Суперстан: Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)

#421 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Апрель 2014 - 10:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения aika2013 (16 Апрель 2014 - 17:57) жазган:

аябай маанилуу жана уйкаш жазылган ырлар экен!!! форумчулардын гана эмес ,келечекте кыргыз элимдин алкыштарына жарай бер!!азаматсын !!!

Цитата

Рахмат, раазычылыгым! :gul:

китеп кылып чыгаргансынбы ырларды?

Цитата

Азырынча чыга элек.. Буйруса китептен да окуп калаарсыз..:)

p/s/кыргыз ырчыларыбыз дагы ушундай жанга жагымдуу ырларга обон жаздырып ырдап чыгышса жакшы болмок ,каяктагы эле озбекчеден казакчадан которуп алышып эле кыйын сынышпай! !!

Цитата

Ошону айтсаңыз)). :crazy-girl:
(тамаша):достор:

Рахмат! Бар болуңуз! :0108:


В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#422 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Апрель 2014 - 10:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Ylykbek1990 (16 Апрель 2014 - 08:33) жазган:

Эх сонун жазылыптыр, кайра-кайра окуп тажабадым.

Цитата

Эшик ачык, келип туруңуз:).
Мага аябай таасир берди. Азаматсын, чыгармачылыгына ийгилик каалайм.

Цитата

Раазычылыгым, бар болуңуз! :0108:


В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#423 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Апрель 2014 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Убадалар. ..

Убадалар... Айтылган жерде калат..
А эмне оорбу жүгү ошончолук?!
Анда неге берилет убадалар?
Эки кадам кетип-кетпей унутулат..

Көөдөндү кубандырган убадалар,
Каалгып жайбаракат сүзөт көлдө.
Аткарылбас толкуну ташып келип,
Суу серпет жалындаган үмүттөргө..
:79:

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 17 Апрель 2014 - 17:13

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#424 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   23 Апрель 2014 - 01:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Сүйүү деген эмне өзү?

Сүйүү деген эмне өзү? Жемишпи?
Жетүү үчүн сунган колду талдырган.
Же суу белем чаңкап турган денеге,
Суусаганда суусунуңду кандырган.

Сүйүү деген эмне өзү? Таттуубу?
Аары сымал элдин баары жабышкан.
Же болбосо эки жолду бир кылып,
Себепчидир түгөйлөргө табышкан.

Сүйүү деген эмне өзү? Ачуубу?
Көөдөнүңдү өрткө чулгай жүгүргөн.
Же болбосо мээрим чачаар жылуулук,
Уктап жаткан сезимдерди тирилткен..

Сүйүү деген эмне өзү? Буюмбу?
Сынса кетээр бир жеринен жарака.
Балким дастан жомоктордо айтылаар,
Жазсаң сөзү түгөнбөгөн баракка.

Сүйүү эмне? Балким аба, мөл булак?
Балким ага көкөлөтүп бак курат?
Түшүнбөдүм бул "сүйүүнү" баары бир,
Мени тиктеп маңдайымда эл турат...

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 23 Апрель 2014 - 01:44

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#425 Пользователь офлайн   rnurzida   27 Апрель 2014 - 18:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Просмотр сообщения Sweet-Lika (17 Апрель 2014 - 03:46) жазган:

Тажап бараткансыйм. .
(уландысы).

Мага деген сезимдерди түртүп алыс,
Бардыгынан негедир тажап турам.
Ээн таалада калсам азыр өзүм жалгыз,
Мен тынчтыкты…тынчтыкты самап турам..!

Эч бир жанды жактырбас өжөр, көк бет,
бул сезимден улам тажап бараткансыйм. .
Текке кеткен өңдөнөт ар бир мүнөт,
бул кезимден улам тажап бараткансыйм. .

Түшүмдө мага келбес элес менен
сүйлөшүүдөн улам тажап бараткансыйм. .
Ырга ороп көөдөндү кээ күндөрү
бүк түшүүдөн улам тажап бараткансыйм. .

Жарык чачып кирип келген таңды басып
кеч күүгүмдөн улам тажап бараткансыйм!
"Кызым! " деп, качан Атам келе калат?
Мен күтүүдөн улам тажап бараткансыйм!

Турмушта өйдө-ылдый кезүүлөрдөн,
тирешүүдөн улам тажап бараткансыйм. ..
Мендеги уйгу-туйгу ойлор менен күрөшүүдөн улам тажап бараткансыйм. ..

Асмандагы Айды тиктеп кыйбай таңга,
сырдашуудан улам тажап бараткансыйм. .
Түн оокумда буулугуп сыйбай жанга
ыр жазуудан улам тажап бараткансыйм. .:79:


Мага окшогондорго ылайык ыр экен. Сонун ыр саптары. Азамат! Калемин курчуй берсин. Жаны ырларынды да кутуп отурам. Бир канча кундон бери кирип карап коем. Жаны ырлар корунбойт. Убактын болбой жаткан го дейм.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#426 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   28 Апрель 2014 - 19:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Денистин (KUMTOR1) суранычы боюнча "Мектеп" тууралуу саптар.

Убакыт учкан куштай өтөт бат-бат,
Кечээ эле келдим эле бирди аттап,
А бүгүн кол булгалап коштошууга
Аргасыз көнүп турам көзүм жаштап.

Уядан учкан жаңы балапандай,
Талпынып учам жанга сыя албай.
Кылчактап артты карайм улам-улам,
Мектептин босогосун кыя албай.

Алтын уям кош бол эми мектебим,
Бата кылып "тилегиңе жет" дедиң.
Таазим кылам, а бирок, мага койсо
Келбейт эле 11 менен чектегим…))

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#427 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   28 Апрель 2014 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения rnurzida (27 Апрель 2014 - 18:44) жазган:

Мага окшогондорго ылайык ыр экен. Сонун ыр саптары. Азамат! Калемин курчуй берсин. Жаны ырларынды да кутуп отурам. Бир канча кундон бери кирип карап коем. Жаны ырлар корунбойт. Убактын болбой жаткан го дейм.


Жаңылары деле бар, болгону убакыт жетишсиз чын эле...)
Буйруса илип коем.

Рахмат эжоу, бар болуңуз! :0108:

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 28 Апрель 2014 - 19:14

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#428 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   28 Апрель 2014 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Мен да сага...

Кайсы күнү жүрөгүңө чалындым?
Сансыз ирет сагынбайм дейм… Сагындым.
Мага эмес башка жакка беттеген,
Мүнөзүңө, кыялыңа таарындым.

Кылыгы кырк, кыялы миң токтобой,
Ар кыл жерди эңсейт али оттобой.
А мен сага арбалганым билсем да,
Башка табам жалгыз сени жоктобой.

Бирде ыйга ороном да, бир күлөм,
Кайыл болуп сага барсам деп жүрөм.
Кургур жүрөк кек сактады түйүндөй,
Мен да сага арман болсом деп тилейм!

(буйрутма саптар).

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#429 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   28 Апрель 2014 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Өзүмө окшош чет жерде жүргөн ортокторума.

*
Бактылуу болгум келет менин деле…

Маңдайым жара күлүп ойлонбостон,
Мага деп бөлүп берген ырыскымды
Чогултуп, терип келем бөтөн жерден,
Эл менен тең талаша жумушумду.

Жаш экем, билбей өттүм кээ бир жерден,
Чалындым… Турдум бирок кайра эле.
Мага да жарык күндүн нуру тийээр,
Бактылуу болгум келет менин деле!


(кыстартылды, башка күнү толуктап коем буйруса)

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 28 Апрель 2014 - 21:57

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#430 Пользователь офлайн   my_love9595   29 Апрель 2014 - 22:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 24 Март 14
  • Соңку аракети: 11 Май 2015 23:17

Просмотр сообщения Sweet-Lika (28 Апрель 2014 - 21:49) жазган:

Мен да сага...

Кайсы күнү жүрөгүңө чалындым?
Сансыз ирет сагынбайм дейм… Сагындым.
Мага эмес башка жакка беттеген,
Мүнөзүңө, кыялыңа таарындым.

Кылыгы кырк, кыялы миң токтобой,
Ар кыл жерди эңсейт али оттобой.
А мен сага арбалганым билсем да,
Башка табам жалгыз сени жоктобой.

Бирде ыйга ороном да, бир күлөм,
Кайыл болуп сага барсам деп жүрөм.
Кургур жүрөк кек сактады түйүндөй,
Мен да сага арман болсом деп тилейм!

(буйрутма саптар).


ОЙ ушу сиздин ыр саптарыныздан как будьто менин жан дуйномдон алып жазып койгондойсуз, ушу болумго кирсем эле сиздин теманызды ачканга шашылам сизден мындан да кооооооп кооооооп ыр саптарын кутуп калам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#431 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   03 Май 2014 - 02:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения my_love9595 (29 Апрель 2014 - 22:54) жазган:

ОЙ ушу сиздин ыр саптарыныздан как будьто менин жан дуйномдон алып жазып койгондойсуз, ушу болумго кирсем эле сиздин теманызды ачканга шашылам сизден мындан да кооооооп кооооооп ыр саптарын кутуп калам

Раазычылыгым!
Бар болуңуз! :give_rose:

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#432 Пользователь офлайн   shumkar929292   03 Май 2014 - 12:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 105
  • Катталган: 25 Январь 12
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 20:11

Коз жаш деген чыгарманы да жазып койунчу сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#433 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   03 Май 2014 - 12:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения shumkar929292 (03 Май 2014 - 12:27) жазган:

Коз жаш деген чыгарманы да жазып койунчу сураныч

:huh: ыр түрүндө кылыпыы?
(тамаша)
Аягына чыгарам буйруса, үйдөн алыс элем, китепти даңкыйтып көтөрүп жүрүү бир аз ыңгайсыздык жаратат экен. Үйгө барсам эле жаза баштайм.
Рахмат.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#434 Пользователь офлайн   orhideya   09 Май 2014 - 05:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Бул тема эн суйуктуу темама айланды да калды. Кандай таланттуу жансын! :менин жүрөгүм: :менин жүрөгүм: Азаматсын!
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#435 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   09 Май 2014 - 14:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

***

Тостуң түндөн, күндөн ысык, таңдан да,
Маалым эле өмүрүңдү берээриң.
Мага деген сезимдерди чанганда,
Мен билбегем ушул күнгө келээрим…

Максат беле сен сыздасаң каткыруу?
Максат беле душманыңды жактыруу?
Жан дүйнөмдү кайдыгерлик ээлеген
Мен бактысыз, а сен азыр бактылуу…

Оюм саман, бүгүн сенин тоюң да.
Миң кубулам, жалгыз сенсиң оюмда.
Жандан кечип, кетким келип дүйнөдөн,
Мен отурам шар аккан суу боюнда.

Жыйып койду тагдыр жайган торун да,
Мен ойлогом бакыт кушу колумда.
Ээсин тапты бош калтырбай ушул тап,
Мага арналган жүрөктөгү орун да.

(буйрутма саптар).

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#436 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   09 Май 2014 - 14:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

***

Жалгыздык жанга жагып,
Жашындым элден оолак.
Жарыгы күндүн батып,
Жаштыкты салдым боолап.

Жалгыздык жолдош болуп
Бакытым учту алыс.
Үмүткө жердеш болуп
Буларга сүйүү калыс.

Айлана жашыл, бирок
Мага эле күңүрт аалам.
Жалгыздык жаман жолдош
Мен муну аңдабагам…

Жашоонун максаты эмне?
Билмекке чын-төгүнүн,
Махабат майданына
Мергенге чыктым бүгүн.:)

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#437 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   09 Май 2014 - 14:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения orhideya (09 Май 2014 - 05:43) жазган:

Бул тема эн суйуктуу темама айланды да калды. Кандай таланттуу жансын! :менин жүрөгүм: :менин жүрөгүм: Азаматсын!

:give_rose:

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#438 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   10 Май 2014 - 05:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Сага баары баары бир эмес беле…

Таңга жетпей жашоого суусап турса,
Кол булгаган мерээз сендик элес беле?
Жандан кечпей келээриң күтүп турса,
Сага баары баары бир эмес беле…

Ак баракты сунса ары түртө салып,
Кызыл, жашыл, ар түркүнүн издейсиң ээ?
Ал ак барак ак сүйүүгө тете экенин,
Сезгиң келбейт…эмнегедир сезбейсиң ээ?

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#439 Пользователь офлайн   AMAH-2   10 Май 2014 - 07:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Просмотр сообщения Sweet-Lika (10 Май 2014 - 05:44) жазган:

Сага баары баары бир эмес беле…

Таңга жетпей жашоого суусап турса,
Кол булгаган мерээз сендик элес беле?
Жандан кечпей келээриң күтүп турса,
Сага баары баары бир эмес беле…

Ак баракты сунса ары түртө салып,
Кызыл, жашыл, ар түркүнүн издейсиң ээ?
Ал ак барак ак сүйүүгө тете экенин,
Сезгиң келбейт…эмнегедир сезбейсиң ээ?





Кандай сонун жан дүйнөдөн суурулуп чыккан саптар....
Азаматсыз Лика!!!
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#440 Пользователь офлайн   antiwithin14   15 Май 2014 - 02:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2019 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак калпактуу Ала-Тоо

Тизипсин шурудай ыр саптарды,
Айжамал Мавленова балли балли!
Талантына таазим этип турабыз
Кенейтин жазылуу ыр барактарды.

Кордунбу элим байкагын,
Алыкул акын олбоптур.
Ушунундан жазбагын,
Акындын пири колдосун. Ийгилик!






















  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: