Ой Рая эже сиздин бардык билдируунуздон турмуш сабагын алып келем. Туп туура айтасыз суйуу гана жетиштуу ошол баарын чечет деп ойлочуумун.
Сиз айтмакчы турмушта оош кыйыш дегендер да болот тура. Сиз уккан созду мен да укканмын. Атам айткан ай балам ай мынчы алыс кеткенсин деп. Себеби бешик тойго кетип жатып бир машипадалек да. Атам байкуш ооруп жургон кезиле. Сиздин билдирууну окуп озумду элестеттим.
Сизде да сизди дайым колдогон чон атаныз болуптур. Мендечи бир жолдошумдан болок эч ким болгон эмес. Ал да кээде жуз уйурсо зар какшаган кундор болгон. Мунун баары сиз айткандай оош кыйыш да эмес болчу. Бул баары бир тигил жактык деген мамиле эле. Булар жаман баарибир баламды тиги жака алып кетет деп ачык эле айтышчу. Жок бирок андай ой ойлободум бир жолу да. Мандай тер менен иштеп ошол жерден уй алдык. Ошентип наристебиз жарык дуйного келип бир тараптуу ойлоп жашап калдым. Жок мен жашайм наристем учун деп . Билесизби эмнегедир синдилеримдин мен жака турмушка чыгышын каалабайм. Анткени мендей азаптарды коруп калат деп корком . Азыр эми ал кундор артта калды деп жаны умут ниеттер менен жашап келем. Анан да ата эненизди акыркы сапарга узата албай калганызды окуп журогумо туз куйгандай болду. Ылайым бизде дегеле башкаларда да андай нерсе болбосунчу.
Аттин ар адамда бир кем дунуйо болот тура. Башкасын озгортсок да тигил жактык деген атты озгорто албайт экенбиз да. Анан албетте жакшы жактарын да жаза кетейин. Ар ким оз озунчо боло бербестен
Түндүктүк менен түштүктүк үйлөнгөндө бактылуу жашагандар барбы
#22 03 May 2014 - 12:23
Ар ким оз озунчо боло бербестен салт санаа алмашат. Ген тазаланат дегендей. Бул албетте жакшы нерсе. Акыры баарыбыз кыргызбыз го.
#24 03 May 2014 - 17:24
Неберелеримдин суйуктуу чон атасы.Ошол создун урматына чон ата деп кайрылам.Чон ата менин жолдошум.
#25 03 May 2014 - 18:36
Рая
эжедей копту коргон,турмуштун соккусуна женилбей жашап келген энелерибиз дайыма бар болушса экен. Чынында ата-эне оз баласына жамандык каалабайт,тундук-
туштук болуп кыз беруу,келин алуу албетте жакшы жоролго. Бирок,баары эле биз жаштар ойлогондой керемет боло бербейт экен,материялдык байлык,калын да эч нерсе эмес,чынында жакшы жаман кундордо эн чон тоскоолдук жаратуучу аралыктын кесепети,жолдун азабы деп каршы болгон ата-энелерди тушунсо болот...а материялдык жактан нараазы болгон энелерге мен да тушунбойм,эн башкысы эки жаштын бактысы эмеспи.
#26 06 May 2014 - 14:43
мен да каршымын. түндүк түндүгү менен,түштүк түштүгү менен эле болгону жакшы окшойт. баары бир салтттарыбыз,
көз караштарыбыз туура келбейт экен. мен да түштүк жаккка чыккам, бирок Бишкекте жашап калганыбызга байланыштуу оорчулукту көргөн жокмун. анткени күйөөмдүн мүнөзү түндүккө жакын. жалал-абадка бир кайынсиндим тийип, узатып барганда, салттарын көрүп, кайын сиңдиме боорум ооруду. чынында эле салттар катуу экен. ойлоп койдум, менин мындай мүнөзүм менен түштүк жергесинде жашай алмак эмес экем деп. куйоом да айтып калат, түштүктө бир күн жашабай качып келмексин деп. ал эми Рая эжекебиз, тыңдыгынан тырышып, жашап кеткен экен. Түштүктө чилиштерди "сиз" дедиргендери эле канчалык. капа болбогула, тапичкелерди ыргытмай жок, мен оюмду жаздым!
#27 06 May 2014 - 14:51
жогоруда айтылгандай тундук-менен туштукто абдан чон айырма салт жактан ал эми калганы бешенеден болсо керек ...
#28 06 May 2014 - 15:09
Эми тергоо деген сылыктыктын эле белгиси, сиз деген создун эч жаман жагында, зыян жагында корбогом. Сиз деп кайрылуу менен келиндин статусу томондоп деле кетпейт, же кичирейип деле калбайт. Илгертен калган салтты сыйлап, тергоо салты узгултукко учурабай уланып келе жатканына шугур дейм. Улуубу- кичуубу сиз деп кайрылуу, кайын журтка болгон сый деп тушуном. Албетте тундук тараптагыларга озунон кичууну сиз деш оон учурайт.
Озунон кичууго "Сиз" деп кайрылууну кыскача тушундуруп кетейинчи; Мисалы келинда уйбулонун катардагы мучосу. Жаны келген келин ошол жердегилерди сиз деп кайрылууга тийиш, себеби ошол кичуулордон кийин уйдун астанасын аттап жатат. Женеси келип, уйдун астанасын аттаганга чейин жарыкка келишкендиктен, келин кичуулордуда сиз деп кайрылат. А озунон кийин келгендерди сен дегегенге уруксат.Себеби, келинден кийин уйдун босогосун аттап жатышат, кийинки мучоолор. Тушундуро алдымбы тантырап жатып
.
Анан мен тияктын салтына, жашоосуна чыдабайм дегендин озу туура эмес! Чыдабаса бутту уйбулоо кыйрайт, балдар тируу жетим калат. Башка олкого барып, башка улутка турмушка чыгып деле жашап жатышатго, чыдап эле. А биз, озубузго озубуз чыдабайм дейбиз. Ат башына кун тушсо, ооздугу менен суу ичет экен. Кудай кайсыл жака нике буйруса, ошол жактын мыйзамдары менен жашоого аргабыз жок, биз айымдар! Асманына карап ырдап, тундугуно карап бут сун дечуу беле бабалар
.Болбосо уйбулоонун пайдубалын оз эркибиз менен кыйратып алаарыбыз анык.
Озунон кичууго "Сиз" деп кайрылууну кыскача тушундуруп кетейинчи; Мисалы келинда уйбулонун катардагы мучосу. Жаны келген келин ошол жердегилерди сиз деп кайрылууга тийиш, себеби ошол кичуулордон кийин уйдун астанасын аттап жатат. Женеси келип, уйдун астанасын аттаганга чейин жарыкка келишкендиктен, келин кичуулордуда сиз деп кайрылат. А озунон кийин келгендерди сен дегегенге уруксат.Себеби, келинден кийин уйдун босогосун аттап жатышат, кийинки мучоолор. Тушундуро алдымбы тантырап жатып
Анан мен тияктын салтына, жашоосуна чыдабайм дегендин озу туура эмес! Чыдабаса бутту уйбулоо кыйрайт, балдар тируу жетим калат. Башка олкого барып, башка улутка турмушка чыгып деле жашап жатышатго, чыдап эле. А биз, озубузго озубуз чыдабайм дейбиз. Ат башына кун тушсо, ооздугу менен суу ичет экен. Кудай кайсыл жака нике буйруса, ошол жактын мыйзамдары менен жашоого аргабыз жок, биз айымдар! Асманына карап ырдап, тундугуно карап бут сун дечуу беле бабалар
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#29 06 May 2014 - 17:18
Рая эже,абдан туура жазгансыз...
Колдон келсе,туштукко турмушка чыкпай койгон туура,муну мен дагы башыман откозгон учун жазып жатам. Рая эжеден айырмам,мен Рая эжедей кучтуу боло алган жокмун,анткени мени жолоп таяган,котормологон эч ким болбоду. Кайда барсан,"аркалык"
дегенди угуп,ыраматылык атамды эстечу элем. Убагында Атам дагы,барбачы балам алыска дегенини болбой,кетип калган элем,Ыссык-Колдо бала калбагансып.
Мени ал жакта кабыл албаса,куйомду менин торкунум кабыл алган жок,мен коп жолу "эмне учун?" деген суроомо,менин бир-туугандарым,
ал оштук,сарт сартыгын кылат дешчу эле. Рая эженин жазганын окуп алып ыйлап алдым,мен дагы атамдын олгонун укканда аран дегенде жеткем. Бир балалуу болуп,ал жактын кодулаганына чыдабай келе бердим. Жолдошум дагы,сен баары бир булоо болбойсун дегенден кийин келе бердим,бир баланы кучактап. Арадан жылдар отуп,озумдун айылдан азыркы жолдошума жолуктуп,азыр баары ойдогудай,чогуу 2 балалуу болдук,кайындарымды мен сыйлайм,алар мени сыйлашат,жашоо оной болуп калды. менин бир туугандарымдын дагы азыркы жолдошума коз карашы аябай жакшы.
#30 06 May 2014 - 18:50
Тундук, туштук деген койгой менде деле болгон анча-мынча, омурлук жарым менен турмуштун оош кыйышын чогуу басып келе аткан учурубуз...ошентсе да бактылуу уй-булом менен сыймыктанам!
Рая эженин ата-энеси жонундо жазганы мени да мунайтты,анткени апакем каза болгондо мен да ушундай акыбалга туш болгонмун...
откон отту,кеткен кетти дегендей жолдошум экообуздун суйуубуз кучтондуруп турат!!!
#31 06 May 2014 - 22:48
сурайын дегеним тундуктук кызга, же туштуктук кызга (тундуктук балага же туштуктук балага) уйлонуп (тийип) жатканда ата эненерди кантип кондурдунор эле? азыр бактылуусунарбы же ажырашып кеттинерби (эмне себеп болду?)? Ата энеси каршы болуп уйлонбой калгандар, депрессияны кантип жендинер эле? бул барьерди кантип женсе болот?
Ошко турмушка чыккан чон эже айткан эле: " Эгер ошол мезгилде ушундай акылым болгондо, ошол жактын эле койчусуна тиймекмин" - деп. Алыс болуп, жаман-жакшылыктарга бара албай калат экен да. Алыс болбосо эле тундук-туштук эч кандай маани бербейт го.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#32 07 May 2014 - 01:39
Ушул тундук туштук маселеси козголгондо чыны аябай зээним кейип,жаным кашаят.Кыргыздын кыздары,жигиттери бири кытайга тийсе а бири орустан уйлонуп жатбайбы андан коро тундуктон болобу туштуктон болобу жердигине болбой уйлонусшо жакшы эмесби.Негизгиси эки жаш бактылуу болсо болду да,менин деле агам куду Нарындын Атбашысынан уйлонду Аллага шугур бактылуу уй було мотурайган эки наристенин ата-энеси.Анан уйлонушкондо деле эч кайсы тарап каршы болгон эмес'
Энтуура мен кошулам сага. Кыздарыбыз азыр кандайган улутарга тийип жатышат угуп алып жийркенесин негр карейц орус тажик азербайжан казак дегеле коп. Аларга караганда акыры кыргыз деген аты бар адамго. Тундук туштук деген бул биздин ан сезимибизде калыптанып калган болуунучулук болуп. Кудайга шугур жашап жатышат биздин тааныштар. Акыры адам болгондон кийин бир бирин тушунушуп жашашса болотго дейм. Тундук туштук деп озубуз айтып жийркенип жатабыз. Бул деген салт санасы менен кичине айырмаланган диалекти ган . Качан калат бул нерсе деги.
#33 07 May 2014 - 01:54
Тообо кылдым ушинтип экиге болунобуз кыргыз элим акыры кыргыз болуп бир картада жашап жаткандан кийин не кереги бар. Чет жерге чыканда сен туштук сен тундук болбой эле чогуу бир бирибизге жардам берип журобузго кыргыз деген атыбызды коргоп. Же биз да ошол ботон улутка айтышыбыз керекпи ал тундуктук кыргыз деп.ошондуктан андай ойдон алыс болгула туугандар. Негизи болгон тушунбостук менен ажырашуулар аны биз туштуктук эле жэ тундуктук эле деп ошол нерсеге тонкой салабыз.. Ажырашуу тушунбостук бул ошол эле тундук аймагында деле болтат бири бири менен жана туштук аймагында да ошондой эле койгой. Аны ал масалеге артасалуунун кереги жок.
#34 07 May 2014 - 02:03
эгер динден аз болсо да билимибиз болгондо тундук туштук деп болунмок эмеспиз
#35 07 May 2014 - 19:59
Алтындай болгон Рая эже ар дайым жашоо тажрыйбасынан болушкону кубандырат.
Мен да ушул темада кеп козгогум келет. Аркалык болуп, туштукко келин болгон менин да башымда эмеспи. Кантсе да, алгачкы кундорум абдан кызыктуу эле... Эми калганын тиги темадан улантайын...
#36 07 May 2014 - 21:50
"Сиз"деп тергеген бул сыйлоо-урматтоонун белгиси!Кыздын кыздай,келиндин келиндей эле болгону жакшы. А тундук-туштук бул бутпогон маселе.Жол азабы эле кыйнабаса башка эч маселе жок.Торкунундун жамандык жакшылыгына оз убагында баралбай калганда,эсине тушот алыстык.Ал эми мотурайган балдарын коргондо унутуп деле калышса керек.Бизде да бар бир эжем Тажикстандын Душанбесине тийген,учурда 3 баласы бар.Келсе озун ойлоп кетпейм деп ыйлайт,а балдары атама деп апкетишет.Тажикстандан кыргыздарды издейм дейт эже синди б.п катышканга.
a биз бул жакта кыргыздар бири бирибизди чанабыз.
#37 08 May 2014 - 12:52
Менин ата-энем дагы бири тундуктон,бири туштуктон.Мына кудай буйруса 30 жыл болуптур чогуу жашап жаткандарына.
Мамам айтат коно албай,создоруно тушунбой аябай кыйналгам деп.Бирок чыдаган экен.Мамам да атасы олгондо коро албай,жаназага да жетише албай канча жыл арман кылып журду.Бизди алыска кетпегиле деп коп айтчу.Бирок тагдыр да балдары учун жашаш керек болгон.Антип уйлонгондор коп,кайра ажырашкандар да коп.Копчулугу тушунбостуктон,
болгондуктон келип чыгат.
#38 08 May 2014 - 13:06
Азыркы заманда кыргыз менен башка улут да эмес, башка расадагы адамдар менен уйлонуп жатышбайбы,
анан тундук туштук деп журосунорбу дагы эле?
#39 08 May 2014 - 15:39
Мен озум туштуктон болсом тундук жака турмушка чыккым келет)))Аркалыктар менен гана мамиле тузо алам)))Бирок ата-энем каршы экенин дайыма кулагыма куюп келет)))Бирок маани бербейм бешенеме жазганы деп кутулам)) Мен каршымын тундук туштук деп болунушуно))бирок тушунбойм неге антип болунушот.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#40 08 May 2014 - 15:57
Неге туштукту эле жамандай бересинер,тундукто озунон улууларды сен деп жатышпайбы?
каерде болбосун бактылуу жашап кетуу адамдын озунон бир туугандар,силер айткан ошо "сарттарды"
биз суйот дейсинерби?
!Биз да аларды жаман коробуз,айткылачы эмне кыла алабыз ала чапандар биз тарапты мекендеп алса,биздин колдон эмне келет?!Как будто биз аларды атайы чакырып алгандай айтасынарда Тообо

Супер-Инфо
super.kg
видео















