Туркистон жетекчилигинен 2014-ж. 27-апрель күнү
“ozodlik radiosi” таркаткан кабарга ылайык, Кыргызстандын Ош областына караштуу Карасуу шаарында Өзбекстандын атайын кызматынын кызматкери деп күмөн кылынган адам колго түшүрүлгөн. Колго түшүрүү маалында каршылык көрсөткөнү жана бир нече милиция кызматкерлерин жарадар кылгандыгы жөнүндө кабарлар таркаган. Тинтүү жүргүзүлгөндө, анын жанынан бир нече ок атуучу куралдар жана бир нече паспорттор табылганы жөнүндө кабарлар таркаган. Бул тууралуу ушул убакытка чейин расмий мекемелер тарабынан эч кандай билдирүүлөр берилген эмес. Социалдык тармактарда таркап жаткан маалыматтарга ылайык, мындан бир апта мурда алардын шаар бойлоп мусулмандар арасында улутчулдукка чакыруучу пикирлерди таркатып жатышканы жана Рашад кары менен дагы бир катар мусулмандар жөнүндө кабарларды чогултууга аракет кылып жатышканы тууралуу жазылган. Мындан тышкары алар, Рашад карыны өлтүрүү планы да бар экендиги тууралуу Рашад карыга жакын адамдарга ачык айтышкан жана ушул ишине жардам берүүчүлөргө 2000 доллар бериши жөнүндө да сөз таркатышкан. О.э. колго түшкөн адам менен дагы бир кишинин сүрөттөрүн “однокласник” баракчаларына жайгаштырып коюшкан эле. Ошондон кийин Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери аракет кылууга мажбур болушту. Маалыматтарга ылайык шектүү адам, мас абалында Карасуу райондук ИИБнин алдында жаӊжал чыгарып, дээрлик өзү колго түшүп бергенге чейин, аны колго түшүрүүгө батына алышпаган. Шериги азыркыга чейин табылган жок. Бул Кыргызстанда жүргөн миӊдеген тыӊчылардын бири. Анын башкалардан айырмасы, ал ашкере иш алып барды жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өзүн тапшырды. Өзбек ФСБсынын максаты, өз тыӊчысын ашкере таштап берип, андан кийин камырдан кыл сууругандай алып чыгып кетүү менен Кыргызстан мамлекетин ачык коркутуу. О.э. Кыргызстандагы жарандар, айрыкча өзбек улуту алдында өзүнүн таасир күчүн көтөрүү менен бир катарда, кыргыз улутунун рухун түшүрүүгө аракет кылууда. Ушул иштер менен бир катарда Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келип жаткан кабарларга ылайык, өзбек режиминин тыңчылары кээ бир байлыгы бар жана соодагер өзбектерди кыргыздардын коргоосунан чыгууга чакырып, өз коргоосун сунуштаганы айтылууда. О.э. “Өзбекстан Кыргызстандагы өзбек улутунун тагдырына кайдыгер эмес” деген маанидеги агитациялык сөздөр кеӊири жайылып барууда. Буларды т.а. расмий жана расмий эмес мамилелерди көрүп чыгып жыйынтык чыгаруу мүмкүн болгондой, Өзбекстан Кыргызстанга кошуна жана эгемендүү бир мамлекет катары карабай жатат. Тескерисинче, жору-кузгун тарпка карагандай т.а. Россия жана АКШ сыяктуу көз менен карай баштады. Алар Кыргызстанга кудум бир нече күчтөр ортосундагы күч сынашуу майданы сыяктуу карай башташты. Кудум Украина менен Крым АКШ, Россия жана Евро биримдиктин ортосунда калганы сыяктуу. Өзбек тыӊчысынын аракеттери; Ош областына Газпромдон келиши 100 пайызга кепилденген газды токтотуп коюшу; Жалал- Абад менен чектеш жерде аскерий машыгууларды өткөрүшү жөнүндө ал тургай кабар берип да койбогондугу; – булардын бардыгы Өзбек режиминин артында АКШ тургандыгына далалат кылат. Демек, кыргыз мамлекети бул тыңчыны да, кудум Рашад карынын атасы шейит Рафик карыны өлтүргөн адамды коргогондой коргоого мажбур болот. Эскертип өтөбүз, Рафик карыны өлтүргөндөр өзбек режиминин аскерлери болчу. Ошол убактагы өзбек режими менен кызматташтыкта алып барылган операциянын жетекчиси болгон Жаныш Бакиев болуп өткөн адам өлтүрүүнү моюнга алууга кыргыз күч структураларын мажбурлаган болчу. Бул Өзбекстан менен мамилелерди бузуудан коркуп, кырдаалга ылайык иш кылуунун натыйжасы болчу. Азыркы кырдаалда да, алысты көрө албай турган, саясий жөндөмдөрү өз кызыкчылыктары айланасында гана айлана турган саясатчылар дагы кайрадан өзбек режими алдында алсыздык кылышы мүмкүн. Бирок, качанкыга чейи! Улутчулдук уруктары себилип жатканын көрүп-билип туруп, анын алдын алышы мүмкүн болгон Рашад кары жана ушул сыяктуу исламий жетекчилерди коргоонун ордуна аларды өз абалына таштап коюп, тескерисинче карасанатай күчтөргө мусулмандарды камоо жана акаараттоо менен жол ачып беришсе! Бул чыккынчылык эмеспи! Кыргызстанда бир нече пикирий кубаттар ортосунда күрөш башталышы күтүлөт. Мусулмандар тарабынан исламий пикирий жетекчилик кубаты, өзбек коопсуздук кызматтары тарабынан башкарылуучу улутчулдук негизиндеги пикирий жетекчилик жана Батыштын куралы болгон демоктатияга негизделген эркиндиктерди коргоо багытындагы кубаттар. Исламий пикирий жетекчилик, улуттук пикирлерди сындыруучу жападан-жалгыз кубат экендиги белгилүү. Ошондуктан, Өзбекстан Рашад кары сыяктуу исламий жетекчилердин жана Хизбут-Тахрир сыяктуу исламий хизбдердин жок болушуна кызыкдар. Бул кубаттар алардын жийиркеничтүү пландарын ишке ашырууда өтө чоӊ тосук болушу анык. Бирок, Кыргыз мамлекетчилиги мунун тескерисине кызыкдар болушу керек. Эгерде элинин кызыкчылыгын, анын биримдигин жана бейпилдигин ойлогон болсо.
Абдураззак:
Кыргызстандын Мамлекеттик чегара
кызматынын коомчулук
жана массалык маалымат каражаттары
менен байланыш бөлүмүнүн кабар беришинче, Кыргызстандын чегарасына жакын жерде Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү авиатехникалардан пайдалануу менен машыгууларды өткөрүүдө.
Кабарда келишинче, авиатехникалардын катарында МИ-8 вертолёттору да бар. Өзбек аскерлеринин машыгуулары Өзбекстан аймагында, Кыргызстандын Ош жана Жалал- Абад областтарына жакын болгон жерде жүрүп жатат.
Кыргызстан мамлекеттик чегара кызматы: “Кыргызстандын чегарасын жана аба аймагын бузуп өтүү абалдары күзөтүлгөн жок”, – деп билдирди.
Өзбекстан тарабы болсо, Өзбекстан аймагында өзбек чегерачылары кыргыз-өзбек чегарасында оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын кабарлады.
“Кыргызстандын чегара кызматы кыргыз- өзбек чегарасына жакын болгон аймактарда кырдаалды көзөмөлдөп турат”, – деп кошумчалады мамлекеттик чегара кызматынын массалык маалымат каражаттары менен байланышуу бөлүмү. Туркистон:
Акыркы убактарда Кыргызстан аймагында өзбек тыӊчылары көбөйүп бара жатканы жана кыргыз күч түзүмдөрүнүн кайдыгерлиги жөнүндө кабарлар интернеттеги социалдык тармактарда таркатыла баштады. Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагы мусулмандардын баса белгилешинче, акыркы убакта Өзбекстан Кыргызстан аймагында, айрыкча Ош жана Жалал-Абад областтарында тыӊчылык иштерин өтө күчөткөн. Акыркы маалыматтарга ылайык, өздөрүнүн кыргызстандык жашыруун тыӊчыларын да ачыкка чыгууга үндөй баштаган имиш. Негизги
иштери, өзбек улутунунун улуттук туйгуларын ойготуу аркылуу, аларды дагы кайрадан эгемендүүлүк же автономия талап кылууну көздөй козгоого аракет кылып көрүү
Бирок, мурдагы улуттар аралык согуштан булар пландаштырылып жаткандын айырмасы, эми Өзбекстан Ош жана Жалал- Абад областтарынын көпчүлүгүн түзүүчү өзбек тилдүү улутту коргоо үчүн бастырып кирүү менен коркута алат. Бул АКШнын долбоору болуп, Россиянын Крымдагы баскынчылыгына укуктук түс берилиши артынан ишке ашырууну пландаштырат.
Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү болсо, бул иштерди көрүп-билип туруп кайдыгер позицияда турушат. Себеби, билишкенден кийин эмненидир кылыш керек. Булар оӊой жолду тандамакчы болуп, мусулмандарды камоого киришишти. Ал тургай, аларды өздөрүнө каршы провокация кылууга аракеттенишип, аялдарды камоого чейин жетип барышты. Бирок, бул кудум ошол карасанатайлыктан т.а. улутчулуктан пайдаланууга аракеттенип жаткандардын кызыкчылыгы эмеспи. Себеби, социалдык тармактарда бирер чыныгы мусулмандын улутчулдукту жактагандыгын көрбөдүк. Тескерисинче, 2010-жылдагы Ош окуясынын таасирлерин мына ушул Ислам Акыйдасы мусулмандардын жардамында тазалап бара жатат го! Муну сокур адам же мамлекеттин чыккынчысы гана четке кага алат!
Кыргызстан мамлекети бардык стратегиялык тармактарды Россияга өткөрүп берүү аркылуу
алсыздыгын жашырууга же андан кутулуу жолдорун табууга аракет кылууда. Ал тургай мусулмандарга каршы багытталышы да, мына
ошол Россияны ыраазы кылуу үчүн уюштурулган. Ушул багыттагы Кыргызстан эксперттеринин сунуш-пикирлери таптакыр этибарсыз калтырылууда. Себеби, мамлекет өз
кызыкчылыктарынан келип чыгып иш жүргүзүү жөндөмүн да мүмкүнчүлүгүн да жоготуп бара жатат.
Кыргызстан
парламентиндеги
көпчүлүк
коалициянын
жыйынында
катышкан премьер-
министр
Жоомарт
Оторбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Ошко газ жеткирип берүү маселесин чечүү өкмөттүн негизги милдеттеринин бири”, – деди. Оторбаев ушул маселе боюнча Өзбекстан премьер-министрине кат жөнөткөндүгүн белгилеп өттү. “Өзбекстан эскертүүсүз эле Ошко газ жеткирип берүүнү токтотуп койду. Премьер- министрдин орунбасары Тайырбек Сарпашев Өзбекстан премьер-министринин биринчи орунбасары Рустам Азимовго кат жөнөттү. Тышкы иштер министрлиги да өз багыты боюнча проблеманы чечүүгө аракет кылууда. Мен Өзбекстан премьер-министрине кат жолдодум. А бирок, өкүнүчтүүсү, биз жооп албадык. Миллердин өзү да жогорудагы маселе боюнча иш алып барууда. Жакынкы күндөрдө проблема чечилет деп үмүттөнүп жатабыз”, – деди Оторбаев. Туркистон: 14-апрелден бери Ош шаарынын калкы газсыз
күн өткөрүүдө. Кыргызстан расмийлери муну Өзбекстан менен газ жеткирип берүү боюнча келишим мөөнөтүнүн аяктаганы менен түшүндүрүшүүдө жана буга кошумча түрдө Өзбекстан менен түзүлгөн келишимде, эгерде “Кыргызгаз” компаниясынын ээси алмаша турган болсо Өзбекстан Кыргызстанга газ жеткирип берүүнү токтотушу жазып коюлгандыгын да айтышууда. Түпкүлүгүндө болсо, Өзбекстандын Кыргызстанга газ жеткирип берүүнү токтотушуна жана газ жеткирип берүүнү кайрадан калыбына келтирүүнү создуктуруп жатышына о.э. кыргыз расмийлеринин суроо жана каттарына кайдыгер карашына Америка менен Россия ортосунда жүрүп жаткан саясий күрөштөр себеп болууда. Россиянын дүйнөдө колдонулуп жаткан жана негизинен Америка тарабынан коюлган бардык укук жана өлчөөлөрдү копол көрүнүштө бузуп Крым жарым аралын басып алышына жооп иретинде Америка өзүнүн кадамын таштоодо жана алардын өз ара атаандаштыгында Борбор Азия республикалары таасир талашуучу майданга айланып барууда. Жалаӊ гана жеке кызыкчылыгын жана бийлигин гана ойлой турган “эгемендүү” мамлекет жетекчилери болсо алар сызып берген багыттар боюнча аракеттенип жатышат. Эки ортодо болсо карапайым калкка кыйын болууда.

Супер-Инфо
super.kg
видео














