Ошентип алгачкы суйуум менен коштошуп. Бир коргон ар жак бер жагын тааныбаган бир балага баш байладым. Кыз кууп келгендер келишти. Арасында эжем да журот. Нике окулду. Султан эжемден коркуп калган экен. Сени алып кетип калбайбы тиги эжен деп кулкумду келтирет. Эми баары буткондо неге алып кетсин деп койдум сыр билгизбей. Ичимден эжеме болгон жек коруум кучоп турган менен сыртымдан эч кимге билдирбей отурдум. Эжем суйлогон сайын анын апама, мага айткан создору жанырып турду. Ушунчалык журогум муздады эжеме, ал болсо эч нерсе корбогон билбеген адам болуп отурат тордо. Келгендер сый коруп,тойду 3 кундон кийин болот деп суйлошуп кетишти. Менин жанымда эки женем калды оз иштерин бутурууго.
Ошол куну кечтин кирбешини суранып эле отурдум. Алдыдагы нике тунду эстесем чыйрыгып кетем коркуп. Бир жактан ичим ачышып жатты, кыз атым менен коштошоорумду эстеп. Негедир журогум калтырап, ар дайым озумо ишеничтуу жургон жаным ушул учурда озумдон-озум кумон санай баштадым. Мен чын эле кызмынбы, ата-энемдин жузун жер каратпасам экен деп. Ангыча кеч болду, кошогого тошок салынып, женелерим мени даярдап коюп чыгып кетишти.
Бурушуп кошогонун бурчунда отурам титиреп, онум куп-куу болуп. Кошогого Султан кирип келгенде бир желмогуз коргондой эле болдум. )))
Ангыча кошогодон апааа деген ачуу кыйкырык чыкты. Женелерим кирип эле мени кучактап бетимден ооп ыраазы болуп жатышты. Менин башым айланып, этим жанчылып калгандай, козум тумандап жатты. (Ошондо ыйлаганым эч эсимден кетпейт. Мен кыз торосом куйоого бербейм деп. Султан азыр айтып тамашалап калат).
Өткөн күнгө кайрылуу Бактылуу күндөрдөн элестер.
#43 27 April 2014 - 10:51
Уландысы барбы? Нике түн ийгиликтүү өтүптүр, бул жакшы. Улантыңыз
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#45 27 April 2014 - 10:58
Ошентип Султандын келинчеги болуп калдым. Келиндик жашоо башталды. 3 кундон кийин тоюбуз болду. Жат адамдарга було болуу, алар менен тил табышып кетуу онойго турбады. Уйдо кайнатам кайненем мен Султан жашайбыз. Билинбей арадан бир ай отту. Мен деерлик бардыгына уйронуп болдум. Султан экообуз эн жакшы, бактылуу тугойлорго айландык. Ал мага эч качан жаман айтпай,ар дайым конулумо карап мамиле жасайт. Кайнатам кайненем да жылуу кабыл алышты. Айтор, баары ойдогудай болуп жатты. Мен ошондо ишендим суйуу никеден кийин келерине. Никеден кийинки суйук таптакыр башкача болот экен.Мен Султанды жан дилим менен суйдум.
#46 27 April 2014 - 11:13
Анан Чынгыз менен Султанды салыштырдым.
Чынгыз жалгыз бала болгондуктан эрке болчу, ичет эле бир аз чегет эле. Ошого карабай мен аны суйуп журупмун. Султан уй булодо эн кичинекей болгону менен эркелик жок, ичпейт,чекпейт.
Мен туура жол тандаганыма оз тенимди тапканыма суйунуп журдум. Балким Чынгызга турмушка чыгып калсам мынчалык бактылуу болмок эместирмин деп ойлонуп коём.
Ии баса биздин той бутуп туугандар уйго кетип жатканда жанагы эжеме бироосу тамашалап коюптур. Эми сиздин уулунуз той баштаса деп. Анда эжем: Менин уулум антип туш келген эле адам менен той кылбайт дептир. Эжемдин менден бир жаш улуу баласы бар эле. Ошо менен бир жумадан кийин эле жанагы эжем баласы аял алып келиптир тойго жоногондорун айтып калды апам. Ал негизи быйыл уйлонбойм деп жургон. Неге андай кылды экен деп ойлонуп калдым. Кызыгы эжемдин кедини менден 3 жашка кичуу 10 кл окуган кыз экен.
Алардын да тою болду. Менин журогумо эжемдин создору муздай сайылган экен тоюна барбадым.

#47 27 April 2014 - 11:49
Биз бактылуу кундорду откоруп жаттык. Бир кун агентке кирдим Султандын уруксаты менен. Кубаттан смс толуп кетиптир. Кайдасын? Неге мени таштап кеттин? Мен сенин жолдошундан оч алам. Ж.б создорду жазыптыр. Мен жооп жаздым: Мени алакачып кетти. Мени унут. Эгер мени чын суйсон, анда менин бактылуу болушумду тилеп дуба кыл дедим.
Бул учурда Чынгыз Кр га келип уйлонгонго кыз издеп журуптур. Агентте жазып калды:
--Неге мени алдап кеттин?
--Мени ала качып кетти.
--Чыгып кетсен болот элего.
--Сенин жазган смсин эсимденден кетпей койду. Мени алдап жургонуно ызаландым. Азыр мен кудайга шугур бактылуумун.
Чынгыз ал смсти озу жазбаганын айтып жатты. Мен эми баары кеч. Бактынды башкадан изде. Мени унут. Бактылуу бол.
Корсо ал смс мындай болгон экен. Квартирасында чогуу жашаган Мээрим деген кыз мен жонундо билип, Чынгызды кызганып. Экообузду уруштуруу максатында ошенткен экен. Агенттеги жазышканыбызды окуп алып, Чынгыз уктап жатканда анын телефонунан жазып койгон экен.
Бир ай отуп ал да бир таанышып коргон кызына уйлонуптур. Ошентип Чынгыз экобуз 4 жыл бири-бирибизди суйуп жургонубуз менен, бир коргон адамдарыбыздын колун кармап эки башка жолго туштук. Тагдыр бизди такыр башка адамдарга кошуп койду.

#49 27 April 2014 - 17:48
Кундор билинбей отуп жатты. Ушул кундордо негедир тамака табитим тартпай кыйналып баштадым. Жолдошум паликлиникага алып барды, ал жерден менин бир айлык боюмда бар экенин айтышты. Бизден откон бактылуу адам жоктой, келечекте ата апа болушубузду элестетип аябай кубанып жаттык.
#50 27 April 2014 - 18:00
Тойдон бери уч ай убакыт отту. Мен эжеме катуу таарынып уйуно барган жокмун. Апакем чалып кызым ал сенин эжен да, атанды сыйласан аны кошо сыйла. Кек сактоо эн жаман сапат. Кек сактаба. Эжендин уйуно баргын, кабар алып деди. Мен макул болдум. Таш менен урганды аш менен ур деген созду эстедим. Эжем да жаман абалда жургон экен. Мени жаш эле эрге тийип деп алып, озунун келини мектепти бутпой тийди. Канчалык бутум тартпаса да, апамдын созун жерге таштабай барып коюну туура кордум. Султанга айтып белек алып алып эжемдин уйуно жонодук.
#52 27 April 2014 - 18:30
#53 27 April 2014 - 19:40
Бардык, эжем да бизди кутпогон экен. Уйуно кирип барсак аябай кызык болду. Айткан создоруно окунгондой болуп жаман абалда калды. Мен болсо баарын унуткандай кулуп жайнап отуруп кайттык. Негизи мен эч кимге кек сактай албайм. Бироо катуу таарынтып койсо деле биринчи озум суйлоп алам. Ал эжеме болгон таарынычтын баарын унутуп, жакшы катыша баштадык.
Мага ушундай сапатты апакем уйротту. Асылым апам, бир башкача адам. Эч качан эч кимге жаман ойлобогон, бироонун конулун оорутпаган, бироого жаман суйлобогон, барды да жокту да которо билген, атакемди сиз деп сыйлап айтканынан чыкпаган асылкеч жан. Аллага мин мертебе шугур кылам, менин апакем ушундай аял болуп калганына.

#57 28 April 2014 - 10:37
Кундор билинбей отуп жатты. Бир кун эрте менен, негедир журогум тез-тез согуп, бир нерсени сезгендей озумду жаман сезип жаттым. Ангыча Султанга звонок келди. Сыртка чыгып кетти, бир кыйлада ону кубарып, маанайы жок кирди. Кирип эле менин телефонумду алып бербей койду. Мен эмне болгонуна тушуно бербей эле отуруп калдым. Журок байкуш жакшылыкты да жамандыкты да алдын ала сезет эмесби. Менин журогум да алда-эмнеге кыжалат болуп чыйпылыктап жатты. Ээ Аллахым алдында мага дагы кандай сыноо койдун эле? Жакшылык эле болсо экен деп тиленип жаттым. Эхх ошондо мени жашоодогу эн жаман суук кабар кутуп турганын билсем кана......
#59 28 April 2014 - 18:32
Короонун ичине жугуруп кирип эле, экинчи кабатка чыгып кеттим. Болмомо кирип алып эчкирип ыйлап жаттым. Болушу мумкун эмес. Кантип эле ушундай болсун. Ишенбейм такыр ишенбейм. Менин абалым соз менен айтып буткус жаман элем. Ичим туз куйгандай ачышып, журогум туш тараптан тилинип жатты. Эхх ушундай оор жоготууну душманыма да каалабас элем. Анткени шум ажал менин байкемди (атамдын бир тууган кара чечекей иниси) алып кетиптир. Байкем оз омурун кыйыптыр. Он гулунон бир гулу ачыла элек туура 29 жашында жарык дуйно менен кош айтышыптыр.
#60 28 April 2014 - 19:08
Эхх байке байке эмнеге андай кылдын? Эч болбосо, оорукчан,каарыган ата-энендин сени жоктоп ыйлап, бырышкан жуздору мунга, кайгыга толуп, ботосунан айрылган боз ингендей болуп, ботом деп зар какшап олтурганын элестетпединби?
Кара чечекей бир тугандарындын козунон жаш эмес кан акканын, ботодой боздоп зар жутарын,бир карынга баткан, ушул кен ааламга батпагандарын ойлоп сыздашарын ойлободунду?
Жаркылдаган жарынды, мотурайган балдарынды ойлободунбу? Аларды кимге ишенип таштап кеттин?. Оз жанындын гана тынчтыгын ойлоп, баарыбызды тируулой азапка салып кеткенин кандай? Неге андай женил ойлуулукка бардын? Башкалардай ушул жашоонун жыргалын корушко сенин акын жокбу? Эмнеге? Эмнеге балдарына омур бою "жетим" деген жаман атты сатып бердин. Элдердей болуп ошолордун жакшылыгын корсон болбойбу? Тили балдай таттуу болуп чыгып келе жаткан уулунду кантип таштап кеттин? Жанындан артык корот эленго... Балдарындын омур бою жетим болуусун кааладынбы? Сен жок аларга кыйын экенин эмнеге ойлободун? Аялынды сыздасын дединби? Ал байкушта эмне куноо. 25 ке эми чыкканда жесир болуп чачын жулуп, бетин тытып кан жутуп, омур бою караанына зар болуусун кааладынбы? Суйуп-куйуп баш коштунар элего? Кантип ушунун баарына коз жумуп, бир жанындын тынчтыгын коздой кете бердин.....
Ушул учу-кыйырсыз кен ааламда сага орун калбаптырбы? Эмнеге бизди зар какшатып таштап кеттин?
Алла таалама ушунчалык керек болуп калдын беле. Эх жашоо, жашоо неге мынча ачуусун? Кечее эле бир омурго жете тургандай бакыт тартуулап, артынан ачуу куйут бергенин эмнеси?
Омурумдо биринчи жолу куйутко малынып, олум эмне экенин, анын ачуу даамын татып солкулдап ыйлап жаттым.

Супер-Инфо
super.kg
видео