Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#321 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Ислам беш түркүккө таянат: (1) “Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад – Аллахтын элчиси” деп күбөгө өтүү; (2) (Күндө беш маал) намаз окуу; (3) (жыл сайын) зекет төлөө; (4) (Өмүрдө бир жолу) Аллахтын Үйүнө (Меккеге) ажылыкка баруу; (5) (жыл сайын) Рамазан айында орозо кармоо”. (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

“Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) мындай деген: “Жамааттык намаз – базарда же үйдө окулган намаздан жыйырмадан ашык даражага жогору, анткени, силердин ичиңерден кимдир бирөө, талап кылынгандай даарат алып, намаз окуу максаты менен гана мечитке келсе жана намаздан башка эч бир нерсе аны буга (б.а. мечитке келүүгө) түртпөгөн болсо, ал мечитке киргенге чейинки ар кадамы үчүн сөзсүз бирден даражага көтөрүлүп, бирден күнөөсү кечирилип жүрүп олтурат. Ал мечитке кирген кезден баштап, аны ал жерде намаз кармап турган бардык убакыттарда ага намаздын сообу жазылат жана силер намаз окуган ордуңардан турганга чейин ар бириңер үчүн периштелер: “О Аллах, ал (мечитте олтуруп башка) бирөөгө азар бергенге чейин жана булганганга чейин ага ырайым кыл, аны кечир; о Аллах, анын тооболорун кабыл кыл” – деп дуба кылып турушат” (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Ибн Аббас (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Силерден эч ким эч качан чоочун аял менен - эгер ал анын жакын (махрам) тууганы болбогон болсо - жалгыз калбасын! ” (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

. Хузайфа (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Ушакчы Бейишке кирбейт!” (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Ар бир мусулман (адам) үчүн башка мусулман адамдын өмүрү, абийири жана мал-мүлкү кол тийгис (болуп саналат)!” (Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Сахл бин Са’д (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Өзүнүн эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы мүчөлөрүнө (күнөө кылбайт деп) кепилдик берген (момун) адамга мен ал Бейишке кирет деп кепилдик беремин!” (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Анас (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Ырыскысынын көп жана өмүрүнүн узун болушун каалаган адам өзүнүн туугандары менен мамилесин чыңдасын! ”
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абдуллах бин ‘Утба бин Мас’уддун (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Мен Умар бин ал-Хаттабдын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегенин укканмын:“Чындыгында, Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) тирүү кезинде адамдардан (түшкөн) аяттардын негизинде сурак кылынчу, бирок, эми аяттардын түшүүсү токтоду. Эми биз (халиф жана казы катары) силердин жасаган ишиңерге карап силерден сурак кылабыз. Ким биздин алдыбызда өзүнүн жакшы жагынан көрсөтөт, биз алардын дилинде эмне жашырынып жатканына тийбестен аларга ишенебиз жана өзүбүзгө жакындатабыз, анткени алардан сурак алуучу - бир гана Аллах! Ал эми кимдер биздин алдыбызда өздөрүн жаман жагынан көрсөтүшсө, биз аларга ишенбейбиз жана ишенимдүү (адам) деп эсептебейбиз, ал тургай алар “(дилибизде) эч кандай жамандык тууралуу ой да жок” деп тастыктап жатышса да!”. (ал-Бухари).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Бизге курал көтөргөндөр - бизден эмес жана бизди алдагандар да - бизден эмес!” (Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“(Адамдар тууралуу) жаман ойлоодон сактангыла, анткени, чындыгында, жаман ойлор - (булар) эң жалган сөздөр(дү айтууга алып келет). О, Аллахтын кулдары, Аллах силерге буюргандай, (бири-бириңердин сырларыңарды) сурамжылап изилдебегиле (тыңчылык кылбагыла), (артыңардан) аңдыбагыла, бири-бириңер менен атаандашпагыла, бири-бириңерге ичи тардык (көралбастык) кылбагыла, өз-ара жек көрүүдөн баш тарткыла, бири-бириңерге артыңарды салбагыла, (бир) тууган(дай ысык ымалада) болгула! Мусулман - мусулманга (бир) тууган, ошондуктан ал тууганына зулумдук кылбасын, колдоосуз калтырбасын, жек көрүмчүл мамиле жасабасын! Такыбаалык - мобул жерде (катылуу, такыбаалык - мобул жерде (катылуу) - деп, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) өзүнүн көкүрөгүн колу менен көрсөттү (да, анан минтип айтты: “Исламдагы (бир) тууганын жек көргөн адамга (жаза катары келүүчү) жамандыктар жетиштүү болот. (Анткени) ар бир мусулмандын өмүрү, абийири жана мал-мүлкү башка мусулман үчүн кол тийгис (арам). Чындыгында, Аллах силердин денеңерди жана кийимиңерди(н кандайлыгына) карабайт, Ал силердин жүрөгүңөргө жана (жакшы диний) амалдарыңарга карайт!”
Бул хадистин башка айтылышында (Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, мындай дегени кабардалат):
“Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла, өз ара жек көрүүдөн баш тарткыла, бири-бириңерге желкеңерди салбагыла, (бири-бириңердин сырларыңарды) сурамжылап изилдебегиле, бири-бириңерге тыңчылык кылып аңдыбагыла, бири-бириңер менен атаандашпагыла, (товарыңардын) баасын (атайылап аша) көтөрбөгүлө жана бир туугандардай (ысык ымалада) болгула, о Аллахтын (момун) кулдары!”
Бул хадистин үчүнчү риваятында (Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, мындай дегени кабардалат):
“Бири-бириңер менен мамилеңерди үзбөгүлө, бири- бириңерге артыңарды салбагыла, өз-ара жек көрүүдөн баш тарткыла, бири-бириңерге ичи тардык (көралбастык) кылбагыла, (бир) тууган(дай ысык ымалада) болгула, о, Аллахтын (момун) кулдары!”
Бул хадистин төртүнчү айтылышында (Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, мындай дегени кабардалат):
“Бири-бириңерди (колдоосуз) таштап кетпегиле, бири-бириңердин соодаңарды бузбагыла! ” (Булардын баарын Муслим келтирет, ал эми ал-Бухари болсо булардын көпчүлүк бөлүгүн келтирген).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Эн кемел ыйманга момундардын ичинен эң адеп-ахлактуусу ээ; ал эми силердин эң мыктыңар - өз аялдарыңарга жакшы мамиле кылганыңар! ” (Бул хадисти “жакшы ишенимдүү хадис” деп белгилеген ат-Тирмизи келтирет).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Умара ал-Бара бин ал-‘Азибдин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) бизге жети амалды: • ооруп калган (мусулман) адамды зыярат кылууну; • көз жумган (мусулман) адамды (акыркы сапарга) узатууну;• чүчкүргөн (мусулман) адамга жакшылык каалоону :• алсыз (мусулман) адамды (зулумдардан) коргоону жана зулумдукка учураган (мусулман) адамга жардам берүүнү; • (мусулмандар арасында ) саламдашууну жайылтууну; • (мусулман чакырса ал) чакырууну кабыл алууну; • ант берген (мусулман) адамга антын аткарууга көмөктөшүүнү! буюрган!”(ал- Бухари; Муслим. Бул жерде ал-Бухаринин версияларынын бири келтирилди)
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абудаллах бин Мас’уд (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Жүрөгүндө (кичинекей) чаңчалык текеберлиги бар адам Бейишке кирбейт!” (Муну уккан) бир адам таң кала үн катты: “Бирок, адам деген өзүнүн кийими жана чарыгы кооз болушун каалайт эмеспи?!” Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) айтты: “Чындыгында, Аллах теңдешсиз сулуу жана ал (Өзү) сулуулукту жакшы көрөт. Бирок текеберлик - бул (сулуулукту жактыруу дегендик эмес, ал -) акыйкатты кабыл албоо жана адамдарды жек көрүү (дегендик)! ” (Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Кыямат Күнү Аллах үч адам менен сүйлөшпөйт (дагы, күнөөдөн да) тазалабайт жана аларга карап да койбойт: (1) аягы суюк карыя, (2) жалганчылыгы ашынган падыша жана (3) текебер кедей!” (Муслим)
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абу Зарр ал-Гифари (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) Кудуреттүү жана Улуу Эгесинин сөзүн мындайча айтып бергенин кабарлайт:- “О, Менин кулдарым, чындыгында, Мен Өзүмө адилетсиздикти тыюу салып, силерге да аны арам кылгам, ошондуктан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! О Менин кулдарым, Мен Туура Жолду көрсөткөндөрдөн башкаларыңардын баарыңар адашуудасыңар, ошондуктан Туура Жолго салууну Менден гана тилегиле, анткени, (силерди) Туура Жолго салуучу (бир гана) Менмин! О Менин кулдарым, Мен тойгузгандан башкаларыңардын баарыңар ачкасыңар, ошондуктан тойгузууну Менден гана сурангыла, анткени силерди тойгузуучу (бир гана) Менмин! О, Менин кулдарым, Мен кийиндиргенден башкаларыңардын баарыңар жылаңачсыңар, ошондуктан кийиндирүүнү Менден гана сурангыла, анткени, кийиндирүүчү (бир гана) Менмин! О Менин кулдарым, силер түнү-күнү күнөө кыласыңар, күнөөңөрдүн кечирилишин Менден гана сурангыла, анткени күнөөлөрдү кечирүүчү (бир гана) Менмин! О Менин кулдарым, чындыгында, силер Мага эч качан эч кандай зыян дагы, пайда дагы келтире албайсыңар! О, Менин кулдарым, эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары силердин араңардагы эң такыба адамдын жүрөгүндөй такыба болсо да, Менин Өкүмдарлыгыма эч нерсе кошо албайсыңар! О Менин кулдарым, эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары силердин араңардагы бузукунун жүрөгүндөй бузуку болсо да, Менин Өкүмдарлыгымды эч кандай алсырата албайсыңар! О Менин кулдарым, эгерде алгачкы жана акыркы адамдар менен жиндердин баары биригип келишип, Менден (каалагандарын) суранышса, Мен алардын сурагандарынын баарын берсем, (ошондо да) Мендеги нерсени ийнени деңизге малып алганчалык да азайта албайт! О Менин кулдарым, чындыгында, бул - Мен санаган нерселер силердин амалыңар, кийин Мен ал амалдар үчүн силерге кайтарым беремин, ошондо ким жакшылыкка жеткен болсо, ал Аллахты мактасын, а ким (азаптуу) башка нерсеге ээ болсо өзүнөн башка эч кимге таарынбасын! ” (Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 17:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Йахйа Сухайб бин Синандын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) минтип айтты: “Момундардын абалы кандай сонун! Чындыгында, анын абалында бардык нерсе ал үчүн жакшылык болуп чыга келет. Мындай нерсе момундардан башка эч кимге берилген эмес: эгер аны бир нерсе кубандырса, ал (Аллахка) шүгүр кылат, бул ал үчүн жакшылык (сооп) болуп калат, а эгер ага бир балээ келген болсо, ал сабыр кылат да, бул да ага жакшылык болуп калат”. (Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) кызматчысы Абу Хамза Анас бин Малик ал-Ансаринин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) мындай деген: “Чындыгында, Аллах Өзүнүн кулунун тообасына силердин бирөөңөр чөлдө төөсүн жоготуп жиберип, кайра таап алганда сүйүнгөндөн да катуураак сүйүнөт”. (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Муслимдин айтылышында (Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) мындай дегени кабардалат): “Чындыгында, Аллах Өзүнө тооба менен кайрылган кулуна силердин араңардан бирөөңөр каймал төөсү менен чөлдө баратып, анысы колунан суурулуп чыгып, анын бүткүл азыктары жана суусу менен (качып) кеткенде, (табылышынан) үмүтүн үзүп, дарактын түбүндө (абдан кайгырып) олтуруп караса, төөсү жанында турганын көрүп, ушунчалык катуу сүйүнгөндүктөн : “О Аллах - Сен менин кулум, ал мен Сенин Эгеңмин!” деп жиберген адамдан да катуу сүйүнөт”.
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 17:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Ма' кил бин Йасардын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн пайгамбар алейхиссаламдын: «Алла мусулмандарды алдап башкарып жүрүп өлгөн ар бир өкүмдар үчүн бейишти сөзсүз арам кылат» - дегени рабаят этилет.
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   konfetka_love   18 Май 2014 - 17:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун): «Мен Алланын элчиси алейхиссаламдын мындай дегенин уккан элем: «Кары адамдын жүрөгү эки (нерседе) жаш бойдон калат: бул дүйнөгө болгон сүйүүсүндө жана түгөнбөгөн үмүттөрүндө».
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Сен 2025 04:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: