Балам мультиктерден да 'Легкий кыргызский'
деген программаны жакшы корот. Машаны туш келип калсак коробуз. Динозаврлар ж.до мультик бар эле, койсом аны фон катары эле угат да, оюнчугун ойной берет. Бийлей турган шандуу музыкаларды мультиктерге караганда кобуроок жактырат.
Бала тарбиялоо жана мультфильмдер кандай мультик тандоо керек
#142 15 April 2014 - 05:28
Мультиктерди тандоодо жакшы тарбия бере турган, боорукерлике,
достука уйроткон же Акыл ээсин остургондорун коргозуу керек, СССР дин же кыргызча керемет коч дегендер ошол мультиктер жарайт, Азыр мультфилимдерде;
олтурмой, атышмай, уятуу сенарийлер коп, ал албете балага терс таасирин тийгизет.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#143 24 April 2014 - 18:15
" Бала тарбиялоодогу адашуулар"
деген китепте баланы эмбрион кезинде тарбиялап башташ керек деп жазыптыр. Башкача айтканда ошол кезден баштап, жүрүм-турум жакшы болуш керек. Ушак айтпай, калп сүйлөбөй, эң негизгиси курсакта кезинде баласына мээрим төгүш керек. Хадисте айтылат ко "Ата-эненин балага калтырган эң баалу белеги жакшы тарбия деп.
#144 24 April 2014 - 20:30
бала тарбиялоо бул баланын журогуно лааилааха иллаллох мухаммадур расулулох клмесин журогуно оорнотуу жана ага амал кылуу
#145 24 April 2014 - 20:46
" Бала тарбиялоодогу адашуулар"
деген китепте баланы эмбрион кезинде тарбиялап башташ керек деп жазыптыр. Башкача айтканда ошол кезден баштап, жүрүм-турум жакшы болуш керек. Ушак айтпай, калп сүйлөбөй, эң негизгиси курсакта кезинде баласына мээрим төгүш керек. Хадисте айтылат ко "Ата-эненин балага калтырган эң баалу белеги жакшы тарбия деп.
Ооба туура айтасыз. Кыздар күйөөгө тийе электе эле же боюнда бар кезинде тарбиялап баштасаңыздар болот
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#146 25 April 2014 - 06:09
Баланы урушпаганга аракет кылыш керек , кок бет жана озумчул , орой муноздуу болуп калышы мумкун . Болбогон нерсеге жемелеп токмоктосо , мээрим деген нерсе жоголуп таш боор , кекчил да болуп калат .
#147 25 April 2014 - 11:39
#148 25 April 2014 - 12:45
Ушул бала тарбиялоо мени коп туйшолтотда!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#149 30 April 2014 - 14:50
Баланы жазалоого болобу?! Болот! Анда кантип?
Кичинекей балакайыңыздын туура эмес жүрүм-турумун кантип оңдойсуз? Туура эмес экенин канча айтсаңыз деле уккусу келбейт. Анан кыйкырасыз, коркутасыз, боло бербесе анча-мынча чаап жибересиз. Бирок мындайда бала ого бетер көшөрүп, ыйлап, өз айтканын бербейт. Андыктан баланы ийге келтирүүнүн жолдорун билип алсаңыз жакшы болот.
Табигый жазалоо
Табигый жазалоо өзүнөн өзү пайда болот: эгер байпакты кийбесең, бутуң үшүп калат. Жаш балага мунун себебин-натыйжасын түшүндүрүп жеткирүү кыйын. Мындай учурда анын көңүлүн болгон окуяга буруш керек. Кошумча жазалап, кечке насаат айтып олтуруунун кажети жок.
Бала чыныдагы сууну төгүп алды, ары-бери жылдырып ойноп атып. Ушундай болоорун апасы эскерткен, бирок апасынын сөзүн этибар албады. “Төгүп алдыңбы? Чүпүрөктү алып аарчы. Кийинчерээк кийимиңди алмаштырам. Азыр идиш жууп жатам”. Албетте, бала каршылык көрсөтөт, ыйлайт, суу болгон кийими менен олтургусу келбейт, төгүлгөн сууну тазалагысы келбейт. Сабырдуу болуп акырына чейин туруңуз. Ушул сыяктуу кырдаалдарда өзүңүздү токтоо кармап, дайыма ушундай мамиле кылсаңыз, бала өз ишине жоопкерчиликтүү болгонго үйрөнөт. Жаш балдар адилеттүүлүктү жакшы сезе алышат.
