Турмуш,турмуштугун кошунанды алсан дагы корсотот,сыноо берет.Бул кошунасы болчу тийишпей эле коеюн,тиги алыстан келиптир ошону кыйнайын дебейт.Болунуп,
жарылып жерине,уруусуна карабай кобуроок биз туболукко жашап кете ала турган,кандай кырдаал болбосун которо билгенди адашпай тандайлы,Аллахтан сурайлы мен суйгон эмес озун суйгон пенделеринден жонот деп.
Түндүктүк менен түштүктүк үйлөнгөндө бактылуу жашагандар барбы
#62 14 May 2014 - 19:22
Менин башыман откон иш. Биз москвадан тааныштык, мен Токмоктон жигитим Жалал-Абаддан эле. Эки жыл суйлошуп анан Москвадан эле уйлонуп алдык. Бул жакта бир тууган эже,агалары бар эле. Менин бул жакта дагы эжемдер бар эле. Ата энеси менен телефондон суйлошуп ыраазылыгын алып нике окутуп алдык. Бирок загсыга турган эмес элек,кыргызстандан турабыз,той откоробуз деген элек. Ошентип 1,5жылдан кийин кыздуу болдук. Кызым торолорго 2ай калганда апасы атан ооруп атат деп чакыртып алды. Ал болсо бир айдын ичинде келем деп кетти. Ошентип 2ай отуп мен кыздуу болдум а куйоом жок,келе элек. Больницадан чыгып келдим и бир куну кайнене сорой звонить этип. Кызынды озуно каттат,баламды жибербейм,биз сойко салып койгон кызына уйлонтобуз дейт. А мен эмне аялы эмесминби? Бир туугандарынын козунчо мечиттен молдо чакыртып нике окутуп аялы болбодум беле десем уч талак кылып коебуз дейт. Куйоо соройум болсо "Мени кечир, мен ата энемдин созунон чыга албайм деп атпайбы. Биз уйлонобуз дегенде ата энеси маакул болуп, ыраазылыгын беришкен. Азыр болсо КУДАЙЫМА шугур кызым 3,6чыкты.кызымды оз атыма жаздырып алгам. Ошентип "бывшый"
куйоом уйлонуп 5айдан кийин звонок кылып "мен сени суйом,катыным менен жашагым келбейт "дейт. Мага баари бир деп туруп номеримди алмаштырып салдым. Азыркы убакта турмуштамын.
Кызымды огойлобой, оз кызындай коргон адамга жолуктум. Кудайга шугур абдан эле бактылуумун.
Так что кыздар бул заманда только озуно кана ишенбесенер,
мендей болуп талаада каласынар. Бирок ким билет беш кол тен эмес дейт ко. Балким менин экс куйоомдун эле уй булоосу ушундай мудактардан.
Бир ыраазы болгон жерим мага ушул таттуу кыздуу кылып койгону.
#63 14 May 2014 - 20:32
Ортодо суйуу болсо анан кайнене тушунуктуу болсо женилирээк болсо керек. Анан салт деп эле оюна келбеген,омуру корбогон нерселерди кылып жатышса кыйналат го келин деле, конгончо. Салтты да заманга ылайыктуу, ойлонуп колдонушса.
#64 14 May 2014 - 20:36
Туштуктон тундукко турмушка чыккан кыз кыйналбайт го, себеби бизде копчулуктун салт малт менен иши деле жок го азыр
#65 16 May 2014 - 16:26
Тундук туштук уйлоонуу тууралуу озумдун башыман откоргон окуяларды тигил Жаралуу журокто улантып атам.
#66 17 May 2014 - 00:14
" жер тандабай эр танда" деген кеп бар го. Тундук,туштук деген эле аты болбосо жашап кеттуу эки жаштын колунда.
#67 17 May 2014 - 13:05
Кореялык турциялык жигиттерге деле кетип жатпайбы биздин кыздар. Андан коро тундук туштук бири бири мене кудаа соок болсо эмнеси жаман. Ал эми салт деген нерсе керек болсо ар бир айылдыкы айырмаланат бири биринен. Кайдагы суйууну айтасынар? Карып калган чет олколукторго суйуп турмуш куруп жатыптырбы биздин кызар.
#68 03 June 2014 - 12:54
Кореялык турциялык жигиттерге деле кетип жатпайбы биздин кыздар. Андан коро тундук туштук бири бири мене кудаа соок болсо эмнеси жаман. Ал эми салт деген нерсе керек болсо ар бир айылдыкы айырмаланат бири биринен. Кайдагы суйууну айтасынар? Карып калган чет олколукторго суйуп турмуш куруп жатыптырбы биздин кызар.
Туура айтасыз
#69 03 June 2014 - 16:26
Мдааа...... жакшы эле ортодо сүйүү, ыйман болсо болду, бөлүнбөйлү дейин деп жаттым эле, Рая эженин башынан өткөргөнүн окуп алып не дээримди билбей калдым... Эмнеси болсо да адамдар өзү оңолсо анан бөлүп-жаруу да тыйылат деген ойдомун. Эң негизгиси ата-эне өз баласын кандай көрсө баласынын түгөйүн да ошондой көрсө дейм.
#70 03 June 2014 - 20:53
тундуктон туштуко тушуп кыйналгандар эле жазган окшойт,Менин эжем деле жалалабадтан чуйго тийди эле тундуктогу Кыздар туштуко тийип кыйналгандай эле кыйналды Ал дагы жакындарынын жакшылык жамандыгында чоогу боло албады,тан калтырганы албетте 5кол тен эмеско бирок тундуктун балдары уй-булоону сактап калышты азырак ойлонушат экен,акыры келип бир уйбуло бузулду ортодо бала атасыз калды,2.3жыл жездем бир ооз баласын сураган Жоок анан эле кайдан жайдан пайда болуп башын ташка уруп кечирим сурап Келди кадырын эми билдим деп,бирок тагдыр кайра кошбоду эжем жакында туштуко эле турмушка чыкты балалуу болду кудага мин мерте шугур жакшы жашашат,жакшы кызматтарда иштейт эжем 28жездем 30да!
#71 04 June 2014 - 13:31
Менин атам Нарындык апам Жалалабадтан болот бир жакшына эле жашап жатышыт түндүк түштүктөн 5 бүз бирок биз Жалалабадта жашап калганбыз Нарынга бир жылда эким жолу гана келип кетебиз.
#72 04 June 2014 - 21:31
Менин атамдын досунун кызы Нарынга турмушка чыккан эле, байкушту сарт деп кулдай эле мамиле жасашчу экен, акыры эптеп кызын кучактап качып келген, жыртылган эски кийимдер менен. Андай азапты жердигине карабай эле тушунугуно карап беришет ко дейм келинге. Бир эжем кошунасына эле турмушка чыкты, бирок бат эле ажырашып кетишти. Бир Суусамырлык эже бар болчу, Таласка чыккан. Куйоосун баласын тескегендей башкарчу, козунчо эле укмуш каргап, урушуп салчу, аябай тан калчумун. Бирок жашап жатышат. Дегеним турмуш жердигинен,
же болбосо салтынан, же алыс жакындыгынан куралбайт да, эки жаштын, ошондой эле ар дайым кийлигишип турчу эки тараптын тен кайын журтунун мамиле, тушунушуусунон,
сыйынан куралат деп ойлойм. Рая эженин жамандык- жакшылыкта билинет дегенине бир чети кошулсам, бир чети азыркы замандын шарты менен кошула албайм. Анткени кези келсе кошунасына тийген кызы деле козу откондо жетпей калып жатпайбы, дегеним, баардык эле жаш уй- булолор Россиялап журбойлубу,
учак болгону менен жетишсен эсеп да. менин бир болом апасынын козу откондо сууга алгандан кийин аран эле жетип барыптыр, бир эле корсотушкону болбосо бат эле тартып кетишти деп ыйлайт. Ыраматылык апамдын курбусу Кочкордон Баткенге чыккан. кырк жылдан ашты, жолдошу жаш кезинде каза болуп калса да балдарым атасынын жеринде чоноюшу керек деп жашап журду. Адам дээринде болсо баарына чыдайт, баарын женет, дээринде жок адам калп эле салтка, алыстыкка, же дагы бироого шылтоолоп, турмуш сыноосуна туруштук бере албай канча баласы болсо деле баса берет торкунуно. бул менин жеке оюм.
#73 04 June 2014 - 22:30
Билбейм мен куйомду суйгон учун апамды кондургом аа атам копко каршы болду, Озум жалгыз кыз болгондуктан апам кошунама эле береп дечу анан эле бир куну Озгондук бала менен суйлошом десем башымды коп орутпа деп койгон, кийин акеме айтып ыйлап мен бактылуу болуп жашайм куйого тийгенден кийин ыйлап келбейм деп тийгем. Азыр кудайга шугур апам аябай жакшы атам тем более золотой киши мени дайым котормолоп турушат . Бирок окунгон мезгилдер болот жамандык жакшылыктарды ата~ энемдин жанында болбой калганыма. Анын устуно кышында апамдын табы айнып калганда жете албай аябай окунгом анан эртеси эле куйом алып барып таштап келген жолдун алыстыгынан эле коркосун да. салтка келсек эки тарап келишип алышса болот биздикилер келишип оздору эле чечишип алышкан биз кийлигишкен эмеспиз.
#74 05 June 2014 - 09:01
Ар кимге тагдыр ар турдуу болот. Бирок бакыт бир эле жолу келет. Не только тундук же туштук ар кайсы улут. Бирок оз КЫРГЫЗЫБЫЗДЫН улутуна жетпейт
Кыргыздын уулу,
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#75 06 June 2014 - 21:52
VANCOUVER,
чара колдонууга мажбур кылбайсыз деген үмүттөмүн. Адепти сактайлы!
В каждой шутке есть доля правды...
#77 06 June 2014 - 23:25
Ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү. Теманы таза колдонолучу!
В каждой шутке есть доля правды...
#78 07 June 2014 - 11:13
биз жакка да Чуйдон келин болгон балдары уйлонуп жайланып небере корушуп жакшы жашашат.Жер башка нерсе ге карабаса керек ар ким жашап ысык суукка чыдашына жараша болот деп ойлойм
#80 07 June 2014 - 14:22
Мен тундуктон жолдошум туштуктон.Он жылдан бери бактылуу омур суруп келе жатабыз.Салттарында коп айырмачылыктар бар.Бишкекте жашайбыз айылга той топурга эле барбасак коп барбайбыз.Бирок барганда келиндик кызматымдын баарын аткарам башымдан жоолук тушпойт.Бара жатканда жашыл кок кийимдин баарын таштап кызыл тазыл болуп барам анткени жашыл кок траурный ондор болуп саналат.Тойлорго барганда кээ бир салттарына тандана берчу элем азыр конуп калдым.Бул билбейт деп кызга балага жене болгону чакырбайт эле сегиз жылдан кийин ал статусту да башымдан откордум.Себет жасаганды уйрондум.Аркалык дегенди далай эле кишиден уктум.Башында мен барганда зоопарк келгендей мени келип аркалык кандай экен деп коруп кетишчу эле ии озубузго эле окшош экен десе кулчу элем.Айтор Тундуктук келин деген кинодо менин жашоомдо далай окшоштуктар бар.Бирок мен омур бою калып жашайт элем деп айта албайт элем.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















