Билдирүүнү түзөткөн: konfetka_love: 18 Май 2014 - 21:49
„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#361 18 Май 2014 - 21:45
Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхиссалам он сахабанын атын атап, булар бейиши деп белгилеп кеткен. . Анткени булардын бейиши экенине Мухаммад алейхиссалам күбөлүк берген. Анын айткан сөзү хак, алар:АБУ БАКР, УМАР, ОСМОН, АЛИ, ТАЛХА, ЗУБАЙР, СААЪАД, САЪИИД, АБДУРАХМАН ИБН ААФ, АБУ УБАЙДАТАБНИ ЖАРРАХ, бул үммөттөрдүн ишеничтүүсү булардын баарынан Алла таала ыраазы болсун.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#362 18 Май 2014 - 21:52
Анас р.а.дан риваят:Пайгамбар с.а.в. "Силердин аялыңардын кимиси бейиштик экенин айтып берейинби?-деп сураганда.Сахабалар айтышты:Ооба айтып бериңиз Аллахтын элчиси.Пайгамбар с.а.в. айтты: Өзүнүн күйөөсүн сүйүүчү аял ,көп төрөөчү аял,ар качан ачууланса же ага жаман сөз айтылса же ага күйөөсүнүн ачуусу келсе ал аял айтса :Менин колум сенин колуңда , сен ыраазы болмоюнча уктабайм"
-деген аял.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#363 18 Май 2014 - 21:54
Абу Хурайра Абд ар –Рахман ибн Сахрдын айтымында: Алланын Элчисинин айтканын уктум:«Мен тыюу салган нерселерден качкыла да мүмкүн болушунча мен жолдоп көрсөткөн нерселерди жасагыла. Силерге чейин жашап өткөн далай элдер суроолорунун көптүгүнөн жана өздөрүнүн Пайгамбарлары менен пикир келишпөөчүлүктөрү үчүн (жаза тартып) жок болушкан.(Бухари жана Муслимден)
Билдирүүнү түзөткөн: konfetka_love: 18 Май 2014 - 21:57
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#364 18 Май 2014 - 21:59
Момундардын энеси Айша (рози Аллоху анха) нын айтымында: «Алланын Элчиси мындай деди:«Кимдир бирөө биздин ишибизге жаңылык кийрем десе ал (артка) кайтарылган (четке кагылган)».«Биздин ишибизге шайкеш келбеген иш жасоочулар бизден куулуп ташталат».(Муслимден)
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#365 18 Май 2014 - 22:00
Башир уулу Абу Абдулла ан-Нумандын (ал экөөнө тең Алланын ыраазычылыгы болсун) айтымында: Алланын Элчисинин айтканын уктум:«Адал (уруксат этилген иштер) белгилүү, арам (Алла тарабынан тыюу салынган) иштер да белгилүү. Бул экөөнүн аралыгында толуп жаткан шектүү(арам-
адалы белгисиз) иштер бар. Муну ар ким эле биле бербейт. Ошондуктан мындай шектүү иштерден сактануучулар алар –динин жана абийрин таза сактоочулар.
