Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 148
  • 149
  • 150
  • 151
  • 152
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#2981 Пользователь офлайн   detektiv   14 Май 2014 - 01:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 651
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2015 10:53
  • Жынысы:Эркек

Салам айтып жалпыга
Келип калдым бугун да
Агалар создон териптир
Кош келипсин дешиптир
Атаандашын эскерип
Жоктоп да бугун кетиптир
Келсин эми акындар
Жоктотуп койуп жок болбой
Айылды шанга болошуп
Керемет создон тогушсун
Моокумдана биз окуп
Айтыштын айылында бололу
Кун отуп биз да бул жакка
Уйронушуп калгандай
Убакыт таап утурлай
Акындарды колдойлу
Айтыштын кызуу болгонун
Айталы жалпы элдерге
Алар да жон турбастыр
Чымындарын чыйдыра
Айтышсын баарын, болгонун

Билдирүүнү түзөткөн: detektiv: 14 Май 2014 - 01:09

Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2982 Пользователь офлайн   James0791   15 Май 2014 - 00:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 15:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Узун кыска өмүрдө, Басып жүрүп көчөдө, Саламдашып кайрадан, Мен катарга кошулам. Бүгүн гептин ачыгын, Мен ортого салайын, Айтыш ордо ачылса, Анык гептер айтылса, Сын пикирлер талашса, Менин сөзүм орчундуу, Канамесе баштасак, Силер угуп кебимди, Чындык нугун таштасак.

Мына жаштар алдыга, Ырдайбыз деп жанаша, Реп айтышып көчөдө, Аба толуп өпкөгө, Чылым алып оозуна, Ырдаймын деп мактана, Ары бери чайпалып, Акынмын деп жар салып, Бир балакай чыгыптыр, Өзөк атын билбеймин, Ыр дүйнөгө киргенин, Көп болбоду пенденин, Көөдөнүмдү муздаткан, Бул балапан геп айткан, «Көчө акын» ал имиш, Теңтай таппай келет миш, Айтар гебим мындайда, Не болду дейм жаштарга, Акынчылык көчөгө, Чыкпаса дейм талаага. Бул өнөрдүн теги бар, Бул өнөрдүн кенчи бар, Бул мурасты жаштарга, Реп болду деп бербейбиз, Акынчылык жаштарга, Жетсе деймин азыртан, Баары эле төкмөчү, Боло бербейт жашынан, Кантсе дагы бул өнөр, Көчө көрбөй көгөрөр, Анан калса жаштарды, Ыйманга биз тарталы, Адеп менен жашайлы, Алладан тилек кылалы, Бул жаш муундун сапарын, Азыртадан корголоп, Эл мурасын сактоого, Үндөйлү биз ортолоп. Акын болсо жакшы экен, Айтсын калпак астында, Саркеч болбой сахнада, Көчө кезип таңдарда, Чыксын калктын алдына, Жаштар көрүп аларды, Акындыкты баалашат, «көчө» эмес элдики, Деген ойдо калышат. Мен пендени соттобойм, Болгон ойдо онтолойм, Бул өнөрдүн кадырын, Жан бергиче корголойм, Анда сөздүн кезегин, Берем силер тарапка, Айтып туруп калыс ой, Жазгылачы форумга...




Билдирүүнү түзөткөн: James0791: 15 Май 2014 - 00:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2983 Пользователь офлайн   kaitpas   15 Май 2014 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Кире албай айтышка,
Иш көбөйүп жатыры...
Орус тууган бол-бол деп
Көп чарчатыватыры. ..
Илхом эмес жазууга
Убакыт болбой такыры..
Кечке иштеп тынымсыз
Жыгылбасам акыры....

Кана достор,туугандар
Баарын мында чакыры.
Ансыз деле өмүр аз
Суудай агыватыры.
Убакытт өткөрбөй
Кана ырдан катыры...

Тыры-пыры деп туруп
Бир аз ырдап кетейин.
Көңүлүмдө барыны
Достор тартуу этейин.
Каалаганым бир эле
Таланттарды такшалтуу
Ниетиме жетейин....

Нарын акем баш болуп,
Ликви акем каш болуп.
Демон, Дели, Хисторик
Кейжимандар жаш болуп.
Келе калса болмок да
Аргымак дос наш болуп.
Алдуу күчтүү акындар
Аллыңарга аш болуп.

Барс агайым бар эле,
Айткан сөзү дары эле.
Вайс агайым ар демде
Достугу бек жар эле.
Жека авам форумда
Чындык издеп зар эле.
УССР алп акын
Сөзмөөр, төкмө шар эле.
Бир кездерде ушундай
Алп акындар бар эле.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2984 Пользователь офлайн   kaitpas   15 Май 2014 - 02:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Эки акын куш келгин,
Акындарга туш келдин.
Ыр чубалтып таамайлап
Сөздөн күчтүү муш бергин.

Жаңы акын келди деп,
Жыйнап жатат элди деп.
Укканымда тура албай
Аттын башын бура албай
Ойлоп калдым мен чындап
Бул чакыруу белги деп....

Детектив деп аталып,
Орусчалап катталып.
Кыргызымдын сөздүгү
Калдыбы дос сакталып.
Же болбосо азыркы
Киргиздердин пейилинен
Барбы шиңгил жатталып.?
Асылсам ооо кечиргин
Жатканым жок мактанып.
Эне тилим эстеликке
Калбасын дейм сакталып.
Андан көрө эскисин
Пайдаланып бул жакта
Койсок калмак такталып...
Дос-душмандын алдында
Бийик тутуп башыбыз
Жүрмөкпүз да шаттанып...
Акын досум Детектив
Сындап койсом кечиргин
Жатат дебе жок жерден
Эл көзүнчө даттанып....

Экинчи дос Жеймс дейт,
Чайнабай эле жейбиз дейт.
Ангилисче түшүнбөйм
Жеймс деген кыргызча
Менимче ал Жейбизбек :)
Өнөрүң бар экенсиң,
Эмнеге Жеймс дегенсиң?
Суроо салсам кечиргин
Атагансың атыңды
Эмне үчүн Жеймс деп?

Туура түшүн эли-журт,
Жаңы келген акынга
Тийишмей бир адат бар.
Чымчыламай сөз атмай
Киришмей бир адат бар.
Илхомуну кытыктап
Тирешмей да адат бар.

Аман болгун эли-журт:
Эми үйгө кайтайын.
Ырым берсе реакция
Четте туруп байкайын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2985 Пользователь офлайн   James0791   15 Май 2014 - 22:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 15:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва


Билдирүүнү түзөткөн: James0791: 15 Май 2014 - 22:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2986 Пользователь офлайн   James0791   15 Май 2014 - 22:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 15:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Кайтпас ага кош кел дейм,
Салам айтып өзүңө,
Келген конок сый урмат,
Ар бир өнөр даңкталат.
байкап калып ысымды,
сынап кирдиң атымды,
Жеймс болгону псевдоним ,
Болот атым Жоомартбек,
Атың чыкса калбасын,
Өзүмдү мен мактабай,
Ысым жабып жашына,
Мен жүрөмүн Москвада.


Кайтпас ага сен түшүн,
инетте өзү ушундай,
ким Детектик ким Ликви,
Өзү билип жашамай,
Өнөрчүлүк турганда,
Геп куралы жанаша,
Сендей акын күлдүрсүн,
шиңгил тартып тамаша.
Эми тааныш болобуз,
Мен Жоомартмын сен Кайтпас,
Ысык аштан салып жеп,
Көңүл ачык, шайыр жаз.

деп Жеймс иниңер комузун колтуктап таңдай майлаптыр...




Билдирүүнү түзөткөн: James0791: 15 Май 2014 - 22:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2987 Пользователь офлайн   Narynbek   16 Май 2014 - 00:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Алп акын деп эскерип
Кайтпас иним келиптир
Оо анда кандай шаң эле
Тойлор болчу айылда
Айтыштар уюштуруп
Байгелер турчу башында
эми анын бири жок
Чаң басып айыл калыптыр
Айтыш калды суз болуп
Багында булбул сайрабай
Сөз бермети тизилбей
Калды көпкө үн чыкпай
Мына эми жоогазындай гүлдөтүп
Акындар калды баш багып
Уланат го деп ойлойм
Айтыштар мындан ары токтолбой
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2988 Пользователь офлайн   detektiv   16 Май 2014 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 651
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2015 10:53
  • Жынысы:Эркек

Ассаламу алейкум
Калайык калкым аманбы
Жашооңор өтүп жатабы
Өкүнгөндө пайда жок
Пешенеге жазганы
Аракетке берекет
Кудайым куру кылбастыр
Биздей момун жандарды

Айланып келип калдым мен
Кайтпас агама саламым
Тамашанын тайлагын
Ээн талада эрмектеп
Бизди сынап жатканы
Эске алып койгону
Маанайымды көтөрдү

Мен бир келген конокмун
Эзелки атымды айтмакмын
Бирок жашырып турайын
Детектив болмок ойум жок
Ойго келген ысымды
Жаза салдым ушинтип
Кыргызча деле жазмакмын
Замандын ушул өнүккөн
Өзгөрүү жолу экен го
Заман менен кошулуп
Агып жаткан убагым

Жакшылык күндү тилейли
Наарынбек агам айткандай
Булбулдун үнү угулган
Шаңдуу күн да келеттир
Колдоп коштоп турганда
Акындардын жамааты
Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2989 Пользователь офлайн   Narynbek   17 Май 2014 - 00:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

ассалому алейкум
Акындар аман жатабы?
Салам айттым жалпыга
Акын менен колдоочуларга
Детектив иним келиптир
Саламын ал бериптир
Алик алып коелу
Эски атын айтпайм дейт
Эзелки менен жашабай
бүгүнкү күнгө шүгүрлөр
Кайтпас иним кайдасың
Москөөнүн кайсы жеринде
Эмгектенип жатасың
Такыр эле жазбайсың
Аке-үкө болуп жүрчү элек
деги кабар албайсың
деп таарынчымды айтып калайын
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2990 Пользователь офлайн   detektiv   17 Май 2014 - 03:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 651
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2015 10:53
  • Жынысы:Эркек

Эээй дагы келдим темселеп
Жаман көрбө туугандар
Күндө бир маал кирбесем
Кардым тойбой калгансып
Уйкум келбейт эч эле

Кыйратып деле жазбаймын
Сөздөрүм калат окшобой
Ошентсе да тууганым
Айтайын ойду окшотуп
Анча мынча жерлерин
Окуп кой тууган коз жумбай

Бу акын деген улуу зат
Кудайым берген энчилеп
Элинин болот баласы
Кызматы тийет той ашта
Жакшылыкты жар салып
Жамандыгын бекитип
Күч кубат берет элине

Мына ошондой туугандар
Мында келип карагын
Акындарды баалагын
Кубаттап тургун ар дайым
Кубаты болсо акындын
Ала тоодон үн салат
Ааламга жете добушу
Данктап турат эл журтту
Жарыялап ааламга

Ааламдан алыс айтайын
Баркымды бир аз бастайын
Бу Суперстан ичинде
Жетпей калбасын добушум
Анткени...
Далайлар өткөн Суперде
Такшалып тайдай бу жерде
Талантын ачып Суперде
Таанымал болгон бу жерде
Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2991 Пользователь офлайн   kaitpas   18 Май 2014 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Эээй...
Эсен-аманбы эли-журт
Тынчтыгыңар сурайын.
Эч болбосун элимде,
Кайгы-капа, муңайым.
Болор-болбос нерсеге
Тартпагыла убайым.
Жакшылыктын баарысын
Насип этсин кудайым!
Эки дүйнө бактылуу
Болгулачы ылайым.

Эээээй....
Көргөнүбүз көрүшкөн,
Көргөндөр көңүл бөлүшкөн.
Акырын айтып ак сөздөн,
Ырдайлы төкмө төгүштөн.
Арада болсо ачуу сөз
Чыдабай кетип чындыкка
Болбойлу анан сөгүшкөн.

Эээээй...
Таарынып менден калгандай,
Издөөгө мени салгандай...
Нарынбек акем кандайсыз?
Айтышаар алдуу балбандай...
Жоктопсуз рахмат жүрөмүн,
Таалыган алсыз дармандай...
Маскөөгө калдым байланып,
Айыптуу болгон каармандай. ..
Жөнөтөм үйгө тапканым
Ата-энеме жардамдай.
Иши кылса иштеймин
Акча берген жер болсоле
"посредник" ке алданбай.

Өзүңүз кайда жүрөсүз
Кай жерде өмүр сүрөсүз?
Кыйналган болсоңуз керек,
Маскөөдө үй-бүлөсүз.. .
Жеңемди таштап айылга
Наристе менен күнөөсүз,
Жылмайган кээ бир сулууга
Менимче сиз да күлөсүз :)
Же болбосо кыяматка
Жеңемди катуу сүйөсүз.
Сагыныч менен кусаны
Билдире койбой тиштенип
Ичиңизге үйөсүз...
Ошонусу жакшыраак
Алдаса жолдон ак шыйрак.
Оо дүйнөгө барганда
Кыянат кылган болсоңуз.
Алоолоп отко күйөсүз...

Ээээй...
Жеймс иним төгүптүр,
Сыныма бир аз чөгүптүр.
Байкалып турат ырынан
Айтылган сөздүн кырынан
Ар кимдин өз каалоосу деп
Кыбырып ичтен сөгүптүр..
Билинип турат сөзүнөн
Кечирим сурайм өзүнөн.
Кыргызча болсо жакшы деп
Айтканым жаман көрүптүр.
Достугум кылып ырдасам
"серезный" көңүл бөлүптүр.
Билесин да ардагым
Жаман ойго барбагын
Сөз келгенде айтпаса
Сөз атасы өлүптүр.
Мурдатан эле жөн калбай
Чындыкты айтып жүзүнө
Кайтпаскең жаман көнүптүр.

Эээээ....
Эски атын жашырып,
Айылга карай шашылып.
Детектив иним ырдаптыр
Жаңы бир никке жашынып.
Бетине чүмбөт таккандай
Мени менен мында машыгып.
Ким экен Шерлок болсомбу
Кызыктым мен да ашыгып.

Туура көр ырым Детектив,
Айтпаймын сөздү себепсиз
Сындаган болсом ашыкча
Ырдадың дебе кезексиз.
Кыргыздын сөзү түгөнсө
Айла жок да акыры
Аңдабай калып жагын
Кечиргин сөөмөй кезеппиз.:(
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2992 Пользователь офлайн   Narynbek   19 Май 2014 - 23:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Оо Кайтпасым Кайтпасым
Көрүп сени кубандым
Сурап өзүм таппасам
Жазбачудай бул баатыр
Өзүмдөн айтсам азыр
Сен жүргөн эле жердемин
Жакында эле келгенмин
Өзүң жакшы билгендей
Жеңеңди айылга таштап келгенмин
Кызым чыгып бир жашка
Басамын деп убара
Балдарды карап жеңекең
Үйдө калды айла жок
Башкага көз салбаймын
ыймандан бар сабагым
Көрүнгөн кызга көз кыспай
а көрөкчө 2 ..................
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2993 Пользователь офлайн   James0791   21 Май 2014 - 00:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 15:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Кайтпас ага салам деп,
Жооп жазамын сизге геп,
Чындык сөздө таза нук,
Чынчыл келем тунуктук,
Айткан сөзгө таарынбай,
Жаман сөз деп чалынбай,
Сын-пикирге мен көнгөм,
Китеп жазып жашоодо,
Бул да болсо сыноого,
Сын-пикирдин сыйы бар,
Ар бир сөздүн орду бар,
Жаза бериң тартынбай,
Талашпаймын тааарынбай,
Урмат-сыйды биз сактап,
Таза сөздү намыстап,
Өнөр болго айтышты,
улантабыз оргуштап,
Келекелеп сиз болсо,
Кенен жайып канатты,
Сөз башында болуңуз,
Кайтпас деген алымды,
Эл оозуна толуңуз,
Жигит болуп биз дагы,
Жанаша болуп басалы,
Тилдин чаңын чыгарып,
Узун саптар жазалы,
Ушул сөзүм калыстыр,
Таарынычтар алыстыр...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2994 Пользователь офлайн   mega777   21 Май 2014 - 01:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Мырзалар сак,аманбы,
Мега айтат саламды.
Мемирей түшкөн "кичи үй"
Жанданып бир аз калганбы.
Кайтпас Мырза келген соң
Кыдыра салам берген соң,
Кубаныч кирип айтышка
Табылып илхом жоголгон.
Туш туштан чыгып чогулуп,
Токмолор дагы топтолгон.
Жогору жактан байкасам,
Тийише чымчып бир бирин,
Тамашага салышкан
Тентуш го деп ойлоном.
Карап корсом баарыбыз
Чет жерде журот экенбиз
Тиргиликтин айынан,
Мекенден четтеп кеткенбиз.
Баарыбызда бир максат,
Баары бир уйго кетебиз.
Буйруса жаркып бешене,
Бакытка тунуп бир куну,
Боордош жерге жетебиз.
Силердей Мырза турганда,
Мекендеги кризиспи,
Оңой эле жеңебиз!Сүрөт







