http:/
/www.super.kg/kabar/news/
55853/
Шаарыбызды кылмышкерлер каптап, адамдар жырткычка айланышты! Коркунуч менен жашай турган болдум!
#22 21 March 2014 - 10:00
Шаарыбызда эки кундун биринде тобо чачты тик тургуза турган окуялардын болуп жатканы абдан окунучтуу. Айрыкча жаш кыздарды зоордуктоо,
олтуруу, озун озу олтуруу кобойуп баражатканы коркунучтуу.
#23 31 March 2014 - 19:21
Эн биринчи мамлектетибизди башкарып аткандар кылмышкерлер,
баары паракорлор,
ач карышкырлардай бири бирин андып турушат. Мамлекетибизде жашоо денгээл онолмоюнча,
эл жумуш менен камсыз болмоюнча кылмыштуулук азайбайт. Ал эми абактарда отургандардын баарын эле кылмышкер деп айтуу туура эмес. Мунапыс чыгарылганы да бир жагынан туура, себеби подстава болуп тушкондору болушу мумкун. Абактарда 17000дей отургандар бар экен, алардын да бизге окшогон ата- энеси, ага- инилери бар да. Чындыктын баары Аллага белгилуу!
Сабырдуулук берсин баарыбызга Аллахым!
#24 12 April 2014 - 21:14
Бул кыз табылдыбы? Билгендер барбы? Эмнеге жоголду экен?
-Кызым Орозбек кызы Надира Бишкектеги Улуттук консерваторияда окучу. Биз Бишкектеги Ак-Жар жаӊы конушунда тургандыктан, үй алыс деп ал окуу жайынын жатаканасында жашачу. Дем алыш күндөрү үйгө келип-кетип турчу. 30-декабрь күнү кызым атасына чалып “ата, мен кечинде барам” деген экен. Бирок, ал күнү кечинде келбей калды. Мурда-кийин минтип бизди сарсанаага салып кабарын билгизбей кетчү эмес. Эртеси күнү, анын эртесинде дагы абдан күттүк. Эч жамандык ойго келбей болгону “бой жетип калган кызды ала качып кетишпеди бекен...” деген гана ой болуп жатты. Эми ошол 30-декабрдан бери кызымдан эч кабар жок болуп жатат.
-Кызыӊызды ала качып кеткидей бирөө-жарым бар экенин билчү белеӊиз?
-Жок, кызымдын жигит менен сүйлөшкөнүн билчү эмесмин. Негизи кызым менен ачык-айрым эле сүйлөшчүмүн. Эжелери деле жигит жандаганын билишчү эмес экен. Ошондон улам мен кызым эч кандай деле шойкому жок болчу деп айта алам. Анткени, бир жолу үйгө кеч талашып калган маалда келгенинен улам аны сынамакка “э, кызым, жигит жандаганда ушинтип кеч калып калат бекен?” десем, андай эмес экенин айтып ал турсун бул сөзүм үчүн мага таарынып дагы калды эле. Ошондуктан да мен кызымдын жигити жок экенин билем. Ал эми аны ала качып кетиши мүмкүн деген маалыматты анын агенти аркылуу болжоп жатабыз. Азыркы жаштардын баарынын эле колунда агент деген болуп калбадыбы. Менин кызым дагы ал нерсени колдонуп, достору менен жазышып турчу экен. Анан ошолордун арасынан Омар деген бир баланын жазгандарына карганда ошонун ала качып кетиши мүмкүн болуп турат.
-А бул маалыматты качан билдиӊиздер?
-Кызымды эки күн удаа абдан күттүк. 4-январь күнү кызымдан бир кыска чалуу болуп Майлуу-Суу жакта экенин айткан. Анан эле телефону өчүп калды. Ошондон баштап мен кабатырланып дароо милицияга кайрылдым. Бирок, бир айдан бери алардын аракетинен майнап чыкпай жатат. Биз милицияларга кылт эткен маалыматтын баарын ташып барып, карап коюшун суранып жатабыз. Бирок, эмнеге экенин билбейм, алардын аракети өтө кайдыгер болууда. Кызым жашырылган номер менен да бир жолу чалып, бирок, эч сүйлөшө албай эле өчүп калды. “Ошону изилдеп бергиле, ошол аркылуу таап калабызбы” деп кайрылдым. Анда деле мага көӊүл бурган адам болгон жок.
-А кызыңыздын кайда экенин чогуу окуган курбуларынан такташтырган жоксуздарбы?
-Такташтырдык, алар дагы Надиранын кайда экенин билишпей жатышат. Себеби, 30-декабрда баягы эртең майрам дегендин шарапаты менен жатаканада аны менен чогуу жашаган, чогуу окугандардын баары эле үй-үйлөрүнө кетишкен экен да. Менимче, жанындагылар кызымдын телефонун дагы алып коюшса керек. Анткени, ошондон бери эле анысы өчүк болуп иштебей жатат.
-Сиздин энелик жүрөгүӊүз кызыӊыз тууралуу эмне ой берип жатат?
-Кантип эле кызымды жамандыкка ыраа көрөйүн? Бир айдан ашып кетти кызымды көрө элегиме. Бассам-турсам эле аман-эсен келип калса экен деп жатам. Эч болбосо аны ала качып кеткен бала алдыбызга келгенге шарты болбой жатса дагы кызымдын амандыгын айтып койсо болбойбу? Бала тараптагылардан деле бизге бир кабар кылып койсо кызымдын амандыгын билип, учурашып алсам эле санаам тынчып калат эле. Алардын ырым-жырымынын, астыбызга түшкөнүнүн деле кереги жок эле. Азыр үй-бүлөбүз менен “Надира кирип келер бекен” деп эшикке кулак түрүп олтурабыз. Адамга ар кандай ой келе берет экен. Бирок, анын бирин дагы кызыма жакындаткым келбейт.
-Надира окуу менен гана алек беле?
-Кызым үч кыз, эки уулдун кенжеси. Кенедейинен таланттуу. Оштогу музыкалык окуусун аяктаган соӊ Бишкекке келип консерваторияга тапшырган. Окуусу менен катар мэриянын алдындагы оркестрде аспапта ойночу. Мүнөзү да токтоо. Үйгө келсе “келдим”, кеткенден кийин “жеттим” деп айтып, бизден эч нерсесин деле жашырчу эмес.
-Учурда кызыӊызды кайсы тараптардан издеп жатасыз?
-Убакыт улам созулуп бараткан сайын менден тынчтык кетип баратат. Милицияларга анчалык деле ишенбей калдым. Милиция өӊдүү болушса эмдигиче бир илинчек табышар эле. Мен үзүлбөгөн үмүт менен кызымдан бир кабар болуп калабы деп күн сайын эшигинин алдына барам. Барсам “эже, карап жатабыз го” дешип мени жактырбай капа кылышат. Алардын мындай мамилесинен улам көӊүлүм калганда массалык маалымат каражаттарына кабар бере баштадым. Ошондуктан, кыргыз элим, кызым тууралуу маалымат билип же кызымды таанып калгандар болсо кабарын билдирип коюӊуздарчы. Мен эми кызым табылганга чейин бутум жеткен жердин баарына бара берем.

Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
#25 12 April 2014 - 22:59
Кудай кырсыктан зоокурлордон сактасын. куугумдо баскандан коркуп калдым. кошунабызды велосипед тээп бара жаткан жеринен тээп сабап кетишиптир.
Апам карангыда баспа деп какшайт. макул дейм бирок иштен кечи чыгып калганда журогум озумдон 10 метр алдыда журот. менин милициям мени коргобой калганы окунучтуу...
#27 16 April 2014 - 09:15
Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен аялдын жансыз денеси табылды
Бишкек шаарында аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен жашы 40-45 чамасындагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган.
Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
http://www.super.kg/ kabar/news/60361/
#28 23 April 2014 - 12:39
#29 23 April 2014 - 14:00
Адамдардан ыйман кетти барган сайын жырткычка айланып баратабыз,билбейм бул кетиште Кыргызстан атыбыз очуп "ЖЫРТКЫСТАН"
же болбосо "ЗВЕРСТАН"
болуп калабызбы деп корком
(((
Мен бактылуумун.
!
#31 26 April 2014 - 12:28
Кудайыма миллион жолу шугурлор болсун жакшы дагы 5-6 млн элебиз, озбекстан,казахстандай кобойушуп кеткенибизде бири бирибизди мясорубкадан откормокпуз чиркин
#32 16 May 2014 - 10:17
Бироонун чырактай кызын жырткычтык м.н олтуруп кетип жатса да,чара королу дешпей,бийликтегилер болгон убактысын мусулмандарды андып откоруп жатышат. Эл мамлекетке салык толоп атабы? Толоп атат! Бюджеттегилер айлыкты ошондон алып атабы?Алып атат! Анан элге кызмат кылайын дебей,оз комочуно кул тарткан эле кишилер.
#33 26 May 2014 - 21:22
Бир соз менен Кыргызстанга барганга да коркуп калдым. Президент катуу кармаса законду тиги сот да акча менен эмес закон менен иштесе баары онолуп кетет! Ушинтип акчанын кулу болуп курсагын тойгузуп журсо бир кун келип аларга да зыяны тийет. Качан адамдар башка олколорго окшоп законду катуу ишке киргизбейт?
Ушул саясатта Кыргызстандын келечин ойлогондор эмес озунун кызыкчылыгын ойлогондор кобоюп кетти!
Жүрөгүмсүң
#34 23 July 2014 - 23:52
Жылдан жылга адамдардын жырткычтан айырмасы жок болуп атат. Аллахым кырсык-алааматтардан,
кайгы-кападан алыс кыл. Элибизге ыйман-хидаят бере көр.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#35 24 July 2014 - 13:41
Эртең менен жумушка келе жатсам, милициянын тобун көрүп калдым. Жерде бирөөнүн денеси чүпүрөк менен жабылып жатыптыр. Денем дүркүрөп кетти...
Көрсө...
Бишкекте мыкаачылык менен өлтүрүлгөн айымдын жансыз денеси табылды Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн айымдын жансыз денеси табылды. Болжол менен 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денесин бүгүн, 24-июлда эң алгач таңкы саат 5:00 чамасында ошол аймакты тазалап иштеген адам көрүп, милицияга кабар берген.
Белгилүү болгондой, кылмышкерлер кыздын жансыз денесин Жибек Жолу көчөсүндөгү эки тараптуу жолдун дал ортосуна таштап кетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз адегенде зордукталып, тонолуп, кийин өлтүрүлгөн соң аталган жерге ташталган болушу мүмкүн. Учурда кыздын аты-жөнү такталууда.
http://www.super.kg/ kabar/news/76337/
#37 05 August 2014 - 13:19
Ысык-Ата районунан унаанын ичинен кыздын жана жигиттин жансыз денелери табылды
http://www.super.kg/ kabar/news/77215/
Ысык-Ата районунан унаанын ичинен кыздын жана жигиттин жансыз денелери табылды. Бул тууралуу күч органдарынан бүгүн, 5-августта кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, 3-август күнү Дмитриевка айылынын аймагындагы Чоң Чүй каналынан сууга чөгүп кеткен унаа табылган. Унаанын ичинде бир кыздын жана бир жигиттин жансыз денеси бар экендиги аныкталган. Учурда алардын өздүгү такталууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

#38 05 August 2014 - 13:20
Кант шаарынын тургуну келинин жана кудагыйын бычактап салды
http://www.super.kg/ kabar/news/77193/
Кант шаарында кайын атасы келинин жана анын апасын бычактап салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-август күнү 56 жаштагы шаар тургуну 31 жаштагы келинин жана анын 54 жаштагы апасын бир канча жолу бычак менен сайган. Анын кесепетинен экөө тең каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, чырдын келип чыгышына үй-бүлөлүк маселелер себеп болгону айтылууда. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

#39 06 August 2014 - 19:58
Супер Инфодо жана башка жанылыктардан акыркы кундору КЫРГЫЗдардын арасында бири бири мыкаачылык менен олтургон, зордуктаган деген аянычтуу окуялар кобоюп жатат. Бир чон атасын олтургон, суу сугарып талашып кошунасын олтургон, оз кызын зордуктаган айта берсен журок кыйналып кетет экен. Булардын себептери эмнеде кыргыз элибиз жестокий болуп баратабызбы же кыргыз эли стресстеби,
сабырдуулук деген кайда кеткен, ыйманчы?
#40 06 August 2014 - 20:42
danilka
Бүгүн, 14:37
Мендеги жанылыкты айтсам, мурдааа куну чогу жашаган квартирант эженин озун гуйоосу олтуруп кетти, квга милициялар келе берип тажатыштыго, бирок гуйоосун бир жумадан кийин кармашты... Анан эженин 6 айлык боюнда бар эле, байкуш торой албай журуп эми эле боюнда болгондо бул кырсык кайдан жайдан келип калды...

Супер-Инфо
super.kg
видео