Жакында эле "Республика Кыргыз" деген китеп колума тийип калды. Ошол китепте демократия жөнүндө айтылган сөздөр көңүлүмдү бурду. Анан ошол айтылган сөздөрдү бул жакка көчүрүүнү туура көрүп турам. Орусчадан сөзмө-сөз эмес, эркин котордум. Анан кээ бир жерлерин кыскартып да койдум. Китептин оргианалын окуган адамдар тигил же бул жерин жазбай коюпсуң ж.б. деп жүрүшпөсүн.
Демократия сөзү грекче “demos” жана “kratos” сөзүнөн алынганын баарыбыз эле билебиз. Анын маанисин сураган адамга дароо эле “demos”– эл, “kratos” – бийлик деп жооп бере коёбуз. Бирок чындыгында демократиянын мааниси андай эмес. Анткени “демос” сөзү байыркы Грецияда сөзмө сөз которгондо мындай маани берген: “кол алдында кулдары бар болгон, Грециянын эркинжарандары.
..”. А сиз менен биз грек лингвистикасы тарабынан алып караганда “демос” эмеспиз. Биз ашып барса “ohlos”пуз.
Мунун мааниси: “кызмат кылуу үчүн дайындалган Грециянын чектелүү эркин жараны” – дегенди билдирет. Эгер биздин коомдогу ордубузду байыркы грек тилинин негизинен карай турган болсок анда биз “охлом”дорбуз.
Демек, бийликтин баары элге таандык болгон түзүм “охлократия” деп аталышы керек. Ал эми демократия бул, - “кул ээлөөчүлөрдүн кулдар үстүнөн болгон бийлиги...”.
Схемы, методы итайны управления человеческой цивилизацией концептуральной властью htpp://
www
.krizis.
co.
ua/
main
_upr_
civi.php
“... Демократиянын бардык идеялары жалганга толгон... Байыркы Греция, байыркы Рим демократия туулган, анын классикалык мисалы болгон өлкөлөр, ошол эле убакта классикалык кул ээлөөчү жырткычтар да болушкан. Алар "эл", “жаран” деген сөздөрдү өлкөнүн жалпы калкынын аз гана пайызын түзгөн элдин элиталык тобуна гана таандык кылышкан...
... демократиялык идеяны ишке ашыруу - сандын сапатка үстөмдүк кылуусун, караңгы, көшөгө артынан башкарылган үйүрдүн (толпа) көптөгөн кылымдардан бери жашап келген элдик идеал үстүнөн бийлик жүргүзүүсүн,
чындык, адилетүүлүк,
жакшы жана жаман сыяктуу нерселерди арифметикалык көпчүлүк добуш менен аныктаган абсурдтук абалды түшүндүрөт.
..”. Митр. Иоанн, Ст,Петербургский
и Ладожский Великая ложь демократии.
Православная газета №3 (37), № 4 (38) 1996г.)
“.... “демократия” сөзүнүн этимологиясы – “эл бийлиги”. А бирок ал эмнени түшүндүрөөрү тууралуу аз гана адам ойлонот. Бийлике ээ болуу – тигил же бул нерсени башкарууда тигил же бул чечимди кабыл алуу дегенди түшүндүрөт.
Эл кантип чечим кабыл алышы мүмкүн? Жада калса эки адам да ар дайым эле бир чечимге келе беришпейт. Жада калса бир адам да өзүндө бар маалыматка,
өз тарбиясына жана абалдын ага жасаган басымы асытнда чечим кабыл алат. Демек, алардын үстүнөн көпчүлүк бийликти ага маалымат жеткирген, анын тарбиясы жана билимин көзөмөлгө алган адам жүргүзөт. Воробьев А.В. “Один взгляд на идеологию”,
Развитие России и конституционное строительство:
теория, методология,
проектирование.
Материалы Всероссийской научной конференции,
21октября 2010 г., Москва.
Уландысы бар...
- (2 )
-
- 1
- 2
Демократиянын биз билген жана билбеген тараптары.
#2 06 May 2014 - 00:17
Уланта бериниз, кийин черек мен да оз билгендеримди таштап кетем.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

#3 07 May 2014 - 15:13
“... Пенсияны же стипендияны көтөрүү урааны айланасына талкалоо үчүн үйүр (толпа) кураса болот, а бирок, бийликке келе ала турган жана коомду башкадан түзө турган күчтү түзүүгө болбойт. Популистик лозунгтар менен мисалы парламентке шайланууга болот, а бирок, ал лозунгтардын айланасына чыныгы команданы чогултууга болбойт. Учурдагы саясий партиялар аянычтуу абалда турушат. Өзгөчө бул демократияга эми гана чумкуп бараткан Россияда ачык көрүнүп турат. Орустар биз али демократияга жете элекпиз, бир күн келип биз чыныгы шайлоолору ж.б. менен чыныгы демократияга жетебиз деп үмүт кылып жатышат. Азырынча алар бул коммунизмди курууга караганда да чоңураак утопия экенин түшүнбөй жатышат. Эч бир мамлекетте айтылгандай түрдө демократия жок. Бир канча кылымдан бери өздөрүнө бул моделди киргизүүгө аракет кылган бардык Европа мамлекеттери анын зыяндуу экенин түшүнүп жатышат. А бирок, эч нерсе кыла алышпайт. Ошондуктан аларда демократия бардай түр көрсөтүшөт.
Бул темага качандыр бир убакта практика жүзүндө туш болгон адамдардын баары бул айтылган сөздөрдүн адилеттүү экенин тастыктайт.
“Демократия динине” жаңы кирген адамдар гана теорияда айтылган демократияны курабыз деп өздөрүн тынчтандырышат.
Ошол себептен алар коммерциялык контораларга окшогон бутофордук партияларга чыдашат.Бул партияларда формалдуу түрдө 50 000 “партиялаштар” бар. Бирок чындыгында анда бир да адам жок. Адамдардын ордуна –студенттер,
пенсионерлер жана жумушсуздар тарабынан ар бири 20 рубльдан чогултулган колдор (подписи) бар. Эч кимде мындай партиялардын жана анда чогулган элдердин чыныгы максаттары жөнүндө иллюзия жок. А бирок орустар бир күн келип практика теорияга дал келээринен үмүт кылышат. Француздар эки кылымдык жолду басып өтүп, өздөрүнүн башынан өткөргөн тажрыйбага таянып, бул нерсе тупик экенин айтып жатышат”. “ПРОЕКТРОССИЯ”,
М, изд-во “ОЛМА-Пресс”,
2006 г.
Практикада демократия фашизмден да чоңураак жамандыкка айланып бара жатат. Анын өзгөчө коркунучтуулугу коркунучтуу жырткыч ак көңүл жүздү тутунгандыгында. Демократия үчүн күрөшкөн чыныгы күрөшчүлөрдү алардын билбестиги актайт. Анткени алар эмне кылып жатышкандыктарын билишпейт. Алар чындыкка көздөрүн жумушуп, өздөрүн түштөгүдөй тутушат. Фашизм эч болбогондо өзүнүн максаттарын ачык айткан жана адамдарда өздөрүн коргоп калууга мүмкүнчүлүк болгон. Демократия өзүнүн чыныгы жүзүн илимий сыяктуу кооз жана пайдасыз сөздөр менен жашырып келет. Демократия: “Сен же, же сени жешет” – деп ачык айтпайт,“Алсызды тоно” – деп да айтпайт. Мунун ордуна ал тең укуктуулук жана конкуренция жөнүндө айтат. Демократия “адам адамга карышкыр экенин” бетке айтпайт. Ал жеке адамдардын ажырагыс укуктары жөнүндө сүйлөйт. Ал жердин жашоочуларынын чектен аша көбөйүүсүнө каршы күрөшүү максатында, төрөлүүнү азайтуу үчүн жаштарды (арак, тамеки, нароктиктер ж.б. менен) жок кылуу планы жөнүндө ачык айтпайт. Анын ордуна сексуалдык сабаттуулук жана баланын укугу жөнүндө тынымсыз сүйлөйт. Демократия – кой терисин жамынган чыныгы карышкыр. Ал коргоосуз калган наристелер менен тамактанат.
...Социалдык канибализмди актаган жана легалдаштырган демократиянын догматтары көпчүлүк батыш окумуштуулары тарабынан сынга алынды. А бирок түшүнүгү тайкы масса маалыматты клип жана жаныбарларга таандык мүнөздү ойготуучу, чыныгы эмес жалган көрсөтмөлөрдү түшүнүктөргө орнотуучу лозунгтардан алганды тандап алышат. Окумуштуулардын эмгектерин масса окубайт. Мындан кийин деле окушпайт. Коркунуч жөнүндө кыйкырган чынчыл адамдар өз ойлорун ансыз деле баарын билген адамдаргагана жеткире алышат. Бул ойлорду массага жеткирүү үчүн китеп жазбоо керек. Анын ордуна ойду жеткирүүдө эффектүү болгон башка жолун табуу керек. Массага сериалдар, шоулор, мультипликация керек, а бирок, китеп керек эмес. А бирок бул продукцияларды чыгаруучу фабрикалар “Рыноктун” колунда турган убакта алар түшүнүктөрдү "анти адамдык" түшүнүктөр менен камсыздай берет... “ПРОЕКТ РОССИЯ”, М, изд-во “ОЛМА-Пресс”, 2006 г.
Бул жерде эң коркунучтуу жана эң жагымсыз нерсе, биз өзүбүз музыкалык диск же киного билет сатып алуу менен өзүбүздү акмак кылуу үчүн өзүбүз акча төлөйбүз. Бизге эч ким бизди тигил же бул телеберүүнү көрүүгө мажбурлабай жаткандай сезилет. А бирок бул жөн гана сезилет. Мажбурлаганда да кандай мажбурлайт! А бирок биз муну сезбейбиз, анткени бул нерсе байкатпастан кылынат. ТВ жакпайбы – өчүрүп сал. Гей болууну каалабайсыңбы – болбо. Передозировкадан өлүүнү каалабайсыңбы –сайынба. Порнография жакпайбы – көрбө. А бирок башкалардын өздөрүнө жаккан нерсени аткаруусуна тоскоол болбо. Анткени алар эркин адамдар жана эркин тандоо кылууга укуктуу Кажется, логично. И самое убйиственое в их логике, что есть статистика, согласно которой народ действительно все это сам смотрит, читает, покупает и пьет. Никто не заставляет. Кажется, вот оно, проявление воли. Но ценители демократических свобод скромно забывают упомянуть о рекламном эффекте, который раньше проще и понятной – соблазном. Сейчас его активно используют в рекламныхречевках и слогонах. Любая реклама пестрит словами “искушение”, “грех”,“страсть”. “ПРОЕКТ РОССИЯ”, М, изд-во “ОЛМА-Пресс”, 2006 г.
“...Эркиндике умтулуу жана эркиндикти чектөөнүн зарылдыгы биримдиктин жана карама-каршы нерселердин күрөшүүсүнүн мыйзамды түшүндүрөт. Ал экөөнүн кагылышуусу карама-каршылыкты чечүү үчун умтулган энергияны пайда кылат. А бул болсо системанын дайыма өнүгүүсүнө шарт түзөт. Карама-каршылыктардын күрөшүүсүз система бир тараптуу болуп калат. Тартипти жеңген эркиндик коомду талкалаган, бардык нерсеге уруксат берүүчү хаоско айланат. Эгерде абал эркиндиктин тескериси болгон тартип менен теңдештирилбесе, коом структурадан башаламан (хаотичный) массага айланат. Ушул сыяктуу эле коом темир тартип астында буулган убакта, эркиндиктин жоктугу өнүгүүнүн токтоп калуусуна алып барат.
Ар дайым чечилип, кайрадан пайда болуп турган ички карама-каршылык бар болгон системада гармония пайда болот. Эркиндикке умтулуу тартипке карама-каршы болуп чыгат. Тартипке умтулуу эркиндикке каршы чыгат. Гармонияда болуу үчүн система өз ичиндеги конфликти ашып өтпөөсү керек, бирок ар дайым аны ашып өтүүгө умтулуусу керек. Ички конфликт системанын мурдакы абалында болбогон жаңы сапаттарды берип өнүгүүнү пайда кылат. Эркиндик менен тартиптин конфликти инквизацияны жана эркиндик духун пайда кылат. Бирөөсүн алып салсаң экинчиси да болбойт. Жогору жок болсо, төмөн да болбойт. Жамандык жок болсо, жакшылык да болбойт. Гармонияны өлүм алмаштырат.
Либералдык демократия коомду хаос абалына алып барат. Анткени ал эркиндиктин жана тартип идеалдарын бирдей жок кылат. Баарына эркиндик берүүгө аракет кылуу менен ал баарын эркиндиктен ажыратат. Тоталдык эркиндик бузукулуктун диктатурасын пайда кылат. Демократиянын кемчилдиги – анын теңдик теориясы. Минус менен плюсту укуктук жактан теңөө менен ал өлүмдү пайда кылат...”. “ПРОЕКТ РОССИЯ”, М, изд-во “ОЛМА-Пресс”, 2006 г.
“... Демократиялык теориялар бийликтин булагы деп элди жарыя кылат. Бийлик ачык, жашыруун, представительдер аркылуу жана башка жолдор менен шайланат. Элдин шайлоолорго катышуусу демократиянын башкы белгиси деп эсептелет. Шайлоо принцибин базалык деп жарыялаган адамдын баары демократ деп эсептелет. Коммунисттер, фашисттер, либералдар, республикачылар ж.б. өздөрүнүн терең ички маңызында демократиялык бир үй-бүлөнү түзүшөт”. “ПРОЕКТРОССИЯ”, М, изд-во “ОЛМА-Пресс”, 2006 г.

#4 07 May 2014 - 15:43
Биз өз алдыбызга өзүнүн табиятында коомду дени-соо (здоровым) кылууга умтулган системаны табуу тапшырмасын койдук. Б.а.системанын адамдарда адамдык сыпаттарды калыптандырууга болгон кызыгуусу көрүнүп туруусу керек. Жакшы система ушул нерсеге кызыккан система. Мамлекеттин бар болуусу ушул иштеги ийгиликтен көз каранды болуусу керек. Эгерде система өз ишин аткарып жаткан болсо б.а. адамдарда адамдык сыпаттарды калыптандырып жаткан болсо, демек ал жашап жана өнүгүп жатат. Эгерде аткара албай жаткан болсо демек, ал өлүп баратат. Бул өзүн өзү сактоо инстинкти сыяктуу. Биз өзүнүн бар болуусу үчүн моралдык жана физикалык жактан соо (здоровый) адамды калыптандырган системаны табуубуз зарыл. Экономика, илим, искусство, дин ж.б.ресурстар адамды пайда кылуудагы базалык шарттарды түзүү кызматына коюлат. Тескерисинче эгерде бийлик өзүнүн ресурсун негизги максат болгон чыныгы адамды калыптандыруу үчүн кызмат кылдыра албаса, анда ресурс коомду жок кылуу үчүн иштеп калат.Биринчи тапшырма – (чыныгы) адамды пайда кылуу. Ал эми илим же экономиканын өнүгүүсү анын мөмөсү болот. Мындай коомдо биринчи тапшырманы аткарбоо илим жана экономиканын өнүгүүсү коомго каршы болуп, аны жок кыла турган тескери жыйынтык берет.
Муну демократиянын мисалында түшүндүрөбүз. Анын адамга каршылыгы, анын жашоосу жана өнүгүүсү анын адамдагы адамдык сыпаттарды жок кылуудан көз каранды. Адамга анын эгоист, башка адамдарга карата ал карышкыр сыяктуу жаныбар экендигин внушать этип, демократия адамдык табиятты тепселейт. Адамдарда канчалык принциптер аз болгон сайын аларда бузукулук жана байлыкка сыйынуу ошончолук көбүрөөк болот. Демек, демократия ошончолук өнүгөт. Эгерде совесть жана ар намыс иерархияда жогорку орунду (акчадан жогорку орунду) ээлесе, демократия картадан жасалган үй сымал кулап жок болот. Эмнеге дейсизби? Анткени адамдар негизги ориентир катары совестти (кыргызчасын таба албай турам) эсептешкен болсо, бул алардын колдонуучулук (потребительский) активдүүлүгүнө таасирин тийгизет. А бул болсо экономикага таасир берет. Демократиялык модель аныктамасы боюнча секулярдык жада калса атеистик деп эсептелгени үчүн, анын пайдубалы катары биринчи кезекте системанын бекем болуусу андан көз каранды болгон жылаңач экономика гана турат. Причем коомдун жашоо шартын камсыз кылган экономикадан эмес, ар дайым пайда табууну көздөгөн экономикадан көз каранды. Б.а. тынымсыз өсүп турган экономикадан көз каранды. Демократиянын пайдубалы колдонуунун ар дайым өсүп туруучу темпинен көз каранды болгон экономиканын өзгөчө бир түрү.
Системанын умтулуусу системанын табиятынан пайда болот. Система кайсы бир башкаруучу каалагандыгы үчүн эмес, ал аркылуу өзүн чыңдагандыгы үчүн адам табиятын төмөн түшүрөөрүн түшүнүү зарыл. Адамдарда канчалык принциптер аз болгон сайын аларда бузукулук жана байлыкка сыйынуу ошончолук көбүрөөк болот. Демек демократия ошончолук өнүгөт. Канчалык принциптер жана байлыкка сыйынуу аз болсо, демек демократия ошончолук алсырайт. Ачык-айкын, бирок кээ бир белгилүү себептерден улам ачыкка чыкпаган демократиянын өнүгүүсүнүн базалык көрсөткүчү - гомосексуализмдин жайылуусу деп эсептелээри кокусунан эмес. Гомосексуалдар канчалык көп болсо – демократия ошончолук көп. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени ар кандай көрүнүш, анын ичинде гомосексуализм качан гана өзүн пропаганда кылууга укук алганда анын талапкерлери да көбөйөт.
Ар качан жана ар кайсы жерде иштей турган рекламалык эффект пайда болот. Бир гана айырма бардык эле жерде жана бардык эле адамга аны колдонууга уруксат бериле бербейт. Традициялык бийлик бузукулуктун рекламалануу укугун алып салат. Ал эми светтик бийлик бузукулуктун рекламалануусуна уруксат берет. Тигил же бул вариантка уруксат берилүүсү же тыюу салынуусу ар дайым мамлекеттин табиятынын мөмөсү деп эсептелет.
Демократия экономиканын тынымсыз өсүүчү абалында гана бар боло алат. Причем бул өсүү ар дайым ылдамданып туруусу керек.Эгерде өсүү акырындаган эле болсо, демократиялык система кулайт. Бул тарабынан алып караганда ал финансылык пирамидага окшош. Мындай болбоосу үчүн система ар дайым өсүп туруучу колдонуучулардын темпин пайда кылып туруусу керек.
Бул багытта тоскоолдук кылуучу негизги тоскоолдук бул адамдын базалык сыпаттары. Экономиканын дайым өсүп туруусун, ага сунуш кылынган бардык нерсени сатып ала берүүчү идеалдуу колдонуучу (потребитель) гана камсыз кыла алат. А бирок мындай идеалдуу колдонуучу болуу үчүн адамда адамдык ориентирлер жок болуусу керек. Анын ориентирлери ар намыс, милдет, совесть деген түшүнүктөр болбоосу керек. Ушул гана анын бардык умтулууларын колдонуунун чексиз көбөйүүсүнө алып барууга шарт түзөт. Жыйынтыгында демократия өзүн сактап калуу үчүн адамды жок кылууга мажбур болот.
Экономика эки түрдүү болот. Бирөөсүндө ал коомдун материалдык муктаждыктарын камсыздоо жолу болсо, экинчисинде ал коомдун үстүнөн пайда көрүүчү жол болот. Б.а. экинчи абалда экономика коомду өз алдына ыңгайлаштырган максатка айланат. Ал эми биринчисинде коомго кызмат көрсөткөн нерсе болот.
Качан экономика коомго кызмат кылуучу нерсе катары түшүнүлсө, анда анык зыяндуу болгон (м: тамеки жана алкоголь) нерселерди чыгаруу мүмкүн эмес болот. Демократиялык болбогон мамлекет аны контролдоп, буга монополия орнотот же ал экономикага канчалык пайда алып келбесин аны толугу менен тыят. Анткени мамлекет бул бузукулуктар элди жана өлкөнүн руханий фундаментин жок кылуусун түшүнөт. Ал эми демократиялык өлкөдө (материалдык) пайда келтирүүчү ар кандай пропаганда, ал легалдуу болбосо да өз ордун таба алат. Алардын катарында наркотик жана ар кандай бузукулуктардын пропагандасы да. Коммерциянын акыркы варианты рекламаланып жатат, ал рекламалоонун катарында наркомания жана СПИДке каршы күрөшүү көрүнүшү астына жашырылган рекламалоо да бар. (М: АКШ да жакында эле марихуаннаны сатууга офисялдуу түрдө уруксат берилди).
Демократия өз жарандарын уулоого уруксат берет. Анткени ал экономиканы өнүктүрүп, системаны чыңдайт. Ошол эле убакта ал бир күнү аны жардырып жиберчү напряженияны да күчтөндүрөт.
... Демократия рак шишиги сыяктуу. Ал элементардык түрдө бар болуусу үчүн, коомдун жашоосун камсыз кылуучу традициялык байлыктарды жок кылууга мажбур. ... Коомду жеп коюу, анын бар болуусунун жалгыз мүмкүнчүлүгү. Соо коомдо либералдык демократия болуусу мүмкүн эмес. Негативдүү процесстер демократиялык системанын фундаменталдык өзгөчөлүктөрүнөн улам пайда болот. Ал бузукулуктар менен каршы күрөшүү жыйынтык берүүсү мүмкүн эмес. Негизги себеп менен эмес, андан келип чыккан жыйынтык менен күрөшүү натыйжа бербегендей эле, демократиялык системадан келип чыккан жыйынтыктар менен күрөшүү да маанисиз. Демократиялык коом алар демократиялык болгондугу үчүн гана кулашы анык”. “ПРОЕКТ РОССИЯ”, М, изд-во “ОЛМА-Пресс”, 2006 г.
“... Орус полководеци Суворовтун демократиялык башкаруунун артыкчылыктарын айткан француздар менен сүйлөшкөн убактагы “аркандай роль үчүн кол керек” – деген оюу көңүлдү бурат. Баары бир рулга жабышып алган убакта бул эч кандай жакшы нерсеге алып барбайт...”. “ПРОЕКТ РОССИЯ”, М, изд-во “ОЛМА-Пресс”, 2006 г.
“... Бүгүнкү күндө “көпчүлүк суроолорго жооп жок” деген көйгөй жок. Акылдуу адамдар толтура. Ар кандай суроого жооп тапса болот. Көгөй, көйгөйдү чечүү жолун изилдөө менен эч ким алектенбей жатканында. Бул тапшырма тапшырма катары кабыл алынбай жатат. Анын натыйжасында бул багыттагы мектеп да, окуучулар да, салттар да, эмгектер да жок. Баары эле билерман болуп саясат, саясат деп кыйкырышат. .. Жырткычтар жана паразиттер башкаруучу эшолондо болуп калган бул кандай саясат өзү? Бенджамин Франклин айткан: “Демократия бул,- эки карышкыр жана бир козу бүгүн түшкү тамакка эмне болоорун чечүүсү”. Баары көпчүлүктүн добушу аркылуу адилеттүүлүк менен чечилеринен күмөн санабаса да болот”. “ПРОЕКТ РОССИЯ -2”, М, изд-во ЭКСМО, 2007 г.

#5 08 May 2014 - 15:44
Демек демократия адамзатты жок кылат экенда. Менин тушунугумдо,
ким кыйын болсо алдыга, алсыздар артка кетчуу жол экен. А бирок Кыргызстанда демократияны туптойбуз деп канчасы журот,. Кантип анан арылабыз мындан? Же элдин ан сезимине акырындап синдируу, тушундуруу керекби демократия менен жашоонун зыяндуу жактарын?
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#6 08 May 2014 - 18:55
Демократия озун-озу билемдик эмес. Демократия - бул жазылган (конституция) жана жазылбаган (каада-салт) мызамдардын чегинен чыкпай жашоо. Ал эми батыш тануулап жаткан демократия - бул жон гана улуттарды жок кылуу менен бирге дуйного оз устомдугун жургузуу саясаты деп билем.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#7 08 May 2014 - 20:24
Батыш менен биздин демократия башкачабы анда? Менимче эч кандай айырмасы жок.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#8 09 May 2014 - 15:30
#9 09 May 2014 - 15:37
Ликургка демократияны орнотуу сунушу түкөндө ал "сен алгач аны өз үйүндө орнот деп айткан". Көп балалуу үй-бүлөдө жалпы үй-бүлөлүк шайлоо болгону элестетиңиз.
Ошондо сиз үй-бүлөнүн бюджети оюнчук магазинине кеткенин көрөсүз (анткени көпчүлүктүн каалоосу ошондой болот). Эгерде бул ойлонулган эксперимент улантылган болсо, бул үй-бүлө же ачкалыктан өлөт же чечим кабыл алуу принцибин өзгөртүүгө мажбур болот. “ПРОЕКТ РОССИЯ-4”, М,изд-во “ЭКСМО”, 2010 г.
#10 09 May 2014 - 23:26
Ушундай нерселерди такыр окубайт элем,даже кызыкпайт болчумун.
Демократиясыз мамлекет болгонубузда, Президентибмзди кууй алмак эмеспизда э?Мындайча айтканда,Өзбекстандай болмокпу?

#11 11 May 2014 - 15:09
Демократия - элдин бийлиги деп агай тушундургон.
Чынында,демократия кыргыздар учун эместей. Биз оома,карангы сымал калк болуп баратканыбыз окунучтуу,озубуздун тээ тарыхта оздугубуз катылган сандыкты ача албай,ача алсак да оздугубузду андабай казылып аткан,жер толоону коздой бара жаткан сокур адамдардайбыз.
..деп ойлойм...
#13 11 May 2014 - 16:07
Ушундай нерселерди такыр окубайт элем,даже кызыкпайт болчумун.
Демократиясыз мамлекет болгонубузда, Президентибмзди кууй алмак эмеспизда э?Мындайча айтканда,Өзбекстандай болмокпу?
Демократиясыз мамлекет болгонубузда, Президентибмзди кууй алмак эмеспизда э?Мындайча айтканда,Өзбекстандай болмокпу?
Ошондой десе да болот. Анткени демократиялык эмес мамлекетте бийлик күчтүү болот. Анткени ал ар төрт же сегиз жылда алмаша бербейт. Демек, өзүн-өзү бекемдеп алат. Башын кайра-кайра алмаштыра берген дене күчтүү болбосу анык.
#14 11 May 2014 - 16:09
#15 11 May 2014 - 16:36
#17 11 May 2014 - 20:50
Ээ... ммм...
Демократиянын, болгондо да бизге синирилген таптаза демократиянын деле мага бир нерсеси жакпайт- убакыттан уттурасын.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#18 11 May 2014 - 21:33
#19 11 May 2014 - 23:24
Америка эн демократ олкобу?Жэ?
Эсли так,анда мнеге местный эл индеецтерге бошотуп бербейт Америкада ушулбу деиократия?
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
#20 16 May 2014 - 14:54
Медер Мавлян: "Демократия идеологиясы "Эркиндик"
деген ураан менен тушоосун кести. Эл эси ооп эрчиди. Билбедим, эл өзү кимден, эмнеден эркин болууну каалады? Башка жакты мындай коюп, Кыргызстан чөлкөмүнө назар сала турган болсок, 23 жылдан бери бул идеология канатын кенен жайып, кур жыгачка мөмө байлап турган кез. 80 жылдык тарыхка ээ социализмде болбогон көрүнүштөр 20 жылда байкалып, келин кыздар жылаңач болуп, катын алып чайпалып, эркектериң эрге тийип жайкалып, аксакалың ары жоктуктан балпайып, ары жокко дагы жок билинип калды байкалып. Бул көрүнүштөр суу да кечпейт, шоона да эшпейт деген ойдобу коомдук деңгээлге көтөрүлүп чыкса да мамлекетиң момпосуй жеп олтурган баладай, торпок сыңары мөөрөп да койбоду. Билбедим ушул көрүнүш улана берсе эртең кандай жашоо образ пойда болот. Демократияда мындай көрүнүштөр чоң демилге болот турбайбы. Эмне десең эле эркиндик деп эки сөзүнүн биринде эквивалент кылышат. Эркиндик деп сени төрөрдө эсин жоготкон энеңди эчкиге теңебей калдынго!
Эстин барында этекти жабалы деп эптүү эскертме Исламды айтсак экстремис десеңер, эскичи десеңер".
Махмуд Абдулмуьминун: “Демократия дегени Кудайды четке сүрүп кой да анан билгенини кыл дегендей эле сөз. Ошондуктан Кудайды кайра турмуш проблемаларына аралаштырууга жол жок. Эмнеге дегенде Кудайдын сөздөрүн турмушка кайтуусу ар кандай бейбаштыкты, жоопкерчиликсиздикти жана бузукулукту тыйып коёт, бул болсо демократиянын негизги урааны. Ушунда улам ДЕМОКРАТИЯда Аллахтын сөзүн турмушка кайтаруудан башка бардык эркиндик бар. Тескерисинче Исламда Аллахтын сөздөрүнө ыктыярдуу моюн сунуудан башка ЭРКИНДИК жок”.

Супер-Инфо
super.kg
видео