Ал эми андай арсар-күмөн иштерден өзүн сактай албагандар күмөндүү иштерге барып кабылат. Андайлар кудум эле корук жайдын айланасына кой жайган койчу сыяктуу: (Койлор) корукка тез эле жайылып кетүүсү мүмкүн. Акыйкатта ар бир падышанын коругу болот. О, уккула! Алла Тааланын коругу анын арам кылгандары (тыюу салуулары). О, уккула! Адам денесинде бир кесек эт бар эгер ал түзүк болсо бүт дене түзүк болот, эгер ал бузук болсо, бүт дене бузук болот, ал-жүрөк (дил).(Бухари жана Муслимден).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#366 18 Май 2014 - 23:03
Умар ибн аль Хаттабдын уулу Абу Абд ар-Рахман Абдилланын (ал экөөнө тең Алланын ыраазылыгы болсун) айтымында: Мен Алланын Элчисинин (мындай деп) айтканын уктум: «Ислам беш нерсеге негизделген:
(Алар): Алладан башка кудай жок жана Мухаммад (алайхис салам) Алланын Расулу (Элчиси) деп күбөлүк берүү, (Аллага сыйынып күндө беш убакыт) намаз окуу, (белгилүү өлчөмдө байлыкка жетсе) зекет берүү, (Алланын ыйык) үйүнө (Кабатуллага) зыяратка баруу (ажыга баруу) жана Рамазан айында (балагатка жеткен ар бир мусулман аял- эркек бир ай) орозо тутуу». (Бухари жана Муслимдер тарабынан келтирилген).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#367 18 Май 2014 - 23:04
Алланын Элчиси айтты: «Ислам, бул – бир Алладан (Кудайдан) башка кудай жок жана Мухаммад – Алланын Элчиси экендигине күбө болуу (бекемдөө), (Бир күндө беш маал) намаз окуу, (балагатка жеткендер Рамазан айында бир ай) орозо тутуу, (турмушу начар, бей-бечара, жакырлага ыктыярдуу жардам катары) зекет берүү жана (Меккедеги ыйык) Үйгө (Кабатуллага) зыйарат кылуу».«Сен туура айттың»- деди тиги киши, Анын суроо берип жана өзү кайра ага (Алланын Элчисинин жообуна): туура- деп айтып жатканына таңгалып олтурдук.Алиги киши: «Эми мага Ыйман жөнүндө айтып берчи»- деди.Алланын Элчиси айтты:«Ыйман бул- Алланын барлыгына, Анын Периштелерине,
Анын Китептерине,
Анын Пайгамбарларына,
Кыямат Күнүнө ишенүү жана Алланын алдын ала белгилеп койгон жакшы-жаман тагдырына ишенүү».«Сен туура айттың»- деди тиги киши.Ал дагы сурады: «Мага Ихсан1 тууралуу айтып берчи». (Мухаммад алейхис салам):«Ихсан бул – Алла Тааланы көзүң менен көрүп тургандай сыйынып кулдук уруу. Анткени Алланы сен көрбөсөң да Ал сени көрүп турат»- деди. «Эми мага Кыямат тууралуу айтып берчи»- деди тиги киши.«Бул тууралуу, суралып жаткан (Алланын Элчиси) сурап жаткандан артык билбейт» -деди Алланын Элчиси.Тиги киши дагы: «Эми мага анын (Кыямат Күнүнүн) алдын –ала болуучу белгилери жөнүндө айтчы»-деди.
Алланын Элчиси айтты:«Аялдан анын кожоюну туулушун1 жана бийик-бийик имарат үйлөрдү куруу боюнча мелдешип жан талашкан жылаң аяк, жылаңач, томаяк (жакыр) малчыларды көрөсүң». Ушундан кийин баягы киши кетип, мен бир азга унчукпай туруп калдым. Ошондо Алланын Элчиси: «Э Умар, (суроолор) сураган бул ким экенин билесиңби?-деди.
Мен: «Аны Алла жана Анын Элчиси баарынан жакшы билет»- дедим.«Бул силерге өз диниңерди үйрөтүү үчүн келген Жабрийл (периште)»-деди Алланын Элчиси. (Муслимден келтирилген).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#368 18 Май 2014 - 23:12
Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:“Ислам беш түркүккө таянат: (1) “Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад – Аллахтын элчиси” деп күбөгө өтүү; (2) (Күндө беш маал) намаз окуу; (3) (жыл сайын) зекет төлөө; (4) (Өмүрдө бир жолу) Аллахтын Үйүнө (Меккеге) ажылыкка баруу; (5) (жыл сайын) Рамазан айында орозо кармоо”. (ал-Бухари; Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#369 20 Май 2014 - 18:06
Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын элчисинин кулк-мүнөзү – Кураан эле». (Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#370 20 Май 2014 - 18:08
Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын элчисинин кулк-мүнөзү – Кураан эле». (Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#371 20 Май 2014 - 18:09
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын элчисинин алакандарындай жумшак жибекке да, парчага да колум тийген эмес. Аллахтын элчисинин жытындай жыпар жытты эч качан сезген эмесмин. Мен Аллахтын элчисине он жыл кызмат кылып, бир жолу да «Уф» деп айтканын уккан жокмун. Мен туура эмес иш кылып койсом да, мага: «Эмнеге мындай кылдың» - дечү эмес. Эгер бир ишти аткарбай койсом: «Эмне үчүн мындай кылганың жок» - деп да айтчу эмес». (Бухарий, Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#372 20 Май 2014 - 18:21
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Кулк-мүнөзү жагынан Аллахтын элчиси адамдардын эң мыктысы болчу». (Бухарий, Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#373 20 Май 2014 - 18:26
«Чындыгында,
Кыямат күнү мен жакшы көрө турган жана мага жакын боло турганыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар» - деп айткан. (Тирмизий).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#374 20 Май 2014 - 18:28
Абу Умама (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Чындык өзү тарапта болсо да талашып-тартышуудан өзүн тыйган адамга Бейиштин четинен үй берилүүсүнө кепил болом. Тамашалап болсо да жалган айтпаган адамга Бейиштин ортосунан үй берилүүсүнө кепил болом. Ал эми кулк-мүнөзү жакшы адамга Бейиштин төрүнөн орун берилүүсүнө кепил болом» - деп айткан. (Абу Дауд).
«Чындык өзү тарапта болсо да талашып-тартышуудан өзүн тыйган адамга Бейиштин четинен үй берилүүсүнө кепил болом. Тамашалап болсо да жалган айтпаган адамга Бейиштин ортосунан үй берилүүсүнө кепил болом. Ал эми кулк-мүнөзү жакшы адамга Бейиштин төрүнөн орун берилүүсүнө кепил болом» - деп айткан. (Абу Дауд).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#375 20 Май 2014 - 18:29
Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Чындыгында, жакшы кулк-мүнөз – мусулманды (күндүзү) орозо кармаган, (түндөсү) намаз окуган адамдын даражасына жеткирет» - деп айткан. (Абу Дауд).
«Чындыгында, жакшы кулк-мүнөз – мусулманды (күндүзү) орозо кармаган, (түндөсү) намаз окуган адамдын даражасына жеткирет» - деп айткан. (Абу Дауд).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#376 20 Май 2014 - 18:30
Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Кыямат күнү ыймандуулардын таразасында жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе болбойт, анткени Аллах адепсиздерди жана ыплас сөздөрдү сүйлөгөн адамдарды жек көрөт» - деген. (Тирмизий).
«Кыямат күнү ыймандуулардын таразасында жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе болбойт, анткени Аллах адепсиздерди жана ыплас сөздөрдү сүйлөгөн адамдарды жек көрөт» - деген. (Тирмизий).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#377 20 Май 2014 - 18:32
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамдардын Бейишке кирүүсүнө көбүнчө эмне себеп болоорун сурашканда ал:
«Аллахтан коркуу жана жакшы кулк-мүнөз» - деп жооп берди. (Тирмизий).
«Аллахтан коркуу жана жакшы кулк-мүнөз» - деп жооп берди. (Тирмизий).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#378 20 Май 2014 - 18:33
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Ыймандуулардын ичинен кулк-мүнөзү жакшылары – толук ыйманга ээ. Силердин эң жакшыңар – аялдарыңарга жакшы мамиле кылганыңар» - деп айткан. (Тирмизий).
«Ыймандуулардын ичинен кулк-мүнөзү жакшылары – толук ыйманга ээ. Силердин эң жакшыңар – аялдарыңарга жакшы мамиле кылганыңар» - деп айткан. (Тирмизий).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#379 20 Май 2014 - 18:34
Абдуллах бин Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Чындыгында, силердин эң жакшыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).
«Чындыгында, силердин эң жакшыңар – кулк-мүнөзү жакшыңар» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#380 20 Май 2014 - 18:45
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) да өзүнүн пайгамбар болуп жиберилүүдөгү негизги максаты тууралуу: «Мен силердин кулк-мүнөзүңөрдү жогоку чекке көтөрүү үчүн жиберилгенмин» - деп айткан.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!