Балам, балам, жан балам. Балалуу үй базар, баласыз үй мазар.
#21 21 November 2010 - 16:04
Салам менда балдарымды аябай жакшы кором сагынам балалуу болуу бул чон бакыт алардын коз астында чонойгону иштен кайтсан аталап мойнуна асылып тосуп алса чарчаганын да эсинен чыгып кетет адам атанын тукумун улоонун озу бул айтып буткус бакыт деп эсептейм!
!!
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#22 21 November 2010 - 17:51
Menin da eki balam bar,kusa bolup aran jurom,baldarimdi estegende baarin tawtap alarga kettkim kelet.Jawoo degen kiin eken da baldarimdin kele4egin jakwilap kuruw u4un temselep jurom.EN okuunu4tuusu baldarimdin ki4inekei kezin kiliktari jani 4ikkanda janinda emesmin,telefondon unun ugam owol maga 4on ku4 kubat beret.AMAN bolsun baldarim kudaidan uwundai tilek surap kun otkorup jatam aila jok emne kilam.
#23 29 November 2010 - 06:46
[quote name='agwamarin'
date='11 November 2010 - 02:49' timestamp='1289422164'
post='424308'
]
бала бала бала балан болбосо жашррдо эмне кызык менин да балам бар бакырайган козу менен караса аалам гулистан ал менин табияттан алган "наркотик" сымал канча жыттасан кумарын таркабаган соонун быйпыгым.
[/ quote]
мына менин балам кандай экен?

Мен эми бактылуумун!
!! :)
#24 25 October 2012 - 19:41
Бул жерге балдарынардын,
бобокторунордун кылык-жоруктарын жазсанар. Балам балалуу болгондо билесин дегендей баланын канчалык таттуу экенин балалуу болгондо гана сезесин. Азыр Канчалаган Жаш уй-булолор балдарын ата жнелерине таштап дуйнонун ар кайсыл бурчунда иштеп журушот. Сагыныч, кусалыгынар менен болушсонор болот.
Эки жыл мурун кызымды сагынып кусаланып жургондо ачкан тема экен. Азыр болсо, кара кызым жанымда озумдун колума алгам. Эки кызым томурандашып этектеп журушот. Жараткан энени баладан, баланы энеден айрыбасын.

#25 25 October 2012 - 23:07
Эжелеримдин балдарын жата калып обом,мени коргондо качышат аран аран алдап шоколад берип кармап алам да бетин кызартып ооп койом...
#26 27 October 2012 - 04:21
,,Ата качан келеш.Мен сижди самолёттон койдум.Тезийээк келинчи,мен сижди сагынып кеттим''
-деп телефондон суйлошкон уч жаштагы Лейла деген кызымды аябай сагындым.Нурэлим 6 айдан эми отуп,отуруп калды.Ал дагы кылыктары чыгып калгандыр.Бирок мен апамы,атамы да сагындым.Зато мен алардын баласымын да.
Куда кааласа 10кундун ичинде барып калам.
Куда кааласа 10кундун ичинде барып калам.
#27 27 October 2012 - 04:35
Менин баламдын оооой тили сайрап турган маалы .Кичинекей бобоктуу болгонун аябай энсеп жургон боюмда экинчиси бар кезде ичим билинбесе да уктатам деп таптачу атын коюп алган Адилет деп.Кийин бала ичимен олуп алдырганда аябай жаман болду мама Адилет олуп калдыбы деп, ансайын менин журогум сыздайт.Азыр болсо башка балдардай болуп туулган кунуно оюнчук сурабай бала тороп бер атын Нурэль коём деп отурат.Озу аман болсун кичинекейим бир нерсеге дилгир азыртан жумуш жазаганды жакшы корот ,мама жардам берем деп эле турат жон койсон идиш жуугусу бар.Баласын таштап алыска кеткендер кантет билбейм меники мени эки кун корбой калса эле тундо уктабай мамалап бакырып чыгат.
Балан торолгондон кийин эле атын азан айтып койчу.Коп балалуу болуп,аллах аларга ден соолук,узун омур берсин.
#28 28 October 2012 - 01:45
Айылым алтын бешигим!!!
#29 29 April 2014 - 18:43
Бала дегенде ичкен ашыбызды жерге коет эмеспизби. Эмнегедир бул жашоодо эн эле жакынын балан болуп калат экен. Наристебиз-
биздин жашообуздун манызы. Баарыбыздын башыбызды бириктирип,
капалыктан арылтып турат. Балам учун жашагым келет бул жашоодо. Ылайым баарынар балдарынар менен бирге болгула
#30 29 April 2014 - 18:59
Жаны балалуу болгондо аябай ойлондум эле: "Мен ата-энемди жакшы коргондой, балабыз да бизди ошондой жакшы коробу" деп. )))) Азыр балабыз бизди аябай жакшы корот. Эч бир наристени ата-энесинен айрыбасын.
#31 20 February 2016 - 02:17
Жээними аябай сагындым
аябай акылдуу,сегиз айлыгынан баштап чонойттук азыр эки жашта,энесинин уйундо эки жумадай болду кеткенине,кундо эле тушумо кирип атат
:(
#32 20 February 2016 - 13:30
Менин Сакина аттуу кызым бар.Атасына копия,тынбай жаны кылыктары менен бизди жылмайтат.Озу аявай боорукер, зирек,акылдуу кыз.Откондо анализ тапшырып венадан чыгып келе жатсак укол сайган мед.эжеге муш корсотуп чыгып келетат жон чыкпай))чучкуруп койсон будь здорова дегеничи суйуном ар бир созуно...Эми кудай буюрса сиздерге окшоп уулду болсом деп кыжаалатмын))
#33 20 February 2016 - 14:43
Биздин да уйду кубанычка болоп кун сайын кылыктары чыгып ширииин болуп чоноюп жаткан балам бар.ИИ талпынганычы мени ээрчип.кулкусунон иий ширинимин...
..
Пусть всевышний дарует нам возможность помогать всем,тем,кто нуждается в нашей помощи..
#34 20 February 2016 - 16:44
Биздин балабыз 1 жашка чыгып жатат. Ииий, жаны тынбайт, өтө шок. Аны карап отуруп эле чарчап калам кадимкидей.
Отурса дагы сөөзсүз колу же буту кыймылдап туруш керек.
Комната снимать этип жашайбызда, эшиктин ачылышын пайлап турат. Эшик ачылса эле сыртка карап качып жөнөйт, соседдерибизге кирип барат. Аларды да чарчатат. Үйлөрүн чачат. Бул жакта туруп мен уялам, алар болсо тим кой балада дешет.
Ар ким талашат, үйлөрүнө алып кирип кетип карашат, аябай сүйүнөм, иштеримди бүтүрүп, эс алып алам.
Анан сен бекеринен бакырбайт экенсиңда деп күлүшөт.
Кошуна эженин баласы бар, 2-класста окуган. Жаш баланы аябай жакшы көрөт тобооо. Менин балам кичине бакырып койсо ал чуркап жетип келет не болду, жыгылдыбы деп. Ииий, жаным каериң ооруду деп сооротуп келнт дагы.
Баламдын жакшы жери, урушсаң кайра жалмаңдап күлүп, кучактап, өөп келет. Эчкимден жатыркабайт, баарына эле күлө берет. Сен биздин үйдү чачып туруп, ыржайып күлүп жаман алдайсыңда бизди деп кошуналарыбыз күлүп калышат.

#35 09 March 2016 - 17:41
Иий Бала демекчи мен да акыркы күндөрү жаш бала десе элжирей түшөм. Али балауу боло элекмин, күйөгө да тиелекмин
бирок азыртан эле балдарымдын келечеги үчүн жакшы ата табышым керек, жакшы багып,тарбиялап эч нерседен кем кылбашым керек деп ойлоно берем, кичинекей кийимдерди көрүп кээде сатып алып алам, андайда тың эжелерим "сенин балаңа биз алып беребиз, муну менин балама бер,төрөлө элек балага буюм албайт" деп алып алышат.Биринчи балам уул болсунчу деп Аллахтан тилей берем уул болсо жакшы да чоңойсо тирек болот ата-энеге, экинчиси кыз болсо менин жардамчым, атасынын эркеси болот. Уулумду эс тарткандан спорт менен машыктырып,
кызымды балетке берсем деп ойлой берем. Эжемдерге "мен кийин балдарымды мынтем антем" деп калсам эжемдер "койчу эй сенин куниик балдарыңыле башкача көрө бербей" деп жиниме тийишет андайда "жоок менин балдарым сулуу, акылдуу менин көзүм менен карагылачы"
деп тултуңдап ирем. Буюрса көөп балалуу болгум келет Аллахым ошол күндөрдү насип этсин Оомиин!
Внешность - это козырь , но не туз…
#36 09 March 2016 - 17:44
Тооба мурда биз окууну бутупда эрге тийсем балалуу болойн тез деген ой жок болчуле.Азыркылар 17 жаштан эле ойлой башташат окшойт.Эмиго бир жагынан жакшыго Бирок деген жери барда( таламай жоок)
[color="#006400"
Куйуту жок кулуп журот дебегин, Куйутумду кулуп журуп женемин!!!!?[/
color]
#37 09 March 2016 - 18:22
Тооба мурда биз окууну бутупда эрге тийсем балалуу болойн тез деген ой жок болчуле.Азыркылар 17 жаштан эле ойлой башташат окшойт.Эмиго бир жагынан жакшыго Бирок деген жери барда( таламай жоок)
Эми ошондо мага тийиштирип жазыпсыз да э. мейли кандай ойлосоңуз ойлоңуз.
Анан да жашым 17 де эмес 22 де досторумдун алды 2 ден балалуу болуп калган, 17 жашымда мен деле ойлончу эмесмин.
Ойлогом уят нерсе деле жазбадым депчи, эми жакшы ниетимди эле жазгам да оор келип жатса, менин жазганымдан уялып жатсаңыз админге айтыңызчы өчүрүп койсун.
Внешность - это козырь , но не туз…
#38 02 April 2016 - 03:42
Мен баламы таштап келдим инт суйлоштум жана апааа деп чуркап келип тел.н мени ооп койду милашка кеттиии деп коет кызымды баламы оллоо сагындым ыйлаап ыйлаап алдым качан келееес дедиле
#39 02 April 2016 - 18:16
Даа. Балалуу уй базар. Ар бир уйдо жаш наристелердин кулкусу жанырып турсун. Балдар оорубасын.
#40 02 April 2016 - 20:23
Эми ошондо мага тийиштирип жазыпсыз да э. мейли кандай ойлосоңуз ойлоңуз.
Анан да жашым 17 де эмес 22 де досторумдун алды 2 ден балалуу болуп калган, 17 жашымда мен деле ойлончу эмесмин.
Ойлогом уят нерсе деле жазбадым депчи, эми жакшы ниетимди эле жазгам да оор келип жатса, менин жазганымдан уялып жатсаңыз админге айтыңызчы өчүрүп койсун.
Анан да жашым 17 де эмес 22 де досторумдун алды 2 ден балалуу болуп калган, 17 жашымда мен деле ойлончу эмесмин.
Ойлогом уят нерсе деле жазбадым депчи, эми жакшы ниетимди эле жазгам да оор келип жатса, менин жазганымдан уялып жатсаңыз админге айтыңызчы өчүрүп койсун.
Туура эле ойлонуп жатасың. Себеби мен 22-жашымда экинчи кызымды төрөгөм. А сен дагы эле жүрөсүң
Т.Б. мен кыздарымдан алыс жүрөм азыр. Звонок кылып калсак эле Самара Каримованын "Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам" деген ырын ырдап берет кичинекейибиз. Бул жакта туруп эле жүрөктөр эзилет. Барып калсам Ошко жөнөгөндө ала кетем кошуп. Жетип-желекте кайненемдер звонок кылышат "алып кел кыздарыбызды" деп. Чоң кызым кайненемди жакшы көрөт, этегинен чыкпайт. Кичинекейим кайнатамдан калбайт. Мал караганы чыкса, сууктун күнүндө деле бутунун түбүндө аралашып жүрө берет. Алып кеткениме деле өзүмөн өзүм бушайман болом. Булар үйдө ызылдап добуш чыгарып турбаса, үйүбүз томсоруп ар кимибиз ар жерде жалгызсырап калат экенбиз деп калышат эле.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…

Супер-Инфо
super.kg
видео