Азыр мамлекетибизде аш-тойлордо,
соокту узатуудагы ашыкча чыгым коротуу боюнча маселе которулуп жатат...окмоттун билдиргенине таянсак,бир жылдык той-топурга кеткен чыгаша Кыргызстандын эки жылдык бюджетин тузот экен.....дегеле жок каада-салттар кунуго жанысын пайда болууда...Каада-
салтты бир тартипке келтируу керекпи,сиздин оюнуз кандай?
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#462 09 Апрель 2009 - 09:17
Оо Life доске суроолорго жооп берип калган экенсин анан. Негизинен сага беретурган менде олутту суроо деле жок. Бирок шартты бузбай бир эке суроо бере кетейин.
Трудоголик деге терминди кандай тушуносун? Жана озунду ушул терминдин катарына киргизе аласынбы (иштесе тиштейсин деген соз эмес сенден башкача жооп кутом)? Алдыга койгон пландардын аткарылышы учун кандай иш чараларды коросун. Мурдагы нигтеги инсан менен азыркы нигтеги инсандын айырмачылыгы барбы? Негизи эле нигинди Life деп кою менен эмнени тушундургун келген? Жошоонун жыргалы эмнеде деп ойлойсун? Суйууго ишенесинби, эгерде ишенсен суйуго жетиш учун кандай аракеттерди жасаганга дайрсын? Айтмакчы акыркы кундору форумда корунбой калдын ага эмне себеп болуп жатканын айта кете аласынбы? Алдын ала рахмат!
Трудоголик деге терминди кандай тушуносун? Жана озунду ушул терминдин катарына киргизе аласынбы (иштесе тиштейсин деген соз эмес сенден башкача жооп кутом)? Алдыга койгон пландардын аткарылышы учун кандай иш чараларды коросун. Мурдагы нигтеги инсан менен азыркы нигтеги инсандын айырмачылыгы барбы? Негизи эле нигинди Life деп кою менен эмнени тушундургун келген? Жошоонун жыргалы эмнеде деп ойлойсун? Суйууго ишенесинби, эгерде ишенсен суйуго жетиш учун кандай аракеттерди жасаганга дайрсын? Айтмакчы акыркы кундору форумда корунбой калдын ага эмне себеп болуп жатканын айта кете аласынбы? Алдын ала рахмат!
#463 09 Апрель 2009 - 09:26
Ушул суроону кечээ узаткан элем бирок тилекке каршы мооноту бутуп калыптыр да анан сизге узатып койдум сиз жооп берип койсонуз деле жакшы болот!
Цитата
Саламатсызбы?
Сизге суроо....Сиз учун ар бир кунунуз окошпу же окшоштурбаганга аракет кыласызбы? Сиз учун кундордун окшоштугу эмнеде...кантип окшоштурбоо керек...кандай аракеттерди коруу керек!
Акыл дос, ачуу душман.
#464 09 Апрель 2009 - 09:36
Салам LIFE мырза куш келипсиз Тагдырдын баласы корунбой калды деп ойлоп журсок сиз турбайсызбы форумда баш бага элегимде сырттан окуп кызыгып журот болчум так ошондо мына ушул Тагдырдын баласынын ой пикирин дайыма колдойт болчум ич ичимден.Лайф деген сиз Тагдырдын баласы турбайсызбы коп суйлобой суроолор узатсам уруксат берсениз.
1.Тагдыр бул эмне?Баласы бул эмне? экообунун уйкаш койгондугунуздун мааниси эмнеде?
Алдын ала рахмат!
1.Тагдыр бул эмне?Баласы бул эмне? экообунун уйкаш койгондугунуздун мааниси эмнеде?
Алдын ала рахмат!
#465 09 Апрель 2009 - 11:35
Ооо, лайф суроо
жшоонуз: Лайф из кайфпы?
Кайсыл тамакты жакшы коросуз?
кобунчо кандай чай ичесиз кок, кызыл дегендей..
жшоонуз: Лайф из кайфпы?
Кайсыл тамакты жакшы коросуз?
кобунчо кандай чай ичесиз кок, кызыл дегендей..
Когда ты говоришь "Я люблю тебя", имей ввиду именно это!
#466 09 Апрель 2009 - 11:57
Цитата
«Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар» деп бекеринен айтышпаса керек кыргыз эли… Мен силердин баланын тамтаң баса баштаганын эстеп жүрдү элем. Аечка аттуу «кемпириң
е» жардам берип, дасторконуң
арда чай куяр «токол» караштырууга мен бир белсенип көрөйү
н. «Купуялашабыз»,
буюрса, купуя каттар менен.
Салам LIFE мырза. USSR мырза эми виртуалдабы же реалды айттыбы билбейм...мен ушуга тиешелуу суроо бергим келип турат.
- Сиз реалда 2 аялдуулукка кандай карайсыз?
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#467 09 Апрель 2009 - 15:43
Цитата
Ооо!.
.. «Келме кезек» деп койгону мына ушул да. Биздин легендарлуу LIFE мырзабызга да убакыт келип жетиптир го!
Сиздин жазгандарың ызды окуп алып жан дилимден кубанып ыраазы болуп жатам, досум. Эми мен да элден калбай суроо бере кетейин. Анда менин суроолорум төмөндө гүдөй болсун:
Сиздин жазгандарың ызды окуп алып жан дилимден кубанып ыраазы болуп жатам, досум. Эми мен да элден калбай суроо бере кетейин. Анда менин суроолорум төмөндө гүдөй болсун:
Рахмат, Prince! Мен да «Келме кезек, терме тезек» деп туруп сиздин суроолоруң узга жооп бере баштайын.
1. Эки жакшы бириксе эмне болот? Жакшы жаман бириксе эмне болот? Эки жаман бириксе эмне болот? (турмушка бел байласа)
Эки жакшы бириксе, алардын жашоосу зор болор.
Бир жакшы менен бир жаман бириксе, жашоосу орто болор.
Эки жаман бириксе, алардын жашоосу кор болор.
же
Бир жакшыга бир жакшы бириксе, телегейи кең болот.
Бир жакшыга бир жаман бириксе, бардык жагынан тең болот.
Бир жаманга бир жаман бириксе, келечеги кем болот.
Эң жакшысы жубайлардын экөө тең болсо – ошол жашоо.
2. "Ата-энем бар болсун, оозу-мурду жок болсун". Бул не деген жорук?
Бул – табияттын жоругу. «Эненин көөнү балада, баланын көөнү балаада» дегендей бала ата-эне ойлогондой чыга бербейт дайыма эле. Кээде ата-энесинин кылганын түшүнбө гөнү аз келгенсип, алганынан дагы көптү алууга үмүттө нгөн жаштар көп. Ошол үчүн ата-эне баласына кеңеш берип жатып «Балам, балалуу болгондо билерсиң » деп айтса керек.
3. «Тага-жээн келгенче, жети бөрү бир келсин". Бул эмнеси?
Кыргыз негизи эле күйөө баласына сый-урматты көрсөтү п, «Күйөө нү пайгамбарым сыйлаган» деп бекеринен айтпаса керек. Анткени өз кызынын бактылуу жашоосу күйөө баласынын колунда, күйөө баласынын кызына болгон жумшак мамилесинде, анын тапканында. Ошого карап туруп жээндерине да тайкелери сый-урмат көрсөтү шүп жашашат. Чындыгында, жээн башка тукумдан болгондугу үчүн тагалары тарапка эч кандай боор тартпай коюшу мүмкүн. Сыйды көрүп- көрүп туруп, бир күнү басып кетет. Ошондон улам «Эптесең жээн эл болбойт, эзелден желке тон болбойт» деп айтышса керек.
4. Сенин көз карашың.. Жашаш үчүн жейсиңби, же жеш үчүн жашайсың бы?
