымдуулук жетишпей майлуу клеткалар өсүп кеткендигин көпчүлүк биле бербесе керек.
Ашыкча салмактан кантип оңой жол менен кыйналбай арылса болот деген көйгөйдү көпүлүк семиздердин оюнда турат. Андыктан жөн эле отуруп арыктагысы келген айымдар үчүн кеңеш. Арыктайм деп аракет кылып тамак ичпей ачка болуп, ашыкча көнүгүүлөрдү жасаган адамдын көңүлү да чөгүнкү, урушчаак болуп, абдан чарчайт. Байыркы Кытайда бөйрөктү тазалоо үчүн бир нече литр суу ичишкен. Албетте, алар сууну минералдарга бай, таза агып жаткан табигый жеринен алышчу. Бөйрөктү тазалоо менен катар ашыкча салмактан да арылышкан.
Суу менен арыктоо
Эгер адамдын организмине тиешелүү өлчөмдөгү суу жетпей калса, кан айлануу төмөндөп терини кычкылтек жана энергия менен камсыздоо бузулат. Адамдын териси кургап, бетине тез эле бырыш түшөт. Мунун эң биринчи себеби сууну аз ичкендиктен. Илимпоздор илгери эле суткасына 2-2,5 жарым литр суу ичип турган адам эч качан семирбесин жана териси кургабасын айтып чыгнышкан. Бирок, бул чай, кофе, шире (сок) же газдалган суулардын эсебинен деп айтууга болбойт. Таза, эч нерсе кошулбаган суу организмге абдан пайдалуу. Негизи кайнатылган же эч кандай кошулмасы жок сатылган сууларды ичкен оң.
Курсак неге ачат?
Адамдын организми 80 % суудан турат. Организмди убагында суу менен камсыздап турбасак курсак тез ачып, тамак жегибиз келет. Курсак ачканда сууну эч ким ойлобойт, көз алдыга майлуу, таттуу тамак тартылат. Андыктан тамак ичээрде жана андай кийин да суу ичип турсак, бул арыктоонун эң тез ыкмасы болуп саналат. Эртең менен тамак ичээрде 30 мүнөт мурун бир стакан суу ичип, бир күндүн ичинде 3-4 стакан, кечки тамактын алдында жарым саат мурун дагы бир стакан сууну дайыма ичсе ашыкча салмактан эч кандай көнүгүүсүз жана ачка калбай эле арылаарыңызга бөркүңүздөй ишене бериңиз дейт диетологдор.
Андан тышкары бул ыкмага жаңы киришкендер биринчи жумада иче турган сууга анча-мынча лимондун же ананастын согунан кошуп койсо ашказандагы ашыкча майларды тазалоого жардам берет. Булардын ширесиндеги кислота майды эритүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ашыкча салмактан өзүн оор сезгендер жеңилденип, көңүлү көтөрүлөт. Бирок, суудан өтө ашыкча ичип оор жумуш жасаса тердетип, атүгүл денеге шишик пайда кылып чарчатат. Ошондуктан спортчулар эч качан машыгып жатканда суу ичишпейт. Баардыгы өз мерчеминде болгону дурус.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#119 09 June 2015 - 14:23
Бул нерсе физически жана диета кармоо ж.б коз каранды эмес деп ойлойм. Себиби бул генден. Ата-энен, чон-эне, чон апан кандай болсо ошого карап туптолосунда.
Сиз айткандай кээ бир адамдар жебесе деле семире берет. А кээ бири канча коп жесе деле семирбейт. Арык бир формада журот. Значит бул тупку тамырдан
[бул менин жеке ойум].
Tuura. Koop jesem dele semirbeym.
Figura maaniluu emes go.
#120 09 June 2015 - 19:44
Активдештирилген көмүр арыктоого жардам береби?
Ашыкча салмактуулуктан арылгысы келген айымдар жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн активдештирилген көмүр (уголь) колдонуп келишет. Аны колдонуу ыкмасы жөнөкөй жана анча кымбат эмес. Бирок, чын эле көмүр колдонуу менен арыктоого болобу жана анын организмге тийгизген терс таасирлери барбы, же жокпу? Ушул суроонун тегерегинде кеп кылалы.
Активдештирилген көмүрдү медициналык көрсөтмө менен кабыл алуу
Дарыгерлер бейтапка активдештирилген көмүрдү эмне үчүн дайындашы мүмкүн? Жооп жөнөкөй эле. Ал организмди токсиндерден тазалайт. Жоон ичегиге инфекция киргенде, ууланууда жана диареяда колдонулат. Ошондой эле ашыкча газ бөлүп чыгарууну жөнгө салат. Бирок, аталган дарынын көрсөтмөсүндө арыктоого арналгандыгы жазылган эмес.
Активдештирилген көмүрдүн өлчөмү
Бул дары табигый заттардан жасалып, зыяны жок делгени менен анын өлчөмү талапка ылайык болушу шарт. Ал адамдын жаш курагына жана салмагына жараша дайындалат. Андан ашырууга болбойт.
Активдештирилген көмүр ашыкча салмактан арылууга жардам береби?
Физикалык күч колдонбой жана калориясы жогору тамактар менен азыктанып, активдештирилген көмүр кабыл алып арыктооо мүмкүн эмес. Болгону бир айда бир килограмм гана салмактан арылышыңыз ыктымал. Анткени организмдеги токсиндер ашыкча суулардын өлчөмү ушунча эле болот. Ал эми тазаланган организм пайдалуу заттарды жана витаминдерди жакшы сиңирип салмакты кайрадан кошот.
Активдештирилген көмүрдү кабыл алуу негизинен эки жумадан ашпашы керек.
Арыктайм деп айлап ичкендердин психикасына доо кетип ачуулуу болуп чыга келишет. Бат чарчашат. Андыктан организмди токсиндерден тазалоо курсун өтүп жатканда калориясы аз тамак ичип, көнүгүүлөрдү жасап бир нече килограмм салмактан арылышыңыз мүмкүн. Жыйынтыктап айтканда арыктоо үчүн активдештирилген көмүрдү колдонбой эле койгон туура болот.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео



















