Абу Хурайра (р.а) дан риваят.Пайгамбар (с.а.в) айтты.
"Мусулман пенденин абрюна акысыз кол салуу- чон коноолордун бири".(Абу Дауд)
„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#161 23 Апрель 2014 - 17:20
Мой муж-мой рай! И пусть Аллах даст мне такого имана которое я смогу вместо с ней открыть дверь Рая. Ин ша Аллах
#162 25 Апрель 2014 - 12:12
Абу Йалаа Шаадад бин Аус баяндаган хадисте Пайгамбарыбыз (С.А.В.) мындай деген: " Алла Таала бардык жандыктарга жакшылык кылууну буюрду. Эгер бир жандыкты өлтүрсөңөр,
кыйнабай, жеңил өлтүргүлө!
Мууздасаңар,
бычагыңарды курчуткула жана курмандыктарыңарды кыйнабагыла"
.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#163 25 Апрель 2014 - 12:16
Абу Зарр Жундуб бин Жунадата менен Абдурахман Муаз бин Жабал баяндаган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген:
"Кандай абалда болсоң да Алла Тааладан корк, күнөө иш кылсаң, дароо артынан сооп иш жаса, ал күнөөнү жуууп кетсин жана адамдар менен жакшы мамиледе бол!".
"Кандай абалда болсоң да Алла Тааладан корк, күнөө иш кылсаң, дароо артынан сооп иш жаса, ал күнөөнү жуууп кетсин жана адамдар менен жакшы мамиледе бол!".
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#164 25 Апрель 2014 - 12:20
Абу Масууд бин Укба бин Амр ал-Ансари ал-Бадрий баяндаган хадисте Алла Элчиси (с.а.в.) мындай деген:
"Өткөн пайгамбарлардан өзгөрүүгө учурабай биздин коомго жетип келген сөздөрдүн бири: "Уялбасаң каалаганыңды жаса!" деген сөз.
"Өткөн пайгамбарлардан өзгөрүүгө учурабай биздин коомго жетип келген сөздөрдүн бири: "Уялбасаң каалаганыңды жаса!" деген сөз.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#165 25 Апрель 2014 - 12:25
Абу Амр Суфян бин Абдулла Ас-Сакафи баяндаган хадисте мындай дейт:
" Пайгамбарыбызга (с.а.в.): "Ээ, Алланын Элчиси, мага Ислам жөнүндө бир сөз айт, ал сөздү сенден башка эч кимден сурабайын. Алла Элчиси (с.а.в.):"Алла Таалага ыйман келтирдим деп айт, андан кийин түз жүр!",-деди" .
" Пайгамбарыбызга (с.а.в.): "Ээ, Алланын Элчиси, мага Ислам жөнүндө бир сөз айт, ал сөздү сенден башка эч кимден сурабайын. Алла Элчиси (с.а.в.):"Алла Таалага ыйман келтирдим деп айт, андан кийин түз жүр!",-деди" .
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#166 25 Апрель 2014 - 14:37
Абу Саид Малик бин Синан ал-Худрий баяндаган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген: " БАшкаларга зыян келтирүүгө болбойт, зыянга каршы зыян келтирүү менен жооп берүүгө болбойт".
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#167 25 Апрель 2014 - 16:17
Бир хадисте айтылган:<
< Кимде - ким намазды дайыма окуса, Алла Таала ага 5 түрдүү сый-белек берет. 1. Анын ырыскысы жеңил табылат: 2. Кабыр азабынан куткарылат:
3. Кыямат күнү амал дептери оң колунан берилет ( Ал тууралуу <<Алхакко>
> сүросундө кеңири айтылган: <<Кимге амал китеби оң колунан берилсе, ал ушунчалык кубанып ар кимге көрсөтүп жүрөт): 4) Сирот (кыл) көпүрөсүнөн чагылгандай тез өтөт: 5. Есеп-кысапсыз бейишке кирет.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#168 25 Апрель 2014 - 16:20
Абу Хурайра р.а айтат: <<Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) айтты: <<Тозокулардын эки тобун мен көргөн жокмун (анткени алар азыркы учурда жок, кийинчереек пайда болушат). Ошол эки топтун бирөөсүндө өгуздүн куйругу сымал камчылары болот. Алар аны менен адамдарды (зулум кылып) урушат. Ал эми экинчи топто болсо, кийимдерди кийип алышкан (бирок, кийимдеринин жукалыгынан) жылаңач (сыяктуу болуп көрүнгөн) аялдар болушат. Алар башкалардын көңүлдөрүн өздөрүнө тартышат. Алардын баштары өтө чоң төөлөрдүн өркөчтөрүндөй ийилип турат. Мындай аяалдар бейишке да киришпейт жана анын жытын да жытташпайт.
Албетте бейиштин жыпар жыты ушунчалык алыс жерден да келип турат>>.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#169 25 Апрель 2014 - 16:23
Ибни Аббас р.а дан риваят: <<Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: <<Ата-энесине кызмат кылуучу бала ата-энесин рахмат жана мээрим көз караш менен караса, ар бир караганына бир кыбыл кылынган ажылыктын сообу берилет>>
. Адамдар сурады: <<Эгер бир күндө жүз жолу карасачы?>
>. Айтты: <<Ооба, жүз жолу караса да>>. (Ар бир караганына ушундай сооп берилет).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#170 25 Апрель 2014 - 16:27
Саффан бин Сулайман(р.а)"
Я Расулаллах,
мусулман коркок болобу,?-деди.
"Ооба",-
деди"Ал, сараң болобу? "Ооба-деди.
"жалгангы болобу,-деп сурады. Бул жолу: "Жок-деп жооп берди.(Имам Маалик, Муватта, Келам.197)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#171 25 Апрель 2014 - 16:29
Абу Хурайра (р.а) дан риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: " Илимди үйрөнгөндөн кийин үйрөтпөгөндүн мисалы кенди камдап алып анан сарптабаганга окшош". (Табарани).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#172 25 Апрель 2014 - 16:32
Пайгамбарыбыз(с.
в.а)айтты:"
Күн сайын күн чыкканда ар бир адам өзүнүн ар бир мүчөсү үчүн садака берүүсү керек. Эки адамды жараштырып коюу, бирөөнү унаасына отургузуу жана анын жүгүн жүктөшүп коюу, жакшы сөз, намазга бараткан кадам, жолдогу тоскоол болгон нерсени алып коюу ушунун баары садака.(Муслим)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#173 25 Апрель 2014 - 16:34
Пайгамбарыбыз(с.
в.а) айтты:"Жети нерседен мурда жакшы амал кылганга шашылгыла:Кедейлик келип баардык нерсени унутуп калуу, байлык келип чектен чыгуу, оору келип алсыз кылып коюу, карылык келип акылды жоготуу, өлүм келип тооба кыла албай калуу, Дажжал келип кайып жамандыктардын чыгуусу жана Кыяматтын келүүсүнөн.
Ушул жети нерсе келип тосуп койо электен мурда Акыретке даярданып, жакшы амал кылып калуу зарыл.(Тирмизи)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#174 25 Апрель 2014 - 16:36
Пайгамбарыбыз(с.
в.а)айтты:Өзүнүн напсисин тарбиялаган жана өлүмдөн кийинкиге даярданган киши акылдуу киши. Акылсыз киши өзүнүн напсисин ээрчип, бирок Аллахтан (Аллах Таала баардык нерсени кечирет) деп үмүт кылган киши.(Тирмизи)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#175 25 Апрель 2014 - 16:37
Пайгамбарыбыз(с.
в.а)айтты:"
Сага пайда берген нерсеге суктан жана Аллахтан жардам сура, алсыз болбо. Эгер сага бир нерсе жетсе"Эгер мен аны мындай кылып койсом, мындай болот эле" дебе. Аллахтын тагдыры деп айт. Себеби Аллах Таала эмнени кааласа ошол нерсе болот. "Эгерде"
деген сөз шайтандын амалынын дарбазасын ачат".(Муслим)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#176 25 Апрель 2014 - 16:39
Пайгамбарыбыз(с.
а.в)айтты:"
Сыноо канча көп болсо, сооп ошончо көп болот. Аллах Таала кайсы коомду сүйсө ошол коомду сыноого салат. Ким ошого ыраазы болсо Аллах андан ыраазы болот. Ким сыноого нааразы болсо Аллах ага нааразы болот".(Тирмизи)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#177 25 Апрель 2014 - 16:40
Анас р.а.дан риваят: Пайгамбарыбыз с.а.в.айтты; <<Илимдин көтөрүлүп кетүүсү,наадандыктын келүүсү,ачыктан-
ачык арак ичилүүсү жана зынакордуктун жалпы түрдө болуусу Кыяматтын аламаттарынан{белгиси}болот>
>.[Бухари]
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#178 25 Апрель 2014 - 16:42
Жубайр бин Мутъим р.а дан риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:"Ким улутчулдукка (нацизм)ге үгүттөсө ал бизден эмес. Ким улутчул болуп урушса ал бизден эмес. Ким улутчулдукту колдоп өлсө ал бизден эмес>>. (Абу Дауд)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#179 25 Апрель 2014 - 16:43
Пайгамбарыбыз С.А.В айтты: Илимин колдонгондорго Аллах Таала билбегендерин билгизет. (Мухаммад Хадими).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#180 25 Апрель 2014 - 16:49
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Мусулман,
мусулманга бурадар, ага кыянат кылбайт, алдабайт жана аны кордобойт"
Мусулмандын аброюн төгүү, малына же жанына кастык кылуу, мусулман адам үчүн харам. Такыбалык бул жерде(журокто).
Кишинин жаман адам экенине, өзүнүн мусулман бурадарын жамандоо жетиштүү болот!!!
".
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!