Балаңыз толтура оюнчуктарынын арасынан өзүнө жаккан машинасын таба албай кыйналып жатат. Ар бир оюнчукту өз ордуна коюу керектигин эскерткенсиз. “Карачы, машинаң табылбай жатат. Эгер кечээ бардык машиналарыңды өзүнүн “гаражына” киргизгениңде азыр оңой эле таап алмаксың”.
Балаңыз үчүн өзүңүз жасабаңыз. Анан да “мен сага айттым го!” деп кайра-кайра кыйкыра бербеңиз, антип бир жолу айтсаңыз болот, урушуу иретинде эмес, сиздики туура экенин тастыкташ үчүн эмес, жөн гана эскертүү, берилген маалыматты бекемдөө үчүн. Кийинкисинде жагымсыз абалдын натыйжасын эскертип коюу жетиштүү. Максатыбыз аны жемелеп, өзүн күнөөлүү сездирүү эмес, жагымсыз натыйжа болоорун эскертүү эле.
Балага проблеманы чечүү жолдорун сунуштаңыз. “Эми эмне кылабыз? Ойлонуп көрөлүчү”. Бирок анын ордуна сиз чечип бербеңиз, өзүнө ыктыяр бериңиз. Мындай ыкманы кооптуу жерлерде колдонбоңуз, мисалы, күйүп кала турган, чөгүп кете турган, жаракат ала турган жерлерде.
Мындай ыкманы колдонууда баланын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Туура эмес иштин натыйжасы мүмкүн болушунча тезирээк болушу керек. Бул көрсөткүч баланын канча жашта экенинен көз каранды: наристе кылган “ишинин” натыйжасын дароо көрүп, баалашы керек, болбосо болгон окуянын мааниси жоголуп, өзүнө пайдалуу чечим чыгара албай калат. Эгер ал ысык үтүктү кармап колун күйгүзүп алса, натыйжасы дайын, бирок балага бардык ысык үтүктөр тууралуу түшүндүргөндү унутпаңыз.
Жазалоонун мындай түрүн колдонуу менен бала акырындап себеп менен натыйжанын байланышын түшүнүп, сизди уга баштайт.
Этибарга албооМаанисиз нерсени этибарга албай, маанилүү нерсеге көңүл коюуну үйрөнүңүз. Майда-барат нерселерди чоң проблема кылып, өзүңүздүн да, балаңыздын да маанайын түшүрбөңүз. Балага бардык нерсе кызык, дүйнө таанымын кеңейтип жатат. Чоңойгон сайын көп шоктонбой калат.
Тайм-аут
Түзөтүү чарасы дээрлик дайыма жардам берет. Муну жазалоо эмес, жагымсыз жүрүм-турумду жөнгө салуу десек болот. Бул эмнени туура эмес кылдым, кантип оңдойм деп ойлонуу. Мисалы, балаңыз туура эмес нерсе кылса, “тайм-аут” дейсиз, ал кылып жаткан “ишин” токтотуп, мурда сүйлөшүлгөн жерге барып олтуруп эмне кылганын ойлонуусу керек. Бул көпчүлүккө белгилүү болгондой бурчка тургузуп коюп же олтургучту көтөртүп коюп жазалоо эмес. Тайм-аут чоң кишилерге да, жаш балдарга да пайдалуу, бул ойлонуу үчүн убакыт. Эгер урушуп же унчукпай коюп жазалаганга көнүп калган болсоңуз, анда сизге убакыт керек экенин билдириңиз: “Тайм-аут. Ойлонуп, өзүмө келип алуум үчүн убакыт керек”. Бул убакта даарат алып келип, ыйык Куран китебин окусаңыз болот. Хадисте айтылат: “Чындыгында, ачуулануу шайтандан жана шайтан оттон жаралган. Отту суу өчүрөт. Эгер бирөөңөр ачууланып жаткан болсоңор даарат алгыла же ачууланган учурда турган болсоңор олтургула, олтурган болсоңор жаткыла, ачууңар таркайт” (Абу Давуд).
Тайм-аут ыкмасын эрте жаштан эле баштаса болот. Мисалы, наристе улам эле электр туташтыргычына жөрмөлөп барат. Аны кармаганга болбойт экенин айтып, улам бөлмөнүн аркы бурчуна алып барып коёсуз. Ушундайча бурчка алып барган сайын “тайм-аут” деп олтургузуп, бул эрежеге көндүрөсүз. Тайм-аут учурунда эки тарап тең унчукпайт. Эгер наристе белгиленген жерде олтургусу келбесе, жанына олтуруңуз, боло бербесе “Азыр бизде тайм-аут” деп кармап олтуруңуз. Олтуруу убактысы кыска эле болот – бир жашка бир мүнөттөн, мисалы, эки жаштагы балага эки мүнөт. Убакытты түшүнгөн чоңураак балдарга таасир эте тургандай убакыт бөлөсүз.
“Үчкө чейин санайм!..”
Мындай ыкмадагы жазалоо көп колдонулат. Бирок буйрук берүү, коркутуу иретинде айтылгандыктан баланы ого бетер каршылык көрсөтүүгө түртөт. “Үчкө чейин санайм, айтканды кылбасаң таяк жеп каласың менден!”. Минтип баланын психикасын бузуунун кереги жок. Ушул эле “үчкө чейин санайм” дегенди шаңдуу үн менен, коркутуп-үркүтпөй айтсаңыз пайдасын көрөсүз. Мисалы, оюнга айлантып жибериңиз. “Азыр мен үчкө чейин санайм, анан сен тура калышың керек. Бир, эки, үч. Турдук!” Бала өз ыктыяры менен турат, маанайы да көтөрүлөт.
Мындан ары буйрук берүү үчүн үчкө чейин санабайбыз, “үчкө чейин санаганча кийинип бүткөнгө жетишебизби же жокпу” деп балага стимул беребиз.
Сыйлык берүү
Бул ыкма жардам бериши үчүн алдын ала сүйлөшүп алуу керек. Ата-энелер балдарынын кандай болушу керектигин алдын ала айтып келишим түзүшөт. Эгер келишимди бузса, келишимдеги сыйлыктан куржалак калат. Мисалы, “эгер сабакты бешке окусаң, велосипед алып берем”.
Көз караш менен тарбиялоо
Бул искусствонун эң жогорку түрү! Мухамед пайгамбарыбыз колдончу бул ыкманы. Бир күнү пайгамбарыбыздын неберелери Хасан менен Хусейн садакага берүү үчүн жыйналган хурмалардын жанында ойноп жатышып, алардын бирөөсү бир хурманы алып оозуна салганы калат. Бирок анын көздөрү пайгамбарыбыздын көздөрү менен чагылыша түшкөндө, ал дароо хурманы ордуна коёт. Бул көз караш кадимки көз караш эмес. Бала анын көз карашынын маанисин түшүнүп, бирөөнүн акысын ордуна койду. Бул оңой ыкма эмес. Эгер баланы дайыма эле жекире карап, урушуп, кыйкыра берсеңиз бул эч кандай жардам бере албайт! Пайгамбарыбыз дайыма неберелерин сүйүү толгон көздөрү менен карап, сыйлагандыктан бир эле башкача көз караш жетиштүү болгон.

Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#150 01 May 2014 - 12:41
Менин кызым кобунчоле Маша жана оюу, керемет коч Актан Акылай корот болчу. Беш жашка чейинкилерге абдан жакшы мультфильмдер да. Аз аздан сериялары менен. Азыр болсо Кунфу панда да корот экен го. Анан да Даназалуу доорду корот экен. Шумдугун кургур мен биринчи сериялда 6 жашымда Просто Мария деген сериалдан баштадым эле. Азыркылар кыйын окшойт. Анда да ата не деди апа не деди деп отуруп корчулек.
Биздин балалыктагы мульфилмдер. НУ погоди, Том и Жерри, Золушка, Симба, Лоло Пепе, крокодил жана Гена, Почтольон Печкин ж.б эсимде калыптыр
Биздин балалыктагы мульфилмдер. НУ погоди, Том и Жерри, Золушка, Симба, Лоло Пепе, крокодил жана Гена, Почтольон Печкин ж.б эсимде калыптыр
#151 09 May 2014 - 01:22
Кызым 3,5 жашта. мурун такыр корбойт эле. Шоктонбосун деп койуп берип атып озум уйротуп алыпмын. Winx club ту коруп атып характери аябай озгорулуп кеттиле.Кечке жылбай корот,жур эшике чыгып келели десемда жок,чыкпайм мультик кором деп отура бермет эле. Азыр такыр койуп бербейм.Эки уч куну ыйлап журду койуп бер деп. Интернет иштебейт деп зоорго кондурдум. Азыр жакшы унутуп калды.Кээде tiji каналын корот.Англисче бардык букваларды жаттап, орусчада англисче да уйронуп алыптыр.
#152 09 May 2014 - 01:36
Биз суйуп коргон Рапунцел мультигинин да баланын психикасына зыяны коп экен.
(25-кадр)
(25-кадр)
#153 10 May 2014 - 09:59
Мен озум балалуу боло элекмин бирок, эжемдин кыздарын карашып бакканмын. Азыр алар бири 5 жарым жашар, бири 3 жашар. Только Маша и медведь менен Актан Акылайды гана корот мультиктерден.
Аларга кошулуп менда корчум, бардык сериясын жаттап алганбыз бирок, барыбир тажабай корчубуз. Азыр алар жанымда болбосода озум маша медведти коргум келип, интернеттен жаны сериялврын табып коруп турам, жакшы мультик адамды эс алдырат. А синдилерим болсо Великолепный векти узбой коруп калышыптыр.
Анысы аз келгенсип жездем иштен келсе кыздары эшиктин алдына чууркап барып баштарын жерге салып туруп калышып атасынын колун обуп бешенсине тийгизип, бурулбай аркасы менен жылып барып отуруп калышат экен.
#154 12 May 2014 - 21:07
Кызым 3.5 жаш. Кобунчо советский мультиктерди корот.(Ну погоди,лоло пепе, нейнайка и.т.д.) а чет олконун озгочо "принцесса клубника"
деген мультигин абдан жакшы корот. Билбейм туурабы же туура эмеспи кызыма детский планшет алып бергенбиз и ошондон веселая ферма, кот том деген сыяктуу оюндарды ойнойт.
#155 13 January 2015 - 16:40
Бала жашоонун чырагы, жашоонун маңызы. "Бала деп өтөм дүйнөдөн"
- деп бекеринен акындар ырга салбаса керек.. Азыркы учурда баланы кантип тарбиялап жатабыз? Тарбиялоо м-н жазалоо деген эмне? Баланы сөзсүз жазалаш керекпи? Эмне үчүн жаш балдарга ата-эне жана туугандары тарабынан зордук-зомбулук көп көрсөтүлүп жатат. Кыргыздын бала тарбиялоодогу улуттук баалуулуктары кана? Ушул маселе, көптөн бери ой толгоомдо жүргөн эле, бирок, өзгөчө бүгүн эки жашар балага карата болгон зордук-зомбулук тууралуу ММКдан тараган макалалардан кийин ушул теманы ачууну туура көрдүм.
#156 13 January 2015 - 17:33
kadam,
теманы туура бөлүмгө ачып жүрүңүз.
Тема жылдырылды.
Тема жылдырылды.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#157 13 January 2015 - 18:34
Бирого зар бирого кор деген ушуда кимдир биро кызыл этке зар болуп журот кимдир карабай таштап кетет.
#158 13 January 2015 - 18:41
“Тарбиянын баары жакшы, жаман бала
кайдан чыгат?” дегендей, ар бир эле ата-
эне баласынын татыктуу адам болуп
чоңоюшун каалайт. Ошентсе да
эмнегедир баары ойдогудай боло
бербейт. Эмнеге? Жоопту төмөндөн
издейли...
кайдан чыгат?” дегендей, ар бир эле ата-
эне баласынын татыктуу адам болуп
чоңоюшун каалайт. Ошентсе да
эмнегедир баары ойдогудай боло
бербейт. Эмнеге? Жоопту төмөндөн
издейли...
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#159 13 January 2015 - 18:45
1.Тамашалар жардамга келет!
Өзүңүздү эркин таштаңыз. Эгер сиз балаңыз
менен тамашалашып сүйлөшсөңүз, ага
социалдык жактан ийгиликке жетүүгө жеңил
болот. Ата-эне балдары менен
тамашалашып, ойноп турса, бала
чыгармачылык жактан эркин ой жүгүртүп,
стресс менен күрөшүү үчүн жаңы досторду
таба алат. Ошондуктан балдарыңыздын
астында маскарапоз болуудан тайманбаңыз,
бул үчүн алар сизге ыраазы болушат.
2. Дайыма позитивдүү болуңуз!
Балдарына негативдүү эмоция менен мамиле
жасаган ата-эненин балдары да агрессивдүү
болуп калышат. Бул өтө жаман көрүнүш.
Себеби, 5 жаштагы агрессивдүү бала, кийин
чоңойгондо да адамдарга жаман мамиле
жасай баштайт. Андыктан, эгер сиз
балаңызга ачууңузду келтирген ата-эне
болсоңуз, тезинен өзүңүздү оңдоңуз.
3. Балдарыңызды мактап туруңуз!
Эгер балаңыз сабактан жакшы баа алып же
дагы башка ушул сыяктуу жакшы
жумуштарды аткарса, аны мактап, ушундай
болгон туура экендигин түшүндүрүп туруңуз.
Ошондой учурда мактоо уккусу келген бала
көбүрөөк жакшы иштерди жасаганга аракет
кылып калат.
4. Балдарды бош коё бериңиз!
“Антпе, минте, тийбе, жөн!” деп балдарды
уруша берсе, ал баарын тескерисинче
жасайт. Ошондуктан баарын тынч сөз менен
түшүндүрүңүз. Ошондой эле балага улам
акыл үйрөтө бербей, өзүңүздү эле үлгүлүү
алып жүрсөңүз, бала ата-энесин көрүп эле
чоңоё берет.
5. Ар дайым никеңерди бекемдеп
тургула!
Бала төрөлгөндөн кийин ата-эне ажырашып
же урушуп-талаша беришсе, баланын уйкусу
бузулат. Изилдөөлөргө таянсак, никедеги
маселелер кичинекей баланын
психологиялык жактан өсүшүнө дагы
тоскоолдук кылат. Эгер 9 айга чейинки
наристенин үйүндө ызы-чуу көп болсо, ал 18
айга жеткенде уйку бездеринде олуттуу
маселелер жаралат.

#160 13 January 2015 - 18:49
6. Өзүңүздүн психикаңызга кам көрүңүз!
Эгер сиз өзүңүздүн депрессияга түшүп
баратканыңызды байкасаңыз, дароо
дарыгерге кайрылыңыз. Болбосо сиздин
мындай маанайыңыз балага дагы терс
таасирин тийгизет. Изилдөөлөр депрессияда
жүргөн энелер балдарын жакшы бага
алышпайт жана алардын ыйлаганына
кыжырданышаарын көрсөткөн.
7. Апалар, уулдарыңыздар менен сылык
болуңуздар!
Апалар кыздарына салыштырмалуу
балдарына жакшыраак тарбия берип, алар
менен болгон мамилеге көбүрөөк көңүл
буруулары керек. Жалпы жонунан айтканда,
кыз деле, бала деле жардамга муктаж учурда
апасына кайрыла ала тургандай болуусу
кажет.
8. Балага басымдуулук кылбаңыз!
Баланын ар бир жасаган туура эмес иши
үчүн аны жазалап, үркүтүп-коркута берүү
туура эмес. Мындай учурда бала ата-
энесинен көп нерсени жашырып, жаман
жолдорго да кетип калышы мүмкүн.
Ошондуктан балага түшүнүү менен мамиле
жасап, анын досунун ролун аткарыш керек.
9. Идеалдуулукка ашыкпаңыз!
Идеалдуу эч ким жок. Дегенибиз
балдарымды идеалдуу кылам деп эле аша
чаап кетпеңиз. Себеби, балдарга
жаштайынан идеалдуу болууга аракет
кылдырып көндүрүп койсоңуз, алар коомдо
кысынып жүрүп калышат. Анткени, алар
баардыгы туура болуш керек деген ойдо,
бир нерсе туура эмес жасап алышса,
өздөрүн жаман сезип калышат. Ошондой эле
дайым тынчсыздануунун үстүндө жүрүшөт.
10. Балдарыңызды туура түшүнүңүз!
Баардык эле ата-эне тарбиялоо жолдорун
мыкты билем деп ойлошот. Ошондуктан
китепте жазылган эрежелер боюнча
балдарды тарбиялай башташат. Негизи ар
бир адам ар башка болгон сыңары, ар бир
бала дагы ар башка жана ар кандай
психологияга ээ. Ошол себептен сиз алгач
балаңызды жакшылап түшүнүп алып, ошого
жараша тарбия бериңиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео