Ассалому алайкум Дауд мырза. Алла раазы болсун сизге. Сизген да бала жыттын жытоону Аллам наасип этсин. Дауд мырза сизге берчу суроом кыска-нуска гана. Форумда тема ачылбадыбы "Кыз-жигит болуу арам деген" ошол темадан кийин менде суроо пайда болду кыз менен жигит дос болгон да кунообу? Менин жакын дос балам бар. Биз бири-бирибизден алыста болгонубузга байланыштуу телефон аркылуу байланышып суйлошуп турабыз. Ошондо биз суйлошуп куноого батып жатабызбы? Суроолорума так жооп берунузду отуном. Алдын ала жооптор учун чоон рахмат. Алла дайым сизди колдоп журсун.
Ва алейкум ассалаам! Каалоо-тилектериңиз үчүн рахмат!
Сурооңуздун жообуна келсек, шариат боюнча бири-бирине тууганчылыгы жок болгон чоочун эркек жана аялдар зарыл болгон учурда гана бири бирлери менен сүйлөшүүгө уруксат берилет. М: базардагы сатуучудан товардын баасын суроо, доктурдан ооруу тууралуу суроо, аалымдан кайсы бир маселенин жообун суроо ж.б.у.с. Ал эми достошууга уруксат берилбейт. Анткени дос болуу деген сөз, алар бири-бирлери менен керегинен ашыкча сүйлөшүшөт дегенди түшундүрөт эмеспи? Уруксат берилбеген ишти кылуу демек күнөө иш кылуу дегенди түшундүрөт. Менин билишиме ушундай. Туурасын Аллах билүүчүрөөк!

Супер-Инфо
super.kg
видео