Бул сөз атактуу француз комедиографы Мольерге таандык болсо керек эле. Анын «Сараң» деген чыгармасындагы башкы каарман ушул «Жашоо үчүн жейсиңби же жеш үчүн жашайсың бы?» деген кылымдарга калган сөзүн айткан экен. Азыр Европада мунун жаңы варианты «Иштөө үчүн жейсиңби же жеш үчүн иштейсиң би?» деп колдонулган жерлери бар экен.
Жообу опоңой: Жашоо үчүн жейсиң. Жашоо үчүн жесең, башка жандыктардан АДАМ деген сөздүн эч кандай мааниси болбой калат. 21-кылымда адам баласы ачкачылыктан өлбөйт, анткени жаман курсакты дайым тойгузууга болот кыймылдаган жандык. Жаныбарлар да жашайт. Алар жашоо үчүн жейт. Адам адам болбой өлүшү мүмкүн. Ошентсе да, жеш үчүн жашап жүрөм дегендер болушу мүмкүн. Алардын ою боюнча жеген тамагындын даамын билбесең , жашоонун кандай мааниси бар дегендей.
5. Көптү кыйнаган суроону сизге да бере кетейин. А балким сен так жооп берип калгың бардыр. Тоок биринчи жаралганбы, же жумурткабы?
Бул парадокстун жообун кылымдардан бери адам баласы ойлонуп таппай келе жаткан сыңары. Көпчүлү ктүн ою боюнча жумурткадан балапан чыгып, кийин тоок же короз болот. Чындыгында, бул суроо бакытты туура эмес чөйрөдө издеген адамдардын жеке проблемасы болсо керек. Анткени, бакыттын өзү жумурткада эмес, жөжөдө эмес, тоокто эмес, короздо таптакыр жок.
6. "Тамырсыз тал болбойт, хан жок эл болбойт", - дейт. Сенин азыркы саясатка коз карашың.. . Ушул эле суроого кыстыртма катары - «Эгер сен хан болуп калсаң, эң алгачкы кадамың?. ..»
Туура айтылган макал экен. Тамыры тайыз дарактын өмүрү бат соолуган сыңары, ханы начар чыкса элине жаман кас болуп, ал өлкөнү н келечегинен үмүт айтылбаса керек. Азыркы саясатка көз карашым: дурус эмес, ошол эле учурда буруш эмес. Ар бир нерсени убакыт көрсөтө т, келечек бүгүнкү күндүн тарыхын жазат. Ошондо белгилүү болор. «Эгер мен хан болуп калсам, бардык нерсени саламаттыкты сактоо тарабынан баштамакмын. Анткени, ден-соолуктан өткөн адам үчүн зор байлык жоктур. Экинчиси, укук коргоодон баштамакмын. Мамлекет жашоосундагы эң маанилүү нерсе – ошол мамлекетти кармап турган укукта. Бир өлкөдө укук системасы бардык талаптарга жооп бере албаса же укук кагаз жүзүндө бар болуп, чындыкта укук коргоочулар же күчтүү лөр тарабынан башка жарандардын укугу кордолсо, анда ал өлкөнү н башка системалары жөнүндө кеп кылуу мүмкүн эмес»
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#468 09 Апрель 2009 - 15:44
Салам LIFE !
Умуттун оз ....... бар. Коп чекиттин ортосунда кайсыл соз бар?? Мага айтып коесунбу? Коп кундон бери таба албай эле кыйналып жатам.
Умуттун оз ....... бар. Коп чекиттин ортосунда кайсыл соз бар?? Мага айтып коесунбу? Коп кундон бери таба албай эле кыйналып жатам.
#469 09 Апрель 2009 - 15:47
Цитата
Азыр мамлекетибизде аш-тойлордо,
сөөктү
узатуудагы ашыкча чыгым коротуу боюнча маселе көтөрү
лүп жатат. Өкмөттү
н билдиргенине таянсак, бир жылдык той-топурга кеткен чыгаша Кыргызстандын эки жылдык бюджетин түзөт экен. Деги эле, жок каада-салттардын күнүгө
жаңысы пайда болууда. Каада-салтты бир тартипке келтирүү
керекпи? Сиздин оюңуз кандай?
«Бир кадам алга, эки кадам артка» болуп, кашыктап чогултканыбызды эки жылда чөмүчтө п чачып жатканыбыз өкүнү чтүү. «Кыргызда айран көп, оруста майрам көп» деп айтылчу экен илгери. Азыркы учурда болсо кыргыздар көзү көргөндө рдүн майрамын ала беришип, майрамдан башы чыкпай калгансыйт. Анын үстүнө «Жиндинин ар күнү – майрам» деген да макалдар бар башка элдерде. Ашыкча опур-топур, той-топур дегендерди токтотуш керек да, улутка жаккан мамлекеттик деңгээлдеги майрамдарды калтырыш керек. Ошону менен маселе чечилет. Ал эми аш-тойлордо арбактын ариетине багышталган мал союуну көбүнчө байлар же атка минерлер көбүрө өк уюштурушат. Байлар ошол мыйзамга баш ийишсе, кедейлер ал жөнүндө ооз деле ачышпайт.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#470 09 Апрель 2009 - 15:52
мен да арманда калбай суроо берип коеюнчу.
Лайф
Сиздин суйлошкон кызыныз, же жубайыныз барбы? Жок болсо, анда эмнеге менин бойдок жигиттер темама кирбейсиз?
Лайф
Сиздин суйлошкон кызыныз, же жубайыныз барбы? Жок болсо, анда эмнеге менин бойдок жигиттер темама кирбейсиз?
#471 09 Апрель 2009 - 15:55
Цитата
Оо, Life доске, суроолорго жооп берип калган экенсиң анан. Негизинен, сага бере турган менде олуттуу суроо деле жок. Бирок шартты бузбай бир-эки суроо бере кетейин.
1. «Трудоголик» деген терминди кандай түшүнө сүң жана өзүң дү ушул терминдин катарына киргизе аласынбы («Иштесең , тиштейсиң » деген сөз эмес, сенден башкача жооп күтөм)?
«Трудоголик» деген термин «эмгеккор, эмгекчил, эмгекти сүйгөн, эмгекке мас болгон» сыяктуу маанилерге ээ болсо керек. Өзүмдү ушул терминдин катарына киргизе албайм, анткени мен термин эмесмин. (тамаша) Бирок кезеги келгенде мен да көп иштейм. Жаш болгондон кийин дене иштеп турушу керек. Жашоонун өзү – кыймыл. Кыймылдабаган адам ооруга чалдыгат, ал эми оору - өлүмдү н себепкери.
2. Алдыга койгон пландардын аткарылышы үчүн кандай иш-чараларды көрөсү ң?
Алдыга койгон пландардын аткарылышы үчүн күн сайын системалуу түрдө бир программанын негизинде иштөөгө аракет кылам. Ыкшоо, эринчээк болгондон качам. Анткени, канча жакшы ниет менен башталган иш болсо да, ага өз салымыңды кошпосоң , андан эч кандай майнап ала албайсың .
3. Мурдагы никтеги инсан менен азыркы никтеги инсандын айырмачылыгы барбы? Негизи эле нигиңди Life деп коюу менен эмнени түшүндү ргүң келген?
Мурдагы никтеги инсан менен азыркы никтеги инсандын эч кандай деле айырмасы жок. Анткени комптун маңдайында бир эле киши өз билдирүү лөрүн жазып келет. LIFE деп нигимди койгонумдун себеби: Бул жалган жарыкта бардык нерсени күтсө болот. Жакшылыктар менен жамандыктар, кыйынчылыктар менен жеңилдиктер, узундар менен кыскалар, актар менен каралар, ж.б. Форумдагы түрдүү көз караштарга өзүмдү н пикиримди айтуу үчүн ушул никти тандап алдым.
4. Жашоонун жыргалы эмнеде деп ойлойсуң ?
Жашоонун жыргалы – ар бир жашап жаткан күндө. Кудайдын сага тартуулаган бактысын эстесең, дайыма жашагың келет.
5. Сүйүү гө ишенесиң би? Эгерде ишенсең, сүйүү гө жетиш үчүн кандай аракеттерди жасаганга даярсың?
Аң-сезимдү ү адам дайыма сүйүү менен жашайт. Бүгүн жаныңда сүйүү жок болсо, ал бактысыздык эмес. Сүйүү дөн көңү лүң калып отурса, эртеңки күндөн үмүт үзбөш керек. Сүйүү гө жетиш үчүн колдон келген аракеттеримди жасайм. Жетпей калсам, капа болбойм. Анткени ар бир адам маңдай жазмышынан ашып кете албайт. Тагдыр деп коём андай учурларда.
6. Айтмакчы, акыркы кундору форумда корунбой калдың. Ага эмне себеп болуп жатканын айта аласынбы?
Иш көп болуп, кирүүгө чоло таба албай кыйналып калып жатам. Бүгүн да кире албай жатып араңдан зорго кирдим жоопкерчиликсиз адам экен деп ойлошпосун досторум деп. (тамаша)
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#472 09 Апрель 2009 - 15:56
Цитата
Ушул суроону кечээ узаткан элем. Тилекке каршы, shasi айымдын мөөнө
тү бүтүп калыптыр. Анан сизге узатып койдум. Сиз жооп берип койсонуз деле жакшы болот.
Айланып бул суроо мага тийип калса, мен жооп берейин сүрсүп кете элегинде.
Саламатсызбы? Сизге суроо мындайча. Сиз үчүн ар бир күнүң үз окшошпу же окшоштурбаганга аракет кыласызбы? Сиз үчүн күндөрдү н окшоштугу эмнеде? Күндөрдү бири-бирине кантип окшоштурбоо керек? Кандай аракеттерди көрүү керек?
Жашоосунда окшоштуктар же айырмачылыктарды түзүү ар бир адамдын өз колунда. Мен коёндой окшош күндөрдө жашагандан корком. Бир хадисте да «Эки күнү бир күнгө тең болгон адам зыян тартат» деп айтылат. Күндөрдү н окшоштугу – адамдын эки оюнун бири-бирине дал келиши. Чындыгында, жылдын ичиндеги күндөр узара берет же кыскара берет. Демек, эки күн окшош эмес. Күндөрдү бири-бирине окшоштурбоо үчүн эртең менен турганда, терезени ачып, бөлмөнү желдетип, чыгып келе жаткан Күнгө күлүмсү рөй карап, адам өзүнө өзү «Бул күндү керемет кылып өткөрө м, Кудай буюрса» деши керек. Кечинде болсо күн ичиндеги жумуштарын бир баракка жазып, анын эсебин чыгарыш керек. Эртеңки күнгө даярдык көрүш керек.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#473 09 Апрель 2009 - 16:00
Цитата
Салам, LIFE мырза!
Куш келипсиз. Тагдырдын баласы көрүнбө й калды деп ойлоп жүрсөк, сиз турбайсызбы. .. Форумда баш бага элегимде сырттан окуп кызыгып жүрөт болчумун. Так ошондо мына ушул Тагдырдын баласынын ой-пикирин дайыма колдойт болчумун ичимден. Лайф деген сиз Тагдырдын баласы турбайсызбы? ... (күлүп ичинен экинчи ирет Тагдырдын баласы деген сөздү кайталап) Көп сүйлөбө й суроолорду узатсам уруксат берерсиз.
Куш келипсиз. Тагдырдын баласы көрүнбө й калды деп ойлоп жүрсөк, сиз турбайсызбы. .. Форумда баш бага элегимде сырттан окуп кызыгып жүрөт болчумун. Так ошондо мына ушул Тагдырдын баласынын ой-пикирин дайыма колдойт болчумун ичимден. Лайф деген сиз Тагдырдын баласы турбайсызбы? ... (күлүп ичинен экинчи ирет Тагдырдын баласы деген сөздү кайталап) Көп сүйлөбө й суроолорду узатсам уруксат берерсиз.
1. Тагдыр деген эмне?
Тагдыр деген адам баласынын жана башка жандыктардын же түшүнү ктөрдү н жашоосунда туш болгон окуялардын, кубулуштардын, нерселердин баары болсо керек. Жазмыш да болуп калат. Тагдырды экиге бөлүп карагандар бар: өзгөрбө с тагдырлар жана өзгөрү лмөлүү тагдырлар. Өзгөрбө с тагдырлар Кудай жараткан же табияттагы нерселердин ар бирине ылайык көрүлгө н мыйзам ченеми. Ошого жараша жандыктар тамак ичет, кыймылдайт, күн көрөт. Экинчиси, адамга таандык болуп кетет. Бирок ал да кандайдыр бир деңгээлде Жараткандын күчүнө байланыштуу болот. Башкача айтканда, адамдын эрки. Адам аң-сезимдү ү жандык катары өз тагдырым өзүмдү н колумда деп айтат жана ошого ылайык тагдырын түзүп алат. Бул өзгөрү лмөлүү тагдыр.
2. Баласы деген эмне?
Бала+сы. Бала – адам жана жандыктар сүйүп эркелеткендери. Мисалы, «Эчки сүйөт баласын «тентегим» деп, кой сүйөт баласын «жөнтө гүм» деп айтылган макалдагы бала сөзү.
3. Экөөнү н уйкаш койгондо, мааниси эмне?
Тагдыр + бала = Тагдырдын баласы
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#474 09 Апрель 2009 - 16:05
Саясатты семичкедей чакчу элен досум,келе жаткан президенттик шайлоого карата оюнду айта кетсен..
#475 09 Апрель 2009 - 16:07
Цитата
Ооо, Лайф!
Суроо:
Жашооңуз: Лайф из кайфпы?
Суроо:
Жашооңуз: Лайф из кайфпы?
Жок. Кайф из лайф болуп жатат.
1. Кайсы тамакты жакшы көрөсү з?
Чын дилден жаралган бардык тамакты жактырып жейм. Досумдун, жакынымдын, негизи эле башка бир адамдын кадыр-баркын сыйлап, дайыма кандай тамак тартуулабасын, сүйүп жейм. Негизинен, кыргыз болгондон кийин эттен жасалган тамактарды жакшы көрөм.
2. Көбүнчө кандай чай ичесиз? Көкпү, кызылбы, ж.б...
Ден-соолукка карасам, көк чай же өсүмдү к чайларын ичкенди жактырам. Калган башка учурларда эл катары эле кызыл чай менен кофе ичип жүрө берем. Чайга сөзсүз түрдө шекер салып ичкенди жакшы көрөм. Анткени кээде көп ойлонгондо организм глюкозаны талап кылат.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#476 09 Апрель 2009 - 16:15
Цитата
Салам, LIFE мырза!
USSR мырза... эми виртуалды же реалды айттыбы, айтор билбейм... Мен ушуга тиешелүү суроо бергим келип турат.
USSR мырза... эми виртуалды же реалды айттыбы, айтор билбейм... Мен ушуга тиешелүү суроо бергим келип турат.
- Сиз реалда 2 аялдуулукка кандай карайсыз?
- 2 аялдуулукка билбейт экенмин. Бирок эки аял алуу боюнча көп эле жерде өз оюмду билдирүү гө аракет кылып келем. Алардын айрымдарынын шилтемелери төмөндө берилди:
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..ost&p=38629
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..ost&p=38630
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..ost&p=42328
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..ost&p=42361
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..ost&p=43153
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..ost&p=43162
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..ost&p=43163
http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s...st&p=162255
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#477 09 Апрель 2009 - 16:18
Цитата
Салам LIFE !
Үмүттү н өз ....... бар. Көп чекиттин ортосунда кайсыл сөз бар?? Мага айтып коёсуңбу? Көп күндөн бери таба албай эле кыйналып жатам.
Үмүттү н өз ....... бар. Көп чекиттин ортосунда кайсыл сөз бар?? Мага айтып коёсуңбу? Көп күндөн бери таба албай эле кыйналып жатам.
Көп эле макал билүүгө аракет кылчу элем. «Үмүттү н өз шооласы бар» болсо керек. Үмүт гана эң акыркы учурда өлөт. Адам үмүт менен жашайт. Үмүтү н жоготкон адам эртеңин көрө албайт.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#478 09 Апрель 2009 - 16:24
Цитата
Мен да арманда калбай суроо берип коёюнчу.
Лайф,
Сиздин сүйлөшкө н кызыңыз же жубайыңыз барбы? Жок болсо, анда эмнеге менин бойдок жигиттер темама кирбейсиз?
Лайф,
Сиздин сүйлөшкө н кызыңыз же жубайыңыз барбы? Жок болсо, анда эмнеге менин бойдок жигиттер темама кирбейсиз?
Жубайым жок. Бойдокмун. Сиздин темаңызды бүгүн эле көрдүм. «Бойдок жигиттердин клубун» ачкан экенсиз. Ийгилик каалайм. Мен ачкан «Бойдок кыздардын клубу» башында бир топ талаш-тартышканды жараткандай болгону менен, азыр өз бутуна туруп, телчигип келе жаткан учуру. Биздин клуб, эркектердин клубу кыздардыкына караганда аябай ылдам темп менен өссө керек деген ойдомун. Сүйлөшкө н кызды издөөгө азырынча анчейин муктаждык жок сыяктуу. Реалдан караштырганга жетпейт деп ойлойм. Виртуалда «кемпирим» бар экенин эч ким четке какпаса керек.

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#479 09 Апрель 2009 - 16:31
Цитата
Саясатты семичкедей чакчу элең, досум. Келе жаткан президенттик шайлоого карата оюңду айта кетсең.
Кичине болсо да, комплимент иретинде жан дүйнөмдү эргиткениң из үчүн ыраазычылык билдирем наамыңызга. «Саясат – сасык оюн» деп коюшчу болуш керек эле жалпысынан. Ошондуктан, бүгүнкү аба ырайына карап туруп, эртеңкини боолгоо оор. Бишкектин аба ырайы деле бат-бат өзгөрү п кетип жатпайбы. Анын сыңары, саясий аренадагылар өздөрү билишет да. Биз, эл катары бирөөсү нө добуш беребиз. Аны кантип актайт – ошол бийлик бутагында отурган адамдын жеке адамдык сапаты, эл алдындагы парзы, милдети. Негизи, «Бир жакшы бар – эл баккан, бир жакшы бар – эл жеген» деп коюшат эмеспи. Шайлоо алдындагы айткан сөздөрү нүн 50 %ын орундата алган жетекчи келсе, азыркы Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик болчудай. Бул – менин жеке пикирим. Анан элди өздөрү нүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, шайлоонун алдында түрдүү оюндар менен элди алдап упай топтогон саясатчылар, жетекчилер азайса экен. Мекенчил, өз улутун сүйгөндө н коркпогон жетекчилер керек Кыргызстандын келечеги үчүн!
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#480 09 Апрель 2009 - 16:36
LIFE МЫРЗА ЖООПТОР КЫЗУУ КЕТУУДО РАХМАТ СИЗГЕ.
1.Автобиографияныз жонундо жаза кетсениз бирок узун узун дегендей.
2.Виртуалдагы кемпириниз чыныгы кемпиринизге айлануусун каалайт белениз?
Урматым менен Архидея рахмат!! !
1.Автобиографияныз жонундо жаза кетсениз бирок узун узун дегендей.
2.Виртуалдагы кемпириниз чыныгы кемпиринизге айлануусун каалайт белениз?
Урматым менен Архидея рахмат!! !