  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2995 Пользователь офлайн   mega777   21 Май 2014 - 02:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Нарынбек Мырза кайтыңыз,
Апититти тартыңыз.
Экини тилеп элирбей,
Биринчисин багыңыз.
Өмүрүн берсе кызыңыз,
Көктөп турган шагыңыз,
Күч коротпой бекерге,
Ээлеп калаар Тагыңыз,
"Жогору жакка"" кат"жолдоп,
Эми эркек бала табыңыз.
Арасат болгон курусун,
Алдагы көп чекиттин ордуна,
Эми бир эле чооң точка коюп салыңызСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2996 Пользователь офлайн   detektiv   21 Май 2014 - 02:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 651
  • Катталган: 07 Май 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2015 10:53
  • Жынысы:Эркек

Саламым айтып мен бүгүн
Сагынып келдим айтышты
Саламатын сураган
Акындарым аманбы?
Кайтпас агам айламды
Кетирбесе болгону
Шорлок болуп шыпылдап
Ким экенимди аныктап
Таң калбаса болгону
Айтышта болот барысы
Ачуусу да таттуусу
Сабырдуу болуп сындарга
Түшүнүшсөк болгону

Мега эжем келиптир
Саламын бизге бериптир
Айтыштын көркүн чыгарган
Алик айтам эжеге

Мега эже кандайсыз
Сөздөрдү укмуш тандайсыз
Ба бердим сизге эжеке
Бар болуңуз ар дайым
Сынактын болуп мыктысы
Кубанттыңыз башкысы
Жеңишиңиз кут болсун!
Жетиңиз дагы далайга.
Жөн эле келип өмүргө, жөн эле өтүп кетпейли!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2997 Пользователь офлайн   nooken.kg   21 Май 2014 - 03:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 682
  • Катталган: 22 Июнь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ноокен району. ТАШТАК айылы.

Башым ийип сиздерге,
Салам айтып мен келдим.

Оюма келген нерсени,
Жазайын деп мен чечтим.

Анда эмесе акелер,
кичине жаза кетейин.

Озум болом Ноокенден,
Кен-пейил Кыргыз жеринен.

Атым болсо Майрамбек,
Акылым дале тололек

Эл катары алыста,
Иштеп журом бул тапта.

Форумга довно катталгам,
Активист болдум жакында.

Жазганынарды мен окуп,
жазып жатамынбы окшотуп?

Жазгандарын бирида,
окшобоптур десенер.

жазганды абдан уйронуп,
сиздерге секин жетейин.

Жазгандырам сиз окуп,
Талдап-чайнап койсонуз.

Оюнузду сиз жазбай
Кайдыгер мага болбонуз.

Талантым жок билемин,
соз байлыгым аз деймин.

Сиздерден таалим мен алып,
Акын болуп кетейин.

Жазгандарым сиздерге,
Такыр эле жакпаса.

Ачык эле айткыла,
Жазба дениз бул жакка.

Билдирүүнү түзөткөн: nooken.kg: 21 Май 2014 - 03:29

Кудай буйруса АТА болом!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2998 Пользователь офлайн   James0791   21 Май 2014 - 17:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 11 Февраль 13
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 15:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Айтыш кызып ордодо,
Салам таштап ортого,
Келип калды Мега эже,
Колдоп кирди Детектив,
Кол чабалы шаңдуу биз,
Жаңы келген Майрамбек,
Тартынатко кайран геп,
Айтар сөзүм оңой геп,
Айтыш өнөр бул жакшы,
Бөлбөйт кары-жаштарды,
Үзүк-үзүк сен кылбай,
Жаза бергин узун сап,
Кулак салып дилиңе,
Төгө бергин ээринбе,
Айтыш менен жанаша,
Жүрө бергин бул жерде,
Кайтпас агаң баш болуп,
Нарынбек аваң төш болуп,
Булбул болгон Мегажең,
Туран колдоп теңме-тең,
Айтыш ордо кызысын,
Сын-пикирлер айтылсын,
Сөздүн көркү чебердик,
Таңдай-тилге эрк бердик,
Ала-Тоодон таңшыган,
Жейрен сымал машыгам,
Ойлоп туруп мен сүйлоп,
Башкаларды мен баалайм,
Элдин сүрү турганда,
Сөз беремин аларга,
Кезек менен жазышып,
Жүрөлү бул форумда...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2999 Пользователь офлайн   Narynbek   23 Май 2014 - 23:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

[quote name='mega777' date='20 Май 2014 - 23:00' timestamp='1400616026' post='1722248' ]
Нарынбек Мырза кайтыңыз,
Апититти тартыңыз.
Экини тилеп элирбей,
Биринчисин багыңыз.
Өмүрүн берсе кызыңыз,
Көктөп турган шагыңыз,
Күч коротпой бекерге,
Ээлеп калаар Тагыңыз,
"Жогору жакка"" кат"жолдоп,
Эми эркек бала табыңыз.
Арасат болгон курусун,
Алдагы көп чекиттин ордуна,
Эми бир эле чооң точка коюп салыңызСүрөт
[/ quote]
Биринчи салам айтайын
Анан жоопту баштайын
Кайтпаска жооп бердим
Тамаша чынга аралаш
Көрүнгөн кызга көз кыспай
Экинчи катын алам деп
Кудайга шүгүр карындаш
Эки уул үч кыздын
Атасымын ардактуу
Москвада жашоону
Барыбыз жакшы эле билебиз
Эки-экиден жупташып
дароо эле алышат
Никеси барбы же жокпу
Бир Кудай билет аныда
Ошолорду көрүп айтканым
Никеси жок болгон соң
Арам болот тапканы
жеген ичкен жатканы
Ошондон көрө дегеним
мыйзамсыз болсо да
Никелеп алсын демекмин
Кеп козгодук ушунча
Мына тема айтышка.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3000 Пользователь офлайн   mega777   27 Май 2014 - 23:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Детектив Мырза аманмын,
Кабыл алдым саламын.
Сынагым келген озумду
сынакка таштап кадамым
акылы тунук адамдар
кубаттап баалап жазганым
биринчи орун буйруптур
маарага жетип барганым
Эл ичи онор кенчи экен
катылуу жаткан талантты
сынакта ушул бааладым.
билбей жургон экенмин,
комуско жаткан талантты,
онорун салып ортого,
коодондорду тазартты
тынч жургон кээ бир жаштар да
кутпогон элес жаратты.
Токтогул,Барпы тирилээр
асырап алсак талантты
Кыргызды кыйыр таанытар,
Колдоп жолоп учурсак
Бапестеп жаш канатты.
Куттуктоого рахмат
жакшы созго курган жан
кубанып да кетесин,
ашыкча мактап жибербе.
кагылайын Детектив.
Мега эженде конул бош,
Эреркеп ыйлап бербесин,
же кокуй алды алдынан кармап кал,
асмандап учуп кетпесинСүрөт.


Кылчак кылчак айланып,
Айтышка кирбей жургонум,
Жанагы чакырбаган коноктой,
Жайдын куну асылган,
Грипп дегенден жудодум.
Анан дагы уйдогу,
аты жок деген жумуш бар,
ошодон бошой албай жургомун.
Ал ортодо бул жака,
Ноокендик Мырза келиптир,
Маалкатып отурбай,
маселени кабыргадан бериптир,
Кошсон кош дейт болбосо,
Ташкындаган талантын
Туйунчокко туйдуруп
Таптырбай кетемин дептир.
Кагылайын Ноокентай,
Атамдан калган жай эмес.
Мен биякты ээлеп алгандай.
Козум торт башым экоо эмес,
Жазба деп тыюу салгандай.
Айылга корк кошпойбу,
кайра келип кошулса,
Сага окшогон балакай!
Суроп колдоп турабыз,
Тиги Жеймис Мырзадай.

Канчалык узак созсом да,
Кеп учугу жетти окшойт.
Абайлап баспай аптыккан,
Менден бир собака кетти окшойт.
Аялдык ойго багынып,
Агама сынды жаадырып,
Билбестик кылып шашылып,
Чычалап "токол" деп угуп,
Женеме талам талашып,
Капа кылган окшоймун,
Нарынбектей байкеми,
Акылдуу болуп озумчо
Тамаша чынга жарашып.
Суроттун коруп агамдын,
Сулкулдоп турса караанын,
Божомолдон урдуруп,
Токтоло эле тентектей
Бозойбу деп санадым,
Бир эмес опший эркекке,
Экинчи катын энсеген,
Элестеп айтып салганым.
Кагылайын агатай,
Омурлуу болсун балдарын,
Мээримдуу болсун алганын
Козунун майынын туготуп.
Курутпай байкуш женемди,
Неге апкелип албадын?
Москвачылык деген шылтоону,
угуп калган жайым бар,
Ар кимде болот оз башы,
Ар турдуу тумон адам бар.
Бироосу корксо кудайдан,
Бироосу кыйшык арамдар.
Алданып сыздап отурат,
Азгырып арбап айрымдар.
Кыныр иш бир кун билинет,
адам болуп келген сон,
Адам бойдон калган он.
















Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 28 Май 2014 - 00:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 148
  • 149
  • 150
  • 151
  • 152
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 28 Авг 2025 02:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: