Тундун коюу карангылы тарап жерге жарык тушо баштады. Жарыктын кириши менен уясынан бырп учкан канаттуулар чыркылдап ары бери учуп. Тан менен кошо ырыскысын издеп жарышка чыгышты. Жаны чабылган сапсары анызда уйур уйур жылкылар агытылган аттар субай уйлар шашпай оттоп жайылып журот. Бул тегеректе дал ушул мал жандыктан башка адамзаты ойгоно элэк болчу. Аныздын четиндеги добонун бооруна кандайдыр бир машина келип токтоду. Ичинен сомодой болгон эки жигит чуркап чыгып арткы жук салгычын пятый да„ башына кап оролгон бироону сууруп чыгышты. Ымтырабай болгула жерге жарык кирип баратат деп зекиди алардан кийин машинадан тушкон киши тигил экоону. Ансыз деле дункулдап шашып жургон эки жигит каптагы адамды тыбырап туйлаганына карабай дыркырата суйроп жоношту. Добонун бир капталы ак чополуу жарча боло турган. Бул айылдын кыш куюп„ шыбак шыбаганга топуракты ушул дободон алышчу. Калган жердин топурагы кара келип курулушка жарачу эмэс. Натыйжада добонун бир башы анырая казылып, ар кай жерине колкулдоп суу толуп, кее бир качанкы казылгандарын бийик оскон куурай,коко тикен басып жаткан. Эки жигит жанакы бечараны туз элэ ошондой оюктун бирине дыркыратып суйроп барышты. Учунчусу болсо алардын артынан эки курокту суйроп ээрчип келатты. Теетигил чункурга алып баргыла,-деди ал берки экооно жарчанын дал тубундогу чункурду жансай коргозуп. Тигилер буйрукту кынк этпестен аткарышты. Эки колтуктан кармап дырылдата суйрогон бойдон айтылган чункурдун жеегине алып келип,тизелете чогорушту. Чеч башындагыны!
Колундагы курокторду нары жака таштап, курмосунун ички чонтогунон тапанчасын сууруп чыгып ынгайлай кармады. Тигилер жерде олтурган неменин башындагы капты ары бери чечип жиберишти. Бечаранын бети башы канталап, коздору шишип чыгыптыр. Кыязы бир кыйла тепкилешкен корунот. Кыйкыра берип айгак болбосун дешкенби, оозунада тоголоктошкон чупурок.тыгып салышкан. Байкуш кимдердин колуна тушуп,кайда келгенин болжоп келген окшобойбу, умуту узулгон эмэдей тизесине тик отуруп, козун жумуп туптуз туруп берди.
Дудук детектив
#2 15 May 2014 - 00:24
Урматтуу аким урматтуу форумчулар мен алгач ирет тема ачып олтурам катасы болсо тууралап окуп койосуздар деген ойдомун себеби телден жазып жатам. Теманы 2 кундо аягына чыгам куто турунуздар
#3 15 May 2014 - 01:50
Чыгарма озунузго таандыкбы, авторун жаза кетсениз!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 15 May 2014 - 08:58
Жок чыгарма жеке менин калемиме таандык эмэс автору Насипбек Асанбеков курч окуялуу жаны дедектив экен окуп калган жайым бар элэ. Сиздер менен тен болушууну туура кордум окуп койосуздар деген ойдомун
#5 15 May 2014 - 23:12
Айтканды укпадын Жеки, оз убалын озуно деди да жанакы орондогон неме тапанчасын тигинин так элэ чекесине такады. Тырс эткен туюк ун чыкты артынан. Тапанчанын оозуна буралган ун каткыч добушту думуктуруп жутуп койду. Тизелеп отурган шордуунун башы артты коздой шылк дей тушуп, денеси менен кошо ооп барып казылган чункурга кирип кетти. Ылдамыраак тиги топодон оморуп комуп салгыла!- деди тапанча кармаган киши эки жигитке . Болгула эл тура элэкте бул жерден жок бололу. Эки жигит жерде жаткан курокторду ала коюп, чункурду коздой андын боорундагы бош топурактан оморуп киришти. Бир заматта айлананы чан каптап бырпырап жатып калды. Туй иттики ушинтип чандай берет эми. Силер комуп койуп келгилечи мен бара берейин. Тапанчасын кайра бооруна катып, кылган ишине маашыр болгондой кынылдап ырдап машинаны коздой басты. Бирок анын кынылдаганы копко созулган жок. Машинасын айлана басып оттоп чыга келген койлорду коруп журогу оозуна кептеле тушту. Бул маалда бул жерде кайдагы койлор ушул суроо анын журогун элэп- желеп кылып жиберди. Жанындагы бийик оскон куурайга жашына калып, колуна тийген таш- паш менен тигил экоону уруп озуно чакырды. Иштин кызуусуна кирип калган немелер анын таш ыргытып чакырып жатканын бир топко барып байкады. Токтоткула!
Жашынгыла!
- деп жансады экооно тигилер ишин дароо токтотуп, жанындагы элэ чункурга кире калышты. Койлордун артынан чыкчуу койчуну кутуп, эки жагын аландай карап отурду. Кайда жоголду буларды ? коруп качып кетпеди болду бекен? Саат баскыр тан атпай ким ойлоптур кой жайып келет деп. Ичинен кайра - кайра согунуп айланасын карай берди. Мындайда бир дагы кубо калтырууга болбойт. Бир элэ айгак чыгып калса эртен жайып чыгышы мумкун. Мунун корккону элэ ушул. Эки жагын андып карап алдыга жылды. Энкейип жоргологон бойдон машинага жетти. Бирок,ичине отурган жок. Машинанын далдоосуна отуп ангектин айланасын карай баштады. Тигине ангектин аркы кырында жудоо кийинген ап - арык бала бийик оскон чийлерге жашынып ангектин ичиндеги экоону карап жатыптыр.
#6 16 May 2014 - 19:58
Кандай кылсам деп ойлоно калды берки. Бул аралыктан тапанча менен атуу мумкун эмэс. Же кубалап корсом жете алар бекем. Жок бул чымылдаган эмэ оной жеткире койбос. Андан коро донду айланып барып артынан чыгып коройун. Ушул чеминин туура корду да баланы коздой чийлерди аралап бокчондоп жоноду. Бирок ойлогон ою дагы ишке ашпай калды. Кашайгансып жайылып жургон койлор мындан уркуп дур бере калды элэ, койлоруна бурулган бала муну байкап калды. Берки да баладан козун албай турган. Экоо бир мезгилде жашынган жерлеринен ыргып турушту. Бала шарт элэ бурулуп ангектин наркы тушун дагы коктуга кирип кетти. Мындайда турмак беле, берки да артынан жоноду. Бирок, денеси оор тартып калган неме куулонгучо бала бир топ узай тушуптур. Тируулой жетпесине козу жеткен неме отура калып тапанчасын баланы коздой сунуп машасын басып- басып жиберди. Бирок опкосу кобо тушкон окшойт,огу балага жакындаган да жок. Артына шарт бурулуп ангектин ичиндеги экооно кыйкырды. Нурик, айылды коздой кетти. Тезирек артынан чурка! Олсонда калба артынан!А сен курокторду алып чон жолго чыга бер. Озу болсо култулдой чуркап машинасына отурду да донду айланып откон топо жол менен чон жолду коздой чан ызгытып жоноду. Баланы айылга жеткирбей кармаш керек! Ушул ой меесинде кайталана берди. Чаны сапырылган жолду буркурата тебелеп анды- донду карабай уруп баратты. Талаа суугарган арыктардан тим элэ донголоктору жулунуп кетчудой дункулдоп отуруп, бат элэ айылды коздой кеткен чон жолго чыкты. Кудай эми жеткире кор! Эми жеткире кор- деп ичинен. Кудайлап алып, газды окурто басып зуулдатып жоноду. Бала качып бараткан бир таман жол айылды коздой ылдыйыш болгону менен,дондун артынан айланган чон жол кыйла элэ ор болуп калат экен. Аллындагысы жакшы куулоно албай озондоп окуруп баратты. Тигине эрбендеген бала сары талаа менен айылды карай чымылдап баратат. Артында Нуриги, узун буттарын кере- кере шилтеп ал дагы куулонуп алган.
#7 19 May 2014 - 21:04
Качканда кудай дейт кууганда кудай дейт деген ушу тура. Алдыда эч айыбы жок чымындай жаны чыркыраган бала, артта канча адамдын башын жеп кангатойбогон карышкырдай кумсарган эки желмогуз. Эзеели келишпес ак менен кара, чындык кара озгойлук бул жолу ушул учоонун келбетине кирип кашкойлоно жол талашып баратты. Бирде - бири бир кадамын туура эмес таштап, же бир коз ирмем жолунан жаза тайып адашып калса, тагдырдын таразасы дароо атаандашына оой турган кыл чайнашкан учур. Чымындай жанын ала качкан бала, сай кулуктой кадамы тик сайылган узун бут жана ор тарткан жолдон куулонуп куулоно албай куркуроп, албууттанып келеткан машина.
Бала болуп башына тук чыкканы кыштагы козуно мынчалык ысык корунгон эмэс чыгаар. Жаак ылдый салаа - саалаа жаш кетип, анды- донду карабай чуркап баратты. Шордуу жаралгандан элэ уну чыкпаган дудук элэ. Болбосо эчак элэ айгай салып, жер жаныртып кыйкырып жоносо жанын арачалап калмака алдынан бироо жарым чыгаар беле. Аттин десен ... Адамдын караанын ушунча зар болгон жок элэ буга чейин. Тескерисинче алардан жаа бою качып, жалгыздап басканды каалап жашачу эмэс беле. Эс тартканы адам уулунан конулу калып. Эч бироонон жылуу соз кутпой жетилип келатты элэ. Бугунминтип бир караандай каранга зар болуп келаттканын карачы. Жан таттуу деген ушул тура атаганат.
Кыштактын четки тамдарына жетерине да аз калды. Арттагы дупулдогон дабыш болсо уламдан улам жакындап келетат. Озу уч аттаган жерди бир эл аттап келеткансыйт тим элэ. Бирок,аны бурулуп караганга чамасы да келген жок. Ангыча он жак капталынан таш жолдун чанын бурулдата сапырып келаткан машинаны коргондо бечеранын кымындай журогу дагы бир жолу солк этип, козу карангылай тушту. Бирок, тубаса кок беттигин карматып, куусунон жазбай айылын коздой туп- туз келе берди.

#8 19 May 2014 - 21:45
Кыштактын эн четки кочосуно бурула береер жерге машина менен чогуу элэ жетти байкуш бала. Алдына куу менен келип жолун торой токтогон машинадан жанакы буурул чач адам ыргып элэ чыкты. Бирок балада туруп калган жок. Шып этип буйтай бурулуп машинанын артынан айланы кетти. Жанагы адам жакшы элэ кол сермеп келип кармады бирок, самсаалап айрылайын деп турган чаар беш мантынын кармаган жери элэ колунда калып, бала суурулуп чыгып кетти. Озу болсо машинага бир капталы менен урунуп алып куусун кармана албай жыгылып калды. Ушул учурда буларга Нурик да жете келди. Торт аяктап тура албай аткан неменин устунон тартактап секирип отуп баланын артынан салды ал. Анткени менен жолду торой токтогон машинаны айланып отуу аны да куусунон тайдырып жиберди. Машина менен эн четки бакчанын тосмосунун ортосундагы тар кычыктан эптэп кыпчылып чыгып, жаны элэ баланын артынан кууп жономок болгондо, алдындагы чыпылдаган неме шарт бурулуп биринчи элэ тамга кире кетти. Ушул жерден Нуриктин шаабайы сууй тушту. Талпандап барып токтоп, эмне кылсам дегендей артына бурулса,артында шефи да озуно окшоп бала кирип кеткен уйдун короосун аландай карап туруптур.
Иттики! Иттики! Иттики!- деп жер тепкилеп ордунан айланып кетти бир маалда ал. Эмне кылаарын билбей башын мыкчып жерге отура калды. Башындагы маскасын жулуп алып, чачын тутамдап кармап тартып- тартып жиберди. Анан ошол бурушкон калыбында бир аз отурган сон ордунан шарт туруп машинасын коздой жоноду, эмне кылаарын билбей айласы кеткен Нуриги шумуройо артынан жоноду. Ал башынан элэ шефинин айтканын кынк этпей аткарып,андан буйрук болмоюн бир кадам таштабай уйронгон болчу. Шефи аны отко айдасада тайманбай кирип кеткенчелик жанкечти неме элэ. Бул жолу дагы ал << баланы кайдан болсо да таап кел деп>> буюратго деп кутуп турган. Бирок андай болгон жок. Эмне кылаарын билбей ээсин куткон иттей шылкыя артынан ээрчип машинага дери келди. Берки машинасын айлана басып рулга отуруп от алдырды да сыртта турган немени карап: Отурбайсынбы! - деп кунк этти. Тезиреек бул жерден жоголбосок, азыр айылдын эли ойгоно баштайт,- деди бир маалда шеф рулга колу карышкан бойдон артка айдап баратып.

#9 19 May 2014 - 22:33
Мен бул дудукту тааныйм деди бир маалда.- Бир эки кундун ичинде козун тазалап салышыбыз керее. Ага чейин бул бироого айта койоруна деле козум жетпейт. Бирок,бир кун,ашып кетсе эки кундон ашырбашыбвз керек,Нурик тушундунбу ?: Ушул жерден анын каны кайнап кеткендей болду рулду эки колу менен ургулап жиберди. Тушундум деди - Нурик кыска гана. Булардын артында элэ эки курокту которуп дункулдай чуркап Баха келаткан болчу. Шеф анын жанына токтой калып машинага отургузду дагы,айылды жандай откон чон жолго салып зымыраган бойдон жоноп кетишти.
Биринчи уйдун дарбазасынын астынан сойлоп ото калып,короосун айланып наркы уйдун чарбасын коздой жоноду. Эки кошунанын ортосу тикенек зым менен тосулуу болчу. Колун ченебей тыттырып алганына карабай зымдын ортосунан отуп наркы кошунанын чопканасына кирип кетти. Кышкыга даярдалып жаны элэ жыйылган чоптун бир бурчу уядай оюк экен. Кыязы иттер кирип жаткан тешик окшойт култ этип кирип кетти да, оз оозун озу эки колдоп басып бурушуп отуруп калды. Байкуштун коркконунан эки козу аландап, колу- буту токтобой титиреп жатты. Бир заматтын ортосунда башынан откон окуя коз алдынан эч кетпей кайра- кайра тартыла берди. Чункурда чала комулуп жаткан киши, топуратып топо ыргытып аткан эки узун адам, анан акыркы аз жерден кармап ала жаздаган буурул чач киши. Айрыкча ошонун элэси келгенде тим элэ журогу атылып кетчудой дукулдойт. Коркконунан козун,жумуп, буттарын ого бетер буруштуро кымтыды. Бирок коркунучтуу элэстер анын козун жумганына да караган жок. Баланын такыр айласы кетти. Кудум бироо келип кармап кетчудой бурушуп , жыйылган чоптун тупкурун коздой тыгыла берди. Баары катып калгансып айлана мемиреп элэ калды. Ушинтип канча отурганын ким билсин, бир маалда кимдир бироонун озу отурган жакты коздой келеткан кадамын сезди. Бала добушту укпаганы менен,жакындап келеткан кадамдарды кадимкидей ажырата билчу. Ал тургай чон кишинин кадамы менен жаш баланын кадамын да даана ажырата алчу. Адамдын басканы ага жер аркылуу сезилер элэ. Азыр дагы ошол сезими менен туйду. Кимдир бироо шашпай жакындап келатты. Байкуштун журогу ого бетер алып учуп оз оозун озу карыштыра басып, тырышып отурду. Бирок,шырп алдырбашка аракет кылды. Кадам ушунчалык жакын жерде жургондуктон, ордунан тура качканда деле анча алыс узай алмак эмэс. Андан коро ушул жерде отурганы сагыраак болорун ойлоду. Бир маалда тиги кадам кайра узап кеткендей болду. Баланын козуно жанагы буурул чач адам тартылды. Балким ал муну издеп дагы деле айланып жургондур. Акырын башын чыгарып шыкаалап коргусу келди . Бирок бутун кыймылдатса чоп- чар шылдырттап, тигил сезип калаарын ойлоп кайра шук отуруп калды. Ичинен убакыттын тезиреек отушун гана тилеп козун жумуп отура берди.

#10 23 May 2014 - 19:16
Ушул убакта анын так элэ тубуно дагы бироолор тапырап чуркап келди. Ал ушунчалык жакын келгендиктен баланын козу умачтай ачылып, коздору аландап кетти. Байкуш, эгер уну чыкканда бакырып жибериши да мумкун болчу. Бирок ун чыгаруу деген нерсе ага дегеле буйруган эмэс элэ. Коздорун аландаткан бойдон чоптун теренине ого бетер тыгылып, тырышып отуруп калды. Жанагы келген неме болсо озу отурган жердин так элэ тубуно туруп алды. Дудуктун козуно жанагы тапанча кармаган киши кайра элэстеди. Ал азыр мунун чыгышын кутуп чоптун тубундо турат окшойт. Ангыча нарытан дагы бироо шашпай басып келди элэ тиги биринчи келген дабыш дункулдоп,бир башкача басып чоптун артын коздой кетти. Бала ошондо байкады бул адамдын дабышы эмэс экенин. Биринчиси, торпок,экинчиси уй саап жургон аял деп баамдады акыры. Ошондо гана журогунун лакылдаганы бир пз басандап, денесинин тырышканы жазылгандай болду. Дагы бир аз отурган сон акырын башын чыгарып эки жагын карады. Корсо уй саар маал болуп, аялдар, анча- мынча эртэ турган эркек кишилер пайда болуп калыптыр. Баары бутту дегенсип тее чыгыштан жаркылдай чыга келген кун тоо башынан которулуп калыптыр. Акырын уймоктун тубунон чыгып,короонун арты арты менен кочону коздой басты. Бул айылдын эли короолорду жол жеектете зым менен тордоп тосуп туруп, торду туптой жыш тал отургузуп салышчу. Бала жашынган уйдун ээси дагы жыш тал отургузган экен. Ошол талдарды аралап отуп, башын чыгарып кочону карады. Жанагы озун кууган машина корунбойт. Анда- санда сааны буткон аялдар уйларын кочого агыта баштаптыр. Аларды коруп бир аз демине дем кошула тушту да, зымдардын арасынан этияттык менен отуп кочого чыкты. Бирок,ошондо да кочонун ортосу менен баса алган жок. Аландап эки жагын каранган бойдон короолорду тал- теректерди туптой уйун коздой жоноду. Бир маалда эсине кароосуз калган койлору келди. Эми атасына койлорду эмнеге таштаганын кантип тушундуром деген ой меесин жей баштады. Чын элэ бул атасы менен дагы, апасы менен дагы жарытып суйлошо алчу эмэс. Деги бул уйдон эч ким анын тилин тушунчу эмэс. Ага болгону койду коргозуп << койго бар>>, уйду коргозуп<<
уйга бар>> дегенди билишчу. Же болбосо ага- инилери аны артынан айдап алып тезек ташытып, отун ташытып, кар ташытып иштетишеер элэ. Кыскасы торолгондо элэ тубаса дудук тушкон немени уйундогулор кул катары гана пайдаланышчу.
Озунун азан чакырылып койулган аты очуп<< дудук>> болуп кийин кой айдаган конгуроону колунан, тушурбой которуп жургондуктон<
< шынгырак дудук>> аталып калган. Бечара колунда шынгырагы жок болсо кой айдаганга да жарачу эмэс. Ошондон улам атасы ага тапкычтык менен конгуроо жасап берип койгон. Баласына эн чон жардамы ошол болду анын. Ошону менен жаз- куз койдун отоосун ушул шынгырак дудук алчу. Тан атпай баланы ойготуп, колуна бир шише айран, бир тегерек нан карматышчу да малын алдына салып талаага кетирип ийушчу. Башында кичинекей неме ойноп кетип, же койлорун таштап уйго эртэ келе калып журуп бир нече жолу айоосуз токмок жеди.
#11 23 May 2014 - 20:23
Андайда атасы аны чон кишини сабагандай кызыл камчыга алып сабачу. Эч ким,ал тургай тууп остургон апасы да болушчу эмэс. Ошентип журуп байкушту кой артынан калбаганга уйротушту. А кийин болсо шынгырак дудук жерге жарык кире элэкте туруп, малын короодон чыгарып кеткенге конду. Апа соройу кундуз кечке жей турган наны менен айранын жатаарда элэ даярдап, бир баштыка салып босого жакка коюп койор элэ. Андан башка уулунун камын коруу, эс алдыруу, эркелетуу деген анда болчу эмэс.
Кыскасы баары ага кулагы кесик кулдай мамиле кылчу. Бир туугандары ал жок бир да жумуш кылчу эмэс. Ал тургай кееде бир канча жумушту ага коргозуп коюп, оздору ойноп кетишчу. Же эч нерседен бейкапар жылуу- жумшак уйдо отурушчу. Дудук аларга башында атаандашканы менен кийин конуп калды. Анын оюнда озу кор оокат учун жаралгандай элэ сезилчу. Оюн, жаны кийим, даамдуу тамак дегенди такыр элэ самабай да калган.
Баса мунун дагы бир озгочолугу бар элэ. Анысын айыл эли кийинкиге чейин оозунан тушурбой аныз кылып журушту. Башында мунун андай жондому бар экенин эч ким деле байкачу эмэс. Балким ошол окуя болбогондо дагы деле билинбей калмак. Кыскасы ал мындай болду. Бир куну кечке маал дудуктун койу кандайдыр бир кысталыш болуп, бир кочонун кезуусуно кошулуп кетти. Айтмакчы бир кочонун эли койлорун кезектешип кайтарып жургондо, дудугуна таянган атасы аларга кошулчу эмэс.
- Менин дудугум эч кимге кор кылбай элэ озу кайтарат койлорду, - деп мактанып корсулдап калчу ал.
Айткандай элэ дудугу эч кимге кор кылган жок. Ошол куну гана саат басып анын койу кезууго кошулуп кетти. Атасынан олгудой корккон бала дагы тил уккусу келбей жан талашып шынгырагын шынгыратып чимирилип журуп койлорун талаадан элэ болуп алды. Башка бироо болгондо кечинде короосунун алдынан деле болуп алмак. Бирок дудук андай кылууга болбойт. Койлорун башка бироого кошуп жиберуу, аны жон талаштыра урулган камчыга дуушар кылараары турган иш.
Ошону менен кезуу кайтарган балдар койлорун айдап кетишти. Ойноок балдарга баары бир да. Дудуктун койу кошулду, кайра болунду, бутту. Мындай окуя беркилер учун кеп кылаарга деле арзыбаган иш эмэспи.

#12 24 May 2014 - 20:26
Бир топтон кийин, куугум тартып калганда дудук койлорун айдап келди. Атасы аны << элдин артында айдап келип жур>> деп уйроткон. Байкуш келди да койлорун камап койуп, кочодо туруп калды. Бир маалда алардан 5-6 там ылдый жашаган Кадыр ойдону карай отту. Дудук ошону элэ кутуп турса керек , шап элэ колдон кармап короосун карай тартып жоноду. Тиги кишинин << эмне болду>>? дегенин да уккан жок. Же озунон ун чыкпайт. Башында кетенчиктеген менен эмнеси болсо да бара коройун дегенсип Кадыр анын жетегинде басып короого кирип барды. Дудук туз элэ аны койлордун жанына алып келди да, бир жерге тургузуп койуп, озу аралап жоноду. Кадыр анын кылыгын дагы деле тушунбой башы ман. Бир маалда дудук бир ак койду шыйрактан алып кармап, дундап чакырды. Барып караса озунун койу. Ошондо тушунду иштин жайын. Корсо анын бир койу буларга кошулуп кеткен тура. Бирок,иштин эн кызыгы, бул бала короосуна кирген чоочун кой Кадырга таандык экенин кайдан билди десен? Кийин анын бул жоругун кошуналар бутпос кеп кылып айта башташты.
- Тобоо ал менин койумдун энин билет экен эй?- деп айтып чыкты Кадыр эртэси элэ айылга. Андан кийин кошуналар анын кой толуктаганына, малды кандай таанырына кызыгып коз сала башташты. Ошондо билинди бул баланын шумдуктуу онору.
-Шумдугун кургур, ал биздин кочодо кимдин малына кандай эн салынганын жатка билет экен,- деп жатышты алар уу- дуу кеп кылып. -Эй аны айтасын. Омуру мектепке барып, эсеп- чотту уйронбогон неме, озунун койлорун кантип толуктайт экен дебейсинерби, - деп ачылыш кылды дагы бироо. - Ал деген ар бир койун онунон тааныйт экен. Агын актай, карасын карадай тааныйт экен ал.
Айыл эли башта ишенбей, атайылап сынап да корушту. Натыйжада кошуналардын айтканы туура чыкты. Ошондо алар жараткандын адилеттигине дагы бир жолу тобо дешип, жакаларын карманышты.
- Байкушка тил бербегени менен акыл,эсти шумдук бериптир Кудай Таала. Кокус бул бала окуса шумдук адам болмок окшойт, -деп шыпшынышты уккандар. А атасы алардын кебине корстон боло кулуп гана кутулуп журду. Ал учун бул дудукту окуткандан коро малын бактырып алганы дагы пайдалуурак сезилчу.
- Бул биздин каныбызда бар. Бул балам мпл багып турса берки балдарым деле окуп- чокуп чон адам болот,- деп койчу пл элге мактангансып. Бирок, ал дудукту эл козуно элэ балам дегени менен, нары жагында эч качан баладай коргон жок. Азырда байкуштун коз алдына атаасынын ачуу жузу тартылды. Чын элэ кантип айтат ал атасына? << Мени бироолор кууду, тапанча менен атты>> дегенди кантип айтат? Эмне деп айтат? Атасы анын айтканын кутобу? Же << кой кана?>> деп колуна тийген неме менен чаап сабап баштайбы? Ушул ойлор баланын меесин мурдагыдан да мыжый баштады. Байкуш, уйуно жетеерин жетип, бирок дарбазаны ачып кире албай далдырап туруп калды. << Кантип айтам? Эмне деп айтам?>> деген суроолор мин ирет кайталанып, жообу табылбай жатты. Дарбазаны ачаарын, же ачпасын билбей туткасын кармаган боюнча тура берди. Ушул маалда уйдун эшиги ачылгандай болду. Дудук дарбазага жакындай калып тишигинен шыкаалады. Так элэ атасы экен. Бир нерсеге нааразы болуп алган окшойт. Кабагы бурколуп, жини келгендей суйлонуп атат. Баланын ойуна дароо койлору келди.
<< Таштап кеткенимди билип алган го>> деген ой зып дей тушту меесине. Кирерге тешик таппай кайсалап, уйдун артын коздой айлана чуркады. Тамдын артында мал кирип- чыга турган звм эшик бар болчу. Шып этип кирип, дубалга далдаланып калды. Атасы чын элэ бироого нааразы болуп алыптыр. Озунчо суйлонуп эшиктин алдына чыкты да, кочо ылдый басып кетти. Байкуш, дудук пл ыйдыйкы кайрылыштан бурулуп кеткиче чый- пыйы чыгып, жанын койоорго жай таппай турду. Качан атасынын карааны корунбой калаары менен чымылдаган бойдон койлоруна жоноду. Бирок бул жолу кочо менен кетуудон айбыгып, анызды аралап, талаа менен чуркап козунон агылган молтур тунук коз жашын аарчыганга да жарабады. Талаа - талаа коз жашын тогуп ыйлап койлоруна жетип буркурап отурду. Байкуш бала.

#13 28 May 2014 - 01:21
Кадыр облустун коопсуздукту коргоо мекемесинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө бир топ жылдан бери эмгектенчү.
Ал өз ишин жан дили менен аткарып, кызматына ак мамиле кылган чыныгы милиционерлерден эле. Далай эле кызматкерлердей болуп жеп ичүү, байлык топтоо колунан келип турса да, арам жолго баспай,так жүргөнү көпчүлүк башчыларына жага берчү эмес. Натыйжада, аны улам башка жерлерге которуп, биринен-бирине оодара берише турган. Ал эмиазыркы иштешип жаткан башчысы болсо ага мурдагылардан да өтүп кастарын тигип калды. Бирок, ишинен айып таба албай туруп мекеменин оозко алынып калган чыгаан кызматкерин алып ыргытуу колунан келбей жүрөт.Ошентсе да жайына койбой эң татаал, башы ачылбас иштерди качан болбосун ага түртөт да турат.
Мына, бул жолу да капкайдагы борбордон алыскы айылдакатталган кылмышка Кадырды шилтемей болду. Нөбөтчү аркылууайттырып бөлмөсүнө чакыртты. Баса,начальник керек болсо өзүнө түз чалууну да ыраа көрчү эмес. Атайын кыр көрсөтүп нөбөтчү аркылуу сүйлөшө турган.
Көп күттүргөн жок. Эшигин такылдатып кирип келди. Узун бойлуу, түксүйгөнкара каштуу, акырын сүйлөгөн, сыпаа жигит болчу.
- Чакыртыпсыз, – деди ал кирип жайланышкан соң.
- Ооба, – чакырттым деди башчы кабагын чытып. – Азыр Кара-Таштын аймактык милиционери телефон чалды. Алардын айылына жакын топурак алган карьерден адамдын өлүгү табылыптыр. Жергиликтүүлөрдөн эмес дейт. Чекесине тийген октон улам көз жумуптур. Айтымына караганда чоң кылмыш болгон окшойт. Тезинен ошол айылга жөнөгүлө. Сөөктү бул жакка изилдөөгө салып жиберип өзүң ошол жакта кал. Эл-журттан сураштыргыла. Көргөн-билгендер бардыр. Кандай маалымат болбосун дароо билдирип тур.
- Макул. Кайсы машина менен барабыз?
- Моргдон машина барат да. Ошону менен эле бар?
- А келгенимечи?
- Кадыр,эркелегенди койсоңор боло. Машина тартыш болуп турганын көрүп турасың го.
Берки унчуккан жок. Баары бир унаа берилбесин жакшы билчү. Кызматтык машиналар короодо бош эле турат. Бул башчынын жөн эле кычастыгы. Бөлмөсүнө жетип эле моргдун кызматкерлери менен байланышты. Убакыт болжошуп алып алардын тамтыгы чыкканунаасына түшүп, тоо этегинде жайгашкан айылды көздөй жөнөдү. Үйдө аялы, эки баласы күтүп отурат. Бирок, кызмат деген кызмат. Аларга карай турган убакыт эмес. Телефонунан кыска маалымат жиберип тим болду. Сарсанаа кылбайын деп дайыма ушунтип койот бир жакка кетеринде. Болду. Ошол кыска маалымат жөнөтүү жетиштүү. Майрам күн болобу, бала-чакасынан бирөөнүн туулган күнү болобу, ага баары бир. Кызмат деген кызмат. Баса, анткени менен үйүндө деле аталык милдетин так аткарчу. Балдарына жароокер ата, аялына сүйүктүү жар боло алды. Аялы анын ишинин татаалдыгына түшүнүү менен мамиле кылды. Мамлекеттин өп-чап айлыгы менен жетишпеген турмуштун оош-кыйышына чыдап, күйөөсүнө арка-бел болуп келет. Аны менен турмуш кургандан бери канча жолу ишинен которулуп, канча жолу көчүштү. Же өкмөт ошол которгонуна жараша жайланышаар үй-жай, отун-суусун камдап берип койсо гана. Бир жерге жаңы жайланышып, ошол жерден орун-очок алаарда, кайрадан түп көтөрүлтүп көчүрүп жөнөшөт. Улам-улам окуусунан, дос-жарынан калган балдарынын кыйналганын айтпай эле кой. Анан барган айылга көнүшмөй, ал жердеги жаңы батирин жууп-тазаламай, оокат-кечесин үйүп-жыйып ташымай. Деги азабы көп.

#14 28 May 2014 - 01:28
Кадыр ушуларды ойлоп келатты. Анын бул аймакка которулганына бир жылдын жүзү болгону менен азыр бара турган айылгажолу түшө элек болчу. Мурда-кийин тааныш болуп, келип жүргөн жер болгондо иш кыйла жеңилирээк болот беле…
Табылган өлүктү жергиликтүү эл аңдан чыгарып, бери көлөкөгө жаткырып, үстүн жаап коюшуптур. Нары жак, бери жагын тегеректеп бир топ адамдар жүрөт. Күнүмдүк турмушка жаман да болсо бир аз бойок кошкон бул окуя элет ичиндегилерди өзүнө тартып, кызыгуулары тарабай турган экен.
- Кудайга тообо, бул киши өлтүргүчтөр ушул жакка да келген тура, – деп жакасын кармап жатышты алар. – Элүү жылда эл жаңы деген ушул. Болбосо мындайды кинодон эле көрчү эмес белек. Кара чечекей адамды өлтүрүп, аңга көмүп кетет деген качан болду эле кыргызда.
Кадыр алар менен сылык учурашып, биринчи ким көргөнүн, кандай көргөнүн сураштыра баштады. Жанында жолдош болуп аймактык кызматкер, айыл өкмөт жана бир-эки жергиликтүү өкмөт адамдары жүрдү. Өлүктүн түспөлүн кылдат карап эле анын ур-токмокко алынганын жана тапанча чекесине такай атылганын билди. Баса, анын улуту башка экени, жергиликтүү элди эле эмес, өзүн да таң калтырды. Калкынын токсон ашык пайызын кыргыз улуту түзгөн алыскы аймакта чет элдикти өлүү эмес, тирүү жолуктуруунун өзү сейрек учурай турган көрүнүш эмеспи. Кылмышкерлер дасыккан адамдар окшойт, бир да белги калтырбаптыр. Бир гана ушунча шарт турганына карабай, чала көмүп кетип калганы кызык. «Демек, аларга бир нерсе тоскоолдук кылса керек» деди ичинен. «Эмне шаштырды экен? Кап, издерге карап, канча адам экенин билсе болот эле, кашайып топураган кишилер бүт тебелеп салган тура. Ай ушул кызыгы күч кишилердин ишке тоскоол болгону ай!» Казганактап кетпей турган элди карап ичинен кейип койду. Бирок, сыртына чыгарган жок. «Болоору болуптур, эми жок дегенде буларды сураштырып, маалымат алуу жагын ойлош керек.»
Дээрлик баарын сурап көргөнү менен кашайып бирөөнөн да дурусураак бир нерсе уга алган жок. Айласы кетип жарды айлана басып, тигилердин машинасы токтоп кеткен жерге келди. Дөңгөлөктөрүнүн изин карады. Кетээрде күч менен жерди тытып, чаң сапырып кетиптир. «Деги эмнеге мынча шашкан булар?» Анан аңдын үстүңкү кырына чыгып тиги ойдуңдагы топурап жүргөн элди карады. Морг кызматкерлери сөөктү алып кеткенден бери алар бир топ азайып калганы менен, дагы эле айланчыктап басып жүргөндөр суюлбай койду. «Ээх, элет элинин кебелбеген адамдарын карачы. Бирөөсү да шашып койбойт» деп ичинен бир эсе ыраазы боло карады аларды. Алардын ушул жөнөкөйлүгү, камырабастыгы да жагып кетчү өзүнө. Жакпай анан. Дайыма шашып, жандалбастап жүргөн шаар тургунуна булардын минтип жүрүшү суктанаарлык көрүнүш эмеспи. Анын үстүнө өзүнүн да алтындай балалыгы айылдын так ушундай карапайым адамдары менен эриш аркак өтпөдүбү.
«Ишти шашылыш токтотуп, машинаны катуу айдап кеткенине караганда кимдир бирөөдөн качып, же кимдир бирөөнү кууп кетишкен көрүнөт. Ким болду экен ал? Качышты бекен? Же куушту бекен? Ушул айылдын эле тургунубу же… Ушул күздүн сөөк какшаткан суук түнүндө таң атпай бул жерге кайсы чоочун келиши мүмкүн. Болду-болбоду жергиликтүүлөрдөн… Бирок, жергиликтүүлөрдөн болсо эмнеге эмдигиче көргөн адамдын шек-шоораты жок. Элеттиктер демейде мындайды ичине катып жата албайт эмеспи. Бат эле дуу болуп чыгышы керек эле. Же кармап ала кетиштиби? Же өлтүрүп кетиштиби? Жок… Жок, мүмкүн эмес. Эмгиче жоголгон адам деле билинмек.» Кайрадан ойго батып ары-бери басты. Бир кулагын айылдын таза абасын жара бакылдап сүйлөгөн кишилерге да салып, алардын кебин да тыңшады. Тигилер ылдый жакта, а бул болсо үй боюнчалык жарчанын кырында тургандыктан алардын үнү шашпай угулуп турду.
- Ой өлүктү биринчи ким көрүп, милицияны ким чакырды? – деп бул жерге жаңы келген бирөө кызыга сурады тургандардан
- Жаныбектин баласы көргөн тура.
- Кайсы жанагы чоң баласыбы?
-Жок берки карасы. Түндө бир ую келбей калып ошону издеп келиптир. Келсе аңдын ичинен эле карга-кузгун айланып калыптыр дейт. Анан, уйөлүп калганбы деп жакындап келип карап алып кайра айылды көздөй бакырып качкан тура. Ошол, ошону менен атасына айтып, атасы тиги участковой Канатты чакыртыптыр.

#15 28 May 2014 - 01:35
Кадыр бул айтылганды жанатан бери он
жолу укту. Кимден сурабасын ушундан
башка маалымат ала алган жок. Албетте
окуяга тап-такыр тиешеси жок нерселерди
да кошуп айткандар болду дечи. Бирок,
негизги өзөк ушундан башка болгон жок.
А тиги кара баланы деле сурашты. Бирок,
андан деле ашыкча кеп уга алган жок.
Атасы менен учкашып келди да, көргөнүн
көргөндөй айтып берип, кайра кетип
калды. Жашы 13-14кө келип калган,
долдураган бала экен.
Аңгыча, жардап тургандардан экөө
аттарын минип жардын кырына чыкты да,
Кадырдын жанына токтоп, тоо тарапка
турнабай сала башташты.
- Бүгүн үчүнчү күнбү? Базарга чейин
букамды табышым керек эле, – деди
алардын бири.
-Уулуңду эле жиберип ийбейсиңби, – деп
жооп кылды ага жанындагы.
- Ал мектептен бошобой атат. Жанагы
алтын күз деген майрамга даярданабыз
деп эле керээли кечке жүрөт.
Кадыр аларды угуп саал ойлоно калды.
Анан жакындай басып,
- А жанагы кара бала мектепке барбайбы?
– деп жөн салды сурап койду.
- Барбайт ал. Аны менен шыңгырак
дудуктун атасы жыргады. Баланын баары
мектепте жүрсө, ал экөө талаада мал
артынан жүргөн болот.
- Шыңгырак дудук дейсизби? Аты шумдук
го.
- Аты эле дейсиңби? Өзү да шумдук анын.
Байкуш таң атпай, эл тура электе койдун
артынан кетет да, керээли-кечке
кайтарат. Жаанбы, суукпу урганы да жок.
Оорубайт дагы, ыйлабайт дагы. Жаны жан
атаң гөрү
- Таң атпай кетет дейсизби? Кайда
кайтарат коюн? – Кадыр эми кызыга
сурай баштады. Окуянын түйүнү чечилип
бараткансып, көзү балбылдап кетти.
- Эми ар кандай. Кээде тиги туура жолдон
чыгып, тээ тиги дөбөлөрдү көздөй жайып
кетет. Кээде ушул дөбө менен өтүп, тээ
тиги бетке жаят.
- Бүгүнчү? Бүгүн кайда жайыптыр?
- Билбейм бүгүн кайда экенин. Эй, Сапар!
– тиги киши аңдын ичин карап кыйкырды.
– Жанагы шыңгырак дудук бүгүн коюн
кайда жайыптыр?
- Албы? Ал тээ тиги бетте жүрбөйбү.
- Аа, тигине. Тиги бетте жүргөн ошол
шыңгырак дудуктун кою тура. Өзү кайда
кетти экен? Көрүнбөйт го! Тиги киши эми
ошол бетте жүргөн койлорду карай
турнабай сала баштады. – Демейде
сербеңдеп эле койлорунан чыкпайт эле,
бүгүн жок.
- Кана бериңизчи?! – деп шашмалады
Кадыр. – Демек ал коюн ушул жерден
жайып өттү да туурабы?
- Ооба, ушу жерден өтөт.
- А канчаларда чыгарат коюн?
- Ой ал таң ата электе чыгарат. Күн
жаңыдан чыгып атканда анын кою төшкө
жетип калган болот.
- Таң атпай деңизчи. Мектепкечи?
Мектепке барбайбы?
- Аа, ал шордуу тубаса дудук да. Аны ким
окутмак эле. Тиги Жаныбектин баласы
болсо бир аз акылы кемирээк. Аны да
атасы окуудан чыгарып алды.
Кадыр эми анын сүйлөгөнүн укпай да
калды. Көзүнө тиги кишинин турнабайын
такап алып, маңдайындагы жантай бетте
жайылып турган койлордун чеке-белин
сыдыра карап, кой кайтарган баланы
издеп жатты.
- Бүгүн көрдүңөрбү аны? – деп сурады
Кадыр жанындагы экөөнөн.
- Жок,- дешти тигилер таң калгандай.
Кадыр дүрбүнү ээсине бере салып жардын
кырына саал жакындады да,
- Бүгүн тигил дудукту кимдир бирөө
көрдүбү? Жүрөбү ал? – деп сурады.
Топтошуп турган адамдар бири-бирин
элейип карап калышты. Анан
көрбөгөндөрүн айтып, кайра Кадырды
суроолуу карашты. Аны эмнеге сурап
атканы акылдарына чүргөлбөй койду.
«Өлтүрүп кетишти го байкушту? Же салып
кетишти бекен?» деп ичинен зырылдап
алды өзүнчө.
- Атасы ким анын? Үйүнө келиптирби
баласы? Кадыр кайра сурады
жанындагылардан.
- Атасы жана жүрбөдү беле ушул жерде.
Чоң тору ат минген семиз, сары киши, –
деди тургандардын бири.
- Ой анын баласы күндүз дегеле үйүнө
барбайт. Тигил коюн таштабайт ал. Сатый
жеп койоор аны коюн карабаса.
- Байкушту десең. Үнүн Кудайга жеткире
сабайт тура ал. Балага да ошончо
мыкаачы жан болот экен, тообо.
Кадырдын эми даана шаштысы кетти.
Артында турган кишинин атын сурады
шарт эле.
Дудукка барып келейин, атыңызды берип
туруңузчу, – деди шашмалап. Тиги киши
«мейли» деген болуп атынынчылбырын
карматып салды. Бала кезинде көп эле
атка минипкөнгөн Кадыр дароо аттанды
да тигил бетти карай желдире басып
жөнөдү. Топтошкон кишилер аны элейе
карап кала беришти.

#16 28 May 2014 - 01:38
Күн кызарып тоо башына эңкейип, дене
бойду ичиркенткен муздак жел жүрө
баштады. Туш тарабы тоо менен
капталган өрөөн болгон соң бул жак бат
эле сууктап, кыш эрте келе турган. Бирок,
бул көрүнүш жергиликтүү элге чоочун деле
эмес. Тээ бала чагынан бери тоо койнунда
өскөн эл, өкмөттүн көзүн карап көмүр
түшүрүп бер, электр кошуп бер деп
отурбай эле отун-суусун камдап, суукка
камынып алган. Кеч кирээри менен
мештерге отуну, көңү шыкай жагылып,
боркулдап казаны да кайнап, чайы да
чыйылдап чыга келет. Үй ичи болсо оттун
жагылышы менен кутка бөлөнүп, өзүңөн-
өзүң мемиреп, өзүңөн-өзүң жаның сергийт.
Ал эми көмөч казанга бышкан ысык
нанды каймакка матыра жеп, артынан сүт
кошулган ысык чайдан ууртап
боргулданып оттун алдында отурсаң бул
өзүнчө эле айтып бүткүс керемет. Андайда
сыртта улуп-уңшуган аяз турса да
сөөгүңдүн музуна чейин жибип, көңүлүң
көтөрүлүп чыга келет.
Айылдагы аймактык милициянын үйүндө
отуруп Кадыр ушуларды ойлоду.
Курсактары тойгонуна курсант болуп бир
тегерек таттуу токочту кармап алып
мештин артында ойноп отурган балдар
анын көзүнө ысык көрүнүп, өзүнүн тээ
артта калган бала күндөрүн эске салып
өттү. «Атаганат, ошол күндөр бир
кайрылып келсе кана!..»
- Начальникке чалдыңызбы? – деп оюн
бөлдү Канат. «Эмнеге чалам, кайсы
начальник?» дегенсип бир саам элейе
карады аны Кадыр.
- Ал эмне деди? Машина жибермей
болдубу? – деп суроосун улантты берки
Кадырдын жообун күтпөй. Кептин
төркүнүн ошондо түшүндү окшойт.
- Аа. Ага чалганда эмне? Баягы эле да.
«Көргөн-көрбөгөнүн так билбегенден кийин
аны алып келгенде эмне?» деп оңураңдап
койду. Билгем анын ошентээрин.
Ошону менен кайра унчукпай отуруп
калышты. Кадырдын көз алдына эми кой
артынан делпектеп чуркап жүргөн
чилмийген арык бала тартылды. «Байкуш
ай» деп ичинен сызып алды. Колуна
тынымсыз шыңгыраган коңгуроо
байланган чыбык көтөрүп алыптыр. Баса,
аны жана аттанып барганда таба албай
бир топ убара болду. Бери жактан
баратканда жакшы эле бир баланы
көргөндөй болгон. Бирок, жакындай берип
эле эч кимди таппай калса болобу.
Жайылган койду тигиндей тегеренип
карады, мындай тегеренип карады, жок.
Кыйкырып да көрдү. Аттанаарда атын
сурабай калган экен. Баары эле «дудук,
дудук» дей берип атын айтышпаптыр. Өзү
да сарсанаа болуп атып, тактап алганды
унутуп калган тура. Барып алып, эмне деп
издеп, эмне деп чакыраарын билбей
айласы кетпедиби. Дагы жакшы бери
жактан койдун жанында жүргөнүн көрүп
калган экен. Болбосо, бала жокдеп кайра
кете бермек окшойт. Нары бастырды, бери
бастырды. Жанындагы дүпүйгөн бадалга
кирип алдыбы, деп анын түптөрүн да
жакшы эле шыкаалады. Акыры айласы
кеткенде жонго чыкты да, атын чылбыры
менен наркы бетке тушап коюп, өзү кой
жакты аңдып жатып калды. Бул анын
акыркы амалы болчу. «Коюн өлүп баратса
таштабайт дешти эле. Демек ушул
айланада эле отурат» деп ичинен
кымылдап отурду. Жаңылбаптыр. Тигине,
жаңы эле өзү караган бадалдын түбүнөн
суурулуп чыга келди. «Шумдугуң кур оой,
кантип жашынган ага? Карабадым беле
жакшы эле» деп башын чайкады Кадыр.
Утур-утур Кадыр кеткен жакты бир карап,
тигил ылдый жактагы кишилер топтолуп
турган дөбө жакты бир карап коюп коюна
чуркап келди да, бир айланып тоону карай
имерип жиберипдүпүйгөн шыраалжындын
түбүнө отура кетти. «Эми коркутпай
акырын барайын» деди Кадыр ичинен.
Байкуш бала чоочун немеден чочулап
айылды көздөй качып кетеби деп ичинен
санааркады. Ордунан туруп ары барып
атын кармап минип,жок издеген киши
болуп койлорун аралап чыга келди.
Ушинтип чыкса тигинин көңүлү бир аз
токтолоор деген амалы болчу мунун.
Балким кепке да ушул койлор аркылуу
тартам деп ойлоду. Бирок, кепке тартып
кете алаарына көзү жеткен жок. Бир ооз
кеп айта албаган тилсиз менен эми кантип
сүйлөшөөр экен? Акырын көздүн кыйыгын
салды балага. Байкуш, кудум дыр берип
үркүп кетээр жапайы улактай элейип
карап туруптур Кадырды. Көзүнөн мөлт-
мөлт куюлган жашы жаак ылдый куюлуп
кетиптир. Өзү эле илмийип арыктаган,
кан-сөөлү жок куп-куу бала экен, эми
минтип коркунучка кабылганы ого бетер
көзү алайып, ого бетер корунуп калыптыр.
Ансыз да боорукер неме эле, баланын
кебетесин көрүп жүрөгү зыр-зыр этип
тилинип кеткендей болду. «Алда бечара
ай!» деп алды ичинен. Анан калп күлгөн
болуп, койлорду жаңсап бармагын
көргөзүп «Баракелде жигит!» деп
баркылдады. Дагы бир бастырып
аралады да, семиз кочкорду көргөзүп
«мону канчага сатасың я, досум?» деп
көңүлдүү сүйлөдү. Дудуктан болсо үн жок.
Дагы эле жанагыдай алаңдап өзүн бир
карап, тигил алаканга салгандай көрүнүп
турган дөбөдөгү кишилерди бир карап
турат. Шакмарлап кирдеп, жедеп
жамаачыланып бүткөн күрөң күрмөсү
менен мурдун аарчып, бытыйган колу
менен жаашын аарчып койот. Кадырдын
жүрөгү дагы чыдабай кетти. «Адам эмес
турбайбы, адам эмес!» деп нары карап
сөгүнүп алды. «Байкуш чиедей болгон
немени жылуураак кийинтип деле коюшса
эмне» деп дудуктун ата-энесин жемелеп
жатты ал. Деги бул балага кантип
жакындап, кантип сөз баштайт эми…Кайра
бурулуп «канчадасың я досуке» деп кепке
тарта баланы көздөй бастырып көрдү эле,
байкуш бала шыпылдай басып жонду
көздөйжөнөдү. Тим эле эми бир аз
жакындаса бакырып ыйлап каччудай
дикилдеп жүрөт. Эки көзүн Кадырдан
албай карап атып топ шыраалжынга
чалынып жыгылып да кетти. Ордунан
кайра тура калып колунан ыргып кеткен
коңгуроолуу чыбыгын алып жонду карай
чуркады. Кадыр эми артынан баргысы да
келген жок. Тигинин түрүнөн баары бир
сүйлөшүүгө болбосун билди. «Кечинде
үйүнөн барып сүйлөшпөсө болгудай эмес»
деди да дөбөдө турган аттын ээсин карай
бастырды.

#17 29 May 2014 - 16:03
Ошол ошо болгон. Атты ээсине берип
кетиргени менен баланы аяй карап дөңдө
бир топ отурду. Акыры күндүн суугу
жанынан өтө баштаганда айылга бет алып
участковойдун үйүнө келди. Экөө бир аз
кеңешип алып дудуктун үйүнө барышты.
Бирок, бул жолу деле кыйратып маалымат
ала алган жок. Атасы дугдуңдап орой
сүйлөгөн киши экен, «кайдан билмек эле.
Көрсө келип айтпайт беле» дегенден
башка эч нерсе айткан жок. Акыры
сыртка чыгып баланын үйгө келишин
күтүп калышты. Демейде баласын «элдин
артында келип жүр» деп урушчу атасы
бүгүн аяган болуп эң кичүү эрке
уулун«койду айдашып кел» деп жиберди.
Анысы так кетээрде апасы артынан
чыгып,
- Ме, мобу жылуу күрмөнү да берип койчу.
Тоңуп калды го байкуш, – деп жаңыраак
кара күрмө берди. Участковой Канат
мыйыгынан жылмайып алды да Кадырды
акырын бери тартып,
- Канынан жаралган баласы экенин булар
бүгүн билишти го, я – деп шыбырады.
Кадыр болсо бечара дудуктун тоодогу
элесин унута албай, унчукпай тура берди.
Көп өтпөй эки бала койлорун айдап жетип
келишти. Берки жардамга барганы деле
баары бирбала эмеспи, ата-энесинин
бүгүнкү анткорлонуп атканын ойлоп да
койгон жок. Адатынча дудукка койду
айдатып коюп өзү аркасында шашпай
ойноп келетат. Улам-улам таш алып урган
болуп койот. Үйгө жакындап калгандагана
койду таштап, булардын жанында турган
атасынын жанына чуркап келди да,
- Ата, ата, дудук айран куйган бөтөлкөсү
менен нан салган баштыгын жоготуп
ийиптир, – деп сүйүнчүлөгөнсүп
кыйкырды.
- Ой энеңди урайын. Ушинтет эми, – деп
бир ызырынып алды Сатый. Бирок,
жанында турган өкмөттүн адамдарынан
жалтайлады окшойт, кайра кебин буруп
кетти. – Буга күнүгө баштык берип атып
баштык да түтпөс болду. Эми эртең
эмнеге айран куюп кетет экен?
Жанатан өзүнөн качып аткан неме азыр
атасына чуркап корголойт го деп күттү
эле, тилекке каршы бечера дудук
атасынын минтип күпүлдөгөнүнөн ого
бетер коркуп, бирде атасын, бирде
Кадырды жалтаңдай карап койлорун
айдап өтүп кетти. Бул көрүнүш Кадырдын
жүрөгүнө дагы бир жолу октой кадалды.
«Атаң көрү ай! Бу бечара атасына да
корголой албайт тура. Корголомок тургай
корунуп турганын карачы эми» деди
ичинен. Анан ошол кабагы салынган
бойдон Сатыйга күңкүлдөп алды.
- Баштыгыңызга кейибей түштө бир маал
ысык чай берип коюп турсаңыз боло
балага. Мобу суукта айран тамак болобу?
- Аа, эми суук түштү, ал деле болот.
Кантип ушул чычкандай немени ачка
койолу, – деп кайпактады атасы. Анан
берки эрке баласына карап, – Тур тиги
койлорду короого кама. Тигил кирсин үйгө.
Эркеси элтейип атасын биркарады да
анын түктүйгөн кабагын көрүп койду
карай чуркады. Бечара шыңгырак дудук
керээли кечке оттогонго курсактары
кампайып ынтыккан койлорду
тыгылыштырбай чубата айдап киргизип
аткан болчу. Иниси чуркап барып
чыңкылдап «үйгө кет» дегенде гана
элеңдеп булар турган жакты карап алып,
үйгө кирип кетти.
- Э Зуура! Чай берип, курсагын тойгуз
баланын. Азыр биз да киребиз, – деп заңк
этти Сатый артынан үйдү карап.
Чогуу деле кире беришсе болмок. Бирок,
үй ээси калп эле көчөнүн өйдө жагын бир
карап, ылдый жагын бир карапмаалкатып
тура берди. Бир топто араң,
- Жүрүгүлө, – деп экөөнү үйгө чакырды.
Бирок, алардын жардамы менен деле
кыйратып маалымат ала алган жок.
Кадырдын көзү даана жеткен бир гана
нерсе, байкуш баланын өтө катуу коркуп
калганы болду. Ким эмне сурабасын,
башын чайкап же көзүн жалдыратып гана
отуруп бергени менен жалжылдаган
көздөрдө укмуштуудай чоң чочулоо турду.
Ушул жерден анын ата-энесине дагы
жаны кашайды. «Булар деле сүйлөшө
албайт турбайбы муну менен. Коркутуп-
үркүтүп жумшагандан башка эч нерсени
билишпейт тура» деп ичинен түтөп отурду.
Акыры ата-энесинин алдында да эч нерсе
чыгара албасын билип, кейий коштошту
да, ордунан туруп чыгып кетти. Артынан
Канат кошо чыкты. Кадыр жинин баса
албай бир топко чейин дуңкулдап келе
берди. Акыры жинин чыгаргандай
буркулдап,
- Бул бала бирдеме билет. Көргөн бул
бала. Биз гана сурай албай атабыз, –
деди. Ушундай ачуусу келип турганда
тамеки чегип ийме адаты бар эле.
Канаттан бир тамеки алды да күйгүзүп
алып, кере-кере сорду. Анан,
- Эптеп ушул ишти бүтүрүп алайынчы,
андан кийин бир күн түнөтпөймбаланы бул
үйгө, – деп ызырынды.
- Биз киргиче кийимин которо
калышканын көрдүңүзбү? – деп кошулду
Канат. – Жанагы жаман шымы бутунан
түшчү эмес эле, бизди сыртка кармай
туруп кийинте калышкан тура.
- Желмогуздар!..

#18 03 June 2014 - 16:30
Күндүн илеби күн өткөн
сайын кайтып, сууктай
баштады. Анан калса түнү
менен улуп-уңшуп шамал
да болуп чыкты.
Ошондонбу, же башка
бир нерсе болдубу, айтор
эртең менен электр
жарыгы да өчүп
калыптыр. Таң эрте туруп
көнгөн Кадыр бүгүн да
эрте ойгонуп үстүнө
Канаттын эски күрмөсүн
баса кийип сыртка чыкты.
Күн али чыга элек болчу.
Кечээ кечке маал асман
бетин бербей каптап
келеткан булуттарды
түнкү шамал алда кайда
сүрүп кеткен окшойт.
Болбосо бул кебетеси
менен кар деле жаап
коймок го.
Булар жаткан үй айылдын
чыгыш жак четинде
болчу. Зым менен тосулган
анча чоң эмес бакчанын
нары жагы эчак эгин-
тегини орулган сап-сары
талаа. Ар кай жеринде
шашпай басып субай-
султаң мал оттоп жүрөт.
Айыл эли болсо али
жылуу төшөгүнөн тура
элек. Айлана жымжырт.
Кадыр ичиркенип
турганына карабай
айылдын таңкы таза
абасына, тээ бала чакты
эстеткен көрүнүшүнө
суктанып басып жүрө
берди. Оюна капкайда
калган балалыгы келип,
көңүлү бир эсе көтөрүлүп,
бир эсе ошол күндөрүн
сагынгансып туталанып
баратты. Бул минтип
басып каякка чейин
бармак ким билсин,
аңгыча таңкы таза аба
менен тараган
коңгуроонун тынымсыз
шыңгырагы көңүлүн
бузуп кетти. Бул маалда
айыл ичинде кайдагы
коңгуроо? Ким болуп
кетти дегенсип эки жагын
карады. Тигине,
ылдыйраактагы короодон
алдында койкоңдой
баскан карт теке, он чакты
эчки баштаган койлор
чыга келди. Артынан өңү
өчүп кеткен күрөң
күрмөчөн бала таягына
байланган коңгуроосун
ары бери шаңгыратып
койду айдап алыптыр.
Башына кайсы атасынан
калганы белгисиз эски
малакай, бутуна чоңураак
желим өтүк кийип алган.
Кечээ эле топтоголок
болуп тоюп келгенине
карабай, тим эле көптөн
бери ачка калгансып ар
кай жерге токтой калып
жутуна тытмалаган
койлорду таягы менен
чымылдата кубалаган
сайын коңгуроосу таңкы
абаны жарып шаңгырай
калып жатты. Айрыкча
жаны тынбаган
эчкилердин убарасы күч.
Сербеңдеген улактар улам
бир талды тегеренип эки
аяктап тура калып
кабыктарын сыйрып жеп
жиберип, же тосулуп
турган зым короону
аралап кетип жөн
басышпайт. Ушулар менен
алек болуп келеткан бала
качан бери жакта өзүн
кызыгуу менен карап
турган Кадырды көргөндө
элейип тура калды. Ал
тургай артка бурулуп
качып кете жаздады да
окшойт. Байкуш же өз
жолу менен коюн айдап
кете бере албай, же артка
бурулуп качып кете
албай, тек гана көзүн
алаңдатып үйүн бир
карап, жол жээктеп туш
келди жайыла баштаган
койлорун бир карап
жаман болду. Анын
минтип бушайман болуп
турганын сезе калды да
Кадыр балага колунан
келишинче жагымдуу
жылмаюу тартуулап, түз
пейилин көргөзкүсү
келди. Бажаңдап
сүйлөгөн болуп утурлай
басты эле, дудук артына
бурулуп бир аз нарылап
барып кылчактап токтоду.
Кокус эми бир кадам
таштаса тап-такыр эле
качып кетчүдөй. Кадыр
айласы кеткендей артка
бурулуп үч кошконго
келди да талаага кетчү
жол тарапты бошотуп
четке чыга берди. Ошондо
да дудук бир саам көз
жаздымда калтырбай
улам-улам кылчактай
каранып койлорун
зыркырата айдап талааны
көздөй жөнөдү. Бул жолу
Кадыр анын колундагы
баштыгына назар
оодарды. Сатыйдын аялы
дагы эле бир нан менен
бир шише айран берип
койгон экен атаганат.
Ушундай сөөк какшаткан
сууктун күнү муздак айран
балага канчалык азык
болоор экен деги?
сайын кайтып, сууктай
баштады. Анан калса түнү
менен улуп-уңшуп шамал
да болуп чыкты.
Ошондонбу, же башка
бир нерсе болдубу, айтор
эртең менен электр
жарыгы да өчүп
калыптыр. Таң эрте туруп
көнгөн Кадыр бүгүн да
эрте ойгонуп үстүнө
Канаттын эски күрмөсүн
баса кийип сыртка чыкты.
Күн али чыга элек болчу.
Кечээ кечке маал асман
бетин бербей каптап
келеткан булуттарды
түнкү шамал алда кайда
сүрүп кеткен окшойт.
Болбосо бул кебетеси
менен кар деле жаап
коймок го.
Булар жаткан үй айылдын
чыгыш жак четинде
болчу. Зым менен тосулган
анча чоң эмес бакчанын
нары жагы эчак эгин-
тегини орулган сап-сары
талаа. Ар кай жеринде
шашпай басып субай-
султаң мал оттоп жүрөт.
Айыл эли болсо али
жылуу төшөгүнөн тура
элек. Айлана жымжырт.
Кадыр ичиркенип
турганына карабай
айылдын таңкы таза
абасына, тээ бала чакты
эстеткен көрүнүшүнө
суктанып басып жүрө
берди. Оюна капкайда
калган балалыгы келип,
көңүлү бир эсе көтөрүлүп,
бир эсе ошол күндөрүн
сагынгансып туталанып
баратты. Бул минтип
басып каякка чейин
бармак ким билсин,
аңгыча таңкы таза аба
менен тараган
коңгуроонун тынымсыз
шыңгырагы көңүлүн
бузуп кетти. Бул маалда
айыл ичинде кайдагы
коңгуроо? Ким болуп
кетти дегенсип эки жагын
карады. Тигине,
ылдыйраактагы короодон
алдында койкоңдой
баскан карт теке, он чакты
эчки баштаган койлор
чыга келди. Артынан өңү
өчүп кеткен күрөң
күрмөчөн бала таягына
байланган коңгуроосун
ары бери шаңгыратып
койду айдап алыптыр.
Башына кайсы атасынан
калганы белгисиз эски
малакай, бутуна чоңураак
желим өтүк кийип алган.
Кечээ эле топтоголок
болуп тоюп келгенине
карабай, тим эле көптөн
бери ачка калгансып ар
кай жерге токтой калып
жутуна тытмалаган
койлорду таягы менен
чымылдата кубалаган
сайын коңгуроосу таңкы
абаны жарып шаңгырай
калып жатты. Айрыкча
жаны тынбаган
эчкилердин убарасы күч.
Сербеңдеген улактар улам
бир талды тегеренип эки
аяктап тура калып
кабыктарын сыйрып жеп
жиберип, же тосулуп
турган зым короону
аралап кетип жөн
басышпайт. Ушулар менен
алек болуп келеткан бала
качан бери жакта өзүн
кызыгуу менен карап
турган Кадырды көргөндө
элейип тура калды. Ал
тургай артка бурулуп
качып кете жаздады да
окшойт. Байкуш же өз
жолу менен коюн айдап
кете бере албай, же артка
бурулуп качып кете
албай, тек гана көзүн
алаңдатып үйүн бир
карап, жол жээктеп туш
келди жайыла баштаган
койлорун бир карап
жаман болду. Анын
минтип бушайман болуп
турганын сезе калды да
Кадыр балага колунан
келишинче жагымдуу
жылмаюу тартуулап, түз
пейилин көргөзкүсү
келди. Бажаңдап
сүйлөгөн болуп утурлай
басты эле, дудук артына
бурулуп бир аз нарылап
барып кылчактап токтоду.
Кокус эми бир кадам
таштаса тап-такыр эле
качып кетчүдөй. Кадыр
айласы кеткендей артка
бурулуп үч кошконго
келди да талаага кетчү
жол тарапты бошотуп
четке чыга берди. Ошондо
да дудук бир саам көз
жаздымда калтырбай
улам-улам кылчактай
каранып койлорун
зыркырата айдап талааны
көздөй жөнөдү. Бул жолу
Кадыр анын колундагы
баштыгына назар
оодарды. Сатыйдын аялы
дагы эле бир нан менен
бир шише айран берип
койгон экен атаганат.
Ушундай сөөк какшаткан
сууктун күнү муздак айран
балага канчалык азык
болоор экен деги?
#19 03 June 2014 - 16:38
Ичинен
ызырынып сүйлөнүп-
сүйлөнүп алды да, шарт
бурулуп артын көздөй
жөнөдү. Ошол бойдон
дүңкүлдөй басып үйгө
келсе Канат дагы эле
уктап атыптыр. Аялы
болсо жаңы эле туруп от
жага баштаган экен.
Маанайы пас учурашты да,
өзү жаткан үйгө кирип
кетти. Канаттын
алтыларга чыгып калган
баласы менен бир
бөлмөдө уктаган болчу.
Кирсе ал чукуранып коюп
таттуу уйкуда жатат.
Наристе баланын жылуу
үйдө мемиреп уктап
атканын көрүп көзүнө
жаш тегеренди.
«Бечаранын ушул
баладан айрымасы канча
дейсиң… Ашып кетсе 3-4
жаш улуудур. Карачы эми
оюндан башканы билбей
турган маалда тигинтип
таң атпай түйшүккө салып
коюшканын. Ата болгонун
урайын ошол Сатыйдын.
Апа болгонун урайын…»
Кадыр бир топко кейип
отурду. Бир туруп азыр
эле барып арыз жазып,
баланын укугун тебелеген
немелерди жоопко
тарттырып, баланы алып
кетейин дейт… Бирок,
берки иштин жүрүшүнө
тоскоол кылып алуудан
коркот. Деги тиги
кылмышкерлердин
кебетесин көргөн жалгыз
күбө ушул гана болушу
мүмкүн Атаганат, тили
болгондо эмне…
- Чай ичиңиз байке.
Кадыр чочуп кетти. Ойго
катуу берилип кеткен
экен.
- Аа… Азыр, – деп алды да
жаткан ордун
жыйнаштыра коюп
сыртка чыкты.
Шыпылдаган келин нары
бери чай кайнатып,
кечээки туураган этти
ысытып ортого койду.
Кадыр жайланышкыча
Канат да жуунуп келип
дасторкондон орун алды.
Анча-мынча кобурашкан
болуп чай ичип отурушту.
Курсактары тоюп болгон
кезде Кадыр,
- Айылдын кайсы
жеринде дүкөн бар? – деп
суроо салды. Канат эмне
кыласыз дегенсип карап
калды эле, аялы элпектик
кылып жооп бере салды.
- Мектептин арт
жагындагы көчөдө Жайна
эженин дүкөнү бар. Эмне
бир нерсе алат белеңиз?
- Ооба… Майда-чүйдө
алайын дегем.
Кадыр чай ичип бүткөн
соң түз эле дүкөндү
көздөй жөнөдү. Сабак
башталып, мектептин
айланасы тунжурап
тынчып калыптыр. Жана
эле топ-топ болуп өтүп
аткан балдардын аягы
үзүлүп, көчөдө анча-
мынча эле кишилер
жүрүшөт. Адатынча ток
пейил тартып, турмушуна
ыраазы болгондой эч
кебелбей шашылбаган
элет эли. Өз элинде
жүргөндөй улуу кичүү
дебей баары менен
учурашып жүрүп отурду.
Барса дүкөн бек экен.
Эмне кылаарын билбей
туруп калды. «Дүкөнчүнү
ким деди эле, аты ким эле»
деп эстей албай жатты ал.
Аңгыча арттан бирөө,
- Дүкөнгө келдиңиз беле?
– деди учурашып бүтүп
эле.
- Ооба. Качан ачылат?
- Тетиги дарбазаны
такылдатып Жайна эже
деп чакырсаңыз чыгат.
- Аа, рахмат. Ырас
болбодубу.
Эсинен чыгып кеткен экен.
Бул жерлерде дүкөндөр
шаардагыдай дайыма
ачык турбайт. Көпчүлүк
убакта оозун калдайган
кулпулар кайтарып турган
болот. Бирок, ээси
дүкөндүн жанында эле
жашагандыктан, кайсы
убак болбосун ачтырып
алып соода кыла бересиң.
Бул жолу да ошондой
болду. Дарбазаны бир эки
такылдатканда эле
башына бир байлам
жоолук байлаган бирөө
чыга келди да, көп деле
суроо суратпай дүкөнүн
ачты.
ызырынып сүйлөнүп-
сүйлөнүп алды да, шарт
бурулуп артын көздөй
жөнөдү. Ошол бойдон
дүңкүлдөй басып үйгө
келсе Канат дагы эле
уктап атыптыр. Аялы
болсо жаңы эле туруп от
жага баштаган экен.
Маанайы пас учурашты да,
өзү жаткан үйгө кирип
кетти. Канаттын
алтыларга чыгып калган
баласы менен бир
бөлмөдө уктаган болчу.
Кирсе ал чукуранып коюп
таттуу уйкуда жатат.
Наристе баланын жылуу
үйдө мемиреп уктап
атканын көрүп көзүнө
жаш тегеренди.
«Бечаранын ушул
баладан айрымасы канча
дейсиң… Ашып кетсе 3-4
жаш улуудур. Карачы эми
оюндан башканы билбей
турган маалда тигинтип
таң атпай түйшүккө салып
коюшканын. Ата болгонун
урайын ошол Сатыйдын.
Апа болгонун урайын…»
Кадыр бир топко кейип
отурду. Бир туруп азыр
эле барып арыз жазып,
баланын укугун тебелеген
немелерди жоопко
тарттырып, баланы алып
кетейин дейт… Бирок,
берки иштин жүрүшүнө
тоскоол кылып алуудан
коркот. Деги тиги
кылмышкерлердин
кебетесин көргөн жалгыз
күбө ушул гана болушу
мүмкүн Атаганат, тили
болгондо эмне…
- Чай ичиңиз байке.
Кадыр чочуп кетти. Ойго
катуу берилип кеткен
экен.
- Аа… Азыр, – деп алды да
жаткан ордун
жыйнаштыра коюп
сыртка чыкты.
Шыпылдаган келин нары
бери чай кайнатып,
кечээки туураган этти
ысытып ортого койду.
Кадыр жайланышкыча
Канат да жуунуп келип
дасторкондон орун алды.
Анча-мынча кобурашкан
болуп чай ичип отурушту.
Курсактары тоюп болгон
кезде Кадыр,
- Айылдын кайсы
жеринде дүкөн бар? – деп
суроо салды. Канат эмне
кыласыз дегенсип карап
калды эле, аялы элпектик
кылып жооп бере салды.
- Мектептин арт
жагындагы көчөдө Жайна
эженин дүкөнү бар. Эмне
бир нерсе алат белеңиз?
- Ооба… Майда-чүйдө
алайын дегем.
Кадыр чай ичип бүткөн
соң түз эле дүкөндү
көздөй жөнөдү. Сабак
башталып, мектептин
айланасы тунжурап
тынчып калыптыр. Жана
эле топ-топ болуп өтүп
аткан балдардын аягы
үзүлүп, көчөдө анча-
мынча эле кишилер
жүрүшөт. Адатынча ток
пейил тартып, турмушуна
ыраазы болгондой эч
кебелбей шашылбаган
элет эли. Өз элинде
жүргөндөй улуу кичүү
дебей баары менен
учурашып жүрүп отурду.
Барса дүкөн бек экен.
Эмне кылаарын билбей
туруп калды. «Дүкөнчүнү
ким деди эле, аты ким эле»
деп эстей албай жатты ал.
Аңгыча арттан бирөө,
- Дүкөнгө келдиңиз беле?
– деди учурашып бүтүп
эле.
- Ооба. Качан ачылат?
- Тетиги дарбазаны
такылдатып Жайна эже
деп чакырсаңыз чыгат.
- Аа, рахмат. Ырас
болбодубу.
Эсинен чыгып кеткен экен.
Бул жерлерде дүкөндөр
шаардагыдай дайыма
ачык турбайт. Көпчүлүк
убакта оозун калдайган
кулпулар кайтарып турган
болот. Бирок, ээси
дүкөндүн жанында эле
жашагандыктан, кайсы
убак болбосун ачтырып
алып соода кыла бересиң.
Бул жолу да ошондой
болду. Дарбазаны бир эки
такылдатканда эле
башына бир байлам
жоолук байлаган бирөө
чыга келди да, көп деле
суроо суратпай дүкөнүн
ачты.
#20 03 June 2014 - 16:40
Тоо ташты темселеп
жүрүп дудукту араң
тапты. Жоругу жолдо
калган бала бүгүн
демейдегидей коюн төштү
көздөй айдабай, түптүз
эле аңызды аралатып
отуруп айылдын ылдый
жагындагы сууну көздөй
жайып кетиптир. Аны
антип ылдый кетет деп
ким ойлоптур. Анан калса
ар кай жерде эле топ-топ
болуп жайылган койлор.
Эгер кечээки атын берген
киши жолукпаганда
Кадыр тиги төш жактан
эле издеп жүрө бермек.
Ошол киши көрүптүр.
Кечээ сатам деп жүргөн
букасын издеп жүрүп
дудукка жолуккан тура.
Анын айтуусу менен түз
эле жетип келди. Бирок
жакындап келээрден
мурун алыстан акмалап,
баланы бир сыйра карап
алды. Болбосо кечээкидей
жашынып алса, бул кокту
колоттун ичинен
таптыргыдай эмес. Анан
калса ар кай жерде
дүпүйгөн бактар да бар
экен. Акмалап отуруп
качан түз талааны көздөй
жайылган койдун алдын
тоскону басканда бул
дакойду көздөй жөнөдү.
Нары карап шашпай
бараткан бала муну
байкаган жок. Ушундан
пайдаланып бир топ
жакындап алды. Анан
тиги бала калтырып
кеткен азыгынын жанына
барып жайланыша
отурду. Колуна көтөрө
келген баштыгын ачып
бир газетаны жайды да
үстүнө көтөрө
келгендерин жайната
баштады. Таттуу
токочторду чыгарып,
макиси менен чапталган
балыктын капкагын ачты.
Жемиш ширесин, алма,
момпосуйларды баштыгы
менен ортого койду.
Баарын жайгарган соң
бала жакты карады эле
ал, тээ нары жакка туруп
алып өзүн элейип карап
туруптур. Ордунан жылып
өзү жасаган
дасторконунун
маңдайына өттү. Эми ал
мурдагыдай артынан эмес
маңдайынан карай
баштады. Кадыр ага
жайдары кыйкырып
учурашып, кол
булгалады. Өзү токочтон
бир сындырып жеди да,
ширеден желим чөйчөккө
куюп жутуп алды. Анан
желим кашык менен
балыктан бир сугунду.
Макиси менен алмадан
бирди кесип оозуна салып
тамшана чайнады. Улам
балага көз кыйыгын
салып койот. Тиги болсо
ошол ордунда
кыймылдабай тура берди.
Деги эле жакындачудай
эмес. Айласы жок ордунан
туруп жайылган койду
айлана басып нары кетти.
Бул туурары менен тиги да
элеңдеп кыштакты көздөй
дыр берчүдөй обдулуп
алды да, кайра негедир
бир нерсесин кыя албай
аткансып токтоп калды.
Ооба, ал койлорун таштай
албай жатты. Жакын эле
жерде бир канча короо
кой жайылып жүргөн.
Кокус бир аз алыстаса эле
аралашып кетчүдөй. Анан
калса алардын көбү
мурункудай кошуна
колоңдун эмес, ушул
жактагы сарайларда
жашаган койчулардыкы
болчу. Кокус аларга
кошулуп кетсе бөлүп
алыш кыйынга турмак. А
атасына эмне? Коркуп
атасыңбы, бирөө аңдып
атабы, ага баары бир
эмеспи. Койлору короого
толук кирбей калганын
билчү болсо оозунан ак ит
кирип, кара ит чыгып
сабап жатып калмак.
жүрүп дудукту араң
тапты. Жоругу жолдо
калган бала бүгүн
демейдегидей коюн төштү
көздөй айдабай, түптүз
эле аңызды аралатып
отуруп айылдын ылдый
жагындагы сууну көздөй
жайып кетиптир. Аны
антип ылдый кетет деп
ким ойлоптур. Анан калса
ар кай жерде эле топ-топ
болуп жайылган койлор.
Эгер кечээки атын берген
киши жолукпаганда
Кадыр тиги төш жактан
эле издеп жүрө бермек.
Ошол киши көрүптүр.
Кечээ сатам деп жүргөн
букасын издеп жүрүп
дудукка жолуккан тура.
Анын айтуусу менен түз
эле жетип келди. Бирок
жакындап келээрден
мурун алыстан акмалап,
баланы бир сыйра карап
алды. Болбосо кечээкидей
жашынып алса, бул кокту
колоттун ичинен
таптыргыдай эмес. Анан
калса ар кай жерде
дүпүйгөн бактар да бар
экен. Акмалап отуруп
качан түз талааны көздөй
жайылган койдун алдын
тоскону басканда бул
дакойду көздөй жөнөдү.
Нары карап шашпай
бараткан бала муну
байкаган жок. Ушундан
пайдаланып бир топ
жакындап алды. Анан
тиги бала калтырып
кеткен азыгынын жанына
барып жайланыша
отурду. Колуна көтөрө
келген баштыгын ачып
бир газетаны жайды да
үстүнө көтөрө
келгендерин жайната
баштады. Таттуу
токочторду чыгарып,
макиси менен чапталган
балыктын капкагын ачты.
Жемиш ширесин, алма,
момпосуйларды баштыгы
менен ортого койду.
Баарын жайгарган соң
бала жакты карады эле
ал, тээ нары жакка туруп
алып өзүн элейип карап
туруптур. Ордунан жылып
өзү жасаган
дасторконунун
маңдайына өттү. Эми ал
мурдагыдай артынан эмес
маңдайынан карай
баштады. Кадыр ага
жайдары кыйкырып
учурашып, кол
булгалады. Өзү токочтон
бир сындырып жеди да,
ширеден желим чөйчөккө
куюп жутуп алды. Анан
желим кашык менен
балыктан бир сугунду.
Макиси менен алмадан
бирди кесип оозуна салып
тамшана чайнады. Улам
балага көз кыйыгын
салып койот. Тиги болсо
ошол ордунда
кыймылдабай тура берди.
Деги эле жакындачудай
эмес. Айласы жок ордунан
туруп жайылган койду
айлана басып нары кетти.
Бул туурары менен тиги да
элеңдеп кыштакты көздөй
дыр берчүдөй обдулуп
алды да, кайра негедир
бир нерсесин кыя албай
аткансып токтоп калды.
Ооба, ал койлорун таштай
албай жатты. Жакын эле
жерде бир канча короо
кой жайылып жүргөн.
Кокус бир аз алыстаса эле
аралашып кетчүдөй. Анан
калса алардын көбү
мурункудай кошуна
колоңдун эмес, ушул
жактагы сарайларда
жашаган койчулардыкы
болчу. Кокус аларга
кошулуп кетсе бөлүп
алыш кыйынга турмак. А
атасына эмне? Коркуп
атасыңбы, бирөө аңдып
атабы, ага баары бир
эмеспи. Койлору короого
толук кирбей калганын
билчү болсо оозунан ак ит
кирип, кара ит чыгып
сабап жатып калмак.

Супер-Инфо
super.kg
видео