Максим Кротов аттуу орусиялык инвестор Ош ТВны сатып алгандыгы тууралуу кабар аталган каналдын электрондук дареги аркылуу жарыяланды.
Орусиялык инвестор делген Максим Кротовдун ким экени, аймактык телеканалдын кандай шартта, канчага бааланганы,
каналга ээлик кылгандардын бири делген Халилжан Худайбердиевдин үлүшүнүн сатылганы же сатылбаганы тууралуу маалыматтар такталбаган бойдон калууда.
Буга чейин ОшТВнын башкы директорунун милдетин аркалап келген Эрнис Кыязов кожоюн алмашкандан кийин өзү да кызматтан кеткенин ырастады:
- ОшТВ телеканалы орусиялык инвестор Максим Кротовго сатылганы чын. Буга байланыштуу мен ОшТВнын башкы директорлук кызматынан кетүү тууралуу өз арызымды жаздым. Телеканалдын кандай шартта, канчага, кантип сатылганы тууралуу маалыматым жок.
ОшТВнын катардагы кызматкерлери "телеканал сатылды" деген сөздөрдү укканы менен аларга компания ээсинин алмашканы тууралуу эч ким, эч нерсе айтпаптыр. Андагы кызматкерлердин бири Улан Шадиев телеканалдын сатылганы боюнча кабарсыз экенин, жаӊы кожоюнду көрө электигин айтты:
- ОшТВны сатып алды деген адам менен тааныша элекпиз. Күндөгүдөй эле иштеп атабыз. Андай иште, мындай иште деп эч ким көрсөтмө бере элек.
Учурда Орусияга сатылган жергиликтүү телеканалга байланыштуу эл арасында ар кандай талаштуу суроолор жаралды. Анткен менен Ош шаардык жана Ош облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Чыӊгыз Сайпиев юридикалык менчикти чет элдик жаран сатып алууга кыргыз мыйзамдары жол берерин ырастады:
- Чет элдик жарандар Кыргызстанда катталган юридикалык жактарды сатып алганга укугу бар. Бирок ал сатып алууларды каттоо Юстиция министрлигинде гана ишке ашат. Чет элдик жарандардын сатып алууларын юстициянын жергиликтүү башкармалыктары каттай албайт.
Деген менен, ОшТВнын орус жаранына сатылышы канчалык мыйзамдуу болгон күндө да, мунун артында жеке инвестордун коммерциялык кызыкчылыгы эле эмес, Орусия өкмөтүнүн да саясий кызыкчылыгы жатат дегендер да жок эмес.
Орус тектүүлөр аз жашаган Ош шаарында орус тилдүүлөрдүн укугун коргоо борбору, “Российская газетанын” жергиликтүү бөлүмүнүн ачылышы, ага удаа ОшТВнын орус жаранына сатылышын жергиликтүү эксперттер ойлонууга түртө турган абал дешүүдө. Чыр-чатактарды изилдөөчү Расул Авазбек уулу ОшТВнын сатылышынын артында көп суроолор жоопсуз калып атат деген пикирде:
Халилжан Худайбердиевдин ОшТВдагы үлүшү сатылганы же сатылбаганы белгисиз.-
Инвестордун келишине мыйзам жагынан эч кандай тоскоолдук жок. Бизде эми маалымат коопсуздугу жөнүндө саясат жокко эсе да. Акыркы убактагы дүйнөлүк окуялардын өӊүтүнөн алып караганда,
маалымат саясаты мамлекеттин приоритеттеринин бири болушу керек эле. ОшТВ
нын сатылышынын артында түшүнүксүз жагдайлар көп. Анткени ал телеканалдын айланасындагы чырларга чекит коюла элек болчу.
ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. Ал 2010-жылдагы кандуу калабага тиешеси бар делип, сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган.
Июнь окуясынан кийин аталган телеканалга экс-мэр Мелис Мырзакматов ээлик кылганы айтылып жүрөт.
Ушул жылдын 29-январында УКМК тарабынан бул телеканалга карата “Аймактар аралык жаӊжалга чакыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага 8-15-январь күндөрү “Багыт”, “Күнчабыт” берүүлөрүндө жана СМС билдирүүлөрүндө элди түндүк-түштүккө бөлгөн чакырыктар көрсөтүлүшү себеп болгонун билдирген. 31-январь күнү компаниянын имараты УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынган.
ОшТВ орусиялык инвесторго сатылды
#3 17 April 2014 - 21:56
Бул курал саясий максатарга жетуу учун, теле каналдар газета, журналдар менен Элди алдап койсо болот, калпты коп кайталаса ал чындыка айланат.!
Мен каршымын, Орус инвесторго эмес Россияга сатылды деп эле айтыш керек..!
Мен каршымын, Орус инвесторго эмес Россияга сатылды деп эле айтыш керек..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#8 22 April 2014 - 01:03
СССР ди же Россияны макташат. Анткени акыркы кундору Россия 24 телеканалынан СССР дин составынан болунуп кеткен мамлекеттер мыйзамсыз болунушкондуктору айтылып жатат. Б.а. алардын оюнда биз кайра орустарга баш ийип жашашыбыз керек экен.
#11 28 May 2014 - 14:32
Ош тв кайра мамлекеттин карамагына oткoну калды деп Азаттыктан уктум го oткoндo.
#12 24 June 2014 - 16:20
Актуалдуулугу жоголгонуна байланыштуу жабылды.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."

Супер-Инфо
super.kg
видео



















