1. Кыскасы, жаз айларында электр энергия кымбаттайт деп уктум, бүгүн. Албетте, өлкөдөгү оор абалды эсепке алуу менен буга көпчүлүк каршы чыгат. Бирок менде мындай суроо:
2.- Мейли кымбаттасын, бирок өтө чоң авариялар, табигый кырсыктардан тышкары, жарык таптакыр өчүрүлбөйт деген кепилдик берилсе, жогору баада төлөөгө макулсузбу?
3. - Электр энергиянын кымбаттоосуна каршы митинг уюштурулса, барасызбы?
2.- Мейли кымбаттасын, бирок өтө чоң авариялар, табигый кырсыктардан тышкары, жарык таптакыр өчүрүлбөйт деген кепилдик берилсе, жогору баада төлөөгө макулсузбу?
3. - Электр энергиянын кымбаттоосуна каршы митинг уюштурулса, барасызбы?
1. Ооба, бааны көтөрөбүз дешип көптөн бери эле айтып жүрушөт. Бирок азырынча батына албай жатышат окшойтко. Бакиевтин кетүүсүнө себеп болгон нерселердин ичинде ушул нерсе да бар болчу. Бааны көтөрүп жиберди деп бирөөнү кууп, кайра өзүлөрү бааны көтөрүшсө кантээр экен?
2. Мага негизи айырмасы жок. Мамлекет тарабынан кандай баа коюлган болсо ошого макул боло берем. Албетте акылга сыя турган баа коюлса. Себеби мага жакпаган нерсени баарына каршы чыга берсем, анан башкалар да өздөрунө жакпган нерсеге каршы чыга берсе, анда биз митингтен колубуз бошобой эле жүрө беришибиз керек болот. Бирөөгө жаккан нерсе башкасына жакпайт. Кээде жакпаган нерсеге деле макул болуп коё бериш керекпи дейм да.
3. Өмүрүмдө митинге катышкан эмес, мындан ары да катышпаймынго буйруса. Митингке эл чыгат, а пайдасын башкалар көрөт. Жөн эле бирөөнүн куурчагы болгондон эмне пайда?

Супер-Инфо
super.kg
видео






















