"Чымыным” бар такшалбаган...
#21 21 November 2013 - 23:11
Сонун ырларыңыз бар экен.
Талантыңыз ташкындай берсин.
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#23 23 April 2014 - 23:05
Жарымы жүрөгүмдүн сенде кетип,
Жарым жан жүргөнүмдө санаа эзип.
Түйшөлүп, түн күзөтөм, уйкум качып
Түгөнгүр, кеткен экен сени ээрчип.
Жарым жан жүргөнүмдө санаа эзип.
Түйшөлүп, түн күзөтөм, уйкум качып
Түгөнгүр, кеткен экен сени ээрчип.
#24 24 April 2014 - 09:30
Жанымдан артык көрөм, билчү белең,
Жаныңдай сен да мени сүйчү белең.
Жанымда жүргөнүңдө дүйнөм түгөл
Жарытып ааламымды жүрчү элең.
Жарыкты жүрөк сезбей калды окшойт,
Жаралап, жабыркатып салдың окшойт.
Жанымды жай алдыраар, тынчтандыраар,
Жалгыз сөз сенден күтүп калдым окшойт.
Жалгыздык талаасында калгандаймын,
Жазамды тагдырымдан алгандаймын.
Калпыс сөзүң тийип кетип жарыгыма,
Караңгыны каптатып салгандаймын.
Жаныңдай сен да мени сүйчү белең.
Жанымда жүргөнүңдө дүйнөм түгөл
Жарытып ааламымды жүрчү элең.
Жарыкты жүрөк сезбей калды окшойт,
Жаралап, жабыркатып салдың окшойт.
Жанымды жай алдыраар, тынчтандыраар,
Жалгыз сөз сенден күтүп калдым окшойт.
Жалгыздык талаасында калгандаймын,
Жазамды тагдырымдан алгандаймын.
Калпыс сөзүң тийип кетип жарыгыма,
Караңгыны каптатып салгандаймын.
#25 27 April 2014 - 22:19
#26 14 May 2017 - 14:17
Ойлобоюн десең деле жаманды
Ой түгөтөт, ой жейт экен адамды.
Ой-санаа карытпасын десеңер,
Оо адамзат , ойлонуп бас кадамды
Ой түгөтөт, ой жейт экен адамды.
Ой-санаа карытпасын десеңер,
Оо адамзат , ойлонуп бас кадамды
#27 14 May 2017 - 14:29
Ооруп турат жүрөгүм, ооруп жүрөт,
Ой-санаа тынчтык бербей тооруп жүрөт.
Ой түбүнөн суурулуп чыга албасаң
Ооруп жүрүп түгөнөт, соолуйт жүрөк !
Ой-санаа тынчтык бербей тооруп жүрөт.
Ой түбүнөн суурулуп чыга албасаң
Ооруп жүрүп түгөнөт, соолуйт жүрөк !
#28 15 May 2017 - 14:49
Жүрөк соолуйт суусуз калган гүлдөрдөй,
Аны унутуп, баары бейгам жүргөндөй.
Жүрөк ооруйт жоопсуз калып сүйүүсү
Сүйө албаса , кургур жүрөк сүйгөндөй.
Жүрөк соолуйт жазаласа тагдыры,
Арга калбай, түгөп бүтсө сабыры.
Жүрөк ооруйт ызасына чыдабай
Эч бир жанга калбай калса кадыры.
Жүрөк ооруйт жакын адамы сатканда
Кайгы, ызаага белчесинен батканда.
Жүрөк соолуйт оорусуна чыдабай
Бүт арманын бөлүшө албай, катканда.
Жүрөк соолуйт бапестеп карабаса
Кайдыгерлик, ачуу арман табаласа.
Соолуйт бирок, өлбөйт али үмүт бар
Кеч болбостон МЭЭРИМ келип дабаласа.
Аны унутуп, баары бейгам жүргөндөй.
Жүрөк ооруйт жоопсуз калып сүйүүсү
Сүйө албаса , кургур жүрөк сүйгөндөй.
Жүрөк соолуйт жазаласа тагдыры,
Арга калбай, түгөп бүтсө сабыры.
Жүрөк ооруйт ызасына чыдабай
Эч бир жанга калбай калса кадыры.
Жүрөк ооруйт жакын адамы сатканда
Кайгы, ызаага белчесинен батканда.
Жүрөк соолуйт оорусуна чыдабай
Бүт арманын бөлүшө албай, катканда.
Жүрөк соолуйт бапестеп карабаса
Кайдыгерлик, ачуу арман табаласа.
Соолуйт бирок, өлбөйт али үмүт бар
Кеч болбостон МЭЭРИМ келип дабаласа.
#30 04 June 2017 - 03:07
Жүрөк соолуйт суусуз калган гүлдөрдөй,
Аны унутуп, баары бейгам жүргөндөй.
Жүрөк ооруйт жоопсуз калып сүйүүсү
Сүйө албаса , кургур жүрөк сүйгөндөй.
Жүрөк соолуйт жазаласа тагдыры,
Арга калбай, түгөп бүтсө сабыры.
Жүрөк ооруйт ызасына чыдабай
Эч бир жанга калбай калса кадыры.
Жүрөк ооруйт жакын адамы сатканда
Кайгы, ызаага белчесинен батканда.
Жүрөк соолуйт оорусуна чыдабай
Бүт арманын бөлүшө албай, катканда.
Жүрөк соолуйт бапестеп карабаса
Кайдыгерлик, ачуу арман тарабаса.
Соолуйт бирок, өлбөйт али үмүт бар
Кечиктирбей МЭЭРИМ менен дабаласа.
Аны унутуп, баары бейгам жүргөндөй.
Жүрөк ооруйт жоопсуз калып сүйүүсү
Сүйө албаса , кургур жүрөк сүйгөндөй.
Жүрөк соолуйт жазаласа тагдыры,
Арга калбай, түгөп бүтсө сабыры.
Жүрөк ооруйт ызасына чыдабай
Эч бир жанга калбай калса кадыры.
Жүрөк ооруйт жакын адамы сатканда
Кайгы, ызаага белчесинен батканда.
Жүрөк соолуйт оорусуна чыдабай
Бүт арманын бөлүшө албай, катканда.
Жүрөк соолуйт бапестеп карабаса
Кайдыгерлик, ачуу арман тарабаса.
Соолуйт бирок, өлбөйт али үмүт бар
Кечиктирбей МЭЭРИМ менен дабаласа.
#32 04 June 2017 - 03:10
Чырактарым, ааламымды жарытуучу,
Алсырасам кадамдарым арытуучу.
Жаза басып, жакшы үлгү боло албасам,
Жанга азап, ойго салып карытуучу.
Чырактарым, мазмундары өмүрүмдүн
Чырпыктарым, дарыгери көңүлүмдүн.
Жараткандын жалгап берген белектери,
Данектери, сүйүү берген өрүгүмдүн .
Алсырасам кадамдарым арытуучу.
Жаза басып, жакшы үлгү боло албасам,
Жанга азап, ойго салып карытуучу.
Чырактарым, мазмундары өмүрүмдүн
Чырпыктарым, дарыгери көңүлүмдүн.
Жараткандын жалгап берген белектери,
Данектери, сүйүү берген өрүгүмдүн .
#33 04 June 2017 - 03:11
Тиричилик өтүп жатса кыбырап,
Убакытың учат экен зымырап.
Тайгак, кечүү кээде түздүк жол басып
Өмүр өтөт жамгыр сымал дыбырап.
Канат кагып, учкуң келип талпынып,
Мугалимден тарбия, билим мол алып,
ЖЫЙЫРМА жыл илгери ушул күнү
Учкан элең келечекке жол алып.
Жыйырма жыл көз ирмемдей өтүптүр,
Жылдар жылга, айлар айга көчүптүр.
Бирок шүгүр, бул жылдарың жөн өтпөй
Артыңардан уул- кыздарың өсүптүр.
Мезгил шашат артка таштап жылдарды,
Жаштык качат ичке катып сырларды.
Келечек муун ырдап баштайт мына эми
Жаштык, сүйүү, биз ырдачу ырларды.
Убакытың учат экен зымырап.
Тайгак, кечүү кээде түздүк жол басып
Өмүр өтөт жамгыр сымал дыбырап.
Канат кагып, учкуң келип талпынып,
Мугалимден тарбия, билим мол алып,
ЖЫЙЫРМА жыл илгери ушул күнү
Учкан элең келечекке жол алып.
Жыйырма жыл көз ирмемдей өтүптүр,
Жылдар жылга, айлар айга көчүптүр.
Бирок шүгүр, бул жылдарың жөн өтпөй
Артыңардан уул- кыздарың өсүптүр.
Мезгил шашат артка таштап жылдарды,
Жаштык качат ичке катып сырларды.
Келечек муун ырдап баштайт мына эми
Жаштык, сүйүү, биз ырдачу ырларды.
#35 14 June 2017 - 01:28
Чымыным бар такшалбаган,
жалгыз мага баркталбаган,
озго жандар жакшы десе,
оскум келет тайманбастан.
жалгыз мага баркталбаган,
озго жандар жакшы десе,
оскум келет тайманбастан.
#36 17 June 2017 - 15:45
Аябай соонун ыр саптар .Калеминиз курчуй берсин. Журоктон чыккан ырлар журоко жетет.
Адамга эн кыйыны кун сайын Адам болуу.
#38 18 June 2017 - 13:46
#39 18 June 2017 - 13:53
Аябай соонун ыр саптар .Калеминиз курчуй берсин. Журоктон чыккан ырлар журоко жетет.
Рахмаат)). Мен өзү бүт баарын жүрөккө жакын ала берген адаммын. Кубансам да ыйлап, кайгырсам да ыйлап. Ошондон улам ой- санаа, жүрөк оору, жан дүйнө оорусу тууралуу ырларга басым жасайт экенмин. Ырлар көбүнчө жан дүйнөм кыйналган маалда чыгып калат. Көп деле ыр жазбайм өзү.
Рахмаат, дагы бир жолу. Жакшы сөз кадамыңды арытат, жаман сөз убайымга салып карытат.
#40 18 June 2017 - 20:01
Өтө жөнөкөй, түшүнүктүү,
жүрөккө жеткиликтүү.
Түгөнбөгөн эргүү каалайм эжекеси!
В каждой шутке есть доля правды...

Супер-Инфо
super.kg
видео












