Кайненеңердин кандай болушун каалайсыңар же каалачу элеңер? Кайнэнеңердин кандай болушун каалайсыңар же каалачу элеңер?
#241 01 Апрель 2014 - 18:40
Ой боой. Колунан келишинче жамандап жазыпсын го. Элестет эми,сенин атаны да,келининдери ушундай деп жазса,кандай дейсин? Адамдын канча сыпаты жаман болсо да,сен жакшы десен,ошол адам жакшы болуп чыгат.
#242 01 Апрель 2014 - 18:56
Биз кайын энем экообуз оллллоо ушакташып коебузда, тим элеби подружка )).
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#243 01 Апрель 2014 - 19:19
adalsvards (24 Июнь 2012 - 11:56) жазган:
Жакшы болот, жаман болот, жашоо ошонусу менен кызык!
Калп эле акылдуусунгум келбейт, анын үстүнө силердей турмуш менде баштала элек. Ушундай "кошмарларды" угуп алып эле, жүрөгүм түшө берет. Качан эле, билбейм, кечээ атам экөөбүз сүйлөшүп жатып да, өлөө каткырдык да...))) Мындан 3-4 жыл мурун беле, тай энемдин курбусу үйгө тез-тез эле келе баштады. Келип алып, чайын берем, ичет, тамагын берем, жейт, анан кетпейт десеңер. Жатып да калат. Бир күнү уулун ээрчитип келди. Эми баягы коноктордун бири дедим. Кийин ата-энеси менен биригип колумду сурашканы келди. Аны уккан жаным, атама барып: "Жоок тийбейм буга, апасы жаш экен. Бул карыгыча канча бар?" депмин. Жашмын да...)))
Демек, мен үчүн тийе турган жолдошума караганда анын энеси көбүрөөк маанилүү окшойт. Апам дайыма кайталай берет "жатынына барат" деп, анткени балдар 80-90 пайыз апасына окшош болот имиш.

Ушу сиздин созунузго кошулгум келип турат да, бирок "бирогу" бар да...
#244 02 Апрель 2014 - 16:45
infiniti (01 Апрель 2014 - 18:40) жазган:
Ой боой. Колунан келишинче жамандап жазыпсын го. Элестет эми,сенин атаны да,келининдери ушундай деп жазса,кандай дейсин? Адамдын канча сыпаты жаман болсо да,сен жакшы десен,ошол адам жакшы болуп чыгат.
Билбейм сиздин атаныз кандай менин атам эркек,ушакты деги билбейт , тем более келинин,неберелеринин апасын,баласынын аялын жамандап не кылат катындан отуп кетет,мен баласы менен жашаймынго ага баары бир эмеспи менин келбетим.Короор элем сизди 55 жаштагы кайнатаныз келбетинизге асылып жамандаса,ушактаса. кайнене асылган билинбейт,кайнатаныкы катуу тийет экен.айтып коетго эне созу бок,ата созу ок деп.
#245 02 Апрель 2014 - 18:30
Даа. Анда,уй-булоонорго тушунбодум.
Эркек адам,негизи коп эле мелоч боло бербей,анча мынча нерсеге коз жумуп койгон жакшы.
#246 04 Апрель 2014 - 17:33
Мен апамдын козу отуп кеткенден кийин кундо эле ыйлай берчумун. Бир куну теледен бир молдо масала айтып калды энелер жонундо. Кунт коюп уктум."Эгер кимде ким оз энесин жоготуп, энемди ыраазы кыла албадым деп окунсо, ал адам энесинин бир туугандарына,
кайын энесине сый корсотуп, ыраазычылыгын алсын, эненди ыраазы кылып сооп алган менен барабар. Тиги дуйнодо жаткан адамды кыйнабай ыйлабаш керек" дегенде мага карата айтылгандай сезилген. Чынын айтсам кайненем сыйга татыктуу алтын адам. Озумдун апамдай кором, ишенсенер кадимкидей сагынам. Телефондон экообуз 1 саат болсо бир саат деле суйлошо беребиз бирдик тугонгучо.
Негизи энем оор, басырыктуу аял. Балдарын деле ото коп, ачык эркелетпейт экен. Мен жаны барганда торкулотуп таштап келди, сагынычы тараганча турсун деп. Анан мен 2 кундо эле кетем деп чыктым, атамдын шеринеси бар жардам беришим керек деп. Апам алып келди, бетимен обот ко десем ийилбейт, озум кучактап ооп койдум. Ошентип качан бир жакка барып келсем ооп коюп журуп уйротуп алдым. Эки созумдун биринде эле "эне" деп журуп бир топ жибиттим. Бара-бара бир кун корушпой калсак да куллуп тосуп алып, кучактап алып ооп койчу болду, кадимкидей сыларымды айтып сырдаш болгонго кондурдум, келини болсом да кыздарынан кенеш сурагандай кээде кенеш сураса кадимкидей суйунуп булуттардын арасында учуп калам. Алыска жонотуп жатканда кучактап ооп, ыйлап жатып жонотот, бир сырдуу болсо да мен баргандан кийин кубанычы кадимкидей сыртына билине турган болду. Жаны барганда колдорум укмуш жарылып, кесилип кеткен болчу. Анан энем эки кундо бир, саат 9 дан кийин шыпыр колун жаман болуп кетиптир дечу. Талаага да чыгарчу эмес чаба албайсын деп. Анткени кудалашканы барганда апам кызым чалаага иштеген эмес, озунуздор уйротуп аласыздар деген экен да, жалынып атып чыкчумун.
Мындан озумду мактайын деген жокмун, болгону кээ бир келиндерге, болок келиндерге жылуу соз жыланды ийинден чыгарат деген макал бар эмеспи, озунордон да коз каранды дегим келди. Баарыбызда кыялыбыз бар, суйуктуу адамыбыздын эн ыйык адамы учун анча-мынча кыялына коз жумуп койгон жакшы. Оз ата -энебиз катуу урушса деле атам, апам жаман дебейбиз го? Келин, женелерибиз кайненем,кайнатам жаман дегенин уксак аны душман коруп алабыз туурабы. Кайын эне-атаны оз ата-энебиздей корсок гана тартыла алабыз да. Менин ата-энем кудалашкандан кийин эле тойго чейин деле эне, атан, кымызкыздын атасы, энеси деп суйлошчу эле. Корсо мени кайын журтума барганга чейин эле тарбиялашкан экен. Анан да уйундо болгон окуя, айтылган жакшы, жаман соз ошол жакта уй кийимин менен кошо калсын, бул жакка чубап келбе дешчу. Мен бактылуумун!

#247 04 Апрель 2014 - 17:45
Кайын атам да соонун киши. Кызым деп эле турат. Кээде ай-буйга келбей эле дароо жардамдашып жиберет кээ бир оор иштериме. Ачык-айрым киши. Чай устундо бака-шака тушуп эле тамашалашып эле олтура беребиз. Озум да ачыкмын да кошо тамашалаша берем. Каткырып катуу кулом. Раматылык апам акырын кул кайнатана уят дей берчу, бирок энем, атама ачыктыгым, тарсылдап суйлоп, каткырып кулуп кете бергеним жакты. Эч качан мени бирдемени туура кылбапсын, антпе, минт деп жаман айтып тыйган жок алар. Балдарын да жакшы тарбиялашкан,
бири да киришип-иришпейт.
Баарынарга меникиндей кайын журт насип этишин тилейм!
#249 09 Апрель 2014 - 18:32
aminali (23 Апрель 2011 - 21:08) жазган:
Менин кайненем алтын жана акылдуу,супсулуу деп баштагым келди.Анткени менин кайненем мени келиндей эмес өз кызынан артык көрөт.Анын кызына айткан сөзүү да мага ушундай сезим алып келчү"сен эмне күйөөгө тийип кетесиң,мени өмүр бою ушул келиним менен калам"-деген.
Жаңы төрөп келгенде"
балам белиңди жакшылап кара"-деп жада калса баламды оор көрүп көтөртчү эмес,болгон оокаттын баарын өзү кылчу.Мен да жаш экенмин отур десе эле ,ушундай болот турбайбы деп отура берчумун.Азыр эстесем жылмайып алам.Негизи эле такыр урушчу эмес,акыл наасат айца да "Айткан ооз жаман,ыйлаган көз жаман"-деп түшундүрчү.
Жаңылып,же жолдошума жакпаган нерселер болуп калса дайыма жанымда болуп мага эч кимди сүйлөткөн жок,негизи аkлылман аял.Ушундай кайненем бар экенине абдан кубанам,жаш кезде тилек кылчуумун тилегиме жеттим.Кайненеңиздердин окуяларынан жаза кетиңиздер.
Аман болсун апалар.Дагы мындай кайненелер да бар экен,мисалы менин бөлөмдүн кайненеси менен тил табыша албайм дейт,баласын кызгана берет экен.Болор болбос жерден уруш чыгарып,аягында ыйлап баласына даттанат екен.Мен ойумча беш кол тең эмес да,кайнененин кордугун көргөндөр да жаза кетиңиздер.
Мумкун жашоого керек болуп калаар болочок келиндерге,
жана күйөө балдарга.Кантип жеңсе болот?ушул туурасында жаза кецек.
Менин кайненем дагы сиздикиндей аябай жакшы. Жаны келин болуп келгенден баштап эле козумду карап отурат. Кош бойлуу кезимде эчтеке кылдырткан жок ошентип эркелеп отуруп ичим чонойуп кетип аябай кыйналдым тороп жатканда. Корсо коп жумуш кылыш экен да оной торош учун. Кундо каалаган нерсемди алып келип берчи. Мен тороп жатканда торот уйунон менин жанымда журуп озу айткандай кошо торогондой болду. Апамды аябай жакшы кором. Сиздерге дагы ушундай кайнене каалайм.......
#250 15 Апрель 2014 - 11:49
Menin kainenemda altyn. Joldowum 5 bir tuugan jalan erkek, arasynda kyz jok. anan kelinderin kyzyndai korot. Kyzym, kyzym dep ele kozun karap turat. menda suiunup kalam jaman bolso kantet elem dep.
kuion jakwy anan any torogon apasy jaman bolmok bele. kelin jakwy mamile kylsa ele alda eneda akyryndyk menen baaryn tuwunot
kuion jakwy anan any torogon apasy jaman bolmok bele. kelin jakwy mamile kylsa ele alda eneda akyryndyk menen baaryn tuwunot
#251 18 Апрель 2014 - 13:14
Келиндин ар бир журумун кыздары менен открыто эле обсуждать этип, келиндиндин тапканын кыздарына ташып. келинин бардык нерседен кызганып. кыздарын чакырып алып, бирок келинин бир жылда бир же эки жолу торкунуно жоноткон, бардык нерсени ченеми менен карматкан кайненени кордунор беле же ушундай кайненелер жонундо уккан билгенинер барбы.
Эми дагы бир кайнене ал кайнене иштейт келинин кылган нерселерине кирише бербейт. Жуйоолуу нерсени сураса айтып коет. Озу базарга ээрчитип барып каалаганын алперет же баласы менен кошуп жиберет. Эмне кылса жардамдаша калат. Суу котортпойт. оор иш жасатпайт (боюнда бар маалда), Ар бир келинде кемчилик болот кызы келип кемчилигин айтса оозун тыйып коет сен да келинсин кызым бул женен болот. Ар бир адамда кемчилик болот. Бир нерсени туура эмес кылса мен гана айтып тушундурушум мумкун деп. Кайнене эч КАНДАЙ култтана турган бекитме тутунбайт. Эн негизгиси торкунуно озу ле билип жонотуп турат. Жана да Келиндин милдети кылыш керек деген принцип жок. Келинди келин эмес кызым деп билет жана ошентип кабыл алышат. Ушундай кайненелер жонундо билесинерби жаза кетсенер билсенер

#252 18 Апрель 2014 - 15:37
Айнанып кетейин,садаган кетейин келегой деп басса турса суйлонгон апалар бар го Кайненем ошондой болуусун каалайм
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#253 18 Апрель 2014 - 16:19
Кайненем жок болсо деле мейли, бар болсо деле мейли.
Кайнэне кайнэнелигин кылса деле мейли.Ал адам мен учун кымбат.Жолдошумду жарык дуйного алып келген аял, мени було кылган апа, балдарыбыздын чон энеси(апасы)деп омур бою сыйлап отом буюрса, деп тилек кылам.

Билдирүүнү түзөткөн: dinooou: 18 Апрель 2014 - 16:20
#254 23 Апрель 2014 - 23:31
"Жакшы"
деген создун ичинде баары бар, аны сынарындай кайынэнем жакшы болсо экен
Внешность - это козырь , но не туз…
#255 26 Апрель 2014 - 22:31
Мен болсо кайненем мындай болсун же тигиндей болсун дечу эмесмин. Бирок кудайдан суранаар элем "жакшы кайнене, кайната бере кор деп". Кудайым тилегимди берип жакшы кайнене, кайната берди. Коз тийбесин. Анан да абысын, кайнисинди жок болсо экен дечумун. Кудай аны да угуп кайнисинди жок бирок абысын болот кийинчереек.
Ага чейин кудайдан онураак, акыл-эси ордунда болгон абысын бере кор деп тилеп жатам. Анан кичине не то болсо озум ары-бери кылып тарбиялап коем деп апама айтсам кулуп калат. :) Ошондуктан жаштын тилегин кудайым берет, жакшыны эле тилей бергиле.
#256 27 Апрель 2014 - 16:27
Мен кайын ата,кайын эне жонундо тилегеним эсимде жок.Бирок кудайга шугур азыр ар качан кагылайын деп кызындай корот.Мугалим болгонгобу ар дайым тушунуу менен мамиле кылат.Боюмда бар кезде иш кылдырбай ,кайын синдилеримди жумшап иш кылдырчу.Куйоом болсо;апам сени менден да жакшы корот деп чычылап калат.2 балалуу болсок да, жаман жакшы айтышпаганбыз.
#257 10 Май 2014 - 23:16
Мен дагы АПАМ менен сыймыктанам!
Балдарым уй- булоолу болгуча аман- эсен мандайыбызда журсо экен деп тилеп келем! Апам менен торкунго барганда да жузум жарык.Жакында тайнемдин козу оттуп кетти, ал жерден да бир топ эле авторитетимди которуп койду.
#258 15 Май 2014 - 20:12
Kudaiga wugur kyz kezimden tilenchuumun kainenem aiabai ak konul aial baarybyzdyn konulubuzgo karait tuura emes kylyp alsam da ech nerse emes dep ar daiym maktap turat ozu aityp kalat kelin alsam ech katuu tiibeim dep niet kylchuu eken ele biz da aittyrbai tuwungongo araket jasaibyz
#259 17 Май 2014 - 14:44
Поэзия жана адабият темасындагы чыгармаларды окуп алып алардагы кайнене каармандарын окуп кадимкидей журок тушту го))))) окуп алып ыйлап да жиберет экен адам(((((кайненелердин баары андай болбосо керек?Жаштын тилегин берет дейт кудай сактасын
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#260 18 Май 2014 - 14:15
мен кичинемден бери минтип тиленем.. Кайненем мени озу кызындай корсокен.. Бассам турсам эркелетип "ананайын"
деп пешенемен ооп... Баласына ыраазы болуп ..Апама айтам сизге чалып "ушундай кыз чонойтконун учун рахмат" деп чалып турат деп апамы кулгузуп койом.))Кудайым тилен тилегими берсин дейм.. Оз кызындай коруш учун Менда оз кызындай мамиле кылышым керекко дейм Ошондогога тилегими ишке ашат деп ойлойм.....